Виктор Ерофеев: Улуу Октябрь жол болбостук революциясы

  • 13.09.2021
  • 4097

1917-жылдын октябрь-ноябрь айларында Орусияда болуп өткөн окуялар дүйнөгө чоң өзгөрүүлөрдү алып келгенин тана албайбыз. Ал кандай өзгөрүүлөр эле? Адамзат тарыхын кайсыл багытка бурду? Бул суроого ар кыл пикирлер айтылып, түрдүү жооптор берилип келет. Анда эмесе алардын арасынан жазуучу Виктор Ерофеевдин өзгөчөлөнгөн пикирин угуп көрсөк...

“Улуу Октябрь Социалистик Революциясы” деп 1917-жылдын октябрындагы төңкөрүштү коммунисттер мактагандай ал өз жыйынтыктары боюнча чындап эле улуу болгон. Жон Риддин айтуусу боюнча ал “бүт дүйнөнү астын-үстүн кылган”, дагы да элестүү айтканда айдоочусу жок тарыхтын поездин жүргүзүп, кайда барсаң бар деп темир жолго салып жиберген. Кандай болбосун, ким эмне деп айтпасын ал 20-кылымдын эң негизги окуясы. Түрдүү жаныбарлар чыккан жомоктогу жумурткадай болуп анын кесепетинен жер жүзүндө ар кыл жаман окуялар болгон (мунун шарапаты менен кээ бир жакшылыктар да болгон дечи).

Тарыхка мындай божомолдорду айтуу жарашпаса да, менин оюмча Октябрь революциясы болбосо Гитлер да болмок эмес! Анткени бизге белгилүү болгондой Сталин башкарган Советтер Союзу отузунчу жылдардын башында Германиянын солчул күчү саналган коммунистер менен социал-демократтардын биригүүсүнө жолтоо болушкан. Бара-бара Гитлердин бийликке келишине шарт түзгөн бул окуянын айынан экинчи дүйнөлүк согуш чыгып, кийинки маалыматтар боюнча Советтер Союзу Гитлер менен болгон согушта 40 миллиондон ашык жаранынан айрылган.

Октябрь революциясы болбосо Мао Дзэдун да, анын интеллигенцияны сойкуларга кошуп жок кылганы, ал тургай таранчыларды кырган “маданий революциясы” да, Янцзы дарыясын сүзүп өтүп, аны уламышка айланткандагыдай түрдүү жийиркеничтүү жоруктары да болмок эмес.

Октябрь революциясы болбосо, Батыш өлкөлөрүндө социалдык институттар жаандан кийинки козу карындай тездик менен ачылып, дүркүрөп өсмөк да эмес, Маркс жазган капитализмден рыноктук экономикага өтүү болбойт болчу, мындан улам баары жыргал жашоого жетишпесе да, алар жок дегенде цивилизациялуу демократияда жашап жатышат. Ич күйдүлүк жок дечи, бирок Октябрь революциясынан биз эмес Батыш көбүрөк пайда тапты. Анткени алар советтик тоталитаризмге жакшы жагынан атаандаштык жаратабыз деп жатышып, демократия, адамды барктоо, анын эркиндиги жаатында көп жакшы нерселерди үйрөнүштү, рынокту дагы да өздөштүрүштү.

Эгер Октябрь революциясынын дүйнөлүк тарыхка тийгизген таасири жөнүндө уланта берсек, анда Октябрсыз азыркы адамзатты күйгүлтүккө салган эл аралык терроризм да болмок эмес.

Терроризм – бул өз максатына жетиш үчүн эч кандай коркунучтуу куралдарды колдонгондон кайра тартпаган большевиктик айоосуз тактиканын туундусу болуп саналат. Тилекке каршы, мунун айкын мисалын жана жугуштуу үлгүсүн социалистик Куба өлкөсү өз кара өзгөй жамандыктары менен даңкталган “террористик иконасы” Че Гевара менен көрсөткөн. Бул орус революциясы жараткан “кесипкөй революционердин” зомбулуктарын бүгүнкү күнгө чейин көптөр эрдик санап келишет. Мындан улам адам табиятындагы жамандык үрөнүн утопиялык максаттар үчүн өстүрсө болорун кара ниет күчтөр аңдап, шахиддер сыяктуу жан кечтилерди өстүрүп чыгышты. 

Азыр эми булардын “урматына” биз дүйнөнүн кайсы аэропортунда болбосун баш кийимибизди турмак саатыбызды, курубузду, бут кийимибизди, үстүңкү кийимибизди чечүүдөн башка аргабыз калбастан, өз коопсуздугубуз менен эркин ой жүгүртүүбүздүн ортосунда тырпыраганга аргасызбыз.

1917-жылдагы Октябрь революциясы өз жыйынтыктары менен канчалык улуу болсо, ошончолук жол болбостуктарды жараткан. Биз жогоруда орус революциясынын бүткүл дүйнөгө тийгизген таасири жөнүндө кеп кылдык. Ал эми Орусиянын өзүнө келсек, ал орус элине эч кандай жакшылык алып келген эмес. Ыңкылаптын табиятына жараша англис, француз жана башка европа революцияларында кан төгүлүп, зордук-зомбулук жасалганы менен алар социалдык өнүгүүгө кыймылдаткыч болуп бере алган деп айтууга болот, ал эми  Октябрь революциясы Орусия элдерине дүйнөлүк тарыхта теңдеши жок эң жаман трагедияны алып келген. Ошондуктан Советтер Союзунун кулашы геосаясый апаат болгону жөнүндө айтылган сөздөрдө жүйө жок экени мага даана байкалат. 

Советтик адабиятта советтик жашоону мүнөздөй келгенде “кыйынчылыкка карабастан” жана “урматына” деген сыяктуу сөздөр термин сыяктанып көп колдонулчу да, төмөндөгүдөй сүйлөмдөр түзүлчү: “Капиталистик өлкөлөр бут тоскондон улам жаралган көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, коммунистик партиянын туура жүргүзгөн саясатынын урматына Советтер Союзундагы жашоо-турмуш майкөл-сүткөл бойдон калды”. Бул советтик мектепте окугандарга абдан жакшы тааныш сүйлөм. Ооба, Октябрь революциясынын арты менен СССРдин шарапатында анын курамындагы элдер жашап кете алышты, ал тургай окуу, билим, маданият, өндүрүш тармагында бир катар ийгиликтер жаралды. Бирок СССР болбосо деле өнүгүүнүн мындай “дөңгөлөгү” орус эли баш болгон Орусия курамындагы элдерди “тебелемек” деп ойлойм.

СССР учурунда элди коркунучтуу антиселекциялоо жүргөн, андан улам аристократтардан баштап дыйкандарга чейинки бүтүндөй бир социалдык катмарлар жок кылынган. Биз жөн жүргөн бир адамдарга айландык.

Азыркыга чейин биз орусиялыктар Октябрь революциясы казган аңдан чыга албай жүрөбүз, саясый акылмандыкты мындай коёлу, Орусияга ошондогу деңгээлдеги саясый маданият жетишпейт. Бул дагы болсо ошол революциянын кээри. Ал бизди кайрадан үңкүргө сүйрөп киргизип, жамандык жана жакшылык боюнча архаикалык түшүнүгүбүздү кайра калыптандырды, өзүбүздү-өзүбүзгө душман көрсөткөн “биздикилер” жана “биздик эместер” деген аң-сезимди түшүнүгүбүзгө орнотту. Биз, биз болгон үчүн кыйынбыз деп башкаларды үстүнөн караган көңдөй көйрөңдүктү, өзүмчүлдүктү үйрөндүк.

Ал Толстой Ростовдордун үй-бүлөсүн жазганда дыкат сүрөттөгөн орустун улуттук баалуулуктарын кутурган айбан сымал тытмалап салды. Бүткүл жалгандары менен дүйнөлүк согуштун өртүн тутанткан соң адамдын адамдык беделин тебелеп, анын жүрөгүнө коркунуч орноткон (бул сестенүү Орусияны дале болсо башкарууда) сталиндик улутчулдуктун желмогуздай доору өз өкүмүн жүргүздү.

Адамдарга тынчтык менен жерди убадалагандыгынан улам большевиктер жеңишке жетишкен деп жүрүшөт али. Мунун баары куру сөз. Тынчтыктын ордуна бир тууган бир тууганды өлтүргөн жарандык согуш жүргөн. Бул калаба революциядан кийин эмиграцияга кеткен Гайто Газданов жазгандай адамдардын мээсине “шарттуу мораль” орноткон. Жер алуунун ордуна коллективдештирүү учурунда алдыңкы түшүнүктөгү дыйкандар кырылган. Революциянын коргоочулары айтышар “сабаттуулук жоюлган, өнөр жайлашуу ийгиликтүү түрдө жүргүзүлгөн, дүйнөлүк согушта жеңгенбиз” деп. Сабатсыздык менен большевиктерге чейин эле күрөш башталган, өнөр жайлашуу ХХ кылымдын башында эле катуулап жүргөн, ал эми согуш курмандыктары тууралуу жогоруда айттым.

Эң эле таарынычтуу жана акылга сыйгысы чындык - дегеле Октябрь революциясы болбогону. Бул жөн гана мамлекеттик төңкөрүш болгон. Ал бардык эле мамлекеттик төңкөрүштөр сыяктуу өтүп кетмек, болбосо Биринчи дүйнөлүк согуштун шары менен турмуш агымында катуулап барып басылмак. Бирок андай болбоду...

Ооба, Орусияга революция зарыл болчу, ал тургай он жетинчи жылдын февралында ал болуп өткөн. Большевиктер анын алсыздыгынан пайдаланып, Орусияны канга сугарышкан, террор менен жалганга чөктүрүшкөн. Андан ары коммунистер уятсыздык менен калптарын чубап, ага ишенбеген жерлерде атууларды жүргүзүшкөн. Бул коркунучтуу кырсыктын капшабы улам өңүн өзгөртүп советтик доордо жүрүп келди, ал тургай азыр да жаңы түр алып башыбызда турат.

Террор менен цивилизацияны, маданият менен зордук-зомбулукту, акыл-эс менен куйтулукту элдештирүү кыйын экен. Азыркы орус бийлигинин баарын жараштыргысы келген аракеттери да кур чечендикке, эскиден үлгү алуучулукка таканчыктап турат. Орусияда жашоо эптеп күн өткөрүү катары үмүттүн үстүнө курулган. Жакшылыкка болгон ишеним орус адамын дайыма жаркын келечекти карай жетелеп келет. Качандыр бир бул үмүт адилет ойлонгон жаңы муунга таянуу менен иш жүзүнө ашып, орусиялыктар нормалдуу өлкөдө жашайт деген жакшы ой-тилегибиз бар. Ага чейин башыбыз ооруй бермекчи, бирок бул жашообуз жаман түш сымал артта калып, бир күнү жакшы жашоодо ойгонорубузга ишене жүрөлү.

Виктор Ерофеев, жазуучу, адабият таануучу, теле алып баруучу, "Орус сулуусу", "Жакшы Сталин", "Акимудалар" жана башка көптөгөн китептердин  автору, француздардын Ардактуу легиону Орденинин ээси.

Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз