Орусиянын котормо тарыхынан

  • 12.04.2021
  • 2858

Орусиянын котормо ишмердүүлүгү бай тарыхка ээ. Котормонун башталышы киевдик орустардын убагына туура келет. IX кылымда орус элинде бир эле убакта жазуусу, адабий (көркөм) котормо пайда болгон. 864-жылы грек монахтары Кирилл менен Мефодийди Визатиянын императору славян элдерине христиан динин таратуу максатында жиберген. Алар өз ишин алфавит түзүү (азыркыга чейин кириллица аталат), грек тилинен эски чиркөө славян тилине диний тексттерди которуу менен баштаган. Андыктан Жаңы завет, Псалтырь жана Молитвинник (ыйык китеп) алгачкы котормо деп эсептөөгө негиз бар. 988-жылы орустар христиан динин кабыл алгандан кийин жаңы диндин чиркөө ырларына, каада-салттарына жаңы кайрылып жаткандарга тааныштыруу максатын көздөгөн котормолор пайда болуп, ыйыктардын жашоосу, үгүт-насаат ж.б. ар кандай жанрдагы тексттерден турган.

Кийинчерээк беллетристика[1] жанры, анын ичинен укмуштуу окуяларга бай апокрифтер[2] бийик популярдуулукка жетишип, Болгарияга, Орусияга тараган.

Ал учурда диний тексттер сөзмө-сөз которулгандыгын “Андрей Юродивдин жашоосу”, “Аары”, “Космография”, “Физиолог” жана башка китептерден билүүгө болот. Иосиф Флавиянын “Иудей согушу” китеби сөзмө-сөз которуудан алыс болуп, учурунда мыкты жетишкендикке жетишкен. Китепти которгон кишинин аты, кайсы жерде которулгандыгы белгисиз.

Монгол баскынчылыгынын оор жылдарында котормо өлкөнүн маданий турмушунда маанилүү ордун жоготкон эмес. Библиянын башка бөлүктөрү которулуп, мурунку тексттер оңдолгон же кайра башынан иштелип чыккан. Диний тексттер менен катар диний эмес мүнөздөгү тексттер которула баштаган. Маселен, “Индия кандыгы”, “Троя согушу” ж.б. Грек, латын жана байыркы еврей тилдеринен которулган. Бул мезгилде элдик говордун тили болгон славян чиркөө тилинин негизинде орус тили калыптанып жаткан. Башка мамлекеттер менен алака кылуу көп учурда орус тилинде жүргүзүлүүсү үчүн колдонулган cаясый жана иштиктүү котормо пайда болгон. Бул мезгилдин котормолорунан тышкары эски славян тили менен орусча тексттердин байланышын табууга болот. XVI кылымда Москва Орусиянын cаясый, ошонун менен катар котормо борборуна айланган. Ушул мезгилден тартып котормолор анонимдүү болбостон, тил менен маданияттын өнүгүүсү үчүн котормочулардын коомдогу орду калыптана баштаган.

1515-жылы москвалык улуу князь Василий III грек монастрынан илимпоз котормочуну жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 1516-жылы Максим Брик Грек Москвага грек элчилигинин курамында келген. Максим Брик негизинен диний, диний эмес китептерди которуу менен алектенген. Алгач ал орус, эски славян тилдерин билген эмес. Адегенде грек тилинен латын тилине которуп, жардамчылары латын тилинен эски славян тилине которушкан. Эски котормолорду оңдоодо салттуу учурларды бузган, диний үрп-адаттарды шылдыңдаган деген айып коюлган. Максим Грек жазуучу, педагог жана философ болгон. Бизге жеткен жазмаларынан котормонун искусствосу тууралуу көптөгөн баалуу пикирлерди тапса болот. Ал түп нускадагы нюанстар менен аллегорияларды табуу үчүн түпнусканы кылдаттык менен талдоого көңүл бурган. Бул үчүн котормочу тилди гана билбестен, кеңири филологиялык билимге ээ болууга тийиш.

Максим Грек эмгегин котормодо чагылдырууга керек болгон грек текстинин лексикасы, ритмикалык жактан уюштурулуусу, фонетикалык өзгөчөлүктөрү тууралуу баалуу пикирлерди айткан. Грек, айрым латын ысымдары талдоого алынган “Алфавит тартибиндеги ысымдар” аттуу сөздүгү орус филологиясына кошкон салымы болуп эсептелет.

Орусияда котормочу эки тилди мыкты билүүгө, кеңири энциклопедиялык билимге ээ болууга тийиш экендигин түшүнсө да, көпчүлүгү тийиштүү билимге ээ болгон эмес жана алардын котормолору илгери үмүт жараткан бойдон кала берген.

XVII кылымдан көптөгөн котормочулардын ысымдары менен диний эмес мүнөздөгү материалдар бизге келип жеткен. Илимий котормолордун тематикасы астрономия, астрология, арифметика, геометрия, анатомия жана медицинанын суроолорун камтыган. Айрым котормолорду беллетристика бөлүмүнө киргизүүгө болот. Бул мезгилде котормочуга эки тилдеги сөздүктөр: латын–грек–славян, орус–латын–швед сөздүктөрү түзүлгөн.

Ал учурдун котормочуларын төрт категорияга бөлсө болот. Биринчиси, штаттык котормочулар, көбүнчө чет өлкөлүктөр – поляктар, немецтер, голланддар же Орусиянын батыш, түштүк аймактарынан келгендер ар кайсы кызматтарда эмгектенишкен. Алар классикалык тилдерди же поляк тилин жакшы билип, орус жана байыркы славян тилдерин начар билишкен. Котормолорун жазып, оңдогон катчылар жардам бергенин жокко чыгарууга болбойт.

Экинчиси – бир гана латын, грек тилдериндеги диний тексттерди которгон илимпоз монахтардын анча чоң эмес тобу пайда болгон. Алардын арасынан Епифаний, Славинецкий, Арсений Грек жана Дионисий Грек сыяктуу ысымдар белгилүү.

Көбүрөк деп саналган топтордун үчүнчү мүчөлөрүнө бир эле учурда бир нече жерде иштеген котормочуларды атоого болот.

Акырында бул иш менен искусствого болгон сүйүүдөн улам алектенген жана котормого текстти өз алдынча тандаган котормочулар болгон. Алардын арасында падышага акыл кошчу жакындары Андрей Матвеев, Богданов, князь Кропаткиндер болгон.

Орусияда котормо ишинин өнүгүүсүнө XVIII кылым өзгөчө салым кошкон. Петр I көркөм чыгармалар менен тең катар илимий-техникалык тексттердин котормолоруна болгон керектөөнү түзүп, Орусиянын Европа өлкөлөрү менен экономикалык, маданий байланышын кеңейткен. Петр падыша которулуучу тексттин мазмунун так берилишин талап кылган котормо тууралуу атайын жарлык чыгарган. Ушул мезгилде орус тилинин адабий нормасы түзүлө баштаган жана адамдар котормодо өзүнүн тилинин баюу каражатын, семантикалык жана экспрессивдүү дареметинин жогорулоосун көрүшкөн.

Улуу орус окумуштуусу жана акыны Михаил Ломоносовдун бул процесстеги көрүнүктүү орду бар. М.Ломоносов жана анын таланттуу замандаштары Сумароков менен Тредиаковский айрыкча поэтикалык котормолорду жаратышкан. Алар котормолорун эмнеге мындай жараткандыгын түшүндүрүү менен теориялык пикирлерин коштоп беришкен.

Бул жаңы этапта котормочулук иштин өнүгүүсү үч негизги өзгөчөлүк менен мүнөздөлгөн. Биринчиден, бул ишмердик уюштуруунун жаңы формасына ээ болгон. Падыша Пётр I учурунда Тышкы иштер коллегиясында котормочулар тобу болгон. Ал эми 1735-жылы Петербургдагы Илимдер академиясында кесипкөй котормочулардын алгачкы уюму – “Орус ассамблеясы” түзүлгөн.

Уюмдун ишине Ломоносов, Тредиаковский жана академиянын башка мүчөлөрү жигердүү катышкан. Ассамблея котормого китептерди тандоо, тийиштүү эрежелер менен принциптерди иштеп чыгуу, аткарылган ишке сынчыл баа берүү менен алектенген. Муну менен катар болочок котормочуларды даярдап, бүтүрүүчүлөрү расмий түрдө котормочу болгон. Академиянын алдында чет тилдер мектеби түзүлгөн. Котормочу кеминде латын, немис жана француз тилдерин билүүгө тийиш деген талап коюлган. Тилди, илимди үйрөнүү максатында студенттерди чет өлкөгө жөнөтүп, котормочулардын кесиптик даярдыгын текшерүү үчүн сынак өткөрүлүп, коомдун котормочулукка болгон кызыгуусун жогорулатуу аракети көрүлүп турган. 1848-жылы академиянын президенти каныша Елизаветанын диний эмес мүнөздөгү китептерди чыгаруу тууралуу буйругун жарыялаган.

Бир аз убакыттан кийин академиянын кеңсеси котормо менен алектенүү чакырыгы менен калкка кайрылуу жасаган. Дал ушул мезгилде котормочулар өздөрүнүн эмгегине туруктуу түрдө эмгек акы алышчу болгон.

Бул мезгилдин экинчи өзгөчөлүгү – которулуучу китептердин мүнөзүнүн өзгөрүүсү болгон. Жүз жылдыктын башында классикалык адабият котормосунда реформа жасоого анчалык керектүү болбогон прагматикалык котормолордун саны кошулуп, которулуучу тилдердин өз ара катышы да өзгөргөн. Поляк тили өзүнүн популярдуулугун жоготкондо француз, немис, англис тилдери сыяктуу заманбап тилдер үстөмдүк кыла баштаган.

Кийинчерээк техникалык котормолор адабий (көркөм) котормого орун бошотуп берди. Реформалар ата мекендик адабияттын деңгээлин канааттандыра албаган коомдун маданий талабынын өсүшү менен коштолгон. Көркөм котормолор да бул боштукту толтуруусу, маанилүү социалдык-маданий талапты канааттандыруусу керек эле. Котормочулар өз эмгектерин өлкөсүнө кызмат кылуу деп эсептешип, анын маанилүүлүгүн баш сөздөрүндө белгилешкен. Алар мекендештеринин сабатын ачууну, адеп-ахлакты жакшыртууну, жаңы орус адабиятын түзүүнү өздөрүнүн милдети катары эсептешкен. Бул учурда адабий котормо орус маданиятында бийик статуска ээ болгон.

Котормонун социалдык жаңы маанисин түшүнүү бул доордун үчүнчү мүнөздүү өзгөчөлүгүн түзөт. Котормо оригиналдуу көркөм чыгармаларды жараткандай урматтоого татырлык чыгармачылыктын түрү катары эсептеле баштаган. Котормочу түп нусканын авторуна атаандаш болуп, айрым учурда түп нускадан көркөмдүк жагынан ашып түшүүгө аракет кылган учурлар болгон.

XVIII кылымда Орусияда өзгөчө ардактуу орундуу ээлеген поэтикалык котормо пайда болгон. Тредиаковский орус ритми менен ийгиликтүү которгон П.Тальмандын “Сүйүү аралына саякат” романын коом жакшы кабыл алган. А.Кантемирдин “Каттар” аттуу (Гораций) котормосу жана башка латын тилинен француз тилине которулган поэтикалык чыгармалар көрүнүктүү орунду ээлейт. Латын, немис, француз жана грек тилдеринен которулган М.Ломоносовдун чыгармалары көп сандуу жана көп кырдуу.

Которгон Эрмек ШОРУКОВ

[1] Беллетристика (фр. көркөм проза) – роман, повесть, аңгеме, очерк сыяктуу адабият жанрына берилген жалпы ат. Изилдөөчүлөр көп учурда жалпы эле прозаны беллетристика деп аташкан.

[2] апокриф – башка чыгарманын негизинде жаралган адабий чыгарма.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз