АҢГЕМЕ
1
Алабаманын[1] түндүк бөлүгүндө жайгашкан темир жолдун көпүрөсүндө бир киши алты-жети арыш ылдыйда шар аккан сууну карап турду. Колдору аркага, билегинен байланган эле. Моюнуна куушурула аркан салынган. Аркандын бир учу тиги кишинин баш жагындагы туурасынан турган устунга бекитилип, калганы бутуна чейин салаңдап турду. Шпалдарга бир канча тактай коюлуп, анын өзүнө да, желдеттерине да – тынч убакта шерифтин[2] жардамчысы кызматын аркалагандай түрү бар – сержанттын кол астындагы федералдык армиянын[3] эки аскерине секи катары коюлган. Арыраак жакта, ошол эле убактылуу коюлган өлүм секисинде өзүнүн капитандык формасын кийген куралчан офицер турат. Көпүрөнүн эки четинде тең мылтыгын белен кармап, тактап айтканда, чыканак так бүгүлө, куралды сол тарапка бура кармап бирден сакчы турат: мындай расмий жана жасалма туруш денени бош койгонго мүмкүндүк бербейт. Көпүрөдө эмне болуп жатканын билүү алардын милдети эмес сыяктуудай, алар жөн гана секи жакка жолду тосуп турушат.
Сакчылардын бирөөсүнүн ары жагында эч ким жок болчу; темир жол токойду аралай жүздөгөн ярд узап барып, бурулуп көздөн кайым болуп кетчү. Ал жакта күзөт жайгашканы шексиз. Берки жээк ачык талаа эле – сайдын эңкейиш тарткан жээгине тигинен жерге сайылган жумуру жыгачтардан куралган, боорунда мылтык ата турчу тешиктери бар, көпүрөгө карай мээленген замбиректин оозу чыгып турган кашаага барып такалат. Ошол эңкейиште, көпүрө менен коргондун так ортосунда жөө аскерлердин жоон тобунан турган көрүүчүлөр “эркин” абалда тизилип алышкан: кундактар жер тиреп, мылтыктар оң тарапка кыйгачтай кармалган да, колдор кайчылаш кармалып көкүрөктө. Ошол саптын оң жак четинде кылычын жерге сайып, колдору анын сабын кармап бир лейтенант турат. Көпүрөнүн ортосундагы төрт кишиден башка эч ким кыймылдаган жок. Аскерлердин жоон тобу маңдайындагы көпүрөгө көздөрү тигиле ордунда катып калышкан. Ар бири өз тарабындагы жээкке маңдайын буруп турган сакчылар, көпүрөнү атайын кооздоо үчүн коюлган эстеликтердей эле. Капитан колдорун кайчылаштырып алып, эч кандай буйрук бербестен кол астындагылардын кыймыл-аракетине көз салып турат. Өлүм – улук, а эгерде ал мурунтан келери тууралуу кабар берсе, кадырлап-барктап тосуп алыш керек, бул кары-картаңдарга да тиешелүү. Аскердик тартип мыйзамдары боюнча унчукпай, кыймылдабай туруу терең урмат-сыйдын белгиси.
Дарга асылар киши, сыртынан караганда отуз беш жаштарда эле. Кийими көбүнчө плантаторлор кийип жүргөндөрдүкүндөй – ал штаттык болчу. Кыр мурун, калың эрин, кең чеке болуп келбеттүү да эле, артка таралган кара чачы кынаптап тигилген сүртүгүнүн жакасына түшүп турат. Сакал-муруту чокчоюп, чоң кара сур тарткан көздөрү, моюнуна аркан чалынып тургандыктан, ишенүү кыйын болсо да, жакшы адам сыяктуу сезим калтырат. Ал кылмышкерге такыр окшобой койду. Согуш мезгилинин мыйзамы ар кандайын, жакшыларын да өлүм жазасына тартуудан ары тартпайт экен да көрсө.
Баардыгын даярдап болуп, эки аскер тең артка кадам таштады да, ар кимиси өзү турган алдындагы тактайды сүйрөй кетти. Сержант капитанга бурулуп аскердик таризде салам берди да, артына барып турган соң, капитан да четке жылды. Ошентип, өлүмгө буюрулган киши менен сержант, көпүрөнүн үч устунуна жеткен тактайдын эки учунда туруп калышты. Ошол тактайдын штаттык турган жагы төртүнчүсүнө жетип-жетпей турду. Ал тактай жанараакта капитандын салмагы менен тең кармалып турган, эми анын ордун сержант алды. Капитан белги берери менен сержант ордунан жылып кетмек да, тактай дароо ордунан копшулуп, өкүм чыгарылган тиги киши эки устундун ортосунда арканга асылып калмак. Ал киши ичинен мындай ыкманын жөнөкөйлүгүнө жана ыңгайлуулугуна терең баа берди. Анын бетин чүмкөп же көзүн таңып да коюшпаптыр. Ал алдында турган шылкылдаган тактайга карады да, алды жакта шаркыраган шар дайрага көңүл бурду. Суунун толкунуна ийкелип, бийлегенсип агып бара жаткан жумуру жыгачты байкап калды да, тээ алыска дейре көзү менен узатып койду. Эмне үчүн мынча жай агат? Ушунчалык да жалкоо дайра болобу?
Ал акыркы жолу аялы жана балдары тууралуу ойлонуп алуу үчүн оюн топтоп, көзүн жумду. Эрте таңдагы күндүн алтын нурларына чагылышкан суунун бети, жээкти бойлой каптаган туман, кичи коргон, аскерлердин жоон тобу, агып бараткан жумуру жыгач, баары алагды кыла берди. Эми дагы бир нерсе ойлогон оюн дүрбөлөңгө салды. Тынч алдырбаган, кандайдыр бир түшүнүксүз, курч, дөшүгө тарс эткен балкадан чыккансып, темирдей такылдаган даана дабыш, анын жакындары тууралуу оюн бөлүп жатты. Ал кулагын түрө эмне болгон жана кайдан келип жаткан үн экенин ажыратканга аракет кылды: ал үн бир эле убакта учу-кыйыры билинбеген алыстан да, ошондой эле өтө жакын жерден чыгып жаткансыды.
Тыкылдаган үндүн аралыгы тепетең ченелгендей, бирок жаназадагы коңгуроодой жай эле. Ал ошол үндү кайра-кайра тынчы кетип, эмнеге экенин өзү да биле албай күтүп жатты. Акырындап үндөрдүн арасы улам узарып, ортосундагы тынымдар жан чыдатпай баратты. Ал үндөр канчалык сейрек болгон сайын, ошончолук күчтүү жана так угула баштады. Бычак менен кулагын тилип аткансып, кыйкырып ийбейин деп араң турду. Бул үндөр саатынын тыкылдаган дабышы эле.
Көзүн ачты да, кайра эле ылдый жактагы сууну көрдү. “Эптеп колумду эле бошотуп алсам, моюнумдагы арканды сыйра ыргытып, сууга секирип кетмек элем. Терең чумкуп кетсем, ок жетпей калмак, андан ары жээкке чыгып, токойго жашынып алып, үйгө жетип бармакмын. Үйүм болсо кудайга шүгүр, фронттон алыс; баскынчылардын колу аялыма, балдарыма али жете элек”, - деп ойлоду ичинен.
Бул жерде чийки сөз менен баяндалып жаткан ушул ойлор өлүмгө буюрулган тиги кишинин мээсинде чагылгандай чарк эте түшкөн убакта, капитан сержантка белги берди. Сержант дароо четке кадам таштады.
2
Алабаманын тектүү жана кадырлуу бүлөсүнөн чыккан, колунда бар, көбүнчө кул ээлөөчүлөрдөй эле, түштүк штаттардын көз карандысыздыгын жактаган саясий күрөштүн[4] мүчөсү болгон Пэйтон Факуэр, түштүк иши дегенде ичкен ашын таштап койгон кишилерден эле. Анын өзүнөн такыр көз каранды эмес, бул жерде тизмектеп отуруунун кереги жок кээ бир себептерден улам, Коринф[5] аймагында салгылашып, бак айтпай ошол жерде таш-талканы чыккан эр жүрөк аскерлердин катарына кошулуп калууга мүмкүн болгон жок, ошондуктан ал жоокерлердин кызыктуу жашоосун кыялдана, болгон күчүн жумшап, кандайдыр бир эрдик жасай калууга ыңгайлуу учур таппай санаага батып жүрдү. Согуш убагында андай учурлар башкаларга буюргандай эле, ага дагы бир күнү тагдыр жылмаярына ишенер эле. А азырынча колунан келгенин кылып жүрдү. Түштүктүн пайдасы үчүн кымындай нерсе болсо өтө чоңдой көрүп ойлонбостон аткарууга даяр эле; сүйүүдө да, согушта да каалаганыңды кылсаң болот деген жаман ойго чын дилинен терең ишенип алган штаттык эр жүрөктөрдөн башка эч кандай коркунуч аны токтото алмак эмес.
Күндөрдүн биринде Факуэр аялы менен өзүнүн короосунун дарбазасы жактагы таштан жасалган отургучтарда отурганда, ичкенге суу сурап боз формачан аскер келип калды. Аялы анын өтүнүчүн аткаруу үчүн эпилдеп үйгө кирип кетти. Ал кеткен соң, күйөөсү бозала чаң атчандын жанына бара калып, согуш майданындагы абалды иттей кызыгып сурай баштады.
- Янкилер[6] темир жолдорду кайра калыбына келтирип, эмки чабуулга даярдана башташыптыр, - деди тигил аскер. - Алар Үкү-Сайга чейин келишип, темир жол көпүрөнү оңдоп, өз жээгинде коргон тургузуп коюшуптур. Бардык жерде темир жол, көпүрөлөр, тунелл жана темир жол курамдарына зыян келтирген штаттыктар соту жок эле, дароо дарга асылары тууралуу буйрук илинип турат. Ал буйрукту өзүм да окудум.
- Көпүрө алыспы?
- 50 чакырымдай...
- А биз жак жээги кайтарылып турабы?
- Жээктен бир чакырымдай алыста гана күзөт, анан көпүрөдө жалгыз кароолчу бар, болгону ошол.
- А эгер, дагы бир арам өлгүсү келген штаттык ошол күзөттөн акырын байкатпай өтүп барып, тиги кароолчуну тындым кылса, эмне болот? – деп жылмая сурады Факуэр.
Тиги аскер ойлонуп туруп калды.
- Мен ал жакка бир ай мурун барган элем, кар эрип, суу киргенде толгон-токой бак-шактар агып келип көпүрөнүн жыгач түркүгүнө такалып калыптыр. Эми ал бак-шактын баары кургап, өрт койсоң самандай күйүп кетет.
Факуэрдин аялы келип калды да, аскерге суу узатты. Аялына рахматын айтып, үйдүн ээсине акырын ийилип, узап кетти. Бир сааттан кийин күүгүм кирип калганда, ал кайра плантациянын жанынан келген тарапты көздөй өтүп кетти. Ал федералдык аскердин чалгынчысы болчу.
3
Пэйтон Факуэр көпүрөнүн асты ачык жеринде асылары менен эсин жоготуп, өлүп калгандай эле болгон. Миңдеген жылдардан кийин, куушурула кысылып калган кокосу иттей ооруп, дем жетпей, эсине келгендей болду. Азапка салган курч ооруу моюнунан бардык денесине тарап, жайылып аткансыды. Ооруу тарам-тарам бөлүнүп, өтө тездик менен кайталанып жатты. Денени жан чыдагыс чокко салган өрт агымындай туюлду. Башы ооруган деле жок, тескерисинче кандын баары башка тээп, кулактары тунуп калды. Эч нерсени ойлоно алган жок. Ойлонууга дарманы такыр калган эмес, ал бир гана сезип жатты, сезгенде да жан ачыткан азапты сезип жатты. Ошентсе да, кыймылдай алаарын билип турду. Бардык түп негизинен ажырап, бир гана жаркыраган жарык булуттун оттой ысык чок ортосуна айланып, кылтакка түшкөн балыктай тыбырчылап, салаңдаган бойдон ары-бери термелип турду. Кокустан көз алдында турган жарык чалп эте катуу дабыш менен өйдөнү көздөй учуп кетти, кулагы күрүлдөгөн үнгө тунуп, өзү муздак жана караңгыга түшүп кеткенсиди. Эсине келе түштү, аркан үзүлүп сууга түшүп кеткенин түшүндү. Жип моюнун бекем кысып, өпкөсүнө суу кирбей калды. Дарга асылып, анысы аз келгенсип, сууга чөгүп өлүү – ойлосоң ойго келбейт мындай нерсе. Көзүн ачса караңгы туңгуюк, өйдө жакта гана араң бүлбүлдөгөн жарык көрүнөт, бирок ушунчалык кол жеткистей сезилет! Ал дагы эле ылдый чөгүп кете бергенсиди, анткени тигил жарык улам сайын үлбүрөп көрүнбөй баратты. Анан бираздан соң кайра жарык боло түштү да, агым менен суу бетине чыгып баратканын түшүндү, абалы мурункуга салыштырмалуу жакшы болуп калганынан кайра жүрөгү зырп эте түштү. “Дарга асылсам, сууга чөгүп өлсөм мейли, бирок эми ок тийип өлүп калганды такыр каалабайм. Жок, атып салышпастыр, жок, мунусу ашыкча болуп кетет” – деп ойлоду ичинен.
Кыймылдагысы деле келген жок, бирок билектери какшап оорутканынан колдорун бошотконго аракет кылып жатканын түшүндү. Көз боочунун (фокусник) кылгандарына көз салып турган кишидей аягы эмне болоруна кайдыгер карап, өзүнүн бошоноюн деген аракетине болгон көңүлүн салды. Оо, ушундай да шамдагай беле?! Ушундай да тоодой күч болобу, карачы! Ах, кандай сонун! Азамат! Жип чечилип, колу бошоп, агымга бош коё берди, айлана жарк эте түшкөнүнө колдорун элес-булас айырмалай алды. Моюнундагы жипке бир колу, андан кийин экинчиси чап жармашканын улам кызыга байкап турду. Иттей жини келгендей чечип, ары коё берип салды, анысы сары жыландай ийрелеңдеп агып кете берди.
“Байла, кайра байла!”, - өзүнүн эки колуна ушинтип кыйкырып ийгендей болду, анткени жипти чечкенден кийинки азап буга чейинкилерден да беш-бетер ашып кетти. Моюну жан чыдатпай ооруп, башы чоктой ысып, буга чейин билинер-билинбес согуп жаткан жүрөгү сыртка чыгып кетчүдөй болуп тамагына тыгылып калгансыды. Бүт денеси оорудан улам тырышып калды. Бирок ээнбаш колдору тил алган жок. Колдору суу ичинде тынбай өйдө-ылдый чабак уруп, суу бетине чыгарууга жанталашып атты. Башы суудан чыгары менен күнгө көзү уялып, көкүрөгү диркиреген бойдон кеңейе түштү да, мындан ашык оору болбос деп чыдабай калганда гана өпкөсүнө дем толуп, кайра дароо ач айкырыкка айланып чыгып кетти.
Эми араң толук эсине келди. Жадагалса мурдагыга караганда баардыгын курч сезип, бат баамдап турду. Бүтүндөй денесин алай-дүлөй кылып өткөн катаал азаптын артынан сезгичтиги күчөп, өткүрлөшүп, мурда такыр байкалбаган нерселерди да байкап калыптыр. Бети менен суунун ар бир жыбыр толкунун сезип, кезеги менен шарп эткен суунун ар бир дабышын ажырата билип жатты. Токой баскан жээкке көз салып, ар бир даракты, ар бир жалбырагы менен шактарын, жалбырактагы чырылдак, курт-кумурскаларды дагы, үстү жалтырак чымындар, талдан-талга желесин жайган боз жөргөмүштөргө чейин көрө алды. Миллион тал чөптөгү шүүдүрүм тамчыларынан нечен түрдүү кулпунган түркүн түстөрдү көрдү. Чымын-чиркейлердин дыңылдаганы, ирим сууда ийрелеңдеп бийлеген ийнеликтин канаттарынын дирилдегени, калагы көтөрүлгөн кайыкка окшош сүзгүч коңуздун суу үстүндөгү үнү, баары тең бир бүтүн обондой эле. Бет маңдайынан бир балык сүзө качары менен анын сууну жиреп баратканын угуп калды.
Суу бетине калкып чыкканда көпүрө арт жагында калган экен, ошол эле учурда чар тарап анын көз алдында тегерене тартыла баштады да, көпүрөнү, эңкейиш жээктеги коргонду, жан алгычтай сүрдөнгөн капитанды, сержантты жана эки аскерди көрдү. Көкмөк асманда алардын карааны так билинип турду. Алар тигиге кол шилтеп, кыйкырып жатышты; капитан тапанчасын колуна кармап, бирок аткан жок; башкалардын колунда курал жок эле. Алардын кол жаңсаган килейген караандары ыгы жоктой, коркунучтуу сезилди.
Бир кезде октун катуу үнү угулду да, башынан бир карыштай ары суу чалп эте бетине чачырады. Октун үнү кайра жаңырды да, учунан көк түтүн чыккан куралын бекем кармап турган сакчылардын бирөөсүн көрдү. Агып баратып, көпүрөдөгү сакчынын мылтыгынын мээлегичинин тешигинен карап турган көзүн көрдү. Анын көк көзүн байкап, мындай көздөр курч болорун, атагы таш жарган көзгө атарлардын баары көк көз болгонун эстеп кетти. Бирок ал көк көздүн огу кайра тийбей калды.
Суунун агымы Факуэрди илген бойдон токойлуу жээкке бура агызды. Арт жагында так жана шаңкылдаган үн угулду да, өткүр жана обонго салынгандай дабышы суу бетинен ушунчалык так жетип келип, башка үндөрдү, жада калса суунун шаркыраганын жара өтүп, басып салды. Факуэр деги эле аскер болбосо да, аскердик лагерлерге байма-бай каттап жүргөндүктөн атайы шашпай бир калыпта созулуп айтылган каардуу буйруктун маанисин жакшы билчү; жээкте тизилип турган аскер тобунун командири ишке аралаша кетти.
Муздак жана ырайымы жок ишенимдүү кенебестик менен аскерлерге атайын дем берүү ирээтинде таразага салгандай даана-даана өктөм сөздөр чыкты.
- Бөлүк... Түзөл!... Куралды колго ал!... Даярдан... Мээле... Ат!
Факуэр болушунча терең чумкуду. Суу Ниагара[7] шаркыратмасындай шарылдай түштү, ошентсе да атылган октун күркүрөгөн жапырт үнү басаңкы болуп кулагына илинди, кайра суунун үстүнө чыгып баратып бир кызыктай жалпайып, термелип тереңге жай чөгүп бараткан жалтырак темир бөлүкчөлөрүн көрдү. Алардын кээ бирөө бети-колуна тийип, кайра акырындан чөгүп кете берди. Бирөөсү жакасынын ичине кирип кетип, ысый түшкөнүнөн дароо чыгарып таштады.
Сууда бир топко чумкуп сүзүп жүргөнүн деми кыстыгып калкып чыкканда гана түшүндү; дайранын агымы аны бир топ алыска, коркунучтан алыска агызып кетиптир. Аскерлер мылтыктарын октоп бүтүп калышкан эле; мылтыктын түтүгүнөн ажыратып алынган темир сүмбөлөр (шомпол) суу бетинде жарк-жарк эте ары-бери ойноп, кайра уячасына салынды. Ошол учурда тиги эки сакчы өзү билемдик менен кайра ок жаңыртышты, бирок майнап чыккан жок.
Алардан араң кутулган качкын улам-улам артка кылчайып, мунун баарын көрүп турду; эми ал шекшинбестен агым менен кошо сүзүп бара жатты. Мээси колу-бутунан калышпай иштеп; ойлору чагылгандай ылдамдыкка ээ болду.
“Лейтенант, мурдагы тартипке ылайык иш-аракет кыла калам деп жаңылышып калды, мындан ары анте койбойт. Жапырт атылган октон да, жалгыз октон да оңой эле буйтап кетсең болот. Тиги эми аскерлерге каалагандай аткыла деп буйрук берди го. Иш чатак, баарынан качып кутула албайсың”, - деп ойлоп сүзүп баратты ал.
Бир кезде эле шар эте дүңгүрөгөн катуу үн угулуп, жаңырыктап, кайра коргонго кайтып баргандай болду да, анан эки кулач арыраакта дайранын түбүнөн бери аңтара, кулак тундура жарылды. Суу анын бет маңдайында тоо сымал көтөрүлүп барып эңкейди да, басып калды, эч нерсени көрсөтпөй, дем алдырбай басып калды. Замбиректи ортого салышкан экен. Көбүрүп кеткен суунун алай-дүлөйүнөн силкинип, бошонгонго аракет кылгычакты, зуулдаган замбиректин үнү кайрадан кулакка урунду да, бираздан соң токойдон талдардын качыр-кучур эте сынганы угулду. “Болду эми бытыра менен аткылашса керек. Замбиректи байкап туруу керек; түтүнүнө жамынып, жашынып кетсе болот, үнү болсо огунан кеч жетет. Замбирегине сөз жок, мыкты экен”, - деп ойлонуп койду.
Бир кезде башы айланып, тегеренип баратканын сезди. Суу, эки жээк, токой, тээ артта алыста калган көпүрө, коргон жана аскерлер, баары тең бүдөмүк тартып, аралаша түштү. Түстөрдөн башка эч нерсени байкай алган жок. Зуулдаган бойдон айлана учкан түстөрдөн башка эч нерсени көрө алган жок. Айлампага кирип кетип, башы айланып, кускусу келгенче катуу тегеренип баратыптыр. Бир канча секундадан кийин бираз дөңсөө, душмандарынан далдоорок жердин аркасындагы кумдуу күңгөй жээкке сүрүлүп чыгып калды. Айланып-тегерене берип үмүтүн үзүп койгондо токтоп, колу ташка урунуп сыйрылып эсине келди да, сүйүнгөнүнөн ыйлап ийди. Колун кумга матырып, чуурутуп өзүнө чачып, сыйынып жиберди. Кагыраган кум алмаздай, лаалдай, зымырыт таштай жалтырап, дүйнөдө эмне укмуш бар болсо ошолорго тең окшоп турду. Жээкти бойлой өскөн бак-дарактар килейген бакча өсүмдүктөрү сымал өңдөндү, тим эле карыштап ченеп тизип койгондой болуп турганына таңданып, бүчүрлөрүнүн жыпар жытын жыттап атты. Талдардын арасынан бир сырдуу кызгылт нур төгүлүп, жалбырактарды аралап өткөн шамалдын дабышы Эол арфасынын[8] мукамындай сезилди. Душмандарынан качып кеткиси да келбей калды, кубалап жетип келгичекти ушул керемет жерде жата бермек.
Бытыранын ышкырыгы менен өйдө жактагы талдардын качыраган үнү кур кыялын бузду. Жини келип калган артиллериячы болжоп туруп акыркы жолу “ысык салам” жолдоду. Ордунан атып турду да, эңкейиш жээкти бойлой чуркап барып, токойго кирип кетти.
Күндү карап, ошого жараша багыт алып, кечке жүрүп отурду. Токойдун түбү жоктой сезилди; бир да ачык аянт, же жалгыз аяк жол көрүнгөн жок. Ушунчалык адам буту баспаган ээн жерде жашарын билбей жүргөн экен да. Бул ойдон эмнегедир жүрөгү муздай түштү.
Кеч кирип калганда эси ооп, ачка болуп такыр эле алы калбай калды. Бирок аялы жана балдарын ойлоп тынган жок. Акыры бир жолго чыкты, дал ушул жол үйүнө алып барчудай сезилди. Ал жол чоң шаарлардагыларга окшоп кең жана түз эле, бирок ал жак менен эч ким баспагандай сыяктанат. Айланада талаалар, курулган үйлөр көрүнбөйт. Адамдардын баласы жашагандай да көрүнбөйт, бир да ит үрүп чыга калган жок. Килейген бак-дарактардын кара карааны жолдун эки тарабында бийик аскадай болуп, тээ алыска барып бир чекитте биригип кетти. Ушул тоодой болгон токойдун ортосундагы жылчыктан өйдө караса, асмандагы чоң-чоң алтын жылдыздар бир кызыктай топ болуп, такыр эле чоочун көрүндү. Алардын турган орду бир сырдуу, бир жамандыктан кабар берип тургансыды. Курчап турган токой тири укмуш үндөргө толуп, алардын арасынан кайра-кайра бейтааныш тилдеги шыбышты дааналап туйду.
Моюну чыдатпай ооруп, кармалап көрсө иттей шишип кетиптир. Карарып калган тегерек из – аркандын изи экенин билип турду. Көздөрү чакчайып жумулбай калган. Тили суусагандан көөп чыккан; чоктой ысыгын басуу үчүн, сыртка салкын абага сунуп алды. Карачы, бул жолдо киши баспай майда жумшак чөп басып калганын! Бутуңа ширелип жан эргитет!
Сыягы ошончо кыйналганына карабай басып баратып уктап кеткендей, караса башка жакка келип калгандай болду, балким жөөлүп атып эми эсине келгендир. Үйүнүн дарбазасына келип калыптыр. Кеткенде кандай калса ошо бойдон экен, баары тең таңдын нуруна кулпуруп турат. Түнү менен тынбай жол басып чыккан окшойт. Дарбазанын эшигин түртүп, үйдү көздөй бир канча кадам таштары менен желбиреген аялдын көйнөгү көзгө илинди; жаш, жайдары жана сулуу келинчеги үйдүн тепкичинен күйөөсүн көздөй бет алды. Эң ылдыйкы тепкичке туруп алып, айтса сөз жеткис бактысы бардай жылмайып күтүп турат. Эх, ал кандай гана сулуу! Күйөөсү кучагын жая, ага чуркап барды. Мына эми кучагына кысайын дегенде, аркасынан моюнга катуу бир нерсе шак этти; замбирек жарылгансып бардык тарап көз уялтып аппак болуп күйүп кетти да, андан соң айланасы капкараңгы тынчтыкка сүңгүдү!
Пэйтон Факуэр өлдү; моюну сынып, өлүк денеси Үкү-Сайдагы көпүрөнүн устундарына асылып, жай гана ары-бери термелип турду.
Англисчеден которгон Азат ЖАПАРБЕК
[1] Алабама – Кошмо штаттардын бири. Европадан эң алгачкылардан бул аймакка испандар келген, эң алгачкы кыштак француздар тарабынан 1701-жылы түзүлгөн.
[2] Шериф – Англия менен АКШда жогорку административдик жана соттук мансап.
[3] Федералдык армия – Америкада 1861-1865-жылдардагы жарандык согушта 11 түштүк штаттан турган федералдык өкмөт армиясы
[4] Түштүк штаттар негизги бирикмеден 1860-1861-жылдарда баш тартышкан. Түштүк жана түндүк штаттардын экономикасы, кул ээлөчүлүк, соода жана штаттык укук боюнча көз караштары эки башка эле.
[5] Коринф – Миссисипинин түндүк-чыгышындагы шаар, ушул шаардын түндүк тарабында АКШ Жарандык согушунун кандуу тирештеринин бири болгон.
[6] Янки – Жаңы Англия штаттарынын жарандарына карата айтылган лакап; түштүктүктөр тарабынан түндүктүктөргө карата Жарандык согуш маалында айтылган.
[7] Ниагара шаркыратмасы – Түндүк Американын түндүк-чыгышында, Канада жана АКШ чек арасында жайгашкан Ниагара дарыясындагы шаркыратма.
[8] Эол арфасы – желдин таасири менен кылдары чертилип, уккулуктуу үн чыгарган музыкалык аспап; грек мифологиясында Эол – шамал кудайы.