Марк Аврелий: Улуу кыялдар гана адамдардын жан-дүйнөсүн козгойт

  • 23.03.2021
  • 3415

«Көйгөй мындай: биз тобокелчиликке баргандан качып, андан жүз эсе көп тобокелчиликке барабыз»

Марк Аврелий, римдик император жан философ. Адамзат тарыхында Марк Аврелийге окшогон адам болгон эмес, мындан ары андай адам чыгабы же чыкпайбы – бир кудай билет.

Ал ким эле? Өкүмдарбы? Философпу? Аскер башчыбы? Римдин карапайым атуулубу? Суроону башкача койгонубуз оң болбосун: Марк Аврелий ким болгон эмес? Эң алгач ал идеалдуу өкүмдар болгон эмес. Анткени ал дайыма философия принциптерине кыянаттык кылган эмес. Ал эми идеалдуу өкүмдар компромисстерге, демек, өз принциптерине жөн гана каршы турушу керек эмес, ал буга милдеттүү түрдө барышы зарыл. А Марк Аврелий башкача жашап жана бийлик кылууга жетише алган...

Бийлик тактысын ээлеген философтор көп болгон. Аскер башчылары андан да көп болгон. Тарыхта бир эле убакта философ дагы, мыкты аскер башы да болуп, эл сүймөнчүгүнө ээ болгон адамдарды кезиктиребиз. Бирок ар дайым, ар кандай шарттарда философ катары, адам катары өзүнө алынган милдеттерин аягына чейин так аткарган адамдар болгон эмес. Албетте, Марк Аврелийден башкалары.

Ал милдеттерди Марк Аврелий өзүнүн “Ой толгоолор” деген чыгармасында так жана кыска түшүндүрөт: “Дагы миң жыл өмүрүң бар сыяктуу жашаба. Акыркы саатың жакын эле калды. Жашооң бүтө электе, мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарбай жакшы адам болушка аракет жаса... Ар бир ишти өмүрүңдөгү акыркы ишиңди жасап жаткандай аткар”.

Императорду акыркы сапарга узатып жатышканда бир таң калыштуу иш болгонун айтышат. Аза күтүп келген адамдар кайгырып, көз жаштарын тыя алышпай ыйлап жатышкан, бирок капыстан эле алар ыйларын токтотуп, кайгырбай калышат. А эмне болуптур дебейсиңерби? Адамдар императорду жоктоп ыйлоонун кереги жогун түшүнүштү, анткени асмандан аны жерге убактылуу жиберип, кайра аны түбөлүктүү жайына алып кетишпедиби...

Марк Аврелий көп сандаган философиялык ойлору жазылган баракчаларды калтырган, аларга жалпысынан “Өзүм жөнүндө ой толгоолор” деген ат коюп алышкан. Анда эмесе ошол китептеги ой толгоолордон сунуш кылабыз:

  • Эгерде абалды өзгөртө албасаң, анда ага болгон мамилеңди өзгөрт.
  • Жашоого боло турган бардык жерде жакшы жашоого болот.
  • Адам өлүмдөн коркпошу керек, ал жашоону эч качан баштабай калуудан корккону оң.
  • Ар бир адамдын баасы, өмүрүндө эмне тапса ошого жараша бааланат.
  • Азыр эле өмүрүң менен коштошчудай жаша, калган өмүрүңдү күтүүсүз алган белек сыяктуу көр.
  • Адамдын чыныгы баалуулугу анын жетем деп умтулган буюмдарына жараша ченелет.
  • Сенин ойлоруң, сенин жашооңо айланат.
  • Коркоктуктун эң эле жийиркеничтүүсү – бул өзүңдү аёо.
  • Улуу нерселер жөнүндө кыялдангыла: улуу кыялдар гана адамдардын жан-дүйнөсүн козгойт.
  • Адамдарга бактылуу болуш үчүн көп нерсенин кереги жок. Иштин баары адамдын өзүндө, анын ойлонуу жолдорунда.
  • Адам учур чакта гана жашайт. Калгандын баары же өтүп кеткен, же болор-болбосу белгисиз.
  • Ажал ар бирибизге келип жылмаят.  Биз дагы ага жылмаюу менен жооп бере алабыз.
  • Ар бир күнү эртең менен камынып чык: бүгүн мен акмактар, келесоолор, бетпактар, оройлор жана алдамчылар менен жолугушам.
  • Акыйкатсыздык дайыма эле кандайдыр бир аракетке байланыштуу боло бербейт; көпчүлүк учурларда ал аракетсиздиктен келип чыгат.
  • Кызык! Адам сырттан, башка адамдар жасаган жана өзгөртүүгө алы келбеген нерселерге кыжырданат да, а өзүнөн чыккан жана өз бийлигинде турган жаман нерселерди өзгөртүүгө аракет жасабайт.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз