Марк Твен: Оомат

  • 24.06.2021
  • 3575

АҢГЕМЕ

Өз доорунун эң атактуу аскеринин урматына кечки тамак үчүн Лондрага келдим. Бул адамдын чыныгы атын жана наамдарын атагым келбей турат. Ага Коргенерал Лорд Артур ысымын өзүм ыйгарып алганмын. Бул адамды алгач көргөндөгү сезимдеримди сиздерге айтып берүүгө күчүм жетпейт. Ал мен көргөн учурда дал ошол ордунда көкүрөгү медалдарга толуп олтурган. Көзүмдү андан ала албай дендароо абалда калганмын. Анда улуулуктун издери бар эле. Ал өзүнө тиктеп турган жүздөгөн көздөргө жана аны курчаган көптөгөн кишилердин таң калуусуна кайдыгер гана мамиле жасап, көңүл деле бурган жок.

Жаныма христиан динин тутунган эски досторумдун бирөөсү олтурду. Жөн гана дин адамы эмес эле. Жашоосунун жарымын Воолвичтеги аскердик окуу жайда  мугалим болуп эмгектенип өткөргөн. Көздөрүндөгү кызыктай  көз караш менен  мага кайрылып, кулагыма шыбырады:

– Ортобузда калсын, ал бир келесоо, – деди.

Бул сөз, албетте, урматына кечки тамак уюштурулуп жаткан каарман туралуу эле. Бул сөзгө мен абдан таң калдым. Каарданып ага карадым. Ушул эле сөздү Напольон, Сократ же Соломон тууралуу айтса мынчалык таң калбайт болчумун. Бирок бул дин адамынын эч качан жалган айтпаганын жана мүнөзүнүн жакшы экендигин билчүмүн. Мындан улам каарманыбыз тууралуу көбүрөк маалымат алгым келди.

Бир канча күндөн кийин дин адамы  менен кайрадан жолуктум. Бул жерде жазылгандар толугу менен анын сөздөрү:

– 40 жыл мурда жаш Скореспи алгачкы сынагына киргенде Воолвичтеги аскер академиясында мугалим болчумун. Элдин баары суроолорга так, туура жооп берип жатканда тилекке каршы, бул эч нерсе билчү эмес. Анда ал үчүн абдан кайгырганмын.  Келбеттүү, тыкан өспүрүм эле. Мындан улам суроолорго келесоодой жооп бергенине ызалангам.

Андан соң дагы бир жолу сынакка кирсе ийгиликсиз болорун түшүндүм. Мындан улам өзүмө колумдан келишинче ага жардам берериме сөз бердим.

Аны чакырып сүйлөшкөнүмдө Юлий  Цезарь тууралуу бираз нерсе билгенин болжодум.  Бирок мындан башка эч нерсе билчү эмес. Мындан улам аны кулдай жумшап,  сынактардан өткөрүп жаттым. Жооп бере алаар жападан жалгыз тема Цезарь тууралуу бир канча суроо үстүндө кайталап-кайталап окудук. 

Кааласаң ишен, кааласаң ишенбе, сынактан жакшы өттү. Өзүнөн алда канча зээндүүлөрдөн  көп упай алды. Ойдо жок ооматтан улам аны окуткан темалардан башка темалар сынакта келген эмес эле. Мындай дал келүү жүз жылда бир эле жолу болот.

Мектеп жашоосунда майып баласы менен алек болгон энедей ага камкор кылдым. Жана ал дагы өзүн куткарганды билди. Математика сабагынан сынактан өтпөй каларын билгендиктен сааттарча математикалык формулаларды жаттатып, мээсине кыттай куйдум. Акырында бул сабактан да сынакка кирди. Жыйынтыгын болжолдой аласыңбы? Натыйжасын укканда  жинди боло жаздадым. Эң жогорку бааны алып, биринчиликке жетишти.

Мындан улам күн- түн өзүмдү күнөөлүү сезе баштадым. Кылган ишим туура эмес эле. Бирок мен ага мектептен айдалышы аз кайгы берер нерсе экенин ойлондум. Эч качан мындай таң калыштуу,  кызык жыйынтык чыгарын болжогон эмесмин.

Эртеби кеч бир жыйынтык чыгарына ишенгенмин. Кире турган алгачкы калыс сынак жашоосундагы балакет болмок. Андан соң Крым согушу башталды. Бул согушка катышарын укканда кайгырдым. Жеңиш, кокустук экен, кокустан келген оомат экен. Ага согуш майданында милдет жүктөлдү. Жүз башы болду! Мындай жөндөмсүз бирөөгө чоң жоопкерчиликти жүктөө кимдин оюна келмек?..

Мындан соң анын жүз башы болгондугуна себепкер болуп калгандыгымдан улам, өзүмө өзүм мекенге жоопкерчиликтүүмүн, деп сөз бердим. Аны менен бирге барып мекенимди колумдан келишинче чогуу коргошум керек дедим. Мындан улам согуш майданына бирге аттандык. 

Ал жер, “О Кудайым”, балакет эле.  Каталар, коркунучтуу каталар. Эч бир убакта бир ишти туура жасачу эмес. Бирок эч ким анын келесоо экендигин билген жок. Баарысы анын келесоодой кыймыл аракетин, жүрүм-турумун  чоң акылдын белгилери катары көрүштү.

Эң кичинекей каталары деле мээси жайында болгон адамды ыйлатып, ага кыйкырганга жол аччу. Мени дайыма коркуткан нерсе, анын ар бир катасы ага баа-барк алып келчү болду.  Ар дайым  өзүмө өзүм  акыры мунун  каталары ортого чыгат жана анын аракеттери ката экенин түшүнүшкөндө күн асмандан түшкөндөй абалга кептешилет дечүмүн. Бирок ал буйрук берген адамдарынын өлгөн денелери аркылуу жогорулай баштады. Көп узабай согушта эң кадырлуу аскер өлдү. Муну укканымда жүрөгүм оозума тыгылды. Анткени анын ордуна келер адам Скореспи эле. Бул баарыбыз үчүн жаман кабар болду.

Согуштун коркунучу бара-бара көбөйүп, Британ аскерлери артка чегине башташты.  Биздин аскер башчыбыз биз ишенген эң маанилүү адам эле. Бир ката кетиргенибиз өлүм болмок. Жана дал ошол учурда Скореспинин  жасаган жалгыз иши оң менен солду алмаштыруу болду.  Ага  артка чегинип,   оң тараптан колдоо көрсөтүшү керектиги тууралуу буйрук келди. Ал бул буйрукка баш ийбей, алдыга жүткүндү жана солдон чокуга чыга баштады. Бул жиндидей аракетти байкашып, токтотконго чейин чокуга жетип бардык. Ал жерден эмнеге кезиккенибизди билесиңби? Тузак даярдаган абдан чоң орус ордосуна!

Эмне болду билесиңби? Баарыбыз өлүшүбүз керек беле? Чындыгында мындай окуя 100 окуянын токсон тогузунда болор нерсе. Бирок таң калганыбыз – орустар бардык Британ ордосу басып алганын ойлошту. Ар тарапка кача башташты. Чар тараптан чачылган абалда согуш башталды. Биз кууп жөнөдүк. Көз ачып жумганча жеңишке жеттик. Каршы тараптын аскерлери жеңилгендиктерин моюндашты.

Биздин аскерлердин командири бул сыйкырдуу натыйжага таң калып, кубанычтан башы айланды. Дароо Скореспини чакырып, согуш майданында аскерлердин көз алдында аны кучактады. Скореспи ал күнү чоң аскердик ордонун лидери наамын алды. Жана аты  бүт дүйнөгө таанылды. Тарых китептеринде таасын эмгектери жазылган. Ал баасын жоготпойт.

Ал жакшы, келбеттүү адам. Бирок дагы деле жамгырдан кантип коргонууну билбеген бир байкуш. Дүйнөдөгү эң келесоо адам.

Азыркы күнгө чейин Скореспи жана менден башка бул чындыкты эч ким билчү эмес. Өмүр бою ага ойго келбес оомат жардам берди. Өмүр бою бардык согуштарда  таанылган аскер болду. Бардык аскердик жашоосун каталар менен толтурду, бирок бул каталардын ар бири ага чоң наам алып келди. Британ жана башка өлкөлөрдөн алган медалдарына карасаң, булар чоң келесоолуктун белгилери. Бул медалдар бир адамдын жашоосундагы эң жакшы нерсе, жолу шыдыр төрөлгөнүнүн белгилери. Кечки тамакта айткан сөзүмдү дагы бир жолу кайталаймын. “Скореспи бир келесоо!”.

Англисчеден которгон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз