Нуралы Капаров: Орус

  • 01.12.2020
  • 3529

Коконуң кокуй чыгып,  
колоңсоңо карабай
колтугуңа кире качып
жармашканмын,  
төрүмө кирип келсең
төр бербейм деп
төбөлөшүп кармашканмын.

Жакаңан силккеним чын,  
жогол деп түрткөнүм чын,  
төбөңөн ургур досум
төөдөй жиниң бүрккөнүң чын,  
кырылып калаарымда
кытайга үрккөнүм чын.

Колумда куралым жок
жаа тартып,   таш урамбы?
Кыргызды кырып кирген
кулаттың падышаңды.

II

Кыйналган кыргызымды
кырган да сен,  
кырылып калаарымда
жыйган да сен.

Капалуу кыргызымдын
кадырын сураган сен,  
кайгылуу кыргызымдын
көкүлүн сылаган сен.

Сабылып сабат бердиң,  
солдойгон кыргызыма
сойлотпой канат бердиң.

Алдыма килем жайып,  
бутума таар салдың.
Кыркалай кыштак куруп,  
шаңкайган шаар салдың.

ТЭЦ курдуң,   ГЭС да курдуң,  
түтүнсүз от чыгардың
береним береке деп
белчеден бок чыгардың.

Күнү-түн күжүлдөдүң,  
заводуң жарак жасап,  
каналың түшүм берди.

Мен сени күн баш дедим,   
мен сени жүн баш дедим,  
өгөйлөп,   манчыркабай
бир туруп,   бир бас дедим.

Соомдо тебишкеним,  
масымда өбүшкөнүм,  
жетимиш жыл жетелешип,  
жарты нан бөлүшкөнүм.

III

Бейпил турмуш туш келип өзгөрүүгө
Заман чаңып түшкөндөй көк бөрүгө,  
кымкуут түшүп калганда кыргыз жери
көпкө турбай жөнөдүң өз жериңе.

Өзүң курган ТЭЦ калып,   ГЭС да калып,  
күжүлдөгөн заводуң,   заманың да,  
кан жүгүрткөн каналың,   амалың да,  
илгерлеткен илимиң,   билимиң да,  
жолуң болгур жоругуң,   жоболоңуң,  
азап салган арагың,   самогонуң,  
улуу дебей уялбай тебишкениң,  
уят-сыйыт унутуп сөгүшкөнүң...

Сен көчкөндө,   чын досум урааладык,  
көчпөйм деген оруска тырааладык,  
сен аткарчу жумуштар токтогондо,  
“орусум!” деп ошондо “ыңааладык”.

IV

Жетимиш жыл сенейип сен дешпедик,  
жетимиш жыл  элейип мен дешпедик,  
канча досту күтсөк да күнү-түнү
оюбуздан оо досум сен кетпедиң.

Чынчылынан дос күттүк,   жегичинен
арабынан дос күттүк,   немисинен,  
корейинен дос күтүп,   кытайынан,  
ыймандуудан дос күттүк,   мытайымдан,  
доспуз дешип жарданып,   күчтөп турат,  
мүштөк берсе доспуз деп үстөк сурап...

V

Эзилбеген эт-жүрөк чок болалбай,  
эр көкүрөк,   кең көөдөн от болалбай,  
жанталашкан англис жол табалбай,  
жол талашкан кытайың дос болалбай
жүргөнүндө замандан заман агып,  
Сибириңден кыргызга шамал агып,  
келген шамал кайда деп мени издейби,  
кыргыздарым жерим деп  Алтайымды,  
кыргыздарым жерим деп Енисейди,  
кыргыздарым Корейде көктөй албай,  
кыргыздарым Кытайга кыштай албай,  
кан төгүшүп коргогон Москвамды,  
Москвамды кыргызым тыштай албай
унуталбай кең Сибир,   Түрксибимди,  
тыштай албай Толстой,   Пушкинимди,  
өзү курган кыргызым БАМын эстеп,  
Ярослав жергеде заңгыраган
“Кыргызстан” аталган тамын эстеп,  
аны эстеп, муну эстеп,  айланалбай,  
орус достон башкага байланалбай,
Сибириңен кыргызга күзүң агып,   
кырк градус кыйкырган кышың агып,  
жаан-нөшөр жулкунган жазың агып,  
мукураган кыргызга мунай агып,  
дүркүрөгөн көк-жашыл газың агып,  
булут агып, жай агып, бүтүн агып,  
кыргыздарды оруска табыштаган,  
кыргызыма кут болчу Путин агып,  
ажырашпай биригип Алтайыңда,  
аралашып суу кечип Енисейде,  
кол алышып кошулуп Москвада,  
кыйышпаган жан досум,   жолдошум деп,  
тагдыр кошуп табышкан белегим деп,  
жел желпиген кең Сибир жөлөгүм деп,  
кара жердин көк токой көркүмүн деп,  
Алтай,   Сибирь,   Енисей төркүнүм деп,  
калың кыргыз оруска жолун түздөп,  
чыныгы дос чынында мына биз деп,  
кетип калган орусту кыргыз издеп,  
күркүрөгөн кубаттуу добуш менен,  
кыргыздарым күүлдөп Россияда,  
кыргыздарым келатат орус менен!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз