Василий Бартольд: Моңголдорго чейинки Түркстандагы христиан дини – II

  • 15.10.2020
  • 3424

Башы мында>>>>

VIII кылымдагы ар кайсы түрк урууларынын ортосундагы тынымсыз согуштар өлкөдөгү коопсуздуктун тыптыйпылын чыгарган; кытайлардын айтуусу боюнча Талас шаарына таандык дыйкандар «соот-чопкутчан жүрүшөт жана бири-бирин туткунга алып кетишет»[1]. VIII кылымдын башында арабдар Кутейбанын жеңиштеринин аркасында Трансоксанйяда бекем орношушканы менен өлкөнү биротоло багындыруу кийин, халиф Му'тасимдин (833—842) тушунда ишке ашкан. Талас дарыясынын боюндагы салгылаш (751-ж. июль) кытайлардын Батыш Түркстандагы таасирин жок кылган[2]; кийинки он жылдыкта түрк-карлуктар (кытайларда гелолу, арабдарда) Жети-Сууну жана Сыр-Дарыя аймагынын чыгыш бөлүгүн каратып алышкан[3].

Арабдардын Орто Азия элдери менен соода алакасы VIII кылымда эле башталган; Кытайга кеткен мурдагы жолдон башка эми мурда айтылбаган жаңы соода жолу бар экенин көрөбүз. Кытай даректери боюнча араб соодагерлери Кучадан Енисейдин баш жагына, кыргыздардын борборуна үч жылда бир жолу жибек жүктөлгөн кербен жөнөтүп турушкан; тибеттиктер да ошол эле жолду пайдаланышкан.

Жолдо баратканда соодагерлер карлуктардын жеринде өргүп, алардан унгурлардын кол салууларынан коргоочуларды алышкан. Соода жолдорун, кыязы, ар кандай диндердин миссионерлери да пайдаланышкан.

Дуалисттик окуу Трансоксанияда кыйла бекем орногон, ошондуктан дуалисттердин көтөрүлүштөрүн чоң кыйынчылык менен гана баса алышкан. Көтөрүлүшчүлөрдүн жетекчилери коңшу түрктөрдү жардамга чакырышкан; кээде алар бул максат менен көчмөндөргө өздөрү барышып, алардын арасында өздөрүнүн окуусун таратышкан. Муканна'нын көтөрүлүшү — дуалисттердин акыркы чоң кыймылы 780-ж. ченде басылган; кыязы, аялдар жалпыга таандык деп эсептелгенине караганда анын окуусу маздакилердикине окшош болсо керек. Муканна' өлгөндөн кийин анын сектасы жашоосун уланта берген; аны тутунгандар өздөрүн мусулмандарбыз дешкен, бирок намазды да, дааратты да, орозону да таанышкан эмес; аялдар мурдагыдай эле баардыгыныкы болгон[4]. Макдисинин сөзү боюнча алар ак кийим кийип жүрүшкөн жана өздөрүнүн диний ишенимдери боюнча зиндикилерге[5] жакын болушкан.

Нершахини которгон (522/1128-ж. которулган) Ахмед ибн Мухаммеддин тушунда эле бул секта Кеш жана Нахшеб аймактарында, ошондой эле бухаралык кээ бир кыштактарга тараган. Афганстандын түндүк жагында жана Аму Дарыянын баш жагында соңку саякатчылар байкаган кээ бир үрп-адаттарды, мүмкүн маздакилердин идеяларынын таасири катары түшүндүрүүгө болот. Эльфинстон күйөөсү аялынын бөлмөсүнүн босогосунан бир жуп кепич көрсө кайра тарткан хезарейлер (Түндүк Афганстандагы эл) жөнүндө айтат; Ахмед ибн Мухаммед да трансоксаниялык кайырдиндер жөнүндө да так ушундай кабар берет.

Трансоксанияда ислам кандайча жай тарагандыгын Нершахинин чыгармаларынан жакшыраак көрө алабыз. Исламга байлар өзгөчө каршы чыгышкан; кедейлерди арабдар мечитке ар бир киргени үчүн эки дирхемден бергени өзгөчө кызыктырган. Бухарада биринчи чоң мечитти 94/71213-ж. Кутейба курдурган; бул мезгилде калктын көбүрөгү дале болсо динсиз эке нине карабай 154/771-ж. экинчи мечит курулган. Исламдын бүткүл Трансоксанияда үстөмдүгү эмнеси болсо да өлкөнү арабдар биротоло каратып алганга чейин башталган эмес; ал эми каратып алуу болсо IX кылымдын орто ченинде гана болгонун билебиз.

Бул мезгилде түрк элдеринин ичинде исламды үгүттөө жөнүндө маалыматтар Якутта[6] гана бар. Халиф Хишам ибн Абд алМелик (724—743) түрк султанына элчи жөнөтүп, аны ислам динин тутууга чакырган. Элчи султанга мусулман дининин жол-жобосун түшүндүргөн; султан элчинин көз алдында өз аскерин кароодон өткөрүп, тилмечке мындай деген; «Мына бул элчиге айт, булардын арасында чач тарачтар да, темир усталар да, бычмачылар да жок экендигин төрөсүнө айтып барсын; эгер алар мусулман болуп, исламдын жол-жобосун тута башташса, алар кантип оокат кылышат?»

Биз эми бул мезгил үчүн Трансоксаниядагы христиан дини жөнүндө мусулман маалыматтарын билебиз. Ан-Недим бир «ишеничтүү күбөнүн» сөздөрүн келтирет, анын айтуусу боюнча Согдиананын тургундары дуалисттер жана христиандар[7] болгон; бул жерде мусулмандар жөнүндө эч нерсе айтылбагандыктан, кыязы, бул кабар араб үстөмдүгүнүн алгачкы мезгилине туура келсе керек. Нершахи анын тушунда Бухарада араб уруусунун мечити турган жерде, мурда христиан чиркөөсү болгондугун айтат.

Несториандардын өздөрүнүн чиркөөлөрү жөнүндөгү маалыматтары карама-каршылыктуулугу жана так эместиктери менен айырмаланат. Гератта, Самарканда жана Кытайда митрополияларды негиздөөнү кээ бирөөлөрү патриарх Салибзахага (70102—72930) таандык кылышса, кээ бирөөлөр Ши-лага (504), үчүнчү бирөөлөр Ахейге (411—16) ыйгарышат. Юл мына ушун дан улам Ахей Гератта, Шила болсо Самарканда епископту (митрополит эмес) дайындаган, мына ошондон кийин гана Салибзаха епископторду митрополит даражасына көтөргөн деген жыйынтыкка келген. Айтмакчы, Guidi басып чыгарган чыгыш сириялык епископтордун тизмесинен Гератта 430-ж. эле епископ, 588-ж. митрополит болгондугу көрүнүп турат.

Арабдарга баш ийбеген Орто Азия элдеринин арасында христиан динин таратуу үчүн патриарх Тимофейдин (780—819) тушунда баарынан көбүрөк аракет кылынса керек. Каспий жээктери жакка ал жөнөткөн миссионер Субха-льешу аяктан Орто Азияга ичкерилеп кирип, Кытайга чейин жеткен. Кытайда Алобэнь негиздеген несториан жамааты 636-жылдан бери эле болгондугу белгилүү. Эгер сириялыктарга ишенсек патриарх Тимофей өзү христианга айландырган түрк хаканынан жана башка падышалардан кат алып турган.

Орто Азияда христианчылык кандай маданий мааниге ээ боло ала тургандыгы жөнүндө пикирге келүү үчүн сириялык чиркөөгө мүнөздүү башкы белгилерди кыскача карап өтөбүз.

Б.з. V кылымынын аягында Сасанилер несториандарга колдоо көрсө түшкөн жана аскер күчүнүн аркасында перс христиандарынын арасында несториан динин таратууга көмөк көрсөтүшкөн. Несториандардын Персиядагы үстөмдүгү яковилердин Византиядагы үстөмдүгү менен бирге аяктаган; император Юстин I (518—527) Халкедон соборунун токтомун калыбына келтирип, яковилерди кууп чыккан; ошондон тартып перс падышалары аларды кысымга албай калган. Ар кандай кырдаалга жараша үстөмдүк бирде яковилерге, бирде несториандарга өтүп турган; Орто Азияда якови епископтору Седжестан менен Гератка епископ дайындаган патриарх Маруфанын (624— 649) убагынан тартып гана пайда болгон. Персиядагы православие дини Хосрой IIнин (590—628) тушунда таптакыр жок болгон; араб жеңип алуусунан кийин гана православныйлар (мелькиттер) Персия менен Орто Азияга келе алышкан; кийин, Бирунинин тушунда (1048-ж. өлгөн) Мервде православие митрополити болгонун көрөбүз. Ар кандай диндер ортосундагы күрөш араб үстөмдүгүнүн тушунда да улантылган. Арабдардын көбү несториандар жагына өтүшкөн; несториан патриархы Сабаръешу IIIнүн тушунда (1062—1072) халифтиктин токтому чыгып, анда яковилер менен мелькиттердин епископтору несториан католикосуна баш ийүүгө жана анын жарлыктарын аткарууга тийиш болушкан; бирок ошол эле учурда несториандар башка христиандарга караганда өкмөттүн катуу көзөмөлүндө болушкан; 987-жылдан тартып католикосту (ал тургай епископтордун каалоосуна карабай) халиф бекиткен жана колдоп турган. 1142-ж. гана католикос Эбедьешу III менен мафриан Дионосий жарашкан, ал бул несториандар менен яковилердин ортосундагы араздашууларды токтоткон; ошондон тартып эки чиркөөнүн башчылары тең ыңгай келген жерде бири бирине сый, урмат көрсөтүп турушкан.

Моңголдор доорунда да несториандар христиан динине карата сабырдуулугу менен католиктерден кескин айырмаланышкан.

Буга дейре Сирия маданиятынын башкы ишмерлери перс тукумундагы адамдар болгондугуна көп көңүл бөлүшкөн эмес; бул бир жагынан алардын ысымдары, экинчи жагынан сириялык тарыхчылардын түздөн-түз ырастоолору менен далилденет. Алты католикос—Папа, Шахдост, Маанес же Магнес, Марабохт, Бабуей (православиенин башкы жактоочусу) жана Аба I (Сасанилер мезгилиндеги католикостордун эң мыктысы) перс болушкан; акыркы экөө христиан динин кабыл алганга чейин сыйкырга ишенгендерден болушкан. Андан тышкары буларга IV кылымдагы сириялык мыкты жазуучулардын бири — епископ Фархадже Афраат, Нисибин мектебинин негиздөөчүсү Нарзес, ыйык жазуунун котормочусу, сириялык яковилер окуусунун башкы негиздөөчүсү Филоксен, философ Павел (VI к.) кирет. Несториан маданияты негизинен үч шаарда Нисибин, Жондишапур жана Мерв шаарларында топ толгон.

Алардын биринчисинде диний (аалымдык) мектеп болгон, аны негиздөөчү биз көрүп тургандай персче ысым алып жүргөн. Жондишапурдук медициналык мектептин араб медицинасынын өнүгүшү үчүн мааниси зор болгон; бирок Табариге ишенсек, бул үчүн несториандар Чыгышка милдеттүү: Шапур IIнин (309—379) тушунда Сузыга атактуу индиялык дарыгер келген; тургундар анын өнөрүн өздөштүрүп, Персиядагы мыкты дарыгерлерге айланышкан. Белгилүү болгондой, Сасанилердин тушунда Мерв эң маданияттуу шаарлардын биринен болгон.

Сирия маданияты арабдардын мезгилинде да өнүгүүсүн уланткан; дин тануучулардан тышкары биз мында философторду, медиктерди, юристтерди, тарыхчыларды жана грамматиктерди кездештиребиз. Несториан дарыгерлери улуу араб философ-табият таануучуларынын окутуучуларынан болгону белгилүү жана сириялыктардын котормолорунун аркасында арабдар грек адабияты менен таанышкандыгы белгилүү. Халифтерде кызмат кылган несториан дарыгерлери кээ бир саясый таасирлерге ээ болушкан; андан тышкары халифтер христиандарды ар кандай экинчи даражадагы кызматтарга коюшкан. Бирок чиркөөнүн ыйман ибадаттык абалы айласыз начар болгон; жеткен бузукулук жана кара жемсөөлүк, ал тургай эң даражалуулар арасындагы да кадыресе иш болгон.

Орто азиялык христиандардын турмушунда зор мааниге ээ несториандык аскетизм жөнүндө бир нече сөз айтууга туура келет. V кылымда Барсуманын демилгеси менен несториан чиркөөсүндө аскетизмге каршы кыймыл болуп өтөт; 485-ж. собордук буйрук боюнча кечилдер, эгер кармана алышпаса никеге кирүүгө укуктуу болушкан; 499-ж. собордо патриархтар менен епископторго бир жолу үйлөнүүгө, дин кызматчыларына экинчи жолу үйлөнүүгө уруксат кылынган. Акыркы укук ак динди тутунгандар үчүн кийин да сакталып калган; бирок кечилдер жана жогорку даражадагылар үчүн VI кылымда эле каршы аракеттер башталган. 544-ж. Синоддо патриарх Абе Iнин (518—552) тушунда үйлөнгөн адамдарды епископтукка жана патриархтыкка шайлоого тыюу салынган; ошол кылымдын эле башында Кашкардагы (месопотамиялык) кечил Авраам Египетке жөнөтүлгөн жана аяктан мекенине кайтып келген соң, египеттик үлгүдөгү катаал монастырдык тартипти киргизген; бул үчүн ал «кечилдер атасы» деген атка конгон. Козьма Индоплаватель эле Орто Азиядагы дубанакечилдер жөнүндө айтып өткөн. Биз несториандарда кийин аскетизм кыйла өнүккөндүгүн көрөбүз; Шахристанинин сөздөрү боюнча несториандардын арасында «табынуучу» өзгөчө тап болгон, алар эт жегенден жана башка ар кандай лаззат жыргалчылыктарынан баш тартышып, ошонун аркасында диндин толук тазалыгына жетишүүгө, көккө көтөрүлүп, кудайды көрүп, бардык купуя сырларды билип алууга үмүт кылышкан.

[1] Бичурин, Собрание сведений, III, 245. Эми немисче котормосун салыштыр: Hirth, Nachworte, S. 71.

[2] Бул салгылаш жөнүндө араб (Ибн ал-Асир, изд. Торнберга, V, 344; Табари менен Балазури ал жөнүндө сөз кылышпайт) жана кытай (Klaproth, Tableau historique, р. 213; эми кийинкини салыштыр: Hirth, Nachworte, S. 82) кабарларын билебиз. Карабачектин макаласында Das arabische Papier, S.. 113) 755ж. жаңылыш көрсөтүлгөн. <Э. Шаванн белгилегендей (RHR, vol. XIV, р. 124), чындыгында Карабачекте туура дата — 751ж. июль көрсөтүлгөн. —Ю. Б.>

[3] Бичурин, Собрание сведений, I, 372; Маrquart, Die Chronologie, S. 25. Ибн ал Асирде (изд. Торнберга, V, 152) карлуктар хижранын 119ж. (737-ж.) эле Тохарстандын жанында пайда болгондугу таңгаларлык. Ушул эле кабар Табариде да кездешет, II, 1612; бул, кыязы, карлуктардын өзгөчө бир канаты болсо керек (салыштыр: Barthold, Die alttürkische Inschriften, S. 27). Ошол эле жерге жакын, бирок Аму-Дарыядан түндүгүрөк Сюань Цзан (пер. Жюльена, I, 26) сису (Шзи) же хосу түрктөрү жөнүндө айтат; Томашек (Sogdiana, 3. 40) булар гуздар болгон деп божомолдойт.

[4] Нершахи, изд. Шефера, 73. <Маздакилер менен Муканна'нын жолун жолдоочулардагы «аялдардын жалпыга таандык» экендиги жөнүндө кабардын мааниси жөнүндө кара: <Бартольд, Соч., т. 11(1), стр. 217, прим. 31. —Ю. Б.>

[5] Макдиси, 323. Иерусалимдин аты азыр ориенталисттер тарабынан мурдагыдай деп окулбастан, делип окулгандыктан, биз Макдисинин формасын колдонобуз. Эми де Гуенин Макдисинин формасын колдонууга каршылыгын салыштыр: JА, ser. 9,1. XIV, р. 367. Биз буга тескерисинче Сам'анинин Китаб ал-ансабында (Азия музейиндеги кол жазма, 4176 барак) Мукаддаси эмес, Макдисинин формасы гана келтирилгендигине көңүл бурабыз. Сөзүнүн ар кандай мааниси жөнүндө барон В. Р. Розендин “Два слова” макаласын кара. Мында термини кээде буддисттерди белгилөө үчүн да колдонулгандыгына көңүл бурулган.

[6] Му'джам, I, 839. <Орусча басылышында «...бизде Якуттан бир гана маалымат бар» деп айтылган. —Ю. Б.>

[7] Фихрист, I, 18. мүчөсүн сөзүнө таандык кылса да болот. Ан-Несефи (Кандийа, рук. Аз. муз. аа 574 аg, л. 8 жана аbb 574 аg, л. 3; эки кол жазмада тең турат) бул шаарды Кутейбанын замандашы Самаркан падышасы (Табарини басып чыгаргандар деп окушкан; бирок кытайча транскрипциясы у-ле-цзя деп көрсөткөндүктөн деп окуу керек; салыштыр: Marquart, Die Chronologie, S. 8, Томашек боюнча —Sogdiana, S. 78) негиздеген дейт; падыша бул шаарды өзүнүн бир тууганына тартуулаган. Арабдар Самарканды басып алгандан кийин исламды кабыл алууну каалабаган ак сөөктөр кетип калышып, өзгөчө шаарды негиздеши толук мүмкүн; Бухарада да ушундай эле болгон (Нершахи, изд. Шефера 47, 62). Ан-Недимдин шаарында түрктөр жашаган деген сөзү Самарканда түрктөр сулалеси үстөмдүк кылгандыгын көрсөтөт, бул болжолду аныктаган башка маалыматтар да бар. Бардык жерде деп окуу керек; шаар жөнүндө толугураак кара: Barthold, Die alttürkische Inschriften, S. 22.<Ошондой эле кара: Бартольд, Туркестан, — Соч., т. I, стр. 147.>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз