Михаил Зощенко: Сүйүү

  • 16.08.2021
  • 2814

АҢГЕМЕ

Оюн-зоок кечеси абдан кеч бүттү.

Төшүндө алып баруучунун банты тагылган, чарчап, тердеп алган Вася Чесноков Машеньканын алдына туруп алып суранып жатты:

- Күтө туруңузчу, жаркыным... Биринчи трамвайга чейин күтө туруңузчу. Алда кудай ай, деги кайда барасыз, эми жөн эле... Бул жерде отуруп күтсө болот, эмне кылам десеңиз да ыңгайлуу жер... а сиз кетем деп... Ой кокуй ой, биринчи трамвайга чейин күтө эле турсаңыз. Мына, сиз да тердеп турасыз, мен дагы... Ушул суукта тышка чыкканда ооруп калышыбыз мүмкүн да.

- Жок, - деди Машенька, гөлөшүн кийерде. Суукта кыз узатып баралбаган эмне деген кавелер?

- Мен тердеп турам да, - деди Вася ыйлап жиберчүдөй.

- Анда кийиниңиз!

Вася Чесноков айласы жок, тонун кийди да Машенька менен кошо чыгып, бекем колтуктап алды.

Суук. Ай сүттөй жарык. Бут алдында кар кычырайт.

- Ах, кандай гана тынчы жок кызсыз, - деди Вася Чесноков, Машеньканы капталдан суктана тиктеп. - Сиз эмес, башка бирөө болгондо узатып барбайт элем. Кудай урсун, чындап эле барбайт болчумун. Сизди сүйгөн үчүн гана баратам.

Машенька күлүп калды.

- Мына, шылдыңдап күлөсүз, - деди Вася, - мен сизди, Марья Васильевна, жактырам, чындап эле сүйөм. Мына: Вася Чесноков, трамвайдын жолуна жат, рельсага биринчи трамвай келгиче жат десеңиз жатам. Кудай урсун!

- Коюңузчу, - деди Машенька, - андан көрө ай тийип турганда айлана кандай укмуш сулуу экенин караңызчы. Түнкүсүн шаар кандай гана көрктүү! Кандай керемет сулуулук!

- Ооба, керемет, - деди Вася, шыбагы сыйрылган үйдүн дубалын таң кала карап. - Чынында эле абдан... кооздук... Мына, Марья Васильевна, чындап сүйгөн адамдын сезимине, айланадагы сулуулуктун да таасири анча эмес... Көпчүлүк окумуштуулар, партиядагы адамдар сүйүү сезимин танып, сүйүү жок дешет, а мен Марья Васильевна, сүйүү бар деп ишенем. Сизди өмүрүм өткөнчө сүйүп өтөм, сиз үчүн курмандыкка да даярмын. Кудай урсун. Мына айтыңызчы: Вася Чесноков, тетиги дубалга желкең менен урун деңизчи, - урунам.

- Болду эми, жүрүңүз, - деди Машенька ыраазы болуп.

- Кудай урсун, урунам. Каалайсызбы?

Экөө Крюков каналына чыгышты.

- Кудай урсун, - деди Вася кайрадан, - каалайсызбы мына, каналга секирейинби? Я, Марья Васильевна? Сиз мага ишенбей атасыз, мен далилдей алам...

Вася Чесноков каналдын тосмосун кармап, чыга турган түр көрсөттү.

- Ай! – деп кыйкырып ийди Машенька. – Вася! Антпеңиз!

Аңгыча караңгы бурчтан далдайган караан суурулуп чыгып фонардын алдына туруп калды.

- Эмне кыйкырасыңар? – деди караан  акырын, экөөнү кунт коё тиктеп.

Машенька коркконунан кыйкырып жиберип, тосмого жөлөнүп калды.

Ал адам жакындап басып келип, Вася Чесноковдун жеңинен тартты.

- Эй мырза, - деди тиги адам колдураган басынкы добуш менен. – Чеч пальтоңду.  Бол тез. Кыңк этчү болсоң баштан ары бир коём, өлөсүң. Түшүндүңбү сволочь? Чеч!

- Ке-ке-ке,- деди Вася, - муну менен: кечиресиз, эмне үчүн? – дегиси келип.

- Бол! - деп тиги тондун өңүрүнөн тартты.

Вася калтыраган колдору менен бүчүлөрүн чыгарып, тонду чечти.

- Өтүгүңдү да чеч! – деди тиги. – Мага өтүк да керек.

- Ке-ке-ке, - деди Вася, - кечиресиз... суук...

- Бол!

- Тиги кызга тийишпейсиз да, мени өтүгүңдү чеч дейсиз, - деди Вася таарынгандай, - анын тону да, гөлөшү да бар, мени болсо өтүгүңдү чеч деп...

Тигил Машеньканы шашпай, баштан аяк карап туруп:

- Аны чечинтип, кийимдерин түйүп алып баратканда тутулуп калам. Жаагыңды бас! Эмне кылып, эмне кыларымды өзүм билем. Чечтиңби?

Машенька жүрөгү түшүп, кыймылдай албай тигил адамды карап турду. Вася Чесноков карга отуруп алып ботинкасынын боосун чече баштады.

- Анын тону да бар, - деп кайталады Вася, - гөлөшү да, мен эле чечинишим керек экен да... жалгыз...

Тигил адам Васянын тонун кийип, ботинкасын чөнтөгүнө тыгып:

- Кыймылдабай тынч отур. Тишиңди да шакылдатпа. Кыймылдасаң же кыйкырсаң – өлдүң. Түшүндүңбү, сволочь? Сен дагы, бийкеч...

Тонду кымтыланып алып жок болуп кетти.

Вася шалдырап шайы кетип, ак носкичен бутун ишенип-ишенбей тиктеп, шалпайып кардын үстүндө отурат.

- Мына сага, - деди Машеньканы кыжыры келе тиктеп. - Сени узатам деп кийимдеримден айрылдым. Ошондойбу?

Каракчынын кадамы такыр угулбай калгандан кийин Вася Чесноков кардын үстүндө буттарын тыбырчылатып, ичке, ачуу үн менен кыйкырык салды:

- Караул! Тоноп атышат!

Анан отурган жеринен атып туруп, коркконунан буттары тарбаңдап текирең-таскак атып, карды кечип чуркап жөнөдү. Машенька болсо тосмонун жанында жалгыз калды.

Которгон Марсел ИСАКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз