- Ким өзүн жакшы билсе, ага ал жөнүндө эмне дешсе да коркунучсуз.
- Акыры жүрүп чындык жеңет дешет! Бирок – бул жалган.
- Адамдардын алсыз жагын издеген жакшы адам эмес. Алардан сулуулук издеген адам деле ошол сыяктуу. Эң жакшы адам – башкаларга кубаныч тартуулап, өзүнөн жылуулук чыгарып турган мээримдүү адам.
- Эгерде күн сайын жатаарда бирөө кутман түн каалап турса, сен көп адамдардан бактылуусуң.
- Мага жамандык кылган адамдарга мен эмне үчүн жамандык жасабайм? Анткени, мени каап алган итти тиштейм деп, анын артынан кубалап жүрүүгө убактым жок.
- Бакыт – бул сени бааңды бычкан эмес, сени баалай билген, сени пайдаланбай, сен тууралуу кам көргөн, кылганыңды көрө албаган эмес, ийгилигиңе кубанган бирөөнүн бар экени.
- Кээде абийириңден кутулгуң келет. Ал адамдарга алар сага кандай мамиле кылса, сен да аларга ошондой эле мамиле кылышка тоскоолдук жаратат...
- Өлүмдөн эмес, өмүрүңдү текке кетиргенден корк.
- Дайыма сүйүп жашасаң – аны байкабай калышат. Дайыма кечире берсең – көнүп алышат. Баардыгына даяр боло берсең – баалашпайт. Качан гана көзүң өткөндө артка кайрый алышпасына көздөрү жетип, сенин канчалык баалуу адам экениңди түшүнө башташат.
- Жай басканың өтө деле маанилүү эмес. Эсиңде болсун: сен баары бир диванда чалкалап олтургандардын алдындасың.
- Бирөөгө берген белектериңдин эң кымбаты – бул сенин убактың, анткени сен эч качан кайра кайрып ала албас нерсеңди берип жатасың.
- Сөзүңдү түшүнбөгөн неме, унчукпай койгонуңду да түшүнбөйт.
- Эч ким сен жөнүндө эч нерсе айта албайт. Адамдар сен тууралуу эмне дешсе да, алар өздөрү жөнүндө айтышат.
- Карылык сүйүүдөн коргой албайт, бирок сүйүү карылыктан сактайт.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ