Фейнмандын ыкмасы: бардык маселени тез өздөштүрүүгө жол ачкан кадамдар

  • 02.08.2021
  • 3045

Физика илимдери боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, белгилүү окумуштуу Ричард Фейнман окутууда кайсы сабак болбосун аны тез өздөштүрүп алуунун алгоритмин  иштеп чыккан. Ал “бир нерсени билүү” менен “бир нерсенин аталышын” билүүнүн айырмасын түшүнгөн, мына ушул нерсе анын жараткан ийгиликтеринин сыры.

Фейнман бир нерселерди башкалардан жакшы түшүнүүгө көмөк болчу формула таап алган. Ал формула “Фейнмандын ыкмасы” деп аталат, бул ыкма кайсы гана сабак болбосун аны тез жана терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Сиздин билгиңиз келип жаткан тема, сабак же түшүнүк эч маани ойнобойт. Фейнмандын ыкмасы бардык жерде иштейт. Каалаган нерсеңе пайдаланууга, ал жарактуу. Эң жакшысы, аны аткаруу жеңил. Аябай жеңил.

Бул окутуунун эң мыкты ыкмасы гана эмес, а башкача ойлонууга ачылган жаңы жол.

Фейнмандын ыкмасы төрт кадамдан турат

1. Биринчи кадам: бул нерсеге балдарыңды үйрөт.

Таза барак алып, эмнени үйрөнгөнү жатканыңды кагазга түшүр. Эгерде бул маселе боюнча балаңды үйрөткүң келсе, эмнени айтмаксың, ошону жаз. Акылы өсүп жетилген досуңга эмес, мисалы сегизге чыгып, көп сөздөрдү билип, айткандарыңды кунт коюп, базалык түшүнүктөр менен мамилелерди  угуп түшүнө билүүгө жөндөмү жеткен балаңды элестетип жаз.

Көпчүлүк адамдар өздөрү жакшы түшүнбөгөн нерселерин татаал, адистер гана колдонгон жаргон сөздөр менен түшүндүрүүгө жакын болушат. Көйгөй – биз өзүбүздү алдоого машпыз, анткени, эмнени түшүнбөсүбүздү өзүбүз да жакшы билбейбиз. Татаал жаргон сөздөр биздин түшүнбөстүгүбүздү жашырып-жаап турат. Идеяны башынан аягына чейин жаш балдар түшүнө тургандай жөнөкөй сөздөр менен майдалап жаза баштаганда анын маанисин өзүң да терең түшүнө баштайсың. Жакшылап аракет кылсаң, көйгөйдүн тамыры кайда жатканын билесиң. Бул жакшы нерсе, ал сизге окуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

2. Экинчи кадам. Кайталагыла

Биринчи кадамда сөзсүз билимиңде көйгөлөр барын билесиң: кээ бир маанилүү нерселерди унутуп каласың же ар кандай түшүнүктөрдү бири-бири менен байланыштыра албай кыйналасың. Бул аябай маанилүү, анткени, өз билимиңдин деңгээлин байкайсың. Компетенттүүлүк – бул өз жөндөмүңдүн чегин билүү, сен жаңы эле ошол чектердин бирин ачтың! Бул окуп-үйрөнүүнү баштай турган чекит. Сен эми кайсыл жерди бекемдеш керектигин билесиң, алгачкы материалга кайрылып, аны жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрө алгыдай абалга жеткиче кайрадан карап, изилдеп чыгасың.

Өз билим деңгээлиңди билип алуу менен сен жаңылыштыктарга кетчү жолдорду бууп, билимиңди ийгилик жолун ачууга багыттоого мүмкүнчүлүктөр кеңийт.

3. Үчүнчү кадам уюштура билгиле жана жөнөкөйлөткүлө

Мына, эми сенде бир нече кол жазмалар бар. Аларды кайрадан карап көрүп, баштапкы материалдагы терминдер, жаргон сөздөр кирип кеткен жокпу – текшерип чык. Эми андан жөнөкөй аңгеме жаз. Үнүңдү чыгарып окуп көр. Эгерде аңгемең жөнөкөй эмес сөздөр менен жазылып же бир башкача угулса, бул сенин билимиңди дагы өркүндөтүү керектигинин белгиси.

4: Төртүнчү кадам бөлүшкүлө

Эгерде маселени туура түшүнгөнүңгө ишенимдүү болгуң келсе, анда бирөө менен бөлүш (эң жакшысы ал маселени таптакыр түшүнбөгөн адам болсун. Же 8 жаштардагы тестиер бала тап!). Маселени мыкты өздөштүргөнүңдү аныктоочу эң мыкты тест – бул өзүң түшүнгөн нерсени башка бирөөгө жеткиликтүү түшүндүрүп берүү.

Булак : ideanomics.ru

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз