Василий Бартольд: Моңголдорго чейинки Түркстандагы христиан дини – IV

  • 25.12.2020
  • 3138

X кылымдын аягында илек-хандар же Караханилер сулалесинин бийлиги астында мусулман түрктөрүнүн алгачкы мамлекети пайда болот, ал Чыгыш жана Батыш Түркстанда бийлик жүргүзгөн. Алар Дегинь, Френ, Рено, др Бретшнейдер жана В.В.Радлов болжогондой уйгурлар болгонбу же Григорьев менен Лерхтин пикири боюнча карлуктар болгонбу – белгисиз.

Алардын Баласагун деген борбору Жети-Сууда болгон; биз бул аталышты алгачкы жолу Макдисиден кездештиребиз. XIII кылымдагы кытай маалыматтарында Баласагун Алмалыктан (Кулжага жакын) Таласка Верный, Кастек капчыгайы жана Токмок аркылуу өткөн жолдо, анын үстүндө Чүй дарыясынын жээгинде турган (Пишпектен Верныйга кеткен жаңы жол 1871-жылдан бери гана бар). Мына ошондон улам Якуттун Фараб же Отрар шаарын Шаштан алыс жерге, Баласагунга жакын жайгаштыргандыгына карабастан Баласагунду Ибн Хордадбек менен Кудамада эскерилген «түрк хаканынын шаары» деп эсептеген Григорьевдин пикири менен келишүүгө болот. Жети-Суу X кылымда карлуктарга тиешелүү болгон, бирок алардын борбору, эгер Ибн Хордадбек менен Кудамага ишенсек, Чүйдө эмес, Олуя Атанын жанында (Александр кырка тоосунун эң батышында) турган.

Уйгурлар Баласагундун негизделишин өздөрүнө ыйгарышат. Карлуктар өлкөсүн уйгурлардын жеңип алуусу жөнүндө маалыматтар жок; бирок карлуктар менен алардын чыгыштагы коңшуларынын ортосунда кагылыштар болуп келген, аны Кудаманын он тугузгуз жүз карлукка татыйт деген сөзүнөн көрүүгө болот.

Экинчи жагынан алганда Караханилер мамлекеттеринен биз уйгурларды көрө албайбыз, ал эми карлуктар аларда гуздар Селжуктардын ээликтеринде кандай роль ойносо, алар да ошондой эле ролду ойношкон. Биздин оюбузча бул маселени азырынча чечилбеген бойдон калтырганыбыз оң. Эмнеси болсо да, Караханилер чыныгы Уйгурстанды (б.а. азыркы Турпан жана Үрүмчү шаарлары турган аймакты) ээлегендиги эң күмөн, анткени андай болгондо алар аякта да исламды жайылтмак; а уйгурлар болсо XIII кылымда да мусулмандардын эң кас душманы бойдон кала беришкен.

Бул сулаленин түпкү атасы Карахан, Ибн ал-Асирдин сөзү боюнча, түшүндө исламды кабыл алууга түркчө сүйлөп буйрук кылган адамды көрөт да, анын айтканын аткарат. Анын уулу Бограхан 383/993-94-ж. Букараны ээлеген, бирок ошол эле жылы чегинүүгө аргасыз болгон жана өлгөн. Анын мураскору Илекхан 389/999-ж. Трансоксанияны биротоло каратып алып, Саманилердин бийлигин жок кылган.

Илекхан капыр түрктөргө каршы ыйык согуш жүргүзгөн. Түрктөрдүн исламды жапырт кабыл алуусун Ибн ал-Асир хижранын 435-жылынын сафарына (1043ж. 9-сентябрь — 8-октябрь) таандык кылат, ошол мезгилде 10 000 түтүн эл (Абул-Фид боюнча — 5000) исламды кабыл тутушкан да, 20 000 малды курмандыкка чалышкан. Бул түрктөр жайында болгар жерлерине канатташ, кышкысын Баласагундун жанында жашашкан.

Мындан бир аз мурда эле Селжук өз ордосун гуздардан бөлүп чыгып, исламды кабыл туткан да, өзүнө диндештерин уруулаштарынан коргогон. Гуздардын ханы Женд шаарында (Сыр-Дарыянын чатына жакын жерде) жашаган мусулмандардан салык алып турган; Селжук аларды бул салыктан куткарып, түрк акимдерин кууп чыккан. Вамбери христиан дини XI кылымдан тартып Чыгыш Түркстанда исламга караганда көз каранды абалда болгон, өлкөдө Тянь-Шандан түндүк тарапта гана христиандар Бограхан менен анын мураскорлорунун диний согуштарынан азыраак жапа чегишкен деп эсептейт. Бирок христиандар Караханилердин ээликтеринде кысым көрбөгөн шекилдүү; эмнеси болсо да христиан жазуучулары бул жөнүндө ооз ачышпайт. Самарканда несториан митрополиясы кала берген. Кээ бир учурларда дуалисттердин таасири да байкала калып турган: Караханилердин бири — самаркандык Ахмедхан «зиндикилер окуусун» жакшы көргөндүгү үчүн өлүмгө дуушар болгон (488/ 1095-ж.). Ибн ал-Асирдин 1043-жылкы окуядан кийин татарлар менен кытайлар (кидандар) гана капыр бойдон калган деген сөздөрү апырткандык болгон; ал тургай батыштагы түрктөр да бул тарыхчы жашаган кезде исламды бүт баары кабыл алыша электигин көрөбүз.

1007-ж. несториан соодагерлери аркылуу кераиттер христиан динине өтүшкөн; мына ошондон кийин Мерв митрополити аларга (Моңголияга) дин кызматкерлерин жөнөткөн. Караханилер үстөмдүк кылган мезгилде өлкө Ибн ал-Асир көп жолу айткан өз ара чыр-чатактардан жапа чегиши керек эле. Шереф ад-Дауля хан мамлекетти туугандарына бөлүп берип, өзүнө Кашкарды, Баласагунду калтырган жана калган бардык жерлерге жогорку бийлигин сактап калган. Көп өтпөй Караханилер селжук султандарынын бийлигин таанууга аргасыз болушкан; XII кылымдын башында султан Санжар Самарканда хандарды каалаганындай алмаштырып турган.

Селжуктардын үстөмдүгүн кара-кытайлар жойгон, алар 1141-ж. Санжардын аскерин талкалап, Караханилерди каратып алышкан. Кытай ээликтери батышта Каспий деңизине, чыгышта Гоби чөлүнө чейин жеткен; чыгыш жана батыш чет жактагы чөлкөмдөрдү кара-кытай гурхандарына вассал катары көз карандылыкта турган өзгөчө акимдер башкарган; Караханилер (Трансоксанияда), хорезм шахтар, карлук хандары (Жети-Суунун түндүк бөлүгүндө) жана уйгур идикуттары ушундайлардан болушкан.

Жергиликтүү маданият үчүн кара-кытайлардын жапырыгы талашсыз оңдой берди болгон. Кара-кытай аскерлеринин курамына чала жапайы элдер киргендиги талашсыз, бирок кара-кытайлардын өздөрү бул убакта кытай цивилизациясынын жетишкендиктерин пайдаланып калышкан эле. Алардын гурханы (кытайлар аны Елюй Даши, мусулмандар— жана дешкен) букараларынын арасында кыйла кадыр-барктуу болуп, аларга талоончулук жана зордукчулук кылууга тыюу салган; болгону никесиз байланыштар гана жазаланган эмес. Кара-кытайлар шаарларды талкалашкан эмес, тескерисинче, жаңыларын курушкан; Жувейни кийин Эмил деген аталыш менен белгилүү болгон (азыркы Чугучактын жанында) шаардын курулушун аларга ыйгарат; кандайдыр бир шаарды ээлегенде алар анын калкын талап-тоношкон эмес, болгону ар бир түтүндөн бирден динар алышкан. Биринчи гурхан башка эч кимге 100дөн ашуун атчанды башкартпаган жана ээликтер бөлүп берген эмес; кара-кытайлар мамлекети көчмөн түрк жана моңгол мамлекеттеринен айырмаланып, кийин да ээликтерге бөлүнгөн эмес. Ибн ал-Асирдин бир аңгемесинен алар тынчы жок көчмөндөрдү дыйканчылыкка көндүрүүгө аракеттенишкендигин көрөбүз[1].

X кылымдагы географтардын чыгармаларынан көрө Идрисинин чыгармасынан (1154-ж.) түрктөр арасындагы дыйканчылык жана шаар турмушу жөнүндө кыйла толук маалыматтарды табабыз. Тилекке каршы, бул маалыматтар эң үзүл-кесил. Идрисинин эмгеги компиляциялык мүнөздө экендиги белгилүү; бардык араб компиляцияларындагыдай эле, ар кайсы мезгилдерге таандык маалыматтар бири биринен эч ажыратьшпайт; энчилүү аттар таптакыр өзгөртүлгөн. Идриси кара-кытайлар жөнүндө сөз кылбайт; биздин пикирибиз боюнча Григорьевдин Идриси кара-кытайларды кимактар менен чаташтырган деген оюна кошулууга болот, ал аларды мурдагы географтардан таптакыр башкача сүрөттөйт. Абу Дулеф боюнча алар айбанаттардын териси менен жабылган чатырларда жашашкан; алардын өлкөсүндө каралжын, агыш жүзүм өстүрүлгөн (?); аларда алтын, асыл таштар, жай таш болгон; падыша да, храм да болгон эмес. Идриси боюнча кимактардын падышасы алтын саймалуу кездемелерден кийим кийген, алтын таажылуу болгон; жылына төрт жолу элге көрүнүп турган. Мамлекетти биринчи министр башкарган; капкалар, бийик имараттар, көңүл ачуучу жайлар болгон. Падыша акылдуулугу жана айкөлдүгү менен айырмаланган (экинчи бир жерде ал эң согушчан болуп, коңшулары менен дайыма согушуп турган), шаардын (борбордун) калкы түйшүк, жокчулук дегенди билишпеген, бүт өлкөдөгү эң бай жана бактылуу адамдардан болушкан. Шаар бекем дубалдар менен курчалып, темир дарбазалуу болгон, шаарды көп сандаган эр жүрөк аскерлер коргогон. Тектүүлөр кызыл жана сары жибектен кийим кийишкен; төбөлдөр гана мына ушундай кийим кийүүгө укуктуу болушкан. Көчөлөргө, базарларга жана үйлөрдүн көбүнө куурлар курулган. Калк сабей динин туткан, ошондой эле күнгө жана периштелерге сыйынышкан[2]. Несториан падышасы «пресвитер Иоанндын» жортуулу жөнүндө 1145-ж. Европага каңшаар тараган, анда ал чыгышта мусулмандарды сүрүп, «бир тууган Самиарддарды» таптакыр талкалаган имиш деп айтылган. Каңшаар Елюй Даши менен Санжардын согушунан улам тарагандыгы талашсыз, бирок мындан Елюй Даши менен кара-кытайлар несториандар болгон деген тыянак чыгаруу кыйын; кыязы, несториандар Елюй Дашини ага замандаш кераиттер ханы менен чаташтырып алышса керек. Кераиттерди кубаттуулукка ванхандын чоң атасы Маргузхан жеткизген; хронологиялык жактан ал Елюй Дашинин замандашы болушу толук мүмкүн. Гурхандын аскеринде бир аз христиандар болушу мүмкүн жана ошондон улам несториандар аны өздөрүнө белгилүү христиан падышасы менен чаташтырып алышкан; бирок эгер кара кытайлардын бардыгы христиандар болушса, анда бул факт христиан жана мусулман тарыхчыларында белгиленмек. Ибн ал-Асир биринчи гурханды манихей болгон дейт; Идрисинин тектүү кимактардын кийими жөнүндөгү сөзү буддизмге ылайык келет; биз мындан ары мусулмандар кийин буддизмди кабыл алганда кара-кытайлардын кийимин кошо кабыл алышкандарын көрөбүз. Мына ушундан улам Опперттин «пресвитер Иоанндын» ысымы р тамгасы түшүп калган гурхан титулунан келип чыгышы мүмкүн дегенине ынануу кыйын (Опперт «Кorkhan» деп окуган; Ибн ал-Асир көбүнчө деп жазат).

Экинчи жактан алганда Риттерчилеп бул ысымды ванхандан келип чыккан деп түшүндүрүүгө болбойт, анткени Потьенин белгилөөсү боюнча бул титул мураска өткөн да, кераит өкүмдарларынын акыркысы гана ушундай аталган. Биз Жети-Суу жазууларынан түрк христиандарынын көпчүлүгүнүн түркчө жана христианча эки ысымы болгондугун билебиз; албетте, алар кандайдыр бир себептерден улам аларга кеңири белгилүү христиан ысымдарын тандап алышкан. Кераиттерде мындай ысым Иоанн деген ысым болушу мүмкүн, анткени алар христиан динин ушундай ысымдагы патриархтын тушунда кабыл алышкан.

Кара-кытайлар кытайлардай эле бардык диндерге, анын ичинде исламга да колдоо көрсөтүшкөн; мусулман тарыхчылары гурхандардын адилеттигин макташкан (бул бизге гурхандар несториан болбогондугун баарынан жакшы көрсөтүп тургандай сезилет). Ошентсе да мусулмандарга өздөрүнүн үстөмдүк абалынан ажыроого туура келген да, башка динди тутунгандар мусулман фанатизминен коопсуз болушкан; ошондуктан христиан дини Караханилер тушундагыга караганда эркин тарала алган.

Патриарх Илья III (1176—1190) гурхандарынын борборунун бири Кашкарда (башка бир борбору Баласагун болгон) несториан митрополиясын уюштурган. Амрдын каталогун да Кашкар митрополити «Кашкар менен Невакеттин» митрополити деп аталган; демек Кашкар митрополиясына Жети-Суу да кирген. Христиандардын падышалык кылган сулалеге көрсөткөн таасирине келсек, Елюй Дашинин тукумунун акыркы гурханынын кызы, Күчлүк зулумдун аялы христиан болгонун билебиз; бирок бул кабар эң кийинки компиляторлордо гана сакталып калган.

Жети-Суу жазууларынын эң байыркылары баарынан да кидандар дооруна таандык болушу ыктымал. Таштардын биринен профессор Хвольсон 1406 (сирия доору, б.а. 1095-ж.) санынын сырын билүүнү ойлонуштурат; мындай болгондо жазуу Караханилер дооруна да тиешелүү болуш керек эле. Ал жок эле дегенде башкаларга караганда кыйла эски доорго, б.а. моңголдорго чейинки заманга таандык болот, анткени кыйла эски жана ири тамгалар менен жазылган[3].

Моңгол жапырыгынын эле алдында Талас менен Ысык-Көлдүн ортосундагы өлкөнү каңлылар ээлеген; Жети-Суу аймагынын несториандары, сыягы, мына ушуларга тиешелүү болсо керек. Муну туура деп ырастоого болбойт, анткени бизде каңлылардын дини жөнүндө маалымат жок. Хорезмшах Текешхан каңлы ханынын кызы Турханхатунга үйлөнгөн, ал аялдын өзүнүн уулу Мухаммедге таасири күчтүү болгон; анын туугандары Хорезмге көчүп келишип, исламды кабыл тутуп, Мухаммедден ар кандай кадыр-барктуу кызматтарды алышкан. Ошол эле учурда ислам калган батыш түрктөрүнүн арасында алда качан эле тараган болчу; эгер каңлылар алардан такыр өзгөчө болсо, бул факт албетте көңүл бурууга татыйт эле. Бирок биз мындайды Абулгазиден гана көрө алабыз; XIII кылымдагы тарыхчылар каңлылардын Мухаммедге келиши тууралуу айтуу менен алардын исламды кабыл тутуулары жөнүндө эч нерсе дешпейт[4].

Түрк жазууларынын тили уйгур тилине өтө жакын; В. В. Радловдун байкоосу боюнча уйгур тилиндеги сөзгө же формага дал келбеген бир да сөз же форма жок; алардын айырмасы кээ бир тыбыштык өзгөчөлүктөрүндө гана бар. Каңлылардын уйгурларга жакындыгы шексиз; гаогюи ('бийик арабалар') деген кытай терминин каңлылардын аталышы менен илгери эле жакындатышкан. Каңлылар да, уйгурлар да аларга тийиштүү аймактардан тышкары наймандардын ээликтеринде, б.а. азыркы Моңголиянын батыш тарабында жайгашкан. Жазуулардан жети-суулук христиандар XIII кылымдан бери каңлылар үстөмдүк кылган Алмалык менен тыгыз байланышта болгону көрүнүп турат.

Акыркы гурхан (мусулмандарда же кытайларда Чжэлугу) Трансоксанияны (609/1212—13-ж.) жеңип алган хорезмшах Мухаммед менен катуу согушууга тийиш болгон. Мирхонд хорезмшахты мусулмандарды динсиздерден куткаруучу катары көрсөтөт; бирок бул каратып алуу Караханилерди кыруу менен коштолуп, калк үчүн чоң кырсык болгон; хорезмшахка эч кастыгы жок Якут кыйраган, талап-тонолгон өлкөнүн аянычтуу абалын сүрөттөйт. Ошол эле мезгилде чыгышта моңголдор күч алып жаткан; карлук ханы Арслан менен уйгур идикуту Баурчик кара-кытайлардан бөлүнүшүп, өздөрүн Чыңгыз-хандын вассалдары деп таанышкан. Мусулман Арсланхан Жети-Суунун түндүк жагын Каялык шаары (азыркы Капалга жакын) менен бирге ээлеген; Абулгазинин айтуусу боюнча бул карлуктар малчылык жана дыйканчылык кылышкан. Жогорку Иртыш менен Орхондун ортосунда жашаган наймандарды моңголдор каратып алган; Алардын Күчлүк баштаган калган дары гурханга жөнөшкөн, ал аларды жакшы тосуп алып, Күчлүккө өз кызын берген. Бирок Күчлүк хорезмшах менен бирге кайнатасына каршы союз түзгөн; адегенде ал талкаланган, бирок кийин Баласагунду амал менен алып, гурханды туткундаган. Күчлүк ошондон кийин гурхан титулун алган, бирок мамлекеттин чеги кыйла тарыган.

Трансоксания хорезмшахка тийиштүү болгон, уйгур жана карлук акимдери моңголордун вассалдары болушкан; андан тышкары XIII кылымдын башында Алмалыкта жаңы ээлик пайда болгон.

Абулгазинин сөзү боюнча 50—60 миң каңлылар хорезмшахка кетип калышкан; Талас менен Чүй боюнда калгандарынын санын Абулгази 10 000 түтүн деп аныктайт. Жувейнинин сөзү боюнча каңлылар уруусунан чыккан каракчы Озар кыязы ушуларга тиешелүү болсо керек. Ал өзүнүн каракчылары менен соодагерлерди көпкө чейин талап-тоноп жүрүп ушунчалык күч алгандыктан, Алмалыкты жана кээ бир башка шаарларды алууга жараган. Ал уйгурлар менен карлуктардай эле Чыңгыз-хан менен Күчлүккө каршы союз түзгөн. Бирок Күчлүк аны аң уулап жүргөн жеринен туткундап алган. Күчлүк Алмалыкка карай бет алган; шаардын калкы дарбазаларын жаап алышкан; ал шаарды камалоого алган, бирок моңгол аскери жакындап келгенде чегинип, жолдо өзүнүн туткунун өлтүрүүгө буйрук берген. Чыңгыз-хан Алмалыкты Озардын уулу Сукнак-тегинге берген.

Жувейнинин айтуусу боюнча Озар каракчы болсо да кыйла такыбалыгы менен айырмаланган, кечилдерге (дубаналарга?) көп жакшылык кылган. Ага бир жолу сопунун кийимин кийинген бирөө келип, мындай деген: «Мен сага жараткандын жиберүүсү менен келдим, иштин жөнү биздин казынабыздын куру калгандыгында; сен бизге колуңан келишинче жана керегибизге жарагыдай акча карызга бер». Озар ордунан туруп, дубанага жүгүнүп, ага бир балыш берүүнү буйруду жана ага мындай деди: «[жамаатка] колдоо көрсөт да, менин [ага] чын берилгенимди айта бар»[5].

Күчлүктүн ээликтеринде мусулмандар катуу кысымга алынган. Жувейнинин өзү боюнча Күчлүк көпчүлүк башка наймандардай эле, адегенде христиан болгон, кийин бир кара-кытай кызына көзү түшүп, ал кыз аны идолго баш урууга азгырган (кыязы буддизмге). Күчлүк мусулмандардан өз дининен баш тартышын талап кылган жана аларга христианчылык менен идолго табынуучулуктун бирин тандоосун сунуш кылган; акыркысын кабыл алышса, алар кара-кытайлардын кийимин кийүүгө тийиш болушкан. Моюн сунбагандарды ал аскер күтүү менен жазалаган, бул Людовик ХIVнүн драгонаддарындай эле чара болгон. Күчлүктүн аялы, гурхандын кызы Шереф ад-дин менен Мирхонддун айтуусу боюнча христиан болгон да, күйөөсүнүн исламга кастыгын толук колдогон. Хотандын имамы Ала ад-динди Күчлүккө каршылык көрсөткөндүгү үчүн өз мечитинин каалгасына кагып өлтүрүшкөн. Күчлүктүн зулумдугу моңголдордун жеңишин жеңилдеткен. Жэбэ-нойон өлкөгө кирип келип «ар бир адам өз динин тутуп, ата-бабасынын каада-салтын сактап кала алат» деп жарыялаган; калк моңголдор тарапка ооп кеткен, алардын үйлөрүнө жайгаштырылган Күчлүктүн аскерлерин кырып жиберишкен; моңголдор өлкөнү дээрлик каршылык көрсөтүүсүз ээлеп алышкан (1218-ж.). Күчлүк түштүккө качып, моңголдор аны Бадахшанда араң кууп жетип өлтүрүшкөн. Баласагунга моңголдор Гобалык, б.а. “Жакшы шаар” деген аталыш беришкен; бул аталыш да Күчлүктүн байтактысы каршылыксыз алынганын айгинелейт; моңголдорго ыктыяры менен багынган шаарлар «жакшы» деген атка конушкан (мисалы, Зернук), өзгөчө айыгыша каршылык көрсөткөндөр «жаман, нээти бузук» деп аталышкан (мисалы Бамиан менен биздин Козельск). Моңголдор мезгилиндеги христиан динин изилдөө чоң кызыкчылыкты туудурат, бирок анын кыйынчылыктары да чоң, Гутшмиддин туура пикири боюнча моңгол каратып алуулары жол катнашынын дүйнө ага чейин да, андан кийин да билип көрбөгөндөй өнүгүшүн пайда кылган. Мына ошондон улам бул мезгилде Орто Азияга жеткен маданий элементтер дайыма бири-бири менен жалгашта болгон жана алардын бирин түшүнүш үчүн бардыгын жакшылап изилдеп чыгуу керек. Мындай изилдөө бул макаланын авторунун даярдыгынан алда канча чоң даярдыкты талап этет.

[1] Ошондо эле, 205. Ибн ал-Асир башка бир жерде (ошондо эле XII, 171) кара кытайларды көчмөндөр деп атагандыгы кызык.

[2] Идриси башка дагы бир жерде (ошол эле жерде, II, 221) кимактар кайырдиндер болушкан жана отко табынышкан, алардын арасында чөп жеп жана токойдо жашаган эч кандай динди тутпаган адамдар болгон дейт.

[3] Кийинчерээк профессор Хвольсон Жети-Суудан дагы 400 жазуу алган, алар жөнүндө мага чын ыкластан кабарлаган; алардын арасында бирөө моңголдор мезгилине чейинки, тактап айтканда 1201-жылга таандык. Эми салыштыр: Chwolson, Grabinschriften, N. F. S. 6 (№2).

[4] Каңлы жана кыпчак урууларынын аттары, кыязы, дээрлик бирдей болсо керек. Абулгазинин эле сөздөрүнөн эмес, Текеш башкарган кездеги официалдуу документтерден да Сыр-Дарыянын төмөн жагында жашаган кыпчактар (же каңлылар?) ошол кезде исламды тутпаганы көрүнүп турат; салыштыр: менин Туркестан эмгегимди, ч. I, стр. 79. Абулгази айткан Талас менен Ысык-Көл ортосундагы каңлылар жөнүндө, тилекке каршы, биз кыйла эски маалыматтарды таба албадык. <Кыпчактар арасындагы каңлы уруусунун абалы тууралуу кара: Кляшторный, Кангюйская этнотопонитика, стр. 62—63,—С. К.>

[5] Эми салыштыр: Жувейнинин менин Туркестан деген китебимдеги текстин (ч. I, стр. 107—108). Озар каңлы уруусуна же карлук уруусуна таандык экендиги айкын эмес; <Жувейниде> Калк китепканасындагы кол жазмада IV, 2, 34, 26-баракта деп турат. Шереф ад-диндин Зафарнатесинде <Йезди> Азия музейиндеги 568-кол жазма, 80-бетте — (кыязы, дегендин ордуна). Ошол эле учурда Жувейнинин башка эки кол жазмасында, алардын бирөө (рук. Публ. Б-ки Ханыков 71, л. 20) эң эски, эң ишеничтүү, ошондой эле Вассафта деп турат. — Озардын (же Бузар) укум-тукуму жөнүндө салыштыр: Туркестан, ч. I, стр. 140. Бул маалыматтар иш мусулман сулалеси жөнүндө болуп жаткандыгын шексиз дейт; бул XIII кылымдагы кытай саякатчысы Чан-Чундун сөздөрү менен ырасталат; салыштыр: Bretschneider, Researches, vol. I, р. 70.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз