Жек Лондон: Жалганчы Нам-Бок

  • 30.06.2021
  • 3610

АҢГЕМЕ

Жерден чыккандай үн жаңырды:

- Кайык! Кайык келатат! Чын эле, ичинде киши бар экен! Карасаңар, ал калакты да олдоксон шилеп жатат!

Карылыктын туу жонуна жетип калган Баск-Ва-Ван кемпир алсыздыгынан калтырап, тизелеп турду да, толкундана деңизге көз чаптырды.

- Нам-Бок калакты дайыма олдоксон шилөөчү, - деди ал зылдай ойго басырылгандай күбүрөп. Колу менен күндөн көзүн серепчилеп, күмүш сымал жалт-жулт эткен деңиз бетине тигилди. - Ал дайыма олдоксон болучу. Менин жадымда...

Бирок муну уккан катындар менен балдар шарактап күлүп жиберишти. Алардын күлкүсүндө ак көңүлдөн чыккан азилдин эпкини бар эле. Кемпир унчукпай калды, кубарган эриндери гана үнсүз кыймылдап жатты.

Сөөк кесүү жумушу менен алпурушуп олтурган Кугах башын көтөрүп, Баск-Ва-Ван тигилген тарапты карады. Ооба, ал ырас эле кайык болучу, жээкти көздөй сүзүп келатты. Бирок тынчы жок толкундар аны чет жакка, алыска агызып кетүүдө. Кайыктын тумшугуна келип урган толкундардын каршылыгына карабай, кайыктагы киши калактарды бардык күчү менен шилеп, көндүмсүз кыймылдайт, андыктан бирде оңго, бирде солго кетет. Акырындык менен жээкке жакындоодо. Кугах кайрадан өз ишине үңүлдү да, деңиз мышыгынын азуусунан эч бир деңизде кезикпеген балыктын сөлөкөтүн жонуп кирди.

- Балким, бул коңшу кыштактагы сөөкчү мени менен кеңешкени келаткандыр, ал сөөктөн ар кандай буюмдарды кандай кесет деп сурай берет эмеспи, - деди ал кыйладан соң. - Бирок ал копол неме. Эч качан сөөкчү боло албайт.

- Бул Нам-Бок, - деп кайталады кемпир. – Мен өз баламды кантип эле тааныбай калайын? Силерге бул Нам-Бок деп айтып жатам! - Ал туталана кыйкырды.

- Жай келип, деңиз бетиндеги муз эрий баштаган күндөн тартып, жээкке келип отурасың да, керээлден кечке деңизден көз албайсың. Кайык аттууну көзүң чалары менен: бул Нам-Бок дейсиң. Канча жылдан бери ушинтип келатасың, - деди аялдардын бири аны аягандай акырын. - О, Баск-Ва-Ван, Нам-Бок жок, ал өлгөн, өлгөндөр кайтып келишпейт. Бул мүмкүн эмес.

- Нам-Бок! - Кемпир катуу, ачуу кыйкырып жиберди. Жанындагылардын бардыгы таң кала, аны карап калышты.

Ал ордунан калтаңдай турду да, бутун сүйрөй кумду кечип жөнөдү. Баратып, күнгө кактанып жаткан наристеге чалынып, басып кете жаздады. Энеси чуркап келип ала койду да, кемпирди каргап-шилеп калды. Бирок ал кылчайып койбой, кете берди. Балдар дуу коюп, андан өтө берип, жээкке жөнөштү. Кайык жээкке чукулдап келгенде ичиндеги адамдын копол кыймылынан оодарылып кете жаздады. Балдардын артынан аялдар да чубады. Кугах колундагыны тигиндей койду да, салмагын таягына сала, аксаңдай басты. Артынан экиден, үчтөн болуп, эркектер ээрчиди.

Кайык келип, капталдап токтоду. Чуркап келген жылаңач балдардын бири сууга бой таштап, кайыкты түздөп, жээкке сүйрөп чыкты. Антпегенде келген толкун капталга согуп, көмөлөтүп таштаары бышык эле. Киши ордунан турду, Өзүн карап тургандарга сынаакы көз жүгүрттү. Анын эскилиги жетип, кирдеген чаар сокмо көйнөгү кең далысында шөлбүрөйт, мойнун матростордукундай арзан, кызыл жоолук менен ороп алган. Чачын кыска алдырган экен, башына балыкчылардыкындай шапке кийиптир. Бутунда оор өтүк, кийгени арзан кездемеден начар тигилген көрксүз шым.

Мына ушуга карабастан, Улуу Юкон куймасындагы карапайым балыкчылар үчүн ал таң каларлык көрүнүш эле. Алардын өмүр бою көргөн-бакканы Беринг деңизи. Ак адамды болгону эки гана жолу көрүшкөн, алардын бири эл каттоочу, экинчиси адашып келген иезуит кечили. Бу жердегилер абдан жакыр турушчу, мында алтын да, сата турган кымбат аң-терилер да болбогондуктан, ак адамдар бул жээкке жакындап да коюшчу эмес. Анын үстүнө деңиздин ушу тарабына Алясканын таш-кумдары миңдеген жылдар бою шиленип отуруп, жээктин көпчүлүгү жапыз аралчаларга айланып калган, андыктан бул аймакка жакындаган кемелердин түбү жерге тийип калчу. Ошондуктан ак адамдардын чоң кемелери эч качан келген эмес. Деги эле, алардын бар экендиги жөнүндө балыкчылар уруусунда түшүнүк жок.

Күтпөгөн жерден Кугах сөөкчү артка кетенчиктеп барып, өз таягына чалынып, жыгылып түштү. Анан турууга аракет кылып, ооналактап жатып, катуу кыйкырып жиберди:

- Нам-Бок! Деңиз алып кеткен Нам-Бок кайтып келди!

Эркек-аял дебей, баардыгы селт эте, артка жапырылышты, алардын бут арасынан өтө чапкан балдар качып жөнөштү. Кыштактын башчысы катары, бир гана Опи-Куон өзүн токтотуп, коркок эместигин көрсөттү. Ал алдыга чыгып, келгин адамды узакка кунт коюп карап турду. Анан кыйладан кийин:

- Чынында эле бул Нам-Бок экен, - деди акыры. Анын үнүнөн чын айтып жатканын түшүнгөн ашкере ырымчыл аялдар чур эте, алыстап кетүүгө ашыгышты.

Келгин адамдын эриндери кыбырап, эмне айтаарын билбей турду, кекиртегине бир нерсе тыгылгандай, айта турган сөз ошондон өтө албай аткандай болду.

- Мына, көрдүңөрбү, бул Нам-Бок! - Анын жүзүнө тигиле караган кемпир булдуруктады. - Мен Нам-Бок кайтып келет деп дайыма айтчумун.

- Ооба, Нам-Бок кайтып келди.

Бул жолу Нам-Бок өзү үн катты. Ал бери аттап, бир буту кайыкта, бир буту жерде турду. Кайрадан кекиртегине бир нерсе кептелип, өзүнчө кыйналып жатты. Эчак унутулган сөздөрдү эстөөгө тырышып жатканы сезилет. Ошентип акыры сүйлөп жибергенде бир кызыктай угулду, көмөкөйдөн сызылган үндү кандайдыр бир таңдайды такылдаткан тамшануу коштоп чыкты.

- О, туугандар, арыбадыңарбы? - деди ал. – Жолбун шамал мени деңизге алып кете элек кезде араңарда жашаган туугандарым.

Ал экинчи бутун да жерге койду, бирок Опи-Куон аны колун жаңсай токтотту:

- Сен өлгөнсүң, Нам-Бок.

Нам-Бок күлүп жиберди.

- Карап көрсөң, мен бүтүн бойдон турам го.

- Аның туура, өлгөндөр бүтүн болушпайт, - деди макул болуп Опи-Куон. - Сен чымыр экенсиң, бирок акылга сыйбаган жорук. Жээк шамалы менен деңизге кеткен бир да адам ушунча жылдан кийин келген эмес.

- Мен келдим, - деди Нам-Бок кадыресе гана.

- Анда сен, балким, элестирсиң. Мурда жашаган Нам-Боктун элеси. Элестер кайтып келишпейт.

- Мен ачкамын. Элестер тамак жешпейт.

Бирок Опи-Куон таң калып, эки анжы ойдон кыйналып, бетин колу менен сылады. Нам-Бок да бир кызыктай абалда турду, алдында турган балыкчыларды бир сыйра карап өттү. Бардыгы мостоюп турушту. Эркектер да, аядар да өз ара шыбырашып жатышты. Балдар чоңдордун аркасына жашынып, жабышышат. А иттер жүндөрүн түктүйтө ырылдап, тумшуктарын жогору көтөрө, бир нерседен шек алгандай жыт искейт.

- Сени мен тууп, ымыркайыңда эмчек сүтүмдү берип чоңойтком, Нам-Бок. Эми элес болсоң да, элес болбосоң да тамагымды берип, тойгузам, - деди жалооруган үнү менен Баск-Ва-Ван.

Нам-Бок аны көздөй жөнөп, бирок чочулаган, ошол эле учурда коркута чыккан үндөрдөн улам токтоп калды. Ал түшүнүксүз тилде «О, шайтан алгыр!» деген сөзгө абдан окшош сөздү айтты да:

- Мен адаммын, элес да, көлөкө да эмесмин, - деп кошумчалады.

- Белгисиз нерсеге туш болгонубузда эмнени билүүбүз керек? - деп сурады Опи-Куон бир чети өзүнө, бир чети айланасындагыларга кайрылгандай. Азыр биз барбыз, бирок бир дем тартуудан кийин жокпуз. Эгерде адам элеске, көлөкөгө айланып кете алса, эмне үчүн элес адамга айланып кете албайт? Нам-Бок жашаган, бирок азыр ал жок. Муну биз билебиз, бирок Нам-Бок экениңди же сенин элесиң экенин билбейбиз.

Нам-Бок тамагын кырына жөтөлүп алды да:

- Тээ көп мезгил мурда, Опи-Куон, сенин атаңдын атасы кетип калып, көп жылдан кийин кайтып келген. Ошондо коломтодон орун беришкен эмес. Айтышкан... - Ал сөзүнө басым коюп, токтоп калды. Мындан ары эмне айтаар экен дегендей, бардыгы дымырап күтүп калышты. - Айтышкан... – Ал сөзүн да бир жолу кайталады да, сөзүнүн салмагын арттыра түшүүнү көздөгөндөй, токтоп калды. - Ошо, ал киши келгенден кийин, Сипсип, анын аялы эки уул төрөгөн деп айтышкан.

- Бирок ал жээк шамалына сиңип кеткен эмес, - каршы болду Опи-Куон. - Ал кургак жердин алыс жагына кеткен, ал жакта ошондой. Адам кургак жерде канча мезгил болсо деле басып жүрө  берет.

- Дал ошондой эле адам деңизде да көпкө жүрө алат. Бирок иш мында эле эмес. Сенин атаңдын атасы көрүп келген укмуштай окуяларды айткан дешет...

- Ооба, ал таң каларлык нерселерди айткан.

- Менде да айтып бере турган көп нерселер бар, - Нам-Бок мыйыгынан жылмайды. Тигилердин көз караштары өзгөрө баштаганын көрүп: - Белек да ала келдим, - деп кошумчалады.

Ал кайыктан үлбүрөгөн, укмуш жумшак, келиштире боёлгон чоң шалы жоолукту алды да, энесинин ийнине жапты. Аялдар таң калып, суктангандан бирдей учурда өөх деп алышты. Карыган кемпир апакай, жумшак кездемени колу менен сылап, кармалап, сүйүнгөнүнөн жаш балача кыңылдап ырдай баштады.

- Ал көп нерселерди айтып бере алат, айтаары бар, - деп күңкүлдөдү Кугах.

- Белек да алып келди, - деди аялдар эми үн кошуп.

Опи-Куон уруулаштарынын Нам-Боктун керемет баяндарын угууну каалап, чыдамдары кетип турганын көрдү. Анын үстүнө өзү да мындан куру эмес эле.

- Балыкты арбын кармадык, бизде тамак-аш мол. Эмесе, жүрү, Нам-Бок, тойлойлу, - деди ал салабаттуу сүйлөп.

Эки киши кайыкты ийиндерине көтөрүп, от жагылган тарапка жөнөштү. Нам-Бок Опи-Куон менен катар баратты. Кыштактын калган кишилери аларды ээрчишти. Бир нече аял гана шалы жоолуктан көз ала алышпай, аярлай кармалап жатышты.

Тамак ичип жатканда сөз жанданбады. Анткен менен көп кишилер кызыкканын жашыра албай, кемпирдин баласына алдыртадан көз ташташат. Ушундан уламбы, же өзүнүн уяң мүнөзүнөнбү же түлөн майынын сасык жытынанбы, айтор, өзүнчө тартынып отурду, кекиртегинен тамак өтпөй, табити тайыйт. Мунусун бардык күчү менен билгизбөөгө жан үрөйт.

- Ал, жеп отурсаң, ачка келбедиңби, - буйра сүйлөдү Опи-Куон. Нам-Бок көзүн жума берип, сасык балык салынган табакка кол сунду.

- Тартынбай, жеп отур. Быйыл түлөндөрдү көп кармадык. Алдуу-күчтүү эркектер дайыма ачка жүрүшөт.

Анын сөзүн кубаттагандай, Баск-Ва-Ван кемпир каңылжарды жара сасыган балыкты майга малып, баласына мээримин төгө сунду.

Чүмчүлөп, ар нерседен жемиш болуп отурган Нам-Бок бу жердин тамагы мурдагыдай өзүнө жакпай калганын саамда түшүндү. Жипкирип, кузгусу келди, анысын отургандардан жашырууга тырышып, шаша-буша чылым күйгүздү. А эл шатыра-шатман түшүп, тамактанып жатышканы менен, баары бир, Нам-Бокту көз жаздымдан кетиришпеди. Алдыда жайылган эки, үч гана түрдүү тамактын арасында кымбат ичимдик да турган. Ал оңойлук менен колго тийбес нерсе эле, анткени, алыскы түндүктө жашаган эскимостордон ар кандай буюм-тайымдарга алмашып алышчу. Мында отургандардын айрымдары гана ошо ичимдикти ичкенине мактана алышат. Нам-Боктун катарында отурган Кугах да ичимдикти алып, көрүп ал дегендей аны карап койду да, куркулдата жутту. Анан балыктын бир кесимин оозуна салды. Ушундан кийин сөөлөттөнө, янтардан жасалган мүштөгүн майланган оозуна салып, соруп кирди. Аздан соң анысын Нам-Бокко сунду. Бул адамды сыйлоонун өзгөчө бир белгиси экенин адеп эле түшүнгөн. Бирок ал калтыраган колдору менен ичин басып, келаткан кузгусун араң токтотту. Мүштөктү кайра тигиге узатты, өз ниетинде «мунуң өзүңө эле буйрусун» деди. Бардыгы анын колуна эриндерин тийгизип, берешендиги үчүн мактап жатышты.

Опи-Куон ордунан турду.

- Той бүттү. Кана, Нам-Бок, эми биз сен көрүп келген кереметтердин жагдайында угуп, билгибиз келет.

Балыкчылар алакандарын чапкылап жиберишти. Эркектер чоң балыктарды сая турган укуруктарды уучтап, сөөктөн ар кандай буюм-тайымдарды кесип жасашчу. Ал эми аялдар деңиз мышыгынын терисинин майын кырып алып, терисин жуушатышчу, тарамыш жиби менен аң-териден кийим тигишчү. Азыр өз жумуштарын жыйыштыра туруп, кызыктуу баян угууга чогулушту. Нам-Бок айланага баам сала, көз жүгүрттү. Бирок кыялында жашап, оо качантан бери күтүп, эңсеп келген сонун нерсени көрө албады. Алыс жакта тентиреп жүргөн жылдарында ой-кыялы менен керемет бир көрүнүштү жаратып алган, анан ошонун деми менен жашап келбеди беле. Эми аны эмес, мындагы итке минген жакырчылыкты, маани-маңыз дегенден куружалак, мышык ыйлаган жашоону көрүп, көңүлү чөгүп турду. Чынында бул жердеги жашоо менен, өзү көнүп калган тыяктагы жашоону салыштырып болбойт эле, экөөнүн айрымасы асман менен жердей. Ооба, ал көгөргөн деңиз менен кум чайкаган жээктен башка эч нерсени көрбөгөн бу момун адамдарга ошол жашоо-турмуш жөнүндө айтып берет, алардын көзүн ачып, акыл-сезимин ойготот. Ушул ойдон улам, көздөрү жадырай түштү.

- Бир туугандар, - деп баштады сөзүн Нам-Бок, эрдик көрсөтүп, анан ошонусуна терисине батпай сыймыктанган адам кебетеленип. - Бир туугандар, көп жылдар мурда силерден кеткенимде жай аяктап калган маал эле. Ошол күн баарыңардын эсиңерде болсо керек. Чардактар жапыз учуп, деңизди көздөй катуу шамал уруп турган. Ага каршылык кылууга чама-чаркым жок эле. Кайыгымды улам жээктен алыстатып, деңизге карай агызып баратты. Кайыкка суу толуп калбасын деп, үстүн чүмкөдүм да, таң атканча бороон-чапкындуу толкун менен күрөштүм. Эртең менен жер көрүнбөй, бар тарабым деңиз. А шамал дале басылбай дуулдап, кайыгымды кубалап кете берди. Ошентип, азап менен коштолгон үч күн өттү. Төртүнчү күнү мен акыл-эсимден ажырагандай абалда калдым. Ачкалык кыйнап, суусагандан таңдайым так катып, алсырадым. Башым айланып, калак шилөөгө шайманым калбады. Бир күнү деңиз тынчып, түштүк жактан жылуу, мелүүн шамал сокту. Мен баш көтөрүп, айланага көз чаптырдым. Анан көргөн көзүмө ишенбей, акылымдан айнып калгам  го деп ойлодум.

Нам-Бок сөзүн токтотуп, тишине кыпчылып калган кылканды сууруп кирди. Жанындагылар колдорун төмөн таштап, моюндарын созо, күтүп калышты. Ал сөзүн кайра улантты:

- Ал кайык, эбегейсиз зор кайык эле. Эгерде качандыр бир кезде мен көргөн кайыктардын бардыгын чогултса да, анчалык чоң кайык болбойт.

Таң калып, ишенбеген үндөр чыкты. Өмүрдүн туу жонуна чыгып, көптү көрүп калган Кугах башын чайкап койду.

- Эгерде ар бир кайык кумдун бир бүртүгү болсо, анан ошол кайыктар ушул жээктеги кумдай көп болсо да, мен көргөн кайыктай чоң боло алмак эмес. Ал эбегейсиз чоң кайык эле. Аны шхуна дешет экен. Мына ошол керемет кеме мага келатканын көрдүм, анда адамдар бар экен...

- Токточу, эй, Нам-Бок! - кыйкырып жиберди Опи-Куон. - Алар кандай адамдар. Абдан чоң бекен?

- Жок, алар мага окшогон, сага окшогон эле адамдар экен.

- Чоң кеме ылдам жүрөт бекен?

- Ооба.

- Кеме чоң, а адамдар кичиней болсо керек. Алар узун калактарды шилейт бекен, - деп жоромолдоду Опи-Куон.

Нам-Бок жылмайып алды.

- Жок, калак аттуу нерсе жок.

Баардыгынын ооздору ого бетер араандай ачылды, ортодо көпкө чейин жымжырттык өкүм сүрдү. Опи-Куон Кугахтан мүштөк сурап, салмактуу ойдон ажырай албай, бир нече сапар кере сорду. Бир жаш келин кыжырлана күлүп жиберди эле, баардыгы аны жек көрө карады.

- Демек, калактары жок экен да? - Опи-Куон акырын сурап койду.

- Арка жагынан түштүк шамалы согуп турган, - деп түшүндүрдү Нам-Бок.

- Бирок жалгыз гана шамалдын сокконуна ылдам кете албайсың.

- Шхунанын канаттары бар болучу, мына момундай.

Ал кум бетине мачталар менен парустардын сөлөкөтүн чиймелеп көрсөттү. Эркек, аялдар жакын келип, чиймелерди карап жатышты. Бу маалда шамал дуулдап келди. Нам-Бок энесинин башындагы шалы жоолукту ала койду да, эки колу менен кере, шамалга багыттады. Жоолук делбиреп, паруска окшоп кетти. Кемпир урушуп, тигинден жоолугун тартып алды. Бирок салынууга үлгүрбөдү. Шамал жулуп алып, учуруп кетти. Жыйырма кадамдай делбектеп барып, толкун түртүп салган бутактардын бирине илинип калды. Кемпир күйүгүп, араң жетип, бутактарга жыгылды. Чиймелерди караган эркектер түшүнгөндөй түр көрсөтө, күңкүлдөштү. Бирок Кугах капысынан куудай агарган башын көтөрө, чалкалады.

- Ха-ха-ха! - Ал каткырып күлүп жиберди. - Сенин чоң кемең болбогон нерсе! Бул өзү келесоолук! Шамалдын оюнчугу! Шамал кайда айдаса, ошол жакка кете берет да. Андагы адамдардын бири да кайсы жээкке барып токторун билбейт. Анткени, ал дайыма шамалдын багыты менен жүрөт. Ал эми шамал деген жүгөнсүз эмес, каалаган жагына дуулдап кете берет. Бир саамдан кийин кай жакты беттеп согоору бир жанга да белгисиз.

- Ооба, мунуң туура, - деди аны бышыктагандай Опи-Куон. - Шамалдын багыты менен жүрүү оңой, бирок бет маңдай соккон шамалга каршы сүзүү адам үчүн канчалык оор, белгилүү эмеспи. Бул айткан чоң кемеде калактар жок болгондуктан, демек, алар кеменин багытын өзгөртүүгө дегеле мүмкүндүктөрү жок экен да.         

- Алар үчүн шамал менен күрөшүүнүн кенедей да кажаты жок, - Нам-Бок ачуулана бурк этти. - Шхуна шамалга каршы сүзөт.

- Сен айткан ошо шых... шух... шхунаны эмне жылдырат, - деп сурады Кугах бейтааныш сөздү атайын бузуп айтып.  

- Шамал шых... шух... шхунаны шамалга каршы жылдырабы? - Эми картаң Кугах ачык эле Опи-Куонго көз ымдап койду. Олтургандар дуу күлүп жиберишти. - Шамал чыгыштан согуп, шхунаны чыгышка айдайт экен. Шамал шамалга каршы согот. Шамал бир эле учурда бул тарапка да, тигил тарапка да согот. Бул өтө жөнөкөй нерсе. Биз түшүндүк, Нам-Бок, бардыгын ачык түшүндүк.

- Сен кеңкелессиң!

- Сенин оозуңдан чын сөздөр чыгып жатат, - деди Кугах. - Мен эң жөнөкөй нерсени көпкө чейин түшүнө албай койдум.

Нам-Боктун жүзү түнөрө түштү. Бул жердегилер мындан мурда эч качан укпаган кандайдыр бир сөздөрдү сүйлөп жиберди. Бардыгы өз иштерине - бири кесип аткан сөөккө, бири тазалап аткан териге үңүлүштү. Нам-Бок бары бир эч ким ишенбеген дагы бир нерсени айтып жибербейин дегендей, эриндерин бекем кысты.

- Ошо шых... шух... шхуна өзү чоң дарактан жасалган бекен? - Кугах кайдыгер гана сурап койду.

- Ал көптөгөн дарактардан жасалган. Ал абдан чоң, эбегейсиз зор. - Нам-Бок кесе жооп берди.      

Кайрадан түнөрүп, унчукпай отуруп калды. А Опи-Куон тигини шылдыңдаган кербезде, Кугахты капталга укуп койду. Ал ишенбегендей, таң калгандай башын чайкады да:

- Кызык иш экен, - деп шыбырады.

Нам-Бок кайрымакка чындап илинмей болду.

- Бул дагы эч нерсе эмес, - деди ал алакөөдөктөнүп. - Эгерде силер пароходду көргөн болсоңор кана. Кайык кумдун бир бүртүгүнөн канча эсе чоң болсо, шхуна кайыктан канча эсе чоң болсо, пароход да шхунадан ошончо эсе чоң. Анын үстүнө пароход темирден жасалган. Ал бүтүндөй темир.

- Жок, жок, Нам-Бок, токто, - кыйкырып жиберди кыштак башчысы. - Мындай болушу мүмкүн эмес. Темир дайыма чөгүп кетет. Мына уксаң: кошуна кыштактын башчысынан бычак алмашып алган элем. Ошо бычак кечээ колумдан түшүп, деңиз түбүнө чөгүп кетти. Баардык нерсенин заң-закүнү бар. Заң-закүнсүз бир да буюм жок, мындай болгон эмес. Муну биз билебиз. Ал тургай, баардык окшош нерсе үчүн заң-закүн бир, ошондуктан баардык темир нерселер үчүн да заң-закүн бирөө. Андыктан, Нам-Бок, эл ичиндеги кадыр-сыйың төгүлбөсүн десең, азыркы айткан сөздөрүңдөн кайт.

- Бирок бул чындык да, - деди Нам-Бок өжөрлөнө. - Пароход бүтүндөй темирден жасалган, бирок чөкпөйт.

- Жок, жок, мындай болушу түк мүмкүн эмес.

- Мен өз көзүм менен көрдүм го.

- Бул нерселердин жаратылышына каршы келет.

- Болуптур, ошондой болсун дейли. Бирок айтсаң, Нам-Бок, ошол адамдар жээги көрүнбөгөн деңизден бара жаткан багытын кантип табышат? - сөз ушуну менен токтоп калбаса экен деген кооптонуу менен сурады Кугах.          

- Аларга багытты күн белгилеп турат.

- Кантип?

- Шхунанын башчысында бир буюм бар, аны менен күндү кароого болот. Түш болгондо аны алып карайт да, күндү жердин четине түшүүгө мажбурлайт.

- Бирок бул накта сыйкырчылык эмеспи! - Опи-Куон жаалдана кыйкырып жиберди. Ал ыйык нерсени кордоп жаткандай сезди. Эркектер сүрдөнө колдорун көтөрүштү, аялдар ызылдап жиберишти. - Бул кара ниет сыйкырчылык! Күндү бараткан сапарынан кайтаруу эң жаман жорук. Ал түндү таратып, бизге түлөндөрдү, балыктарды жана жарыкты берет.

- Сыйкыр болсо эмне экен? - Нам-Бок орой сурады. - Мен деле андан карап, күндү асмандан түшүүгө мажбурладым.      

Анын жанында жакын отургандар шаша-буша артка жылышты. Ал эми бир аял Нам-Боктун назары түшүп калбагай эле деген ойдо көкүрөгүндө жаткан баласынын бетин жаба салды.

- Ошо төртүнчү күндүн эртесинде эмне болду анан, Нам-Бок? - деп сурады Кугах акырын. - Шых... шух... шхуна сени кубаладыбы?

- Анда менин ырп этээрге алым калбаган, андыктан андан качып кутула албадым. Мени жогору алып чыгышты, суу ичирип, алдыма жакшы тамактарды коюшту. Бир туугандарым, силер эки гана ак адамды көргөнсүңөр. А шхунадагы адамдардын баардыгы ак эле. Менин эки бутум менен эки колумдун бармактары канча болсо, алар да ошончо болучу. Алар боорукер экен, мага жакшы мамиле кылышты. Ошондуктан силерге айтып берүү үчүн анда болгон нерселердин бардыгын эстеп калууга тырыштым. Алар мага өз иштерин үйрөтүштү, жакшы тамактарды берди, жатып уктоого да орун табышты. Биз күн-түн бою деңизде сүзүп бараттык. Башчы күн сайын жанагысы менен күндү карап, кай жерде баратканыбызды айттырып турду. Деңиз тынч болгондо биз деңиз мышыгына аңчылык кылдык. Алардын терисин гана алып калып, эти менен майын ыргытып жибергендерине абдан таң калып жүрдүм.

Опи-Куон ачуулуу түрдө тишин кычыратып алды. Деңиз байлыгына мындай кайдыгерлик, ысырапкорчулук менен мамиле жасаган адамдарды сөгүп жиберүүгө камданып калганда, Кугах капталга укуп, тынч отурууга аргасыз кылды.

- Анан кыйын-кезең башталды - күн суук болуп, аяз дене-бойду чымыратат. Ошондо башчы шхунаны түштүккө бурду. Биз көп күн бою түштүккө жана чыгышка карап сүзүп отурдук. Бирок бир да жолу жерди көрбөдүк. Акыры, алардын баардыгы жашаган жерге жакындадык...

- Жакындап келатканын алар кантип билишти? - Мындан ары өзүн өзү кармоого алы жетпей калган Опи-Куон кыжырлана сурады. - Жер көрүнгөн жок ко.

Нам-Бок аны жекире карады.

- Башчы асмандан күндү жерге түшүрөт деп айтпадымбы.

Кугах аны тынчтандыргандан кийин, Нам-Бок баянын кайрадан улантты:

- Ошентип, айтып жатпаймбы, тигилердин кыштагына жакындаганда аябагандай катуу бороон башталды. Түнүчүндө биз эч нерсе кыла албадык, кай жерде жүргөнүбүздү да билбедик...

- Сен азыр эле башчы билет дедиң го...

- Жаагыңды бас, Опи-Куон! Сен - келесоосуң, эч нерсе түшүнбөйсүң. Караңгы түнү биз алсыз болчубуз. Күтпөгөн жерден бороон арасынан жээкке урулган толкундун үнү угулду. Ошол замат шхуна жүрөк түшүргөн качыр-кучур болуп, бир нерсеге урунду. Мен сууга түшүп кеттим. Чөгүп кетпөөгө тырышып, сүзүп жөнөдүм. Жээк бүтүндөй аска экен, бир нече чакырымга созулуп жатат. Бир гана жеринде кичинекей кумдуу тилке бар экен. Колдорум менен кум тытып атып, жогору чыктым. Беркилер, балким, аскага чабылып, мерт болушкандыр, анткени, жээктен башчыдан башка эч кимди көргөнүм жок. Башчыны да колундагы шакегинен тааныдым.

Эртеси күн жарыкта туш-тарапты абай салып карадым, шхунадан эч нерсе калбаптыр. Тамак таап жеш үчүн, анан да адамдарга кезигип калармын деген ойдо кургак жердин тереңин көздөй жөнөдүм. Көптө барып, бир үй көрдүм, ага киргизип тамак беришти. Ак адамдар мээримдүү деп айтпадымбы. Мен алардын тилин үйрөндүм. Мен барган үй биз жана биздин ата-бабаларыбыз салган баардык үйлөрдөн да чоң болучу.      

- Ошончолук да зор үй болот экен ээ, тобо, - Кугах буга ишенбесе да, таң калымыш болду.

- Аны курууга канча деген бак-дарак кетти экен десең, - Опи-Куон шылдың аралаш аны коштоп койду.

- Ал эле дейсиңерби, кийин мен андан да чоңун көрбөдүмбү. Биздин үй тигил үйгө караганда кандай кичине болсо, мен турган үй ошол үйгө караганда дал ошондой кичине болучу, - Нам-Бок тоготпогон адамдай ийнин куушуруп койду.

- Анда жашаган адамдар да чоң бекен?

- Жок, сен экөөбүздөй эле кадимкидей адамдар болучу, - деп жооп берди Нам-Бок. - Мен силерге баардыгын айтып беришим керек, бир туугандарым. Басканга ыңгайлуу болсун деген ойдо өзүмө таяк кесип алдым. Ошол үйдө канча адам жашаса, таягыма ошончо чийин салдым. Анда көп күндөр бою турдум, иштедим. Бул үчүн алар мага акча төлөп берди, баса, силер акчанын эмне экенин билбейсиңер да, ал абдан жакшы нерсе.

Ошентип, бир жолу ал жерден кетип, андан ары жөнөдүм. Жолдон көп адамдарды көрдүм, таягыма эми кичинекей чийин түшүрө баштадым, антпесе баардыгы батпай калчудай. Күтпөгөн жерден бир укмуш нерсени көрдүм. Менин бет алдымда алаканымдай болгон темир тилке жатыптыр, анын катарында дагы бири...

- Демек, сен байлыкка марыган адам болуп калган турбайсың, - деди Опи-Куон, - анткени, дүйнөдөгү эң кымбат нерсе темир эмеспи.

- Бирок ал меники эмес да.

- Аны таап албадыңбы, табылган нерсе заң-закүн боюнча тапкан адамдыкы.

- Жок, андай эмес. Ал темир тилкелерди ак адамдар төшөшкөн. Анын үстүнө алар абдан узун, бир да адам көтөрүп кете албайт. Көзүм карыкканча караганым менен, аягын көрө албадым.

- Нам-Бок, сен ашыра айтып аткан жоксуңбу, ошончо көп темир болбойт ко, - Опи-Куон тигинин апыртмасын токтоткусу келгендей сурады.

- Ооба, өз көзүм менен көрүп турсам да, буга ишенүү кыйын болду. Бирок көрүп турдум. Канча турганымды ким билсин... - Ал кыштак башчысы жакка тез бурулду. - Опи-Куон, деңиз жолборсу каарданганда кандай күркүрөөрүн өзүң билесиң го? Деңизде канча толкун болсо, ошончо деңиз жолборсу чогулуп, анан бир жолборско айланганын көз алдыңа келтирип көрчү. Мына ошол жолборстун күркүрөгүндөй болгон коркунучтуу үн уктум.

Балыкчылар таңдана, кыйкырып жиберишти. Опи-Куон, оозун араандай ачкан тейден катты.

- Миңдеген киттер биригип, бир зор желмогузга айлангандай нерсенин алыстан келатканын көрдүм. Анын жалгыз көзү бар эле, укмуштуудай түтүн бүркүп, кулак тундура күркүрөп келатты. Мен коркконумдан буттарым калчылдап, эмне кыларымды билбедим. Ал желмогуз шамал куугандай жакындап келатты. Тура берүүгө болбойт эле. Эки тилкенин ортосу менен чуркап жөнөдүм. Тебелеп кетеринде четке секирип кетүүгө араң үлгүрдүм. Өтө бергенде ысык илеби бетимди өрттөп кете жаздады...

Опи-Куон эсин жыйгансыды, бирок ачылган оозу ошо бойдон калды. Ал:

- Анан? Андан кийин эмне болду, Нам-Бок? - деп сурады.

- Анан ал темир тилкелер менен зуулдап өтүп кетти, мага тийген жок. Эс жыйып, көзүмдү ачканда анын карааны да жок эле. Көрсө, ал жакта бул кадимкидей эле көнүмүш экен. Ал желмогуздан аялдар, ал тургай балдар да корпойт. Адамдар аны иштегенге мажбурлашат.

- Биз иттерибизди иштегенге мажбурлагандай элеби? - деп сурады Кугах. Анын көздөрү ишенбегендей жылтылдай түштү.

- Ооба, биз иттерибизди иштегенге мажбурлагандай.

- А ошо... ошо желмогузду кантип өстүрүшөт экен? - Опи-Куон кызыга сурады.

- Аны өстүрүшпөйт. Адамдар аны темирден кылдаттык менен жасашат. Таш менен тамактандырып, суу менен сугарышат. Таш - отко, суу - бууга айланат. Ушул буу анын дем алышы болот, анын таноосунан бүркүлүп турат жана...

- Жетишет, жетишет, о, Нам-Бок, - деп токтотту аны Опи-Куон. - Бизге башка кызыктар жөнүндө айтып берчи. Биз түшүнбөгөн нерселерди уга берип, чарчап кеттик.

- Силер түшүнбөй атасыңарбы? - деп өкүнгөндөй кыйкырып жиберди Нам-Бок.

- Жок, түшүнбөй атабыз, - көңүлсүз жооп беришти эркектер менен аялдар. - Биз түшүнө албайбыз.       

Нам-Бок бир учурда эле буудай чаап, данын бастырып берүүчү татаал машинаны, тирүү адамдардын сөлөкөтүн көрсөтүүчү, адамдардын үндөрүн угузуучу керемет нерселер жөнүндө ойлоду. Анын уруулаштарынын бири да аларды көргөн эмес, демек, булар тууралуу айтканы менен баары бир түшүнүшмөк эмес. Бул анык эле.

- Ошондой темир желмогузга түшүп алып, өлкөнү кыдырганым жөнүндө айтып берсем угасыңарбы? - деп сурады ал өкүттүү түрдө.

- Айт, айта бер. Каалаганыңды айта бер, биз угабыз.

- Мына ошентип, темир желмогузга чыктым, бул үчүн акча төлөдүм...

- Сен аны таш менен тоюндурат дебедиңби?

- Айткам, келесоо. Анан да сенин түшүнүгүң жетпеген акча жөнүндө айткам. Ошентип, темир желмогуз менен көптөгөн чоң, кичине кыштактарды аралап, бүтүндөй өлкөнү кесип өттүм. Акыры деңиз жээгиндеги бир чоң кыштакка келдик. Ал жердеги үйлөр абдан бийик экен, учурмалары асмандагы жылдызга жетип тургандай. Алардын төбөсүндө булуттар каалгыйт, анан баардык жерде түтүн. Кыштак ичи деңиз толкуп жаткандай күүлдөйт. А көчөдөгү адамдарга сан жетпейт, ошондуктан бооруна чийген таягымды алыс ыргытып жибергем.

- Эгерде сен кичинекейден чийгениңде, алардын канча экенин так айтып бермексиң, - деди Кугах аны жемелеп.

- Эгерде мен кичинекейден чийгенимде, барбы! - Нам-Бок ачуусун тыя албай, кыйкырып жиберди. - Кулак салчы, Кугах, мына сен сөөктү жаныганды гана билесиң! Эгерде мен эң кичинекей сызык салганымда да, колумдагы таяктын жыйырмасы эмес, биздин кыштак менен коңшу кыштактын ортосундагы деңиз толкуну агызып келген баардык дарактар да жетмек эмес. Эгерде силердин, аялдар менен балдардын ар биринин жыйырмадан колу болуп, анан ошо колдордун ар биринде жыйырмадан таяк менен бычак болгон күндө да, мен көргөн баардык адамдардын санын сызып чыгууга мүмкүн эмес болучу. Менин жанымдан сансыз адамдар өтүп жатышты.

- Бүткүл дүйнөдө мынча көп адамдар болушу мүмкүн эмес. - Опи-Куон анын айткандарына каршы чыкты. Ал мынчалык эбегейсиз көп адамды элестете албай, эси кетип турган.

- А сен бүткүл дүйнө жөнүндө эмне билесиң, анын чоң, же кичине экенин кайдан билесиң? - деп сурады Нам-Бок.

- Бирок бир жерде ошончо элдин болушу мүмкүн эмес.

- Эмненин болушу мүмкүн, а эмненин болушу мүмкүн эместигин чече тургандай сен кимсиң?

- Баары бир, бир жерде ушунча элдин болушу мүмкүн эмеси ачык ко. Алардын кайыктары деңиз бетине толуп, бири-бирин жылдырбай калмак. Күн сайын деңиздеги бүткүл балыктарды кармаса да, аларга жетпей калмак.

- Андай болушу да ыктымал, - деп жооп берди баянын аяктап калган Нам-Бок. - Бирок мунун баары чын, өз көзүм менен көрүп, таягымды ыргытып жибердим.

Ал ордунан туруп, колдорун көтөрүп, чоюлуп алды.

- Мен алыстан сүзүп келдим. Күн оор болду, чарчадым. Азыр жатып, эс алайын. Эртең дагы сүйлөшөбүз.

Баск-Ва-Ван батынбагандай, алдыга түшүп, аксаңдай жөнөдү. Кантсе да ал, керемет баласы менен сыймыктанып, ошол эле учурда кандайдыр бир жагымдуу коркунучтун эпкининде баратты. Аны өзүнүн кепесине ээрчитип келип, сасыган майлуу териге жаткырып койду. Эркектер отту тегеректеп, кеңешип отурушту. Эми эле уккан баян боюнча ар кимиси өз пикирлерин айтып, бири менен бири талашып да кетишти.

Арадан дагы бир-эки сааттай убакыт өттү. Нам-Бок уктап жатты. Отту тегеректеген кишилердин сөздөрү дале бүткөн жок. Кеч кирип, күн түндүк жакка кыңайды. Ошо маалда кыштак башчысы менен сөөкчү ордунан туруп, кемпирдин кепесин көздөй басышты. Нам-Бок терең уйкуда эле. Аны ойготушту. Уйку-соо арасында тигилерге бир карап алды да, ары карап жатты. Бирок Опи-Куон ийнинен бери тартты:

- Кана, Нам-Бок, тур, жетишет, - деп буйра сүйлөдү.

- Дагы тамак ичебизби? Жок, мен токмун. Өзүңөр иче бергиле, мен уктай берейин, - деди.

- Сен кетишиң керек! - деп кыйкырды Кугах. Бирок аны Опи-Куон колунан кармай токтотту. Акырын сүйлөй баштады:

- Биз бала кезде экөөбүз бир кайыкта сүзчү элек. Экөөбүз алгач жолу бирге түлөндөргө аңчылык кылып, торго түшкөн балыктарды алганбыз. Мен толкунда калып, аскага урунуп өлөрүмдө сен куткарып калгансың, Нам-Бок. Бирге ачка болгонбуз. Кышкы суукта бирге калчылдап, бир терини жамынып, тоңуп калбайлы деп, кучакташып жатканбыз. Биз дос элек. Эми ушунча жылдан кийин жанын жеген жалганчы болуп кайтып келгениңе абдан өкүнөм. Сенин айткан кебиңдин бирине да түшүнбөйбүз, аныңдан башыбыз айланды. Бул жакшы эмес. Кеңеште көп сөз, ар кандай пикирлер болду. Ошентип, түшүнүксүз нерселер менен биздин акыл-эсибизди тумандатып, акылыбызды айран кылбас үчүн кетишиң керек, биз ушундай чечтик.

- Сен айткан нерселердин баардыгы - элес, көлөкө, - деп кошумчалады Кугах. - Сен аларды көлөкө, элес дүйнөсүнөн алып келдиң, демек, кайра ошо жакка алып кетишиң керек. Сенин кайыгың даяр, адамдар күтүп жатышат. Сен кетмейинче алар тынч уктай алышпайт.

Нам-Бок эмне кыларын билбей, кыштак башчысын алайып карап турду, бирок анын сөзүн бөлгөн жок.

- Эгерде сен чын эле Нам-Бок болсоң, анда ыйманыңды жеген жалганчысың, коркунучтуу жалганчысың. Эгерде Нам-Боктун элеси болсоң, анда сен элес жөнүндө айттың. Тирүү адамдарга аны билүүнүн зарылдыгы жок. Сен айткан чоң кыштак - тирүүлөрдүкү эмес, элестердики деп ойлойбуз. Ал жакта өлгөндөрдүн жаны жүрөт, анткени, тирүүлөргө караганда өлгөндөр арбын. Өлгөндөр кайтып келишпейт. Бир да бирөө кайтып келген эмес, сен гана кайтып келип, кулак укпаган, көз көрбөгөн баянды айттың. Өлгөндөр кайтып келүүгө тийиш эмес. Эгерде биз буга мүмкүнчүлүк берсек, анда чоң кырсык болот.

Нам-Бок өз элин жакшы билүүчү, салт-санаасын жакшы түшүнө турган. Кеңештин чечими өзгөрүлчү эмес. Ошондуктан ал каршылык көрсөтпөй, жээк жакка жөнөдү. Күтүп турган эл аны кайыгына салды да, калагын колуна карматты. Үйүрүнөн адашкан жапайы өрдөк деңиз үстүндө каркылдап жүрдү. Ак жал толкундар акырын шарпылдап, жээктеги кумду чайпап жатты. Ымырттанган күүгүм жер менен деңиз үстүн каптап келатты. Түндүктө батып бараткан күн алоо-кызыл булутка чулганып, акырындык менен өчүүдө. Чардактар жапыз учуп жүрүштү. Деңизди көздөй жээк шамалы сокту, ал катуу, муздак эле. Удургуган кара булуттар аба ырайынын бузула баштаганын билдирди.

- Сен деңизден келдиң, кайра деңизге кетип баратасың. Баардык нерсенин тең салмактуулугу ушинтип калыбына келет. Баардыгы заң-закүн менен жай-жайына түшөт, - деди Опи-Куон дуба окуп жаткан сымал бир дем менен сүйлөп.

Баск-Ва-Ван аксаңдай басып, көбүктөнүп жаткан суу жээгине келди да, каргылданган үнү менен кыйкырды:

- Сен мени унуткан жоксуң, Нам-Бок, батамды берем.

Кайыкты Кугах жээктен алыстата түрттү да, кемпирдин ийниндеги шалы жоолукту жулуп алып, Нам-Бокту карай ыргытты.

- Кыштын узун түнүндө калчылдап үшүп чыгам, ызгаар сөөгүмө чейин какшатат, - деп ыйламсырап, күңкүлдөдү кемпир.

- Бул - элестин буюму, а элес сени жылыта албайт.

Кемпирге үнү угулсун үчүн Нам-Бок ордунан турду.

- О, мени төрөгөн Баск-Ва-Ван, менин энем! Нам-Боктун, өзүңдүн балаңдын сөзүн ук. Кайыкка экөөбүз батабыз. Балаң сени өзү менен кошо алып кетүүнү каалайт. Тигил жакта балык менен май толтура. Үйлөр жылуу, суук кире албайт. Ал жакта жашоо жеңил, темир нерселер адамдарга кызмат кылат. Жүрү мени менен, энеке!

Кемпир саамга ыргылжың болуп турду. Толкун кайыкты улам жээктен алыстатып баратты. Анан ал болгон күчүн жыйып, каргылданган үнү менен кыйкырды:

- Мен карыдым, Нам-Бок, жакында көлөкө дүйнөсүнө кетем. Бирок ичээр суум какшып калмайынча кетким келбейт. Мен карымын, Нам-Бок, мага коркунучтуу.

Жарыктын нуру деңиздин күңүрт бетине төгүлүп, кайык менен андагы адамды алтын түскө чөмүлткөндөй, жаркытып жиберди. Балыкчылар жымжырт болуп, селейип турушту. Бир гана шамалдын жана жапыз учкан чардактардын үнү угулуп атты.         

Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз