Кыргыз эл жомогу: Домонун кызы

Илгери-илгери мүнүшкөр Домонун жалгыз кызы бар экен. Бир күнү мүнүшкөр ойлонуп олтуруп:

– Көзүмдүн тирүүсүндө кызымды жайына тапшырайын! – деп күйөөгө берет.

Арадан көп жылдар өтөт. Күндөрдүн биринде иттин үргөнүнөн улам кайын атасы:

– Балам, сыртка чыкчы, ит үрөт, булар ким болду экен? – дейт.

Келини эшикке чыгып, кайра кирип:

– Үч бүркүтчү экен: бирөө сүйүнүп, бирөө өкүнүп, бирөө күйүнүп келе жатат.

Анда кайын атасы:

– Ал эмне дегениң, балам, түшүнбөй калдым? – дептир. Келин сөзүн чече сүйлөп:

– Үч бүркүтчү келе жатат. Сүйүнгөнү – бүркүтүнө түлкү алдырыптыр, өкүнгөнү – чалабула бирдеме алдырган, күйүнгөнү – куру кайткан окшойт, – деген экен.

Аңгыча бүркүтчүлөр келип, казан асылып, мейман күтүү башталат. Сөздөн сөз чыгып, кайын атасы тигилердин жайын сураса, дал эле келини айткандай болуп чыгат. Аш-тамак жеп, коно жатып, эртеси бүркүтчүлөр аттанарда Домонун кызы:

– Ата, мен десең, ушул эч нерсе албаган бүркүттү сатып алыңыз, – дейт.

Кайын атасы келининин сөзүн жок дей албай бүркүтчүгө барып:

– Бүркүтүңүздү сатып кетиңиз! – деп суранат.

– О, кокуй, сатып эмне кылам, тим эле алыңыз!

Кайын атасы келип, келинине бүркүтчүнүн сөзүн айтса, келини:

– Жок, ата, бекер алсак, ал калыстык болбос, ээсине убал болор, бул бүркүттүн эң төмөнкү баасы бир айгыр үйүр жылкы, ошону алсын да, бүркүтүн берсин! – дейт.

Кайын атасы өзүнчө капа болуп, антсе да келининин көңүлүн кыя албай, бүркүттүн ээсине барып, жогорку шартты айтты эле, тиги киши:

– Сиз эмне шылдың кылып жатасызбы? Мунуңуз жарашпаган сөз, жөн эле алыңыз! – деп жаа бою түйүлөт.

Акыры келиндин кайнатасы болбой жатып, бир айгыр үйүр жылкыны айдап берип, баягы эчтекеге жарабаган бүркүттү алып калат. Бүркүттүн ээси кубанып жолго түшөт, жылкынын ээси ичинен кайгырып үйүнө кирет:

– Балам, бул бүркүттүн өнөрү кайсы? Мунуңдан пайда барбы? Бир айгыр үйүр жылкы деген оңой эмес.

Анда Домонун кызы:

– Ата, бул – төө комдот деген бүркүт ушул.

Бүркүт тапталып, биринчи салганда эле каман алат. Ошондо балалык кылып, камандын жалын бүкүлү жеп, көкүрөгү коё[i] болгон экен. Эми мезгил өткөрбөй, бир ак боз бээни союңуз да, ошонун казысынан биринчи күнү табактай, экинчи күнү чыныдай, үчүнчү күнү андан кичирээк казы сугунтуңуз, ошондо жибийт да, көкүрөгүндөгү кыл түшөт. Өнөрүн андан ары көрө жатарсыз, – дептир.

Атасы келиндин айтканын жасап, ак боз бээни союп, казысынан үч жолу сугунтканда бүркүт камандын жалын кусуптур.

Ошондо Домонун кызы:

– Ата, эми бүркүтүңүздү аңга алып чыга берсеңиз болот. Төө комдот деген бүркүт ушул. Муну салганда төөнү коомдой барыш керек. Ал бүркүттүн шерти ар күнү арбытып алат. Ошондуктан, ар салган сайын киши улам көбөйүп арбын барсын. Бүгүн бешөө чыкса, эртең он, бүрсүгүнү он беш, анан отуз, кырк болуп арбып отурсун, – деди.

Эртеси күйөөсү атка минип, жанына бир топ жолдош алып, бүркүттү салса, көзүнө көрүнгөндүн баарын алыптыр. Ошентип, бүркүт бара-бара күнүнө алтымыш, жетимиш карышкыр, түлкү, кулжа, теке алат.

Төө комдот бир жума өтпөй эле ээсин дүнүйөгө батырат. Не бир сүлкүлдөгөн сүлөөсүндөр батпай кетет. Домонун кызынын күйөөсүнүн баркы көтөрүлөт, элдин оозуна алынып макталат.

Ал күндөрдүн биринде: «Келин оюна келгенин сүйлөй берет, анча көп кишини олжого орток кылбай эле, төрт-беш киши менен чыксак кудай алабы» – дейт да, арбын киши ээрчитпей, аз киши менен жөнөп кетет.

Кечке жуук Домонун кызы эшикте кир жууп олтурса, бүркүт келип туурдукка конуп калат.

Келин бүркүттү көрө коюп:

– Атаны кокуй ай-ээ, болбой калган турбайбы, бүгүн уулуңуз канча киши менен кетти эле? – деп атасынан сурады.

Кайнатасы:

– Төрт-беш киши менен кетсе керек, – деди.

Келин:

– Айтпадым беле, олдо кокуй ай-ээ, бешөөнү тең алган турбайбы, тезирээк киши чаптырыңыз! – дейт да, бүркүттү алып, ортоңку салаасын балта менен кыя чаап: – Кош жаныбарым, шартың ушул эмес беле! – деп учуруп жиберген экен.

Эл барып караса, бүркүт бешөөнү бирдей алып, боор этин оё жеп гана тим болуптур. Кыргыз баласында Домонун кызындай кушка тилмеч укмуштуу пенде чыккан эмес экен. Ошондон улам кыргыздын уламышында Домонун өзү көп оозго алынбай, Домонун жалгыз кызы сөз болуп калыптыр.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

[i] Коё – алгыр куштун, тайгандын ичин тазалоо үчүн тоголоктоп тамакка кошуп берген кыл-кыбыр.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз