Манас Алымбаев: Бүтүн жерде шайтандуулар семирди

БУЗУЛГАН УЯ...

...Чырылдайт чымчык уясын издеп,
Чыркырайт курган, курдашын издеп.
Чымынга гана зыян кылбаса,
Тынч жашачу эле, башканы "сиз" деп.

Безилдеп издейт балапандарын,
Беш күндүк болгон "кара жандарын".
Ойлогон эмес бул байкуштарды
Ойрондоор, ою кара АДАМ барын...

... Табышкан жазда түгөйү менен,
Тандашкан талды түнөгү менен.
Таң заардан кечке уя курушту,
Тынч өмүр сүрүү тилеги менен.

Уяга чырпык бир талдап ташып,
Учушаар эле антаңдап, шашып.
Жумшак болсун деп жүндөн төшөштү,
Жумурткаларын жатканда басып.

Арадан анан анча күн өтүп,
Алган курбусу ай-күнү жетип.
Апакай эки жумуртка туулду,
Ал экөө үчүн алтынга тетик.

Айланып учту, убакыт өтпөй,
Абалкыга окшоп, алыска кетпей.
Чымчыкка деле кызык да турмуш,
Чыдамы кетет, чүрпөсүн эстей...

Бактылуу ошол күнү эсинде,
Бактардан учуп, келген кезинде.
Балапандары жарыкка келген,
Бир тал түгү жок кызыл этинде.

Сүйүктүүсү экөө күндү издеп учуп,
Сүйүнүч батпай, сүрдүккөн учуп.
"Сүйүнчү" АДАМ, дегиси келген,
Боз үйгө конуп, түндүктөн учуп...

Кырсыктан анда кайда кабары,
Кыткылап чокуп, дадагалары.
Сары түгү чыгып келаткан эле,
Чыйпылдак сары ооз, садагалары...

Ошол күн жамгыр нөшөрлөп таңдан,
Шамалга шагы ийилип талдар.
Алыска кетпей айланчыктаса,
"Ачкабыз" дешти, армандуу балдар.

Аңгыча өткүн басыла түштү,
Жарык нур жерге чачыла түштү.
Жарынын сөзүн эки кыла албай,
Жем издеп жолго шашыла түштү.

Анчалык алыс учуп барбаган,
Канаты бирок мынча талбаган.
Антаңдай шашып, үйүнө келсе,
Уя эмес, уйдун түгү калбаган...

Уялуу шакты жыйып кетиптир,
Түбүнөн талды кыйып кетиптир.
Үстүнөн үйдөй таш баскыр АДАМ,
Үй-бүлөсүн бүт кырып кетиптир...

... Чырылдайт чымчык уясын издеп,
Чыркырайт курган, курдашын издеп.
Безилдеп издейт балапандарын
Беш күндүк болгон "кара жандарын"...

КЫЙКЫРЫК...

Анда заман... апама да жакшы үчүн,
Тилин албай, алчум жалаң шаштысын.
Үйрөнчүмүн үйдө уктабай үкүдөн
Үндү кыспай кыйкыруунун бактысын.

Эркин элем, эркеси элем айлымдын...
Атын тааный элек болчум кайгымдын.
Ээрчип кетип этеги жок күндөрдү,
Кыйкырчумун кулагына ай-жылдын...

Кыйкырчумун, аскага үнүм илинип,
Кыйкырчумун, өлүмүштөн тирилип.
Кыйкырбаса жоктоочумун атамды,
Кыйкырыксыз өтпөчүдөй тирилик...

...Анан бир күн адат менен кыйкырган,
Үйгө кирсем, көздөр турду кылгырган.
"Үндөр" келип, "үндөр" кетип жатышты,
"Эсил кайран, боорум" дешип, кыр-кырдан...

А мен туйбай жүрөгүмдүн кагышын,
Элес албай элдин ыйын, дабышын.
"Кыйкырыктан" айрылыпмын, о Кудай,
Коштоп кетип жакынымдын табытын...

...Билбейм, заман азыр кимге жакшы үчүн!
Жымжырттыктар алууда өмүр шаштысын.
А мен жалгыз тар бөлмөмдө сагынам,
Үндү кыспай кыйкыруунун бактысын...
Сагындым чын, балалыкты анан да,
Үндү кыспай кыйкыруунун бактысын...

ЖАШЫГАНСЫЙТ ТЕҢИРИМ

Төктү жамгыр, бороон улуп, көнөктөп,
Улуу күн да сур булутка бекинип.
Теңирим ай, жашыдың бейм, адамды
Деги кайдан жараттым деп өкүнүп.

Жарык күндүн баркын сезе албаган,
Мен да адамдын жашоосуна арданам.
Кантип түтүп, кантип бизге чыдайт деп,
Оо, Теңирим, кеңдигиңе таңданам.

Жерге көктөн келсек керек деги биз,
Жан көккө учуп, жерде калат денебиз.
Неге адамдар билбейм, өзүн мазактап,
Маймыл дешет биздин түпкү тегибиз.

А мен билем, тегим – асман, денем – жер,
Таш оозуңа! Атам маймыл дегендер.
Ансыз деле адам наркы булганып,
Азаюуда Теңир уулдар – кеменгер.

Ооба, адамдар, унутууда Теңирди,
Кудай тутуп акча, тезек-темирди.
Бүгүн жерде ыймандуулар арыктап,
Бүтүн жерде шайтандуулар семирди.

ЖОМОК БОЛЧУ

Жашоом менин – Насирдин жомогундай,
Бактымды издеп кайнаган шорум мындай.
Кечир, кеч күз, кечигип келди сүйүүм,
Кызыл делбир периште жоолугундай.

Күтпөйм эми сүйүүдөн коногумду,
Токтот, кудай, боздотпой бороонуңду.
Ушул түнүм арналсын ак сүйүүгө,
Айт, Андерсен, а көрөк жомогуңду.

Атпасын таң, жомогуң түгөнбөсүн,
Өткөн өмүр кем-карчын түгөлдөсүн.
Сенсиз таңды тосуудан көңүл калган,
Оо, арманым, азабым – түгөйлөшүм.

Ооба, сенсиз көз жашым короп толду,
Түгөйлөшүм сен эми жөлөк болчу.
Айлап-жылдап ааламга айтылалы,
Түгөнбөгөн “Миң бир түн” жомок болчу.
Түбөлүккө сыйлашар конок болчу.

АТАМДЫН КАМЧЫ САПТУУ УУЛУМУН МЕН

Тизгиндеп албууттанган сууну мингем,
Булкунтуп суудан чыккан бууну мингем.
Анткени аргымагын энчилеген,
Атамдын камчы саптуу уулумун мен.

Мактансам тоону омкоруп салганыма,
Өкүнсөм сазга батып алганыма.
Адамдар, ошондо да топук кылам,
Атамын уулу болуп калганыма.

Кубанбайм дем алганга кенен-кенен,
Кубанбайм курсак тоё жеген менен.
Жарандар, жан тартуулап кубанамын,
“Атаңын уулу экенсиң!” дегенге – мен.

Жан кетээр дир-дир этип акса каны,
Жан келээр жылдыз жанып атса таңы.
Мен кетем, көтөрө албай калган күнү,
“Уулум” – деп, атам берген ак батаны!

ЭХ, АТАМАН, КАРА КЫЗ

Көрсө ал кезде балабыз да, балабыз,
Көч-көч ойноп Көбүргөнгө барабыз.
Биздин көчтү бир муштумдап башкарчу,
Сен атаман, сексеңдеген кара кыз.

Эх, ошондо, ойноокпуз да, ойноокпуз,
Кеч бешимде келин алмай ойноппуз.
Сен төрөйсүң, а мен ата болсом да,
Баёолук ай, бир өөп койбопмун…

Кара кызым, сексеңдегим – атаман,
Кайда калган сен алчу күн жакадан.
Сага окшош деп, мага окшош деп жүрчү элек,
Балдар кайда, биз эринбей жасаган?

Бүгүн сени сагынам оо, сагынам,
Же кара кыз агардыңбы багыңан?
А мен жүрөм үмүт үзбөй жол карап,
Бетимдеги тырмагыңдын тагынан.

ЧАҢГЕТТИН ЧАБАНДЕСИ

Аян кылды Теңирим мага сырды,
Оо устаттар, суутуп бер атымды.
Жылкычы уулу болгон соң, чабам бүгүн,
Кентаврды, а түгүл Пегасыңды.

Кана, достор, калдайып турбагыла,
Ач айкырык, калпакты булгагыла.
Эски адатты таштайлы. Менин муунум,
Тулпарымды туякка урбагыла!

Жаным кыздар, жалжылдап күлө-күлө,
Жалгыз аттын дүбүртүн сүрөгүлө.
Чаап баратып чалмамды салып өтөм,
Жүгөндөтпөй туйлаган жүрөгүңө.

Оонаганы журтуна чоң атамын,
Күт Чаңгетим күч үрөп баратамын.
Кайып болуп кетээрде ат жалынан,
Ата-Журттун намысын талашамын.

Мээнет кылып атамды багам дечү,
Мезгил жетсе чындыкты чабам дечү.
Туулган жери туйлатып Парнас көздөй,
Тизгин какты Чаңгеттин чабандеси!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз