Тофалар эл жомогу: Хун-кызы

  • 18.03.2024
  • 4449

Биздин кичкентай чычканыбыз бар, Хун-кызы[1] дейбиз аны. Көлдө жашайт. Укмуштай чабак урат, укмуштай чумкуйт сууга.

Бир мерте Күн-кызыбыз аюуга кездешип калыптыр. Аюу ага текеберсинип, менменсинип төбөдөн караптыр. Анан минтет дейт:

– Эк, ушу сенин түрүңдү, кибиреген! Ушу түрүң менен сен да тирүү жансыңбы? Колуңдан эмне балээ келет?..

Кибиреген чычкандын корко турган да, сүрдөй турган да түрү жок экен. Минтип айтыптыр:

– Колумдан баары келет. Күч сынашалыбы – моногу көлдү кимибиз тез сүзүп өтөр экенбиз.

Аюу албетте, баш тартмак беле: ага күлкүлүү туюлуптур мындай сунуш.

– Мелдешели! – дейт кебелбей.

Экөө сууга секирет. Жарыш башталат. Кичкентай чычкан чабак уруп, чабак уруп, тез эле аркы жээкке жетип барат. А аюунун салмагы таштай оор да, канчалык чамынса болбой артта калат. Аз жерден чумкуп өлө сактап, артка кайтат. Жини кашаят. Арданат. Көлдү айланып, тиги жээкке барат чычкандын жанына. «Бу не деген шумдук? – дейт ичинен, – кибиреген чычкан го жээкке сүзүп чыкты, а көлтөйгөн менчи?»

Чычкан болсо күлүп отурат: ушул эле жетпей аткансып. Аюунун огош бетер жаны кашайып, бурк этет:

– Сени көрөйүн деген көзүм жок, – дейт да, уялганынан, жинденгенинен токойго кирип кетет.

Тофалар ошон үчүн айтат: жан-жаныбарлар ичинен чычкандан өткөн желмогуз жок деп. Анан да текеберсинип, менменсинүү жеткен акылсыз дешет.

Которгон О`ШАКИР


[1] Хун-кызы – Күн-кызы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз