Чыгыш уламышы: Кыңыр иш кырк жыл өтсө да билинет

  • 22.01.2021
  • 3493

Кылмыш жасаган адам эртеби-кечпи, кылган иши үчүн жазасын албай койбойт.

Анын кылгандары өмүр бою эле жашырылып, көмүскөдө кала бербейт. А жаза эреже катары кылган ишине жараша, а балким андан да оор болот.

Анда көңүлүңүздөрдү турмушта сабак болор Чыгыш уламышына буралык.

Илгери бир карыя адам жашаптыр. Ал өз бустанында жашылча өстүрүп, түшүмүн базарга сатып оокат кылчу экен. Анын буттары ооручу, ошондуктан базарга жашылчаларын өзүнө окшоп карыган эшегине жүктөп барып сатар эле. Эшеги карыса да аны бир да жолу жолдо калтырган эмес, карыя эшегин жакшы көрчү жана аны эң жакын досу катары эсептечү.

Бир күнү базарда соода кылып жүргөн дыйкандар менен сүйлөшүп олтуруп сөздүн ыгы келгенде мындай деп калды:

 – Менин эшегим болгону карган эшек болсо дагы, аябагандай акылдуу, баарын түшүнөт. Эстутуму биздин вазирдикинен алда канча жакшы.

– Карыя, сен абайлап сүйлөсөңчү. Бул сөзүң вазирге жетсе тирүү калбайсың, өзүң түшүнөсүң да, анын кишилери базарда быкылдап жүрүшөт.

– Мен чындыкты айтып жатам, сөз чынынан бузулбайт, – деди карыя камырабай.

Анын бул сөздөрүн вазирдин кызматчылары да угушту.  Албетте, ошол замат эле ал сөздү вазирге жеткизишти.

Вазирдин жини кайнады. Базарда жүргөн кайдагы бир сандалган абышка аны эшегине теңегенине батынганын карабайсыңбы. Муну жөн калтырганга болбойт.

Ал падышага тез жетип барды:

 – Оо, менин өкүмдарым! Сиздин улуу вазириңизди шылдыңдап жатышат. Мен жөнүндө айтылган бардык жаман сөздөр, сиздин атыңызга да өз көлөкөсүн тийгизет. Абышканы жазага тартыш керек. Анын башын алдыр. Менин эмес, сиздин кадыр-баркыңыз үчүн бул ишти кылышыңызды суранам.

Падыша анын айтканына муюду. Желдеттерин карыяны тезинен таап алып келгиле деп жиберди.

Карыяны падышанын алдына тез эле алып келишти. Ал башын ийип саламдашты да, унчукпай туруп калды.

– Уруксат берсеңиз, мунун башын өзүм алайын, – деди карыяга кыжыры кайнаган вазир.

– Токтой тур. Аны кантип жана качан жазалашты өзүм чечем, адегенде мунун айтканын уккум келет, – деди өкүмдар.

Ал карыяга кайрылды:

 – Менин угушумча сен биздин вазирди эшегиңе теңептирсиң. Аны эшектен да макоо, эс тутуму да эшектикинен жаман депсиң. Эмне себептен минтип айттың? Айткан сөзүңдү далилдеп бере аласыңбы?

 – Улуу урматуум! Менин айтканым чындык сөз. Өмүрүмдө калп айтып көргөн жан эмесмин. Бул жерде менин эч бир күнөөм жок.

– Айтчы, ал эмне болгон чындык экен?

– Улуу өкүмдар, мен сизге бир окуяны айтып берейин, ошондо сиз баардыгын өзүңүз түшүнөсүз. Бир жолу эшегиме жашылчаларымды артып базарга келе жаткам. Андан эки күн мурда катуу жаан жаап басылган. Бир жерде жолдун ортосунда чоң көлчүк пайда болуп калган экен. Мен эшектин оозун тартып, көлчүктү айланып өткүм келди. Бирок эшек баш бербей көлчүктү кечип жөнөдү. Көлчүктүн ортосунда жеткенде ташка бутун кыпчытып алып мүдүрүлүп оңолду, бирок үстүндөгү жүк ооп, көлчүккө кулап түштү. Балчыкка түшкөн жашылчаларды жууп тазаладым да, ачуум менен эшекти катуу сабадым. Базарга барып соодамды бүтүрүп, кечинде кайра кайттым. Көлчүк дагы эле кургай элек экен. Эшек аны айланып өтө баштады. Мен кантээр экен деп тизгинди көлчүккө буруп, канча теминсем да ал көлчүккө бир туягын да малбай чекеси менен өтүп кетти.

– Сен муну мага эмне үчүн айтып жатасың? Бул жерде вазиримдин эмне тиешеси бар?

– Менин өкүмдарым, окуяны аягына чейин айтып берүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Эшек мал болсо да, эстеп калганын карабайсызбы. Кайра көлчүккө кирип мүдүрүлсө таяк жээрин жакшы билет да. Эми сиздин вазириңиз жөнүндө. Эки жыл мурда ал казынаңызга кол салып, өзүнө хан сарай салып алганда билинип калып, сиз аны жазалаганыңыз эсиңиздеби? Ошондо сиз катуу эскерткенсиз, эгерде бул кылыгыңды экинчи жолу кайталасаң, башыңды алам дегенсиз. Ал бул эскертүүңүздү көп өтпөй эле унуткан, анын эс тутуму аябай начар. Мурда кандай уурдап жүргөн болсо, дагы эле ошондой уурдап жүрөт. Килтейген хан сарайларды курдурду, башкалардын жерлерин сатып алып жатат. Анын кылгандарын элдин баары жакшы билет.

Хандын айланасында жүргөн кызматчылар чурулдап жиберишти:

 – Карыя туур айтып жатат!

Ошентип падыша карыяны өзүнө кеңешчи кылып алды, а эшекке өзүнүн жылуу атканасынан орун бердирди.

Ал эми башы алынган вазирге мындан кийин жакшы да, жаман да эстутумдун кереги жок.

Досторум, бул окуя жактыбы? Мага ушул икаяны кагазга басып, жемкор-коррупционерлердин иш бөлмөсүнүн көрүнөө жерине илип койсо жакшы болчудай сезилет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз