АҢГЕМЕ
Балким, сен азыр сарайда жүргөндүрсүң. А балким, коломтодо кесме даярдап же ийигиңди чимирилте ийирип, ал эми таргыл мышык жаныңда кырылдап уктап жаткандыр.
Апаке, мен сага кат жазып отурам. Болгондо да көлдүн жээгинен. Тунук көл шарпылдап оолукпастан, жыбырап гана тынч жатат. Анын түрүлгөн мейкининде кылкылдаган катерлер, кулач урган уландар жүздөп жүрүшөт.
Эх апаке, бул өмүр бизди дагы кайда алып бармакчы?! Бир кезде сен жаштыктын дооронун сүрбөсөң, же бүгүнкү күндөгүдөй колуңа таяк алып карылыкка моюн сунбасаң, анда мен өз законун талап кылган өмүрдү «дагы кайда алып бармакчы» — деп айтаар белем. Кат жазып отуруп көзүмдү жумсам, анын караңгы көшөгөсүнөн сенин бырыш аралаган жүзүңдү, ак баскан чачтарыңды жана өмүр бою турмуш жолун тырмалаган чор болгон колдоруңду көрөм.
Эсиңдеби? Мен анда музообаштай гана кичинекей тентек элем. Ошол кезде сен көп ыйлачусуң. Атамдын экинчи аял алып, чөбүрөдөй бизди карабай кетиши сени алсыратып таштаган. Бирок, биз баары бир өсүп жетилдик. Ал күндөр, албетте, экинчи кайрылып келбейт. Сен эми эч качан мени эртелеп тургузуп, атамдын эски моюн орогучун мойнума ороп, мектепке жөнөтпөйсүң. Ал кичинекей караан кезинде гана көз алдыңдан өтүп, эстегениңде элеси энелик карегиңде калды. Ошол күндөр уучуңа гана сыярлык аз, бирок кызыктуу көрүнөт. Жаратылыш өз боёгун тартиби боюнча жылына жаңылап коюп гана сыр алдырбай тунжурайт. Ал эми өмүрчү? Өтүп жатат, өтүп жатат. Эч токтой турган ниети жок. Кантелик, өмүр өз законун талап кылат. Адам турмушка мейман. Түбөлүккө дүйнөдө калчу ким бар!
Балким, кээде менин кичинекей издерим калган бөксө жолдор менен таягыңды тыкылдата жайлоонун ызы-чуу кечинде мал артынан басып каларсың. Апа, ошондо сен, менин бир кездеги үйрөтүлгөн тайды тыбырчылата жайдак чаап өткөнүмдү жана балтыркандуу колоттордо козуларды кубалаган чердеңдеген караанымды көз алдыңа келтирчи? Эсиңдедир, менин кичине чагымдагы жакын жолдошторум, ит менен козу-улактар эмес беле?
Мына ушулардын баары жөө туманга илээшкенсип, түбөлүккө алыста-алыста кала берди. Куткарбас өлдү. Козу-улактарды союп жедик, сен картайдың, мен жетилдим. А жайлоочу? Ал жылына жашарып, кызгалдактар жайытта суйкайып, башайы чымчыктар гүлкайырдын башында канаттарын тарап отургандыр.
Ах, апаке-ай, мына ушуларды эстесем, ээн жерге барып, көк чөпкө жатып, шолоктоп ыйлап алгым келет! Бирок, натыйжасыз. Өткөнгө ыйлоо мен үчүн абдан оор...
* * *
Күнү кечээ эне жөнүндө кино көрдүм. Бул индиялык кайгылуу фильм эле. Күн жаап турат. Эне эки баласын колтугуна кысып, дүйнөнүн берекелүү бурчтарын кыдырып, өзүн унутуп, балдарына бакыт издейт. «О, түбүң түшкөн турмуш, сен алсызга неге мынча мисирейип төбөңдү көрсөтөсүң!» — деген барабандын тарсылдаганы кыяк үнүнө кошулуп боздободубу. Ана, алар дале бара жатышат...
Жол бою жай гана жалгыз келе жаттым. Башымды кандайдыр бир күчтүү, толкундаткан жаңы ойлор бийлеп алды. Муңдуу кыяк үнү кулагымда созолоно берди. Күн кечтеп, шаарга ала көлөкө түшө баштаганда ээн бакчага бардым да, эне жөнүндө кыялданып ойлоно баштадым.
Эне эки баласын чоңойтуш үчүн бир гана өлүп көргөн жок. Башкасын бүт иштеди. Акырында анын чачы агарды. Мүчөсү бузулуп, колуна таяк алды. Балдары жетилип өстү. Бирок, өмүрүнүн акыркы күндөрүндө эне тунгуч уулун өз колу менен атып өлтүрдү. Ооба, өз колу менен атып өлтүрдү. Буга таң калуунун же кыжырдануунун кереги жок. Уулу чоңойгондо энесинин ак сүтүн жана эмгегин баалабады. Элине бейбаш чыгып, энеге наалат келтирди. Ошентип, өз энесинин колунан өлдү.
Эненин башы калтаңдап, боор этинен жаралып, жансыз жаткан баласынын үстүнө учуп түштү, анын жылуу денесин жыттап эсинен танды. Долуланган шамал эненин суюк чачын алды-артына уйпалап, анын көп жылдар көз жашка жуулган карт жүзүн аймалап, кайта уюлгуп жер сапыра Индия талаасын чаңытып жатты.
Карачы, апа, ал кандай бактысыз эне. Алардын өлкөсүндө жакырчылык, наадандык али да болсо бар. А сен, ал энеге такыр окшобойсуң. Себеби, мен «Күн шаарынан» жетилип өстүм.
Эч адам таптабаган жаш чөптөрдү аралай ары бастым. Шаар деңиз тереңинде ыракаттана чөмүлгөнсүп, саратандын кечки жамгырынан кийин чаңдан силкинип, серүүндөй түштү. Көк жалбырактар моюн алыша бутактарда сүзүшүп, алардын учунан тунук тамчы тып этип жерге тамат да, анын ордуна жаңы тамчы мөлт эте илинет. Соксойгон Ала-Тоонун чокусунда жалбырттай өрттөнгөн булуттар батып бараткан күндү кош айтып узатып, кээси тарам-тарам болуп асмандын көгөргөн алаканында бери-бери сызса, кээси күндүн гана батышын күткөнсүп ордунда турат. Барган сайын кеч көзүн магдырай жумуп, биздин шаардын асманы жүзүнө жыбыраган жылдыздарды кадап, тоо башынан ай көрүндү. Ошол ай азыр чалкалай тартып, аркан бою көтөрүлдү.
Эсиңдеби, апа, бир кезде ушул айдын жарык нурун этектеп жол жүргөнүбүзчү? Атам карабай кеткенден кийин көп узабай Таластан өзүбүздүн кичинекей айылга көчүп кетүүгө аргасыз болбодук беле? Мына ошондо сен белиңди бекем бууп, турмушка сыр бербей түзүктөп жашоо үчүн бар күчүң менен күрөшкөн экенсиң. Үй ичин арабага жүктөп, түн ичинде келе жатканыбызда ошол ай жолубузду ачып берди. Арабаны чирене тартып чарчаган ат башын жерге салып жай гана келе жатты. Жол боюнда «чир-чирр-рр» эткен чегирткелер биринин үнүн бири коштоп: «Биз тирүүбүз, биз жашап, секирип, чардап жүрөбүз» — дегенсишет. Мен кыңкыстап ыйлап жибергенимди билем. Үстүмө үйрүлүп түшө калып, эмне үчүн бышактап жатканымды сурадың.
— Нан... нан, апа...
Сен акырын чайпалган арабанын үстүндө тизең менен жөрмөлөп жүрүп, кайсы бир түйүнчөктөрдү оодарып жатып, жарты токочту колума карматтың. Бирок, башымдан сылап өпкөн жоксуң. Жөн гана кичинекей төшөккө үшүбөс үчүн кымтыладың да, жаныма коомай кыйшая кеттиң. Ошондо мен ушул өмүрдү, жаратылышты, айды жана үстүмө жүз үйрүлүп түшө калган сен жөнүндө ойлонгон эмес элем. Бир гана оозумда чайналып жаткан нандын даамы жана майда таштарга кычыраган арабанын дөңгөлөгү эсимде кирди-чыкты калган тура.
А азырчы? О, апа! Ошол айдын нуру тийген жүрөгүмдө, сенин элесиң, энелик мээримиң өсүп жетти. Алыс жүрүп, шайыр мүнөз, эмгегинен баар тапкан, элди көрдүм. Белесинде арча, мейкининде жымырап тунук жүзү менен асман карап көлү жаткан жерди көрдүм. Мына ушулар мени башкача бир кызыктуу турмушка алып кетти.
«Балам, адам жашоо үчүн жаралат, бакыт үчүн күрөшөт, намыс үчүн чыңалат» — дедиң, мен жигит болуп, өз бактымды издөө үчүн үйдөн чыга берген күнү. Мына ошондон бери жеке өзүмө бакыт издептирмин. (Бактылуу болууну жаш кезимден эңсөөчүмүн). Ал эми бакыт деген эмне? Чардап бир бурчта жакшы жашасам, байлык башымда үйүлүп жатса, винону чөйчөгүмө куюп алып, балконго чыгып:
«Эх, жол зымырап узун болсо, мен жашасам, жыргасам...» — деген мындан эки жыл мурун ойлогон оюма, азыр көл жээгинде отуруп «тфу» деп жерге түкүрдүм. Анткени, мен анда али турмуштагы адамгерчиликке, абийирдүүлүккө жана чыныгы жыргалчылыкка анчейин баа бере элек болсом керек...
Бакыт деген эмне? - деп бир ирет өзүмө өзүм суроо бердим.— Бакыт дегенби? Ал - мамыда туйлаган тулпар эмес. Ал - жыйылып ашкан дүнүйө эмес. Ах, апаке, чыныгы бакыт — бирден-бир өмүргө үлүш ден соолук, деми менен алдыга коштогон эл, ушул жарыктыкка тогуз ай көтөрүп жараткан сен эмессиңби?! Ушул менин бакытым. Болбосо байлык ким, адам ким? Байлык адамды түбөлүккө даңазалап кала бербейт. Ал кезинде — жыргал, кезинде — душман!»
Мына, кеч да кирип барат. Фрунзенин талаа асманы көшүлө көгөрүп, жер бетине жылдыздар чачылгансып, миңдеген чырактар күйө баштады. А мен...
А мен али кат жазып бүтө элекмин. Бул кат өткөн өмүрдүн жана алдыдагы тоодой эмгектин бир гана кичинекей үлүшү. Мен дагы жер көрүп, дагы билим алып, турмуштун бийик пирамидасынан караанымды көрсөтүүгө бүткүл эмгегимди, бүткүл жаштык күчүмдү аябаймын. Мүмкүн, ошондо катты толук жазармын... А азырчы? Изденүү, изденүү, изденүү!..
Кош, апаке!..