Поэзия
УУЗ СЕЗИМ
Кызыгы көп бала кезди өткөргөм,
Кылыктанган кыз кылыгын көп көргөм.
Секелек кыз, окуучулук куракта
Сени сүйүп бир заматта өзгөргөм.
Сенден жүрөк сүрдөсө да титиреп,
Сага жетсем дечү элем күч үрөп.
Жагыш үчүн бир маал жууган тишимди
Жолугарда жууп алчу элем үч ирет.
Ичке батпай сезимдерим жашыруун,
Ий, кокуй күн, анда аз да акылым.
Себеп болуп жагып калсам экен деп,
Себинчү элем апакемдин атырын!
Жоогазындай назик сезим тамырлап,
Жолугушчу күндү эскертсең маалымдап.
Он күндө бир араң жуучу башымды,
Ошол күнү жуучу элем самындап.
Жолугалы деп жазылган катыма,
Жооп алганда «Ай конгонсуп башыма».
Кийип жөнөйм туфилисин байкемдин,
Чүпөрөктү тыга салып башына.
Мектебиңден келээр маалың болгондо,
Мен турчу элем сени күтүп чоң жолдо.
Сүйүнчүмүн Күн көтөрүп алгандай,
Чооң сумкеңди маа көтөртүп койгондо!
СҮЙОЛОГИЯ
(апама кат)
«Социология», «Биология»
илимдердин тармагы.
Филология – улуу илим
элге маалым ал жагы…
«Билим алсаң өмүрүңдө
көп тиет» дейт жардамы.
«Билим алып көкөлөйм» деп,
балаң канат байлады.
Жаңы илим ачтым апа
элге жагат ал дагы.
«СҮЙОЛОГИЯ» деген илим
сүйгөндөргө пайдалуу.
«Сүйология дейсиңби?» деп
апа анча чоочуба!
Сүйология болот экен
күйсөң сүйүү отуна.
Сүйгөнүмдү көрүү үчүн
калбай барам окууга.
«Филология», «сүйология»
жан дүйнөмдө кошуна!
Эки коён бир атамын,
менден кетет бир эле ок.
Көп коёнго көп ок аткан
мен эмесмин пулемёт.
Адабият тилди үйрөнсөм
болуп чыгам «филолог»!
Сүйүүнү да кошо окуп
менден чыгат «сүйолог»!
Ал сулууга үйлөнгөндө
анан болом «КҮЙӨӨЛОГ»!
Катты сизге жаздым, апа,
кандай болот чечимиң?
Экөөбүздү үйлөнтүүгө
доллар жетет ЖЕТИ МИҢ…
Жыл айланып келиниңиз
терметкенде бешигин:
мен ошондо окуй баштайм
«АТАЛОГИЯ» кесибин.
Катты сизге жаздым, апа,
макул болуп койсоңуз!
Келиниңиз болчу кызга
азыр жакын ортобуз.
Неберени жетелеген
ал да сиздин олжоңуз.
Куп жарашып калат сизге
«НЕБЕРОЛОГ» болсоңуз!
БААРЫ СЕНИ КҮТҮШӨТ…
Кел экөөбүз баш кошолу дегенге,
Чок баскансып чочуп турсуң сен эмне?
Сен күйөөгө чыкпай эле алтыным,
«Эр алайын»дедиң беле же эмне?
Сага айткан сунушумду кабылда,
Койгун эркем, жок деп сүйлөп жаңылба.
«Бакыт болуп үйгө келин келсе»- деп,
Баары сени күтүп жатат айылда.
Бара калсам жандап короо тарапты,
Үмүттөнүп мени жал-жал карашты.
«Келин алып келсең бизди сойгун»- деп,
Короодогу койлор маарап мага айтты.
Короодогу ноктосунан байлануу,
Мал да болсо барбы билбейм арманы.
«Калыңына мени берсең кантет?»- деп,
Карагерим кишенеди ал дагы.
Жанындагы тай торпогу жулкунат,
Ары жактан «мөө-мөө» деген үн чыгат.
«Эне сүтүн бериш үчүн ал кыздын
мени берип жиберчи»- деп уй турат.
Тоюнууга тойго келген көп конок,
«Качан мага борк-борк кайнап эт толот?»
Кара казан: «Качан келип келинчек
качан мага тамак асат?»- деп коёт.
«Бизге ысык чайдан куюп турса»- деп
Чынылар да жакшы тилек тиленди.
Шыпыргы да:»Курбум качан келет?»- деп
Менден сага салам айтып жиберди.
Үйгө кирсем төрдө турган жыйылып,
Жууркандардын бул суроосу күч болду.
Төшөк айтат: «Качан мени салынып?..»
Жууркан айтат: «Качан мени жамынып?..»
«Качан ойнойсуңар?»- деди «фудболду».
Карагерим, койлор дагы, уй дагы,
Казан, чыны шыпыргылар бул дагы.
Идиш-аяк төшөктөр да күткөн соң,
Атам-апам айтпасам да өзүңдү
Белгилүү да кандай күтүп турганы.
ЖУБАЙЫМА КАЙРЫЛУУ
Эркеси элең атаңдын,
Эми сен келин аталдың.
“Көп жашайм” десең мен менен,
Көңүлүн тапкын апамдын.
Атамды сыйла атаңдай,
Апамды сыйла апаңдай.
Кокустан андай кылбасаң,
Калабыз үйгө баталбай.
Катаалдык болсо тоготпой,
Кайратты чыңа болоттой.
Жакшысы болсоң келиндин,
Жашообуз болот жомоктой.
Болсо да мал-мүлк саналуу,
Болсо да оокат чамалуу.
Бош өткөрбөй түндөрдү,
Бололу көп-көп балалуу.
Балдардын үнү угулса,
Бак-таалай үйгө жыйылса,
Балалуу үйлөр базар дейт,
“БАЗАРКОМ” болгун буюрса.
РЕДАКТОРУМ
Окурмандар мен жөнүндө кеп кылат,
Ошолордон мына мындай сөз чыгат:
(Көп кат келди) “Үйлөнгөн соң жаш акын
көп ыр неге жазбай калдың?”- деп сурап.
Ооба, мурда бойдок кезде жыргапмын,
Далай кызга, далай жолу ыр жаздым.
Ар сөзүмдү аңдып турган жарым бар,
Азыр болсо ырларыма кылдатмын.
Жаш акындын ырын көрсөң баштагы,
Жалаң сулуу кыздар эле жазганы.
“Ал ырларды кимге жаздың?”- деп күндө,
Азыр жарым суракка ала баштады.
Сулууларга ыр жазалбай каламым,
Суктансам да билмексенге саламын.
Ырларыма катуу салып тартипти,
Редакторум болуп алган аялым.
СУРАНЫЧ
Татына, сулуу, аппак ай,
Тандаган сүйүүң башкадай!
Кейитип колго тийбейсиң,
Кедейге жетпес АКЧАДАЙ!
Жүрөктүн дарты болгондой,
Жүрөмүн сенден жол болбой.
Айткан бир сөзгө турбайсың,
Ак үйдө жүргөн ЧОҢДОРДОЙ!
Кол учун дагы карматпай,
Кокуй жан болдуң жандатпай.
Башкага кетпе суранам,
Байларга кеткен МАНДАТТАЙ!
КҮТӨМҮН
Көп күттүрүп келбедиң.
– Кандай жорук?
Ай он беши.
Келсеңчи айдай толуп!
Периштем ай, календарь карап күтөм,
Пенсияга зарыккан чалдай болуп!
Күтүү деген балээни баштап алгам,
Сүрөтүң бар. Аздектеп сактап алгам.
«Эт жебесем болоюн шорпо ичкендей»
деп сүрөттү жаагыма жаздап алгам…
Сага сызат токтолбой ой жол баштап,
Сага гана жолугуу болгон максат.
Жолугууга сени эртең келсе экен деп,
Уктаарда да жатамын оң жамбаштап!
ЖАШТЫК – МАСТЫК
Ичим ысып эки бетим албырып,
Мас болгондо кышты койдум жай кылып.
«Мастыгымды билип калса уят» — деп,
Жалтактаймын көп кишиден айбыгып.
Баш айланып, эки көзүм тунарып,
Тамтаң басам кадамдарым уланып.
Мас болгон да жакшы нерсе турбайбы,
Магдыраймын кайгым жоктой кубанып.
Көз кылгырып турган турпат наз болуп,
Кимдер гана жыргабаган жаш болуп.
Ашык болуп жетпей жүргөн сулууну,
Бара жатам бир өпкөнгө мас болуп.
Эстен кетпейт бир өптүргөн белегиң,
Эми болду өптүрбөймүн дебегин.
Бетиңден өөп үйгө кеттим мас болуп…
Эртең кайра баш жазганга келемин…
ЫРАХАТТУУ ТҮН
Сен бар үчүн бул дүйнөм кооздой болчу,
Көп сырларың жүрөктү козгой койчу…
Калдык мына ээн-эркин бир бөлмөдө,
Экөөбүзгө эч ким жок тоскоол болчу.
Деңиздейсиң чалкыган түбү терең,
Талабым бар сырыңды билүү деген.
Акырындан мен тартып тамырыңды,
Арманы жок сырдаштым түнү менен.
Турган сымал кыялдын кырын ашып,
Тиктеп карайм көзүмдү жымыңдатып.
Сезимиме баш ийип ынангандай,
Сен да турдуң бир далай сырыңды ачып…
Имерилип, тартылып, азгырыла,
Башты жаздап мамыктай жаздыгыма.
Түшүрбөстөн колума кармап сени,
Беленденген «төшөккө» жаттым мына…
Таттуулугуң ошондо сезбедимби,
Аяр кармайм булгабай эч жериңди.
Жатып алып кызыгып көп окудум,
Улам ачып окуган беттериңди.
Дарысындай болдуң го жаратымдын,
Күүсү болду таасириң канатымдын.
Канбай улам кумарым дагы күчөп,
Бир китепти кучактап таң атырдым.
Чындап сүйдүм китепти мага жакты,
Китеп ширин жаш акын даамын татты…
Бир сулууну кучактап жатканчакты,
Бир китепти кучактап жаткан жакшы.
СОГУШ ЖАНА ТЫНЧТЫК
Билбейм, балким, таалайы тайкы болду,
Билбейм, балким, ырысы жарты болду.
Ашык болуп үйлөнгөн жаш жубайлар
Анда-санда урушуп калчу болду…
Өйдө-төмөн турмушка өкчөлүштү,
Өрттөй азап күндөрдү көп көрүштү.
«АТАҢБАШЫ!» — деп дайым урушканда,
Аталардын баштарын эскеришчү.
Эрдин мээсин аялы жеп койчу эле,
«ӨЛҮГҮҢДҮ КӨРӨЙҮН!» — деп койчу эле.
Күйпөлөктөп «кетемин» дечү аялы,
Күйөөсү бир «ЭНЕҢДИ…» — деп койсо эле.
Ажаан аял ажылдап чыгар эле,
Арстан эри бир уруп жыгар эле.
Тарс-турс, даңк-дүңк… кагышып казан-аяк,
Тарелкалар текчеден кулар эле…
Кыз көрүшүп, уул көрүп, жылдар өтүп,
Кыналыптыр экөөнүн биримдиги.
Казан-аяк калдырап кагышпастан,
Калышыптыр түшүнүп бирин-бири.
Жаңжал чыгып кез-кезде урушса да,
Эри «муштум түйгөндү» коюп калган.
«АТАҢБАШЫ» — деген сөз… эми аларга,
«АТАҢЖАКШЫ» — дегендей болуп калган.
Аялы да тартиптүү болуп калды,
Ак ордосу кут менен толукталды.
Күйөөсүнүн «ЭНЕҢДИ…» — деген сөзү,
«ЭРКЕТАЙЫМ» — дегендей болуп калды.
«Ай алтыным, ал сөзүң адатыңда,
айтсаң мейли, айта бер» — деген чыгар.
ӨЛҮГҮҢДҮ КӨРӨЙҮН» — деген сөзү,
«ТЕЛЕВИЗОР КӨРӨЙҮН» — деген сымал.
Кыз көрүшүп, уул көрүп жылдар өтүп,
Кыналыптыр экөөнүн биримдиги.
Казан-аяк калдырап кагышпастан,
Калышыптыр түшүнүп бирин-бири.