Михаил Зощенко: Башаламандык

  • 25.05.2021
  • 3536

АҢГЕМЕ

Бир аз мурун бир урматтуу жолдош, Кульков Федор Алексеевич, бюрократчылыкка каршы күрөшө турган усулду сыноодон өткөрдү. Мына мамлекеттик баш деген!

А бул усул ушунчалык чындыгы бар, ушунчалык арзан, ал тургай чет мамлекеттерден патент алуу керек, бирок терең өкүнүүбүз керек, Федор Алексеевич Кульков азыр чет мамлекетке чыга албайт – ал өзүнүн жүргүзгөн тажрыйбасы үчүн, кайран адам, темир тордо олтурат. Пайгамбарга өз мекенинде орун жок деген ушул.

А бюрократчылыкка каршы күрөшүү үчүн Федор Кульков мындай курч усул ойлоп тапкан.

Кульков, чынында бир өтө көп урматталган мекемеге көп каттады. Өзүнүн бир иши боюнча. Бир же эки ай каттады окшойт. Күндө. И баары бир эч кандай жыйынтык чыкпайт. Мындайча айтканда ыйласаң да бюрократтар ага көңүл бурушпайт. Ага анын ишин издеп беришпейт. Же ар кайсы кабаттарга жөнөтүшөт. Же “эртеңдер” менен тойгузушат. Же жөн эле жоопту копол берип ары бурулушат.

Албетте, алардын иши да оор иш. Аларга, бюрократтарга, бир күндө мүмкүн, түшүнүксүз маселелер менен жүздөгөн адамдар кирет. Мындайда аргасыздан нервге тийген копол сөздөр пайда болот.

А бир гана Кульков мындай иштердин майда-чүйдөсүнө чейин кире да жана күтө да албайт эле.

Ал минтип ойлонот:

“Эгер бүгүн да ишти бүткөрө албасам, анда өтө жаман. Дагы бир айдан ашык сүйрөшөт. Азыр, - деп ойлойт - мекемеде иштегендердин кимдир-бирөөсүн кармап алып, секин беттен ары бир урам. Мүмкүн ушул фактыдан кийин мага түзүгүрөк мамиле кылышар жана ишимдин бүтүшүнө жол ачылар”.

Федор Кульков кандай болсо да кокус, эгер мушташкан адамын терезеден ыргытып калса, катуурак жараланып калбасы үчүн эң төмөнкү подвалдык кабатка кирет. Бөлмөлөрдү ачып карайт.

Кокустан мына мындай жин кайната турган сценага туш болот. Столдун жанындагы вена тибиндеги стулда орто жаштагы кайсы бир бюрократ отурат. Жакасы таза. Галстук. Манжеткалар. Таптакыр эч нерсе жасабай эле жөн эле отурат. Анан дагы, - отуруп алып, стулга бүткүл салмагын салып чалкалап, акырын эриндерин чормойтуп ышкырып жана буттары менен жер тээп коёт.

Мына ушу акыркы көрүнүш Федор Кульковду өзүнөн кетирип койду.

“Кандай деп ойлойт, мамлекеттик аппарат, тегерете портреттер илинген, китептер коюлган, столдор турат, эми булардын артынан – буттары менен жер тепкилөө жана ышкыруу - барып турган чектен чыккан кемсинтүү!”

Федор Кульков бюрократка өтө көп көз жүгүртүп турду – жини келди. Анан басып келип бурулуп туруп, албетте, секин бетке бир урду.

Вена тибиндеги стулдан, албетте, бюрократ кулап түштү.

Буту менен жер тепкенди токтотту. Болгону катуу кыйкырууда. Мында бюрократтар, боло турган иш, Кульковду кете электе кармоо үчүн ар тараптан чуркап жетип келишти.

Токмок жеген айтат:

- Мен, - дейт, - иш боюнча келдим, саартан бери отурам. А эмнеге мамлекеттик мекемеде мени башка-көзгө койгулай башташты, өтө чоң ыраазымын, кереги жок, бул фактыларсыз да чыгып кетебиз.

Федор Кульков, тескерисинче, өтө таң калды.

 - Мен, - дейт, - жолдоштор, чынында эле бул иш боюнча келген адам экенин билгеним жок, мен бир бюрократ олтурат деп ойлодум. Мен ага такыр тийишмек эмесмин.

Начальниктер кыйкырышты:

 - Тезинен ары-бери Кульковдун иш кагазын издегиле!

Токмок жеген айтат:

 - Уруксат болсо анда мага да көңүл бурсаңыздар. Эмне үчүн урган адамга ушунчалык камкордук? И менин да иш кагазымды издешсин. Фамилиям Обрезкин.

 - Тезинен ары-бери Обрезкиндин иш кагазын издегиле!

Токмок жеген, албетте, өтө чоң ыраазычылык менен Кульковдун колун кысат:

 - Менин бетим, - дейт, - ордуна келе турган нерсе, а мында баш аламандыкка каршы аракет кылганыңыз үчүн сизге өмүрүм өткүчө ыраазымын.

Мында тездетилген темпте акт түзүшөт, ошол эле мезгилде Кульковдун иш кагазын алып келишет. Анын иш кагазын алып келишип, ага аткарылууга жолдомо коюлуп, мыйзамдуу ишке ашырылышына жол ачып беришет.

Токмок жегенге мындай жооп беришет:

 - Сиз, - дешет, - жаш жигит, байкоодон мекемеге кирүүдөн адашыпсыз. Сизге байкоодон социалдык камсыздандыруу мекемеси керек, а сиз, мына каякка келип алгансыз, - дешет.

Токмок  жегени айтат:

 - Уруксат этиңиздер, жолдоштор! Эмне үчүн анда мени, мындайча айтканда, бети-башка урдуңар? Кур дегенде мага: мисалы, паланча числодо, чынында эле Обрезкиндин бети-башы урулуп токмоктолгон деген маалымкат беришсин.

Обрезкинге маалымкат берүүдөн баш тартышты, анда ал албетте, Федор Кульковго мушташууга умтулду. Ошентсе да аны алып чыгышты, ушуну менен иш жабылды.

Кульковдун өзүн эки жумага отургузушту, анткен менен анын кагаз иши өтө жакшы жана эч кандай баш аламандыксыз бүткөрүлдү.

1927-жылы жазылган.

Орусчадан которгон Кубанычбек АБДЫРАЗАКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз