Василий Бартольд: Моңголдорго чейинки Түркстандагы христиан дини – III

  • 24.10.2020
  • 3316

Башы>>>>

IX кылымда перстерден чыккан мусулман сулалери пайда болот. Биз үчүн эң маанилүүсү Хорасан менен Трансоксанияда, кез-кез Батыш Персияда да үстөмдүк кылган Саманилер сулалеси (874—999).

Алардын мамлекети Сасанилер монархиясынын үлгүсүндө башкарылган; ал тургай перс тили официалдуу кагаздардын тили да болгон; бирок ислам үстөмдүк кылган дин боюнча калган. Дуалисттик секталардын жолун жолдоочулар дале болсо кыйла көп болгон; жогоруда биз айыл калкынын арасындагы зиндикилер жөнүндө кабарды келтиргенбиз. Сасанилер кулатылгандан кийин манихейлер жарым-жартылай Батыш Азияга кайтып келишкен; халиф Муктадирдин тушунда (908—932) алар кайрадан чыгыш тарапка кетүүгө мажбур болушкан, алар аякта Саманилер тарабынан ошондой эле куугунтукка алынган жана тугузгуз хаканынын болушкандыгынан гана аман калышкан. Ошондон тартып манихейлердин башчысынын жашаган жери Самаркан болуп калган.

Саманилердин ээликтериндеги христиан дини жөнүндө биз бир нече маалыматты билебиз; алардын ичинен эң маанилүүсү—Ибн Хаукалдын самаркандык христиандар жөнүндөгү кабары. Самаркандын чет жакаларынын ичинен жеринин түшүмдүүлүгү жана абасынын тазалыгы менен шаардын түштүгүндөгү Савдар[1] тоосу өтө айырмаланган. Бул тоодон Согданын көп бөлүгү көрүнүп жатчу. Тоону сугат арыктары менен тилмеленген айдоолор жана жемиш бактары ээлейт; ушул эле жерде христиандардын там-тарактары, кельялары жана алардын жамаатынын чогулуучу жери болгон. Ибн Хаукаль ал жерден бир нече ирактык христиандарды көргөн, алар эң сонун климатка жана бышыкчылыкка кызыгып келишкендер эле. Бул кыштактын аты кол жазмаларда ар башкача берилет.

Андан тышкары Ибн Хаукаль менен Якут Ташкен аймагынын чегиндеги христиан кыштагы жөнүндө айтып өтүшөт; бул аталыш да ар кандай формаларда берилет. Акыры Истахри да Гераттын жанындагы христиан чиркөөсү жөнүндө эскерип өтөт. Мерв митрополиясынын мааниси кандай болгондугун Бируни хорасандык митрополитти бир нече жолу католикос деп атагандыгынан көрүүгө болот. Айтмакчы, христиандар анча көп болгон эмес; Макдисинин айтуусу боюнча Саманилер мамлекетинде еврейлер көп болуп, христиандар аз болгон.

Саманилер түрктөр өлкөсүнө сейрек жортуул жасашып, көбүнчө өз ээликтерин коргоо менен чектелишкен; чек арадагы кээ бир шаарларды гана ээлеп алышкан. Ажак, Нух ибн Асад (халиф Му'тасимдин тушунда, 833—842) түрктөрдөн Исфижаб аймагын тартып алган, ал жерди бир кезде арабдар ээлеп, кийин алдырып жиберишкен; Исма'ил ибн Ахмед Таласты алган, X кылымда Саманилер түрктөрдөн Фергана чегине жакын жаткан Хефтде (Жети кыштак) деген жерди тартып алышкан.

Ошол кезде мусулмандар менен Чыгыш Азия элдеринин соода катнаштары эң кеңири болгон; Самаркандын чыгыш дарбазасы кытай дарбазасы деп аталган.

Кытайга кеткен жол үч түрк элинин — гуздардын, карлуктардын жана тугузгуздардын[2] колунда болгон; гуздар Каспий деңизинен Исфижаб аймагына (Чымкенттин жанында) чейин жашашкан, карлуктар арабдардын[3] Ферганадагы ээликтеринин чек арасынан чыгышты карай 30 күнчөлүк жолдогу өлкөдө, тугузгуздар Кытайга чейинки калган жерлерде жашашкан. Албетте, бул жерде башка көчмөндөр да болгон, бирок мааниси боюнча айтылган үч элден алда канча артта турушкан.

Батыш Түркстандан Чыгыш Түркстанга кеткен жолдун так сүрөттөлүшүн Ибн Хордадбек менен Кудамадан табабыз.

Араб ариптеринин өзгөчөлүктөрүнүн натыйжасында шаар аттарынын окулушу чоң кыйынчылыктарды туудурат; Суябдан кербендер 15 күндө (түрк почтасы 3 күндө) Жогорку Нушжанга жеткен.

Бул жолдун өзүнөн түндүктү карай кумдуу талаа башталган; түштүккө карай кырка тоо (Александр[4]) созулат. Касра-Баста карлуктардын кыштоолору, андан анча алыс эмес жерде башка бир эл—халаждардын кыштоолору болгон. Касра-Бас менен Кул-Шубдун ортосундагы жолдун оң тарабында дүйүм чөптөр, жашылча-жемиштер өскөн тоо бар. Невакетке чейинки эң маанилүү пункттар Кулан менен Мирки болгон; Невакет чоң шаар болгон; андан Жогорку Нуш жанга түз жол кеткен. Суяб шаары Кубал жана Сагур-Кубал деп экиге бөлүнгөн. De Goeje «De muur van Gog en Magog» макаласына өз рецензиясында Тома шек бул маршрутту талдап чыгып, аны жогоруда келтирилген «Тан сулалесинин тарыхындагы» (Таншу) кытайлардын маршруту менен салыштырып, ошол аркылуу шаарлардын чыныгы аттарын калыбына келтирүүгө аракеттенет. Ал төмөнкүдөй тыянакка келет:

1) Тараз азыркы Олуя-Атадан 5 фарсах түштүктөгү (араб мезгилинде анда Шелжи болгон делет) Таласка туура келет[5].

2) Касра-Бас — “Шахнамеде” эки жолу айтылып өткөн түрк чеби (Качар-Башы) болушу мүмкүн; Олуя-Атанын[6] ордунда болушу ыктымал.

3) Кулан — азыркы Тарты; кытайларда бул жер Цзюй-лань аталат (Ашпарадан 70 ли батышта, Далоседен 140 ли чыгышта).

4) Ашпара (кытайча Осуболай), Асбара суусунда (азыркы Чалдыбардын ордунда). Шереф-ад-дин боюнча Темир 1406-ж. Кулан тоосунан чыгыштагы Ашпара чебин калыбына келтирүүнү буйрук кылган.

5) Нузкет аталышы Макдисиде Нушкет — кытай транскрипциясынын негизинде Дуньңзянь, мүмкүн Тумкет деп окулууга тийиш; Ак-Суу суусунун боюнда жайгашкан; азыркы Ак-Суунун өзү болушу этимал.

6) Жул азыркы Пишпекке дал келет. Рашид-ад-дин боюнча Жул[7] түндүктөгү наймандар менен түштүктөгү бури-тибеттиктердин ортосунда болгон. Идриси Ферганадагы Ахсикеттен бийик ашууга (Александр кырка тоосундагы Каракол ашуусу) чейинки 6 күндүк жолду жана андан Жулга чейинки 3 күндүк жолду келтирет.

7) Сарыгдын ордуна (түркчө сарык “сары”), кытайча Мигонун негизинде Марг (кичине шалбаа?) деп окулушу мүмкүн.

8) Карлук хакандарынын борборун Сюань Цзан Суйешуй, «бардык коңшу өлкөлөрдүн көпөстөрү чогулчу жер» деп атайт. Суйешуй — бул Чүй; бул жер азыркы Токмоктун жанындагы урандылар. Бул жерде түрк христиандарынын мүрзөлөрүнө коюлган көп таштар да бар.

9) Суяб (дегендин ордуна Томашек же — Конак же Катак деп окуйт) Ысык-Көлдүн батыш кылаасында жайгашкан[8].

(Нушжан) дегендин ордуна Томашек (Барскан) деп окууга кеңеш берет да, бул сөздү Нарындын (б.а. жогорку Сыр-Дарыянын) башаттарынын бири — Барскоондун аты менен жакындаштырат; ага жакын жердеги ашуу да ушундайча аталат[9].

Кытай аталыштарын арабча аталыштар менен жакындаштыруу, кытай аталыштары көбүнесе VII кылымдын биринчи бөлүгүнө, араб аталыштары IX кылымдын аягына туура келгендиги менен кыйындайт. Эки жарым кылым ичинде шаарлардын аттары эле эмес, кербен жолдорунун багыттары да өзгөрүп кетиши мүмкүн эле. Кытайлар Куландан Таласка чейин 60 ли, Ашпарага чейин 70 ли деп эсептешет, арабдар биринчи аралыкты 17, экинчисин 8 фарсах дешет. Ошондуктан кытай транскрипциясы бизге керектүү маалымат бере алышы арсар. Азырынча де Гуенин окуганын карманып турабыз, бирок биз аларды эң туура деп эсептегендигибизден эмес, аларды өзгөртүү үчүн же тиштүү далил жоктугунан колдонобуз.

Азыркыга чейин өз атын сактап калган Миркинин же Меркенин жана азыркы Чалдыбар суусунун боюндагы Ашпаранын турган жери талашсыз. Чалдыбардан Меркеге чейин 26 верста33 деп эсептелет; демек, Ибн Хордадбек менен Кудаманын
фарсахы болжол менен 6 верста (6½ км) келет. Нузкет алган орду боюнча чыны менен
эле Беловодск бекетине (Ак-Суунун орусча аты, Чалдыбардан 50 верста) туура келет.
Жул, кыязы, Беловодск бекетинен 40 верста жерде турган Пишпектен чыгышыраакта
болгон шекилдүү, анткени бул 8 фарсах үчүн өтө эле аздык кылат[10]. Сарыгды Токмоктун (Пишпектен 58 верста) жанына, түрк хаканынын борбору Эски Токмоктун (Токмоктон 17 верста) жанына, Невакетти Жел-Арык бекетинин (Эски Токмоктон 26¼ верста) жанына жайгаштырууга болот. Акыркы шаарды биз кийин да кездештиребиз; ал Ибн ал-Асирде 119/737-ж. эле эскерилип өткөн. Эгер араб географтары көрсөткөн аралыктар чын болсо, анда Суяб Ысык-Көлдүн батышынан кыйла алыста болушу керек эле. Чүйдүн баш жагы менен Барсхандын ортосундагы аралык 15 күндүк кербен жолу же 3 күндүк почта жолу үчүн өтө кыскалык кылат[11].

Ферганадан Жогорку Барсханга барчу дагы бир жол болгон. Өзгөндөн (Ферганадан) акабага (тоо ашуусу) чейин бир күндүк жол жана акабадан бийик дөбөдөн орун алган Ат-Башы шаарына чейин да ошончо; андан Жогорку Барсханга чейин 6 күндүк жол; бул шаарлардын ортосунда жайыттар менен булак суулар болгон, бирок бир дагы кыштак болгон эмес. Ат-Башы шаары орус жана кытай ээликтеринин чегинен алыс эмес жердеги ошондой эле аталган тоо кыркасынан башат алган Ат-Башы суусунун боюнан орун алган. Өзгөн шаары менен Ат-Башы суусунун ортосундагы аралыктын (200 верстадан ашуун) тоолуу экендигин эске алсак эки күндүк жол үчүн өтө алыстык кылат; кыязы, мында жаңылыштык кеткен шекилдүү, анткени Кудаманын айткандары боюнча Ат-Башы Тибеттен (б.а. тибет ээликтеринен), Ферганадан жана Барсхандан бирдей алыстыкта турган[12].

Арабдар Орто Азия элдери менен негизинен ар кайсы жактардан — Тибет, Индия, Кытай, тугузгуздардан, кыргыздардан жана башкалардан алып келинүүчү жыпар (эң жакшысы тибеттики деп эсептелчү) менен соода кылышкан. Кыргыздар ал кезде тугузгуздардан түндүктө жашашчу; алардын ээликтери Ибн Хаукалдын айтуулары боюнча тугузгуздардын, кимактардын, карлуктардын, гуздардын жерлери жана мухит менен чектешкен. Биз соода жолдоруна толугураак токтолуп жатабыз, анткени аларды диний үгүт насыят да пайдаланууга тийиш болгон. Биз түрктөр ар кандай секталардагы дуалисттердин, өзгөчө манихейлердин үгүтүнө эрте кабылгандыгын көрүп отурабыз.

Эгер Мас'удиге ишенсек, анда X кылымда манихеизмди тугузгуздар гана тутушкан, бирок бул башка маалыматтарга туура келбейт. Ибн ал-Факих түрктөрдүн көбү зиндикилер болгон дейт; Бируни чыгыш түрктөрүнүн, кытайлардын, тибеттиктердин көбү жана индустардын бир бөлүгү манихейлер болгон деп эсептейт. Мас'удинин сөздөрүн башка түрктөрдөн кыйла билимдүү болушкан Чыгыш Түркстандын жергиликтүү калкында (алар тугузгуздарга баш ийишкен) манихеизм жогорку деңгээлде өнүккөн деген мааниде түшүнсөк болчудай; көчмөндөр жаңы динди кабыл тутуу менен дайыма өздөрүнүн мурдагы шамандык үрпадаттарынын жана ишенимдеринин көбүн сактап калышкан. Айтмакчы, араб саякатчысы Темим ибн Бахр ал-Муттавви'инин сөздөрүнөн тугузгуздардын борборунда гана калктын көпчүлүгүн манихейлер түзгөндүгүн, ал эми өлкөнүн калган жерлеринде Зороастранын жолун жолдоочулар көп болгондугун аныктоого болот. Уйгур манихейлери өз динин, ал тургай Кытайда да таратышкан; ошондуктан алардын үгүт насыяттары аларга тектеш элдерге жеткен эмес деп айтуу кыйын.

Эми христиандарга кайрылалы. Профессор В. Д. Смирнов профессор Хвольсондун көңүлүн Селжуктун Михаил (Тогрулбектин атасы) деген уулу болгондугуна көңүлүн бурган; анын ою боюнча мына ушундан гуздарга (селжуктар алардан тараган) христиан дини келип жеткен деп тыянак чыгарууга болот, анткени мусулмандарда эч качан мындай ысым болгон эмес. Профессор Смирновдун божомолу Казвининин гуздарды түздөн түз христиандар деп атоосу менен ырасталат. Ал кимактардын өлкөсүндө жерге таазим этип тизе бүккөн адамдын буттары менен тизелеринин изи, баланын бутунун жана эшектин туяктарынын изи түшүп калган аска жөнүндө эскерип өтөт; гуздар бул издерди Иисуска (Египетке качуу?) ыйгарышып, аларга сыйынышкан

Кимактар карлуктардан түндүктө, славяндардын, гуздардын жана кыргыздардын ээликтеринин ортосунда жашашкан; айтмакчы, түштүктө алардын конушу мусулман ээликтерине чектешкен; алардын борбору Таластан (Тараздан) 81 күндүк жолдо болгон. Ырас, Казвининин космографиясы XIII кылымда жазылган; бирок анда да арабдардын бардык башка компиляцияларындагыдай эле анахронизмдер көп; анын тушунда эчак эле исламды кабыл алган гуздардын дини жөнүндөгү анын кабары да мына ушундайларга кирет. Профессор Хвольсон христиан динин чыгыш түрктөрүнө, кыязы, «жок дегенде жарым жартылай» несториандар таратса керек деп белгилейт; мында ал башка ишенимдеги христиандардын катышуусун да болжолдогону көрүнүп турат. Чындыгында эле гуздарга, алардын батыштагы коңшулары хазарлардын арасында аракет кылган византиялык миссионерлер да келиши мүмкүн эле. Андан тышкары гуздардын Хорезмге жакындыгын да эске алуу керек, анткени анда да несториан эмес христиандар болгон. Бирунинин сөздөрү боюнча хорезмдик христиандар «роза гүлү майрамын» (чиркөөгө жаңы үзүлгөн роза гүлдөрүн алып келишкен) өткөрүшкөн. Уламыш боюнча ушул күнү Кудай эне Иоан Чокундуруучунун энесине гүл алып келип берген. Гай-тондун мезгилинде (XIV кылымдын башы) Хорезм христиандары антиохиялык патриархка баш ийишкен, ушундан улам алар несториандар эмес, мелькиттер же яковилер болгон деген тыянак чыгарууга болот. Абу Дулефтин сөздөрү боюнча гуздардын храмы болгон, бирок анда сүрөттөр болгон эмес.

Абу Дулеф жикил уруусунун ичинде бир аз христиандар болгон деп маалымдайт. Григорьевдин пикири боюнча бул маалыматты эки жактуу — «алардын жеринде аз сандагы христиан чет элдиктер жашайт же болбосо жикилдердин өзүлөрүнүн бир азы христиан динин тутушат» деп түшүнсө болот.

Кандай болсо да, булардын бири-бири менен байланышы бар. Григорьев жикилдер деген өзүнчө эл болгондугунан күмөн санайт, анткени анын айтуусу боюнча Абу Дулефке чейинки араб жазуучулары алар жөнүндө эч нерсе кабарлашпайт; ал эми кийинкилери биз Абу Дулефтен тапкандарды гана келтиришет; анын үстүнө «араб кол жазмаларында энчилүү аттар көп учурда абдан бузулуп берилет». Бирок жикилдер Ибн ал-Асирде өзүнчө эл делип, султан Меликшахтын жалданмалары катары айтылат; Жикил шаары X кылымдагы араб географтарында айтылат, алар түркчө энчилүү аттарды араб арибинде мүмкүн болушунча абдан так беришет. Макдиси Жикилди Тараздан (Таластан) жарым миль жерге жайгаштырат.

Таластын өзүндө да христиандар болгон. Эмир Исма'ил шаарды алганда башкы чиркөө чоң мечитке айландырылган; Талас эмири көп дихкандары менен исламды кабыл туткан. Миркинин (Меркенин) чоң мечити мурда чиркөө болгон. Чыгыш Түркстандагы христианчылыкка байланыштуу, Абу Дулефтин деген жерде христиандар болгон деген гана маалыматын билебиз.

Исламдын таралышы, биринчиден, Саманилердин жеңип алуулары аркылуу, экинчиден, соода карым-катнаштары аркылуу ишке ашышы мүмкүн эле. Саманилер өз ээликтерине гуздар менен карлуктарды (1000дей түтүн) жайгаштырышкан, алар исламды кабыл алышкан жана чек араны кол салуулардан коргошкон. Бул түрктөр, кыязы, Макдисинин мусулман «түркмөндөрүнүн» өзү болсо керек. Мусулман соодагерлери, албетте, башкалардан көбүрөк болгон, алар көбүнесе соода өнүккөн чоң шаарларда жашаган, Макдисинин айтуусу боюнча Шельжи шаарында (Томашектин пикири боюнча, Таластын баш жагындагы Кара-Буура ашуусу менен Күмүштак тоосунун жанында) жашаган исфагандыктар 10 000ге чейин болгон. Соода жолундагы шаарлардын дээрлик бардыгында чоң мечиттер турган; калктын көпчүлүгү капырлардан турса да, кээ бир жерлерде мусулмандар үстөмдүк кылышкан. Бийлик христиандардын колунда калган жерлерде, мусулман соодагерлери салык төлөшкөн.

[1] Заравшан аймагынын түштүк чегин түзгөн тоолор ошол кезде ушундайча аталган; кийин (XII кылымдан тартып) Самаркандан тоого чейинки бардык жер ушундайча аталган. Салыштыр: менин Хафизи-Абру деген макалам, 156. (Хафизи Абрудан үзүндү) менен Бабур намени, пер. Лейдена—Эрскина, 54 (анда Шавдар жаңылыштык менен Шадвар деп берилген).

[2] Бул элдин аты (арабдарда ) адегенде тагазгаз деп окулган; Григорьев биринчи болуп тогузгур-токуз уйгур деп окууну сунуш кылган жана мындай окууну окумуштуулардын көбү, алардын ичинде де Гуе да (ВСА VI томунда эле) кабыл алган. ВGАнын VII томунун алгы сөзүндө (р. VIII) профессор Нёльдекинин пикири келтирилет, анын ою боюнча бул элдин атын эмес деп окуу керек.

Нёльдеке IX кылымдын аягындагы пехлевилик бир текстке таянат (перстердин башкы жреди Менучехрдин каты, 881ж. — Epistles of Manuskihar, р. 329), анда «эң айкын пазенд алфавити менен» Tughzghuz деп жазылган. Көрсөтүлгөн текстте бул эл жөнүндө эч кандай маалыматтар келтирилбеген, маалымат бериже арабдардын же гуздардын кайсы бир бөлүгү жөнүндө сөз болгонун билет элек. Бирок орхон жазууларын дагы токуз-огуз аталышынын колдонулушу Нёльдекинин пикирин толук ырастайт; салыштыр: Barthold, Die historische Bedeutung, S. 8 жана idem. Die alttürkische Inschriften, S. 28. <Моңголиядагы байыркы түрк рун тексттери токуз-огуз “тогуз (уруу) огуздар” этнониминин туура окулушун аныктоого мүмкүндүк берди. Бул конфедерациядагы үстөмдүк кылган уруу 745-ж. Борбордук Азияда өздөрүнүн мамлекетин негиздеген уйгурлар болгон. 840—845ж. кыргыздардан талкаланган уйгурлардын көбү Чыгыш Түркстан менен Ганьсуга жер которуп кетишкен, аякта алар негиздеген мамлекет 1250-жылга чейин өкүм сүргөн. Араб жана перс даректериндеги токуз-огуз термини Чыгыш Түркстан уйгурларына гана тиешелүү. Эки этнонимдин катышы жөнүндө кара: Minorsky, Tamim, рр. 285—290; Hamiton, Toquz-oguz.

Чыгыш Түркстандагы уйгур мамлекети жөнүндө кара: Gabain, Das Uigurische Königreich. — С. К>

[3] <Орусча басылышында «мусулмандардын» делген. —Ю. Б.>

[4] <Азыр — Кыргыз кырка тоосу.>

[5] Араб маалыматтары тоодогу Шелжи шаары соода шаары Таразга дал келбегендигин айкын көрсөтүп турушат; өзгөчө салыштыр; Макдиси, 274—275. Тараз, кыязы, азыркы Олуя-Атанын <азыркы Жамбыл шаары> ордунда болсо керек. Бул жана кийинки станциялар жөнүндө полковник Каллаурдун маалыматтарын салыштыр: МSOS, Jg. I, Abt. 2, 1898, S. 167; <кара: Каллаур, Древние тестности Аулияатинского уезда>

[6] Каллаур боюнча Акыр-Таш урандысынын ордунда.

[7] Бул Жулдун (бул сөз «талаа» дегенди билдирери белгилүү) кандай болсо да арабдардын Жулу менен эч окшоштугу жок.

[8] Айтмакчы, Чүй Ысык-Көлдөн дегеле агып чыккан эмес.

[9] Томашектин бул пикири азыр перс жазуучусу Гардизи (XI кылымда) келтирген элдик этимология менен ырасталып отурат. Салыштыр: менин Отчёт о поездке в Среднюю Азию, стр. 89 <пер.—стр. 113>, макаламдагы перс тексти менен: (“жерге алар Барсхан, б.а. Фарстын башкаруучусу деген ат беришкен”). <Барсхан деп окуу Махмуд Кашкаринин сөздүгү менен биротоло ырасталган (III, 308).—Ю. Б.>

[10] Кийин мен өз көзүм менен көрүп ишенгендей, соода жолу орто кылымдарда азыркы почта жолунан өткөн. Эски Жулдун орду, кыязы, Пишпектен бир аз түштүктөгү, христиандардын мүрзөлөрүнө коюлган таштар сакталып калган Аламүдүн кыштагынын жанындагы урандылар болсо керек. Салыштыр: менин Отчёт о поездке в Среднюю Азию макаламды, 25, 316.

[11] Ал кезде араб географтарынын маалыматтарын Томашек да, мен да жаңылыш түшүнгөнбүз. Жогорку Барсхан чынында эле Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш жээгинде болгон; ага эң жакын жол Невакеттен (азыркы Токмоктон чыгышыраакта) Чүйдү бойлоп, Боом капчыгайы аркылуу жана көлдүн тескей бети менен келген. Экинчи бир жол Невакеттен түндүккө Суяб аркылуу кеткен; бул шаар кытай даректери боюнча Чүйдөн түштүктө болгон, 748-ж. кытайлар талкалаган жана Гардизинин жол көрсөткүчү боюнча кийин түндүктө кайра курулган, ал Кастек ашуусунун түштүк тарабында болгон. Суябдан Жогорку Барсханга кеткен жол Кастек аркылуу азыркы Верныйга <Алматы> өткөн жолго туура келет жана андан Челек жана Санташ ашуусу аркылуу өткөн. Ошондуктан кербендер бул жолду 15 күндө басып өтүшкөн деген маалымат толук түшүнүктүү болот. Салыштыр: Менин Отчёт о поездке в Среднюю Азию, стр. 89—90, 102, эмгегимди жана Die alttürkische Inschriften, S. 18, Аnm., макаламды. <Жогорку Барсхан тууралуу толугураак кара: Minorsky, Tamim, р. 292 зя. Н. Ф. Петровский (Еще заметка) В. В. Бартольддун жогорку маршруттун кээ бир негизги пункттарын окшоштурган сунушуна каршы чыккан; бул каршы чыгууларды Бартольд четке каккан (Отчёт о поездке в Среднюю Азию, стр. 29—30).—Ю. Б.>

[12] Кудама, <текст, 208—209>; пер., 160. Арпа өрөөнү жана Жазы ашуусу аркылуу Ат-Башыдан Өзгөнгө кеткен жол Темирдин тарыхында айтылып өтөт (Шереф аддин Йезди, пер. Пети де ля Круа, I, 255—256; калькут. изд., I, 256—258). <Чүй суусунун өрөөнүндөгү соода жолдорунун багыттары жана эртеги орто кылымдагы кыштактар жөнүндө археологиялык жаңы маалыматтарды кара: Бернштам, К исторической топографии; Кожемяко, Раннесредневековые поселения, ошондой эле кара: Зуев, Китайские известия —С. К>

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз