Ги де Мопассан: Элет күндөрүнүн таржымалы

  • 18.03.2021
  • 3420

НОВЕЛЛА

Аба ырайы сопсонун, фермадагылар демейдегидей эрте түштөнүп, элдин баары талаага кетишкен эле.

Үй кызматчысы Роза ашканада жалгыз калган, мындагы ысык суу куюлган казандын алдындагы очокто чоктун кору али өчө элек болучу. Күндүн терезе аркылуу столго төгүлгөн нурунан айнектин бүт кемик-кемтиги чагылып, төрт бурч болгон эки жарыктан көзүн алгысы келбеген кыз анда-санда ишинен алаксып, казандагы суудан сузуп алып, шашылбастан идиш-аяк жууп атты.

Киши тоотпогон үч тоок стол алдында күкүмдү чокуп жеп жүрүштү. Ачык эшиктен мал короонун жыты, күпкөлөрдөн кыктын чириген буусу келип, түшкү аптаптын тынчтыгында короздор үн салат.

Кыз идиш-аягын жыйнап, столду сүртүп, очоктун күлүн чыгарды, ашкананын төркү бурчунда чыкылдап соккон сааттын жанындагы бийик текчеге тарелкаларды койду да, күрсүнүп алды; ал кичине чыйрыккансып, көңүлү кандайдыр кирдегенсип турду. Ал көө баскан боз топурак керегени, шыптын ышталган устундарын карады, мында желелер, сүрсүтүлгөн балыктар, бооланган пияздар илинип турган эле. Анан көчүк басты, узак убакыттан бери суу үстөккө-босток төгүлүп келген жер тамандагы ным аптап күндөрү коюу буулангандан улам анын жүрөгү анча-мынча айлангансып турду. Коңшу чөнтөк кампадагы салкын жерге коюлган сүттүн көңүлгө көк талкандай тийген борсук жыты ага кошул-ташыл. Ошого карабастан ал көнгөн адаты боюнча тигүүгө киришти, бирок өзүнүн муун-жүүнү бошоп тургандыгын сезип, таза абада дем алуу үчүн сыртка чыкты.

Ушул жерде ал күн нуруна бою балкып, жылуулук анын так жүрөгүнө көтөрүлүп, көңүл көшүлткөн дем денесин балкытып, дендароо болуп жатканын сезди.

Эшик алдындагы үйүлгөн кыктан болор-болбос буу чыгып турду. Тооктор мында капталдай жатып чырдап, бир буту менен кыкты ылаалай чачып, курт издешет. Алардын арасында короз койколоктой басат. Ал азыр эле көзү түшө калган тоокко жакындайт да, акырын окуранып аны тегеренет. Мекиян акырын ордунан козголуп, таманын бүгүп, жайылган канатынын үстүнө аны кондуруу менен тигинин эркине туйлабастан баш ийди, анын канат-куйругун силкип чаң көтөрдү да, үйүлгөн кыктын үстүнө кайрадан жата кетти, короз болсо өзүнүн жеңиши тууралуу кыйкырып жарыя салды эле, бири-бирине ашыктык баянын айтышып жатышкан сыяктуу короонун туш-тарабынан короздордун үндөрү угулуп турду.

Кызматчы кыз аларга көңүл кош карады. Анан башын көтөрүп, көбүктөй көлбөөрүп, көз уялта аппак болуп гүлдөгөн алманы көрүп абдаарый түштү.

Күтпөгөн жерден кубанычы койнуна батпаган тентек кулун адыраңдай чуркап жандай өтүп кетти. Ал дарак тигилген жээктен эки удаа чуркап өттү да, анан тык токтоп, өзүнүн жападан-жалгыз экендигине таң калгандай жан-жагын каранды.

Кыз өзү дагы кошо жүгүрүп, кыймылдагысы келди, ошол эле учурда керилип-чоюлуп жатууну, ың-жыңсыз куйкалаган ушу аптапта тук этип алууну эңседи. Ал айбандын ыракат сезимин ээрчип, көзүн жуумп, бир нече ишенимсиз кадам жасады, анан жумуртка алуу үчүн шашылбастан тоокканага жөнөдү. Мында жаткан отуз жумуртканы алды да, үйгө апарып, буфетке салды, бирок ашкананын жыты анын көңүлүн кайрадан айлантып, көк майсаңга барып олтуруу үчүн эшикке чыкты.

Ферманын дарак менен курчалган короосу уйкуда жаткандай. Бийик өскөн чөптө каакымдын сары учтары кылактайт, жаздын күнкү чөп ширелүү да, көпкөк да болуп өңдүү. Алманын көлөкөсү анын тамыр түбүн тегерете көлбөөрүп жатты, саман менен жабылган үйдүн үстүнөн жалбырактары кылычка окшогон чекилдек өсүп сороюп чыгып турат, күпкө менен мал сарайлардын нымы саманды тепчип бууланып чыгып, чегилген чылымдын түтүнүнө окшойт.

Кызматчы кыз чийне менен арабалар коюлган бастырмага келди. Анын артында чоң коо бар эле. Анын ичин көк-жашыл, жыты буруксуган сыя гүлдөр бетин бербей өскөн, андан ары сейрек токойлору, талаалар бар чоң өрөөн созулуп, мында түшүм бышып, кээ жерлерден иштеген адамдардын тобу алыстан куурчактай кичинекей болуп көрүнөт, оюнчуктай болгон ак аттар баланыкындай сокону тартып, анын артынан бою машактай болгон адам баратат.

Ал чөп үйүлгөн жерге бир таңгак саман алып келүү үчүн барган, таңгагын чуңкурга ыргытып жиберди да, үстүнө олтура кетти; бирок олтурууга ыңгайсыз эле, ошондуктан таңгактын жибин чечип жиберди да саманды жазып, колун башына коюп, бутун сунуп, жеңил-желпи чалкасынан жата кетти.

Кирпиги кирпигине өзүнөн өзү акырындык менен жабышып, жан эргиткен дем дароо көшүлтүп баратты. Көзү илинип баратып ал күтпөгөн жерден кимдир бирөө көкүрөктөн эки колдоп кучактай калганын сезди да, дароо ордунан ыргып турду. Бул шыңга бойлуу, пекардиялык келишкен жигит Жак деген кызматчы эле, ал кызга көптөн бери көз артып жүргөн. Бүгүн ал кой короодо иштеп жүргөн кыздын көлөкөгө кыңая калганын көрө коюп, демин ичине алып, дабыш билгизбей жылып келген эле, анын чачына саман уйпаланып жабышып турду.

Ал кучактайын деди эле, бирок кыз жигитти жаака келиштире бир чапты, анткени ал тигинден чабал эмес эле. Бирок жигит митайымдык кылып, кечирим сурады. Алар жанаша олтуруп, аңгемедүкөн курушту. Кош айдоо мезгилинде аба ырайынын жакшы болгондугу, быйыл жыл түшүмдүү боло тургандыгы, кожоюндун жаман адам эместиги, андан кийин коңшу-колоңдор, бүт округ тууралуу, өздөрү, өздөрүнүн айылдары тууралуу айтышты, балалык чактары, узакка, мүмкүн биротоло кош айтышкан ата-энелери жөнүндө эске түшүрүштү. Ушул эскерүүлөрдөн улам кыздын муун-жүүнү бошоп, жигит болсо жанагы өзүнөн алыстаган ойго багынып, кумарлануусу бойго батпай алоолонуп, улам жакындай олтуруп, кыса баштады.

– Энемди көрө элегим көп болду, а дейбиз, бу дейбиз, бирок баары бир үйдү сагынат окшобойсуңбу, – деди кыз.

Ал алысты тунжурай тиктеди, көз алдында аралык кыскарып, тээ алыскы түндүктүн бир жеринде кош айтып кеткен айылын элестетти.

Күтпөгөн жерден жигит анын моюнунан кучактап, кайрадан өпкүлөдү, бирок кыз муштумун катуу түйүп туруп, бетке катуу чапкандан тигинин мурдунан кан атып кетти. Ал ордунан туруп, башын даракка кыйшайта жөлөдү. Ушул жерден кыздын боору ооруп, ага жакын келди да, мындай деп сурады:

 – Ооруп калдыбы?

Бирок жигит каткырып күлүп жиберди. Муштумдун дал мурунга тийгени гана болбосо кейиш жок. «Ушунусу шумдук болду!» – деп булдуруктады. Эми жигит кызга суктангандай карап турду, локуйган албеттүү неме кызга карата болгон өзүнүн урматтоосун, эми таптакыр башка мүнөздөгү жакшы көрүүнүн, чыныгы махабаттын жаралып жаткандыгын сезди.

Жандиккени басылган соң жигит кызга бирге басып келүүнү сунуш кылды, анткени алар дагы эле жанаша олтура бере турган болсо, коңшусунун чоң муштуму тийип калабы деп коркуп калган эле. Бирок кыз жигитти көчөдө жүргөнсүп колтуктап алды да, мындай деди:

– Мени сыйлай жүрсөң боло, Жак, мунуң жакшы эмес.

Жигит кайрадан актана баштады: урматтабайсың деп кантип айтып жатасың, сүйүп калдым, болгону ошо.

– Демек, сен мага үйлөнөсүңбү? – деп сурады ал.

Жигит ойлонуп калды, анан кыз кандайдыр бир алысты телмире тиктеп турганда көз кырынан уурданып ага карады. Анын торсойгон жүзүнөн кызылы таамп, лакыйган төшү чыттан тигилген кофтасын тээп, эриндери көлбөөрүп албырып, жайдак моюнунан тер таамп турган. Жигит кайрадан ээликкенин сезди да, кыздын кулагына эриндерин тийгизип мындай деди:

– Үйлөнөм.

Ошондо кыз жигиттин мойнунан кучактап, узакка өпкүлөп жатты, бул экөөнүн тең бүт боюн балкытып турду.

Мына ушундан тартып экөөндө ашыктык азабы башталды. Алар көмүскө жерде кучакташып, ай тийген түндөрү үйүлгөн чөптүн ары жагына жашынып жолугуп жүрүштү, тамак ичип жаткан учурда мыктары орсок-терсек одоно кагылган бут кийимдери менен стол алдында бири-биринин буттарын көгөргөнчө тебелей беришчү.

Кийинчерээк Жак суугансып кетти, ал кездешүүдөн кача баштады, кыз менен сүйлөшпөй калды, жалгыздап көзмө-көз калуунун жолун издебеди. Ошондо кыз шектене баштады, сагынып-саргайды, ушундан көп өтпөй өзүнүн кош бойлуу экендигин сезди.

Адегенде бүткөн бою дүркүрөп коркуп кетти, анан жинденип ачуусу күндөн күнгө күчөй берди, анткени ал Жак менен сүйлөшүүгө эч кандай ылаажы таппай койду. Жигит буйталактап качып жүрдү.

Акыры үйдөгүлөрдүн бардыгы уктап жаткан түндөрдүн биринде кыз жыңайлак, ич көйнөкчөн шырп алдырбастан короодон өтүп, аткананын эшигин ачты. Жак ушул жерде аткананын төш жагындагы саман салынган аштоодо уктап жаткан. Ал кыздын келаткан дабышын угуп уктамыш болуп калды. Кыз аштоонун ичине кирип, тизелеп олтурду да, жигитти алка-жакадан кармап силкилдетип ойготту.

Жигит көчүк басып олтурду, кыз тишин кычыратып, ачуусунан калчылдап мындай деди:

– Мага, мага сен үйлөнүшүң керек, сен үйлөнөм деп убада бербедиң беле.

Жигит каткырып күлүп, мындай жооп кайтарды:

– Жүргөн кыздарымдын баарына эле үйлөнө бермек белем. Кыз жигитти кокодон кыса кармап, чалкасынан салды да, мына ушу сыйрытмактай болгон кучагынан чыгарбай туруп, бетине тике карап минтип кыйкырды:

– Менин боюмда бар, угуп жатасыңбы, боюмда бар?!

Жигит аптыгып аба жутуп, жылкы аштоонун көзүнөн аймап сууруп алып, ылаалап чайнап жаткан самандын кырт эткен дабышы болбосо мына ушул ың-жыңсыз тынчтыкта экөө тең кыймылдабастан катып калышты.

Ошондо Жак кыз өзүнөн күчтүү экенин түшүндү да, мындай деп кырылдады:

– Болуптур, үйлөнөм, иш ушундай болуп калган соң үйлөнөм деп жатпайымбы. Бирок кыз анын убадасына ишене бербеди.

– Кечиктирбе, – деди кыз, – эртең эле жарыя сал.

– Мейли, эртең деле болсун, – деди жигит. – Кудай алдында ант бер?

Жигит ыргылжың болгон менен бирок айласын таппады.

– Кудай урсун, үйлөнөм.

Кыз ошондо гана манжаларын жазып, бир да сөз кошумча айтпастан чыгып кетти.

Кыз менен жигит бир нече күн сүйлөшө алган жок. Жигит эми ар түнү аткананы кулпулап беките турган болуп калды, кыз болсо бирөөлөр билип калабы деп түрсүлдөткөндөн айбыкты.

Ошентип, күндөрдүн биринде эртең мененки тамакка башка бир кызматкер жигит келип олтурду.

– Жак кетип калдыбы? – деп сурады кыз.

– Ооба, мени анын ордуна алышты, – деп жооп берди тиги.

Кыз ушунчалык катуу калчылдап кеткендиктен тутка таяктын башындагы казанды араң чыгарды, анан бардыгы ишке кетип калган мезгилде өзүнүн кичинекей бөлмөсүнө кирип, үнүмдү эч ким укпасын деп жаздыкты кучактап алып, көпкө чейин ыйлай турган болду.

Күндүзү кыз эч шек туудурбастан жигит тууралуу сурамжылап билгиси келди, бирок кайгы анын ой-санаасын бүт ээлеп, кимден гана сурабасын, аны шылдыңдап жаткандай сезилди. Ошондой болсо да кыз жигиттин бул жерден биротоло кетип калганын билип жаны тынды.

II

Эми кыз үчүн жашоо тозоктун дал өзүнө айланды. Ал өзүнүн эмне кылып жатканын элес албай, күн тынымын билбестен иштеп жүрдү, «билинип калса эмне болот» деген ой анын санаасын таптакыр ээлеп алды.

Мына ушундай балээдей жабышкан сарсанаанын кесепетинен эми ал акыл токтотуу жөндөмдүүлүгүн да жоготуп койгонсуду, акыры алып тына турган ажал сыяктуу улам жакындап качып кутулууга, мизин кайтарууга болбой турган күндүн жолун тороп, чыр-чатакты чыгарбай коюуга аракеттенбеди.

Ал эртең менен элден биринчи туруп, демейде өзүнүн чачын тараганда урунуп жүргөн күзгүнүн сыныгынан курсагын кайра-кайра карай берип, бүгүнчө анын эмнеге кириптер болгонун эч ким байкабайт деп өзүн өзү ынандырууга аракеттенчү.

Күндүзү жумуштан колу-жолу бошой калганда өзүнүн чоңоюп бараткан курсагына жогортон карап, алжапкычтын алдынан өтө эле бөрсөйүп чыгып байкалып жатабы деп шектене берчү.

Айлар өтө берди. Кыз эч ким менен сүйлөшчү эмес, эгерде кимдир бирөө андан бир нерсе сурап калса кепти түшүнбөй, калдастап, дейди немедей карап, колдору калтырап кетчү. Күндөрдүн биринде кожоюн:

– Чырагым, сен акыркы учурда макоо болуп кеттиң көрүнөт! – деди.

Кыз чиркөөгө барганда босогонун артына жашынып, табынуучу жерге барууга батынчу эмес, кюре жүрөгүмдүн тереңинде жаткан сырымды билип коёбу деп аны менен жолугушуудан коркоор эле.

Ал тамак ичип жатканда башкы кызматкерлердин көз карашынан улам муздак терге чөмүлүп, жашабай жатып ойноктогон көзүн албай өзүн тиктеп олтуруучу шылдыңчыл, митайым жубарымбек бадачы бала сырымды билип коёбу деп ар дайым денесин калтырак басчу.

Күндөрдүн биринде эртең менен почточу ага кат апкелди. Мурда ал эч качан кат алып көргөн эмес, ошондон улам эми эмне кыларын билбей шалдайып, а түгүл турган ордуна олтура кетти. Эгерде кат тигинден болуп калсачы? Кыз кат таануучу эмес, ошондуктан сыя менен жазылган барак кагазга кооптоно аяр карады. Ал катты чөнтөгүнө салып өзүнүн сырын ачууга эч кимге батынган жок, бирок эми жумуштан кайпактап көп алаксып, аягына кол коюлуп, сулуу жазылган саптарды далайга тиктеп олтуруучу, кокусунан мындагы айтылган сөздөрдүн маңызын билип алармын деген бүдөмүк үмүткө азгырылчу. Акыры сабыры качып, чыдамы кетип, акылдан тайып баратканда мугалимге келди. Ал кызды олтургузуп:

«Саламатсызбы, кымбаттуу кызым!

Ушул кат аркылуу ичер суум, көрөр күнүм бүтүп калганын билдиремин, – кат жазып жаткан кошуна чоң ата Дантю, – мүмкүнчүлүгүң болсо кел. Сенин сүйүктүү энең үчүн кол койгон Сезар Дантю, Мэрдин жардамчысы», – деп окуп берди.

Кыз сөз айтпастан чыгып кетти, бирок өзү жалгыз калар замат буттары сенейе түштү да, жол жээгине олтура кетти. Жарым түнгө чейин ошол бойдон ордунан козголгон жок. Үйгө келгенде өзүнүн башына түшкөн кайгы жөнүндө кожоюнуна айтып берди. Ал канча убакыт керек болсо ошончо күнгө кызды жумуштан бошотуп, үйүнө коё берди, анын ордуна убактылуу кызматчы алып, ал кайтып келгенде кайрадан ишке алмак болду.

Энеси өлүм алдында жаткан: кызы келген күнү үзүлүп кетти. Кийинки күнү эртең менен Роза жети айлык бала төрөдү, баласы боор ооругандай чүрүшкөн, адам карап тура алгыс арык эле, ал ушунчалык азап тартканы байкалып турду, жөргөмүштүн буттарына окшогон териси сөөгүнө жабышкан кичинекей колдорун аянычтуу бооруна басат.

Ошондой болсо да бала мал болуп кетти. Кыз өзүнүн турмушка чыкканын, бирок баланы бага турган шарты жок экенин айтып, чоңойтуп берем деп убада кылган коңшуларыныкына аны калтырды.

Өзү болсо фермага кайтып келди.

Бирок дал ушундан баштап кыздын азап-тозокту абдан эле тарткан жүрөгүндө анын үйүндө калган жарым жан балага болгон мурда билинбеген сүйүү сезими алоолонуп жана баштады, бул сүйүү ал үчүн кайрадан азап чегүүнүн себеби болуп калды, ал баласынан ажырагандыгы үчүн ар саат сайын, ар минут сайын муң-зарга малынып жүрдү.

Кыз баланы колуна алып, бекем кучактап, анын жумшак денесин бооруна кысам дегенде эки көзү төрт болуп, айласын таппай кетер эле. Түнкүсүн ал уктай алчу эмес, күндүзү баласы жөнүндө гана ойлоп, кечинде болсо жумушун тейлештирип коюп, отко жакын олтуруп алып, ою алыска кеткен адамдар сыяктуу чокту телмире тиктей турган.

Фермада болсо кыз жөнүндө ушак-айың сөз тарап, анын жигити тууралуу имиш-имиштер айтылып, анын кебете-кешпири кандай, бою шыңгабы, колунда бардарбы? – ушуларды билгилерди келип, үйлөнүү тоюна качан чакырат, качан чиркөөгө барып нике кыйдырышат деп сурап жатышты. Ошондон улам кыз көп учурда эл көзүнө көрүнбөй качып, үн чыгарбай ыйлап алуучу, анткени мындай суроолор анын жүрөгүн ийне менен сайгандай оорутуп турар эле.

Тийиштик менен айтылган суроолордон арылуу үчүн кыз ишке баш-оту менен киришти, бирок да баласын бир да минут эсинен чыгарган жок, акчаны канткенде көп жыйнайм деген ой эми анын санаасын бүт ээлеп алды.

Ал кожоюн маянасын көбөйтө тургандай кылып мыкты иштөөнү чечти.

Ошентип бара-бара үй ичиндеги бардык иштерди өз колуна ала баштады, күнүлөш кызматчы кызды кубалатып чыгарды, эми ал эки адамдын жумушун аткарып жаткан соң анын кереги жок эле; баарынан: нандан, майдан, шамдан кемитип-кескилеп үнөмдөй берүүчү, дандын тоокторго курулай эле чачылып, жемдин малга өтө куркуратып берилбешине көз салчу. Ал кожоюндун акчасын өзүнүкүнөн бетер калтырап-титиреп эсептеп, базарга фермадан алып барганын кымбатка соодалап, өздөрүнүн азык-түлүктөрүн сунуш кылган дыйкандарды аттап-жиптеп алдап пайда тапканды билүүчү, ошондуктан алып-сатык иштеринин бардыгы, жумуштарды бөлүштүрүү, кампанын ачкычы анын жалгыз өзүнө тапшырылып, көп өтпөй эле эч алмаштыргыс болуп калды. Ал бардыгына жаздым кетирбестен көз салып, анын ушундай сарамжалдуулугунун натыйжасында ферма гүлдөп өсө баштады. «Вален фермасынын кызматчы кызы» жөнүндө эми ат чабым алыстагылар да аңыз кылып айта турган болушту. А түгүл кожоюндун өзү да: «Кыз эмес эле накта алтын» – деп көрүнгөн жерде айта бере турган.

Ошентип убакыт өтүп жатты, кыздын маянасы болсо ошол бойдон кала берди. Кожоюн анын эшекче иштегенин ар бир берилген кызматкердин парзы, милдети, дилгирлигин көрсөткөндүгү катары түшүндү, кыздын аракетин улам ар ай сайын мурдагыга караганда элүү-жүз эсе үнөмдөп калып жатат, ал болсо жылына баягыдай эле ашык-кеми жок болгону эки жүз элүү франк иштеп табат – ушул ой кыздын улам жанына батып, эжигейдей эзип турду.

Ал маянама үстөк кошкун деп суроону чечти. Кожоюнга үч жолу кирип, ар жолу башка иш тууралуу сүйлөшүп чыгып кетти. Ага бул иштин кандайдыр осол жагы бар сыяктанып, акча сурагандан уялды. Ушундай күндөрдүн биринде фермер эртең менен ашканада жалгыз оокаттанып жаткан учурда кыз кекечтенип-мукактанып өзүнүн иши жөнүндө аны менен сүйлөшөйүн дедим эле деген сөздү айтты. Ал бир колундагы бычактын учун жогору жакты каратып соройтуп, экинчи колуна кесим нанды кармаган бойдон башын көтөрүп таң кала сенейип карап калды. Кыз анын мындай көз карашынан уялып, кысталып тургандыктан үйүнө бир жумага жиберүүсүн, табы болбой тургандыгын өтүндү. Кожоюн ошол замат макул болуп, өзү да карбаластай түшүп:

– Сен кайтып келгенден кийин сүйлөшө турган менин да сөзүм бар, – деп кошумчалады.

III

Бала сегиз айга карап калган, кыз аны тааный алган жок. Баланын бетине кызыл жүгүрүп, толуп, жаңы бышкан дүмбүлдөй болуп, бүткөн боюнун баары оролуп-таңылып салынган эле, ал ыраазы болгонун билгизгендей мулуңдай бөлтөк кичинекей манжаларын акырын кыймылдатып койду. Кыз балапанын караган куштай болуп баланын үстүнө үйрүлүп түшүп баса калды да, өлүп-талып өпкүлөй баштады. Бала коркконунан бакырып ыйлап жиберди. Ошондо кыз өзү да бышактады. Анткени бала энесин тааныган жок, баккан энесин көрө коюп колун сунду.

Бирок кийинки күнү эле бала ага кошулуп, аны караар замат жаркылдап күлүп калды. Кыз баланы талаага көтөрүп барып, жинди болгон немедей колун сунуп алып аны менен чуркап жүрдү, дарактын көлөкөсүнө олтуруп алып, наристенин али эч нерсе түшүнбөгөнүнө карабастан ушул бөлөк жанга өмүрүндө биринчи жолу ички дүйнөсүн ачып, өзүнүн кайгы-капасын, түйшүгү, көңүлдөгү дүрбөлөңү, үмүтү жөнүндө айтып берди, бирок энесинин шакардай кайнап, тынымсыз үйрүлүп эркелеткени баланы тажатып жиберди.

Кыз үчүн баланы ороо, киринтүү, кийинтүү чексиз кубаныч эле. Ал тургай бала алдын булгап алган учурда жалаягын тазалоо ал үчүн бакыт эле, мындай учурда ал энелик үлүшкө бөлүнгөн парзын аткарып жатканын сезүүчү. Кыз балага карап, ал анын баласы экендигине таң калуучу, аны колуна алып силкилдетип: «Мына менин уулум, мына менин уулум», – деп үнүн акырын чыгарып кайталай турган.

Роза кайтып келатып көз жашы тыйылган жок. Ал фермага баш багаар замат эле кожоюн чакыртып калды. Кыз таң калды да, жүрөгү эмнегедир лакылдап кожоюнга кирди.

– Олтур, – деди ал.

Кыз көчүк басты, алар бир саамга катар олтуруп, экөө тең сөз учугун баштай албай, колдорун коёрго жер таппай, элеттик адат боюнча көзүн биринен бири ала качып жатышты. Мурда эки аялын жерге жашырган шатыра-шатман жана кайраттуу жүргөн фермер бул жолу ачык эле карбаластап турду. Анын мүнөзүндө бул таптакыр жок эле. Акыры ал кайраттанып, алысты, талааны карап алып, анча-мынча кекечтене тумандата сөз баштады.

– Роза, – деди ал. – Сен үчүн үй-бүлө куруу жөнүндө ойлонууга убакыт жетти го?

Кыз өң-алеттен кетип, кубара түштү. Кыздан сөз чыкпасын көргөн фермер кебин улантты:

– Сен жакшы кызсың, шашылбайсың, эмгекчилсиң, сарамжалдуусуң. Сендей аял – өзүнчө эле ырыскы.

Роза коркконунан алдын телмире тиктеп, мурдагысындай эле кыймылдабастан олтурду. Ал кожоюндун сөзүн түшүнүүгө да аракет кылбады. Ага шумдуктуудай бир коркунуч келе жаткансып ою уйгу-туйгу болду. Фермер бир саамга күтүп турду да, кайрадан сөзүн улантты. Фермада сен сыяктуу кызматчы болгон күндө да кожоюн аял болбогон соң анда чеке жылытарлык эч нерсе болбой турганын түшүнөсүңбү?

Фермер дагы эмне айтарын билбей токтоп калды.

Роза өзүнүн алдында жаналгыч тургансып, ал кичине эле ордунан козголсо алды-артын карабастан жүгүрүп кача тургандай, бүткөн бою дүркүрөп аны карап туруп калды.

Акыркы беш мүнөттөн кийин фермер:

– Кандай дейсиң? Макулсуңбу? – деп сурады.

Кыз эс-мас болгон кейпинде:

– Эмнеге, кожоюн? – деп жооп берди.

Ошондо фермер дароо:

– Мага турмушка чыгасыңбы деп жатам, шайтан алгырдыкы, – деп өкүрдү.

Кыз ордунан сорок этип тура калып, ошол замат кыя чапкандай шалдая көчүк басты да, мүшкүл кырсык башына түшкөнсүп селейип олтуруп калды.

Фермердин акыры чыдамы кетип:

– Дагы сага эмне керек, айтсаңчы? – деди.

Кыз аны аргасы түгөнгөндөй карады: анан анын көзүнөн мончоктогон жаш куюла баштады, ал бышактаган бойдон:

– Чыга албайм, чыга албайм, – деп эки жолу кайталады.

– Эмне үчүн? – деп сурады фермер. – Жинди болбо, эртеңкиге чейин ойлон.

Ушундан кийин фермер кетүүгө шашты, ал ушул кептен кийин өзүн оор жүктөн, жүрөгүн абдан өйүгөн санаадан арылгансып калды, кызматчы кыз анын сунушуна макул боло тургандыгына шек санаган жок, бул кыздын көктөн тилегени, өзү үчүн болсо абдан пайдалуу, анткени бул кызга үйлөнүү менен ушул тегеректеги өтө нарктуу колуктуга караганда кыйлага көбүрөөк киреше ала тургандыгын билди.

Никенин теңдешсиз экендиги тууралуу ой бөлүшүү мүмкүн эмес, анткени айылдагылардын даражасы аздыр-көптүр бирдей, кожоюн башка кызматчы жигиттердей эле өгүздөй иштейт. Алар да көп учурда эртеби-кечпи өздөрү кожоюн болуп калышат. Кызматчы кыздардын да кожоюн болуп калгандары четтен чыгат, мындан алардын турмушунда, көндүм адаттарында эч өзгөрүү болбойт.

Бул түнү Роза көз ирмеген жок, ал керебетине олтурган бойдон ыйлап-өксүүгө кубат таппады – шайманы абдан ооп калды. Ал кыймылдабай олтуруп, өзүнүн бары-жогун сезбеди, эжигейдей эзилип, ойлогон ою чар жайыт бузулду.

Анда-санда гана акыл учугун кармап, боло турган ишти эстегенде бүткөн бою дүркүрөп кетти.

Анын корккондугу улам күчөй берди, уйкуда жаткан үйдүн ашканасынын дубалына илинген саат убакытты бир калыпта жай чык-чык каккан мезгилде кызды муздак тер басчу. Анын санаасы санга бөлүнүп, коркунучтуу шайтан-шапаттар көрүнүүчү. Шам өчөөр замат дыйкандар балээ жабышты деп ойлогон учурдагыдай акылдан ажырап, ушул кырсыктан кулак уккус, көз көргүс жакка качып-житип кетүү оюнан ажырай албады.

Үкүнүн бакырган үнү чыкты. Роза селт этип, шалдайган боюн түзөп, колу менен бетин, чачын сылады, денесин сыйпалап көрдү да, анан дейди болгон немедей ылдый жөнөдү. Короого жетип, кайсы бир алагүү болгон селсаяк байкап калбасын деп төрт аяктап басып жөнөдү, анткени уясына батууга жакындап калган айдын жарыгы сүттөй аппак болуп, бүт талаага төгүлүп турган. Ал дарбазаны ачпастан, кашаадан секирип өттү. Анан талаага жетти да, чуркап жөнөдү. Ал башы ооган тарапка чуркап баратты, анда-санда катуу кыйкырып, жеңил-желпи тызылдап жүгүрүп бараткандыгын сезген жок. Аны жандай жерге төшөнгөн упузун көлөкөсү кызды коштой чуркап баратты; кээде гана сокур чымчык төбөсүндө тегеренип учуп жүрдү. Фермадагы короочу иттер анын дабышын угуп, ажылдап үрө башташты, бир ит коодон өтүп, тиш салмакка кыздын артынан тыз койду, бирок Роза артына кылчайып ушунчалык катуу кыйкырып жибергенде, тиги четке кача берди. Куйругун такымына кыпчып, коңулга кирип үн катпай калды.

Талаанын тигил, бул жерлеринде бөжөктөр бүт үйүрү менен ойноп жүрүшкөн, бирок Диана кейиптенип акылдан адашып, ээ-жаа бербей чуркап келаткан аялды көрүп чочуп кеткен айбандар туш келди тарапка качып жөнөштү; эне коён балдары менен көздөн кайым болду. Чуңкур арыкта бөжүп жаткан ата коён буту-бутуна тийбей сызып жөнөдү. Анын тикирейген узун кулагы менен сереңдеген көлөкөсү батып бараткан айдын жарыгында эрбеңдеп турду. Ай эми жердин чегине чейин жетип, горизонттун кылда учуна коюлган өтө чоң фонар сыяктуу өрөөнгө нурун төгүп турган.

Асман мейкиндигинде жылдыздар жымыңдашат: куштар сайрап, таң жөөк салды. Чыйрыккан кыз демин араңдан басып, күндүн нуру алоолонгон таңдын кызыл пардасын тепчип атканда ал кадамын токтотту.

Чаалыккан буттары баспай калды. Дал ушул жерден ал суу жаткан чуңкурду, абдан чоң чуңкурду көрдү. Анда тунуп турган сууга күндүн жаңыдан атып келаткан кызыл нуру чагылып, ага кан сыяктуу көрүндү, кыз секин төкөрөңдөй басып, колун көкүрөгүнө кысып, сууга бутун салуу үчүн басып барып чуңкурга түштү.

Ал чөпкө олтурду да, баш-аягына чейин чаңга бөлөнгөн олчойгон бут кийимин чечти да, жогору бетине кез-кезде абанын көбүктөгөн жел кабыгы жарылып турган мелтиреген тунук сууга бутун малды.

Жан жыргаткан салкындык согончогунан көкүрөгүнө көтөрүлдү. Ал ушул көгүлтүр чуңкурду көз ирмебей карап турду, кокусунан анын башы айланып, ошол жакка боюн таштагысы келип, бул азгырык тизгин бербеди. Ошентсе ал азап-тозоктон биротоло кутулаар эле. Ал бала жөнүндө эми ойлобой калган: ал тынч алып, толук эс алгысы, ойгонгуc түшкө чөмүлгүсү келди. Ал ордунан туруп, колун көтөрдү да, эки кадам алга басты. Суу эми санына чейин жетип, кыз сууга жабыша түшкөнсүп, бакырып-өкүрүп жанталаша суудан ыргып чыкты – кыздын эки бутунун тизесинен согончогуна чейин жабышкан узун сүлүк курттар канын соруп, денесине жабышкан бойдон борсоюп жүрүшөт. Кыз аларга кол тийгизүүдөн чочуп, коркконунан чаңырып жатты. Алыстан араба менен келаткан бир дыйкан анын жанталашкан кыйкырыгын угуп токтоп калды. Ал кыздын бутуна жабышкан сүлүк курттарды бирден сыйрып таштады да, жаракат алган жерлерине чөптөн жабыштырып, кызды кожоюндун фермасына чейин жеткирип койду.

Кыз эки жума бою төшөктө жатты, ал төшөктөн туруп, босогодо олтурган дал ошол күнү эртең менен күтпөгөн жерден анын маңдайына кожоюн пайда болду.

– Кандай, – деди ал. – Макулсуңбу?

Кыз эмне дээрин билбеди, кожоюн кетпестен тикирейе кезе тиктеп тургандыктан, ал:

– Жок, кожоюн, чыга албайм, – деп араңдан зорго булдуруктады.

Дал ошол замат кожоюн албууттанды:

– Чыга албайм, чыга албайм эле дейсиң, эмне үчүн? Кыз ыйлактап, сөзүн кайталады:

– Чыга албайм.

Кожоюн аны теше тиктеди да, күтпөгөн жерден түз эле анын бетине мындай деп кыйкырды:

– Демек, сенин ойношуң бар экен да?

Кыз уялганынан калтырап:

– Ошондой го, – деп булдуруктады.

Манаттай болуп кызарып кеткен кожоюн ачуусуна чыдабай кекечтенип:

– Демек, сага окшогон шүмшүктүн ойношу бар экен да! Ал ким? Ошол жүзү кара ким? Чөнтөгүндө чака тыйыны жок, ата-тегин билбеген селсаякпы? Анын ким экенин айт? – деп оозуна келгенин оттоп жатты. Кыздан жооп ала албагандыктан сөзүн улантты:

– Айткың келбей турабы… Анда мен өзүм айтайын – ал Жак Бадю.

Кыз кыйкырып жиберди:

– Жок, жок, ал эмес.

– Анда Пьер Мартен болуп жүрбөсүн?

– Жок, жок, кожоюн.

Ачууга алдырган кожоюн округдагы жигиттердин бардыгын санап өттү, кыз болсо жети өмүрү таптакыр жерге кирип, көгүш алжапкычын этеги менен көз жашын сүрүп коюп, танып жатты. Кожоюн кыздын сырын билүү үчүн анын ички дүйнөсүн аңтарып, эшектей кежирлиги менен суракка алганга өттү. Анын бул жоругу ийиндин түбүндө жаткан илбээсиндин жытын сезип, ага жетүү үчүн кээде жерди тырмалап казган тайганга окшош эле.

– Ооба, шайтан алгырдыкы десе, ал өткөн жылдагы кызматчы Жак эмеспи, сен аны менен ойноп, ал сага үйлөнөм деп убада берген дешип кеп кылып жүрүшкөн, – деп күтпөгөн жерден кыйкырып жиберди кожоюн.

Розанын деми кыстыга түшүп, кызылы бетине чыкты, ыйы дароо тыйылып, ысыган казанга түшкөн суу сыяктуу жаак ылдый куюлган жашы кургай түштү.

– Жок, ал эмес, ал эмес, – деп баса сүйлөдү.

– Ошондойбу, калп айткан жоксуңбу? – деп суранды дыйкан иштин ак-карасына жеткендигин сезип.

Кыз шаша-буша жооп берди:

– Азыр эле ант ичейин, азыр эле…

Ал эмнени айтып ант берүүнү издеп жатты, бирок кудайдын атын атоого батынбай турду. Кожоюн анын сөзүн бөлдү:

– Ал сени ээн жерден жолукканда кучактап, түштөнүп жаткан учурда сенден көзүн алчу эмес эле го. Сен ага сөз берип койдуң беле, айткын, берип койдуң беле?

Бул жолу кыз кожоюндун көзүнө тике карады:

– Жок, берген эмесмин, берген эмесмин, кудай урсун, чын, бүгүн куда түшүп келсе да басып барбаймын.

Кыз ушунчалык чын ыкластан айтып жаткандыктан фермер эки анжы боло түштү. Ал өзүнө өзү суроо берген сыяктуу сөзүн улантып жатты:

– Анда ким болду экен? Эгер сен бир мүшкүл ишке кабылган болсоң бардыгы билет эле, эгерде андай болбосо кызматчы кыз эмне үчүн кожоюнунан баш тартат? Мында бир сыр бар.

Кыз башка жооп бербеди, айласы түгөнгөндөн үнү чыкпай калды.

Кожоюн дагы бир жолу сурады:

– Чыкпайсыңбы? Кыз үшкүрүндү.

– Чыга албайм, кожоюн.

Кожоюн бурулуп басып кетти.

Кыз кожоюн ошол бойдон түңүлүп калды деп чечти. Ал тургай тынчтанып да калган, бирок карылыгы жетип калжайган боз атка кошуп аны таң эртеден моло таш сүйрөткөн сыяктанып жанчылып, азап чегип жүрдү.

Ишин бүтүрөр замат жаздыкка башын койду да, ошол замат көзү илинип кетти. Түн ортосунда кимдир бирөө эки колу менен анын төшөгүн сыйпалап жатканынан улам ойгонуп кетти. Роза коркконунан ордунан ыргып турду, бирок ошол замат үнүнөн ал кожоюну экенин билди.

– Корпогун, Роза, мен сени менен сүйлөшкөнү келдим, – деди.

Адегенде кыз таң калды, анан ал төшөктүн ичине кирүүгө аракеттенгенде кожоюнуна эмне керек экендигин түшүндү жана бүт денесин калтырак басып, төшөктүн ичинде караңгыда уйку-соонун ортосунда жылаңач абалында өзүн эңсеп жанында турган эркектен качып кутулууга эч аргасы жок экендигин сезди.

Албетте, ал оңой-олтоң эле ийилип кеткен жок, бирок ылаалай каршылык көрсөтүү, жаратылышынан чабалдар күчтүүсү дайыма ийигендей эле инстинкке өзү багынды, анткени чабал мүнөздүү жана борпоң адамдарда начар өнүккөн эрк аларга жардам бере албайт. Кыз оозун фермерге өптүрбөө үчүн башын бирде оңго, бирде солго буруп жатты. Төшөк ичиндеги денеси кармашуудан чаалыгып дүркүрөп, тулкусуна кан батпай удургуп араң сыйып турду. Эңсөөдөн эңди-деңди болгон фермер орой болуп баратты. Ал төшөктү шарт сыйрып салды. Кыз дал ушул жерде мындан ары кармашууга өзүнүн алсыз экендигин түшүндү. Страус канатынын алдына башын каткан сыяктуу эле уялганынан бетин колу менен жаап, каршылык көрсөтүүсүн токтотту.

Фермер таң аткыча кыздын койнуна түнөп чыкты. Ал кийинки кечте дагы келди, ошондон тартып ар күн сайын келе турган болуп калды.

Алар чогуу жашай башташты. Күндөрдүн биринде фермер мындай деди:

– Мен жарыя салуу жөнүндө буйрук кылдым, кийинки айда үйлөнөбүз.

Кыз жооп берген жок. Эмне деп айтмак эле? Каршылык да көрсөтпөдү. Анын колунан эмне келмек?!

IV

Кыз кожоюнуна турмушка чыкты. Ал өзүн эч качан чыгууга болбой турган түбү жок чуңкурга түшүп кеткендей, ал эми кырсык болсо азыр-азыр кулап кетүүчү абдан чоң аскадай төбөсүндө салаңдап тургандай сезилди. Кыз дайыма эле күйөөсүн тоноп алган сыяктанып жана эртеби же кечпи, муну билип алчудай элестете берүүчү. Ал анан дагы ушул балээнин баарын баштаган, ошондой эле жашоосундагы жападан-жалгыз бакыт-таалай болгон баласы жөнүндө да ойлоочу.

Ал жылына эки жолу баласын көрүүгө барып келчү, кайтып келгенде да капага абдан малынар эле.

Кийин аз-аздан көнө баштады, корккону басылып, көңүлү тынчтанды, көңүлүн удургуткан үрүл-бүрүл кооптонуулар болгону менен эми ишенимдүүрөөк жашай баштады.

Жылдар өтө берди, бала беш жаштан өттү. Аял эми бактыга колу жете баштаганда, кокусунан күйөөсүн муң басты.

Эки-үч жыл өткөн соң анын тынчсызданганы ичине батпай, түйшүк тарткан сыяктуу, көңүлүндө кандайдыр бир бук бышып жатты. Ал түшкү тамактан кийин башын колуна таяп алып, эжигейдей сызгырылган зарыгуудан абдан капа болуп олтурар эле. Анын кыйкырып урушканы көбөйүп, кээде орой да болуп кетчү: аялына кандайдыр кекээри бар сыяктуу, анткени кээде катуу айтып, ал тургай кагып да койчуу.

Күндөрдүн биринде кошунанын баласы жумуртка сурап келип калды, аялы чарбачылык менен алек болуп жүргөн эле, ошондуктан баланы чүйрүңдөп жактырбады, ошол учурда үйдөн күтпөгөн жерден чыга калган күйөөсү ачууланып, мындай деди:

– Өзүңдүн уулуң болуп калса мындай кагып-силкпейт элең го.

Аял тарс айрылып таң калып, эмне деп жооп айтаарын билбеди, ушундан кийин көңүлү дүрбөлөңгө түштү да калды.

Түштөнүү учурунда күйөөсү аны менен сүйлөшкөн жок, карап да койбоду, аялына ал жек көрүп жаткандай, сырын билип алгандай сезилди.

Аялы таптакыр бушайман болуп, күйөөсү менен көзмө-көз калгандан коркту, түштөн кийин чиркөөгө тыз койду.

Иңир кирип келатты: тар храмдын ичи көөдөй караңгы эле, бирок ушул тынчтыкты кандайдыр тигил тарапта, клиростун жанында кимдир бирөөнүн кадамы угулду – бул белектерди сактоочу жайдын алдындагы лампаданы түнкүгө дайындап жүргөн чиркөөнүн кароолчусу эле. Роза чиркөөнүн дубалынын ийилип кошулган төбөсүнүн ары жагында жашынган караңгылыкта үрүл-бүрүл жанган ушул сүйкүм жарыкты азаптуу жанына жападан-жалгыз себеп боло турган немеден бетер көз албай карап, тизелей жыгылды.

Лампада чынжырчасын шыңгыратып, жогору тарапты карай каалгый жөнөдү. Көп өтпөй жыгач бут кийимдин бир калыпта тыпылдай басканы угулду. Анын артынан сойлогон шүүдүрөгөн дабышы чыкты: кичинекей коңгуроо караңгылыкка улам батып бараткан мейкиндикке өзүнүн кечки үнүн чачты. Күзөтчү кетүүгө камынганда аял аны кубалап жетти.

– Кюре мырза үйдө болду бекен? – деп сурады ал.

– Албетте, мен кечки ибадатка коңгуроо чалганымда ал дайым түштөнөт, – деп жооп берди тиги.

Ошондо аял калтырай чиркөө үйүнүн эшигин түрттү. Кюре столдо олтурган. Ал тигини көрөөр замат олтургузду.

– Уктум, уктум. Күйөөңүз айтты. Сиздин эмнеге келгениңизди мен билем.

Байкуш аял деңдароо боло түштү. Молдо сөзүн улантты:

– Маңдайга жазган ошол болсо, эмне кыласың, кызым!

Ал шашып-бушуп, тамагын кашыктап биринин артынан бирин апылдатып сугунуп, семиз курсагынын үстүндө созулуп жаткан анын кемселине сорпонун тамчысы сызылып агып жатты.

Аял эми сүйлөөгө да, өтүнүүгө да, жалынып-жалбарууга да батына албады, ал ордунан турду.

– Мөгдөбөңүз… – деди ага кюре.

Ал чыгып кетти.

 Аял фермага кайтып келди. Ал өзүнүн эмне кылып жатканын билген жок, анын жоктугунан пайдаланып башка кызматчылар кетип калышкан, күйөөсү күтүп турган эле. Ошондо аял күрс этип анын бутуна жыгылды да улуп-уңшуп көзүнүн жашын көлдөтүп мындай деди:

– Сен эмне үчүн эле мага каарыңды төгөсүң?

Ал сөгүнүп жиберди.

– Эмне үчүн дегениң кандай? Баламдын жоктугу үчүн, шайтан алгырдыкы десе! Мен сени аялдыкка өмүр бою экөөбүз эле жашап өтөлү деп алдым беле! Менин ачууланганымдын себеби да ошо. Төл бербеген уйдун наркы жок, ошол сыяктуу төрөбөгөн аялдын да баркы болбойт.

Аял бышактап ыйлап:

– Мында менин күнөөм кайсы, күнөөм кайсы? – деп кайталай берди.

Ошондо күйөөсү бир аз жумшарып:

– Мен сени күнөөлөгөн жокмун, ошондой болсо да ачууң келет экен, – деп кошумчалап койду.

V

Ушул күндөн тартып аялдын сарсанаасын: бала төрөө керек, дагы бирди төрөө керек деген ой гана ээлеп алды. Тилегин ишке ашыруу үчүн кылбаган балээси калбады.

Коңшу аял аны ар күнү күйөөсүнө бир чымчым күл кошулган бир стакан суу берүүнү үйрөттү. Фермер буга чын-дили менен макул болду, бирок бул дагы жардам бербеди.

«Мүмкүн кандайдыр жашыруун каражат бар болуп жүрбөсүн», – деп ойлошту эрди-катын. Сураштыра башташты. Аларга фермадан он лью алыста жашаган уйчуну көрсөтүштү. Ошондо Валлен чоң ата атын арбага чегип, кеңеш алып келүүгө жөнөп кетти. Уйчу ага белги салып тегерек кызыл токоч берди: чөп аралаштырып жасалган ушул нанды эрди-катын өз ара мамиле жасаар алдында жана жасагандан кийин бир кесимден жеп турууга тийиш эле.

Нандын күкүмүн калтырбай жеп жүрүштү, бирок жардамы болгон жок.

Мектеп окутуучусу аларга өз ара сүйүшүүнүн сырдуу, айылдагылар мурда билбеген, бирок ишенимдүү ыкмасын айтып берди. Ылаажы болбоду.

Кюре кудайга табынуу үчүн феканга – таза канга зыярат кылууга жөнөөнү сунуш кылды. Мазарга келген көп эл менен кошо Роза дагы аббатчылыктын жалпак таштарынын үстүнө буту-колун керип жатты, бардык дыйкандар сыяктуу эле чын-дилинен чыккан болор- болбос өтүнүчүн куранга кошуп айтты, Жараткандан этегимден жалгай көр деп өтүндү. Булардан арга болбоду. Ал мына ушунун баары анын кыз кезинде жасаган күнөөсүнүн кесепети деп чечип, андан чыгуунун жолун таппады.

Аял саргайган зарыгуудан акылдан адашып, курулай үмүттөн тажаган күйөөсү дагы карып кетти. «Куу шыйрак анын канын бүт соруп бүттү» – дешти коңшулары.

Ошентип, эрди-катындын ортосунда жоолашуу башталды. Күйөөсү аялын тилдеп, сабап жүрдү. Күнү бою ал аны жемелеп-жеп, түнкүсүн төшөккө жатканда ачуу ичине батпай туталанып, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып, ачуу сөздөрдү айтчу.

Мына ушундай түндөрдүн биринде аялынын жанын дагы кандайча ачытуунун айласын таппаган күйөөсү ага төшөктөн туруп таң аткыча короодо жаандын алдында күтүп турууга буйрук кылды.

Аял макул болбоду, ошондо күйөөсү аны кокодон алып, муштум менен дал бетке муштады. Аял үн катпады, козголуп да койбоду. Жинденген күйөөсү аялдын курсагын тизелей матап, тишин кычыратып, жинди болгон абалында өлөрүнө карабай сабап кирди. Ошондо аргасы калбаган аялдын ачуусу келип катуу силкип, күйөөсүн дубалга жабыштыра чапты да, өзү ордунан туруп, өзгөрүп кеткен кардыккан үнү менен мындай деп кыйкырды:

– Менин балам бар, балам бар менин. Жактан тууп алгам. Сен Жакты тааныйсың, ал мага үйлөнөм деп убада берип, ошол бойдон кетип жоголду.

Күйөөсү таңданганынан сенейип катып калды: анын ою аялыныкы сыяктуу эле удургуп турган:

– Сен эмне деп айттың? Эмне деп айттың? – деп булдуруктады.

Ошондо аял өпкөлөп ыйлап жиберди, ачуу жашын төгүп солуктады:

– Мына ошондуктан сага тийгим келген эмес, себеби ошо болчу. Сага айтууга оозум барбады. Антсем сен мени уулум менен кошуп кууп жиберет элең, күнүм өтпөй калмак. Сенин балаң жок, сен түшүнбөйсүң, түшүнбөйсүң.

Кожоюндун таң калуусу улам артып, ойлонбостон кайталай берди:

– Сенин балаң барбы, балаң барбы?

Аял бышактап жооп берди:

– Сен мени күч менен алгансың, чынбы? Мен сага өзүм каалап тийбегендигим эсиңде бардыр.

Ошондо күйөөсү ордунан туруп, колдорун аркасына алды да, бөлмөдө ары-бери баса баштады. Аял болсо керебетке кулаган бойдон али ыйлап жатты. Күтпөгөн жерден күйөөсү аялынын бет маңдайына токтоду.

– Демек, биздин балабыз жоктугуна мен күнөөлүү экенмин да? – деп сурады ал.

Аял жооп бербеди. Күйөөсү кайрадан каршы-терши баса баштады да, анан дагы бир ирет суроо салды:

– Сенин балаң канчада?

– Жакында алтыга толот, – деп булдуруктады аял.

– Эмне үчүн эч нерсе айткан жок элең? – деп сурады күйөөсү кайрадан.

 Аял күрсүнүп жиберди:

– Оозум барбады! Күйөөсү ордунан кыймылдаган жок.

– Ордуңан тур, – деди ал.

Аялы ордунан кыйналып-кысталып жатып козголду, ал дубалды таянып боюн түзөгөндө, күйөөсү күтпөгөн жерден демейдеги шарактаган күлкүсүн салып каткырып жиберди да, али эс учун жыя албай турган жубайына карап мындай деп кошумчалады:

– Эмне кылмак элек, экөөбүздүн балабыз болгон соң сенин балаңды барып алып келели.

Аял абдан коркуп кетти, эгерде азыр күч-кубаты жетсе, сөзсүз качып кетмек. Фермер болсо алакандарын сүрттү да, мындай деп булдуруктады:

– Мен бала багып алсакпы деп жүрбөдүм беле, ал өзү табылбадыбы, өзү табылбадыбы. Көз салып жүргөн жетимчең барбы деп кюреден да сурагам.

 Анан ал каткырып күлгөн бойдон шолоктоп ыйлап, акыл-эстен такыр адашкан аялын өптү да, тиги дүлөй немеден бетер кыйкырды.

– Кана энеси, шам-шум эткенге бир нерсең калды бекен, карачы. Бир табак болсо да жегим келип, кардым ачып турат.

Аялы юбкасын кийди, алар төмөн түшүштү, аялы тизелеп казан алдындагы чокту тутандырганча, күйөөсү ашканада жадырап- жайнап ары-бери басып, мындай деп кайталап жатты:

– Кудай урсун, мен кубанычтуумун, чын сөзүм, абдан кубанычтуумун, өтө кубанычтуумун.

Орус тилинен которгон Абдыжапар ЖАКЫПОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз