
ПОВЕСТЬ
Ишембинин үрүл-бүрүл таңы жаңы гана аткан чакта, район борборунан катуу ылдамдыкта чыккан "ГАЗ-24" маркасындагы ак "Волга" Жылуу-Булактагы Эс алуу Үйүнө карай кеткен жолго бурулуп, мизилдеген шоссе менен дээрлик үнсүз зымырап жөнөдү. Бул автомобиль райондук кеңештин жакында эле шайланган жаңы төрагасы Бегмат Осмоновичтин кызматтык машинасы болчу. Бирок азыр ал машинада – дал ошол чоң кызматтагы адам дайыма өзү олтурчу орунда, – арткы оң жактагы орундукта анын секретаршасы Айгүл бараткан.
Айдоочу жигит – Дүйшөк, айлана жарык болуп калса деле, машинанын алдыга карай жарык чачкан фараларын өчүрбөй, күржүгүй моюнун бурбай, көздөрү түз жолго кадалгандай телмирет. Кез-кезде гана салондогу арткы күзгүдөн артта үргүлөп бараткан Айгүлгө үнсүз карап коёт.
Азыр Дүйшөк өзүнүн шефинин кечээ кечинде берген тапшырмасы боюнча таң атары менен Айгүлдү “Дачага” таштап коюп, кайра жумуш башталган маалга – саат сегиз жарымда, анын үйүнө келип калууга үлгүрүп, шефин жумушка жеткирүүсү керек. Эс алуу Үйү шаардан кыйла алыс эле, тоого карай кеткен жолдун аягында, туш тарабын арча-карагайлуу чер токойлор каптаган кууш коктуда жайгашкан.
Дал коктунун боорунда, тоонун түбүндө тынымсыз боркулдап кайнап тургандай, жылуу суусу сыртка “борк-борк” эте, атылып чыгып турган булак бар. Эл арасында Жылуу-Булак атка конгон бул кооз чөлкөмгө райкомдун (коммунисттердин райондук уюмунун) жетекчилери ушул Эс алуу Үйүн курдурушкандан бери көп жылдар өттү. Шосселенген трасса тоолорду аралап кеткен жол экендигине карабастан, шаардын борбордук түз көчөлөрүнөн эч айрымаланбайт деле. Чоңдор өз ара бул Эс алуу Үйүн “Өкмөттүк дача”, а бул жолду - “өкмөттүк трасса” атап алышкандыктан, бул жол дайыма өз убагында асфальтталып, мизилдете оңдолуп турчу...
Ал дачага демейде, борбордон же башка алыс жактардан бул районго командировкалап келген сыйлуу коноктор гана убактылуу токтоп, кайра кеткиче өзгөчө сый көрүшүп, тоонун арасындагы таза абага, өзгөчө кооздукка суктана жашаша турган. Анан дагы албетте, район жетекчиси өзүнүн эң жакын жан-жөкөрлөрү менен кээде эс алышып, майрамдарда жана башка шылтоо табылганда, өздөрүнчө элден оолак, чоочун көздөрдөн далдоо, ээн-эркин сайрандашканы, дача курулган алгачкы жылдардан бери эле көнүмүш салтка айланып калган эле.
Жайкы ысыктагы ээндикте ныксыргандай мемиреп, жайыла кеңирсип, алыска созулуп кеткен түз өрөөндөн суурулуп чыгып, тоо койнундагы өйдөлүш жолго жетери менен, машинанын ылдамдыгы кыйла басаңдады. Жайдын толукшуган кооздугу, жашыл шиберлерге чүмкөлгөн тоолордун көркөмдүгү көз кубантса, шаардагы ысыкта думуктурган, оор абадан бул жакка келген адам салкын, жеңил абаны көкүрөк кере жуткусу келет...
Жарык караңгылыкты биротоло жеңип, күндүн алгачкы нурлары тоо чокуларына тийип, бүт теребелге чачырай баштаган маалда, баятан бери уйку-соонун арасында, арткы орунда үргүлөп келе жаткан Айгүл дагы уйкусу ачылып, өзүнө келди. Суудан чыккан тоок силкинип, канаттарын, жүндөрүн өзү көпкө чейин чокулап, тазаланган сымал, чакан кол сумкасынан кичинекей тегерек күзгүсүн, тарагын жана башка косметикалык предметтерин алып чыгып, чачын таранып, чоёктоп, өзүн өзү тааныбай жаткансып, ар кандай көз карашы менен, ары-бери бурула каранып, жасана баштады.
Аңгыча “Волга” тар, жашыл коктунун дал төрүндө заңкайган, кооз эки кабат үйгө жетип, алдына токтоду. Дүйшөк шашылгандыктан улам, машинаны токтоткону менен, моторун өчүрбөй, рулда олтурган калыбынан жазбай, Айгүлдүн машинадан түшүшүн гана күтүп калды.
- Э-э-эх... – Айгүл оозун кере ачып, эстеп алды. Анан кейигендей кобурады. – “Жумуш, жумуш!..” дей беришип, жок дегенде ушул дем алыш күнү дагы адамча эс алганга мүмкүндүк беришпейт!..
Айгүлдүн анткорлоно нааразыланганына жини келген Дүйшөк: “Ооба, силердин “жумушуңар” абдан оор!” – деп какшыктамакчы болуп баратып, оозун жыйды. Анын ордуна алдыртан кычыктай, тамашалай сурады:
- И-и, шефиңизди саат канчага алып келейин?
- Ал сиз үчүн шеф... А биз үчүн... – арткы бош орундукта чачылган күзгү жана башка майда-чүйдө бир нерселерин кайра жыйнап, колсумкасына салып жатып, атайылап Дүйшөк үчүн кылыктана, пауза жасады. – ...сиздин шефиңиз тек гана Бегмат Осмонович!..
Өзүнүн бул жообуна өзү ыраазы боло, маашырлангандай, наздана жылмайып, эшикти ачып, машинадан түштү. Дароо каруусуна кичинекей сумкасын илип, толук, чымыр соорусун кооз чайкай, артына карабай жөнөдү. Тим эле райондун борбордук көчөсүндө, дем алыш күнү, жасанып алып, шашпай бара жаткансып...
Баятан бери кыздын машинадан түшүшүн гана күтүп тургандыктан, эми аны артынан узата карап калганына оңтойсуздана, Дүйшөк газдын педалын катуу басты. Рулду ыкчам тегерете, машинаны тез артка бурду да, дароо ылдамдыкты жогорулатты.
Бул кыз менен абайлап сүйлөшпөсөң болбойт. Дайыма ушинтип сөзгө жыгат да, кылыктана, шылдыңдагандай карап, күлүп турат. Азыр да, албетте, бекеринен ал жамбаштарын бултактата баскан жок. Анын артынан кызыга карап калганын ичинен сезди да!.. Мунусу деле эчтеке эмес. Мындан дагы жаман мат койгон учурлары болбоду беле?..
Айгүл орто мектепти быйыл жаңы эле бүтүрүп, район жетекчисинин секретары болуп иштей баштаганына араң эки айдын жүзү болгон. А Дүйшөк отуздарга барып калган, райкомдо көптөн бери айдоочу болуп иштеген, мурдатан эле жетекчилерди тартып жүргөн, сырткы келбети бука моюн, күрсүйгөн, алыбеттүү жигит.
Дүйшөк Айгүлдү адеп көргөндө эле ичке белдүү, өңү-түсү сулуу, тикчийген нык көкүрөктүү, эликтикиндей түптүз, узун буттары жерге тийбегенсип, каалгый, жеңил баскан жаш кызды ичинен жактыра караган. Экөө жакындан таанышкан соң, кабыл алуучу кабинетте жалгыз калышканда кээде сүйлөшө калчу болушту. Кийинчерээк өзгөчө кылыктуу кыз көздөрүн кылгырта, керек учурда каш серпип, ар нерсени айтып, тамашалашкандан да качпасын билип, жигит бул бойго жеткен, толукшуп турган кызга ого бетер ышкысы түшүп калган.
Ошондуктан, ал иши жок болуп, колу бошой калса эле кабыл алуучу кабинетке кире берчү болгон. Мурда дайыма шефинен оолактай качып, анын көзүнө ашыкча чалдыкпоого тырышса, эми аны көргүсү келип, сагынып жаткансып, шефинин кабылдамасынан чыкпай калган. А чындыгында, жаңы ачылган гүлгө азгырылган көпөлөктөй, Айгүлдүн жанында айланчыктай баштаган!.. Кээ бир сейрек кездерде, кабылдамада экөөнөн башка эч ким жокто, телефон чалымыш болуп, артына өтүп, колун арта, кучактай калып, ыңгайы келсе өөп-жыттап, көкүрөгүнөн, соорусунан сылай, кармалап калат. “И-ий, коюңузчу, уят бирөө көрүп калса...” – деп, кыз алсыз каршылык көрсөтүмүш этсе да, көп деле нааразылык кылбайт.
Качан, каерден бир оңтоюн келтирип, “жайлап алар экенмин” деп ойлоп, Дүйшөк мунун эч айласын таппай жүргөн. Акырындап, кээде кыз жалгыз, зеригип олтуруп калса, ага анекдот айтып берип, арасына сексуалдуу, туздууларынан да кошконго өттү. А жаш кыз уялуунун ордуна, акырын үн чыгара, кыткылыктай жыргап күлүп калса, өзү да кошо ыраазы. Ошол убактылуу жан жыргаткан анекдоттору дагы бир аз убакыт өткөн соң, кайра дал өзүнө каршы атылган жебеге айланары оюна да келчү эмес!
Бир ирет түшкү тамактагы тыныгуу маалында, шефинин тапшырмасы орундалбай калып, Дүйшөк (шефи тапшырма бергенде, дайыма: “Дароо мага “доложить” кыл” - дечү) анын кабинетине шашыла кирип барган. Ал кабылдамада да, ички узун, чоң кабинетте да эч ким жок экенин көрдү. Бирок эки эшик тең ачык. Демек, шефи өзүнүн эс алуу бөлмөсүндө, адатынча тердеп, көк чайын шорулдата ичип олтурса керек, а Айгүл үйүнө түштөнүүгө кеткендир деп ойлоп, кабинеттин арт жагындагы эс алуу бөлмөсүнүн эшигин шарт ача салып, оозу ачыла караган... Эшиктен башбаккан бойдон, көргөн көзүнө өзү ишене албай, көз ирмемге катып калгандай болгон: эткел, алыбеттүү шеф күшүлдөп, энтигип калыптыр. Анын алдында жаткан кичинекей, арык Айгүлдүн денеси дээрлик көрүнбөйт. Бир тутам чачы гана булайып чыгып, дивандан полго жете сеңселип, алардын кыймыл ыргагына жараша, мелүүн шамалга желпингенсип, акырын силкилдеп жатыптыр... Экөө тең аябай кызып калышса керек: эшиктин ачылганын да байкашкан жок. Дүйшөк эшикти акырын жапты да, өзү чуркаган бойдон, аттап-буттап, сыртка чуркап чыгып кеткен!..
Ошондон көп өтпөй Айгүл экөө адаттагыдай эле тамашалашып, күлүп олтурушканда, ошол күнкү окуя күтүүсүздөн эсине түшө калды. Дагы бир сексуалдуу анекдотту айткан соң, Дүйшөк кыткылыктай күлүп, жыргап жаткан Айгүлгө сынай карап, олуттуу түрдө сураган:
- Эй, сен ушундай локуйган, чоң, семиз немеге... – ал башын шефинин кабинетине карай жаңсап, сөзүн андан ары улаган. – ... деги кантип чыдап жүрөсүң?.. Өзүң минтип кичинекей, арык кыз болсоң... Этият болсоңчу?.. Алдында жаткан бойдон тумчугуп, өлүп калып жүрбөгүн?!
Дүйшөк муну айтаарын айтып алып, ичинен бир жагынан кызды абдан катуу жайладым го деп ойлосо, экинчи жагынан, эми байкуш кыз эмне деп жооп айтарын билбей, кыйын абалга кептелди го деп, өзүн оңтойсуз сезген.
- Ом-э-эй!.. Коюңузчу... Ким эле ушундан өлүп калыптыр?.. – кыз уялып калуунун ордуна, кайра бетке чаба, наздуу үн каткан. – Кайра ошол “чоңу” абдан жакшы эмеспи!? Сиз дагы маззэни[1] билбеген кыргыз окшойсуз?..
Кыздын мындай бетпактана, эч күтүүсүз айткан жообунан улам, Дүйшөк өзүнүн моюнунан ылдый кимдир бирөө бир чака муздак сууну куюп жибергенсип, ичиркене түшкөн. Анткени, бул “маззэни билбеген кыргыз” жөнүндөгү сексуалдуу анекдотту кызга ал өзү айтып берген. Селт эте, чочуп кетсе да, эптеп өзүн кармап, оозунан сөзү түшүп, эмне деп айтышын да билбей, унчукпай олтуруп калган. “Т-ү-ү, энеңди урайын, жалап, өткөндө дагы байкатпай туруп, мени жайлаган экенсиң да?!” – деп, ичинен өзүн абдан жагымсыз сезсе да, билдирбегенге аракет кылган. Экөө жумуш боюнча бир нерсе жөнүндө талаша кетишкенде, Айгүл: “Сиз билесизби?.. Же секретарша билеби?!” – деп, атайылап созо сүйлөп, кытмырлана жылмайган болчу. Дүйшөк кыз өзүнүн кызматын атап жатат деп ойлоп, унчукпай калган...
* * *
Шефин жумушка жеткиргенден мурда үйүнө жетип, чай ичип чыгууга үлгүрүүнү ойлоп, Дүйшөк өтө катуу ылдамдык менен келе жаткан. Бул кезде Бегмат Осмонович кызматтык машинасын күтпөй, үйүнөн күндөгүсүнөн эртерээк чыгып, жөө жөнөдү. Бүгүн ал элге атайылап көрүнүп, райондун жаңы жетекчиси карапайым элдин арасында жүргөн, жупуну адам экендигин иш жүзүндө далилдемекчи болду. Чыныгы демократ дал ушундай адам болушу шарт. Карапайым элдин арасында, алардан эч айрымаланбай жүрүшү ылазым. Тигине, Борис Ельцин[2] деле Москвада карапайым эл менен кошо троллейбусска түшүп, поликлиникада жөнөкөй оорулуулардын катарында чогуу кезек күтүп жүрбөйбү?!.. Мындан ал жаман эч нерсе болуп кеткен жок. Тескерисинче, жалпы элдин арасында кеңири таанылып, өзүнүн элди ойлогон, кыйын саясатчы экенин далилдеп, популярдуулукка жетише алды!..
Ушундай саясий оюндарга байланышкан ар түркүн ойлорго чарпыла, Бегмат Осмонович борбордук көчөдө манчыркай басып баратты. Көчөдө бет маңдайынан чыккандардын баарына тең – өңү таанышына да, эч тааныбаганына да, карысына да, жашына да, өзү биринчи болуп элпек баш ийкей, илбериңкилик менен саламдашып жүрүп олтурду. Базар тарапка агылгандардын кээ бирлери гана: “Бул ким эле?” – дегендей, бир тынымга бүшүркөй калышып, жооп иретинде суз баш ийкемиш болушпаса, көбү чочугандай, жалт карап алышып, эч жоопсуз эле, шарт тескери бурулуп кетип жатышты...
Мурда райкомдун биринчи секретары (коммунисттик партиянын райондук комитетинин биринчи секретары) олтурчу кабинетке өзү жакында эле жайгашкандыктан, али анча көнө да элек. Кабинетине кирип, столдо жаткан бүгүнкү иш күндүн тизмесин көрөрү менен эле, азыр саат тогузда боло турган жыйынды уюштуруп жатышкандарга жини келди.
Жайдын эң сонун учуру өтүп баратат. Ушул жыйын болбосо, балким, кечээ кечинде эле толук эки күнгө эс алыш үчүн дачага жөнөп кетмек. Бардык керектүү нерселерди эбак эле алдын ала даярдаттырып койгон болчу. Ишемби жана жекшемби күндөрү толугу менен салкын тоо койнунда каалаганча эс алып, дүйшөмбү күнү таң эртең менен жетип келсе деле болмок!.. Ансыз деле, мурда райкомдун биринчи секретары ээлик кылып, ал сыртынан гана суктанып жүргөн дача эми жеке өзүнүн карамагына өткөндөн бери, бир да жолу жайынча, каалаганча эс ала элек. Дайыма шашып барат да, шашып артка кайтат!..
Жыйындын Күнтартибин карады. Карала турган маселе бирөө эле экен: баягы эле бечара коммунисттик партияны төө бастыга алуу. Деги, ушунун азыр кимдир бирөөгө кереги барбы?! Коммунисттер бийликтен биротоло артка сүрүлүштү го?! Ансыз деле алар азыр өздөрүн чала өлүк жыландай сезишип, баштарын араң көтөрүп жүрүшөт. Эми ал байкуштарды улам-улам кайталап, жыйындарды өткөргөн сайын жанчып, эзе берүүнүн зарылдыгы канчалык? Мунун кимге пайдасы бар?! Жок, мындан эч кандай пайда жок. Эптеп бул жыйынды тезирээк өткөрүп коюп, тоого кетүүсү керек.
Ал жактан түштөнүп алып, бир аз эс алган соң, эртеңки белгиленген аңчылыкка даярданып, бүгүн кечинде эртерээк жатпаса да болбойт. Анын үстүнө, Айгүл дачада анын келишин күтүп жатпайбы?! Анан калса, аңчылыкты уюштуруп жаткан мергенчилер, тоо кийиктерине аңчылык кылуу ийгиликтүү болушу үчүн, таңкы жарык жерге жайыла электе, тоонун башына чыгып калууга үлгүрүү керектигин эскертишиптир... Кыскасы, азыр ал үчүн Эс алуу Үйүндө баары шайма-шай даяр турган! Бегмат Осмонович өзү жакында райондун биринчи адамы болуп шайлангандыгын өзгөлөргө билдирбей, тар чөйрөдө гана жупуну белгилеп коюуну чечкен. Азыр мурдагыдай дос-туугандардын баарын чакырып, чоң салтанатка айлантып, мактанууга болбойт. Элдин пейли такыр таанылгыстай өзгөрдү. Азыркы замандын түрү жаман. Абайлабасаң болбойт. Өз ишиңе мурунку убактардагыдай мамиле жасап, чоң кызматты ээлесең эле элди сөгүп-сагып, каалаганыңды жасай берчү убак эбак эле өткөн. Антсең, азыр өзүңдү мертинтип алышың да мүмкүн!..
Жыйында сөз адегенде “Биздин Таштанбек Акматовго”[3] берилди. Аты, фамилиясы такыр башка болсо да, райондун алдыңкы чабанын журналисттер дайыма ушинтип атап жүрүшүп, азыр элдин баары, чарба жетекчилери да бул бечаранын өз аты-жөнүн такыр унутуп, ушуга көнүп калышкан. Бегмат Осмонович айрым адамдардан “ар бир райондон бирден алдыңкы чабанды чыгаруу” жөнүндө жогортон түшкөн тапшырма бар экен деп кулагы чалган. Ал сөздөргө караганда, “Биздин Таштанбек Акматовго” дагы башка чабандар жардам беришет экен. Ал тургай, бир жолу аз жерден чоң чырга айлана жаздап барып, араң жабылган. Бир ак жүрөк, жаш чабан жигит “Өзүмдүн жеке таза күчүм, ак эмгегим менен алдыңкы чабан боломун” деп чечип, абдан катуу, тер төгө иштейт. Кийин ал ушундай мээнет менен алган төлүнүн бир бөлүгүн чарба жетекчилери - анын эч макулдугун сурабай эле! - “Биздин Таштанбек Акматовго” өткөрүп берип салышканына чыдабай, район жетекчилерине чейин арызданган учурлар болгон. Сыягы, ал чарба жетекчилеринин мындай былыктарын район жетекчилери билишпейт деп ойлосо керек. Акыры баарын түшүнгөн соң, өзүнүн бир короо коюн чарбага кайра санап өткөрүп берип, чабандыкты таштап, кетип калыптыр!.. Бирок моюнга алуу керек. “Биздин Таштанбек Акматов” өзүнүн ушундай куру желге толгон жеңилбаа “баркы” менен, ушундай кыйчалыш учурларда дайыма жетекчилерге колдоо көрсөтүп келет. Чарбанын жана райондун жетекчилери аны керек учурларда элдин атынан трибунага чыгарып сүйлөтүшөт. Ыңгайга жараша керектүү болгон, бирок кээде өздөрү айта алышпаган сөздөрдү дагы айттырышып, бул таанымал чабанды каалагандай пайдаланып жүрүшөт. Азыр да Бегмат Осмонович анын сөзүн угуп олтуруп, эч таң калган деле жок.
Мурда коммунисттик партияны мактап-жактап, төшүнө шагыраган орден-медалдарды тагынып, алдыңкы чабан деп макталып жүргөн неме, бүгүн да ошол эле сыйлыктарын тагынып келгени менен, өзүн ушундай ийгиликтерге жеткирип, түбөлүк депутатка айланткан коммунисттик партияны ашата сөгүп, катуу сындады. Коммунисттик партия жетимиш жыл бою элди аёосуз эзип, демократиянын жайылуусуна, адамдар эркин ой жүгүртүп, чындыкты айтуусуна мүмкүндүк бербей, улуттук сезимдерди басып келгенин белгиледи. Бул сөздү ага ким жазып берсе да, байкуш чабан өзү окуган докладдын маанисин өзүн анча аңдай албагандай! Шыдыр окуп баратып, кээде окуй албай такалып, мукактана калып, мүдүрүлө калып, кайра эле шатырата, үнүн бийик чыгара, кыйкырып окуп жатты. Кебетесине караганда, өзү эмне деп окуп жатканын өзү деле анча жакшы түшүнбөгөнсүйт!
Президиумдун дал ортосунан орун алган Бегмат Осмонович чоң залда жыйынга катышып олтургандарга алдыртан көз таштады. Коммунисттер – кечээ жакында эле аларга теңтайлашып, бийлик талашып жүрүшкөндөр! – алдыңкы чабандын ачуу сөздөрүн шаабайлары суугандай, кабактары салыңкы, коңүлсүз угуп олтурушканын көрдү. Бегмат Осмонович табалагандай: “Силер дал ушуну көрмөксүңөр!” – деп ойлосо да, сыртынан билдирген жок... “Биринчи көч кайда кетсе, калгандары да ошол жакка барат” деп, акылман кыргыз эли бекеринен айткан эмес да?! Анын сыңарындай, жыйындын кийинки жүрүшү дагы “Биздин Таштанбек Акматов” баштап берген нукта өттү. Жарыш сөздөргө жазылгандардын баары тең алгачкы докладчыны бирдей колдоп сүйлөшкөндөн кийин, жыйындын күнтартибиндеги жалгыз маселе ачык эле колго салынып, райондук кеңештин чечими жалпы колдоого ээ болду.
Бул кезде айдоочу Дүйшөк машинасын жууп-тазалап, даярдап коюп, райкомдун имаратынын эшигинин дал алдына келип токтотуп, шефинин сыртка чыгышын чыдамсыздык менен күтүп олтурган. Шефин Эс алуу Үйүнө таштап келип, өзү алдыдагы дем алыш күндөрү ээн-эркинче эс алып, үй тиричиликке байланышкан майда-чүйдө иштерин да бүтүрүп алууну ойлонуп олтурган. Бирок Бегмат Осмонович жыйын аяктагандан кийин деле дароо кабинетинен чыгып кете албады. Алгач кабинетинде оң жактагы кичинекей столдо өзүнчө коюлган телефондор – жергиликтүү, шаарлар аралык жана атайын байланыш үчүн, – биринин артынан бири тынымсыз чырылдап туруп алды. Райондун жаңы жетекчисин куттуктагысы келгендер ошол телефон чалуулар менен эле чектелип калган жок!
Ал телефон менен сүйлөшүп жатканда, кезекке турган адамдардын узун тобу чогулуп, куйругу кабыл алуу бөлмөсүнөн коридордун ортосуна чейин созулду. Акыры кабинетинен эптеп чыкты эле, баары бир аны бура бастыра коюшпай, ар кандай суроолор менен кайрылышып, бир тобу ал “Волгага” олтурганга чейин, артынан чогуу ээрчий басышты...
Ал өзүнүн али түштөнүүгө дагы чыга электигин шылтоолоп, сааттын жебеси үчтү карай кага баштаганда араң бошонду. Үйүнө да кайрылган жок. Кабинетинен эле жумушу көптүгүн, кечинде дачага барып, дем алыш күндөрдө маанилүү документтерди бүтүрө тургандыгын айткан. Эс алуу Үйүндө баары анын келишине даяр болгондугун билгендиктен, ал биротоло ошол жактан түштөнүүнү чечти.
Жеңил каалгыган “Волга” ысык абаны жарып, алга зымыраган сайын, ачык турган терезелерден салкын, жагымдуу тоо жели аймалап, анын эртеден берки чарчаган денеси бир аз сергигенсиди. Бүгүн ал иши көп болгондугуна карабастан, баары анын оюндагыдай бүтүп жатканына ыраазы болуп, көңүлү жайдары эле...
* * *
А бирок көптөн бери эңсеп жүрүп, араң жеткен дачада аны өзү үчүн жагымсыз бир жаңылык күтүп туруптур. Кароолчу, ашпозчу жана бөлмөлөрдү тазалоочу аялдан башка дагы бир төртүнчү адам – бул Эс алуу Үйүнүн чарба башчысы, болгондо да өзүнүн кайын атасы – Калык бар экен. Ал алдынан чуркап чыгып, бөжөңдөп, башын төмөн ийе, кош колдоп учурашканда, сыртынан эч сыр билдирбей, ал-жайды сураштырып, дачага байланышкан маселелерди чечкенге жардам көрсөтөрүн убадалады.
Ичинен жашы жетимиштен эбак эле өтүп, азыр сексенге таяп калган абышканы жекире сөгүп алды: бул карыган айбанды бул жакка кайсыл шайтан айдап келди?! Дем алыш күндөрдө кемпиринин ысык чайын ичип, анын жанында эс алып, өз үйүндө эле жыргап жата бербейби?.. Мунсуз бул жерде өрттөнүп жатса да...
Кептин баары Айгүлдө болчу. Ал бул дачанын завхозу өзүнүн шефи Бегмат Осмоновичтин кайын атасы экендигин билчү да эмес. Ошондуктан, эртең менен келгенде эле, ашпозчу аял менен чогуу чай ичип олтуруп, “эки күн бою дем алышта дачада тынч иштеп алуу үчүн келгенин, кечирээк Бегмат Осмонович өзү да келерин” айткан. А ашпозчу аял дароо эле “өкмөттүк телефон” менен өзүнүн чоңуна кабарлаган. Жан-алы калбай чыйпылыктап: “О-о, аксакал!? Райондун жаңы чоңу өзү келет экен бүгүн... Эмне кылабыз эми?!” – деп, айгай салып жиберген.
Бул кабарды уккан соң, Калык үйүндө тынч олтура алмак беле?! Мурда бул оюна келбесе да, эми ал райондун чоңун дачада жакшылап тосуп алып, ыраазы кылып коюуну чечип, шаша жөнөгөн. Мындай өзү эле келип жаткан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарса болбос...
Калык тынчсызданып, кабатырланганы да жөн эмес болчу. Анткени, өткөндө кемпири экөө кызынын туулган күнү менен куттуктаганы барышса, күйөө бала түшкүрүң кабагын чытып, нааразыланган кейипте: “Кайын атасын жылуу жерге коюп алыптыр” дешип, эл сөз кылып жатыптыр” – деп жүрөгүнүн үшүн алган. Эгерде Бегматка бир нерсе жакпай калса, Калык кайын атасы экендигине да карабайт. Кара мүртөз пейилин жакшы билет. Анын үстүнө, жашы дагы жетимиштен өтүп калбадыбы?.. А бул куракта мындай жылуу орунду, - майлуу ишти ал кайдан тапмак эле?!
А Бегмат Осмонович жай баса, дачанын ары жак, бери жагын көрүмүш этип, жанында эпилдеп бир нерселерди жобураган Калыктын сөздөрүн бирин укса, экинчисин кулагынын сыртынан кетирип жатты. Эми эмне кылуу керек? Айгүл экөө эки башка бөлмөдө жатып, мунун кечинде үйүнө кетишин күтүп жата бериштери керекпи?.. А эгерде кетпей, мында жатып калсачы? Анда бул какбаш чал качан уктайт болду экен деп, аңдып олтурушмак беле?! Же “Сиз кете бериңиз, үйүңүзгө барып эс алыңыз” десе, бул кексе чал дароо бир нерседен шекшийт го?! Же күндүзү эле, кагаздарды столго жайып алып, иштеп жаткандай түр көрсөтүп, Айгүлдү жанына ачык эле чакырган туурабы?.. Бегмат Осмонович сыртынан бейкапар көрүнгөнү менен, ичинен эмне кылышын билбей, түркүн амалдарды ойлоп, башы катты.
Бул акмак чалдан кутулуш кыйын. Ал жакында эле пенсияга чыккан. Бирок үйүндө бир ай дагы толук эс алган жок. Кызын ортого салып, кулактын кужурун күндө ала берип, акыры ушул Эс алуу Үйүнө “чоң” болуп орношуп, жаны араң тынч алгандай болгон. Өмүр бою майда, райондук деңгээлдеги ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеп көнгөн неме, эми минтип бар болгону үч кишиге жетекчи болсо дагы, ушуга өзүнчө корстон болуп жүрөт.
Бегмат Осмонович кайын атасы Калык пенсияга чыккандан кийин, анын карапайым элге аралашууну каалабаганын байкаган. Андан көрөкчө, чоңдордун бут кийимдерин аарчыса дагы, өзү көнгөн чөйрөдөн алыстабай, айланчыктап жүрсө болду!.. Бегмат Осмонович абышка эс алууга чыккан соң, өзү убагында салып алган заманбап, жакшы үйүн жана чоң короосундагы бак-шагын карап, эми эч кимдин көзүн карабай, эркин, жыргап жашап, карылыктын дооронун сүрөт го деп ойлогон... Жок, тескерисинче, мурунку жаш, алдуу-күчтүү курагынан бетер, бийликте олтурууну самаган ит оорусу пенсияга чыгып, карый баштаган сайын, кайра күчөгөнсүйт...
Бегмат Осмонович күтүүсүздөн эле райондун жаңы жетекчиси болуп шайланып, а мурда райондогу аксакал жетекчилердин бири болгон кайын атасы Калык пенсияга чыккандан бери, экөөнүн өз ара мамилелери дагы кескин өзгөргөн. Кайын атасы өзүнүн баласындай курактагы Бегмат Осмоновичтин алдында эпилдеп-жепилдеп, белин бүкүрөйтө алдында башын ийкегилей баштаганын абдан жакшы түшүнсө дагы, “эми башка чоочун адамдар мага кошомат кылышса дагы, ушул абышка өз кадыр-баркын билип, өз мамилесин мурдагы эле бойдон сактап калбайбы?!” – деп, ичинен жактырчу эмес.
Соңку кездерде кайын атасы менен күйөө баласынын ортосундагы мамилелери мурдагыдан кыйла сууй түшкөнү дагы ушундан улам болчу. Кайын атасы мынчалык кошоматчы экендигин ал мурда такыр эле байкабай жүрүптүр! Аялына бул тууралуу четин кыйытса, ал кайра аны жемелегенсип, “атам сага урматтай мамиле жасап, элдин көзүнчө сенин авторитетиңди көтөрөйүн деп аракет кылса, сен муну тескери кабыл аласың!” – деп нааразыланган. Тим эле, анын эл арасындагы авторитети жалгыз ушул кайын атасынын элдин көзүнчө ага кошоматтангандыгы менен эле өлчөнүп калгансып!.. Кийинчерээк Бегмат Осмонович мындай өз ара мамилелер райондун чоңдорунун арасында биротоло калыптанган эрежелер экендигине ынана баштаган. Кечээ эле кол алдындагы кызматкерлерди киши ордуна көрбөй, элдин көзүнчө ашата сөгүп жүргөн жетекчи, кийин кызматтан түшкөн соң, мурда өзү сөккөн адамдар кызматынан чоңоюп калышса, эч уялбай эле, аларга эпилдеп-жепилдеп, кошоматтангандарын көргөн.
Көңүлүнүн түпкүрүндө мындай адамгерчиликсиз, табигый мамилелерден сырткары, такыр башкача эрежелерге негизделген мамилелерден жийиркенсе да, мындан өзү дагы алыска кете албасын түшүнгөн. Ошондон бери кайын атасын көргөндө эле жини келчү болгон. Анын жагымпоз жылмайып, өз абалынын төмөндүгүн атайылап эске салгандай, күйөө баласына ашыкча жасалма сый-урмат менен учурашканынан баштап, баскан-турганы, көз карашы дагы, бүт баары жакпай калган. Кайын атасы эмне жөнүндө сүйлөй баштаса деле жактырбай, сөзүнүн аягына чыгарбай, оройлоно бузуп, “сенин эмне айтарыңды мен ансыз деле жакшы билемин” дегендей тескери бурулуп, ары басып кетчү болгон. Арийне, абышканын өз абийирин өзү сактай албай, бийликтен пенсияга кетсе деле кошоматчы бойдон калганы дагы эмес, Бегмат Осмонович өзү көңүлүнүн түпкүрүндө, жеке өзүнүн алдында да моюнуна алгысы келбеген башка бир олуттуу себеп дагы бар эле.
Эми ал кайын атасын көргөн сайын мурда өзүнө анча сезилбеген түкшүмөл жаралган. Эми ал күзгү алдына келип, алыскы мезгил аралыгынан өзүнүн улгайгандагы кебетесин көрүп тургансычу болду. Кээде муну ачык моюнга албаса да, өзүнүн дагы терс сапаттарын байкап калчу. Кээ бир чөйрөдө ачык байкалган кошоматчылдыгы, адамдардын кызматтык бийлигине жараша мамиле кылмай жагымпоздугу өзүндө деле бар экендигин сезсе да (бул адаты тээ жаш кезинде – ал комсомолдук кызматтарда жүргөндө эле каны-жанына биротоло сиңип калганын билсе дагы!), муну моюнга алгысы келбей, башкалардан байкаса, ичинен жипкирип, жек көргөндөй, жактырбай карачу. Сыягы, адамга өзүнүкү билинбейт, башка бирөөнүкү дароо билинет деген калетсиз окшойт!? Же адам улгайып, карый баштаганда, бул терс сапаттар өзгөчө жагымсыз көрүнүп, дароо көзгө уруна баштайбы?..
Мындан дагы жаманы, Бегмат Осмонович өзүнүн жаш курагы жөнүндө ойлогондо, ачып көздү жумгуча эле орто жашка – кыркка жакындап калганын эстегенде, жогорудагы ар кандай жагымсыз ойлор ого бетер күчөп кетчү. Сонку кездерде башына дароо эле жагымсыз бир күдүк ой келе берчү болгон: мен дагы ушул абышкадай болуп, тез эле карып, алдан тайып, бийликтен четке сүрүлүп, ушунун кейпин кийип, алдуулардын алдында башымды ийип, момурап кошомат кылгандан башкага жарабаган адам болуп каламынбы?!
Мындай күтүүсүз ойдон жүрөгү опколжуп, көңүлү айныган. Бул эч күтүүсүз келген, жагымсыз түкшүмөлдөн арылууга жандалбастай аракет кылган. Ошентсе дагы бул жагымсыз жоромолдуу ойжоруу биротоло жоголгон эмес. Тескерисинче, маанайы чөккөндө же башка бир жагымсыз кырдаалдарда дароо эске түшчү болгон!.. Жок! Деги, эмне деген менен дагы, калыстык үчүн моюнга алуу парз го? Учурунда Бегмат Осмоновичтин бийлик тепкичинде өсүшүндө, ал кимдир бирөөлөрдүн колдоосуна абдан муктаж болуп жүргөн чакта! – дал ушул абышка чоң жардам көрсөткөн. Албетте, азыр ал карып, алсыз болуп калган кайын атасынын ошол кездеги жардамын такыр эле унутуп калса, кудайга да жакпас?!
* * *
Азыр минтип сыртынан телегейи тегиздей көрүнүп, бир чоң районду өз колуна мыкчый кармап, каалагандай калчай баштаган Бегмат Осмоновичке кудай бактылуу балалыкты ыраа көрбөптүр. Апасынан кичинекей бала чагында эле айрылып калды. Андан кийин атасы биринчи алган катынын кетирип, артынан улам алган башка катындары дагы токтобой, убактылуу келишкен өгөй энелерден өз үйүндө жылуулук жок болчу...
Акыры атасы да карып, өзүнүн күнү бүтөрүн сезгенби, кандай болгон күндө да, жалгыз уулунун келечегине колунан келишинче кам көрүмүш этип кетти. Өзүнө минген жалгыз чобур атын алып калып, үйдө аял жоктугунан улам, көптөн бери саалбай калган, карыган уюн сатып, акчасын белине түйүп, уулун эрчитип өздөрү менен айылдаш, бирок борбордо жашап, иштеп калган таанышына барган. “Баламдын окуп, билим алып, адам болушуна жардам бер?” – деп суранып, өзү үчүн эми айылдан чыгуу деле кыйын болуп калгандыгын айткан.
Тигил айылдашы чын эле алган акчасын актап, убадасына турдубу же өз бешенесинен кудай айттыбы, айтор, Бегмат айыл чарба институтунун студенти болуп калды. Өңү-түсү кара-тору, бети-башы майланышкан жаш жигит өзүнүн кийимдеринин комсоо, эскилигинен, чөнтөктөрү сөздүн түз маанисинде да, өтмө маанисинде да тешиктигинен көңүлү дайыма жабыркап жүрчү болгон. Көңүлүнүн түпкүрүндө өзү курактуу башка бактылуу, тың студенттерге эч качан тең боло албасын, алар бардык жагынан – байлык, билим, күч, шылуундук, жада калса, жигиттик өткүрлүк жагынан дагы! – өзүнөн кыйла жогору турушарын билчү. Ошондуктан ал колдон келген бүт аракетин ошол орду толгус аралыкты эптеп жоюуга жумшоону чечкен.
Ичинен тынчтык бербей, тымызын көксөгөн максатына жетиш үчүн, ал өзү институттун мугалимдерине эптеп жагып, алардын колдоосуна ээ болушу зарыл болчу. Бирок кантип?! Бул туюктан чыгаруучу жолду такыр таба албай, ич күптү болуп жүргөн күндөр да кийин тез эле унутулган!.. Сабак берген мугалимдерге эптеп эле жакшы көрүнүп, көздөрүнө илинип калуу максатында, ал өзү такыр түшүнбөгөн, эч кызыкпаган лекцияларда деле дайыма аудиториянын эң алдыңкы катарында олтурчу. Аларды өзгөчө ынтаа коюп угуп жаткандай анткорлонуп, алдыңкы катарда эч кыймылдабай, көздөрүн да ирмегилебей, чекчейип олтурганы кийин көнүмүш адатка айланган. Акыры ага ушул өз алдынча өздөштүргөн адаты, эч күтүүсүздөн эле оомат алып келген. Көрсө, адам тагдыры делген, демейде сыртынан эч байкалбас, бирок адам жаралганда эле аны менен кошо бүткөн, эч өзгөргүс даңгыр жолдой сезилген кубулуш деле көптөгөн майда бурулуштардан куралат тура?! Ал тургай, ошол майда көрүнгөн, көп учурларда ачык сезилип-сезиле да бербеген ошол майда бурулуштар адамдын кийинки тагдырында чечүүчү мааниге жеткен учурлар да болот экен!..
Бир ирет жалпы институттун эң башкы залында эл батпай, орундук жетпегендер артында тизилип туруп калышкан чоң жыйын өткөн. Эч нерседен кабарсыз Бегмат адатынча алдыңкы катарда – дал трибунанын маңдайында олтурган. Чогулушка Борбордук Комитеттен, билим министрлигинен, башка мекемелерден дагы көп жетекчилер келишкен. Бегмат бир оокумда, бирөө анын чыканагынан тартканда чочуп да кеткен. Шарт бурулуп караса, өздөрүнүн окуу жайынын комсомол комитетинин катчысы эңкейип: “Сен мына бул студенттердин атынан жасалчу Кайрылууну окуп койчу?!” – деп анын кулагына шыбыраган...
Башка эч нерсени алиге чейин эстей да албайт. Чогулуш аяктарга жакын калып, ал микрофондон өзүнүн фамилиясы угулары менен эле жакын турган трибунага аттап-буттап, эптеп жеткен. Алдын ала даярдалган текстти ачып, чоң залдын сүрүнөн башын көтөрө албай, трибунаны кучактаган бойдон, толкундана, тердеп-кургап, бир бет Кайрылууну араң окуп чыккан. Биротоло эсинде орноп калып, алиге чейин эсинен чыкпаганы: “Канкор агрессор, Вьетнамдан колуңду тарт!” – деген бир гана кыска сүйлөм. Сыягы, институттун комсомол комитети алдын ала даярдаган докладчы кайсыл бир себептерден улам, ошол жыйынга келбей калса керек. Кандай болгон күндө да, дал ошол күндөн баштап Бегматтын багы ачылган. Ошол күндөн баштап ал адам жашоосунда эч ойго келбес, майда кокустук деле, кийин анын тагдырында чоң бурулуш жасачу өзгөрүш болоруна терең ишенип калган...
Баягы өз күчүнө, билимине эч ишене албаган, кембагал студент тез эле бүт институтка таанымал болуп, кадыр-барктуу коомдук активистке айланды. Мурда аны жалаң “эки” деген баа алып окуган студент катары билген мугалимдер да эми ага урматтай мамиле жасашып, кээде экзаменде эч сурабай туруп эле “жакшы”, “эң мыкты” деген бааларды коюп беришчү. А эң башкысы, ал стипендия алып эле чектелбей, институттун профсоюздук уюму тарабынан дагы такай жардамдарды алчу тизмеде жүрчү. Иши кылып, байып кетпесе да, үстү-башын кичине оңдоп, мурдагыдай жез тыйындарды санабай, эптеп өз курсагын өзү тойгузуп калды. Анын үстүнө, атасы ыраматылык, уулун окууга өткөрүп коюп эле андан кутулдум дедиби, айтор, акча жөнөтмөк турсун, “эмне кем-карчың бар?” - деп сурап койгонго да жарачу эмес! Көрсө, чаласабат атасы айылдаш бирөөдөн студенттерге өкмөт тарабынан оокатына жетерлик стипендия берилет, андан сырткары, алар бош учурларында дагы иштешип, акча таап алышат деп уккан экен.
Студенттердин арасында дайыма абдан начар окугандардын арасында тизмектелчү уулу эч кандай стипендия албай, окууларынан карыз болсо да, эптеп илешип, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөнүн байкуш атасы элес албаса деле керек?! Ал уулунун чыныгы абалын билген кезде деле, ага ашыкча эч жардам бере алмак эмес. Анткени, апасынын көзү өткөндөн кийин, ансыз деле мурдатан байлыгы ашып-ташып кетпеген бул үйдүн берекеси биротоло кетип, атасынын эптеп тапкандары эч дайынсыз жок болуп турчу...
Бегмат институтту аяктагандан кийин аны бул өзү окуган окуу жайында калтыралык, кааласаң аспирантурадан оку деген сунуштар дагы болду. Бирок ал дилинде өзүнүн чыныгы дараметин жакшы билгендиктен, мындай саналуу гана студенттерге жасалчу азгырыктуу сунушка дагы азгырылган жок. Дипломду алган соң, институттан кызматка орношууга жолдомо алганда дагы, ал өзү атайылап, эң алыскы, тоолуу райондордун бирин тандап алган. Анткени, комсомолдук уюмдун лидерлеринен тоолуу райондордо адис кадрлар жетишсиз экендигин, ал жакта кызматтык тепкичтердин баарын оңой басып өтүп, кааласаң тез эле чоңоюуга болорун угуп жүрчү. Коммунисттик партиянын катарына дагы эч кандай кыйналбай, сыноо мөөнөтүсүз эле өтсө болорун айтышкан!..
Ырас, тоолуу райондогу чарбалардын биринде зоотехник болуп иштеген кезинде, Бегмат кызматтык сыноодон татыктуу өттү деп айтса да болот. Үйү жок, жашоо шарты начар экендигине карабастан, мурда кези келсе ачка дагы чыдап жүрүп, оңуту келе калганда, тамак өтпөй калганча курсагын кампайтууга көнгөн неме, анча көп кыйналган деле жок. Анын үстүнө, кез-кезде конокко чакырып калышкандар кетеринде эт-сетин, тамак-ашын кошуп баштыкка салып беришип, бул азыгы жалгыз жашаган немеге кыйлага жете турган... Баарынан да жаманы, чарба жетекчиси койлор төлдөгөн маалда, козулардын өлүмү көп болуп жатканы үчүн, жыйындарда аны ордунан тургузуп алып, ата-жотосун калтырбай ашата сөгүп, тилдей бергени болду. Бегмат болсо мугалимге жооп кайтара албаган күнөөлүү окуучудан бетер башын шылкыйтып, бардык тилдеген сөздөрдү эч үнсүз-сөзсүз угуп, кутулчу болду. Акыры буга өзү деле көнүп бүткөнсүдү.
Мындай учурда ал баарынан дагы башкы зоотехникке катуу суктанчу: бөлүмдөрдүн, фермалардын зоотехниктери начар иштеп жатышкандарын дайыма сынга алышса да, ага эч сөз тийбейт... Ал кезде анын эң эле жогорку кыялданган кызматтык орду – башкы зоотехниктин орду болчу! Ошентип, бүт кайран жаштык өмүрү сөгүш угуу менен гана өтүп кете тургандай сезилип жүргөн күндөрдүн биринде, Бегмат райкомдун үчүнчү секретары менен кокусунан таанышып калган. Анын институтта комсомол комитетинин активисттеринин бири болгондугун уккан карт бөрү – азыркы кайын атасы – Калык Кайыпович аны райком комсомолго жооптуу кызматка тартууга аракет кылып, кыйлага чейин азгырган.
Чарба жетекчисине дагы чыгып, анын макулдугун алууга да жетишиптир! Бирок Бегмат бул кезде зоотехниктик кызматында төрт жыл иштеп, көнүп калган соң, өзүнүн деле башка кызматка кеткиси келбей калган. Анын үстүнө, өзүнүн жаш курагы өтүп баратканын, эртең эле комсомолдук органда иштегендердин катарында “эч перспективасыз” деп эсептелген, жашы өтүп калган кадрлардын тизмесине кирип, акыры коммуналдык чарба сыяктуу чакан мекемеде олтуруп каларын алдын ала болжолдоп, кыйын абалда калган. Жообун эки айча создуктуруп жүрүп, акыры Калык Кайыповичке ачык айткан: дагы үч-төрт жылдан кийин отуздан ашарын, азыркы курагында райком комсомолго идеология боюнча бөлүм башчы болбой, жок дегенде экинчи катчы болсо... Карт бөрү бул ачык жоопко карс-карс күлө: райком комсомолдун экинчи-үчүнчү катчылык кызмат орундарын обком чечерин, андан соң Борбордук Комитетте бекитилерин айткан.
Арийне, алардын байланышы үзүлгөн жок. Калык Кайыпович Бегматка ар кандай жыйындарда чарбалардын жаш жетекчилеринин атынан держурный сөздөрдү сүйлөтүп, ишеничтүү колдоо тапканына ичинен корстон эле. Бегмат дагы чарба жетекчилери ага мурдагыдай катуу айта алышпай калышканын билип, ыгы келе калганда, райкомдун үчүнчү секретары менен мамилеси жакын экенин көрсөткөнгө далбастап турчу... А кийин ушундай жыйындарга анын үйүндө чогуу даярданып жүрүп, Калык Кайыповичтин кара далы кызы менен таанышып калды. Кийин гана Бегмат ал кызга үйлөнгөн соң, карт бөрү ишиндеги кабинетинде эле иштешпей, бекеринен үйүнө чакырбаганын түшүнгөн. Өзүнөн эки жаш улуу, өңү серт кызга үйлөнсө да, Бегмат узакка чейин өзүнүн райкомдун үчүнчү секретарынын күйөө баласы болуп калганына ичинен сыймыктанып жүргөн!
Моюнга алуу керек: кайын атасынын жардамы көп болду. Анын тымызын колдоосу менен тез эле коммунисттик партиянын катарына да өттү. Жаш жетекчи кызматкерлер баары тең коммунист болууну самашкандыктан, аларды кабыл алууга чектөөлөр коюлуп калган. Аларга караганда компартия мүчөлүгүнө катардагы колхозчуларды, завод-фабрикаларда иштешкен жумушчуларды көбүрөөк кабыл алууга басым жасала баштаган болчу. Компартияга мүчө болгон соң, тез эле өзү иштеген чарбанын башкы зоотехниги болуп дайындалды. Бул кезде чарбанын директору да, башка жетекчилери да ага “Бегмат Осмонович!” – деп кайрылышып, кээде андан “Калык Кайыповичке салам айтып коюңуз?” – деп суранып калышчу болгон... Ошондон тартып жакынга чейин эле кээде курсагы да жарытылуу тойбогон жигит пейил күтүп, конокко чакырышса, дасторконго жактырбагандай карап, чүйгүн тамактарды тандап жеп, арак ичпей, жалаң коньяк ичкенге өткөн!..
Андан соң башкы зоотехниктиктен райкомдун инструкторлук кызматына которулду. Көп өтпөй эле мурда ал өзү иштеп кеткен чарбанын директору болуп дайындалды. Демейде башка жооптуу кызматкерлер (алардын ичинен да, эң ийгиликтүү карьера жасай алышкандар гана!) он-он беш жылда араң басып өтчү жолду, ал эки-үч жылдын ичинде артка калтырды. Бир кезде арык, шыңга бойлуу, сымбаттуу кара тору жаш жигит ушунун баарына эч эмгексиз, жеңил жеткенгеби, отуздан ашканда эле ашыкча толуп, жоон-жолпу болуп, курсагы чыгып, такыр таанылгыс болуп, өзгөрүлүп чыга келди. Ал тургай көзү жокто жана артынан, айрым жаш кыз-келиндер аны “контрамарка” деп тергей турган болушту. Калк айтса калп айтпайт дегендей, чын эле узун бойлуу, ашыкча толуп кеткен неме, кара пальтосун кийин турганда, алыстан контрамарка печкасын эске салчу!..
А эң башкысы, анын мүнөзү дагы түп-тамырынан бери өзгөрүлүп, тим эле өмүр бою чоң болуп жүргөн адамдай болуп, төрөпейилдик күтүп, кол алдындагыларга, карапайым адамдарга теңсинбегендей, жогортон карап тургандай мамиле кылуу ал үчүн көнүмүш адатка айланды... О-о, ошол директорлук кызмат ордунан башка жогорку кызматка көтөрүлүү баарынан дагы кыйын болду го?!.. Бул кезде карт бөрү кайын атасы дагы күчтөн тайып, улгая баштаган. Райкомдо иштеген жаңы, жаш күчтүү кадрлар көбөйгөн сайын, ал акырындап артка карай сүрүлүп жүрүп олтурду. Адегенде райондук байланыш бөлүмүн жетектеди. Андан соң райондук профсоюзду башкарды... Дал ошол маалда заман күтүүсүздөн эле өзгөрүлүп, Кайра Куруу деген саясий кампания башталган болчу.
Деген менен Бегмат Осмоновичтин сезимталдыгын баалабай коюуга мүмкүн эмес. Жаштайынан комсомолдо иштеп, мурду тез жыт алып көнгөн неме дароо эле заман шамалынын жели кайсыл жакты карай сого баштаганын жаземдебей туйду. Ал өзү райондогу жетекчилердин ичинен биринчилерден болуп жаңы чыккан демократтардын катарына кошулду. Дал мына ушул – ал кезде абдан тобокелчил жана опурталдуудай сезилген – жол аны райондун жетекчиси болуп калышына чейин жеткирди!.. Азыр Бегмат Осмонович бул жаңы чоң кызматына башка эч кимдин жардамысыз, (мурда эл анын артынан сөз кылышкандай, кайын атасынын колдоосу жок эле!) жеке өз күчү менен жеткенине ичинен абдан сыймыктанчу. Ошондон баштап өз доору биротоло өтүп, кызматынан кыйла эле төмөнгө түшүп калган кайын атасына жасаган мурдагы мамилеси дагы кескин өзгөрүлүп, эми аны сыртынан эч тоготпогондой карап, кайын атасы катары да, жооптуу кызматтарда иштеген адам катары да эч сыйлабагандай, тоңдоосун тартып калган...
* * *
Бегмат Осмонович Эс алуу Үйүндөгү люкс бөлмөгө жайгашкан соң, жай чечинип, качанкы өткөн окуяларды эстегенче, шашпай душка түштү. Муздак сууга сергиген соң, жайкы ысык да сезилбей, тоонун таза абалуу жели терезеден аймалап, көңүлү бир аз жайлангансып калды. Ал бөлмөгө кайтып келсе, кайын атасы баш болуп, дачанын кызматкерлери ары-бери чебелектеп чуркашып, ал үчүн түштөнүүгө тамак даярдап жүрүшүптүр.
“Жетишет! Болду... Ашыкча эч нерсенин кереги жок!.. Эми ишке жолтоо болбогула!!” – деди ал, бир аз оройлоно, жактырбаган үн менен. Ушул сөз эле жетиштүү болгондой, тигилер буттарынын учтары менен басып, акырын жылып чыгып кетишти да, ошол бойдон дайынсыз жоголушту.
Тигилер сыртка чыгып кетишери менен эле баягы келберсиген, жасалма салабаттуу кебетеси дароо өзгөрдү. Курсагы абдан ачкандыктан, тикесинен тик турган калыбында, столго жайылган дүйүм тамактарды четинен бурдап сугуна баштады. Сол колунда семиз үндүктүн жоон саны. Оң колунда вилка. Улам бир колундагы семиз, майлуу эттен тиштейт да, колундагы вилка менен ар кандай жашылчалардан жасалган жаңы салаттардан олуп-чолуп илип алып, чулчуңдап, шаша чайнап, жеп жатты.
Курсагынын ачканы бир аз басылган соң, көзү столдун дал ортосунда турган беш жылдыздуу коньякка түштү. “Э-э, мунсуз такыр болбойт го? Эс алганга жараша жакшылап эс алуу керек!” – деп ойлоду ичинен. Андан соң кичинекей рюмкага алымсынбай, кырдуу чоң стаканга капортосунан жогору кылып куйду. Аны бир тартып ичкенде гана биротоло жайлана олтуруп, шашпай тамактанууга өттү. Бир аздан кийин экинчи стаканды ичкенде, закускага бир аз гана шам-шум этип, тамак жегени да жайлап, эми эле курсагы катуу ачканы дароо басылгансыды. Эми бая бул жакка келгенден бери жандүйнөсүнө тынчтык бербей, ичтен түйшөлткөн чочулоо сезими да дайынсыз жоголду. Жандүйнөсүндө бейпилдик орногон соң, жалгыздыктан зериккендей, көңүлү көтөрүлүп, ырдагысы келип, ичинен кыңылдай баштагандай маанай жаралды. Кайра эле маанайы чөгүп, ушундай чоң кызматты ээлеп олтурса дагы, ал өзү каалагандай эркин жашай албагандыгы үчүн белгисиз кимдир бирөөлөргө кыжыры келди...
Айгүл кайда жүрөт? Качан бул бөлмөгө келет? Же ал дагы анын атайын чакырышын күтүп, бир бош бөлмөдө зеригип олтурабы? Жалгызбы же кимдир бирөө мененби?.. Бегмат Осмонович эшикти ачып, коридорду жаңырта кыйкырып, арыраакта бир нерсени калдыратып жүргөн кызматчы аялдан Айгүлдү чакыртмакчы болуп, кайра эле бул оюнан айныды. Келгенине бир саат болбой жатып, чыдай албай, секретаршасын издей баштады дешпесин деди... Ансыз деле эл арасында ал экөө жөнүндөгү имиш-имиштер ашыкча болуп бараткансыйт!.. Жакындан бери андай сөздөрдүн бир чети өзүнүн аялына дагы жетип калганбы деп шекший баштаган... Аялы ачык айта албаса да, аста кыйыткан: “Сен өзүң билесиң го, мен айрым акылсыз аялдардай, ашыкча кызганбайм... Бирок элдин ашыкча кебинен этият болуп жүрсөңчү?!”
Мындай аярлай, жылмалата айтылган суранычка, ал үнсүз жылмайымыш этип, эч жооп кайтарбай тим болгон. Байкуш аялы күйөөсү ага кара далы болуп бараткан чагында, эч кандай сүйүү сезими жок, чоң кызматта иштеген атасы үчүн үйлөнгөнүн билип, ичинен кайра өзүн күнөөлүүдөй сезип жүрчү...
...Ал жайдын кыска түнү байкалбай өтүп, кайра таң агара баштаганда чочугандай ойгонду. Көзүн ачып, бир аз өзүнө келген соң, дачада жалгыз жатканын эстеди. Башы зыңгырап, жан чыдатпай, сына тургандай ооруп турган. Өзүн абдан алсыз сезип тургандыктан, аябай чаңкаса да, туруп суу ичкенге шайы жетпеди. Дал ушул маалда дабышы алыстан дүрүлдөй угулуп, экинчи кабаттагы ачык турган терезенин дал түбүнө келип токтогон “УАЗиктин” моторунун үнүн укту. Өзү азыркы жумшак “Волгага” жеткенге чейин, он жылга жакын убакыт бою ушундай калдыраган, катуу машинада жүргөндүктөн, моторунун доошу кулагына биротоло сиңип калгандай эле болуптур...
Азыр ал бул жалаң гана тоо-талаада жүрүүгө ылайыкталган катуу, ыңгайсыз машинаны жактырбай калган. Катардагы зоотехник кезинде кызматтык атын минип жүрүп, ушундай калдыраган машинада жүргөн башкы зоотехникке суктанчу эле. Минерден мурда, атка жем-чөп, суу берип, караш керектиги башын оорутпайт деп...
Машина токтогон соң дагы кыйлага чейин моторун өчүрбөй, туруп калды. Бегмат Осмонович ойгоо жатса да, кимдир бирөө өзүн таттуу уйкудан ойготуп жиберип, эми атайылап ага тынч эс алууга мүмкүндүк бербей жаткансып, кыжыры кайнады. Ачык турган терезеден моюнун созо, башын чыгарып, катуу кыйкырып, тигилердин ата-жотосуна чейин калтырбай, ашата сөгүп, моокумун кандыргысы келди. Азыр ал бул дачанын башкы кожоюуну. Бул жерде ал өзү хан, өзү бек, каалагандын баарын жасай алат!.. Бирок башы ооруганы, алсыздыгы жанын кыйнап, дагы бир аз жатса жакшы боло тургансып, ордунан турууга дарманы жетпей, кыймылсыз жата берди. Кызык, мынчалык эртелеп, таң ата электе бул жакка минтип жетип келишкендер кимдер болду экен?! – ушинтип ойлоп, ал кайра жуурканды башына чүмкөнө салды. Башынын ооруганы, жаны кыйналып турганы аны уктатпасын билсе дагы, эптеп бир аз болсо да, чырм этип алганга аракет кылды. Уйку гана азыр ал үчүн жалгыз табылгыс дары болорун, ичинен билип турган. Ошондуктан столдо турган экинчи коньяктын жарымынан азыраак калган бөтөлкөсүн көрсө дагы, ичкиси келген жок.
Бир жарым бөтөлкөдөн ашык коньякты жалгыз кулкунуна куйуп алган неме, азыр башы ооругандан башканы билбей, кечээ өзү кандай абалда уктаганын эстей алган жок. Эңги-деңги болуп, өзүн көзөмөлдөй албай калган чакта, ал коридорго жылаңач, трусычан чыккан болчу. Айгүлдү издеп, айкыра чакырып, дача кызматчыларынын жүрөгүн түшүргөн. Ар кайсыл бөлмөлөрдүн эшигин шарт ачып: “Айгүл? Айгүл!?” – деп кыйкырып жүргөнүн көрүшүп, локуйган чоң, семиз жетекчинин дардая жылаңач жүргөнүнөн уялышып, ага көрүнбөй качышып, тымтырс жоголушкан болчу.
Айгүл дагы өз шефин мурда мындай абалда көрө элек болгондуктан, анын мастыгынан коркуп, бош бөлмөлөрдүн бирине кирип, ичинен бекитип алган эле... Аны менен чогуу бир төшөктө жатмак турсун, жанына жакын баргандан дагы коркуп калган!.. Айрыкча шефинин: “Айгүлдү тапкыла?! Айгүл кайда?!” – деп оройлоно, опузалай кыйкырган, зөөкүрлөнгөн үнүн уккан сайын, кыз катуураак дем алгандан да чочулаган. Шефи анын бул бөлмөдө экенин билип калса, эшикти сындыруудан дагы кайра тартпасын сезип, караңгы бөлмөдө бүрүшүп жаткан...
Азыр Бегмат Осмонович бир-эки жумача мурдараакта эле, өзүнүн эски, жакын досторунун бири, коңшулаш совхоздо директор болуп иштеген Касым Кулумбеков менен убадалашып, бул күнү чогуу эс алышмак болушканын дагы эстей алмак эмес. Алар бүгү таң агара электе тоого чыгып, тоо кийиктерине чогуу аңчылык кылышмак. “Сенин районго жетекчи болгонуңду жууп берейин!?” – деп бул демилгени көтөрүп чыккан да Касым өзү. Досуна өз колу менен кийик аттыртып, бышыртып жеп, бул дем алыш күндөрү тоо арасында ээн-эркин, жарптары жазылганча эс алышмак.
Бегмат Осмоновичтин уйку-соонун ортосунда жатып, жаңы гана көзү илинип баратканда, коридордо опур-топур кадамдар угулуп, эшик акырын кагылды. Бир аздан соң эшикти абайлай ачып, Касым этияттана башбакты.
– Э-э!.. Сенин жалгыз жатканыңды билбей, убакытты текке коротупмун да! – деп саламдашпай эле, өкүнгөндөй күрсүнүп алды. – Биздин келгенибизди укса, өзү сыртка чыгат деп күтүп тура бериптирбиз!..
Бегмат Осмонович досу адаттагыдай эле шайдоот, көңүлү көтөрүңкү экенин көрдү. Тамашалай сүйлөп, таңкы жымжырттыка бөлөнгөн бөлмөнү бака-шакага толтуруп ийди.
– Эй, жанагы калемкашың кайда? Сендей жаш жигит жалгыз жатканы жарашпайт го?! Эс алганга жараша, жакшылап эс алуу керек го?!
– Мен ооруп калдым окшойт. Өзүмдү жаман сезип турам... – деп Бегмат Осмонович досунун тамашасын жактырбагандай, араң эле үн каткансыды.
– Азыр досум... Азыр... Сенин ооруңдун дабаасын дагы табабыз! Заматта оңолосуң... – Касым ачык турган терезеге басып келип, экинчи кабаттан төмөн жакка башын чыгара, сырта күтүп турган шофёруна кыска сүйлөп, кол жаңсай көрсөтүп, өзү артка бурулду. Экранында чыбыр ала торчодон башка эч нерсе көрүнбөсө да, дыркырап иштеп турган телевизорду өчүрдү.
Шашыла демиккен шофёр кирип келди. Эки колуна кучактай көтөргөн чоң коробканы полго койду. Кадырдын ишараты менен ал дароо түрдүү тамактын калдыктары чачылып, ыпыр-сыпыр болгон столдун бир жак тарабын бошотуп, тазалап, сүртүп кирди.
– Азыр досум, чыдай тур... Сени алгач дарылап алып, андан кийин тоого алып чыкпасам, кудай өзү деле мени кечирбейт го?!
Шофёр чоң картон коробкадан чучук, бышкан эт, жаңы жашылча-жемиштерди, коньяктын бөтөлкөлөрүн четинен алып чыгып, столго батышынча коё баштады. Эки кырдуу стаканды стол четине коюп, коньяктын бирөөсүн ачты да, стакандарга толтура куйду. Касым бир стаканды алып, Бегмат Осмоновичтин төшөктөн турушун күтпөй эле, жаткан бойдон колуна карматты.
– Кел, алып коёлук... Бүгүнкү аңчылыгыбыз ийгиликтүү болсун! – ал өзү колундагыны суу ичип жаткандай эле, кул-култ эттире, дароо жутуп салды.
Бегмат Осмонович анчалык деле көңүлсүнбөй, стаканды бир аз бөксөрткөнсүдү да, кайра артка сунду. Касым ушуну эле күтүп тургансып, өз колу менен стаканга толтура куйду да, кайра ээсине карматты:
– Сен дал ушуну жакшы ичпегендиктен улам ооруп жатасың! Мендей чоң адисти уксаңчы?! Алып кой! Дароо жакшы болосуң. Бул ичимдик азыр тоого чыкканда, териң менен кошо сыртка чыгып кетет!..
Бегмат Осмонович бул ирет Касымдын сөзүн кайтарган жок. Бир жагынан ал баары бир кыстап болсо да, ичирерин билсе, экинчи жагынан, бүгүн эс алып, дарылангандан башка арга жок экендигин сезип турган. Көзүн жумуп, аягына чейин ичип жиберди. Касым ага жылмая карап, бир нерсени күткөндөй, эч кайда шашпагандай, телевизордун жанындагы стулдан орун алып, чучуктан былчылдата чайнап олтурду.
Дагы бир тынымдан кийин Бегмат Осмонович бүт денеси жибип, жандүйнөсү мемиреп, теребел текши бейпилдикке курчалгандай болуп, башынын ооруганы дайынсыз жоголгонун байкады. Ошентсе да ал жылуу жаткан ордунан тургусу келген жок. Ал сүйлөгүсү да келбей, жанындагы Касымдын сөздөрүнүн бирин укса, экинчисин укпай, магдырай көшүлдү.
– Эми тур, баатыр. Ансыз да кечигип жатабыз. – Касым аны шаштыра баштады. – Жарык чыкканча Кең-Жайыкка жетип калышыбыз керек...
Бегмат Осмонович бул сөздөрдү укпагандай, эч шашпай жатканын көрүп, ого бетер шаштысы кеткенсиди:
– Машина бара албаган аркы жагына жөө чыгабыз. Тоонун тик бети, жакын көрүнгөнү менен бир топ эле аралык бар... Аттарды камдата албадым. Ушул бир-бир жарым километр үчүн элди дүрбөтпөйүн дедим. Эртең экөөбүз ашыкча сөз болбойлук дедим да?.. Билесиң го, азыр заман кандай өзгөргөнүн? Жыйым-терим кайнап жатса, булар төрт-беш ат менен, элди алагды кылышып, дачада чардашыптыр дешпесин... Сага көлөкө түшүргүм келбеди...
Касым актангандай оңтойсузданды. Бегмат досу таң ата электе мындай шайдоот, ыкчамдыгына таң калган жок. Тескерисинче, анын ден соолугунун бекемдигине, чыдамкайлыгына таң калчу. Арак боюнча дагы, ал чын эле өзү айткандай, чоң “адис”. Ага тең келүү кыйын. Бир койдун этин жалгыз жеп, бир ящик аракты жалгыз ичсе да, эртеси эч нерсе болбогондой жүрө берет. Маңдайынан чыбырчыктаган тердин майда тамчыларын сөөмөйүнүн кыры менен сыгып алып, колун жерге силкип коюп, күжүлдөп, иштей берет!
– Мергенчилер таң эртең менен кийиктер бийик аскалардан оттогону, суу ичкени ылдыйга, Кең-Жайыкка түшүшөт дешти. Эки бөлүнүп, эки жактан торойлук. Эртерээк жетип, көрүнбөй буктурмада жатсак, жолубуз болот. Кийиктер куу болушат, карааныбызды байкап, жыт сезип калышса, такыр тескери качышат... Ой, сен зоотехник эмессиңби?! Мал-жаныбарды менден жакшы билесиң да?.. Бол эми, тезирээк кийин! Эртерээк жолго чыгалык...
Бул кезде Бегмат Осмонович төшөктөн турса дагы, ыргылжың боло, эмне кылышын билбеген адамдай, көңүлсүз олтурган. Акыры ал Касым досу камынмайынча тынч койбосун билип, шашпай кийине баштады.
– ...Мен сенин теория жүзүндө билгениңди практикаңдан көрсөтөйүн деп жатамын да, ха-ха-ха... Куугунчу-мергенчилер кечээ түштөн кийин эле тоого жөнөп кетишкен. Тоодо түнөшүп, болжошкон убакта, кийиктер жаңыдан оттоп башташканда үркүтүшүп, биз тарапка качырышат!..
Бул сөздөрдүн баарын Касымдай ышкысы козголбой, кайдыгер гана угуп тим болуп, кийим кийгенден дагы эринип, чарчап жаткансыган Бегмат Осмоновичтин абалы анча оңоло электиги көрүнүп турду. Ошентсе да Касым эч сыр бербей, ага дем бергендей, тамашалай сүйлөдү:
– Галстугуңду тагынбай эле кой, досум. Баары бир кийиктер аны байкашпайт деле. Сен жөнөкөй мергенчисиңби же район жетекчисиңби – кийик жаныбарларга баары бир эмеспи?!.. Э-э, кокуй, бу сен жайкы туфли кийип алганың кандай? Өтүк, же жок дегенде бутсы кийип келбейт белең?! Тим эле тоого чыкпай эле, тойго бара тургансып...
– Андай болсо мен аң уулаганга барбай эле койсом кантет? – Бегмат Осмоновичке даяр шылтоо табылгандай, жандана түштү. – Силер өзүңөр эле барып, атып келгилечи?.. А мен жатып, эс алып турайын... Анын үстүнө бир аз ооруп калып, өзүмө жакшы келе албай жатамын?..
Ден соолугун шылтоологону менен Бегмат Осмонович кечээ бул жакка өзү менен кошо ала келген секретаршасы Айгүлдү эстеди. Столдо жайылган дүйүм тамакты жеп, коньякты ичип, бөлмөдөн сыртка чыкпай эс алгысы келди. Дегеле Касым сыяктуу досторунан айрымаланып ал аңчылыкты деле жактырчу эмес. Алар аны кээде “тоого пикникке барабыз, балык кармайбыз” дешип, ушинтип кыйнай беришмейлери бар! Ресторандарда баары даяр турса, каалаганыңдын баарын сатып алсаң, темселеп, тоо кезип не кереги бар?!
– Э-э, жок, андай болбойт, досум! – Касым Бегматтын таттуу оюн бузуп, демитип кирди. – Мен сага өз колуң менен аткан кийиктин этинен бышкан шашлыкты жедирем дебедим беле?! Башка бирөөлөр даяр кылып, алып келип союп, бышырып берген тамактын даамы такыр башкача болорун сен ошондо гана сезесиң! Бол эми, тезирээк кыймылда?! Биз ансыз деле кыйла кечигип калдык!.. Жөнөйлүк!..
* * *
Бегмат Осмонович үчүн мурдараакта ыңгайлуу бөлмөдө ооруп жаткандан дагы ашкан, накта азаптуу кыйноо эми гана башталгандай болду. Машина жүрчү жол жок болсо да УАЗ тоонун түбүнө чейин улам өйдөлөй кеткен боз талаалуу кырдын аягына чейин барып, дал тик тескейдин түбүнө жетип токтоду. Машинаны артка карай, ылдыйышка багыттап буруп коюп, шофёр алардын аңчылыктан кайра кайтышын ушул жерден күтүп турмакчы болду.
Алар машинадан түшүшүп, андан ары жогору карай жөө жөнөштү. Тулаң чөп, жашыл бетеге жыш баскан тескей боорунда тайгаланып, мүдүрүлүп, бирде жыгылып, жер таяна калып, күшүлдөп-бышылдап, мындай кыйын татаал жолдо көнбөгөн немелер дароо чарчап, демигип башташты. Касым демиксе да, дале баягы калыбында кеби түгөнбөй, жобурап келет.
Жок дегенде бүгүнкү дем алыш күнү атайы эс алууга камынып келсе дагы, аны тынч жаткыра коюшпаганы кандай?! Бегмат Осмонович бул ойдо жок кыйноого макул болгону үчүн өзүн дагы, бул аңчылыкты ойлоп тапкан досун дагы ичинен ашата сөгүп, кабагына кар жаагандай бүркөлдү. Досу эч үн катпай, унчукпай калганын туюп, Касым сөздү эми башка нукка бурду:
– Э-э, досум? Сен кийиктин этин жеш оңой дедиң беле? Оңой оокат жок!.. Иштеп тапканың катуу болсо, жегениң таттуу деп, акылман адамдар бекеринен айтышкан эмес да?!
Бир топтон кийин бир азга дем алууга токтошуп, артка кылчайышты. Бар болгону кырк-элүү кадамча гана бийикке чыгышканын көрүштү. Бул кезде Бегмат Осмоновичтин шайы ооп, мындан ары такыр баса албай тургандай абалга жеткен эле. Муну сезгендиктен, Касым төмөн карай шофёруна кыйкырды: “Э-эй!.. Сенин машинаңа ээн тоодо ким тиймек эле? Кел, бизге жардам бер андан көрөкчө?!”
Эңкейиште машинасын токтотуп, өзү рулга башын жөлөп, үргүлүп олтурган жаш шофёр аттап-буттап, секиргендей, төмөндөн тез эле жете келди. Алар экөө Бегмат Осмоновичти эки колтугунан алышып, жогору карай чоң капты сүйрөгөндөй эле сүйрөп жөнөштү. Ал анда-санда гана бутунун учу жерге илешкенде гана таканчыктамыш болбосо, эми алардын ыгына толук көнүп, денесинин оордугун аларга салып, унчукпай, сүйрөлүп баратты...
Жарык айланага кадимкидей таркап, алыстагы караандар дагы ачык көрүнө баштаган кезде, алар тескейдин башындагы түз жайыкка – мурдатан мерчемделген жерге жетишти. Касым көрсөткөн жашыл тулаңга, тик коюлган чоң кап кулап кеткенсип, Бегмат Осмонович дароо көмкөрөсүнөн түшө жыгылды. Шофёр экөө жондоруна асына келишкен эки кош ооз мылтыктын бирин анын жанына таштады.
– Кийиктер жабыла качышат. Сага жакындап келгенде гана ат! Жакшылап мелжеп аткын! Көзгө атар мерген экениңди көрсөтчү... - ушинтип шаша-буша сүйлөп, Касым өзү бир мылтыкты бултактата асынган бойдон, жайыктын тигил башы тарапка чуркады... Төмөн карай ызгый чуркап, тим эле таш кулагандай тез кеткен шофёрдун карааны дароо көздөн кайым болду...
Бегмат Осмонович азыр эле жан чыдагыс азап тартканын дароо унуткансыды. Алдында жумшак килемдей калың төшөлгөн жаш тулаң чөптүн өзгөчө жагымдуу, буркураган жыты, беттен салкын аймалаган тоо жели – адам жандүйнөсү үчүн тири укмуштай чоң ырахат экендигин ал бүт дене-бою менен сезгенсиди. Баягы алсыраган оорусу эми таттуу ныксыраган магдыроого алмашып, арадан канча убакыт өтсө дагы, ал ушул абалдан ажырабай, саатына да карабай, ушинтип жылбай жата берүүнү самады.
... Бир кезде Бегмат Осмонович безге сайгандай, катуу чочуп, эсине келди. Магдырап жаткан бойдон көзү илинип кеткен тура! Селт эте башын көтөрүп, өзүнөн жыйырма-отуз кадамча ары жакта, коркунучтан улам катуу үркүп, тыбырай качып бараткан беш-алты эчки көрүндү. Буйдамга келип, мылтыкты колуна алууга үлгүрмөк турсун, ал өзү буктурмада күтүп жаткан жапайы кийиктер – дал ушул кадимки эле эчкилер экени оюна келген жок. Тек гана алардын караанын уйкусурай, артынан узата карап калды. Жайыктын аркы бетиндеги коюу бадалга кире беришкенде, эчкилердин эң артында качып бара жаткан чоңураагы шарт бурула карап, алар көз ирмемге тиктеше калышкандай болду... Эчки аны жек көрө, жектей карагансыды. Же так гана ага ушундай сезилдиби? Сыягы, эне жаныбар өз балдары коопсуз жайга качып кирүүгө үлгүрүшкөнүн текшерди окшойт?..
“Ой, ат! Тез ат дейм!?..” – алыстан тоо жаңырткан үндү угуп, артына бурулса, аркы күңгөй тараптан Касым жандалбастап, энтиге чуркап келе жатыптыр. Бегмат Осмонович эсине келип, мылтыкты колуна алгыча, анын көз алдындагы эчкилер тескейдеги бадалдарды аралай житип кетишкен эле!
Бегмат Осмонович жамбашы жан чыдатпай ачыша баштаганын сезип, алыстан келе жаткан Касым чөптүн арасынан аны көрбөгөнүн байкап, шымын артынан шыпырып, кылчайып карады. Дал майкуйругунда ача туяктын терини сыйрыган, кызарып, канталаган изи калыптыр. “Ой, энеңди... Ушул эле жетпей жатты эле!..” – ал ичинен сөгүнүп алды. Бирок кейиген менен эч пайда жок экенин түшүнүп турган. Болору болду дегендей эле кеп да... Бул ирет ал өзү көксөп, көптөн бери күтүп келген эс алуусу жайынча, жан жыргаткан эс алуу болбой эле, ал үчүн азаптуу сыноолорго айлана баштагандай сезилди.
Аңгыча аркы күңгөй беттен күйүгө чуркап, Касым жетип келди. Ал демиккенин басып, эс-учун жыйгыча эле, анын артынан тоонун мөңгү баскан аскалары тараптан ылдыйкы кең, түз жайыкка карай тоо эчкилерди үркүтүшкөн куугунчу-мергенчилер да келип калышты.
– И-и, жолуңар болгурлар?! – Касым өзүнө келип, аларга баягысындай эле тамашалай, какшык аралаштыра кайрылды. – “Колго түшкөн коёнду, коё берген киши оңобу?!” – дегендей, кимиңерден кетти? Кийиктер ачык талаага жакшы эле чыгып беришти эле го?! Мергенчиге мындан артык дагы эмне керек?..
Куугунчулар өздөрүнөн күнөөлүү сезгендей, туталана кызарышып, жооп таба алышпай, баштарын жерге сала, унчукпай тим болушту. Баары тең аңчылыкты ойрон кылып, оң келген ооматты колдон чыгарган Бегмат Осмоновичтин өзү экендигин ачык билип турушту. Бирок анын көзү илинип, уктап кеткендигин билишпегендиктен, бул мурда колуна мылтык кармап көрбөгөн неме, эмне үчүн аңчылыкка чыкты экен?! – дешип, ичтеринен күдүк ойлорго кабылышты. Анын үстүнө район жетекчисин ушундай жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарганы үчүн жемелегенге да алардын эч кимиси батынып, оозу бармак эмес.
Булар атылган кийиктерди устукандап союп, чоң казандарга толтура сала бышырып, тигил чоңдордон артканын өздөрү да кеңири жешип, тоого сыйлуу коноктор келген сайын өздөрүнчө жыргап көнүшкөн аңчылар эле. Эс алуу Үйүндө иштегендер дагы аларды жакшы таанышкандыктан, чоңдордун столунан жарым-жартылай арткан-үрткөн же мурда эле кытып, бекитип калышкан бөтөлкөлөрдү аларга эч кимге көрсөтпөй берише турган. От жагып, отун жарып жатканда этият болуп, чайнектерге куюп, байкатпай кичинеден ичкиле деп эскертишчү.
Эт жакшы бышып, отун-суусу кеңири болуп, келген меймандар алар көрсөткөн сыйга ыраазы болушканы – дачада иштегендерге дагы жакшы мактоо алып келип турмак. Алар өздөрү жетишпей калышканда, чара-чара эттерди ташып, бул тааныш жигиттер колго кол, бутка бут болуп, жардамдарын аяшчу эмес!.. Аңчылар бүгүн да этке чардап тоюшуп, арактан аз-аздан ичкен соң, ашыкча болуп калган эттерди дачада иштешкендер менен дайымкыдай бөлүп кетебиз деп турушкан. Эми бул үмүттөрү биротоло үзүлүп, колундагы оюнчугун жулдурган баладан бетер, маанайлары чөгүп, эмне кылууну билишпей калгандай, үн-сөсүз турушту...
– Ой, жолуңар такыр болбогурлар?.. Мында эмнени карап турасыңар?! Менин шофёрум менен чогуу, биздин ветеринарга баргыла. Эки козу таап берсин. Мени буйруду дегиле! Алып келип союп, тез бышыргыла!.. – Касым адатынча чечкиндүү, барк-барк эте, оңтойсуз жымжыртыкты бузду.
Тигилер мурдагыдай эле башты жерге сала, унчукпай ылдый түшүп кетишкен соң, Касым Бегмат Осмоновичке бурулуп, башкалар укпасын дегендей, акырын үн чыгара сүйлөдү:
– Оомат сага жакшы эле келип берди эле... Эмнеге минтип колдон чыгарып жибердиң?!
Бегмат Осмонович эч үн каткан жок. Жамбашынын териси сыйрылган жери ачышып, катуу ооруй баштаганын эми гана сезгендиктен, ал азыр кийиктин таттуу этин жегенге да, эс алууга да көңүлү чаппай турган.
...А бирок түшкө жуук бир нече бөтөлкөлөрдү бошотуп, бир топ кызуу болуп калышканда, Бегмат Осмонович дагы баягы ооруган жерин унутуп койду. Эки дос Эс алуу Үйүнөн обочороок дөбөгө чыгып, бошогон бөтөлкөлөрдү тизип алып аткылашып, кичинекей балдардан бетер, атылган октору тийсе да, тийбесе да каткырык салышып, чер жазыша ойной башташты. Тээ төмөндөгү эки кабат үйдөн бир аз четирээк, тоонун дал тик тескейинин түбүндө жагылган оттон чыккан түтүн көккө карай булап, бирок бир аз көтөрүлгөндөн кийин эле абага билинбей таркап кетип жатканы көрүнүп турду. От менен үйдүн ортосунда үч-төрт адамдын кичинекей, оюнчуктай көрүнгөн караандары ары-бери чуркап жүрүшкөнү байкалат. Алар бул эс алып жатышкан эки достун курсактарынын камын көрүп жүрүшкөн аңчылар менен дачанын кызматчылары болчу.
А бул эки достун жанында алар күлүшсө кошо ырсайып же кээде эч күлкүсү келбесе да, жасалма катырып коюп, алардын жанынан алыска кеткиси келбеген Бегмат Осмоновичтин кайын атасынын эрбеңдеген карааны көрүнөт. Өзүнүн колунда мылтыгы жок болсо да, бул жерде тигилер менен чогуу жасай турган иши жок болсо да, аларды айланчыктап жүрө берди. А тигилер анын жандарында жүргөнүн, бар экенин да, жок экенин да байкашпагандай!..
Абышка тигил кызуу немелер өзүнө салкын мамиле жасап жатышканын такыр сезбегендей түр көрсөтөт. Досу кайын атасына көңүлкош караганын байкагандыктан, Касым дагы ага “Калык Кайыпович!” – деп урматтай кайрылганын токтоткон. Кыскасы, ал экөөнөн башка эч ким жоктой болуп, жанында жүргөн үчүнчү улгайган адамга кандайдыр бир көлөкө сыяктуу эле мамиле жасап калышты... Ага ошондой байкамаксан мамиле жасашканынын эсеси аз жерден чыгып кете жаздады... Калык Кайыпович өзү атайылап, бул жерде алардын жүргөнүн алардын эсине салгансыды! Болгондо да, эң жагымсыз жагдайда! Дөңдүн дал кырына кыдырата тизилген айнек жана пластик бөтөлкөлөрдүн айрымдары гана ок тийип, быркырап талкаланбаса, көбү мурдагыдай эле койкоюп турушат.
Бир оокумда мылтыгын кайрадан октоп, эми гана бир көзүн жумуп, бөтөлкөнү карай сунган кундагын мелжеп, атмакчы болуп калган Бегмат Осмонович жаны чыккандай ачуу айкырып, сөгүнүп жиберди:
– Ой, энеңди... Акмак десе!!!
Бул ачуу үнгө удаа эле “тарс” эткен мылтыктын доошу жаңырып, үчөө тең эстери чыккандай, дал болушкандай, бирин бири тиктешкен бойдон катып калышты. Тигил экөө заматта кадимкидей соолуга да түшүштү. Көрсө, Калык Кайыпович кулап кеткен бүтүн бөтөлкөлөрдү кайра ордуна тизмекчи болуп, дөңдүн аркы бетине түшө калган экен. Мылтыкты октоп, баш көтөрбөй алаксыган Бегмат Осмонович муну элес албаптыр!.. Анан эч күтүүсүздөн эле бош бөтөлкөнү атамын деп жатып, аз жерден өзүнүн кайын атасын атып ала жаздаса, жини кайнап сөгүнөт да?!..
– Ой, энеңди... – деп бул ирет атайылап кайталагандай, Бегмат Осмонович дагы бир жолу сөгүндү. – Сени ким бөтөлкө коюп бер деп суранып жатат?! Же менин сени атып өлтүрүп, түрмөгө кетишимди кааладың беле?.. Айтчы мага?! Сендей акмакты өлтүргөн адам соопко каларын билсем дагы, колумду булгагым келбейт... Энеңди!..
Ачуусун кармай албагандыктанбы же дал болгон абалынан кайра өзүнө келгендиктенби, Бегмат Осмонович кайра кызуу абалга жетип, эми эч уят-сыйыт дегенди эске албай, улгайган адамды ашатып сөгүп кирди. Дагы бир аздан кийин өзүн кармай албай, күнөөлүүдөн бетер башын шылкыйткан абышканын жанына жетип барып, аз жерден уруп жибере да жаздады.
– Бар, үйүңө кет! Жогол! Көзүмө көрүнбө бул жерден! – колун дал бетмаңдайына уруп жиберчүдөй шилтеп барып, токтоп калды. Четтен карап турган Касым кайын атасы менен күйөө баланын чырында ортого түшүп, аларды арачалаганга да жарабады. Ал тек гана үнсүз байкоо салып, эмне кылышын билбей, делдиреген адамдай, обочорооктон көңүлсүз, үн-сөзсүз карап турду.
* * *
Кечке жуук алар кыйла кызуу болуп калышкандыктан, бул дачанын чоңу – Калык Кайыпович көрүнбөй жоголгонун элес алышкан деле жок. Эзиле бышкан козунун эти алдыларына тартылганда гана Бегмат Осмонович Айгүлдү кайра эстеди. Бая түш ченде Айгүлдүн ары-бери басып жүргөнүн элес-булас көргөндөй болгон! Азыр ал дагы кайда дайынсыз житип кетти?.. Абдан кызуу болуп калган неменин ою бир жерге токтободу. Негедир кызуу болсо да көңүл түпкүрүндө кандайдыр бир күдүктөнүү жаралып, тынчын алып жаткандай болду. Кайдан-жайдан?! Эмне себептен?.. Бирок бул жөнүндө терең ойлонуп көрүүгө убактысы да жок болчу, бул үчүн зарыл болгон сергек акыл-эс менен ой жүгүртө да алмак эмес!
Азыр Айгүл өзү ээлеген бөлмөдө зеригип, дачага күтүүсүздөн келип калган шефинин кошоматчы досу Касымдын кетишин чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Убакыт бекерге көңүлсүз өтүп жатканына ичи ачышса да, же сыртка чыга албай, же башка кишилер менен сүйлөшө албай, бул дачада өзүн ашыкча адамдай сезип жаткан. Бул жагдайдан эч кабары жок болгондуктан, Касым да бир топ эле кызып калгандыктан, тигилердин каалагандай ээн-эркин эс алуусуна жолтоо болуп жаткандыгы оюна да келбеди.
Эки дос бири-биринин сөздөрүн укпай, бир баштаган сөздүн аягына чыкпай, кайра мастыкта улам такыр башка сөзгө өтүп кетип жатышты. “Кадрдык реформаларыңды баштасаң, мага дагы райондон бир жакшы орунду карап көрөсүң да, досум?!” – Касымдын бул жылма айтылган суранычы кулактын сыртынан кетип, “реформа” деген сыйкырдуу сөз гана илинди. – ...Мен азыр каалаганымдын баарын жасай алам!.. Баарына көрсөтөмүн... Эненди!.. Коммунисттер демократия дегенди такыр түшүнүшпөйт! Сен дагы коммуниссиң да? Туурабы?..
– Ооба, досум. Коммунисмин... Сен өзүң коммунис эмессиңби?!
– Жок, мен азыр демократмын!!..
– Демократ болгонуң менен, баары бир сен компартия мүчөсүсүң да?!
– Ооба... Жок! Мен деген – чыныгы демократмын...
Экөө бирин-бири түшүнө албай калгандай абалга жеткен кезде, алардын алдындагы тамактарды жаңылаганы, дачадагы үй кызматкеринин жаш кызы кирип калды. Көздөрү алачакмактап, жакшы көрбөй баштаган Бегмат Осмонович кызды шап билектен алды:
– Айгүл, сен кайда жүрөсүң?!..
– Мен Айгүл эмесмин агай, коё бериңиз колумду?.. – окуучу кыз ыйламсырай жалдырады.
– Айгүл!! Бүгүн сен экөөбүз чогуу жатабыз... – Бегмат Осмонович кызды мойнунан кучактап, ыйламсырата, колтугуна кысты. – А сен болсо... Сен кимсиң?!..
Ал Касым досун биринчи жолу көрүп жаткандай карады.
– Бегмат! Коё бер кызды! Бул сенин сулууң Айгүл эмес! Аныңды мен тааныйм го?.. Коё бер! – Касым чок баскандай чочуп, ордунан тура калып, Бегматтын кыздын моюнун орой, артылган оор, семиз колун бошотуп, артка тарта баштады. Кыз бошонор замат, “лып” эте секире качып, семиз, тойгон мышыктын чеңгээлинен кутулган чычкандай, шырп алдырбай, тыз чуркап чыгып кетти.
Касым кыйла соолуга түшкөнсүдү. Досунун мас болгондогу мындай зөөкүр чалыш жоругунан ал кадимкидей сестенди. Балээ басып, бул жерден “жашы жете элек кызды зордуктоо” же дагы бир чырдуу ишке илешип калбайын деп чочулап, өзүн билбей калган мас досу менен коштошпостон сыртка атып чыкты. Өчкөн оту түтөп, алсыз чыккан түтүнү быкшып жаткан очоктун жанында турган УАЗ машинасына жетип, сигналын бипилдете басып, өзүнүн шофёрун чакырды.
Бул кезде мастыгынан такыр эс-учун жоготуп койгон Бегмат Осмонович диванда кыңкая, чыканактай олтурган бойдон корулдап, коңурук тарта баштаган болчу. Ал машинанын сигналын угуп, көзүн ачымыш болгону менен, бул үн кайдан чыгып жатканын, өзүнүн кайда жатканын да жакшы эстей албай, дароо кайра көздөрү жумулуп, эми мурункусунан да катуу, бөлмөдөн алыска, сыртка дагы угуза, коңурук тарта баштады...
Ал түнү бир оокумда гана ойгонуп, абдан катуу чаңкап турганын сезди. Ордунан араң туруп, жарыгы күйүп турган коридорго чыгып, суу издеп жөнөдү. Жарыгы жагылбаган бөлмөсүндө минералдык суунун бөтөлкөлөрү тизилип турганы оюна да келген жок. Анан кайра эле Айгүл эсине түшүп, ал өзүн алдап, дайынсыз качып кеткендей шекшиди. “Энеңди урайын жалап!.. Эртең сага көрсөтөм...” – күбүрөнө сүйлөндү. Өзүнүн азыркы абалына секретаршасы күнөөлүүдөн бетер нааразыланды.
Түн капортолоп калса да, Айгүл өз бөлмөсүндө уктай албай жаткан. Шефинин сөгүнгөнүн угуп, ал өз бөлмөсүнө кирип кеткен соң, эшигин ачып башбагып, коридорго абайлай башбакты. Эч ким жоктугуна көзү жеткен соң, уурулук кылып жаткансып, акырын басып, шырп алдырбай анын бөлмөсүнө кирди. Жарыкты жандырбай туруп чечинди да, шефинин койну кирди...
– Айгүл? Сен кайда жүрдүң?.. Эми келдиңби?! – масы али таркай элек шефи аны кучактап, чачтарынан жыттап, алсыз өпкүлөдү.
Өзү кечээтен бери дегдеп күткөн учур акыры келсе да, Бегмат Осмонович эмнегедир дароо эле делебеси козголуп кетпеди. Мунусун кызга билдиргиси келбей, уктамыш болуп калды. Коридордогу бакта коюлган муздак суудан көп ичип алгандыктан, көңүлү айланып, кускусу келип баштады. Кыздын көзүнчө жаткан төшөккө кусуп, маскара болбоюн деп, теңселе басып, бөлмөдөн сыртка араң басып чыкты.
Узун кордордун аягындагы дааратканага жеткенче чыдай алган жок. Өз эркинен тышкары, күтүүсүздөн оозунан атып чыккан кусундуну башкара албады. Кечинде жеген тамактарынын баары: бүкүлү, чала чайнап жуткан эттин кесимдери, бүтүн бойдон чайналбай жутулган күрүчтөр, жашылча-жемиштердин бүртүктөрү оозунан атырылыпп, чакалап төгүлгөнсүдү. Ичи өткөн уй басып бара жатып, жолго шатырата чычкансып, коридор узатасынан булганып, жатып калды...
Кайра бөлмөгө киргенде, анын шайы ооп, өзүн абдан алсыз сезип калган эле. Жанында энеден туума жылаңач жаткан Айгүл дагы анткорлоно уктамыш болду. Бул ирет анын кызга көңүл бурууга чамасы да жетпеди. “Мага эмне болду!?.. Же кыркка жетпей жатып эле импотент болуп калдымбы?..” – башына күтүүсүз келген күдүк ойдон улам жүрөгү “шуу” этип, опколжуп алды. Кечээтен берки ичтен тымызын мүлжүгөндөй, жанына тынчтык бербеген кооптонуу сыяктанган, түшүнүксүз сезим кайра ойгонгондой болду...
Жок, ал дагы бир аз уктап, эс алып, өзүнө келген соң, баары жайында болот!.. Мейли, ага чейин Айгүл тынч уктай берсин... Ушундай өз намысын өзү тебелеген, маскарачыл ойлор менен алпурушуп жатып, ал уктай алган да жок. Жайкы таң эрте атып, айланага жарык кире баштаганы терезеден байкала баштаган кезде, эми мындан ары жакшы эс ала албасына көзү жетти.
Бүгүн дүйшөмбү экенин, иш күнү адаттагыдан эртерээк башталарын эстеди. Үйүнө барып үстү-башын түздөп, жуунуп-таранып, ысык чай ичип, өзүнө келүүнү эңседи. “Тур, кеттик!” – деп корс эте, жылаңач кызды жонунан оройлоно түрттү. Тим эле өзү түндө төшөктө жарабай калганына дал ушул жаш жылаңач, сулуу кыз күнөөлүүдөн бетер! Бул кезде сыртынан билдирбегени менен да, ичинен аны зарыга, түйшөлө, көпкө чейин күтүп жатып, акыры таң атарга жакын гана көзү илингендиктен, Айгүл эми эле араң кызуу уйкуга кирген болчу.
* * *
...Айгүл экөө ”Волгадан” орун алышып, шаарга карай кеткен жолго чыгышары менен эле Бегмат Осмоновичти түпөйүл кооптондурган сезим ого бетер күч алды. “Мага эмне болду?.. Эмнеге эле жаным жай албай жатат?!” – деп ал ичинен эч кимге шек билдирбей, аргасыз кыжалаттанды. Көптөн бери күтүп келген эс алуусу ойдогудай жакшы болбой калгандыктанбы? Же башка себеби дагы барбы?..
Албетте, алар бир аз ашыкча ичип мас болушканы менен деле, эч ашыкча бейчеки нерсе болгон жок. Баары жакшы эле болгонсуду, айрым бир майда нерселерди эске албаганда... Өзү бул жолку эс алуудан бир аз ооруп кайтканын жана дагы... Ал жанында көңүлү суз бара жаткан Айгүлгө жалт бурула карай салып, өзүн оңтойсуз сезип, дароо тескери бурулду.
Эч маанисиз, чаташкан, тантыраган ойлор тынчтык бербей, баятан берки түпөйүл кооптонуу сезими менен аралашып, жандүйнөсүнө бүлүк салгандай болду. Күтүүсүздөн эле кечээ кайын атасын өзү катуу сөккөнү эсине түштү. Жок, бул корко турган деле нерсе эмес! Тескерисинче, мастыкка салып, ыңгайлуу учурду пайдаланып, кыйладан бери өзүнүн жинине тийип жүргөн адамга карата болгон терс энергиясын сыртка чыгарып алды да?! Анда неге тынчсызданып жатат?..
Жок, ал байкуш арызданып деле эч жакка бара албайт. Азыр кимдир бирөөнүн үстүнөн арызданган күндө дагы, мурдагыдай коммунисттик партбилеттен айрылып калам деп корко турган заман эмес! Азыр – демократия! Ар бир адам каалаганын сүйлөп, ачык айтып, эркин жашоого укуктуу! Шайланганына эки ай болбой жатып, жаңы чоң жаш секретаршасы менен мамлекеттик дачада чардап, мас болду деген ушак кептерди таркатышабы?.. Кимдир бирөөлөр анын үстүнөн аморалдык жактан айып тагууга аракет кылып, интригаларды уюштурган күндө деле, мындан эч нерсе чыкпайт. Кайра өздөрү мындай кылдан кыйкым издеген жоруктары үчүн азап тартып калыштары мүмкүн! Алар кимдер экенин билсе, андай душмандарынын баарын бирден кармап, кезеги менен жок кылат. Кызматтан кууп эле тим болбой, бул райондо тынч жашатпайт!!..
Же кайын атасы өзүнүн кызына – анын аялына айтып, үй-бүлөлүк чыр чыгарып, эл арасында шерменде кылууга аракет кылабы?.. Жок, ал өз аялынан эч коркпойт!.. Керек болсо аны айдап жиберип, башка жаш кызга үйлөнүп алса да, азыр бул үчүн эч нерсе кыла алышпайт! Аялын сүйбөй туруп эле үйлөнгөнү үчүн ал өзү күнөөлүү эмес да?! Балким, эми деле сүйүү сезими менен кайрадан үй-бүлө курууга али да кеч эместир?..
Азыр ал күтүүсүздөн кайын атасынын чоң кызматта жүргөн кезиндеги жоруктары жөнүндө уккандарын эстеди. Ооба, азыркы былыктардын баары дал ошол коммунисттердин учурунда эле, өздөрү башташкан! Азыр эле алардын көмүскө жоруктарын эч ким билбегенсип, моралдык жактан кристаллдай таза, кол жеткис бийиктей болуп көрүнүшпөсүн!..
Бир жолу Фрунзеге[4] партактивге барып, “Кыргызстан” мейманканасында коңшулаш райондо көп жылдардан бери райкомдун биринчи секретары болуп иштеген эски жетекчи менен бир номерде жашаган. Ал жаңычылдыкты жактырбай, демократия демин кабыл албай жаткан жетекчи катары, Кайра Куруу доорунун капшабында катуу сынга кабылган эле. Өз доору бүтүп, жакында кызматтан кетерин билгендиктен, карт бөрү мурдагысындай сүйлөр-сүйлөмөксөн болуп чыкчырылбай, жүз граммдашып олтурганда эски тааныштардай чечилип сүйлөп, өткөн мезгилдеги өзүнүн жетекчи убагындагы сонун убактарды эскерип, көңүлү куунак олтурган.
Бегмат кайсыл райондон келгенин угар замат эле, ал райондо мурда жетекчи кызматтарда жүргөн, өзүнө куракташ Калык Кайыповичти жакшы тааный турганын айткан. Анын кайын атасы экенин кайдан билсин?! Кыскасы, Калык Кайыпович үчүнчү секретарь кезинде жайкы талаа жумуштары кызыган учурда бир колхозго уполномоченный болуп калат.
Күн сайын ээн талаада иштегендерге көз салып, чоң, дүпүйгөн талдын түбүндө чай-пайын ичип, эс алчу болот. Бир күнү шофёруна секретаршасы экөөнү ошол жерге таштап, кечинде келип алып кет деп буйруйт. Кечке маал шофёру кайра барса, кайран Калык тигинисинен да, мунусунан да “согуп алып”, талдын көлөкөсүндө коңурукту кош тартып уктап жатат дейт!.. Анын шофёру да мындай сейрек учурду колдон чыгарбаган кыргый белем: экөөңдүн кечке эмне “иш” кылып жүргөнүңөрдү элге айтып, шерменде кыламын деп коркутуп, секелек кыздан бетер эриккенден арыктагы сууну шапшып, ойноп олтурган секретаршасын “жайлайт”! А бирок жигитчилдик сөзүнө турбай, бул окуя эл арасына жайылып кетет. Калык Кайыпович жөнүңдө чоңдордун арасында “шофёрум экөөбүздүн ортобузда бир катыныбыз бар” деген тамаша кеп таркайт...
Азыр ысымын эстей албаган ошол абышка олуттуу бир эскертүү бергенин күтүүсүздөн эстеп, чочуп алды. Ал райондук жетекчилердин ар кандай жоруктары жөнүндө айтып жатып, “Сен жаңы өсүп келе жаткан жаш жигит экенсиң. Дагы чоңоём десең, өз шофёруңду жакшылап танда! Ал жакшы жигит болгон күндө дагы, шофёруңдан сак бол. Сени саткан дагы, артыңан суу куйган дагы – дал ошол жаныңда жүргөндөр болот!..” – деген эле.
Андан соң кайсыл бир чоңдун көпкөн катыны анын өзүнүн шофёру ойнош болуп жүргөнүн, ал өзү жаш кыздарга барганына ыраазы болуп жүрө берип, муну кийин өтө кеч болуп калганда гана билгенин баяндаган. Анан дагы эң кызыгы, аларга коңшулаш райондун биринчи секретары экинчи секретарынын абдан сулуу катынына азгырылып, аны менен ойнош болуп алат. Муну байкап калган куу “экинчиси” эч нерсени билмексен болуп, оңтойлуу учурду гана күтүп жүрөт. Үйүндөгү телефонду жумушундагы телефон менен параллелдүү кылып, коштуруп коюп, алардын жашыруун ойноштуктун кумарына толгон жалындуу сөздөрүн тымызын тыңшаганга өтөт. Акыры бир күнү өзү алдын ала даярдап койгон жигиттери менен барып, биринчи секретарды төшөктөгү “кылмыш” учурунда колго түшүрүп, катуу сабашат.
Ошентип, аялынын денесинин акысын алган соң, күбөлөр аркылуу моралдык жактан бузулган “биринчинин” күнөөсүн өз мойнуна коёт. Кийин аны кызматтан түшүрүп, өзү анын ордуна биринчи секретарь болуп дайындалат. Катыны менен бул окуядан кийин ажырашып, өзү мурда эч кимге билдирбей жүргөн жаш ойношуна үйлөнөт. Кыскасы, бардык жагынан толук жеңишке жетишет! Карт бөрүнүн: “Өзүңө сак болбосоң, эртедир-кечтир, сөзсүз бир балээге кабыласың!” – деген эскертүүсү кулагына кайра жаңыргансыды...
Бегмат Осмонович рульду эки колдоп кучактай кармап, түз жолдон көзүн албай, тирмийе тиктеп бара жаткан шофёру Дүйшөктүн күржүйгөн мойнуна жек көрө, шексине карап койду: “А бул менин катыным менен ойноп, көзүмө чөп салышып жүргөн жокпу?!” Мындай күмөн ой башына биричи жолу келсе да, мурда “машинасы кир, таза жууп да албайт” деп мурдун чүйрүп, жактырбаган аялы, эмнегедир, соңку кездерде муну менен базарга каттап же башка жумуштарына көп сурачу болгонуна шектенди. Буларга сак болуп, аңдып көрүш керек!.. А бирок кармап алган күндө деле, эмне кыла алат?! Көп болсо муну жумуштан кууп жиберет, а шофёрлук ич күйө турган деле кызмат эмес. Бул жерден кетсе, башка бир жерге барып алып, шофёрлугун кыла берет!.. Айласы куругандай, оор үшкүрүнүп алды. Буга жооп кылгандай жанында үнсүз келе жаткан Айгүл дагы бир башкача, чарчагандай улутунду.
Бегмат Осмонович кыздын улутунуусун башкача кабыл алды: мен бул күржүйгөн, бука моюн жаш жигиттин жанында бул үчүн карыган адамдай көрүнүп жатамынбы? Же мени эркек катары биротоло шал болуп калды деп ойлоп, мындан ары ушул сыяктуу жаш жигитти тапкысы келип жатабы?! Деги бул экөө мага билгизбей, жашыруун ойноп жүрүшкөн жокпу?.. А-а, мурдагы күнү түнү Айгүл кайда жүрдү?! Бул экөө чогуу жатышкан жок беле?!..
“Волга” шоссе жолдо зымыраган сайын, Бегмат Осмоновичтин арам ойлору да улам ар кайсыл багытка карай алып учуп, ой учугун бир жерге токтото албай баратты. “Э-э, кайда калбаган бир секретарша?.. Тапкан экенсиң кайгыра турган нерсени... – ал өкүнгөндөй күрсүнүп алды. – Керек болсо мындайлардын дагы далайын кол жоолуктай алмаштырамын!..”
Эсине алыскы тоолуу чарбада директор болуп иштеп турган кездеги өзүнүн биринчи секретаршасы түштү. Анын аты да Айгүл болчу. Андан бери көп жылдар өтсө дагы, аны унута албай, кез-кезде эстеп калчу. Эми ойлоп көрсө, ал өз өмүрүндөгү чыныгы сүйүүнү ошондо бир эле жолу башынан кечирген экен. Айгүлдү көргүсү келип, жумуштары менен кайда барса деле, кайра конторуна жетүүгө ашыгып турчу. Ага ар кандай кымбат белек-бечкектерди берип жүрүп, ал акыры өзүнүн көздөгөнүнө да жеткен!.. Өзү анын өмүрүндөгү биринчи эркек болгондуктанбы же анын чындап сүйгөнүнө ишенген беле? Айтор, жашы бир топ улуу экендигине жана үй-бүлөлүү, эки балалуу экендигине карабастан, жаш кыз өзү дагы тез эле ага ыктап, сүйүү сезими менен жооп берип калган. Өмүрүндө биринчи жолу сүйүү сезимин баштан кечирип, ушинтип жыргап жүргөн кезинде кыз бир күнү өзүнүн боюна бүтүп, үч айлык болуп калганын сүйүнчүлөгөн!
Бегмат Осмонович сүйүнмөк тургай, чочугандан эси чыга, коркуп кеткен. Дароо эле кантип бул кыздан кутулуунун айласын издеген. Эл уга электе эптеп оозун жаап, Айгүлдү башка жакка кызматка которуп жиберүүнү чечкен. Чакан айылдын эли бул экөөнүн тымызын сүйүүсүн эбактан бери эле уу-дуу кеп кылып жүрүшкөнүн кайдан билсин?!
Бегмат “баланы боюңдан алдыр, шаарга жолдомо менен жиберип, окууга киргизейин. Бейкүнөө жаштыгыңды кор кылба? Кыздыгыңды кайра калыбына келтирип берейин. Кийин өзүң каалаган жигитке күйөөгө тийип аласың!” – деп алдаса, Айгүл көнгөн эмес. Ошол кезде коңшулаш республикалардын биринде ушундай операцияларды жабык-жашыруун жасашат экен деп кулагы чалып жүрчү. Бир күнү кыз өзүн жумуштан бошотуу жөнүндө арызын жазып, эч нерсе айтпай кете берген... Жок, ал жөн эле дайынсыз болуп кеткен эмес, – Бегмат Осмоновичтин жүрөгүнө өмүр бою өчпөй турган так салып кеткен!.. Азыр деле кээде, кез-кезде жалгыз болуп калган чакта, Бегмат Осмонович ал назик, аруу сезимдүү, таза жаш кызды эстеп: кайда жүрөт болду экен? Кийинки тагдыры кандайча уланды? Азыр ал кандай аял болду экен? Деги, кокусунан жолугуп калышса, ал кызды тааный алар бекен?! – деп кусалана ойлонуп калчу.
* * *
Узак жолдо терең ойго чөгүп кеткен Бегмат Осмонович селт эте, эч күтүүсүздөн эсине келди. Ал кызматтык машинасында баратканда дайыма радиоприемниктин үнүн акырын чыгарып коюп, “Маяк” радиостанциясынын саат сайын берилчү жаңылыктарын укканды көнүмүш адатка айлантып алган. Айдоочусу Дүйшөккө “кулакты дүңгүрөткөн, ызы-чуу музыкаңды койгонуңду токтот, мен жокто уга бергин!” – деп катуу эскерткен. Азыр дагы ал кулагынын сырты менен акырын сүйлөгөн радиону угуп бара жатып, диктор өтө олуттуу үн менен акыркы жаңылыктарды окуй баштаган кезде, өзү үчүн да күтүүсүздөн чочуп кетип, абайлап кулагын түрө калды. “...Создан Государственный Комитет по Чрезвычайному Положению...” Диктор “президент Михаил Сергеевич Горбачев[5] ден-соолугуна байланыштуу кызматтан убактылуу четтетилди деп билдирип, комитет мүчөлөрүнүн узун тизмесин шашпай, баса белгилей окуй баштаганда Бегмат Осмоновичтин бүткүл дене бою тим эле дүркүрөп кеткендей болду. “Бийлик алмашты!.. Демек, бизде дагы чоң өзгөрүүлөр болот!!” – деген ой анын мээсин көзөп кеткенсиди. Кулактары дүңгүрөп, жүрөгү демди кыстыктыргандай, катуулап сого баштады. Машина шаарга жетери менен эле ал: “Жумушка айда!” – деп айдоочусуна кыска гана буйрук берди.
Дүйшөк кол саатына таң кала карап, “саат эми араң жети болду го! Жумушка азырынча эрте эмеспи?!” – дегендей ишарат кылганы менен да, шефине кайчы эч сөз айткан жок. Бегмат Осмонович айдоочусу менен Айгүлдү алдыртан, көзүнүн кыйыгы менен карап, алар эч нерседен бейкапар бойдон, баягы эле көнүмүш маанайларынан жазбай келе жатышканын байкады.
Бул кезде Бегмат Осмоновичти кечээтен берки түпөйүл кооптондурган, түшүнүксүз, купуя сезим биротоло күчөп, көңүлүндө дүрбөлөң салгандай абалга жеткен эле. Ансыз да ага тынчтык бербей, жанын жай алдырбай, улам ар кайсыл жакка алып учуп жаткан ойлору эми ого бетер удургуп, башаламан каптаган күдүктөнүүлөргө кабылды. Эмне кылыш керек?! Эч кечиктирбей, эң туура кадам жасаш үчүн, ал азыр эмне кылышы керек?.. Эң башкысы, ал өзү кийин өкүнбөгөндөй болушу керек... Райондук кеңештин үч кабат имаратынын алдындагы аянт сырдуу жымжырттыкка бөлөнүп, ээн жатканын көрдү. Айланада бир дагы караан көрүнбөйт. Бегмат Осмонович көңүлүнүн түпкүрүндө кол алдындагылардын баарын тез арада чогултуп, жогору жактагылар эмне деп көрсөтмө беришсе да, баарын так аткарууга камданып калды.
Өзү көптөн бери көксөп жүрүп, жакында эле жеткен кабинетине кирери менен эле катар тизилген телефондорго жармашты. Бирок байланыш линиялары иштеп жатканы менен да, ал эч кимге телефон чала алган жок. Дал маңдайына илинген чоң саатка карады. Сааттын жебелери анын дал эки чыкыйында кагып жаткансып, башы дагы лукулдап, чыдатпай ооруп чыкты. Ал өзүн такыр жоготуп коюп, эми эмне кылышын да билбей, дендароо болгондой абалда олтуруп калганда, эшик акырын кагылып, Айгүл кирди. Колундагы гүлдүү подносто фарфор чайнек жана кичинекей чыны. Аларды эс алуу бөлмөсүнө коюп, “Сизге дагы бир нерсе керекпи?!” – дегендей ишарат менен, шефин күтүп, ага суроолуу карап туруп калды. “Аппарат кызматкерлеринин баары тез арада чогулушсун! Баарын шашылыш чакырт!”- деп, шефи ысык чайы муздап баратканына да көңүл бурган жок. Айгүл өзүнүн иш ордуна – кабыл алуу бөлмөсүнө чыгып кеткенден кийин Бегмат Осмонович үнсүз мелтиреген түстүү, жаңы жалтыраган телефондорду улам бирин кармалап, ар кайсыл номерлерге чала баштады. Эч жооп болбогон соң столунун тартмаларын ачып, аңтарып, бир нерсени издегендей, бирок өзү эмнени издегенин да билбей, эмне кылышты билбей калган адамдай, кайсалап олтуруп калды...
Бир топ убакыт өткөндөн кийин ал башын көтөрүп, маңдайындагы саатты карады. Сааттын жебеси тогуздан эбак өтүптүр!.. Ал столдун капталына коюлган коңгуроонун кнопкасын басып, Айгүлдү чакырды. “Жарым сааттан ашып, бир саатка жакындады? Кызматкерлер залга чогулуштубу?!” – деп сурады. Айгүл үнсүз баш чайкады: “Азыр... Актовый залды карап келейин!” – деп адатынча көкүрөгүнө жабыла төгүлгөн коюу чачтарын башы менен артка силкип коюп, чуркап чыгып кетти.
Дагы бир аздан кийин ал энтиге чуркап, кайра жетип келди:
– Жыйындар залында чогулуш болуп жатыптыр! Сизди “бул жакка тез келсин” деп чакыртышты...
Мына кызык!?.. Райондун жетекчиси билбеген бул кандай жыйын? Аны кимдер өткөрүп жатышат?.. Областтан жетекчилер келиштиби?.. Же жогору жактан бирөө келип калдыбы?!.. Же жергиликтүү демократтар Москвадагы окуяларга байланыштуу жыйын өткөрүп жатышабы? Азыр элдин баары эле иштебей, митинг-чогулуштарды өткөргөнгө маш болуп калышпадыбы!.. А демократтар чогулушкан болсо, эмне үчүн аны өз жыйындарына чакырышкан жок?.. Анын үстүнө ал өзү бул райондогу демократтардын лидери болсо!..
Бегмат Осмонович заматта ушундай уйгу-туйгу ойлордун кучагында калып, шаша басып жыйындар залына кирип барды. Бирок жүткүнүп кирген менен, дал босогодон эле башка чапкандай тык токтоду. Президиумда мындан эки күн мурда эле дал ушул залда бозоруп, башын көтөрө албай олтурган райондук коммунисттик партиянын биринчи секретары эки жан-жөкөрү менен, койкоюп олтурушканын көрдү. Трибунада “Биздин Таштанбек Акматов” сүйлөп жатыптыр:
– ... Демократия десе эле, булар өтө ашынып кетишти! Тартип деген болушу керек го?.. Үй-бүлөнү дагы бирөө башкарбаса, ар кимиси өз билгенин жасай берсе, ынтымактуу үй-бүлө деле талкаланып, бузулат да?.. Биздеги тартипсиздик, башаламандык ошого алып бара жатат...
Залдагы көптөгөн көздөр ага туш-туштан демейдегиден башкача, ашкере кызыккандай түр менен кадалып калышканын туйду. Президиумда олтурган райком партиянын биринчи секретары аны дароо аңдаган жок. Баары ага карай бурулушканын байкаганда гана көрдү. Көрөр замат: “Менин кабинетимди бир сааттын ичинде бошотуңуз!..” – деп кыйкырды ал, трибунада сүйлөп жаткан “Биздин Таштанбек Акматовдун” сөзүн бөлө...
Бегмат Осмонович босогодо катып турган бойдон, бир-эки көз ирмемден соң гана өзүнө келди. “Атаңдын башы... Кабинет сенин жеке менчигиң беле?!” – ичинен компартиянын райондук комитетинин биринчи секретарын ашата сөктү. Шарт артка кайра бурулуп, айланасынан эч кимди көрбөй, баягысындай эле шаша баса кайтып келди. Шефинин өң-алеттен кеткен кебетесин көрүп, Айгүл чочуп кеткенин да байкабай, кабинетине кирди.
Баягы эле жанында катар тизилген түстүү телефондорго кайра асылды. Бул ирет шаарлар аралык сүйлөшүүлөр үчүн, анан дагы атайын чоң кызматтагы жетекчилер менен гана сүйлөшүүгө коюлган телефондорго көп убакыт коротту. Бирок бул ирет да ал эч ким менен байланыша алган жок. Жогору жактагы демократиячыл жетекчилердин баары ушундай кыйын учурда аны колдоп коюшмак турсун, эч дайынсыз житип кетишкенине кыжырданды!..
Азыр ал баарын жек көрүп турган. Өзгөчө “Биздин Таштанбек Акматовду”! Азыр эле анын демократтарды боктоп жаткан сөздөрүн уккан соң, дене-бою калчылдап чыкканын сезди. “Шашпа, сениби!..” – ичинен ызырына сөгүп, өзү дайыма “биздин алдыңкы чабаныбыз” деп жыйындарда мактап жүргөн кишини кантип аёосуз, катуу жазалоо жөнүндө ойлой баштады. Деги мунун койлорун өзү жокто тоодо кимдер багышат болду экен?! Эки күндүн биринде эле райондун борборунда же областтын борборунда жүргөнүн көрөсүң... Ал тургай кээде борбордо өткөн чоң жыйындардан да калбайт... Көкүрөгүнө толгон темир-тезектерин шагырата тагынып алып, “баланча медалдын, түкүнчө ордендин ээси” делип, журналисттерге интервьюларды берип калганын чоң жумуштай көрөт окшойт?!
“Шашпа... Мындан кийин сени тоодон шаарга бир жылда бир жолу гана түшө турган кылбасамбы!” Анан эмнегедир, эч күтүүсүздөн эле баягы ак жүрөк жаш чабан эсине түштү. Анын “Биздин Таштанбек Акматовго” байланышкан былык иштерге өчөшүп, коюн өткөрүп берип, кетип калганын ойлоду. “Сен дагы шашпагын, жигит! Сенин өчүңдү душманыңдан мен алып беремин!” – деди ал, ошол жигит менен сүйлөшүп жаткансып...
Кайра эле компартиянын райкомунун биринчи секретары залда жыйында катышып олтурушкан жалпы элдин көзүнчө “кабинетти бир саатта бошотуңуз!” – деп өзүнө буйрук бере сүйлөгөнүн эстеп, кыжыры ого бетер кайнап чыкты. Бул коммунисттерди чала өлтүрүлгөн жыландай болуп калышты деп ойлоп, бекеринен аяп коюптурбуз! Мурда эле буларды биротоло аёосуз жанчып, экинчи эч качан баш көтөргүс кылсак болмок!..
Эмнегедир кайын атасы илгерки убактарды эскерип олтуруп, айткан сөздөрү эч күтүүсүздөн эсине келди. Бир кезде район жетекчилери кызмат убагында жандарына тапанчаларды салып жүрүшчү экен! Эх, азыр анын жанында ошондой бир тапанча болсочу?! Эгерде райком компартиянын биринчи секретары анын кабинетине кирип келсе, аны эч ойлонбой туруп, так чекеге атып салмак! Анан экинчи ок менен ал өзүн өзү как жүрөкө атмак!.. Балким, ушинтип жашагандан көрөкчө, жашабай эле койгон артыктыр?!
Чоң, ээн кабинетте жалгыз олтуруп, ал өзүнүн жалгызсырап турганын алгачкы жолу ачык сезди. Эмне кылышты такыр билбей же өзүн коёрго жер таппай калгандай, айласы куруп олтурду. Бирок жандүйнөсүнө бүлүк салган ар кандай жагымсыз ойлордон эч кайда качып кетүүгө мүмкүн эмес болчу. Муну ал жакшы түшүнүп турган...
Баарынан да ага оор тийгени – мурдагы күнү эле аны бура бастырышпай, эшигине сагалашып, кабыл алууга кире албай жүргөн адамдардын эч дайынсыз жоголушканы болду. Эртеден бери босогодогу бөлмөдө жалгыз гана Айгүл олтурат. Анын өз шефине берилгендигине, башкаларчылап сатпай турганына ичи жылыгансыды.
Албетте, тигил майда таракандардай болуп, бут алдында жөрмөлөшүп, эпилдеп-жепилдеп жүрүшкөн шылуун жаш жигиттерге эч айла жок дечи. Алар эптеп эле кызматтан өсүш үчүн, керек болсо өз атасын сатуудан дагы артка кайтпаган бир байкуш пенделер эмеспи?!.. Аларга таарынып же алардан колдоо күтүүнүн өзү эч жарабаган иш! Ал эми өздөрүн нукура демократтар деп эсептеп, жыйындарда сөз талаша, кыйкырып сүйлөшкөндөр кайда житип, дайынсыз жоголуп кетишти?.. Демейде күндө Бегмат Осмоновичтин жанынан чыгышпай, анын кабинетин айланчыктап жүргөн жакын жан-жөкөрлөрү дагы кабарлашкан жок! Жада калса кечэээ эле чогуу арак ичишип, сайрандаган жакын Касым досу дагы телефон чалып, анын акыбалын сурап коюуга жарабаганы кандай?!..
Көкүрөгүн чытырата тиреп чыгып, өз дене-боюңа батпай жаткандай албуут сезимдер менен алпурушуу оңой эмес болчу. Бегмат Осмонович бая ооруп баштаган башы эми улам убакыт өткөн сайын катуулап лукулдаганын байкады. Бирок ал азыр ооруп жатып калууга же ооруну шылтоолоп үйүнө кетип калууга акысы жок болчу. Бул коркуп качып кетүү менен барабар болгону аз келгенсип, кечээ жакында эле ал өзү кызматтан шыпырып түшкөн коммунисттер райондо бийликке келип калышса, аны аяп коюшмак беле?! Коммунисттер бийликке келип калышса, керек болсо жергиликтүү элди митингдерге алып чыгып, дүрбөтүп, башаламандык салгандардын анабашы ушул дешип, аны биротоло соттотуп жибериштен дагы кайра кайтышпас! Дал ушул маалда ал башына күтүүсүздөн кылт эте калган ойдон улам кубанып кетти: райондук милиция начальниги дагы өзүнүн демократ кадрларынан эмеспи?! Ал райондогу эң маанилүү деп эсептелген жетекчилерди гана өз кадрлары менен алмаштырып, башкаларын алмаштырганга али жетише да элек болчу...
Райондук милиция начальнигине телефон чалып, демейдеги көнүмүш калыбында сүйлөгөнгө аракеттенди. Ашкере толкунданып же адаттан тыш кабатырланып олтурганын билдирбөөгө тырышты. Бир бөлүмдүн милициялары райондук кеңештин имаратын кайтарып, анын ичинде эки милиционер кезметтешип, өзүнүн кабыл алуу бөлмөсүндө турушсун деп буйрук берди. Анын телефон чалышын райондук милиция начальниги зарыга күтүп олтурган окшойт. Сыягы, өзү ага телефон чалып, бир нерсе сурагандан тартынса керек. Анын үнүн угары менен сүйүнүп кетип: “Аткарабыз. Жакшы болот, Бегмат Осмонович! Дагы эмне кылалык?..” – деп шашкалактады. “Анан көрөбүз!” – деп ачык жообун айтпай сөздү үзүп, Бегмат Осмонович трубканы таштап салды.
Азыр ал өз жанын жана өз бийлигин арачалап, убактылуу болсо да сактап калуу баарынан маанилүү экенин жакшы билип турган. Тезе эле милиция кызматкерлери жетип келип, тиешелүү жайларды ээлешкен соң, ал бир азга болсо да көңүлү жайланып, бурчтагы баятан бери мелтиреп, үнсүз турган телевизорду койду да, маңдайындагы жумшак, чоң креслого чалкалай олтурду. Эбак муздап калган чайды пиалага куюп, демейде муздак чай ичкенди жактырбаса да, шорулдата ууртай баштады. Убакыт түшкө жакындап калса дагы, бүгүнкү түштөнүү жөнүндө ойлогон да жок. Баары бир азыр анын жүрөгүнө өтө даамдуу тамак да бармак эмес...
Бул күнү ага кабинетинин артындагы эс алуу бөлмөсүндө түнөшкө туура келди. Эртеси дагы ал сыртка чыккан жок. Кечээтен берки жанына тынчтык бербей, “эми качан келип, аны алып кетишет болду экен?” – деп мээсин көзөгөн суроо дагы бара-бара жоголуп бараткансыды. Ал тургай өзүнүн ушундай түпөйүл абалына, жогортон келүүчү көрсөтмө сыяктуу бир нерсени күткөндөй тартипке кадимкидей көнө түшкөнсүдү.
Бир оокумда эч күтүүсүздөн эле бирөө анын артынан байкатпай келип, дал желкеге катуу сокконсуп, көзүнөн от чагылыша түштү да, көздөрү караңгылап барып, эс-учун билбей, олтурган ордунан жыгылып, полго кулады... Эсине келип, жанында олтурган эки ак халатчан караанды үрүл-бүрүл көрдү. Кайра эле эс-учунан танды... Түпсүз караңгылыкка баткан туңгуюкка чөгүп баратканын гана сезди. Арадан канча мезгил өткөнү белгисиз...
Экинчи ирет эсине келгенде көзүн араң ачып, эки ак халатчан өзүнүн эс алуу бөлмөсүндөгү телевизордун үнүн акырын чыгарып, көрүп олтурушканын байкады. Телевизордон жаш, кылыктуу аялдай сүйлөгөн, өтө ичке үндүү бир киши сүйлөп жатыптыр. Бул үн өзүнө абдан тааныш сезилсе да, анын ким экендигин, эмне деп айтып жатканын аңдоого чамасы жетпеди. Көз ирмемге гана эс-учун жыя калган сыяктанды. “О-о, Кудай, мени алып кетериң чын болсо, шерменде кылбай, тезирээк алып кете көр?!” – деп ичинен өзү буга чейин эч качан эстебеген кудайга жалбарып алууга гана үлгүрдү. Кайра эле баягы түпсүз туңгуюктагы караңгылыкка чөмүлүп, чексиз мейкиндикти көздөй каалгып, учуп жөнөдү.
Бишкек ш.
1993-96-ж.ж.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.
[1]Маззэ – түштүк диалекти: жыргал, ырахат, лаззат деген мааниде.
[2] Борис Ельцин – Россия Федерациясынын биринчи президенти.
[3] Таштанбек Акматов – чабан, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры.
[4] Фрунзе – Бишкектин мурунку аталышы.
[5] Михаил Горбачев – СССРдин биринчи жана акыркы президенти.