Проспер Мериме: Таманго

  • 05.07.2021
  • 3325

НОВЕЛЛА

Капитан Леду мыкты моряк эле. Ал кызматын жөнөкөй матростон баштап, кийин рулевойдун жардамчысы болду. Трафельгар салгылашуусунда[1] мачтанын сыныгы сол билегин жанчып кетип, колун кесип салышты, жакшы мүнөздөмө берип, кемеде кызмат кылуудан четтетип коюшкан. Жай турмушта жашаганды жактыра бербей, деңизде сүзүүгө мүмүңдүк түзүлүп калары менен, капердик[2] кемеге капитандын экинчи жардамчысы болуп ишке орношуп алды.

Душмандардын бир нече кемелерин олжологондон түшкөн акча иш жүзүндө өзү жакшы билген, деңизде сүзүүнүн теориялары боюча китептерди сатып алып, окуганга мүмкүндүк берди. Бир аз жылдан кийин өздүк курамы алтымыш адамдан турган үч замбиреги бар, эки мачталуу кеменин – капердик люгердин капитаны болду, Ла-Манш кызыгы боюнча сүзүп жүргөн Жерси аралындагы моряктар алардын эрдиктерин эмгиче эстешет. Тынчтык келишими аны бушайман кылып койду: согуш учурунда бир аз топтоп алган акчасын англичандардын эсебинен көбөйтүп алам деген үмүтү бар эле. Жагдай ушундай болуп калгандан кийин кемелүү соодагерлерге жалданууга мажбур болуп, аны чечкиндүү, тажрыйбалуу адам катары билишкендиктен, соодагерлер өз кемелерин ага ишенип эле тапшырышты. Негрлерди сатып соода кылганга тыюу салынгандан кийин, ушул иш менен алек болгондорго француз бажыканаларынын көзүн будамайлоо, ал да эч нерсе эмес, англис крейсерлерине карматпай кетүү кыйын болчу, а “кара дарактар”[3] менен соода кылгандар үчүн капитан Леду табылгыс адис эле.

Матростук кызматта чыдап иштеп жүргөн көпчүлүк моряктардай болбой, ал жаңы нерселерди өздөштүрүп, чоңураак кызматка келсе да артка кылчактап тартынчактаган адаты жок эле. Ал эмес кемеге таза суу үчүн атайын темир бактарды орнотууну да ушул капитан Леду сунуштаган. Келечекте кул болуучуларды ташыган кемелерде болчу чынжыр, кишен сыяктуу жабдыктар дайыма жаңы, заманбап үлгүдө, дат басып кетпеши үчүн жакшылап майлануу. Бирок кул сатуучулардын арасында ага атак алып келген, анын жетекчилиги астында курулган, атайын кулдарды ташууга ылайыкталган эки мачталуу кеме - бриг болду: жеңил, аскер кемесине окшоп кууш жана узун, ошол эле убакта негрлерди көбүрөк батырууга болот. Кемени “Үмүт” деп атады. Анын талабы менен палубалардын ортосу үч фут төрт дюмдан ашпай, чакан бойлуу кулдар олтурганга ылайыктуу эле, а туруп турганга... а эмнеге турмак эле?

- Колонияга алып келгенден кийин,- дечү Леду, - алар отурганга зар болушат!

Негирлер кемеге аркаларын бортко такап эки катардан олтургузулчу, башка кул ташуучу кемелерде ортосунда калган бош жай өтмөк катары пайдаланса Леду ал жерге да кулдарды жаткырып, башка ушундай эле кемелерге караганда ондогон негрлерди көбүрөк батырып алчы. Кулдарды дагы шыкап салганга деле болот эле, бирок алты жума же андан да узагыраак созулчу сапар мезгилинде, гумандуулук кылып, дене боюн кыймылдатып турганга, ар бир негрге узуну беш, туурасы эки футтан кем эмес бош жай калтыруу керек.

- Чындыгында, - дечү Леду кеменин кожоюнуна, өзүнүн ушул либиралдык мамлесине актануу иретинде, - негрлер деле актар сыяктуу адам да.

“Үмүт” кийин жорук-жосундарга ишенген адамдар эстегендей, Нанттан жума күнү чыкты. Бригди теңшерген инспекторлор чынжырлар, кишендер, эмне үчүн антип коюшканын ким билсин, “адилет тирөөчтөрү” деп атап коюшкан темир таяктар салынган алты чоң үкөктү байкашкан жок. Кеме документтери боюнча Сенегалга жыгач, пил сөөгүн сатып алганы баратса да, абдан көп алынган таза сууну да этибар алышпады. Анча деле алыс эмес сапарга анча суунун деле кереги жок, бирок, “сактыкта кордук жок” дегендей, деңизде штиль болуп калса, суусуз кандай айла болмокчу?

Ошентип керектүү нерселер менен жакшы жабдылган “Үмүт” порттон жума күнү чыгып кетти. Леду мачталары мындан да бекем болушун эңсейт эле: ошонтсе да ал бул кемени башкарып жүргөндө мачталары тигиндей, же мындай деп өкүнгөн күндөрү болгон эмес. Сүзүү ойдогудай болуп, Африка жээгине тез эле жетишти. Кеме англис крейсерлери бул мезгилде текшербей турган Жоаль булуңуна якорун таштап, ошол замат “Үмүттүн” палубасын жергиликтүү соода агенттери басып калды. Абдан ыңгайлуу учур эле: Таманго адамдар менен соода жүргүзүүчү атактуу жоокер, жээкке бир топ туткундарды айдап келген экен, буларды сатып жиберип, дагы алып келгенге кудиретим да, күчүм да жетет деген ишенимде дөөгүрсүп, аларды арзан эле сатып жатыптыр.

Леду Тамангого жолукканы өзүн жээкке чыгарууну буюрду. Аны эки аялы, бир нече күзөтчүлөр, ортомчулардын арасында негрлер башчысына чөптөн эптеп курап койгон алачыкта отурган Тамонгого алып келишти. Таманго ак капитан менен жолугууга атайын жасанып алгандай. Үстүндө – ийининде бир эмес, бир топчуга тиркелип, бири алдыга, экинчиси артка салаңдаган экиден алтын эполеттери бар, эскилиги жеткен, капралдын ченин билдирген тилкелери сакталып калган көк мундир.

Жылаңач денесине кийген мундири кыскалык кылат экен, гвинея кездемесинен тигилген ыштаны жана ак тасмал менен жээктелген мундирдин ортосунда жазы курга окшоп, кара денеси көрүнөт. Капталында жоон жипке байланган узун кавелеристердин кылычы, колунда англичандардын кош ооз жакшы мылтыгы. Африкалык жоокер мындай жасалгасы менен Париждин же Лондондун жаш сыланкорооздорунан да өтүп кеттим деп ойлосо керек.

Капитан Леду анын алдында ак адамга укумуштуудай көрүнүп атам деп ойлоп, гренадер генералдын алдында тургандай какайган Тамангону бир паска унчукпай карап турду. Аны билген адамдын көзү менен сынай тиктеп, өз жардамчысына бурулуп:

- Азамат экен. Эгерде ушуну аман-эсен Мартиникага жеткирсем, миңден кем эмес экюга сатмакмын, - деди.

Алар отуруп, йолоф тилин анча-мынча билген матрос котормочу болуп жатты. Ушундай жагдайда учурашып, ал-жай сурашкандан кийин, юнга себети менен арак алып келип, ичиле баштады. Капитан Тамангонун көңүлүн алыш үчүн, Напалеондун сүрөтү чегилген кооз, жез куту тартуу кылып, тартуу ыраазылык менен кабыл алынды; бардыгы алачыктан чыгып, алдыларына арак коюп, бактын көлөкөсүнөн орун алышты. Таманго сатууга даярдалган туткундарды алып келүүгө белги берди.

Чаалыккандан, корккондон үч бүктөлүп бүкчүйгөн туткундардын узун катары чубалып өтө баштады; моюндарына эки ача, учтары моюндун артына жыгач менен ашталган алты фут узундуктагы бакан кийгизилген. Жол баштаарда күзөтчүлөрдүн бири туткундар аркандалган бакандын узун сабын ийнине койуп; ал туткун артындагынын баканын кармап, анысы үчүнчүсүнүн, ушунтип улана берет. Токтогондо биринчи бараткан адам бакандын учтуу башын жерге сайып, бардык катар токтоп эс алат. Мойнуңда алты фут узундуктагы жоон ача бакан болсо качканды ойлоп көр.

Алдынан өтүп жаткан аял-эркектерди карап капитан ийнин куушурду, эркектери араң жан, аялдары же абдан картаң, же абдан жаш деп кейип, кара расадагылар мурдагыдай эмес деп өкүнүп койду.

- Майдаланып кетишти, - деди ал. – Мурда аялдардын бою беш фут, алты дюм болор эле, а эркектеринин төртөө фрегаттын башкы якорун көтөргөндө кабестанды жеңил эле тегеретип коюшчу.

Калп эле шылтоо издеген менен күчтүү, көрктүү негрлерди тандап койду. Алар үчүн демейдеги бааны берсе болот, калгандарын баасын түшүрүп сурады. А Таманго, адам аз экенин, алар менен соода кылуу кооптуу экенин айтып, өз кызыкчылыгын коргоп жатты.

Таманго айткан бааны котормочу француз тилинде айтары менен, Леду таң калганынан жана нааразы болгонунан аз жерден чалкасынан кете жаздап; анан карганып-шиленип ушундай кейбир адам менен сүйлөшүүнү токтотмок болгон түр менен ордунан турмак болду. Таманго аны кармап, бир кыйла убарачылык менен кайрадан отургузду. Дагы бир бөтөлкө ачылып, соода кайрадан башталды. Эми Таманго ак капитандын акылга сыйбас, болбогон сунуштарына нааразылыгын билдирип, көпкө чейин кыйкырык, талаш-тартыш менен көп арак ичилди. Арак да аларга ар кандай таасир этти. Француз канчалык көп ичсе ошончолук бааны азайтып, африкалык канчалык ичкен сайын ошол баага макул боло берди. Ошентип себеттеги арак түгөп, арзан кездеме, мылтыктын дарысы, оттук, үч бочке арак жана эптеп-септеп ремонттолгон элүү мылтыкка – жүз элүү кул, күңдөрдү алды. Сооданы бекемдеш үчүн француз такыр эле мас болуп калган негир менен кол алышты, кулдар француз матросторуна берилди. Алар болсо жыгач зоолуларды чечип, – Европа цивилизациясынын талашсыз өйдө экендигин айгинелеп, мойундарына темир каргы, колдоруна кишен салышты.

Дагы отузга жакын туткун - карган чалдар, оорукчан аялдар, жаш балдар калды. Кеме болсо толду. Буларды эмне кыларын билбей, Таманго ар бирин бир бөтөлкө аракка айырбаштоону сунуштады. Жакшы сунуш. Леду Нантта “Сицилия кечтери” спектакелине театр толуп, ошентсе да кыйналып-кысылышып жатып дагы адамдар киргенин, сыгылышса да бардыгы батканын эстеди. Арыктарынан тандап отуз адамдан жыйырмасын алды. Таманго калган он адамдын ар бирин бир сткандан аракка айырбаштоону сунуштады. Леду почто ташыган каретада балдар жарым эле орунду алып, алар үчүн билеттин жарым баасы төлөнөрүн эстеп, дагы үч баланы алды. Таманго акыркы жети кишини сата албай турганын түшүнүп, мылтыгын алып биринчи катардагы аялды мээлеп калды, ал жанагы сатып алынган балдардын энеси болчу.

- Сатып ал, - деди Таманго, - болбосо өлтүрөм! Бир стакан аракка албасаң атып салам.

- Мунуңдун мага кереги жок, - деди Леду.

Таманго атып жиберип, аял жыгылып түштү.

- Кийинкиси! - деп кыйкырып, Таманго мылтыгын карыган абышкага кезеди. – Бир стакан арак, же...

Тамангонун аялдарынын бири анын колун түртүп, ок асманга кетти. Аял ал абышка бир кезде аны ханыша болосуң деген гириот же шаман экенин тааныган эле.

Анын өкүмүнө каяша келтирген бирөө чыкканына кыжырланган, мастыгынан эсин жоготкон Таманго мылтыктын кундагы менен аялды катуу уруп, Ледуга:

- Ал, бул аялды сага белек кылам, -деди.

Аял чырайлуу эле. Леду аялды карап жылмайып, колдон алып:

- Бул аял үчүн орун табылат, - деди.

Котормочу боорукер адам эле. Ал Тамангого картондон жасалган тамеки салгыч берип, калган алтоону сурап алды. Алардын зоолусун чечип коё берди. Алар ошол замат качып жөнөштү, бирок жээктен эки жүз мил алыстыктагы мекенине кантип жетээр экен.

Капитан Таманго менен коштошуп, өз товарын кемеге жүктөөгө киришти. Булуңга көпкө турганга болбойт эле, англистердин крейсерлери келип калышы мүмкүн, Леду эртеси якорун алып, деңизге чыгууну каалады. Таманго болсо көлөкөгө жатып уктап калды.

Эртеси ал ойгонгондо кеме парустарын жайып, дарыя менен ылдый, деңизге карай сүзүп бараткан. Кечээки ичимдиктен башы зыңылдайт. Аялы Айшени чакырды. Кечээ Айше анын жинине тийип, аны ак капитанга тартуу кылып жибергенин айтышты. Таманго муну укканда өзүн чекеге чаап, мылтыгын алып, дарыя деңизге куярдын алдында бир нече бурч-булуңдарды түзүп агаарын эстеп, жакынкы, жарым мил аралыктагы булуңга чуркап жөнөдү. Ал булуңдан кайык таап, дарыянын бурулуштарында жай бараткан кемени кууп жетүүнү ойлоду. Ал жаңылбаптыр, кайык менен кемени кубалап жетти.

Аны көрүп Леду таң калды; тартуу кылган аялын кайра бер дегенине андан бетер таң.

- Тартууну кайра албайт, - Леду Тамангого артын салып бурулуп кетти.

Негр көжөрүп, туткундар үчүн алынган товардын бөлүгүн бергенге да даяр экендигин билдирди. Капитан күлүп, Айше жакшы аял экендигин, аны өзүнө калтырарын айтты. Байкуш Тамангонун көздөрүнөн жаш куюлуп, аны бирөө союп жаткансып улуп-уңшуп кирди. Палубага оонап Айшесин чакырып, өлгүсү келгендей башы менен тактайды койгулады. Капитан камырап да койбой, кет дегендей жээк жакты жаңсады. Таманго көжөрүп, эполеттерин, ал эмес мылтыгын, кылычын берүүгө даяр. Капитан ага болбоду.

Алар талашып жатканда капитандын улук жардамчысы:

- Бүгүн түнү үч кул өлүп калды. Орун бошоду. Ушул азаматты алып албайлыбы? Үчөөнө жалгыз өзү татыйт, - деди.

Леду ойлонуп калды. Тамангону миң экюга сатса болот. Жакшы эле пайда көрүүчү ишиндеги ушул сапары акыркысы болсо керек, эми акча деле топтоп алды, кул сатып оокат кылганды токтотот окшойт, ошондой болгондон кийин Гвинеянын жээктеринде ал жөнүндө эмне сөз айтылып калары – жакшыбы, жаманбы - мага эмне! Анын үстүнө эч ким жок. Африкалык азамат жалгыз. Куралын гана алып коюш керек. Мылтыгы менен кылычы колунда турганда кол салуу кооптуу болор.

Леду Айше үчүн алмашканга мылтык татыктуу бекен дегендей мылтыкты колуна кармап, затворун текшеримиш болуп, дүрмөтүн алып койду. Улук жардамчысы кылычын кармалап жатканда, куралсыз немеге эки карылуу матрос кол салып жыгып алып байлай башташты. Негр каршылык көрсөтүп жатты. Күтүлбөгөн жерден алдырып коюп, эми өзүнө келе түшкөндө, ыңгайсыз абалда болсо да экөө менен күрөшүп жатты. Ченебеген күчүнө салып, бутуна турду. Көк желкеден кармаган немени бир муштап жыгып, мундиринин өнүрүн экинчисинде калтырып, кылычын кармап турган улук жардамчыга умтулду. Жардамчы кылыч менен башка чаап, анча терең эмес жаракат келтирип, негр кулап түштү. Ошол замат анын колу-бутун чырмап байлап ташташты. Коргонуп жатып капаска түшкөн камандай айкырып каршылык көрөтө берди, акыры айла калбай калганын түшүнүп, көзүн жумуп кыймылдабай сулк жатып калды. Дем алып жаткандыгынан эле тирүү экени билинбесе, кыймылдабайт.

- Шайтан алгырдыкы! – деди Леду. – Бизге саткан кулдар ал өзү да кул болуп калганын көргөндө эмне болор экен. Кудайдын адилетине ишенип калышат ко!

Байкуш Тамангонун каны басылбай, кечээ алты туткунду бошоткон бооркер котормочу жаратын таңып жооткотуп жатты. Эмне айтып жатканын ким билсин, бирок негр жатат, кыймылдабай өлүктөй болуп. Айла жок, эки матрос мүшөктөй көтөрүп ылдый, ал үчүн даярдалган жерге алып барышты. Эки күн даам сызбай жатты; көзүн да ачкан жок. Кечээ эле ал сатып ийген туткундар, Тамангонун аларга кошулуп калган маңыроо кабыл алышты. Андан дагы эле коркуп, ушунча азап тарткандарына себепчи болгон эмеден өч алганга даабай турушту.

Кургактан кемеге ылайык жакшы жел согуп, кеме Африканын жээктеринен тез эле узады. Англис крейсерлеринен чочулабай калган капитандын эси дарты эле, эми бара жаткан колониялардан түшүүчү, аны күтүп жаткан жакшы пайдада болуп калды. “Кара дарактар” бузулбай келатат. Жугуштуу оорулар жок. Ысыктан гана абдан начарлап калган он эки негр өлүп калды, болгону ошол. Адамдардан турган жүгү, алыскы сапарда бузулуп кетпесин деп, капитан туткундарды күндө бир маал палубага чыгарып турду. Байкуштарды үч топ кылып чыгарып, аларды бир саат таза аба менен дем алдырып, бунттан сактанып, экипаждын бир бөлүгү жакшы курал менен кайтарып, кишендерин деле толук чечишчү эмес. Кээ бирде скрипкада ойногонду билген матростордун бири аларга концерт тартуулачу. Ошондо ошол кара өңдөрдүн бардыгы музыка чыккан жакка бурулуп, жүздөрүндөгү айласы кеткен, бардыгына кайыл маңыроо сезим жоюлуп, жылмаюу аралап, чынжыр мүмкүндүк берсе колдорун чабыша турган. Дене боюн жазып туруу – ден соолука пайдалуу, адатта деңизде узак сапар учурунда, аттарды бир орунда болсо да, төрт аягын тыбыратып турганга мажбурлайт эмеспи, капитан да туткундар палубага чыкканда бийлегенге мажбурлачу.

- Кана балдарым, бийлегиле, шаттангыла! – дечи эле капитан узун шапалагын тарсылдатып.

Байкуш негрлер сыраңдап секирип, бийлегенге аргасыз болушчу.

Жарааттан улам, Таманго бир кыйла мезгилге тышка чыга алган жок. Акыры бир күнү чыкты: коркуп, бүжүрөп турган башка туткундардай болбой башын бийик көтөрүп, биринчи кезекте муң басып турса да токтоо көздөрү менен кемени курчап турган учу-кыйры жок деңизди карап алды, анан жата кетти, туурасын айтканда, чынжырларын ыңгайлаштырып да албай, палубанын тактайларына оонап калды. Леду ютта, камырабай өз канжасын чегип отурат. Айше, зоолу, кишени жок, көк чыттан жарашыктуу көйнөк, бутунда жакшынакай сафьян туфличен, колуна капитандын биринчи ишараты менен вино куюп бергенге, бөтөлкөлөр салынган табакты кармап турат. Кыязы, ал капитандын жанында сыймыктуу милдет аткарат окшобойбу. Тамангону жек көргөн негрлердин бири ага ошол жакты көрсөттү. Таманго башын буруп, Айшены көрө атып туруп, кемедеги мындай тартип бузууну күтпөгөн кароолчулар эсине келгиче ютту карай чуркап жөнөдү.

- Айше! - деп ыйкырды ал, Айше коркконунан чаңырып жиберди. – Сен актардын өлкөсүндө Мама-Жумбо жок деп ойлойсуңбү?

Матростор таяктарын көтөрүп жете келишти, бирок Таманго колдорун кайчылаштыра төшүнө алып эч нерсе болбогондой токтоо, жаткан ордуна кайтып, Айше ошол сөздрдөн кийин, көзүнөн жашы куюлуп, коркконунан катып калды.

Котормочу аты эле ушунчалык жүрөктү түшүргөн Мама-Жумба деген эмне экендигин чечмелеп жатты.

- Бул негрлердин жан алгычы, - деди ал. Күйөөсү аялынан Франциядагыдай эле Африкада да болуп жүрчү “көзгө чөп салмайдан” шек санап калса Мама-Жумба менен коркутат. Мен ошол Мама-Жумбаны өз көзүм менен көрдүм, анын сыры эмнеде экенин да билдим, бирок бул негрлер... ушунчалык бир ишенчээк калк, жөнөкөй эле нерсеге башы жетпейт. Бир күнү кечкисин аялдар бийлегени чогулду дейли, өздөрүнүн тилинде аны фольгар деп коюшат, анан эле жыш, караңгы бадалдардын ары жагынан бир сырдуу музыка угулат. Ким ойноп атат – билинбейт, музыканттардын баары дарактардын артына жашынып алган. Чоор, жыгач тамбурин-балафо, ашкабактын жарымынан жасалган гитара, алардан ушундай бир музыка чыгат дейсиң, адамдын үрөйүн учурат. Аялдар ошол музыканы угары менен коркконунан калчылдап чар тарапка качып жөнөшөт; алар күнөө кылып коюшканын билишет да, а күйөөлөрү качырбай жолдорун тороп турат. Ошондо токойдон ак жамынган, бою биздин брамстеньгадай, башы казандай, килейген көздөрү шайтандыкындай күйүп турган караан чыгат. Ал акырын жылып токойдон жарым кабельтовдой чыгат. Аялдар аны көрүп, устрица сатып жаткан катындардай: “Мына Мама-Жумбо!” - деп чуу түшүп калышат. Ошондо күйөөлөрү: “Кана шерменделер, мойнуңарга алгыла, кимиңер ала жипти аттадыңар? Ким калп айтса, Мама-Жумбо тирүүлөй жеп койот!”- деп коркутушат. Кээ бир акылы жоктор күнөөсүн мойнуна алып, күйөөлөрү сабап жатып калышат.

- А жанагы ак кийген эмне караан, эмне деген Мама-Жумбо? – деп сурады капитан.

- Ал ак шейшепке оронуп алган шылуундардын эле бири, башын болсо ашкабакты оюп, ичине шам жагып, узунураак баканга илип кармап алган. Болгон амалдары эле ошол; негрлерди алдаш үчүн ашыкча акылдын деле кереги жок. Ошентсе да бул Мама-Жумба дегениң жакшы ойлонуп табылган акыл экен; менин катыным деле ушуга ишенсе жаман болбойт эле.

- А меники болсо, - деди Леду, - Мама-Жумбону билбесе да, Мартин Камчыдан коркот, менин көзүмө чөп салганын билсем аябайт элем. Биздин Ледулардын үй-бүлөсүндө барыбыз ушундайбыз; биз менен тамашалашууга болбойт, менин жалгыз колум болгону менен, камчы менен жакшы эле иштейт. А жанагы Мама-Жумбо жөнүндө келжиреген азаматка айтып койгула, менин сулуумду көп коркутпай, тилин тишине катып жүрсүн, болбосо анын артын кара эмес, чийки росбифтей кызаргыча сабаттырып салам. – Ушул сөздөр менен капитан каютасына түшүп, Айшени чакырып алып сооротконго аракет кылды. Бирок эркелеткен да, ал эмес уруп сокконуң да жардам берген жок, чырайлуу негр кыз көзүнүн жашын он талаа кылып куюлта берди. Капитан палубага ачуусу келип, рулевойго команда берип жаткан вахтадагы башкаруучуга жөндөн жөн эле тийише кетти.

Түнкүсүн экипаждын бардыгы уктап жатканда кароолдогулар бир калыпта чыккан, салтанаттуу, күңгүрөгөн ырды, андан кийин аялдын чаңырыгын угушту. Ошол замат Ледунун сөгүнгөнү, шапалагынын шакылдаганы угулду. Заматта бардыгы тынчып калды. Эртеси Таманго палубага чыкканда бети башы көгөрүп, бирок мурдагыдай эле башын бийик көтөрүп, басынбайт.

Капитандын жанында олтурган Айше аны көрөрү менен ордунан атып туруп, Тамангонун жанына келип чөгөлөп:

- Кечир мени Таманго, кечир!

Таманго аны бир саам теше тиктеп туруп, котормочу байкабай, укпай калгандай:

- Өгөө! – деди да, Айшеге артын салып палубага жатып алды.

Капитан Айшени сөгүп, ал эмес жаакка чаап, мурдагы күйөөсү менен сүйлөшкөнгө тыюу салып койду; ушул кыска кезигишүү мезгилинде шек санаткандай бир аракеттер болуп кеткени анын оюна да кеткен жок.

Туткундар менен кошо байлоодо жаткан Таманго аларды эркиндикке чыгуу үчүн аракет кылууга күн-түн дебей үгүттөй берди. Ал көпчүлүк туткундар түшүнгөн, котормочу билбеген пёлей тилинде, актар анча деле көп эмес экенин, кароолдогулар мурдагыдай болбой кыраакылыгы мокоп калганын; ал аларды кайрадан өз мекенине алып бара турганын айтып, алар билбеген сыйкырдуу сырларды биле турганына мактанып, ким ага жардам бербесе аларга жин-шайтандарын тукуруп коёрун айтып коркута берди.

Тамангонун чечендиги, туткундар анын алдында коркуп турган кулдук сезими акыры жыйынтыгын берди, эми Таманго өз планын аткарганга даяр эмес болсо да, аны бунт чыгаруучу күндү белгиле деп шаштыра башташты. Таманго болсо анын жин шайтандары ал күн жакындап калганын, азыр эртерек болорун, бирок биринчи белги бергенде бардыгы даяр болуп турушун эскерткенин билдирди. Өзү болсо күзөтчүлөрдүн кыраакылыгын улам сынап турду. Бир жолу матростордун бири кемени узатып келаткан канаттуу балыктарга алаксып, мылтыгын бортко жөлөп койду эле, Таманго мылтыкты ала коюп, матростор көнүгүү жасап жатканын туурап, калжаңдап калды. Матростор заматта мылтыкты тартып алышты, бирок Таманго анча шек санаттырбай, мылтыкты алса болорун билди; а убагы келгенде колунан мылтыкты алып көрүшсүн!

Дагы бир жолу Айше ага сухарь ыргытты, сухарда кичинекей өгөө катылган – көтөрүлүштүн натыйжасы ушул кичинекей аспапка байланыштуу эле. Таманго өгөөнү эч кимге көрсөтпөй, түн киргенде өзүнчө эле бир нерселерди сүйлөнүп, колдору менен бир ишаараттарды жасап жатты. Сүйлөнгөнү улам күчөп, кыйкырыкка өттү. Анын улам күчөп сүйлөнгөнүн угуп, көрүнбөгөн бирөө менен талашып-тартышкандай туюлат. Туткундардын бардыгы корккондорунан титиреп, алар Таманго өз жин шайтандары менен сүйлөшүп жатканынан шек санашкан жок. Бир маалда Таманго кубанычтуу кыйкырды:

- Достор! – деди, - мен чакырган арбак айтканымды кылды. Бизди эркиндикке чыгаруучу аспап колго тийди. Эми бир аз чыдасаңар эркиндикке чыгабыз.

Жанындагы туткундарга өгөөнү көрсөтүп, алар аны кармалап көрүп, аны арбак бергенине ишенип калышты. Көп күттүргөн өч алуунун жана эркиндикке чыгуунун күнү да жетти. Козголоңчулар бири бирин колдоого ант берип, кандай аракет кылууну кылдат пландашты. Палубага чыгуу кезеги келгенде Таманго баштаган тандалма топ күзөтчүлөргө кол салат, экинчи топ капитандын каютасын ээлеп, анда сакталган мылтыктарды алышат. Кишендерин таарып бошонгондор чабуулду биринчи баштайт; бирок бир нече түндөр бою талыкпай аракет кылгандарына карабай көпчүлүк туткундар кишенден кутула элек. Ошондуктан үч олбурлуу туткунга кишендин ачкычын алып жүргөн адамды өлтүрүп, калгандарын бошотуу тапшырылды.

Ошол күнү капитандын маанайы ачык эле. Калыптанган өз эрежесине каршы, балак менен сабаганга татыктуу юнганын күнөөсүн кечти, кемени жакшы алып баратасың деп вахтада турган башчыга мактоо айтты, матросторго болсо ыраазылык билдирип, Мартиникиге жеткенде ар бирине сыйлык тартууларын убада кылды. Матростор кубанып сыйлыкка тийген акчаны эмнеге жумшоону ойлоно башташты. Тамангонун тобу палубага чыкканда, алар арак жана Мартиниканын кара тору аялдары тууралуу кыялданып жатышкан.

Туткундар өз кишендерин тышынан байкалбагандай, бирок бир булкканда эле ажырагандай өгөшкөн. Анын үстүнө чынжырларды катуу кагыштырып, аны уккан адам туткун бир эмес эки кишен салып алганбы деп ойлогондой. Бир азга таза аба менен дем алып, кол кармашып бийлей башташты. Таманго өз уруусунун мурдагы кезде урушка кирер алдында ырдалчу жоокерлер ырын баштады. Бир маалда бий токтоп, Таманго алдан тайып калгандай, бортко камырабай жөлөнүп турган матростун жанына суналып жата кетти. Калган туткундар да ошондой кылышты. Ошону менен кароолдогу ар бир матрос бир нече туткундун курчоосунда калды.

Байкатпай чынжырын үзүп алган Таманго козголоң баштоо тууралу белги - ачуу айкырык салып, жанында турган матросту буттан алып палубага көтөрүп урду. Мылтыгын ала коюп вахтада турган башчыны атып калды. Ошол замат калгандары да кароолдогу матросторго кол салып, куралдарын тартып алып, өлтүрүп жатышты. Бардык жактан кыйкырык угулат. Кишендердин ачкыч алып жүргөн боцман биринчилерден болуп өлтүрүлдү. Ошону менен бардык туткундар палубага чыгып, куралы жоктор кайыктын калактары, таяктар менен салгылашышты. Ошол минуталарда европалыктардын тагдыры чечилип калды. Шканцадагы[4] бир нече матрос гана каршылык көрсөтүп, бирок аларга курал жана чечкиндүүлүк жетишпеди. Леду али тирүү, кайратын жогоготпой, козголоңдун башчысы Таманго экенин байкады жана аны жок кылса калгандарынын айласын табуу жеңил деп чечти. Тамангонун атын кыйкырып кылычы менен ага карай жулунду, Таманго да ага жүткүнүп, мылтыкты союл сыяктуу сүмбөсүнөн кармап алган.

Эки башчы бак менен шканцтын ортосундагы кууш өтмөктө, шкафуттардын биринде жолугушушту. Таманго биринчи болуп сокку урду эле, капитан шамдагай буйтап кетти. Палубага тийген мылтыктын кундагы быркырады. Мындайды күтпөгөн Тамангонун колунан мылтыктын сүмбөсү түшүп, ал куралсыз калды. Леду кекээр жылмайып кылыч шилтеди. Бирок Таманго өз мекениндеги пантерадай шамдагай эле; ал душманына секирип, колдон алды. Бири куралын колунан чыгарбоону, экинчиси аны жулуп алууну көздөйт. Кармашта экөө тең кулап түштү, африкалык астыда калды. Ошондо Таманго душманын бекем кучактап кокосуна тишин матырды, кокодон арстан тиштегендей кан кетти. Капитандын колунан кылычы түштү. Таманго кылычты ала коюп, бутуна тура калып, канжалаган оозунан айкырык жаңырып, жарым өлүк душманын кескилеп өлтүрдү.

Толук жеңиш! Бир нече аман калган матростор ырайым сураганына карабай, бардыгын, ал эмес аларга эч жамандык кылбаган котормочуну да өлтүрүштү. Капитандын биринчи жардамчысы өлөрүндө картеч менен дүрмөттөлчү, айланып турууга ылайыкталган замбирек орнотулган кеменин артына чегинип, сол колу менен замбиректи багыттап оң колундагы кылыч менен коргонуп жатты. Абдан жакшы коргонуп жанына көптөгөн козголоңчулар топтолду. Ошондо замбиректин машасын басып, өлгөн, жарадар болгондордун ортосунда жазы өткөөл пайда болду. Минутага жетпей аны тытып кетишти.

Акыркы ак түстөгү адамдын сөөгү борттон ары ыргытылгандан кийин өч алып, күйүтүн баскан негрлер көздөрүн парустарга кадашты. Парустар эч нерсе болбогондой, мурдагыдай эле желге керилип, толук жеңилген актардын кызматын кылып, буларды кулчулукка алып кетип баратат. “Жасаганыбыздын бардыгы текке кетеби? - деп ойлошту алар айласы куруп. – Бул актардын буюму, өздөрүнүн кожоюндарын өлтүрүп койгон бизди мекенибизге алып барууга макул болор бекен?”

Бир топтору Таманго баш ийдирип, аларды буйругуна мажбурлай алат болуш керек деп айтып чыгышты. Ошол замат кыйкырышып Тамангону издей башташты.

Таманго көрүнбөйт. Аны кеменин артындагы каютадан табышты; бир колу менен капитандын кан болгон кылычына таянып, экинчи колун аялы Айшеге сунуп, анысы чөгөлөп колун өөп жатат. Жеңиштин кубанычы анын чочулоосун баса албай, бүт турпатынан айласы кетип турганы байкалат. Башкаларга караганда акылы бар неме, абалдары абдан начар экендигин түшүнүп жатты. Айласы куруп турганын билгизбей, токтоо көрүнүп палубага чыкты. Кеменин багытын өзгөртүүнү суранган жүздөгөн адамдардын күбүр-шыбыры коштоп, өзүнүн сырдуу касиети сыналуучу минутаны создуктуруп жаткандай, шашпай кеменин штурвалына келди. Кемедеги бардык негрлер ал эмес такыр эле кемпайлары да кеменин жүрүшү тегерек дөңгөлөккө, анын жанындагы үкөккө байланыштуу болорун байкашкан; бирок кандай байланышы бары белгисиз терең сыр. Таманго компасты тиктеп, бир нерселерди окуп жаткансып эриндерин кыбыратып, көпкө турду; анан колун чекесине алып, бир нерселерди эсептеп ойлонуп калды. Негрлер тегерегине топтолуп, ооздору ачылып, көздөрү чакчайып анын ар бир кыймылын чочулап тиктешет. Демейде, жасаган ишин билбеген адамда болчу, чочулоо менен ишенгендик аралаш сезим менен штурвалды тегеретип жиберди. Асыл тукум тулпарга аттын сырын билбеген бирөө минип камчы салганда мөнкүгөндөй, мындай жосунсуз аракетке нааразы болуп, ушу иштин жөнүн билбеген шоркелдей менен кошо чөгүп кетчидей “Үмүт” толкундардын үстүнө секирди. Парустар менен рулдун төп келишкен багыты бузулуп, кеме капталына жатып мына-мына оодарылып кетчидей. Узун реялары сууга тийип, бир топ негрлер жыгылып түшүп, бир тобу борттон ылдый учту. Кеме өлүм менен өмүрдүн ортосунда жан талашып, күрөшүп жаткандай кайрадан толкундардын үстүндө түзөлө түштү. Шамал күчөп, эки мачта тең түбүнөн бир нече фут өйдөрөк сынып, палубаны сыныктары, чырмалышкан аркандар оор тор сыяктуу каптап калды.

Коркконунан чыры-чуу түшүп, жүрөгү түшкөн негрлер люктарга чуркап, шамалга каршы парустар болбогондон кийин бриг түздөлүп, толкундарга жай чайкалат. Негрлердин кайраттуулары кайрадан палубага чыгып, анын үстүн тазалап киришти. Таманго кыймылсыз, компас турган үкөккө чыканактап жөлөнүп, алакандары менен бетин басып турат. Айше сөз айтканга батынбай, жанында. Акырындык менен негрлер жакындап келишти; күңкүлдөгөн күбүң-шыбыңдан башталып, эми күнөөлөп, сөгө башташты.

- Алдамчы! Чыккынчы! - деп кыйкырышты. - Башыбызга түшкөн балээнин бардыгына сен күнөөлүү! Өз акылмандыгың менен мактанып, бизди мекенибизге алпарам дегенсиң. Биз, келесоолор сага ишенип, актардын буюмун капа кылып алдык, мына эми өлгөнү калдык.

Таманго силкинип башын көтөргөндө, курчап тургандар коркуп кетенчиктей беришти. Эки мылтыкты тең алып, аялына артынан жүргөнгө ишарат кылып, жол бошотуп жарыла бергендерди аралай кеменин тумшугуна жөнөдү. Ал жерде бош бочкелерден, тактайлардан тосмо жасап, артына отуруп, эки мылтыктын штыктары негрлерге каршы кезелип турат. Аны жайына коюшту. Козголоңчулардын кээси ыйлап, кайсы бири колдорун асманга көтөрүп өздөрүнүн, актардын “колдоочуларына” жалынып жатышты; дагы бирөөлөр компас турган үкөктүн жанына чөгөлөп, чарк айлана тегеренген жебелерин тиктеп, аларды мекенине алпаруусун өтүндү; кээлери палубада сенек болгондой катып жатат. Үмүттөрүн үзгөн ушул адамдардын арасында аялдар, балдар, жардам сурап муңкүрөп, бирок эч ким жардам берүүнү ойлобогон жарадарлар да барын элестете бер.

Палубага сүйүнгөндөн кыйкырып бир негр чыга келди. Ал актар арак сактаган жайды таап алыптыр; анын сүйүнгөн кебете-кешпиринен ичип алганы байкалат. Муну уккан элдин ый-муңу заматта тынчыды. Камбузга чуркап кирип иче башташты. Бир сааттан кийин палубада секирип, ырдап, бийлеп, мас адамдын айбандык жоруктарын көрсөтүп жүрүштү. Алардын ыр-бийлери жарадарлардын онтогогону, жардам сурап ыйлагандары менен коштолду. Күндүн калганы, бүт түн ушинтип өттү.

Эртең менен кайрадан эле аргасыздык. Түндө бир топ жарадарлар өлүп калышты. Кеменин тегерегинде өлгөндөрдүн сөөгү. Деңизде толкун көтөрүлүп, асманды булут басты. Кеңеш курушту. Тамангонун көзүнчө өздөрүнүн өнөрү тууралуу үн чыгара албаган, бакшылык өнөрдү үйрөнө баштаган бир нече үйрөнчүк бакшылар биринен бири озунуп, сунуш киргизишти. Бир нече күчтүү сыйынуу да жасап жиберишти. Ар бир ийгиликсиз аракеттен кийин, ого бетер айлалары куруду. Акыры, тосмо куруп, анда бери чыкпаган Тамангону эстешти. Кандай болгондо да ал алардын арасынан акылдуураак эле; анын күнөөсү менен ушундай күнгө туш болгон азаптан, ошол гана куткара алмак. Сүйлөшүү жүргүзүүгө тандалган бир абышка ага жакындап келип, Тосмодон чыгып кеңеш берүүсүн суранды. Бирок Таманго Кариолан[5] сыяктуу анын айткандарына, жалынганына ынабады. Түндө бардыгы башаламан жүргөндө ал сухар, солонина камдап алган. Кыязы өз тосмосунун ары жагында жалгыз жашай берейин десе керек.

Арак түгөнө элек. Аны ичип алсаң, жок дегенде деңизди да, кулчулукту да, жакында өлө турганыңды да унутасың. Түшүңө Африка, каучук дарактуу токойлор, саман жабылган кепелер, өз көлөкөсү менен кыштакты бүт каптаган баобабдар кирет. Кайрадан аракка кирип, бир нече күн өттү. Ыйлап, кыйкырып, өз чачтарын өздөрү жулуп, андан кийин арак ичип уктап калуу – булардын жашоосунда бөлөк эч нерсе калбады. Бир тобу арактан өлүп, дагы бир тобу деңизге секирип же өзүн өзү өлтүрүп тынды.

Бир күнү Таманго өз чебинен чыгып, грот-мачтанын сыныгынын жанында турду.

- Кулдар! – деди ал. - Түшүмдө колдоочум келип, силерди ушул абалдан куткарып, мекенге жеткирүүнүн жолун айтып берди. Өзүңөрдүн кемпайлыгыңар менен силерди ушул жерге таштап кеткенге мени мажбур кылып жатасыңар, бирок ыйлаган аялдар менен балдарды аяп жатам. Мен силерди кечирдим. Мени уккула.

Бардыгы баштарын ийип, аны тегеректеп калышты.

- Актар гана, - деп сөзүн улады Таманго, - ушул жыгач үйлөрдү баш ийдирген сыйкырдуу сөздөрдү билишет, бирок биз өз мекенибиздеги кайыктарга окшогон кичине кайыктарды башкара алабыз. - Ушуну айтып бригдеги шлюпканы, башка кайыктарды көрсөттү. - Азык-түлүктөрдү алып, желге багыттап сүзүп жөнөйбүз; менин жана силердин колдоочуңар желди биздин мекенге карай урганга жардам берет.

Ага ишеништи. Мындай акылсыз план болорбу. Компас колдонгонду билбесең, асмандагы жылдыздар менен тааныш болбосоң, океанда буюккандан башка эмне тапмаксың. Тамангонун оюнча бет алдыга карай сүзө берсең, акыры негрлер жашаган бир жерге туш болосуң, анткени жерде жалаң каралар жашайт, а актардын турагы сууда сүзүп жүрүүчү жыгач үйлөр. Муну анын энеси айтып берген.

Кайык менен кетүүгө даяр болуп калышты. Бирок жарактуулары бир шлюпка жана кичирээк бир кайык гана экен. Тирүү калган сексен негрдин барына орун жетпейт. Оору, жарадарлардын бардыгын таштап кетүүгө туура келди. Алардын көпчүлүгү жөн эле таштап кетпей өлтүрүп кеткиле деп суранышты. Оор жүктөлгөн эки кайык кемеден ажырап, түйшүк тартып жатып аларды жутуп коюуга даяр албуут деңизге түшүрүлдү. Биринчи кичине кайык сүзүп жөнөдү. Таманго менен Айше шлюпкада эле. Шлюпка кайыкка караганда оордук кылып, андан да оор жүктөлгөндүктөн артта калды. Бригде калган кешиги жоктордун мунканган үнү даана угулуп, күтүсүздөн бийик толкун шлюпканы жаба берип, шлюпка заматта чөгүп кетти. Кичине кайыктагылар бул алааматты көрүштү, бирок жардам бергендин ордуна, чөгүп жаткандар кайыкка жармашпасын деп, калактарын тездете шилтешти. Шлюпкадагылардын көбү чөгүп кетти. Он адам гана бригге кайтты. Алардын ичинде Таманго менен Айше да бар. Күн батканда кайыктагылар көрүнбөгөндөн; алардын тагдыры эмне менен бүткөнүн эч ким билбеди.

Окуучуларды ачкачылыктын азабын тарткан байкуштардын абалын айтып-атпай эмне? Ушу бирде албуут толкун чайкаган, бирде күн куйкалаган кичинекей аянтта, күн сайын бири биринен жарыбаган азык-түлүк калдыгын талашкан, жыйырмага жакын адамдын сөлөкөтү калды. Ар бир сухардын бөлүкчөсү аянбаган күрөш аркылуу алынат, алсыз аны күчтүүсү өлтүргөндөн эмес, өлүмгө аргасыз кылгандан өлөт. Бир нече күндөн кийин “Үмүт” бригинин бортунда Таманго менен Айше гана калды.

Бир түнү катуу шамалдан толкун көтөрүлдү, көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптады, кеменин артынан алды көрүнбөйт. Айше капитандын каютасында тюфякта жатат. Таманго анын бут алдында олтурат. Экөө тең көптөн бери унчугушпайт.

- Таманго! – деди Айше. – Ушул азаптын бардыгына менин айымдан туш болдуң го...

- Андай эмес, - Таманго чорт сүйлөп, анын төшөгүнө акыркы сухардын жарымын койду.

- Аны өзүңө ската, - деди Айше сухарды түртүп, - эч нерсе жегим келбейт. Жегенде эмне? Жашоом бүттүбү?

Таманго жооп берген жок; алы жок, акырын чайкалып үстүнкү палубага чыгып сынган мачтанын түбүнө отурду да башын жерге салып, өз уруусунун ырын ышкыра баштады. Шамаал менен деңиздин улуган добушу арасынан бир кыйкырык угулуп, жарык көрүндү. Андан кийин кыйкырыктар кайра угулуп, бригдин жанынан чоң кеменин карарган сөлөкөтү жап-жакын жерден, кеменин реялары Тамангонун төбөсүн сылагандай болуп, зуу коюп өтүп кетти. Таманго мачтада, фонар жарыгы чагылдырган эки адамды көргөнгө гана үлгүрдү. Ошолор дагы бир жолу бирдеме деп кыйкырышты, алардын кемесин шамал кубалап, караңгылыкка сиңип кетти. Ал кеменин вахтадагы матростору жапа чеккен кемени байкагандарынан шек жок, бирок толкуган деңиз, бороон багытын өзгөртүп, жардам бергенге мүмкүндүк бербеди. Бир аздан кийин от жарк этип, замбирек үнү угулду. Андан кийин Таманго башка замбиректин жарк эте түшкөнүн көрдү, бирок үнү угулган жок; андан кийин эч нерсе көрүнбөдү. Эртеси деңиз үстүндө бир да парус көрүнгөн жок. Таманго тюфякка жатып көз жумду. Ошол түнү аялы Айше да каза болду.

Бир аз мезгилден кийин англис фрегаты “Белона” мачталары жок бир кемени жолуктурду, кыязы экипажы таштап кеткен көрүнөт. Шлюпка түшүрүп кемеге келишип, андан негр аялдын өлүгүн, арыктап, мумуяга окшоп катып калган негрди көрүштү. Ал эс-учу жок, бирок тирүү окшойт. Кеменин дарыгери карап, жардам берип, “Белона” Кингстонго келгенде ал кадимкидей жакшы болуп калган. Негрди суракка алышып, ал билгенин айтып берди. Аралдын плантаторлору аны козголоңчү-негр катары асып салууну талап кылып, бирок губернатор – гумандуу адам, анын башынан өткөндөрүнө таң калып, ал өзүн коргоо үчүн ушундайга барган, коргонгонго укуктуу болгон; анын үстүнө ал өлтүргөндөр болгону француздар турбайбы, ошондуктан актап койсо болот деп чечти. Ошону менен кармалып калган кул ташуучу кемелердеги негрлердей эле ага эркиндик беришти, мындайча айтканда өкмөт үчүн иштегенге мажбурлап, бирок ага тамак берип жана күнүмдүк эмгегине алты су төлөп беришчү.

Ал бойлуу, сулуу адам эле. 75-полктун командири аны көрүп, полктун оркестрине литаврщик кылып алды. Ал анча-мынча англисче сүйлөгөнгө үйрөндү, бирок сүйлөшкөндү жаман көрчү. Ромду жана канттан тарткан аракты ашыра ичип жүрдү. Кийин өпкөсүнө суук тийип, ооруканада өлдү.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ

[1] 1805-жылдагы англичандар менен француз жана испандыктардын деңиздеги салгылашуусу.

[2] Согушуп жаткан өлкөнүн кемелерине карата каракчылык кылууга мамлекет тарабынан уруксат берилген жеке менчик кеме.

[3] Негрлерди сатып оокат кылгандар өз соодасын ушундай аташкан.

[4] Кеменин арткы бөлүгүндөгү палубадагы аянт.

[5] Шекспирдин чыгармасындагы каарман.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз