Абдинаби Даабеков: Мурдө-Сай

  • 19.11.2020
  • 3438

АҢГЕМЕ

Бака-шака тушкөн музыка, жаштар шарактата бийлеп, күлкү-каткырык, улам бир музыка, кээде танго, кээде тибис, анан балл бийи, кезек-кезек улуттук бийлер. Бий аркылуу дене сулуулугу байкалып, бири-бирине тартат жаштарды. Бөтөнчө, кыздардын келишимдүү буту-колу, койкойгон моюн, келишкен көкүрөк, ийилген жумшак бел-көчүк  жигиттердин көзүн аңтарып, ансайын ийилип, коюн-колтукка кире бийлеп, кыз кылыгы, көкүрөк титиреги, кумарлуу көз караш, анан да бийлеген сайын, чимирилген сайын буркураган духи, атыр жыты – деги баары бар.

Анан кала берсе, улам бийлей берип, жуптар иргелип, «айттырбай билип жатышты», баары сырдуу, баары туюлуу.

Бөтөнчө, Маэстро-Орунбек мындайда кыйын. Бийлеп жаткандарды уюштуруп:

- Урмат менен Бакы үчүн танго, Масали менен Канбү үчүн тибис, жалпы бий, эми достор силердин көзүңөрдөн окуп турам, кезек «Алматы түнү» ак бийинде!

«Алматы туну» жаңырат, оо коңур түндүн жыты келет, куду розалуу бакта мемиреген кандай керемет…

Жуптар жайкалып-көйкөлө бийлеп, бири-бирине өткөн дене табы өрттөп да, ээритип да бараткандай.

Ана, жарык өчтү. Бөлмө ичи күңүрт, сырттан түшкөн гана өлүмсүк жарык. Кандай жакшы болду!..

Жуптар кынала бийлеген сайын музыка коюуланып, жаактар кынала, ал эмес ысыган эриндер да кулак-моюндарга жумшак тийип өтүп жатты. Демейде тартынчаак, сөзгө жок жигиттер азыр - баатыр.

Отуруш башталаардан мурда Масалинин туулган күнүн шылтоолоп, жигиттер агынан, кыздар кызылынан ооз тийишкен. Тар бөлмө, кызыган кыймыл, ичтен келген ысытма, баары кошул-ташыл болуп, тартынуу-кысынууну жууп кеткендей каяктарга. Демейде уяң көрүнгөн айыл кыздары бул кечте андай эмес, тартынбай бийге кирип, ал эмес кээде жигиттерге өктөм, өмгөктөтө бийлеп, «жигитсиңби, жаның барбы» дегенди туюндурат да, анан кайра чабалекейдей шып эте каалгып кетишет.

Наркы үйдөгү ата-эне тууган-уруктарды жөнөтүп келгени качан. «Жаштар көңүл ачып, бийлеп, жыргап-куунап алышсын, биз да жаш болгонбуз да” дегендей билеселүүлүк кылышып, короо четиндеги сөрүгө чыгып кетишти, Саамдан кийин Орунбектин оюндагыдай отуруш жүрүп жатты. Анын тандаган музыкалары – жүрөктү эзет. Жалаң «Алматы түнү», «Миллион розалар», «Москва кечтери», «Аба салкын, ай жарык», «Жамгыр төктү», «Кетпе», «Ананайын», деги коюңузчу, жаштар эмес кошуна үйдөгүлөр да бийлеп жаткандай, жаштыгын эске салгандар төшөктө ойдолоктогондой кеч болуп жатты биздин айылда.

Алгачкы короз чакырганда араң тарашты, көптөн бери мындай отуруш-майрам боло элек эле. Бирөө окууда, бирөө Москвада жумушта, бирөө ойдо, бирөө тойдо дегендей. Кеткилери келген жок, бирок бирөөлөрүнө коңгуроо болду, бирөөлөргө жеңеси келди дегендей.

Жигитчилик да. Айрымдарын жеткирип коюуга туура келди. Ичкиликтин кызуусу менен Орунбек Канбүгө келип:

- Сени узатып коёюнчу, дос?!

- Макул, убара болбосоң деле болмок.

- Убара болуп эмне, эркекчилик да керек акыры.

- Аа, эркекчилигиң да барбы, өлүп кеткир эй…

- А-а, ха-ха-ха, бар да!

Жетелешкен экөө өрүк багын аралап келип, эски балдар бакчасынан өткөндө, Орунбек Канбүнүн колун кыса кармап, өзүнө тартты. Канбү да жигиттин ыгы менен болду, эркек жыты, карылуу колдор, ысык илеп тулкусун өрттөп, каңшаарын ачкыл тер эзип кетти, башы эңги-деңги…

Күзгү жамгырлуу күндөр негедир Канбүгө суз өттү, кийинки күндөрү түнү менен ойлор менен ооруйт. Башы катат, эмне кылуу керек? Кимге айтам, ким кеңеш берет, Орунбек укса эмне дейт? Ата-энем билсечи? Өлүм! Жок-жок, жашашым керек…

Шуудураган сансыз жалбырактарды кечип, кечки иңирде курбусу Жаангүлгө келди да, болгон ишти суз баяндады.

- Билесиңби дос, ошондо ким жеткиргенин?

- Ооба, билем, не болду эле?

- Өлгөнбүз…

- Өлдүңөрбү? Жаангүлдүн көздөрү алайып кетти.

Үнсүздүк үйдү думуктуруп алды.

- Орун мага асылып жүрдү эле го, – деди Жаан.

- Аныңарды билбейм дос, мени менен болгону чын.

Өткөндө «кускум келип, айран ичким келет”, - десем, күлгөнсүң, ошол чын болду деп курсагын сылады. Жаангүлдүн ичи уйгу-туйгу.Эки-үч күн мурда эле Орунбек  акча  жиберип, ага алтын чынжырча сатып алган. Азыр аны  Канбүнүн  тагдыры  эмес, өз көйү өрттөп турду, кимге айып  коёрун, кимди актаарын билбей маңбаштанды.

- Дос, Орунбекти чакырабыз да, ортого алабыз, башка айла  жок. Үнсүз баш  ийкөөлөр,  сүйлөшүүгө  көңүл келбей,  экөө суз  коштошуп кала  берди.

Февралдын аяк  ченинде  келген Орунбек досторуна  чай уюштурган болуп, аягында Масали, Канбү  калды.

- Канбү, кечирип кой дос, мен ит болдум, тана  албайм, сени ала да албайм, балага ата  да боло  албайм, сөздүн төрөсү ушул!

- Өзүңөр чечкиле,  мен аралашпайынчы, - Масали четтеди.

- Орунбек, Жаангүл да билет.Эгер ал каршы болбосо, менде бир ой бар.

- Эмне деген  ой?

Орунбектин оозу кургап кетти,  болду-болбоду  ыр-чыр...

Жаангүлгө  жетпей калуу – анын бактысынын учканы.

- Эмне оюң бар, Канбү?  Жакшылыкпы?

- Билбейм,  башка айлам жок, Жаан экөөңдү чаташтыргым келбейт, баарына өзүм... Болгону сен жардам бер!

- Кантип? Акчабы?

- Аны убактысы келгенде айтам. Жаангүл жардам берсин, ошого көндүрө аласыңбы?

- Эмне, эмнеге көндүрөм, ачык айтсаң?

- Баланы бойдон түшүрөм.

- Кантип, жолу-ылаажысы барбы? Мейли, андай болсо, “жабылуу аяк” кылалы! Акча болот!

Айтылган  күнү Жаангүлдүн үйү бош  болду. Кышкы кеч, ар ким өз түңкүл түйшүгү менен. Уурдана келген Канбү үйгө киргенде, ырымчы кемпир эбак даярданып алыптыр, колуна акча тийери менен ишке киришти. Жан жерине түтүк менен  ачкыл, куя шыбырады.

Ачкыл, кычкылды ичирип, төшөккө жаткырды  да, курсагын  жылуу сууга чыланган даки менен сүрө баштаганда  Канбүнүн жаны көзүнө көрүндү.

- Апаа, жаным ай, ой  жаным...

- Чыда, жатын каканагы азыр жарылат, коркпо, коркпо, өзүңдү жоготпо, келме келтир!

- Эмне дейин?

- Лаа-а ил-ла ха илла- Алла!

- Кайтала, кайтала, кайра-кайра, токтотпо!

Эриндери кургап, көз жашы чыкыйына  сарыккан Канбү  шыбырай берди, шыбыры өзүнө да  угулбай, бүткүл денеси  от-жалын,  кеберсиген  эриндерин каткан тил араң кымдагандай.

- Апаа-а,  ой-жаны-ым!

- Күчөн ии, күчөн, эми башталды,  күчөн токтобо!

Жан жери сыздап, көзүнөн чаар чымын уча, ал-терге түшкөн Канбү сулк жатты.

Суу даярдап кирип-чыккан Жаанбү:

- Эже, эмне болду?

- Түштү...

- Болдубу эми?

- Кан токтобой жатат, полиэтилен  калтага муздак суу куюп кел, тез!

Дикилдеген Жаангүл далис менен  ички үйдүн  ортосунда.

- Ысырыкты  түтөт...

Шашкан селки мештен  чок алып, күрөкчөгө койду да  кургак  арча  себеледи. Үй  ичи жыпар жыттанып, анысын  Канбүгө эки-үч ирет тегеретти.

Көзүн ачкан селки, “болдубу” дегендей суроолуу көз  карашта бурулду, ал эми  ырымчы кемпир  эриндерин  тиштеп, жылмайды да,  кыздын бешенесин сылап алды. Анын жылмайганы Канбүгө кадимкидей дем болуп,  ооруган жерлери  басылгандай туюлду, бирок биротоло  бактысы талкаланганын туйбады.

Кышкы түндү  “Урал” мотоциклдин  чырагы чалып, таштуу жолдо  зырылдайт. Рулда  Масали. Оролгон наристени  Орунбек кучактап, чуңкурда (коляскада).

Узун-Мурун кыштоосу ээн.  Ал кыштоодо тээ союз кезинде мал кыштабаса, азыр бош. Ийри-муйру  имерилиштерден айланып,ала-чоло  карлуу коктуга  келишти да  моторду  өчүрүп, айланага  кулак түрүшөт. Кары жок күңгөйдү өрдөп, бир түп алтыгананын астынан  чуңкур  казышты жайга деп.

Кары жок болгону менен  бетин тоң алып, ката түшкөн. Масали баланы  бооруна кысып, алибеттүү Орунбек жер чөкүчтөдү.

Жарым  кездей жерди оюп, Масалига карады, кол чырак жарыгында:

- Болдубу, дос?

- Жарым метрдей  болдубу?

- Ооба.

- Кел эми, жашыралы.

- Кантип баштайбыз, эмне дейбиз?

- Уулбу, кыз бекен? – деди Орунбек.

- Чын... дос, сурабадым. Жаангул ороп берген боюнча.

- Көрсөк болобу?

Масали чөргөөнү жерге коюп, Орунбек жарытты.

Эми  адам түспөлү  кире баштаган кызыл эт, башында түк, чаты чормоёт,  демек уул  бала.

- Сен  башта.

Унчукпаган Орозбек  ороону чуңкурга жаткырды да, ооз учунан “бисмилла”  деген болду.

Түлкү ачпасын деп  чегедек-бутактардан  кайрып, колго илешкен  отун-шыбактарды сыймалап келип салышты да,  топурак шилеп, мүрдөнү жашырышты. Томпойгон  дөбөчөнү  даярдап,  бир пас отурушкандан кийин  түнкү суук билинип,  муздак тер  ичиркентет.

Ошол бир күндүк  бийдин залакасы бир эмес, эки-үч үй-бүлөгө тийерин  ким билиптир? Ырымчы кемпир эки көзүнөн кароолоп, үйдөн чыкпай калса, Орунбек менен Жаангүлдүн бактысы да  бир шоркелтей  болду, шаарга туруктап, эки-үч наристе  көрүштү, сүйүнткөнү  да бат, күйүнткөнү да бат.

- Сенин жолуң арам менен башталган, - деген ажаан сөз  экөөн эки жерде  мелтейтет.

Масалинин  көз алдынан ошол уул бала кетпейт, кээ күндөрү түшүнө кирет, эчкире ыйлап...

Быйыл жазда Узун-Мурунга таш жүктөгөнү барсак, жолдо иштеген  айдоочу киши:

- Ээлүү сай экен, бир ирет күзгүдөн чуркаган наристе  бала көрүндү... Ишенбей карасам,  таш экен, бир жолу тикен ичинде  ыйлап  жүрүптүр...

- Каерден? – дедим.

- Малчынын балдарыдыр?

- Жок, сай ээн, конуштар  бош... Өткөндө бирге иштеген бала да түндөсү бөбөк  ыйлады десе, коркуп кеттим.

Тамеки тартып отурган булдозурчусу:

- Айтпай  жүрөт элем сиздерге, ошол бурулуштагы топурак тирелген алтыгананы сүрүп алып, өзүм корктум,  тытылган кездемедеги мүрдө-жасатты  көрүп, наристеники окшойт, кайра  жапканча  шашып...

Жан-жагыма көз жиберем,  ичимден  бата окуп, дуба кылам.  Ыйлай бербе, наристе, сенде эмне күнөө...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз