Бир адам акылманга суроо бериптир:
– Мен бир нерсени түшүнбөйм, колунда жок кезде адамдар кайсы учурда барсаң да жардам берүүгө, колунда болгон акыркы буюму менен да бөлүшкөнгө даяр. Анан акчасы көбөйүп, байый баштаса эле, таптакыр өзгөрүлүп, кечээки эле бир сындырым нанды тең бөлүп жешкен жакын досун да карагысы келбей калышат. Мунун себеби эмнеде болду экен?
Акылман аны терезеге ээрчитип келди:
– Кана, карап көрчү, эмнени көрүп турасың?
– Бир бала көтөргөн аял кетип баратат. Эл толтура автобус өттү...
—Эми күзгүнү карачы, эмнени көрүп турасың?
– Эмне болмок эле, өзүмдү.
– Мына ошондой. Терезе да, күзгү да айнек. Айнектин бетине бир аз күмүш кошулганда өзүңдөн башка эч нерсе көрүнбөй калат, – дептир акылман.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ