Кара канат, ак каптал сагызган учуп келаткан, жөн учпай адатынча баарын сыдыргыга салгандай карап бараткан. Караса куйругун кыпчыган, башын жерге салган, кулагы шалпайган карышкыр калың токойдон чыгып, кайдадыр жөнөп калыптыр. Анын маанайсыз кебетеси ойлондурган сагызган шакка отура калып шакылыктап сурап турганы:
- Карышкыр курдаш, кайда жөнөп калдың?
- Ох, сен сураба, мен айтпайын! Ишим чатак, жашоом тозок. Эч ким мени сүйбөйт. “Жебесе, жесе да бөрүнүн оозу кандуу” дегендей, токойдо болгон жамандыктардын баарын менден көрүшөт. Ал эми бүгүн эртең менен болсо мергенчилер курч аттарды минип, күлүк тайгандарды айдактап артымдан түшүштү. Араң качып кутулдум. Ошон үчүн бул токойдон кетип баратам.
- Мейли, өзүң бил. Канатым менин учкаяк, бир күнү жаңы конушуңа өрүлүктөп барармын. Андан көрө айтчы, жаңы конушуңа эмнең менен баратасың?
- Эмнем менен болмок эле?! – таң кала түштү бөрү. – Учкаяк төрт бутум, угаанак кулактарым, көрөөнөк көздөрүм менен, кыскасы өзүмдөгү бардык жакшы жактары менен баратам...
- А сен курч тиштериң менен жырткыч мүнөзүңдү мында калтырдыңбы?
- Сагызганым, шакылдаган акмагым! – деп муну укканда жанагы мүңкүрөгөн абалынан чыгып, ыркырап жиберди бөрү. – Карышкыр кантип курч тишсиз, жырткыч мүнөзсүз, жашай алат? Жаш эт жеп турбасам, жырткычтык кылбасам коён болуп калбаймынбы!
- Эх, каке! Бул жактан эмнеге качып баратканыңды билбептирсиң да. Мындай пейилиң менен жаңы барган жериңден деле куугунтук жейсиң. Ошондо күлүк буттарың дагы бир жолу куткара алаар бекен? - деп сагызган карышкырдын жаман кыялын калтырарынан түңүлүп кайра артына сабалады.
Карышкыр го карышкыр дечи, бирок бизде кээ бир кишилер жаш этсиз тура албаган бөрү сымалданып коом мүлкүн жемейинче жашай албайт...
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ