Абхаз эл жомогу: «Ашкабактагы коёнек» тамагы

  • 03.05.2024
  • 3742

Колуктумдун «Ашкабактагы коён» деген жакшы тамагы бар. Аны ал жакында эле ойлоп тапты, тагырак айтканда, кокусунан жасап алды. Бул мындайча болду:

“Катын алсаң отун ал” дегендей, үйлөнөрүм менен оокат кылууга киришип, дароо эле курсактын камын көрүп, жүгөрү айдадым. Алар куркуюп өскөндөн кийин бошогон жерге ашкабак тигип, бир жерден эки түшүм алуу ою башыма келип жатпайбы. Анын үстүнө колуктум да ашкабак тамакты жакшы көрөт. Ошентип ойлодум, чечтим, ишке ашырдым!

Казанбактай чоң ашкабак өсүп чыкты. Бирок аным андан ары чоңойбоду, анткени ортосун эшек оюп жеп кетти. Дагы бирдеме болуп кете элегинде деп чатырга чыгарып койдум. Башыма ушул ой келбегенин карабайсыңбы: алиги эшек ойгон ортосун бүтөп койбоптурмун. Бирок дал ушунусу оңдой берди болду…

Бир күнү аялым ашкабак бышырмай болду. Бышырганда да алиги ашкабакты казан менен бир кылып бүтүн бышырганы калды. «Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт» деп колуктумдун калдайган ашкабакты бир бышырып жок кыларын жактырбадым, бирок унчукпадым. Аялым ошентип ашкабакты мага алып бериш үчүн чатырга чыкты. Ал аңгыча кыйкырып калды: «Коён! Коён жүрөт биякта! Мылтыгыңды алып чык!»

Мен катылган ордунан мылтыгымды ала калып үйдүн үстүнө учуп чыктым. Бирок коёнду таппадык. Бүт оокаттын баарын көңтөрүп издедик. Жок! Айла кеткенде бир чатыр турмак чоң токойдон коёнду таба алчу тайганымды алып чыгып издеттим. Таппады! Аялымдын көзүнө жөн эле көрүнгөн го деп калдым. Ал бирок көргөнүн айтып карганып жиберди.

Ошентип ашкабакты казанга салдык, туздадык, мурчтадык, сууладык, бууладык, дымдадык… Кыскасы, бышырдык. Буусун булоолонто ортого коюп, ар бирибизге бирден кесилип алдыга келгенде мага баягы ортосун эшек оюп жиберген бөлүгү тийип атпайбы. Баш тартайын деп барып оюктан коёндун кулагы көзүмө уруна калып жүрөт, булт эте качып кетчүдөй баса калдым.

«Ашкабактагы коёнек» тим эле тилиңди артат ко, чиркин! Силерге калп мага чын. Тамак болбосоң коё кал!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз