Константин Паустовский: Форель чабак урган булак

АҢГЕМЕ

Адам баласынын ички сезиминин арманда калган бир көрүнүшүн, Наполеон маршалдарынын биринин тагдырын сиздерге айтып берсем ашык болбостур, тарыхчылар менен мыкчегерлердин кыжырына тийбес үчүн, аты-жөнүн атабайлы.

Маршал али жаш эле. Жаңыдан буурул тарта баштаган чачы менен бетиндеги тырыгы, анын жүзүнүн көркүн ачып турчу. Үй бетин көрбөй уйкудан безип, жол жүрө бергендиктен жүзү тотугуп да кеткен.

Солдаттар маршалды жанындай көрүшчү: анткени маршал согуштун кыйынчылыгын алар менен бирге тартчу. Далай жолу ай талаада ачык асманды жамынып, жагылган оттун жанында плащын чүмкөнүп уктап, кернейдин кирилдеген үнүнөн ойгонуп кеткен күндөрү болгон. Солдаттар менен бир аяктан тамак ичип, үстүнө көөнөргөн мундир кийип жүрө турган.

Ал адамды жадаткан ар кыл орун өзгөртүүлөрдөн, жана да карыдан кан кечишкен, салгылашуулардан башка эчтеме көргөн да эмес, билген да эмес. Ат жалынан эңкейип, жолунан жолуккан дыйкандын минген атынын туягы таптаган чөптү эмне деп атайт деп же Франциянын атак-даңкын чыгарып дүңгүрөтүү максаты менен өз солдаттары жеңип алган шаарды эмнеси менен даңктанат деп сураш анын оюна да кирип-чыкпаган. Тынымсыз салгылашуу анын керт башын аябоо, үн катпас түнт болууга үйрөттү.

Кыш айынын күндөрүнүн биринде маршалдын Ломбардиядагы турган аттуу аскер корпусу дароо Германияга өтүп, “уулуу армияга” кошулсун деген буйрук алат.

Он экинчи күнү аттуу аскер корпусу немистердин бир чакан шаарына келип түнөйт. Ак кар жамынган дөңсөөлөр түн койнунда агарып жатат. Айланада бук жыгачынын токою мелмилдеп, тек асмандагы жылдыздар гана тунжураган түндүн тынчтыгын алгандай жалт-жулт этет.

Маршал мейманканада орун алды. Ал кечки тамактан шам-шум этип алгандан кийин, кичине залдагы от жагылган каминдин жанына келип отурду да, андагыларды башка жакка жиберди. Ал чарчаган эле, өзүнчө жалгыз болгусу келди. Түндүк бою карга көмүлгөн шаардын мемиреген тынчтыгы ага балалык чагынбы, же жакында көргөн түшүнбү, мүмкүн эч кандай түш көрбөгөн чыгаар, айтор, бир нерсени эсине салды окшойт. Маршал жакынкы күндөрдө императордун чечүүчү салгылашууга кирише тургандыгын жакшы билчү, андыктан мурда адет болбогон азыркы тынчтык кырчылдашкан салгылашуунун алдында керек ко деп ойлоду.

Оттун жылуу илеби адамды ойго чөмүлтөт эмеспи. Каминде алоолоп жанган оттон көзүн албай отурган маршал арык чырай, чүкө беттүү улгайыңкы кишинин залга кирип келгенин аңдаган жок. Бейтааныштын үстүнө кийгени түсү көк жамаачылуу эски фрак. Бейтааныш каминдин жанына келип, үшүгөн колун жылыта баштады. Маршал башын көтөрүп, жактырбай үн салды:

- Сиз ким болосуз, мырза? Шырп алдырбай эмнеге кирип келдиңиз?

- Мен Баумвейс деген музыкантмын,— деп жооп кайтарды бейтааныш. — Мында шырп алдырбай кирип келишимдин себеби, ушул кышкы түндө эрксизден дабыш чыгарбай басып жүргүң келет экен.

Музыканттын өңү менен үнү жагымдуу экен, ошондон улам маршал ойлонуп:

- Мырза, отко жакын отуруңуз. Чынымды айтсам, менин өмүрүмдө мындай кечте жайбаракат отуруу чанда гана болгондуктан, сиз менен маектешүүгө кубанам.

- Ыракмат сизге,— деди музыкант,— эгер уруксат этсеңиз, мен роялга отуруп, күү салып ойносомбу дейм. Мына туура эки сааттан бери, бир күү кулагымдан кетпей койду. Ошону ойноп көрсөм дедим эле, ал эми жогоруда, мен жаткан бөлмөдө рояль жок.

- Болуптур,— деди маршал. Ушундай мемиреген түн тынчтыгы ар кандай мукам сайраган күүлөрдөн жакшы болсо да угуп көрөлү.

Баумвейс роялга келип отуруп, акырын ойной баштады. Маршалга чакан шаардын тегерегиндеги олпок калың кар зыңылдап, кыштын өзү да, бутактарын олчойто кар баскан бук дарагы да, обон салып тургандай көрүндү, ал тургай каминдеги отко чейин күү чыгарып жаткансыйт. Маршал кабагын бүркөп, алоолонгон оттогу жарайканы карады эле, шыңгыраган дабыш оттон эмес, өтүгүндөгү шпор экен.

- Мага кайдагы бир жок нерселер элестеп туруп алды,— деди маршал. — Болжолу сиз, чоң музыкант көрүнөсүз?

- Жок, — деди Баумвейс ойногонун токтотуп, — мен орто чарба княздар менен помещиктердин үйлөнүү тойлорунда, майрам кечелеринде гана ойнойм.

Үйдүн жанына чананын келип токтогону угулду. Аттар окуранды.

- Булар мага келишкен окшойт. Сиз менен коштошууга уруксат этиңиз,— деди Баумвейс ордунан туруп жатып.

- Кайда барасыз? — деп сурады маршал.

- Мындан эки чакырым жерде, тоо арасында бир токойчу турат,— деди Баумвейс. — Биздин эң сонун ырчыбыз Мария Черни азыр анын үйүндө конокто. Ал кесепеттүү согуштан сактанып жүргөн окшойт. Бүгүн Мария Черни жыйырма үч жашка чыкты, ошонусун белгилеп оюн-шоок кечесин өткөзмөк. Андай үлпөт акы доолагыч карт пианист Баумвейссиз өтчү беле?

- Маршал креслодон өйдө турду.

- Мырза,— деди ал,— менин корпусум эртең таң азанда жолго чыгат. Эгер сиз менен бирге бүгүн түнү токойчунун үйүндө болсом, мунум адепсиздик болбос бекен?

- Каалаганыңыздай болсун,— деп жооп берди Баумвейс, анан токтоолук менен башын ийди, бирок маршалдын сөзүнө таңданганы билинип турду.

- Айтып койгонум жакшы, муну эч ким билбесин. Мен арткы эшиктен чыгамын да, чанага кудуктун жанынан түшөмүн.

- Каалаганыңыздай болсун,— деп кайталап айтты да, Баумвейс дагы башын ийип коюп, чыгып кетти.

Маршал күлүп калды. Ал ушул кечте шараптын даамын татпаса да мас болуп, көңүлү алып учуп туруп алды.

- Кеттим ызгаар суугуна! — деди ал өзүнө-өзү. — Дүйнөң астын-үстүн болсо да кеттим, калың чер токоюна, түн жамынган тоо койнуна баруу кандай укмуш!

Ал плащын жамынып, мейманканадан шек алдырбастан бакты аралап чыгып кетти. Кудуктун жанында чана турган экен — Баумвейс маршалды күтүп туруптур. Аттар бышкырынып, шаар четиндеги сакчынын жанынан өтө берди. Сакчы үлгүрбөй калса да, үйрөнгөн адаты боюнча, мылтыгын ийнине такай коюп маршалга салам берди. Ал улам алыстап бараткан коңгуроонун үнүн көпкө укту да, башын чайкап:

- Кандай укмуш түн! Эх, бир жутум ысык вино болсо ээ,— деп койду.

Аттар күмүштөй жалтырак жолдо зымырап кетип баратты. Аттардын таноосунан чыккан ысык деми мурдуна учуп түшкөн карды эритти. Ызгаар суук сыйкырлап таштагандай токой ичи тунжурайт. Өзөгүнө жан берип турган маңызын жылыткысы келгендей, бук дарагынын сөңгөгүн кара чырмоок чырмап таштаган. Аттар булак суусунун жанына келгенде лык токтоп калды. Булак тоңбоптур. Ал тоо үңкүрлөрүнөн, шамалдан кулаган дарактын жалбырагы муз болуп катып калган жыш токойдун арасынан сыгылып чыгып, таштан-ташка урунуп, шылдырап агып жатат.

Аттар суу ичти. Алардын туяктарынын астынан бирдемелер жылт этип, бултактап сүзүп өттү. Аттар үркүп, кууш жол менен алып жөнөдү.

- Форель балыктары,— деди чана айдаган киши. — Чабагандаган балык болот экен!

Маршал мыйыгынан күлүп койду. Кыял мастыгы али таркабай келатат. Канаттуу куштай сызган аттар тоо арасындагы ачык жерге, чатыры бийик эски үйдүн алдына келип токтогондо да анысы тарабай койду.

Терезелерден жарык көрүнөт. Чана айдаган киши ыргып түшүп, жабууну кайрып таштады.

Эшик ачылды, маршал плащын чечип, Баумвейс менен кол кармашып, шам чырак жанып турган төбөсү жапыс бөлмөгө кирди да, босогого токтоп калды. Бөлмөдө жарашыктуу кийинген бир нече айым менен эркектер отурган экен.

Аялдардын бири ордунан турду. Маршал көрөрү менен анын Мария Черни экенин билди.

- Айып этпеңиз мени,— деди маршал бир аз кызара түшүп. —Чакыруусуз келгенимди айып көрбөңүз. Бирок биз солдаттар, үй-бүлө, той-тамаша, оюн-шоок дегенди билбейбиз. Сиздин отуңузга бир аз жылынып кетүүгө уруксат этиңиз.

Токойчу абышка маршалга башын ийип таазим кылды, ал эми Мария Черни болсо анын жанына келип, маршалдын көзүнө кадала карап колун сунду. Маршал анын колунан сүйдү эле, ал таштай муздак сезилип кетти. Бардыгы тең тым-тырс боло түштү.

Мария Черни маршалдын жүзүнө алаканын тийгизип, манжалары менен тырык жерин сыйпалап:

- Катуу ооругандыр? — деп сурады.

- Ооба,— деди маршал,— келтирип туруп чабылган кылычтын тагы го.

Мария аны колтуктап конокторунун жанына келди. Ал өзүнүн болочок күйөөсүн көрсөтүүгө алып келген немеден бетер, уялып, жүзү албырып, маршалды конокторго тааныштырды. Меймандар эч нерсеге түшүнбөй күбүр-шыбырга өтүштү.

Окуучум, Мария Чернинин сын-сыпатын сиздерге сүрөттөп берсемби, билбейм? Эгер сиздер мен сыяктуу анын замандашы болсоңуздар, анда балким, бул аялдын татынакай келишкен көркү жөнүндө, элпек басыгы, эркелеп назданышы, кылыктуу мүнөзү жөнүндө уккан чыгарсыздар. Учурунда Мария Черни мага ашык болуп жүрбөсүн деп үмүттөнгөн жигит болбогон чыгаар. Жүрөк туйлаткан ушундай сулуунун махаббатына Шиллер сыяктуу кишилер гана ылайык болот беле, ким билсин.

Андан ары эмне болду дейсиңер го? Маршал токойчунун үйүндө эки күн туруп калды. Сүйүү жагынан сөз козгобой эле коёлу, анткени анын эмне экендигин биз ушу убакка чейин билбейбиз. Балким, мунун өзү түнү бою жабалактап жааган кардыр, же болбосо форели чабак урган кышкы балык чыгар. Же шыңкылдаган күлкүбү, созолонгон обонбу, же таң алдында шамдын күйүп бүткөндөгү мурунду өрдөгөн чайырдын жытыбы, же Мария Чернинин жал-жал көзүнө чагылууга терезе айнегине үңүлгөн жылдыздарбы, ким билсин. Же катуу эполетке урунган жылаңач жумуру билекпи, же Баумвейстин эски фрагын сыйпалаган манжаларыбы. Же болбосо аялдын назиктигин, жалооруй эркелеп, шоокум кылыктанганын, токойлуу түндө коюндашып жатып күбүрөшүүнү өмүрүндө жүрөк дегдеп күтпөгөн эр жигиттин ысык көз жашыбы. Же кайрылып келген балалык кезиби? Ким билсии? А мүмкүн бул коштошор кезде жүрөк дүкүлдөп, Мария Черни дирилдеген колу менен сүйүүнүн далили болгон ошол бөлмөдөгү эшиктин туткасын, дубалын, столдорду кармалаган аянычтуу учуру чыгар. А балким, бул сыртта факель түтүнүн булактатып, катуу үн чыгарып команда берген чакта, Наполеон жандармдары аттарынан секирип түшүшүп, императордун өз буйругу боюнча, маршалды туткунга алуу үчүн жабалактап кирип келишкенде, назик сулуунун чыңырып эстен танып жыгылып түшкөнүдүр.

Асмандагы жарк этип өчкөн жылдыздай, жалт бир көрүнүп жок боло турган окуялар өмүрдө боло берет, бирок ушундай окуяга эрксизден туш келген адамдын эсинен такыр чыкпай калат экен.

Айлана-тегерек өзгөрүүсүз баягы калыбында кала берди. Шамал соксо токой баштагысындай эле шуудурайт, тоо булагы кичине ийримдеринде кара көк жалбыракты тегеретип, адетинче агып жатты. Тоо арасынан дарактарды кыйган балтанын дабышы баягыдай угулат, ал эми шаардын аялдары кудуктун жанында чогулуп алышып калп-чынды зыркыратышат.

Деги эмнеси болсо да ушул токой, каалгып түшкөн кар, булактагы күмүштөй жалтыраган балык Баумвейсти фрагынын арткы чөнтөгүнөн эски да болсо аппак бет аарчысын алып көзүн сүртүүгө, Мария Чернинин көз ачып жумганча өткөн тунук сүйүүсү жөнүндө, күн өткөн сайын өмүрдүн өзү музыкага окшоп кете тургандыгы жөнүндө сыр кылып айтууга аргасыз кылды.

Бирок бул окуяны Баумвейс зээни кейисе да айтаар эле, анткени жашы улгайган байкуш акы алып музыка ойноочу чал өмүрүндө сейрек кездеше турган ушул окуяга катышып күбө болгонуна бир чети кубанып, бир чети көңүлү эргип кете турган.

Которгон Садырбек МОЛДОКУЛОВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз