Бурят эл жомогу: Кызыл бука

  • 27.11.2023
  • 3244

Илгери бир мерген аялы менен жашаптыр. Алардын абдан чоң жана семиз кызыл букасы болуптур. Бир күнү мерген мындай дейт:

- Кел, буканы союп алалы.

- Ушундай чоң буканы сойолубу! Биз анын этин эч качан түгөтө албайбыз го! – дейт аялы абдан таң калып.

- Түгөтө албай баратсак кызыл кол жардам берет, - деп жөн жай эле сүйлөп койот мерген.

- Мейли анда, сойсо союп алалы, - макул болот аялы.

Булардын сүйлөшкөнүн сыртка келген ушул айылдык бала угуп калат. Ошентип кызыл буканы союп алышат. Мерген адатынча күнү бою, кээде эки-үч күндөп аң уулап талаалап кетет. Аял үйдө жалгыз калат. Кызыл буканы сойгон күндүн эртеси ал үйдө отурса, колун кызылга бойогон баягы бала боз үйдүн жабыгынан кол чыгарып, алакан жайып бирдеме сурагансыйт. Аял коркконунан кыйкырып жиберет. Анан эптеп жүрөгү калыбына келгенде сурайт:

- Сен кимсиң?

- Мен кызыл колмун! Кызыл буканын этине келдим. Тезирек менин үлүшүмдү бере сал! - дейт кызарган колун арбаңдаткан бала.

Кызыл буканы сойордогу күйөөсүнүн “кызыл кол жардам берет” дегенин эстеген аял чоң жилик этти кармата берет. Эртеси кечинде үйдө отурса, кызыл кол кайра чыгып эт сурайт. Корккон аял дагы бир жиликти кармата берет. Ошентип кызыл кол күнүгө эт сурап, аял күнүгө бере берип, килтейген кызыл буканын эти бат эле түгөнөт.

Муну уккан мерген абдан таң калат, аялына ишенбей карап, кимдир-бирөөлөргө эттин көбүн берип салганынан шекшип, суракка алат.

- Өзүң айтпадың беле, кызыл кол жардамдашат деп, - аялы болгонун болгондой айтат.  Мерген ачуусу менен жер сабайт, ушундай акылсыз аялга туш кылган тагдырына таарынып үйүнөн безип кетет. Кетеринде аялына мындай дейт:

- Атым ыргайдай, өзүм торгойдой болгончо жер кезем, эгер сенден да акылсыз бирөөлөргө жолуксам – кайтып келем, жолуктурбасам – кайтпайм.

Мерген жүрүп-жүрүп отуруп бир улуска келет. Караса айыл четиндеги дубалы жаңы көтөрүлгөн үйдүн алдында бирөөлөр таяк менен устунду сабап жатат. Буга таң калган мерген эмне кылып жаткандарын сурайт.

- Көрүп атпайсыңбы, устун узун болуп үйгө чак келбей жатат. Таяк менен сабап кыскарта албай жатабыз, - дешет алар. Муну угуп, акылсыздыкка күбө болгон мерген абдан таң калып, курга кыстарган балтасын сууруп алып устунду тигилер каалагандай кыскартып берет. Абдан таң калган үй куруучулар балта менен таанышып, экинчи таяк менен устун сабабас болушат.

Мерген андан ары жөнөйт. Аз бастыбы, көп бастыбы, айтор бир улуска келсе, бир киши терезеси жок үйдөн чака алып чыгып, капкагын ачып күнгө бир аз коюп, кайра үстүн жаап алып кирип кетип, аздан кийин кайра чыгып, чаканы күнгө коюп, кайра алып кирип кетип, ушул аракетин тынымсыз кыла берет. Таң калган мерген акыры андан эмне кылып жатканын сурайт.

- Үйгө күндүн нурун киригизе албай атам. Чакага толтуруп киргиче эле агып калат экен, - дейт тиги киши аргасы калбагандай.

Мунун апендилигине таң калган мерген балтасын кайра алып чыгып, үйдүн туюк дубалынан терезе оюп, ичкериге жарык киргизет. Ушундан баштап бул улустуктар үйдү терезелүү кылып кура башташат.

Мерген үчүнчү улуска келсе, жерди кургакчылык каптап, жээрге эч нерсе таппай жутаган мал жер казып, өсүмдүктүн тамырын жеп калыптыр. Кетип баратса, бир кыштактын четинде бир нече киши бир уйду мүйүзүнөн үйдү карай сүйрөп, ордунан жылдыра албай убара экен. Таң калган мерген суроо узатат:

- Эмне кылып атасыңар? Уйду үйгө киргизели дедиңер беле?

- Жок. Үйгө эмнеге киргизмек элек. Уйду үйдүн үстүнө чыгарып, ал жерде өскөн чөптү откозолу дегенбиз, - деп жооп беришкенде мерген күлөрүн же сөгөрүн билбейт. Анан үйдүн үстүнө секирип чыгып, андагы өскөн чөптөрдү канжары менен оруп-кыркып уйга ыргытат. Ушундан кийин бул улустуктар чөптү оргонду үйрөнө башташат.

Ал эми биздин мерген аттын оозун тартып, артка кайтат. Аялынан өткөн келесоолорду көргөн үчүн аны кечирип, анча-мынча акылсыздыгына чыдап, жашоо кечирмей болот.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз