АШИРБЕКОВ Мурзаш: МУРЗАШ АШИРБЕКОВ: БЕЙИТКЕ АЛЫП БАРУУЧУ ЖОЛ

АҢГЕМЕ

Үчөө ашкананын төркү бурчундагы столго келип отурушту. Алардын бири жаак эттери шимирилип, териси жабышып калган куркуйган арык, экинчиси кабагы кара-көк тартып шишиген күлтүйгөн семиз, үчүнчүсү чачын жылма тарап, галстук тагынган, көөдөнү көтөрүңкү жигит.

– Эми стаканды канттик? Буфетчи өлсө да бербейт, – деди семиз, койнунан бир бөтөлкө арак сууруп, столдун алдына коюп жатып:

– Бермек түгүл ичирбейт, – деди арыгы сөөмөйү менен бет маңдайдагы качандыр бир илинген «Сырттан алып келинген спирттик ичимдиктерди ичүүгө катуу тыюу салынат!» деген жазманы көрсөтүп.

– Какиш кайда чыгып кетти экен? – деди көөдөнү көтөрүңкү жигит.

– Кайсы Какиш?

– Ушул жердин уборщицасы. Ал болгондо… А, эчтеке эмес, ме! – чөнтөгүнөн тыйын алып сунду, – бир компот алып кел.

– Тур, Арбак, – деди семизи.

– Менин төгүп аларымды билесиң го, Гүпчөк. – деди арыгы көзүн жашылдантып.

– Даярга гана тапсың… – Гүпчөк ага алая карап алып, анан бир стакан килас компотун алып келди.

– Бириң ичип жибер, – деди көөдөндүүсү.

– Өгк! – Гүпчөк жийиркенип кетти.

– Таңдайыңда чыпташып, кайсы адам ичет муну, – деди арбак.

– Төгүп салгыла эмесе, – деди Көөдөн.

Эми аракты куюштуруу маселеси кыйын болду.

– Төгүп коём… билесиңер го… – Арбак көзүн жашылдантты.

– Мен эртеси биринчи стаканды ичишим тозок. Түн жарымында ичкен муздак кесме сиңбей, алкымыма келип турат. Адатыңдай ишке жарап, азыр да өзүң тирилтип ал бизди, кагылайын Куке. Анан… биз сенин таман алдыңдагы кулуңбуз, – деди Гүпчөк жалбарып.

Көөдөн текебердүү жылмайып койду. Сол колу менен бөтөлкөнү моюндап, оң алаканы менен түбүнө бир урду эле оозундагы калай капкак «пөк» этип учуп кетти. Анан кырдуу стаканга үч эличе куюп, лык эттире бир ууртап коюп, стаканды кичине кармап туруп калды эле Арбактын чый-пыйы чыгып кетти:

– Куй, куй, тез-тез!

– Өлүп баратасыңбы? – Көөдөн ага карабай кезекти Гүпчөккө сунду. Гүпчөк колундагы аракты бир карап алып эле окшуп жиберип, оозун баса калды. Уурту былтыйып, бетине көк тамырлар тээп чыкты.

– Энеңди… Иче албагандан кийин… – Арбак Гүпчөктүн алдындагы аракты шып ала коюп, кош колдой кармады. Ошенткенине карабай колдору ушунчалык калтырап кеткендиктен стаканга жарымдан ылдый куюлган арак чайпалып столго чачырап кетти.

– Энеңди…төкпө! – деди Гүпчөк оозун баскан беш манжасынын арасынан араң кыйкылдап.

Көзү арактан өтүп бараткан Арбак башын эңкейтип, тиши менен стакандын кырына жабыша түштү. Шыкылдап тиштер тийген стакан зыңгыр-зыңгыр этти титиреп. Көөдөн аны аяп кеттиби же жини келдиби, айтор, бир колу менен моюндап, ээгин жогору көтөрүп, бир колу менен стаканды жамажайына такап, аракты оозуна куюп жиберди. Тиги какап-чакап, эки ууртунан куюлуп кеткенине карабастан оозундагы аракты кылт-кылт жута баштады. Эки көзүн чылк жумуп, ушунчалык ырахаттанып жутту дейсиң, купкуу жүзүнө кан жүгүрө майда бырыштары жылмаланып баратты…

– Өх-х! — деди бир демден кийин Арбак. – Илайим эки дүнүяда кордук көрбө дос, тимеле адам кейпине келтире койбодуңбу.

– Ой силер эмне тартипти бузуп… – Аялдын шаңк эткен үнүнөн үчөө тең селт эте түштү! Алардын алдында алжапкыч тагынып, көкүрөгү кофтасын тиреген, толмоч, кызыл жүздүү аял турду эки колун бөйрөгүнө таянып.

– И, Какишка, кел. Дем алышта да өлүп кетелиби. Биз сенсиз замзамдын суусун куюшка челек таппай. Отур мындай! – Көөдөн оозун алжайтып, аялды белинен имере тартты. Аял булт эте бошонуп, ары басты. Аялдын кымча белинен эки жакка түпкүчтөй бөлүнө түшкөн чоң көчүгү туу байталдын соорундай былкылдайт. Анын артынан карап калган Арбак шыпшынып-шыпшынып алып, шилекейин жутуп ийди. Бирок беркилерге шек алдырбайын дедиби, кокус эле минтип койду:

– Бул катын эмне жеп семирди экен?

Анын абалын байкай койгон кыйды Көөдөн санын чаап, каткырып алды:

– Ой жана эле өлалбай жатат элең го. Бир ууртамга адам боло түшүп, эми майлуу көчүктөн көзүң өтүп калдыбы а? – Көөдөн ыкшыганын араң басты.

– Ассалоом алейкум, туугандар? – Сакал-муруту өсүп, өңүнүн кайсы түстө экени такыр билинбей, бөздөй бозоруп, жүдөгөн бирөө үчөөнө алмак-салмак жалдырай кол сунду. Беркилер ага жийиркене гана карап коюшту. Бөздөй бозоргон адам аны капарына да алып койбой сүйлөй баштады:

– Ушу, ишенсеңер, он бир күндөн бери тамактан тырнактай наар өтпөйт. Силердей жакшы адамдар берген тыйын-тыпырга вино алып ичип, жан сактап келатам.

– Турчу нары, уйгактай жабышпай. Бир жолу тыйын берип койсо… Ушу, сеники өттү, алкогол! – Гүпчөк килейген колу менен түртүп ийди эле тиги бечара артына сендиректеп барып, аз жерден чалкадан кетпей калды. Таяна калган стулга коомай отурду да өзүнчө кобурап кирди:

– Бандиттер эле кыйнап балээ болду… Күндө балкондон ашып түшүшүп, бычак такашат… батышка карай саатына алтымыш километр ылдамдык менен учуруп, алып кетебиз деп коркутушат.

– Ээй, эмне эле деп дөөрүп атасың? Бери келчи?!– деди Көөдөн. Тиги леп этип жанына келип отура калды. Көзү стакандын түбүндөгү арактан өтүп, бир калаты жайнап кетти. Көөдөн аны аягандай башын чайкап, стакандагы аракка кичине кошумчалап, алдына жылдырды. Гүпчөк жарылып кете жаздады:

– Алкогол бокту ичсин! Кезек меники! – деп стаканга жабыша түштү.

– Тарт колуңду! Эмне, пулуң күйдүбү сенин! – деди Көөдөн аны зекип.

– Бергенди иче албай окшуп, адамдын көөнүн айлантасың дагы. Жиниме тийсең бир тамчы жок сага!

Гүпчөктүн ичинен жели чыгып кеткенсип шөлбүрөй түштү. А Алкогол болсо Арбакка окшоп калтырап-нетпей эле аракты шып кагып жиберип, анан чын эле түгөнүп калдыбы дегенсип, стакандын түбүн таңдана карап калды. Көөдөн аны быкынга түрттү:

– Кана түзүктөп айтчы, дөөрүбөй. Эмне болду дейсиң?

– Күндө эле балкондон ашып түшүшөт. – Жанагы сеп эткенине көңүлү жайлана түштү окшойт, иреттүү сүйлөй баштады.– Анан саатына алтымыш километр ылдамдык менен батышка учуруп кетебиз дешип, алкымыма бычак такашат.

– Кимдер? Кимдер алар?! – Беркилер жаалап жиберишти.

– Бандиттер… Кара маска тагынышкан төрт бандит. Бирок алар менин кыйкырыгыма кошуналар кирип келгенде жер жуткансып, житип кетишет… Ушинтип, күндө кеч кирейин дегенде эле менде жан жок. – Алкогол сызылта үшкүрүп алып, столго чыканактай, башын мыкчып калды. Катуу чыккан каткырыкка берки экөө чочуп кетишти. Каткырган Арбак эле. Жана ызаланып калган Гүпчөк алемин эми Арбактан чыгарды:

– Эмне энеңди? Жин тийдиби?! Жиниңди минтип эле кагып коём, – деп куркуйган мойнун аткый кармап, бууп калды.

– Мен… эмес. Тиги… Алкогол… жинди… Коё бер-р! – деп кыйкылдады Арбак. Көөдөн араң ажыратты. Арбак кызара түшкөн мойнун укалай Гүпчөктү бир ашатып алып, анан кандайдыр бир жакшылык кабар айтып жаткансып, бапыраңдады:

– Бул Алкогол арактан жинди болуптур. Мен билем, мен укканмын. Бул дарттын атын белый кроп дейт. Белый кроп болгондорду буга окшотуп түнү гана коркутушпастан кээде чак түштө эле келишип, көөдөнүнө минип алышып, белкурчоосунан аралап таштайт имиш, бандиттер. Анан…

Көөдөн столду бир муштады:

– Жап оозуңду! Бокту билбей тантырайсың. Белый кроп имиш. Белая кровь башка оорунун диагнозу – каны бузулгандык. Бул оорунун атын белая горячка дейт, маңбаш. Бирөөнүн башындагы чөптү көрүп, өз башыңдагы төөнү көрбөйсүңбү? Тиги бечарадан сенин эмнең артык? Түн ичи улам чочуп, коркуп, такыр уктаган жокмун дедиң го жана эле! – Ушинтип Арбакты катуу какты да Алкоголго чын дилинен боору ачыгандай болду. Бир демге аны тунжурап караптурду, анан акырын далысына колун койду. Алкогол дирт эте түштү, бирок башын көтөргөн жок.

Чыдамы такыр кеткен Гүпчөк бир калаты чыйылдап ийди:

– Айланып кетейин Куке, куй. Заар болсо да шарт алып жибербесем, нан урсун, агари.

Анткен менен Гүпчөк антына тура албады. Оозуна жете электе эле окшуйт да, кайра стаканды жерге коёт. Өңгөчүн тартып-тартып буулуп кетет. Аны карап туруп, Көөдөн жарылып кеткидей болду.

– Эй, Гүпчөк, ушу жүз грамм аракты иче албагандан кийин өлүп эле албайсыңбы. Эркек адам мына минтип ичет, – деп Гүпчөктүн колунан стаканды жулуп алып, калган аракты үстүнө куйду эле, жык толо түштү. Анан башын чалкалата аракты алкымына оодара берип «лак-лак» жутуп жиберип, бошогон стаканды «так» эттире столго көмкөрүп койду.

Арбак чындап таң берип, шаппак чаап жиберди. Гүпчөкболсо тетирисинче:

– Ырыскыдан куру калат деген ушулбу? А? Ушубу!?. – деп жаш баладай бышаңдап, көздөрүнөн жаш кылгырып кетти.

– Ай, Гүпчөгүм, ыйлаба? – деди арак дароо башына жетип, көңүлүн көкөлөтүп ийген Көөдөн көкүрөгүн керип. Анан коюн чөнтөгүнөн бир тутам акчаны сууруп чыкты. – Мына пул. Пулуң барда даңгалда шорбо. Бүгүн жыргатам силерди. Уч, Арбак, дагы бирди алып кел!

Арбак учуп кетти. Алкогол болсо башын көтөрүп, көздөрүнөн кандайдыр бир аёо сезими жылтырап, Көөдөндү жалдырай карап калыптыр. Анан өз оюнан чочугансып, үшкүрүнүп алды да минтти:

– Байкашымча түзүк жигит экенсиң, иним. Ошон үчүн айтып атам, бул жаман жолуңдан, мына азыртадан кайт. Мен дагы аз эле жыл мурда теңирди текейге теңебеген, текебер жандын бири элем. Азыркы абалымды, мына өзүң көрүп турасың. Баамдап атам, ушу сен азезилдин тырмагына илине баштаганыңы сезбей атасың. Дагы кичине эле оролошо түшсөң кудайың да сактап кала албайт. «Эсиң барда – этегиңди жап» дегендей, жарык-жаанда жарык жолуңа кайра кайт, айланайын…

– Эй, энеңди урайын! Эмне дөөрүп жатасың?! Сага ит теңелсин! –Көөдөн жаны чыгып кеткидей болуп, опурулуп, ордунан атып турду.

Гүпчөктүн чырагына май тама берди:

– Мына сага… боор ачып, арак бересиң а, дагы.

– Бо-боруңа гана тептиби, а? – деп табалай күлүп жатып, кокусунан көзү Көөдөндүн канталаган ызгаардуу көзүнө уруна түштү да, кан буугандай тык токтоду. Кайра жойпуланып, беркини шылып жиберди: – Кукеме айланба. Ит, доңуз! Кукем өзү айткандай сага ит теңелсин, Кукемдей жигиттин туйгуну аракка алдырабы? Көрдүң го, кандай шыңгытканын.

Гүпчөк куру оозу менен гана чектелип калбастан тигини жакадан алып, катуу тартканда столдун кырына тийген жаагы айрылып кетти. Ошого карабастан ордунан булкуп тургузуп, эшик көздөтө көчүккө бир тепти эле тумшугу жер сүзө жаздап барып араң оңолду.

Алкоголдун кете турган түрү жок. Кире бериштеги столго өбөктөй отурду. Көөдөндү безирейип тиктей берди. Жаагынан жакасына сызылган канды аарчып да койгон жок. Бир маалда Көөдөндөн көзүн албаган бойдон оозу-мурду кыйшая, көзү аңтарыла түшүп, башын чайкап-чайкап алды да, кандайдыр табышмактуу ыржайып койду. Бир жамандыктын эпкини ургансып, Көөдөндүн жүрөгү шуу дей түштү. Бул жүрөк заадалыктан анын оюн жанагы аялдын чаңкылдаган үнү алаксытып жиберди.

– Дагы хулигандык кылсаң милиция чакырам. Андан көрө… – деп Гүпчөктү коркутканча тиги аял эми колундагы ным чүпүрөк менен столдун үстүн сүртө баштады. Коюн чөнтөгүн дөмпөйтүп эми эле келген Арбак, энтиккенин баса албай атып, столду сүрткөн сайын улам чытырый түшкөн аялдын кош эмчегинен көзү өтүп шыпшынат. Аны сезген аял мыскылдуу жылмайып, көкүрөгүн андан бетер керип, түпкүчтөй тегерек соорун жайкалтып, столдон ары бурулуп кетти. Өзүн-өзү алаксытайын дедиби, айтор, Арбак дагы күбүрөп, тантып койду:

– Бул катын эмне жеп семирди экен?

Аялдын кулагы сак экен, угуп койду. Кайрылып келип, Арбактын кулагына шыбырады:

– Эмне жеп семирди дейсиңби? Ийне жуткан ит кейиптенбей сен да семирип ал, шордуу. Анын сырын айтып берейинби? – Анан өйдө боло берип шаңк этти: – Бүгүн биздикине баргын. Эриме айтайын, сени да семиртип койсун.

Көөдөн аялдын сөзүнө маашыр болуп, залды жаргыдай каткырды. А Гүпчөк болсо баятан бери көздөрүн чылк жумуп, жарым стакан аракты улам бир ууртап, кайра стаканга кулгуп аткан эле. Эми аялдын сөзүнө күлөйүн деп чакадыбы же көөнү катуу айнып кеттиби, неси болсо да «бу-у-у» деп оозунан кесме аралаш кычкыл кусунду атырылып кетти. Дал ушул учурда булардан көзүн албай отурган Алкогол жин тийгендей кыйкырып жиберди:

– Ушинтип жашагыча өлгөн артык. Муунуп өлө-өм! Өлө-ө-өм! – деп сыртка атып чыкты.

Бейит. Четтеги казаны катар оюлган мүрзөнүн ичинде кыбыланы жаздана эки өлүк коюлган. Эми сөөктөрү эле калган ошол эки арбактын бири колун көтөрүп, куу манжалары менен оң жактагы мүрзөнүн дубалын шакылдатып чертти. Дубалдын ары жагындагы арбак да так ошентип жооп берди. Эки арбак сүйлөшө баштады.

Биринчи арбак:

– О, урматтуу кошунам, тиги жарык дүйнөдөн биздин бейитке келчү жолду караңызчы.

Экинчи арбак:

– Көрүп турам, бирөөнүн табытын көтөрүп келе жатышат.

Биринчи арбак:

– Ошол табыттагы өлүктү менин сол жагыма коймок болушту…

Экинчи арбак:

– Зап болуптур да. Үчөөбүзгө көңүлдүүрөөк эмеспи.

Биринчи арбак (жаны кашайып):

– Көңүлдүү болбой куруп кетсин. Табытта гөшү гана эмес, сөөгү да арактан чирип калган адамдын ириген өлүгүн алып келатышат. Сиз го нары жакта кала турган болдуңуз, теңир жалгап… тигинин арак сиңген ачкыл жыты уруп, эми менин бейишим тозокко айланмак болду…

Экинчи арбак (боор ачып):

– А бечара. Кошунам, а-а. Чын эле шоруңуз катмак болуптур да.

Биринчи арбак (бышактап):

– Ооба, кошунам, шорум караандай катмак болду…

Чын эле шору катарын далилдегенсип, бечара арбактын сөөк көз чарасынан кара чаар жылан башын кылтыйта калып, ача тилин соймоңдотуп жиберди…