Сардарбек Рыскулов: Таканак

  • 25.01.2021
  • 3572

АҢГЕМЕ

Бул окуя Ысык-Көлдүн тескей Ала-Тоосунда мындан 80—90 жыл мурда өткөн экен. Ошол жерде жашаган элден Жоробек аттуу бир жигит өзүнүн бөтөнчүлүгү менен көл бооруна даңазасы тарап, атагы алыска кетет. Жоробек барып турган көзгө атар мерген, ашынган мүнүшкөр, чебер капканчы, теңдеши жок баамчыл, акылман болот. Аны жайдыр-кыштыр кырк-элүү түтүн жардылар ээрчип, көчсө көчүп, консо конуп, тегеректеп жүрүшөт. Анткени, Жоробек өз өнөрү менен тиги топорлорду тоюндуруп, багып жүргөн азаматтын азаматы экен.

Бир жылдарда Жоробектин айылы Тескей Ала-Тоосундагы «Алтын-Арашан» капчыгайын кыштап калды. Чыкылдаган кышкы суук күчүнө алып, түкүргөн түкүрүк жерге муз болуп түшүп турган кез. Кошуналарынын баары кечкисин Жоробектикине чогулушуп, жок-жардысын билгизбей күлүп-каткырып, бака-шака түшүп, өткөн-кеткендер тууралуу кеп салышып, көңүлдүү олтурушат. Береке Жоробектин кара алачыгында. Казан додо кайнаган кайберендин эти. Асман чайыттай ачык. Үркөр жамбашка келип, ай төбөдөн оогон. Бир кезде отургандар тамагын ичишип, эшикке жабыла чыгышты. Эл менен Жоробек да чыкты.

Жоробек «Алтын-Арашан» капчыгайы тараптагы апай бетти бир карап алды да, көпкө чейин тиктеп калды. Анан таң калгандай: «Оо, шумдук! Асмандан тилегенди жерден берет деген ушу. Текестин кызыл калтары биздин жерге ооп келген экен го» деп койду. Жоробектин жанындагылар бирпастын ортосунда дүрбөлөңдөшүп, анын жанына чогула калышты:

— Эмне деп жатасын, Жоке?

Биринен сала бири шашып, Жоробектин жанын койбой жабалакташты. Жоробек:

— Баары бир мен көрсөткөн менен силер көрө албайсыңар, Эртеңден баштап бул тарапка ууга чыкпайбыз. Кызыл калтар жерибизге байырласын. Муну шашпай колго түшүрүш керек.

«Кимде ким кызыл калтарды кармап, мага терисин алып келсе, тулубун толтура дилде берем» деген Текестин бегинин жардыгы бар. Ошого тартуулап барып, айыл боюнча туйтунабыз,— деди.

— Муну кантип кармайбыз, Жоке?!

— Муну алса эле Жокемдин өзүнүн Ак куйругу алат.

Жоробек жабалактагандарга шашпай туруп, салмак менен жооп кайтарды:

— Жок. Муну менин Ак куйругум алалбайт. Ал карышкыр, каман, эчки, теке алганы менен, калтардан сүрдөйт. Калтардын сүрү башка айбанаттарга караганда бөтөнчө болот. — Анда кандай кылабыз?!

— Муну алгандай, мен билгенден, көл өрөөнү боюнча бир да кыраан бүркүт, бир да алгыр тайган жок. Биз көргөн сонун тайган, бүркүттөрдүн баары купулума толбойт. Тайгандар тиш сала турган болуп, жуп жакындаганда калтардын жылтылдаган бермет жүндөрү көзүн чагылыштырып, уялтып жиберет, анан тайган адашат да калат.

— А бүркүтчү?

— А... Ал эми бүркүт болсо калтарды куушурулуп келип жуп шыпырып аларда, калтар кереп туруп мант берип кетет. Күү менен келген бүркүт же ташка тийип өлөт, же жер кучактап олтуруп калат.

— Жатагына капкан таштасак кантет?!

— Жок. Бизден да калтар акылдуу. Капканды алда кайдан билет. Баспайт. Чакытып кетет.

Ошентип аны айтып, муну айтып Жоробектн тегеректеген элдин айласы кетти. Бир кезде Жоробек: «Муну бир тиштесе «Таканак» деген тайган тиштейт» деди.

— Таканак кайда?

Таканак кайда экенин ким билсин!! Аны эл-журтту кыдырын жүрүп табыш керек. Мына ошентип ошол түнү таң атканча кызыл калтар, аны тиштей турган «Таканак» деген тайган жөнүндө сөз болуп чыкты. Эртеси күнү эртең менен айылдагы адамдарды чогултуп, Жоробек экинчи жолу акыл бөлүштүрүп олтурду.

— Кызыл калтарды, — деп сөз баштады Жоробек, — тагдыр бизге буюрган. Муну быякка ажал айдап келген. Биз сөзсүз кармайбыз. Аны үчүн үчөө-төртөөңөр мени ээрчигиле. Эл-журтту арытып, Таканакты изденебиз. Мында калганыңар түн уйкуну, күн тынымды коюп, биз келгенче ит-куш, мал-салды Алтын-Арашан тарапка бет алдырбай, кезектешип карап тургула.

Алар бир жума бою көл айланасын түтүнмө-түтүн кыдырып чыгышты. Издегендери — Таканак. Акыры айласы кетип жадаганда, Кочкор багытын карай бурулушту. Топурак-Белди ашып, Орто-Токой тарапка бет алышты. Токойго кире бериш жердеги калың чийдин арасынан тайган чалыш жылаңач ак төш сары ит жок издегендерге жолукту. Ит тиги дабыратып жарыша чаап келаткан топ кишилерден чочулап, куйругун кыпчып алып, анда-санда артын карап «каңк» деп үрүп-каңшылаган болуп, токойдун калың жерин көздөй созолонду. Жоробек: «Болду-болбоду Таканак ушул» деди. Алар ошол алдынан качкан ак төш сары итти зымырата кууп келатышты. Ит качкандан качты. Закымдагандан закымдады. Акыры жүрүп отуруп токойдун арасындагы түтүнү көккө оргуштаган жалгыз кара алачыкка барып бир тийди. Анан аркасын үйдүн кырчоосуна жөлөп сороюп олтуруп алып, тиги артынан жете келген куугунчуларга айбат кылып, арсылдап үрүп турду. Үстүндө үйрүп салар кийимдери жок куур курмушуга оронгон чөбүрөгөн үч-төрт бала биринин артынан бири чубап, ошол кара алачыктан эшикке чыгышты.

Ал-аңгыча үйдүн оң тушундагы камыш аралашкан чычырканактуу түнт токойдун жээгиндеги жекендерди шуудуратып, бети-башын карала-торала кылып көө баскан тегерек кара сакалы бар, орто бойлуу киши чыга келди. Белиндеги көтөрмө куруна кыстарып койгон узун саптуу чоту, түлөгөн атандын чуудасындай жүнү самсаалаган мата чапаны, бутундагы тамандалган кийиз чокою менен башындагы баса кийген тери малакайы бул адамдын кесиби көмүрчү экенин даана эле айгинелеп турат.

Ат тизгинин жыйып, эшик алдында тура калган Жоробектер тиги карыяга ызаат кылып, салам айтышты. Баятан бери үнүн баспай каңкылдап үрүп жаткан ак төш сары ит карыянын «чык» деген үнүн уккандан кийин, мындан аркысын өзүң көздөп ал дегенсип жаагын басып, акыркы жолу «күңк» этип койду да, тумшугун колтугуна катып, үйдүн оң капшытына тоголоктонуп жатып калды. Карыя тиги жигиттер менен учурашкандан кийин ачуусу келгендей бир аз сурданды:

— Балдар?! Кебетеңерге караганда токтолуп калган азаматтардан көрүнөсүңөр. Орду жок көпкөн жигиттерге окшоп ит кууп жүргөнүңөргө жол болсун?

Жоробек жолдоштору менен ала-сала уяла түштү. Анан кечирим сурап, жумшак жооп кайтарды:

— Аксакал, кечирип коюңуз. Ээси жок жолбун ит ко деп кубаладык. Бул ит сиздин ит экенин үйгө келгенде билдик. Жолбун болсо ит кылып алсакпы деп ойлодук эле. Эми аксакал мынча болду ушул итиңизди бизге бериңиз.

— Эмне үчүн?.. Бул иттин силерге эмне кереги бар?

— Керек аксакал! Колкосун беребиз. Сизди кур таштабайбыз.

Карыя таң калгандай бул жигиттерди көпкө тиктеп калды. Тиги үйдүн кырчоосуна жөлөнүшкөн кайсынысы улуу, кайсынысы кичүү экени билинбеген, бакыракай көздүү, чодурайган балдары да бул жигиттерден чочулагансып, бирде атасын, бирде тигилерди тиктеп, үн чыгарышпай бири-бирине жөлөнүшүп турушту. Карыя ары-бери күйшөлгөн болуп, анан тамагын жасап сөзгө келди.

— Алгыла! «Итти сураганда бербеген жаманатты болот» деген кеп бар. Эки жагыбыз тең сөзгө калбайлы. Мен ушул токойдон көмүр өчүрүп сатып оокат кылам. Өткөн жылы мынабу балдардын энеси каза болгон. Ушул үрүп чыккан сары итимен бөлөк бир жандыгым жок. Эптеп жетимдерди тал, чычырканактын көмүрүнүн аркасы менен багып турам. Иттин колкосуна эмне берип, эмне койсоңор, өзүңөр билгиле, мырзалар?

Карыянын колдору дилдиреп, бүткөн бою калтырап, жаман чапанынын этек-жеңи делбектей түштү. Ал аялынан ажырап, тиги кызыл чиедей жаш балдары жетим калганына, өзүнүн итке минер томаяк экендигине, эптеп эле өлбөстүн күнүн көрүп турганына ичиркенип кетти белем. Анан дагы Жоробектерден айбыккандай, итин карап туруп, каргылданып сүйлөдү:

— Түнкүсүн үрүп, күндүз үйгө жолобой курт-кумурска терип, жойлоп кетет. Кайда болсо жалгыз үй кишиге кара-жоро болот экен. Эми силерге окшогон азаматтар анчалык кадырлап сурап келгенден кийин ит курусун!

Жоробек карыянын шар кеткен ачык-айрым сөзүнө кубанып, азырынча итиңиздин колкосу ушу болсун деп жанындагы жолдошторунун атынын бирин көмүрчүгө алып берди. Атынан ажыраган жолдошун учкаштырышып, тиги ак төш сары итти мойнунан байлап алып Жоробектер жолго түштү. Көмүрчү карыя аттын жалынан кармаган боюнча, азыр эле көз алдынан өткөн окуянын түш экенин же өңү экенин ажырата албай, алардын артынан карааны үзүлгөнчө тиктеп калды.

Жоробектер күндөп-түндөп жол жүрүп, көл башындагы айылына жете келишти. Келээр менен айыл-апасы бүт чогулуп, тигил жылаңач ак төш сары итти тегеректеп калышты. Бул кабар көл айланасына тез эле тарады. Кулагы угуп, көзү көргөндөр, аттуу-жөөлүү болуп Жоробектердин айылына келе баштады: «Тескей Ала-Тоосуна Текестин кызыл калтары ооп келиптир дейт, муну тиштей турган тайганды Жоробек тааптыр дейт. Аны палан күнү калтарга агытат экен дейт» деген сөздөр узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кетти.

— Кана Жоке, Таканакты качан агытабыз?

— Эртеңби, бүгүнбү?

— Калтарды качан тиштетебиз? — ушундай сөздөр Жоробектин кулагынын кужурун алды. Тынчын кетирди.

Бир күнү дүрбөгөн элге Жоробек: «Мен Таканакты кишиге көргөзбөй бир ай байлап, таптаймын. Антпесе Таканак кызыл калтарга жетпейт. Аны тиштей албайт. Бир айдын ичинде үч жолу кар жаайт, үч жолу асман ачылат. Кызыл калтар ошол үч жолку карга тең оонап жүндөрүнүн учундагы өңүн кулпунткан ак бермет, кызыл бермет, кара бермет деген үч берметин жетилтет. Анан ошондон кийин тиштетем» деп, күн сайын ат тезегин кургатпай тынымсыз келип жаткан элдин демин басты. Топтошкон көпчүлүк үн-үйлөрүнө тарап, өзүнүн үркөрдөй болгон кошуналары менен Жоробек айылында калды. Эл арасында эки кишинин башы кошулган жерде: Жоробек, Таканак, кызыл калтардын кеби.

— Таканак табына келди. Эртең жок, бүрсүгүнү таңга маал кызыл калтарга аттанабыз, — деп Жоробек айлындагы азаматтарына кабар кылды.

Жоробектин жолдоштору суутулган аттарынын куйруктарын чарт түйүп, айткан күнү таң атпай келишти. Жоробек баш болгон топ атчан Таканакты жалаңдатып ээрчитип, Алтын-Арашан өрөөнүндөгү бөксөгө чыгышты. Артуудан артуу, белден белди арытып, көп жол жүрүштү. Күндүн нуру тоо-тоонун чокуларын аймалап калган кезде акыркы бир белестин кайкысына Жоробек мурун чаап чыгып, ат тизгинин жыйды.

Эртең мененки суукка карабай, катуу жүргөндүктөн Жоробектин алдындагы атынын үстү ак бубактанып тер басып, үстөкө-босток булоолонуп жатты. Эки таноодон чыккан ысык буу кош

ооздун түтүнүндөй бурт-бурт атылып, улам бир орунда тыным алалбай, ары бери тыбырчылап, курч туяктары менен кайкыдагы каткан карды кычырата басып, жер чапчып, секирип турду. Аңгыча артынан жолдоштору жете келди. Жоробек ат үстүндө туруп, оң колун чекесине кабактантып, аркы өйүздөгү караган-черди тиктеди да: «Калтар жатагында жаткан экен» деп койду, Жоробек менен тең жарыша чуркап чыккан Таканак лып деп боору менен жерге жабыша калып, узунунан түшүп, комдонду да, бет маңдайындагы чалкайган жайык беттен эки көзүн албай, кош кулагын тикчийткен бойдон кадалгандан кадалып, тиктегенден тиктеди.

Жоробек атын моюнга салып, артын көздөй бурулду.

— Жүргүлө үйгө кайтабыз?

— Эмне үчүн?

— Калтарды кубалатпайбызбы?

— Жок. Кубалатпайбыз.

— Бул кандай кеп?

— Таканак калтар менен тиктешет.

— Качанкыга чейин?

— Ким билет. Күнүгө бир маал келип, карап кетебиз. Балким эки күн же үч кун тиктешер. — Жоробектин жолдошторунун ындыны өчүп, ысыган илеби сууй түштү. Баштарын шылкыйтышып, үйдү көздөй кайтышты.

Ошентип Таканак комдонгон боюнча катты да, калды. Элге: «Айттын болорунан да болоту кызык» дегендей, качанкы Таканактын кызыл калтарды тиштегенинен да тиштебейти кызык болуп жатты.

Күнүгө бир маал Жоробек баштаган топ жигит Таканак жаткан кайкыга келип кетишет. Таканак бир калыпта, ордунан козголбойт. Көзүн жумбайт. Аркы өйүздү тиктегени тиктеген.

Үчүнчү күндү өткөрүп, төртүнчү күнү таң ата дабырттап чаап барышса, жаткан ордунда Таканак жок.

— Эгер мен Таканакты жакшы таптасам, кызыл калтарды дал ушул кайкыга кууп келип, бүгүндөн башка үч күндө тиштейт. Кокус орточо таптасам алтынчы күнү тиштейт. Соодур, начар таптасам тогузунчу күнү тиштейт. Азыр алар куушуп кеткен экен. Жүргүлө, үйгө кайталык, — деди Жоробек.

Ээрчиген жигиттердин айрымы өз оюнда: «Ай ким билет... Таканак кызыл калтарды кубалабай эле курсагы ачканда Орто-Токойдогу көмүрчү чалдын үйүн көздөй салды го» деп Жоробектин сөзүнө ишене бербеди.

Арадан үч күн өттү. Жоробектер баягы кайкыга келишти. Эч нерсенин шеги жок. Андан кийин үч күн өткөрүп туруп дагы келишти. Таканак баягы мурунку ордунда Алтын-Арашан шаркыратмасын тиктеп, эки көзүн кызартып, комдонуп жатат. Жоробектерди көрөрү менен оозу-башын жаланып, куйругун эки капталына алмак-салмак чапкылап, кулагын жыйырып шыйпалактап, башын ары-бери чайкап, бураңдады.

Алардын алдынан тосо эркелеп, кыңшылап жиберди.

— Кайран Таканак тиштеп койгон тура, — деди Жоробек.

— Кай жерде?

— Тиги күрткүгө көөмп салган турбайбы.

— Кызыл калтар өзүбү, Жоке?

— Өзү эмей анан?

— Баракелде.

— Деги Таканактын тиштегени чынбы, Жоке?..

— Анан эмне мени тиштеди деп турасыңарбы?.. – Жоробек кыт-кыт күлүп, жадырап-жайнап кубанып, атынан ыргып түшүп Таканакты ээрчий басты.

Таканак будаланып калган күрткү карды алдынкы эки буту менен алмалап эше-эше тартып жиберди. Кардын арасынан калтардын куйругу чыга түштү.

Жоробек ээрдин үстүнөн көрпөчөсүн алды да, кызыл калтарды ороп бөктөрүндү. Көптөн бери ойлогон максаттары иш жүзүнө ашкан жигиттер үйлөрүнө жарыша чаап, тизгин учу менен кайтышты. Үйгө түшөр менен жолдошторуна Жоробек муну айтты: «Калтарды үч күндөн кийин кечинде биздикинен көргүлө, ага чейин союп, ийлеп коём».

Айткан кечте айыл-апасы бүт чогулуп, Жоробектикине келишти. Ай караңгы. Күн бүркөк. Жоробек түндүктү тарттырып, эшикти түшүрттү. Отту жактырбай, чырактарды өчүрттү. Үйдүн ичин үч көтөргөн коңшулары уу-дуу. Үйгө көзгө сайса көрүнгүс караңгы түштү. Анан Жоробек жүктүн арасынан кызыл калтардын терисин сууруп чыкты да, тумшугунун учунан кармап туруп, силкип койду. Караңгы үйдүн ичине жылдыз чачып жибергендей, отургандар биринин өңүн бири даана көрүштү.

Эртеси эртең менен Жоробек кызыл калтарды жабык башка илди. Кирип чыккан элдин көзүнө калтар бирде кызыл бирде күрөң, бирде көгүш болуп, түркүн түстө кубулуп турду. Тумшугунун учунан кармаса жүнү куйругун көздөй, куйругунан кармаса тумшугун көздөй бермет чачып жапырылат. «Баракелде! Калтар болбосоң коё кал!»

Барыш-келиши туура алты күн жол жүрүшүп, Жоробектер Текестин бегине келишти. Самаганын алып, кайра айылына кайтышты. Ошол кызыл калтардын баасы менен Жоробектин коңшулары бүт оокаттанышты. Эл катарына кошулушуп кетишти.

Кийинчерээк баягы Орто-Токойдогу көмүрчү карыяга төө баштаган бир тогуз жеткирип беришкен экен.

Жолдоштору Кутунбеттин мүнүшкөрлүгүнө, бүркүтү жедеп эле аны менен ата-бала болуп калганына бир чети таң калышты, бир чети ыраазы болушту.

Үйдүн ээси Кутунбетти тааныйт экен. Көрсө, ал киши алгыр канаттууларга тор жайган атактуу саятчы тура. Мындан он чакты күн мурун торуна түшкөнүн, ошондо эле «бул бүркүт Кутунбеттики болуп жүрбөсүн» деп шек алганын отургандарга айтып берди. Ал түгүл: «Бүркүтүңдүн үнүн таанып келген экенсиң ээ» деп Кутунбетти жылмайып карап койду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз