Лев Толстой: Емельян малай жана добулбас

  • 19.08.2021
  • 3299

Жомок

Емельян бир кожоюндукунда  малай  жүрчү. Ал талааны аралай жумушка баратып, алдынан ыргып өткөн баканы көрө калды. Аз жерден басып ала жаздаган малай баканы аттап өттү. Күтүүсүздөн кимдир-бирөө анын артынан үн салгандай болду. Малай кылчайып караса, артында сулуу кыз турат да, ага берегидей кеп айтат:

- Емельян, сен эмне үйлөнбөй жүрөсүң?

- Мен кантип аял алмак элем, сүйкүмдүү кыз?  Менин болгонум ушул, эчтемкем жок. Эч кимдин мага тийгиси, турмушка чыккысы келбейт.

Кыз Емельянды сүйүп калды. Ошондуктан:

- Мага үйлөн, Емелья, - деп жылмайды.

- Мени аябай сүйүнттүң, - деген малай кайра кызга суроо таштады:

- Экөөбүз баш кошсок,  биз кайда жашайбыз?

- Ойлонуунун жөнү бар, - деди анын соболун макул тапкан кыз. – Ашкере иштеп, куш уйкудай аз уктасак эле кайсы жерде жашабайлы, кийимибиз бүтүн, курсагыбыз ток жүрөт.

- Анда, макул, – дейт Емельян. – Үйлөнөлү. Эми кайда барабыз?

- Шаарга жөнөйбүз.

Емельян кыз менен калаага жетти. Кыз аны эң четки чакан үйгө баштап барды. Ошентип, алар эрди-катын болуп, жашап калышты.

Күндөрдүн биринде падыша шаар сырты менен өтүп бараткан. Ал Емельяндын короосуна жакындай бергенде анын аялы падышаны көргөнү сыртка чыкты. Келинди көрөрү менен падышанын ага сугу артып, таң калды: “Мындай чүрөк кайдан жаралды экен?” Падыша арабасын токтотту да, Емельяндын зайыбын жанына чакырып, сураганга өттү:

- Сен кимсиң?

- Емельян мужуктун аялымын.

- Ушундай сулуу боло туруп, эмнеге  малайга тийдиң? Сен канайым болушуң керек.

- Эркелете айткан сөзүңүзгө ыраазымын. Мага, малай күйөө деле жетет.

Падыша келин менен ушинтип сүйлөштү да, андан ары жөнөдү. Кан сарайына кайтып баргандан кийин да, бирок Емельяндын аялы оюнан чыкпай койду. Мужуктун зайыбын андан кантип тартып алуунун амалын ойлой берип, түнү менен уйкусу качты. Жол-жобосун кыялында издеп, таба албады. Өзүнүн кызматчыларын чакырып, айла-амал табууну буйруду. Ошондо кызматчыларынын падышага үйрөткөн акылы бул болду:

- Сиз Емельянды кан сарайыңызга ишке алыңыз. Биз ага оор жумуш берип, өлгүчө иштетип, кыйнайбыз. Ал өлсө, аялы жесир калат, ошондо зайыптыкка алууга болот.

Падыша өкүлдөрүн жиберип, Емельянды жубайы менен бирге кан сарайда жашоосун, анын өзүнө кан сарайда күзөтчү болуп иштөөнү табыштатты. Падышанын бул сөзүн өкүлдөрү Емельянга жеткиришти. Аялы буйрукту макул таап, ага мындай деди:

- Эмне экен, анда бара гой. Күндүзү ал жакта иште да, түндөсү үйгө келип, жанымда бол.

Емельян жолго чыгып, кан сарайга жеткенде падышанын иш башкаруучусу андан сурады:

- Сен эмне, аялыңсыз, өзүң жалгыз келдиң?

- Аны жетелеп, эмне кылат элем? Аялымдын өз үйү бар.

Падышанын короосунда Емельянга эки адамга ылайыктуу иш беришти. Емельян жең түрүнө жумушка киришти да, аяктагыча аный дебеди. Караса, тапшырманы кеч кире электе бүтүрө салыптыр. Иш башкаруучу малайдын ишти аяктаганын көрөт да, эртеси күнү ага төрт кишилик иш дайындайт.

Емельян үйүнө кайтты. Үйүндө болсо баары жай-жайында: шыпырылган, иреттелген, мешке от жагылган, тасмалы жайнап, оокат-ашы кайнап, бышык наны даяр. Аялы уз экен, чеберчилик кылып, тигип атат, күйөөсүн күтүп олтурат. Эркегин күтүп алып, кечки тамагын берип тойгузду, суусунун кандырды. Иш-жөнүн сурады.

- Эмнесин айтасың, жаман. Алыңа жараша иш беришпейт. Алар мени кара жумуш менен жүдөтүп, тажатат  сыягы.

- А сен, иш тууралуу ойлонбо. “Жумуштун көбүн бүтүрдүмбү же дагы көбү артып калдыбы?”- деп баш оорутуп,  артка да кылчактаба, алдыңды да караба. Бир гана иштей бил. Бардыгы өз саатында бүтөт.

Емельян эс алганы жатты. Эртең менен ишке бет алды. Жумушка киришип, бир да ирет эки жакка элеңдеген жок. Караса, кечке жуук иштин баары бүтүптүр. Күн жарыкта  түнөгөнү үйүнө жол тартты.

Емельянга иштин ордуна кошумча жүктү үйө беришти. Ага болбой, ал тапшырманы өз мөөнөтүндө аткарып, түндөсү үйүнөн калбады. Арадан апта өттү. Кара жумуш менен мужукту алсырата албаганын көргөн падышанын нөкөрлөрү эми ага куулук менен опурталдуу иштерди жүктөп жатышты. Ошентсе да аны мүңкүрөтө алышпады. Жыгач иши болобу, кыш кынатабы, же үйдүн үстүн жаптырабы, айтору кандай иш тапшырбасын, Емельян анын баарын өз убагында аткарат да, кечинде аялы менен түнөгөнү үйүнө кетет. Экинчи апта да өттү. Падыша өз кызматчыларын чакырып мындай дейт:

- Мен силерди бекер багып жатамынбы? Эки жума аяктады, ишиңердин жыйынтыгын көрбөдүм. Кыйын жумуш менен Емельянды тажатабыз дедиңер. А мен анын ар күнү ырдап, үйүнө баратканын терезеден көрүп жүрөм. Же силер мени мыскылдап, күлүп атасыңарбы?

Падышанын нөкөрлөрү актанып киришти.

- Биз, - дешти алар, - адегенде  бардык күчүбүз менен аны кара жумуш аркылуу мүңкүрөтүүгө тырыштык. Эч нерсе менен аны тизелете албадык: бүткүл ишти шыпыргыдай мизилдетип бүтүрөт. Алсырата албай, чарчадык. Биз ага куулук менен оор жумуштарды тапшырып, анын акылы жетпейт ко деп ойлодук. Мында да кыйнай албадык. Кайдан күч, акыл табат? Бардыгына жетишип, мүлдө  жумушту так бүтүрөт. Же анын өзүндө, болбосо, аялында сыйкыр бар. Ал биздин шайыбызды оодуруп, амал-айлабызды түгөттү. Эми биз ага анын колунан келбей турган жумушту  тапшырабыз. Ага бир күндө чиркөө куруп бүтүрүү  буйругун берүүңүздү  ойлоп таптык. Сиз Емельянды чакыртыңыз да, кан сарайдын маңдайына кеч киргиче чиркөө курууну буйруңуз. А эгер аны кура албаса, мына ошондо тапшырманын үдөөсүнөн чыкпаганы  үчүн анын башын кесип салса болот.

Падыша Емельянга киши жөнөттү.

- Менин сага деген буйругум мына бул: мага  кан сарайдын аянтынын маңдайына жаңы чиркөө куруп бер. Ал эртең,  күн баткыча даяр болсун!- дейт падыша. -  Кураарың менен мен сага сыйлык берем, кура албасаң – дарга асам.

Емельян падышанын сөзүн укту да, артына бурулуп, үйүнө жөнөдү. “Эми күнүм бүткөн экен” - деп ойлонду. Турагына жетип, аялына кеп салды:

- Кел эми, жаным, туш келген жакка качалы. Антпесек, жөндөн жөн эле жок болчудайбыз.

- Качып кеткидей эмнеден чочудуң?- деди жубайы.

- А эмнеге коркпош керек? Падыша мага эртең бир күндө чиркөө курууну тапшырды. А эгер тапшырма аткарылбаса, башымды кесип алмак болуп, ачууланып атат. Азыр убакыт барында, бир гана жол – качуу калды.

Аялы мындай кепти уккусу жок.

- Падышанын жоокери көп. Кайсы жерден болсо да кармап алышат. Андан качып кутулбайсың. Күчүң барында сөзүн угуп, тилин алуу керек.

- Алың ага тең келбей жатканда, киши кантип кеп угат?

- Атаң гөрү-ү... Чымырканбай, кечки тамакты ич да, жат: таң заарда эрте тур, бардыгына үлгүрөсүң.

Емельян уктаганы жатты. Таң атканда аялы ойготот:

- Тур, жөнө, - дейт. – Чиркөөнүн калган жумушун тез бүтүр. Мына сага мык менен балка. Ал жерде сага, бир күндүк иш калды.

Емельян шаарга бет алды. Келсе, аялы айткандай дал аянттын чок ортосунда жаңы чиркөө курулуп турат. Бүтө элек бир аз иши калыптыр. Емельян чала жумушту аягына чыгарып, күн батканча баарын оңдоду.

Падыша ойгонуп, сарайынан сыртты карады да, жаңы чиркөөгө көз бакты: Емельян ары-бери басып жүрөт да, кайсы бир жерине мык каккылап коёт. Падыша чиркөөгө кубанган жок, Емельянды дарга асууга шылтоо таба албай, аялын тартып алалбаганына бушайман тартып,  чийки май таткандай болду.

Падыша кайрадан нөкөрлөрүн чакыртты:

- Емельян бул тапшырманы да орундатты, аны дарга асууга себеп жок. Бул тапшырма ага аз өңдүү, - деди. – Кытмырлык менен бир айла ойлоп табуу керек. Башыңарды иштетип, ойлонгула. Антпесеңер, мен силерди андан мурда дарга асам.

Нөкөрлөр падышага Емельян кан сарайды айланып агып өтүүчү, анда кемелер сүзүп жүрөр дарыя жасатуу акылын үйрөтүштү. Емельян келгенде, падыша ага ушул ишти буюрду.

- Эгер сенин чиркөөнү бир түндө курганың чын болсо, бул иш да колуңдан келет. Эртең баары мен айткандай даяр болсун! Эгер айтканым аткарылбаса, башыңды кесем, – деди ал.

Емельян мурдагыдан бетер кайгырды, жубайынын жанына көңүлсүз келди.

- Маанайың неге чөктү? Же падыша дагы бир жаңы иш буйрудубу? - деп сурады зайыбы.

Емельян болгон окуяны ага толугу менен айтып берди.

- Качуу керек.

Аялы буга көнгөн жок:

- Аскерлерден качып кутула албайсың, кайдан болсо да кармап алышат. Андан көрө падышанын айтканын угуп, тапшырмасын аткарган оң.

- Айланы кетирип атса, аны кантип чыдап угуш керек?

- Атакеси, эч нерседен кам санаба. Тамактанып ал да, жатып укта. Эрте турсаң, баары жайында болот.

Емельян уйкуга кам урду. Таңда аны аялы ойготту.

- Кан сарайга жөнө, ал жерде бардык жумуш бүттү. Бир гана - сарайдын маңдайындагы кеме токтоочу жерде дөңчө калды. Күрөк ала барып, аны тегизде.

Емельян шаарга кирип барса, кан сарайдын айланасында дарыя, анда кемелер сүзүп жүрөт. Ал кеме токтоочу жайга жакындаганда тегиз эмес жерди көрдү да, аны тегиздөөгө киришти.

Падыша ойгонуп, теребелге көз салса, кансарайынын тегерегинде түшү түгүл, өңүндө көрбөгөн дарыя агып атат. Дарыяда сүзүп жүргөн кемелерди, анан дөңсөөнү күрөк менен тегиздеп аткан Емельянды көзү чалды. Падыша ачууланды: дарыя менен кемелерге сүйүнбөй, мужуктан кутулууга арга таба албагандыгына ызаланды. “Ал бүтүрө алгыс иш жок тура! Эми эмне кылуу керек?” – деп башын катырды. Кызматчыларын алдыртты да, алар менен кошо ойго батты.

- Мага Емельян бүтүрө алгыс, колунан келгис ишти ойлоп таап бергиле, – деди нөкөрлөрүнө. - Антпесе, ал биз дайындаган жумуштун баарын орундады. Анын аялын тартып алуума, мага жол ачылбай жатат.

Кол алдындагылар ойлонуп, ойлонуп, акыры  акыл табышты. Падышага келип мындай дешти:

- Емельянды мында чакыртыш керек да: “Тиги... кайда барарыңды билбеген белгисиз жакка жөнө. Аркы... эмне кыларыңа акылың жетпеген нерсени алып кел” – деп айтыш керек. Ошондо аргасы куруп, мойной албай калат. Ал кайда гана барбасын, сиз “мен табыштаган керектүү жакка барган жоксуң” - деп айтасыз. Ал эмнени гана алып келбесин, сиз “мага зарыл нерсени таап келбепсиң”,- деп кыйнаңыз. Ошондо гана айласы кетип, аны дарга асууга жана аялын алууга болот.

Падыша буга сүйүндү.

- Муну силер акылдуулук менен ойлоп таптыңар, - деди ал.

Падыша Емельяндын артынан киши жөнөттү да, мужук келгенде ага мындай деди:

- Тиги... кайда барарыңды билбеген жакка жөнө, аркы... эмнеге керек болорун билбегениңди таап кел. Алып келе албасаң, сенин башыңды алам.

Мужук үйүнө кайтты да, падышадан укканын аялына айтты. Аялы ойго батты.

-Анда эмесе, - деди жубайы, - падышага өзүнүн башын жуткудай акыл үйрөтүшүптүр. Ишти эми эстүүлүк менен бүтүрүү кажет.

Аял олтуруп, көпкө дейре ой жүгүрттү: акыры күйөөсүнө мындай кеңеш берди:

- Эми сага ыраак жакка, биздин чоң энебизге, жоокер менен эр кишинин кары энесине барып, ырайым суроого туура келет. Андан буюм аласың. Ошол буюм менен түз эле кан сарайга кирип бар, мен ошол жерде боломун. Эми мен алардын колунан качып кутула албайм. Алар мени күч менен кармап алышат, бирок, анча көпкө эмес. Эгер сен ишти чоң энем үйрөткөндөй бүтүрсөң, мени тез эле бошотуп аласың.

Ал күйөөсүн жолго камдап аттандырды да, анын колуна баштык менен үзөнгү боону карматты.

- Буларды энеме бер, - деди ал. – Ушуларды көрсө, менин күйөөм сен экениңди билет, - деди да ага жол көрсөттү.

Емельян жүрүп олтуруп, калаанын сыртына чыгып, машыгып, үйрөнүп жаткан жоокерлерди учуратты. Ал бир аз токтоп, аскерлерге көз салып турду. Окуп-үйрөнүүдөн соң алар тыным алганы жайланышты. Емельян жоокерлердин жанына жакын барды да, минтип сурады:

- Туугандарым, кайда барарды билбей туруп, кайсы жакка жөнөштү, эмне алаарыңды билбей туруп, эмнени алып келишти силер билесиңерби?

Жоокерлер маңбаш суроону угуп, таң калышты.

- Аны ким издеттирип атат?- деп сурашты.

- Падыша, - дейт Емельян мужук. - Биз өзүбүз  аскердик күндү баштагандан бери кайда баратканыбызды  билбей, ары-бери кадам санап жүрөбүз. Дагы эле жете элекбиз... Эмнени издегенибизге акылыбыз жетпей, издеп атабыз. Бирок, алигиче таба элекбиз. Сага жардам бере албайбыз, - дешти алар.  

Емельян жоокерлер менен бирге эс алган соң, андан ары жөнөдү. Жүрүп-жүрүп олтуруп, токойго туш болду. Токойдон кепе көрдү. Кепеде карыган кемпир, дыйкан, жоокердин энеси зыгыр жип токуп олтурат. Ыйлап атат да, оозунан куюлуп түшкөн шилекейи менен манжаларын, буурчактай жашы менен көзүн суулантат. Кемпир Емельянды көрөр замат ага минтип чаңырды:

- Эмнеге келдиң?

Емельян ага жипти узатты. Аны быякка аялы жибергенин айтты. Кемпир жумшара түштү да, суроого кирди. Ошондо Емельян өзүнүн бүткүл турмушун, кызга кантип үйлөнүп, калаанын жашоосуна кантип көнгөнүн, падышанын күзөтчүлүк жумушуна кандайча орношконун, кан сарайда кандай кызмат өтөгөнүн, чиркөөнү кантип куруп, кеме жүргөн дарыяны кантип жасаганын айтып берди. Эми падыша кайда бет алганын билбеген жакка жумшап, аты жок, белгисиз буюмду алып келүүгө буйруганын да унутпады. Муну уккан кемпир ыйын токтотту. Өзү менен өзү акылдашкандай болду да:

- Чамасы, кезек келген өңдөнөт. Болуптур анда, олтур балам, тамак же.

Емельян өзөк жалгап бүткөндө кемпир кайра сөз алды:

- Ме, мобу түрмөк жипти ал, - деди эне. – Аны алдыңа салып тоголот да, өзүң ал томолонгон жакты көздөй бас. Сага алыска, деңиздин өзүнө дейре барууга туура келет. Деңизге жеткенде чоң калааны көрөсүң. Ошол шаарга кирип, четки короого конуп-түнөөнү  өтүнгүн. Ал жерден өзүңө керектүүнү издегин. 

- Мен ал жерде мага керектүү нерсени кантип билсем болот, эне?

- Ата-энең  жактырган нерсени көргөнүңдө, издегениң ошол. Аны тутуп карма да, падышага жеткир. Падышага аны алып барсаң, ал сага “керектүүнү эмес, башка нерсени алып келиптирсиң”- деп айтат. Анда сен: “Эгер бул керектүү буюм  болбосо, анда муну талкалаш керек” - дегин да, таап алып барган буюмуңду жерге уруп чап. Кийин аны дарыяга алып барып талкалап, сууга ыргыт. Ошондо аялыңды кайрып алып, менин көз жашымды  кургатасың.

 Емельян кемпир менен коштошуп, түрмөк жипти тоголотту. Түйдөк жип тоголонуп олтуруп, аны деңизге алып келди. Деңизге жакын капкалуу шаар жайгашкан. Анын чет жагында чоң үй. Таң атканда уйкусунан эрте турду. Үй ээси да ордунан козголуп, уулун ойготуп, отун жарып келүүгө жумшады. Баласы сөз укпай:

- Али эрте, отун алууга үлгүрөм, -дейт.

Тыңшаса - мештин үстүндө жаткан эне сүйлөнүп атат.

- Тур балам, атаңдын буту ооруп атат. Отунга атаң барсынбы? Убакыт болду.

Бала эриндерин кыбыратып, кайра үргүлөдү. Уйкуга жаңы киргенде капыстан күркүрөгөн добуш чыгып, көчөдө алда неме кыйчылдагансыды. Бала жаткан жайынан ыргып туруп, кийинди да көчөгө чуркап чыкты. Емельян да секирип туруп, эмне күрүлдөгөнүн билип-көргөнү дароо ата-энесинин тилин алган баланын соңунан жүгүрдү. Чуркап чыккан Емельян көчөдөн курсак тушуна  байлаган тегерек нерсени чакан жыгач таяк менен уруп бараткан кишини көрдү. Көрсө, ошол дүңгүрөптүр, бала ошо үндү уккан тура. Емельян жетип келип, ал буюмга үңүлдү. Көзүнө урунганы – каптал жагына тери оролгон  төгөрөк буюм болуп чыкты. Буюм кандайча аталаарын сурады.

- Добулбас... – дешти.

- Ал эмне үчүн көңдөй?

 - Эмне себептен бош?, - дешти.

Емельян таңыркап, ал буюмду берүүнү суранды. Бирок, буюмду ага карматышкан жок. Малай өтүнгөнүн коюп, добулбасчыны ээрчий жөнөдү. Күндүзү артынан калбай жүрүп, добулбасчы уйкуга киргенде андан добулбасты тартып алды да, жүгүргөн бойдон жолго түштү. Чуркап жүрүп, өз үйү менен короосуна жетти. Аялын көрүүнү самады, зайыбы үйдө жок. Эртеси аны падышага алып барышты. Ал кан сарайга кирип, кайда барганын – билбеген, эмне алып келгенине да акылы жетпеген адам келгендиги тууралуу падышага кулак кагууну суранды. Падышага анын кебин угузушту. Падыша анын эртең келүүсүн табыштады. Емельян өзүнүн келгендиги жөнүндө падышанын эсине кайра салууну суранды.

- Мен азыр анын буйруган буюмун алып келдим. Падыша быякка, менин алдыма чыксын. Антпесе, ага өзүм кирем.

Падышанын карааны көрүндү.

- Сен кайда жүрдүң?- деди ал.

Емельян дайынын түшүндүрдү.

- Андай эмес, -деди падыша. – Эмне алып келдиң?

Емельян таап келген буюмун көрсөтмөк болгону менен падыша ага көңүл бөлгөн жок.

- Каалаганым - ал эмес.

- Ал болбосо, аны талкалап салуу зарыл, - деген Емельян кан сарайдан добулбасы менен чыкты да, аны каккылады. Добулбас ушунчалык катуу урулгандыктан падышанын бүткүл аскери Емельяндын алдына топтоло түштү. Алар Емельянга таазим этишип, буйругун күтүштү. Падыша терезе аркылуу өз аскерлери Емельяндын артынан ээрчибөөсү үчүн бакырды. Аскерлер падышаны укпай, Емельяндын артынан жүрүштү. Аны көргөн падыша Емельянга аялын кайтарып берүүнү буйруп, андан добулбасты берүүсүн өтүндү.

- Бере албайм, - деди Емельян. – Мага анын быт-чытын чыгарып, дарыяга ыргытып ийүүнү буйрушкан.

Емельян добулбасы менен дарыяны көздөй барганда мүлдө жоокер анын артынан ээрчиди. Ал добулбасты тешти да, чамындыдай кылып талкалады. Аны дарыяга ыргытканда жоокерлердин баары дыркырап качты. Емельян болсо аялын таап, аны ээрчитип үйүнө жөнөдү. Ошондон тартып, падыша анын тынчын алганын койду. Емельян тынч жашап, жакшылыктарды жасап, жамандыкты көңүлүнө жуутпады.

Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз