ЛИНХАРТ Ото: Эшек гамбургер жөнүндө аңыз (жомок, которгон Амирбек АЗАМ уулу)

Чехчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу

ЖОМОК

1

Чехиянын түштүгүндө бир жарды дыйкан жашайт. Анын бар ишенген дүйнөсү — жалгыз эшеги. Бир нече жыл илгери дыйкан чоң сарай куруп, бала-чакамдын керегине жарайт деп уй, кой жана эчки багат. Коён да өстүрөт. Айылдын балдары коёндор менен ойногону күн сайын келчү. Дыйкан коёндорду сатуу үчүн эмес, балдарга кубаныч болсун деп  өстүрөт. Анын даны алтындай сары жүгөрү өскөн талаасы жана алма багы да болот. Жумуш аябай көп болгондуктан, дыйкандын үй-бүлөсү таң эртеден көз байланганга чейине талаада жана сарайда жаны тынбай иштечү. Бул турмушта кээде байдөөлөт жашоодон кийин бак-таалай башыңдан качып, этегиң тизеңе жетпеген күн да келет эмеспи. Дыйкандын байманасы ташыган сайын, айылдаштарынын дүнүйөсү тарып, көралбастар көбөйөт. Айылдаштары  дыйкандай эмгекчил жана жөндөмдүү болушпагандыктан, алардын малы бирин-серин гана, айдоо жери аз, багы да кичине эле. Бир күнү айылдын эли сыраканада чогулуп, көпкө ойлонуп отурушту. Акыр аягында өздөрүнүн мал-мүлкүн башкаруу үчүн  “Прогресс” деген ассоциация түзүштү.

Чех жерине чет элдик аскерлер басып киргенден кийин дыйкандын айылдаштарынын күнү тууду. Баскынчылар адегенде Чыгыштан келди, алардын артынан абалды теңдөө үчүн Батыштан да келди. Дыйкандын айылдаштары эпчилдик кылып, чет элдиктерге кошулуп, алардын кызматын кылчу болушту. Мээнетчил дыйканды үй-бүлөсү менен өлкөдөн кууп чыгышты. Айылда калган чехтер мал бакканды жакшы билишпегендиктен, уйлар, кой-эчкилер арык-торук болуп, малдын куну кетти. Эгин талаасы кысыр калып, алма бак куурап бүттү. “Прогресс” ассоциациясынын акчасы тез эле түгөндү. Коёндор мурдакыдай көбөйбөй жок болду. Бул айылдык балдарды аябай нааразы кылды. Дыйкан болсо тагдыр башка салганын көрдү. Аялы көз жумгандан кийин балдары дүйнөгө чачырады. Учу-кыйырсыз дүйнөнү кожоюну менен кошо эшеги да кыдырды. Эшекти ээси Венса деп чакырчу. Анын бар көтөргөн жүгү: кожоюнун жуурканы менен плащ-палаткасы жана өзү жечү сулу. Бардык эле айбандар сыңары Венса өз оюндагысын бербеген кежир болчу. Ошого бир мертебе кожоюну каалаган жакка басат, экинчи жолкусунда өзү каалаган жакка басат.

Алар бир күнү шаарга келишти. Дыйкан өзүнө нан жана сыр, Венсага курма сатып алмакчы болгон. Токойдо карагай кыйып, тапкан акчасына эшеги экөө бир жыргап, кардыбызды кампайталы деген. Аларды шаардын дарбазасында таптаза өңү сур униформасында SLUžBA LIDEM[1] деген жазуусу бар жылмаңдаган жаштар токтотту.

— Күбөлүгүңөрдү көрсөткүлө.

Эркек чачын артка сылап койду.

— Күбөлүк… Күбөлүк… Аны эч качан пайдаланган эмесмин.

— Ансыз болбойт, — деди шыңга бойлуу биринчи турган эркек. Анын кырдач мурдунун учу чаңгычылар секирчү трамплиндей шуштуят. Андай мурундан тайган адам анын кылычтын мизиндей кылып үтүктөлгөн шымынын кырына түшөрү анык.

— Ооба, — деп кошумчалады жанындагы кичинекей семиз неме жасакерленип.  Анын көмөчтөй тоголок бети тим эле күндөй жайнайт.

— Күбөлүктү бизге көрсөтөсүңөр. Жаныңарда эч кандай документ жок экени эсепке алынат.

Ал бир саам токтоп, анан чечкиндүү сүйлөдү.

-Анархияга жол бербейбиз!

— Аймакта документ тууралуу сөз кылышканын уккам, — деди дыйкан.

— Ар бир адамга өз номери берилет,- деди мурду шиштей неме башын койкоңдотуп. — Ал боюнча азыр кайда баратканыңызды  жана сиз менен эч нерсе болбогонун билип турабыз.

— Мен кары кишимин, — деди дыйкан. — Мен үчүн тынчсызданбай эле койгула.

Жаштар эшекке кайрылды.

— Номериң барбы, такай?

2

Күлмүңдөгөн жапжаш малдоктур кыз тез жетип келди. Анын жайкы асмандай көгүш униформасында да SLUžBA LIDEM деген жазуусу бар экен. Ал эски достордой жайдары саламдашты.

— Азамат!- деп кыйкырды ал эшекти көрүп. — Иииааа, ииаааа?

— Иииааа,- деп жооп кайтарды эшек.

— Иииеее, иииааа?

— Иха, ииеее…

— Сиз эшектин тилинде сүйлөшөсүзбү?- деп сурады дыйкан таң калып.

— Ооба, — деди малдоктур кыз жылмайып. — Мен айбанаттар факультетинде  окуп жүрүп, эшектер боюнча адистиктен өткөм. Уйдун, аттын, койдун же пилдин тилин тандасам да болмок. Менде  крокодилдин суу астындагы тилин изилдөөгө да мүмкүнчүлүгүм болду.

— Укмуш! — деп кыйкырды эркек алдыга обдулуп. — Мен да сиздей болгонду кааламакмын!

— Билим бактылуу жашоонун дарбазасы, мырза. Адам эшектин тилин билгенде гана аны түшүнөт.

— Мен бир заманда жаныбарларды баккам, — деди башын ийкеп дыйкан. — Үй-бүлөмдү багуу үчүн бодо мал, кой-эчки кармагам. Айылдык балдарга эрмек болсун деп коён өстүргөм.

Малдоктур кыз дыйканга тигиле карады:

— Ал үчүн бир нече жыл керек! Алар кантип сүйлөшүп жатты?

— Cезими менен сүйлөштү, — деп жооп берди дыйкан.

Кыз эшекке бурулду.

— Бечара! Сен тийиштүү вакциндерди алгансыңбы же жокпу, белгисиз… Сени эмдегени станцияга алып кетем.

3

Малдоктур эшекти өз кабинетине алып келди. Көзөмөлдөө китебине жумуш ордуна качан келгенин жазып, көкүрөгүнө аты-жөнү жазылган төш белгисин илип алды. Анан эшек менен сүйлөшө баштады.

— Сенин атың ким?

— Кожоюнум мени Венса деп чакырат.

— Ал эмне үчүн сени минтип атады?

— Дүйнө кезип кеткен уулдарынын биринин атына окшош болсун деп.

— Сен эмнеге антип ойлойсуң? Сен эмне үчүн дыйкандардын тилин билбейсиң?

— Биз, эшектерде бардык нерсеге өз көз карашыбыз бар, бийкеч. Өзүбүздүн жаныбыздагыларга өтө кылдат мамиле кылабыз.

Малдоктур айбанды сылап, жакшылап эркелетти. Булчуңдарын жана жүнүн текшерип көрдү. Венса малдоктур буйругандай кылып оозун ачты эле, кыз колчырагы менен жарык кылып, оозунан шилекейин чогултуп алды жана тилин чыбыгы менен тырмап көрдү.

— Сен эки-үч күн биз менен кала аласыңбы? — деди кыз.

— Кайдагыны айтасын, — деди эшек башын чайкап.- Андай болбойт да.

Кыз эшектин жанына отуруп, анын башын көтөрчүдөй болуп, бөбөктөй кылып  эки алаканына алды.

— Сен акыл эстүү жан экенсиң. Мени угуп ал. Дыйкан менен жүргөнүң өзүңө пайда. Бирок ал сага тойгуза тамак бербейт экен. Ошого сулуну көп көтөрө албайсың. Кыштан да эптеп чыгыпсың. Дыйкан картайыптыр. Ал сага керек нерсени жасап бералбайт.

— Кээде ачка жүрөм,- деди эшек малдоктурдун сөзүн ырастап. – Кышкысын түндө көз ирмеп, чырым этпеген да күндөр болот. Дыйканда  жуурканы жана плащ-палаткасы бар, а менин эч нерсем жок. Ал жеткен өзүмчүл.

— Курсагың тез эле тоёт,  — деди кыз күлмүңдөп. — Жакын жерде эшектердин жыргалчылыгына кам көрчү станция бар. Ал жерде каалашыңча ичип, тамакты  тойгончо жейсиң.  Апакай акталган сарайда өзүңдүн жууркан-төшөгүң болот. Аба ырайы  суук маалда үшүп калбашыңар үчүн сарайдын меши да бар. Андай сарайлар бардык айбандар үчүн салынган.

— Станцияда эшектер барбы?- деп сурады Венса кызыгып.

— Ал жерде эшектер толтура. Аларды кожоюндары  жакшы багышпаптыр,-  Малдоктур кыз моймолжуп жылмайды.-  Станциянын башчысы  мени менен бир факультетте окуган. Ал жерде элдин баары эшектин тилинде сүйлөйт.

— Бейиш ошоерде окшойт,- Венсанын үнү зоңкулдады. — Биз  саякатка кайда барабыз?

— Сейилге чыгуу жагын пландап жатабыз,- деди малдоктур кыз этият сүйлөп.

Венса ойлонуп калды. Малдоктурдун айткандары кулакка жагымдуу угулат. Ал арткы туягы менен мурдун кашыды.

— Дыйкан үчүн да ушундай бир нерсе жасап бере аласыңарбы? Ал экөөбүз канчалаган катаал жылдарды чогуу жашадык. Үшүдүк, ачка болдук…

— Мээримдүү жан экенсиң, — деди кыз жүрөгү элжиреп. -Айтчы мага, эмне каалайт элең?

— Дыйкандын болгон тамагы эле нан менен сыр,- деди Венса.- Экөөбүз ажырашаар алдында ага чыныгы гамбургерди сатып берсем деймин.

Малдоктур чөнтөгүнө колун салып, шуудураган акчаны алып чыкты да Венсага сунду.

— Чурка. Бурчтагы фастфудга[2] жеткин да эң жакшы тамагыңды сатып ал.

4

Дыйкан дарбазанын сыртында кабагын чытып турду. Айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Дыйканды мейманканада аппак жана жыпар жыттуу жууркан жамынып жаткан жеринен “Жолго чыгабыз” деп Венса ойготту. Ал дыйканды тумшугу менен улам түрткүлөп, айласын курутту. Атүгүл аңгиреп кыйкырды. Аргасы кеткен дыйкан акыр аягында буюмдары салынган баштыгын артына илип алып, эшекти ээрчип жөнөдү. Алар чоң жолго чыгар замат артынан эле шаардын дарбазалары жабылды.

— Айбандар макоо,- деп күңгүрөндү дыйкан. — Taң агарганча күтө албайбы? Мен эч нерсе сатып алганга үлгүрбөдүм. Биз эми башка шаарга баруубуз керек.

Жолду Венса баштады. Ал аңгиреп алып, тескери тарапты көздөй багыт алды. Дыйкан адегенде ноктону тартып, эшекти башка жакка бурганга аракет кылып көрдү. Анысынан эч нерсе чыкпагандан кийин, макулукка моюн сунду.

— Кара мүртөз, кысталак,- деп сөгүндү дыйкан. — Эргежээл аттай болгон көкмээ десе.

Дыйкан асман жайнаган жылдыздардын астында баратып, өзүнөн өзү сооронду. Алар барчу жакта баары укмуш. Жаңы шаарларды, башка элдерди көрүшөт. Адамдар бактылуу, эркин жашап,  өздөрү каалагандай дем алган өлкөгө чейин барышат. Дыйкандын мурдун бир нерсе кытыгылап жатты. Эшектин ээринин кашына байланган кагаз баштык көрүндү. Баштыкта али жылуусу кете элек гамбургер бар эле.

— Чын элеби? — деп башын чайкады дыйкан эшекке ишене бербей. Бирок жыт таноосун жарып баратты. Анан гамбургерди ыракаттана чайнап, бу жакта жолуккан адамдарды ойлоп баратты. Алар абдан сүйкүмдүү, өздөрүнө жарашыктуу кийинишкен адамдар экен. Айбандардын тилин билгендиктен, макулуктар менен эркин сүйлөшүп жүрүшөт! Алардын билимдүүлүгүн айтпа!

Ал манжаларын жалады. Анан да эшекти гамбургер алып келгенге жиберишкеничи! Ал башын чайкады. Бул кыдыгый аттар ишти дайыма чакчалекей кылышат. Аларга ишеним жок.

Алар оюндагысын бербеген кежир болушат. Балдардан эч айырмасы жок алардын.

[1] SLUžBA LIDEM- Элди тейлөө кызматы.
[2] Фастфуд (англ. fast “тез” жана food “тамак”.) Тез, бачым даярдалчу тамак. Демейде мындай жайларда кашык, айры-вилка жана башка  идиштери кагаздан же пластиктен жасалган болот.