Василий Бартольд: Моңголдорго чейинки Түркстандагы христиан дини – I

  • 03.10.2020
  • 3825

1886-ж. Жети-Суу аймагында ачылган несториан жазууларынын 206сы азыр професор Д. А. Хвольсон менен академик В. В. Радлов тарабынан лингвистикалык жактан изилденди жана талданды; бул эмгекке профессор Хвольсондун Орто Азиядагы несториан дининин таралышы жөнүндөгү макаласы кошо берилип, анда бул тармакта европалык окумуштуулардын жасагандарынын дээрлик бардыгы топтоштурулган.

Бирок европалык илимпоздордун изилдөөлөрү биз чыгыш жазууларынан кездештирген материалдардын баарын эле камтый бербейт. Бизде орто азиялык христиандар жөнүндө бир нече атайын монография бар; бирок алардын бардыгы же уламаларга, же кытай изилдөөчүлөргө таандык болуп, көбүнесе Чыгыш Азияга тиешелүү; мусулман даректерин дале болсо эч ким чогултуп жыйнай элек жана Рашид ад-диндин кераиттер[1] жөнүндөгү сөзүнөн башкалары эң сейрек келтирилет. Мына ошондон улам, бул кабарларды чогултуу жана аларды ушул эле өлкөлөргө тараган башка маданий элементтер жөнүндөгү кабарлар менен салыштырып көрүү артык баштык кылбай тургандай көрүндү.

Жети-Суу аймагы жөнүндө эң байыркы маалыматтарды кытайлардан табабыз. Батыш Түркстандагы биринчи кытай элчилиги б.з.ч. 140-жылга таандык, ошондон тартып кытайлардын Түркстан элдери менен алакасы б.з. II кылымына чейин созулган, ушул кылымдан тартып алака толук үч жүз жылга токтотулган.

Жети-Сууда ал кезде көчмөн усун эли жашаган; усундар жөнүндөгү кытай маалыматтарына караганда, алар маданий өнүгүш даражасы боюнча шаман дининдеги башка көчмөн элдерден айырмаланган эмес деген тыянакка келүүгө болот. Алардын өлкөсүндө жайыттар жана ийне жалбырактуу токойлор көп, бирок өтө жаанчыл жана суук болгон. Чыгыш Түркстандан Батыш Түркстанга кеткен башкы соода жолу Кашкар менен Фергана аркылуу өткөн, ошондуктан Жети-Суу дагы эле маданият кыймылынан обочо кала берген.

Кытайлардын б.з. II кылымынын жарымында токтогон «батыш тарап» менен алакасы V кылымда гана кайта жанданган. Бул мезгилде өлкөдө кыйла маанилүү өзгөрүүлөр болуп өткөн; «Түндүк ордолор тарыхы» боюнча батыштагы ээликтер бул мезгилде «бири-бирин жалмап турушкан жана аларда болуп өткөн окуяларды айкын элестетүү кыйын».

VI—X кылымдардагы кытай тарыхчылары алардан мурункуларга караганда Орто Азия элдеринин маданияты жөнүндө кыйла көп маалымат беришет. Биз эми өз маанилерин орто кылымдардын аягына чейин сактап келген бири Трансоксаниядагы, экинчиси Уйгурстандагы эки маданий борборду көрөбүз. Биз андан ары Жети-Сууда трансоксания маданияты уйгур маданиятынан кыйла мурда тарагандыгын көрөбүз.

Маданий жактан алганда усундардан түндүк-батышта жашаган көчмөн юебань эли жөнүндөгү маалымат кызыктуу. Кытайлар аларды хунндардын урпактары деп аташат жана алардын үрп-адаттары, тили гаогюйлардыкына (уйгурлардыкына) окшош дешкенине караганда, алар кыязы, түрктөр болсо керек; бирок алар бөлөк көчмөндөрдөн таза жүрүшкөндөрү менен айырмаланышкан жана бир күндө үч жолу жуунушкан.

Фергана жана Кашкар аркылуу өткөн мурдагы жол кыска, ыңгайлуу болсо да, Батыш Түркстандан Жети-Суу аркылуу Чыгыш Түркстанга өткөн жол VII кылымда биринчи жолу айтылат. Соода жолунун алмашылышын ар кандай себептер менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиден, Жети-Суу бүткүл Орто Азияга жана Чыгыш Европанын бир бөлүгүнө үстөмдүк кылган түрк хандары мекендеген жерге (Алтай жанында) карай кеткен жолдо болгон; мындай көчмөн бийлик ээлеринин ордолору дайыма маанилүү соода түйүндөрү болуп турган. 581-жылдан кийин түрктөр мамлекети экиге бөлүнүп кеткен; батыш түрктөрүнүн хандары мурдагыдай эле усун ээликтеринде жашашкан; бул Жети-Сууга соодагерлерди ого бетер кызыктырууга тийиш эле.

Акырында Сюань Цзандын (648ж.) сөзү боюнча VII кылымда Ферганадагы бир нече ондогон жылдарга созулган коогалаңдар да таасир тийгизиши мүмкүн болгон. Жаңы соода жолдорунун өтүшү отуруктуу турмуш менен цивилизациянын таралышына таасирин тийгизбей коё албайт эле.

Батыш Түркстандын маданияты жөнүндөгү эң чын маалыматтар 629-ж. ченде[2] бул жерлерде болуп кеткен Сюань Цзанга таандык. Ал Ак-Суудан Теңир-Тоо аркылуу чоң кыйынчылык менен өткөн (кыязы, Бедел ашуусу аркылуу өтсө керек); Ысык-Көлдүн тескейин бойлоп өтүп, ал Суйе (Чүй) дарыясына келген; бул жерде ар кайсы өлкөлөрдүн соодагерлери чогулган шаар[3] болгон. Андан батышта өз-өзүнчө жаткан шаарлар болгон, алардын ар биринин башкаларга көз каранды болбогон өзүнчө башчысы болгон; бирок бардык башчылар түрктөргө баш ийишкен. Чүйдөгү шаардан Гешуанна[4] падышалыгына чейин өлкө Сули деп аталган; анын жашоочулары да ушундайча аталышкан, ошондой эле алардын жазуусу менен тилине да ушул аталыш колдонулган; алфавити 32 белгиден турган. Алардын тарыхый чыгармалары болгон жана алар бири-бирине китепти түшүндүрүп беришкен; китепти жогортон төмөн карай окушкан. Элдин сырткы келбети жөнүндө, алардын узун бойлуу болгондугу гана айтылат; алардын кийимдери пахтадан, жүндөн жана булгаарыдан жасалган; алар көбүнчө чачтарын түйүп коюшат жана төбөсүн ачык калтырышат; кээде чачтарын такыр кырдырып, чекелерин жибек чүпүрөк менен байлап алышкан. Алар мүнөздөрүнүн жумшактыгы, калпка, жүзүкаралыкка, сараңдыкка жана ар кандай алдамчылыкка жакындыктары менен айырмаланышат. Байлары аябай кадыр-барктуу болушкан, бирок сырткы көрүнүштөрү боюнча кедейлерден айырмаланышкан эмес. Калктын теңи дыйканчылык, теңи соодагерчилик кылышкан.

Гешуанна падышалыгы (мусулмандарда Саганиан, кытайлар кээде жөн эле Шы деп аташкан) Самаркандан түштүктө болгон. Мына ошентип, Сюань Цзандын баяны Аму-Дарыя менен Чүйдүн ортосундагы өлкөлөрдүн маданий биримдиги жөнүндө божомолдоого мажбурлайт. Бул маданияттын чордону, кыязы, Самаркан болсо керек; Сюань Цзандын айтканы боюнча Самаркандын жашоочулары ыймандык жана адептүүлүк жактан коңшуларына үлгү болушкан. Кытай тарыхчыларынын сөздөрүнөн да Самаркандын саясий мааниси зор болгондугу көрүнүп турат.

Сюань Цзандын басып өткөн жолу, кыязы, «Тан сулалесинин тарыхында» келтирилген жол менен бирдей болсо керек: Ысык-Көлдөн 40 ли батышта Дун шаары болгон. Андан 110 ли жерде Холе[5] шаары турат. Ечжи[6] өрөөндөн өтүп, Суйшэчуань дарыясынын чатына жетесиң. Андан 80 ли жерде Фило-цзянь-цзюнь шаары турат.

Суйе мурдагыдан батышты карай; андан түндүктү карай Суйешуй суусу агат. Дарыядан 40 ли түндүктө түрк хакандары жашаган Цзедань тоосу бар. Суйеден 10 ли батышта Миго[7] шаары турат.

Трансоксаниядагы буддизм жөнүндө бизде башка маалыматтар да бар. Ан-Недимдин сөзү боюнча бул жерде бутпарастар манихейлерден мурда болгон; Фихристтин башка бир жеринде мындай делет: «Исламга чейин жана байыртада Мавераннахрдын калкынын көбү ушул динди (буддизм) тутушкан ). Биз бул сөздөрдөн улам Трансоксанияда түздөн түз мусулмандар жеңип алганга чейин буддизм үстөмдүк кылган дин болгон деген жыйынтык чыгара салаарыбыз кыйын.

Сюань Цзан өзү болгон бардык өлкөлөрдөгү бутпарастык ступалар, кечилканалар ж.б. жөнүндө толук баяндап берет; Трансоксаниядагы буддизм жөнүндө Аму-Дарыянын жээгиндеги аймактардан башка жерлер тууралуу бир да сөз айтпайт. Сюань Цзандын кытайча өмүр баянында Самаркандагы падыша менен эл Будда окуусуна эч ишенишпегендиги жана алар отко сыйынышкандыгы жөнүндө так айтылат. Эки будда кечилканасы болгон, бирок алар аңгырап ээн калган; ага баш кал калаган чет жердик дубаналарды жергиликтүү эл чычалалар менен кубалашкан. Сюань Цзан бул жерде буддизмди калыбына келтире алган; падышанын өзү ал тарапта болгон; эки кечилканага кайрадан дубаналар толуп алган; бирок анын бир азга созулган иш-аракети бекем таасир калтырышы күмөн. Чыгыш Түркстанда индиялык жазма, ал эми Батыш Түркстанда башка бир алфавит таралгандыгы анын баянынан көрүнүп турат.

Кытай тарыхчылары Чыгыш Түркстанда жана Афганстанда индиялык жазма таралгандыгы жөнүндө айтышат, ал эми трансоксания жана уйгур жазууларын белгилөө үчүн өзгөчө тержинди (хушу “жапайылар жазуусу”) пайдаланышат. Трансоксания жазмасы жөнүндө колубузда ан-Недимдин маалыматы бар, анын сөздөрү боюнча Мавераннахр менен Самаркандын калкы өз китептеринде манихей жазмасын колдонушкан. Персияда жана Рим империясында бирдей куугунтукка алынган ар кандай дуалисттик секталардын жолун жолдоочулар III кылымда эле Трансоксанияга сүрүлө баштаган. Алардын көбүрөгү манихейлер болгон; белгилүү тартипте бекем уюмдашкандыгы да аларга артыкчылык берген; мына ушулардын баарынын аркасында алар үстөмдүк абалга жетишкен. Башка дуалисттерге келсек, дейсанилер Хорасанга жана Кытайга чейин таралышкан, бирок чачыранды жашашып, храмдары болгон эмес; Шахристанинин айтуусу боюнча маздакилер Самарканда, Шаш тажана Илакта жашашкан. Алар Сыр-Дарыя менен Чүйдүн ортосундагы өлкөдө маданиятты биринчи таратуучулар болушу жана манихейлерден кыйла аз экендиктерине байланыштуу кийин алардын таасиринде калуулары толук ыктымал.

Буга окшош мисалды мусулман доорунан көрө алабыз: Саманилердин ээликтеринде ханифизм жааты үстөмдүк кылган; бирок мамлекеттин түндүк чет жакаларында шафииттер жашаган, алар, сыягы, коңшу түрктөргө исламды алгачкы таратуучулар болушкан. Бул ханифизмге түрк элдеринин арасында үстөмдүккө жетишүүгө тоскоолдук кылган эмес. Айтмакчы, биз алдыда маздакилер идеясы Трансоксаниянын калкына узак убакытка жана кыйла күчтүү таасир бергенин да көрөбүз.

IV кылымда христиандар жапырт чыгышка журт которо башташат (айрым миссионерлер, кыязы, аякка мурда эле барып жүрүшсө керек); 334-ж. Мервде христиан епискобу болгондугун көрөбүз. Бирок христиандардын кыймылы дуалисттердин кыймылына караганда кыйла чакан болгон: перс падышалары христиандарды христиан дини Рим империясында үстөмдүк кылган дин болуп калгандан кийин гана куугунтукка ала башташкан, ошондуктан Батыш Персиянын христиандары (алар, албетте чыгыштагыга караганда аякта кыйла көп болгон) Рим ээликтерине оңой качып кете алышкан. Андан тышкары, кайырдиндиктин таралышы бардык жерлердегидей эле башка динди үгүттөөгө караганда кыйла катуу куугунтукталган. Буддисттер, христиандар жана марционилер Хорасанга баш калкалашкан; дейсанилер, манихейлер жана маздакилер Сасанилер мамлекетинин чегинен чыгып кетүүгө тийиш болушкан. Сюань Цзан трансоксания жазмасы сули аталган дейт; мында, кыязы, сирия жазмасы (шури) жөнүндө сөз болуп жатса керек.

Персияда тараган диндерди тутуучулардын өз алфавити болгондугу, бирок бул бардык алфавиттердин прототиби же негизи сирия алфавити болгондугу белгилүү. Араб даректеринен манихейлердин ыйык китептери көбүнесе сирия тилинде жазылгандыгын билебиз. Сюань Цзан белгилеп өткөн тамгалардын саны христиандарга караганда манихейлерге тийиштүү болуш керек. Сириялык христиандардын алфавитинде 22 тамга болгондугу белгилүү; тиргандык Илья грамматик гана отуз тамганы санап чыккан (көмөкөйлүү алты тамганы жана гректердин γ менен π тамгаларын кошуп). Манихей алфавити байыраак болгон; ан-Недимдин айтуусуна караганда анда тамга араб алфавитиндегиден көп болгон; б. а. 28ден ашык болгон. Биздин колубузда Сасанилер доорунда Трансоксанияда христиан дининин таралышы жөнүндө тарыхый изилдөөгө негиз болуп бере ала тургандай бир дагы маалымат жок[8], болгону божомол гана бар (ал жөнүндө сөз алдыда), ал боюнча Самарканда VI кылымда эле христиандардын епискобу болгон[9].

Уландысы >>>>>>

[1] Кераиттер Моңголияда Орхондон чыгышта жашашкан, алардын христиан динин кабыл алышы жөнүндө Рашид аддин биринчи болуп Saint-Martin (Memories,t. II, р. 280) келтирген жана ошондон бери алар көп келтирилет.

[2] <Бул макаланын> орусча басылышында жол баяндары жазылган дата — 648-ж. деп туура эмес келтирилген. Сюань Цзандын саякаты 16 жылга созулган (629—645), анын көбүн ал Индияда өткөргөн. Кара; Жизнеописание Сюань Цзана, пер. Жюльена, стр. VIII.

[3] Бул шаардын жергиликтүү аталышы Суяб болгон.

[4] <Азыркы транскрипциясы—Цзешуанна.> <Азыркы транскрипциясы—Цзешуанна.>

[5] <Азыркы транскрипциясы—Хэле.>

[6] <Немисче котормодо ушундай (Хирт боюнча); орусча басылышында «Шэчжи» делет. Кийинки эскертүүнү салыштыр.—Ю. Б.> Хирт боюнча «капчыгайдан Суйе өрөөнүнүн чатына чыгасың». <Е менен шэ— бир эле иероглифтин эки башка окулушу, бирок Тан мезгили үчүн е болуш керек (байыркы окулушу 1 ар; кара: Karlgen, Phonologie, р. 859). —Ю. Б.>

[7] Хирт боюнча—«Ми өлкөсүнүн шаары».

[8] Guidi (Ostsyrische Bischöfe) басып чыгарган 410—677-жылдардагы синоддорго катышкан несториан епископторунун тизмесинен трансоксаниялык епархияларды таба албайбыз. 577-жылдагыда (мосул кол жазмасында ушундай) шаарынын епискобу жөнүндө айтылат; Guidi Самаркан деп божомолдойт; бирок рим кол жазмасында жазылган шаарынын, кыязы, соңку Мерверруддун (азыр Мургабдагы Меручак) епискобу жөнүндөгү кабар (553-жылдагы) кызыктуу; (<бул макаланын немисче котормосу басылып чыккандан көп өтпөй В. В. Бартольд Мерверруд Меручактын ордунда эмес, азыркы Бала-Мургабдын ордунда болгон деген тыянакка келген; кара: Бартольд, Мерверруд. —Ю. Б.>). Бул епархия жөнүндө башка кабарлар бизге белгисиз.

[9] <Буддизм, христиан жана манихей диндеринин араб жеңип алууларына чейин Орто Азияда таралышы жөнүндө кара: Беленицкий, Вопросы идеологии и культов Согда, стр. 36—52. Манихей дини жөнүндө акыркы эмгекти кара: Klima, Manis Zeit und Leben. VIII—X кылымдарга чейин Орто Азияда таралган алфавиттер жөнүндө кара: Оранский, Введение, стр. 154—163; Gabain, Alttürkishe Grammattik, S. 9—41. — С. К.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз