Стефан Цвейг: Бир түнгө жаралган гений

  • 16.01.2024
  • 5186

Адамзат тарыхындагы олуттуу бурулуштар” түрмөгүнөн: Тарыхый көз ирмемдер

(Марсельеза, 25-апрель 1792-жыл)

1792-жыл. Эки айдан ашык, үчүнчү айга кетти, ушул мезгил ичинде Улуттук курултай: Австрия императоруна жана Пруссия королуна каршы согуш ачабызбы же жокпу деген маселени талашып, кызыл чеке. Людовик XVI өзү да эмне кыларын билбеди: революциялык күчтөр жеңип кетсе кандай күнгө туш келерин билет, жеңилип калса андан да жаман болорун сезет. Партияларда да бир жактуу пикир жок. Жирондистер, бийликти колдон чыгаргысы келбей, согуш ачууну көздөшөт; Робеспьер баш болгон якобинчилер бийликке келүүнү көздөп, тынчтыкка тырышат. Күн санап чыңалуу күчөп: гезиттер чуулдап, клубдарда бүтпөгөн талаш-тартыш, көбүрүп-жабырган имиш-имиштен улам коомдук пикир ээ-жаа бербей жалындайт. Ошондон улам 20-апрелде, акыры Франция королу согуш жарыялагандан кийин, оор маселе бир жаңсыл болгондо жеңилдеп үшкүрүп алгандай, бардыгы дымый түштү.

Ушул баш аягы билинбей чыңалган жумаларда Париждин үстүнөн жан дүйнөңө тынчтык бербей сыздаткан оор жүк басып тургандай болду, бирок чек арага жакын шаарларда андан да катуу чыңалуу, андан да катуу салмак ныгырып турду. Бардык аскер топтолуучу жерлерге аскерлер агылып, ар бир айылда, ар бир шаарда Улуттук гвардиянын ыктыярчылары, отряддары катталып, чыңдоолор курулуп, Франция менен Германиянын согуштарында эң биринчи кагылыш болуп келген Эльзаста, ушул Франция жергесинин кичинекей бөлүгүндө айрыкча катуу даярдык көрүлүп жатты. Бул жерде Рейн дарыясынын жээгинде,  жоо, душман, баскынчы дегени – Париждегидей жөн эле айтылган сөз, дайыны билинбеген үзүл-кесил сезим да эмес, куру чечендик үчүн кыстара коюлуучу лакап да эмес, бардыгы колго урунуп, көзгө көрүнүп турган кыймыл аракет; дарыя жээгиндеги көпүрөнү чыңдап, үстүнө тургузулган мунарасы дүрбүсүз эле, жакындап калган прусиялык полкторду байкап турууга мүмкүндүк берет. Түнкүсүн жел айдын муздак жарыгына чагылган дарыянын үстү менен аркы жээктеги душмандын сурнай менен бири бирине кабар бергенин, курал-жарактарынын кагышканын, замбирек лифеттеринин дүңкүлдөгөн добушун агызып келет. Бардыгы сезип турат: бир эле сөз, королдун бир эле декрети – ошону менен Пруссиянын забиректеринин оозунан гүрүлдөп от жана ок бүркүлүп, Германия, Франциянын миң жылдардан бери созулуп бүтпөгөн жаңжалы кайрадан башталат, бул жолу бир жагында – жаңы, эркиндик үчүн күрөш көздөлсө, экинчи тарабы жаңыланууга жол бербей эски тартипти сактап калууну көздөгөн согуш.

Ошол даңазалуу күнү 1792-жылдын 25-апрелинде аскерий чабарман аркылуу Парижден Страсбургга Франция согуш жарыялаганы тууралуу кабар келди. Ошол замат шаардын бардык булуң-бурчунан эл агылып, шаардын аскер гарнизону полк-полк болуп салтанаттуу жүрүш менен шаардын негизги аянтына, акыркы кароого келе жатты. Ал жерде аларды ийининен артылган үч түстүү лентачан, үч түстөгү кокарда тагылган шляпасын булгалап Страсбургдун мэри Дитрих тосуп алды. Фанфаралар, добулбастар тынчтанууга чакырып, Дитрих француз жана немис тилдеринде жазылган декларацияны кыйкырып окуп жатты. Акыркы сөз айтылаары менен полктун оркестри революциянын биринчи маршын – Карманьоланы ойноп кирди. Бул марш деле эмес эле, чын-чынында шайыр, шайкелең, бийге ылайыкталган ыр болучу, бирок бир калыптагы дүңкүлдөгөн добуш аскерлердин кадам шилтөөсүнө ритм берип тургандай. Эл кайрадан сүрмө топ болуп көчөлөрдө агылып, бардык жерде ээ-жаа бербеген көтөрүңкү сезим; кафелерде, клубдарда жалындуу чакырыктар жаңырып, жарыялар тарады. “Куралга, эл журт! Ата-журт үчүн, алга! Биз эч качан багынбайбыз!” Бардык чакырыктар жана жарыялар ушундай, ушуга окшогон сөздөр менен башталып, жалпыга кайрылган ар бир оратордун сөзүндө, бардык гезиттерде, плакаттарда: “Куралдангыла! Таажы кийген тирандар жоголсун! Эркиндикке карай, алга!” деген жалындуу ураандар кайталанып жатты. Эл көбүрүп-жабырып, биринен бири өтүп кайталап, элирүү биринен бирине жугуп, толкуп турат.

Адатта согуш жарыяланганда аянттарда жана көчөлөрдө эл эргип кетет эмеспи; антсе да ошол эргигендердин арасында да башкача ойлонгон пикирлер угула калат; жарыяланган согуш чочутуп жан дүйнөсү бушайман болгондор да бар, бирок алар өз пикирин угуза айта алышпайт, туюк жерлерде гана күңк-мыңк шыбырашканы болбосо... Качан, кайсы жерде болсо да энелер бар; келген жоо баламды өлтүрүп койбосо дейт алар; бардык жерде дыйкандар бар, аларга үйү, жери, короо-жай мүлкү, малы, эмгек коротуп алган түшүмү кымбат; үй мүлкү таланып, эгини кутурган баскынчыларга тапталып, айдоо аянты канга сугарылып калбас бекен? Бирок Страсбург шаарынын мэри, барон Фридрих Дитрих, ак сөөк аристократ болгонуна карабастан, Франциянын ак сөөктөрүнүн мыкты, алдыңкы өкүлдөрү сыяктуу эле, бардык жан дүйнөсү менен жаңы эркиндикти колдойт; ишенимдүү, бекем үмүттөндүргөн ураандарды уксам дейт, ошондуктан согуш жарыяланган күндү элдик майрамга айлантып салды. Ийинине арта салынган үч түстүү тасма тагынып чогулуштан чогулушту каттап, элди шыктандырып жүрөт. Сапарга чыккан жоокерлерге вино, кошумча азык-түлүк таркатууну буюрду, кечкисин болсо өзүнүн Плас де Бройлидеги кенен ак сарайында генералдар жана офицерлер, жогорку чиндеги администрация кызматкерлери үчүн узатуу кечесин уюштуруп, ал жердеги маанай бул кечени жеңиш майрамына окшотуп салды. Генералдар, дүйнөдөгү бардык генералдар сыяктуу эле жеңишке оңой жетерине терең ишенет; бул кечеде айрыкча урмат көрүп атышты, а бардык ой-максаты, үмүтү, жашоосунун маңызы согушта деп ойлогон  жаш офицерлер бири бирине корооздонуп, бири бирине тамаша айтышып болушпайт. Алар шпагаларын салпылдатып кучакташа кетип, жакшы шараптын шарданы менен биринен бири өтүп жалындуу тост айтууда. Алардын сөзүндө гезиттердеги жана жарыялардагы: “Куралдангыла! Бир кишидей алга баралы! Таажы кийгендер жоголсун, эркиндиктин туусун Европада жайылтабыз! Ата-мекенге болгон ыйык сүйүү!” Ушуга окшогон жалындуу ураандар кайталанып жатты.

Бир маалда тостор менен сүйлөнүп жаткан сөздөрдүн арасында барон Дитрих жанында олтурган инженер аскер бөлүгүнүн жаш капитаны Ружеге кайрылды. Ал ушул татынакай жаш офицер мындан жарым жыл мурда конституция жарыяланган күндүн урматына эркиндик тууралуу гимн жазып, полктун музыканты Плейел тарабынан оркестрге алынганын эстеди. Чыгарма жаман эмес эле; аскердик хор капелласы гимнди өздөштүрүп, оркестр коштоосунда шаардын башкы аянтында аткарылган. Согуш жарыяланып, аскерлер сапарга чыккан күндүн урматына ошондой салтанат уюштура койгонго неге болбойт?  Барон Дитрих көптөн бери жакшы тааныш адамына болор-болбос маселе менен кайрылгандай тон менен капитан Ружеден (айта кетүүчү сөз, бул капитан эч негизи жок эле өзүнө дворяндык титул ыйгарып алып, Руже де Лиль деген фамилияда жазылып жүрөт) ушул патриоттук толкундан пайдаланып, эртең жоо менен салгылашууга кетип жаткан Рейн армиясына арнап жүрүш маршы сыяктуу ыр жазып салбайсыңбы деди.

Руже эмне, кичинекей эле карапайым адам, көптүн бири: өзүн улуу акын деп санабайт, ырларын эч ким баспайт, операларын бир да театр албады, бирок жазылган ырлары өзүнө жагат. Жогорку бийлик өкүлү, аны дос катары санап жаткан адамга жагынып, жок дей албай макул болду.

– Макул аракет кылып көрөйүн.

– Азамат, Руже!

Маңдайында отурган генерал анын ден соолугу үчүн ичип жиберип, ыр даяр болору менен аны майданга берип жиберүүсүн, ал ыр патриоттук сезимге канат байлап, сезимди курчуткан марш болсун деп буюрду. Рейиндик армияга чынында эле ошондой ыр керек. Аңгыча дагы бирөө жаңы чакырык таштайт. Кайрадан тостор, бокалдардын шаңгыры, ызы-чуу. Бардыгын бийлеп алган кубаттуу толкун жөнөкөй сөздөрдү жутуп коюп жатты. Той улам барган сайын кызып, көтөрүңкү көңүл, бака-шака күчөп, түн жарымдан кийин гана меймандар мэрдин сарайынан тарай башташты.

Караңгы түн. Страсбургду катуу козголткон күн – согуш жарыяланган 25-апрель өтүп кетти, 26-апрель башталды. Шаарды караңгылык чулгап, бирок бул караңгылык – алдамчы караңгылык, элөөрүп алган шаар элинде демейдегидей бейкуттук жок. Казармадагы аскерлер жүрүшкө даярданып, ичинен бекинип алган тамдарда, балким, кээ бир саксынган адамдар эмитеден эле качууга даярданып, баалуу буюмдарын түйүп жатабы? Көчөдө жөө аскерлердин бөлүктөрү кадам шилтеп, бирде таш жолдо такасын такылдатып чабарман чаап баратса, бирде замбиректердин дөңгөлөгүнүн дүңкүлдөгөнү, кароолчулардын бири бирине кайрылгандары угулат. Душман жакын эле жерде: күүлөнүп, чочуп калган шаар тынч ала албай толгонуп турат.

Катуу толкунданып, эргип алган Руже Гранд Рю көчөсүндөгү 126-үйдөгү чакан бөлмөсүнө акыры келип жетти. Ал Рейн армясы үчүн жүрүш маршын тез арада жазып берем деген убадасын унуткан жок. Тар бөлмөсүндө ары-бери басат. Кандай баштаса? Башталышын кандай кылса? Кулагында “Камдангыла, эл-журт!.. Эркиндик үчүн, алга!.. Жексур тирандарды жоготобуз!..” - деген ураандар, чакырыктар, тостор... ошону менен бирге эле байкалбай, кокусунан угула калган сөздөр: балдарынын өмүрү үчүн кооптонгон аялдардын шыбыр-күбүрү, дыйкандардын эгин талаалары тапталып, канга сугарылып калабы деген күңкүл үнү жаңырат. Калемди кармап, эмне экенин өзү байкабай эки сап жазды, бул, болгону уккан ураандардын калдыктары, жаңырыктары, аларды кайталоо эле.

“Алга! Сүйүктүү мекендин балдары!”

“Башты сайчу кез келди!”

Окуп көрүп өзү таң калды: таамай эле талап кылгандай айтылыптыр. Эми керектүү ритмди, обонду табыш керек. Руже шкафтан скрипка алып жаасы менен кылдарын сыдырды. Анан – о керемет! – биринчи тактан эле обон табылгандай болду. Кайрадан калем алып,  кандайдыр бир белгисиз, кубаттуу күч жетелеп жазып кирди. Бардыгы: бүгүнкү күнү пайда болгон сезимдер, көчөдө, банкетте угулган сөздөр, тирандарга болгон жек көрүү, Ата-мекендин келечеги үчүн кооптонуу, жеңишке болгон ишеним, эркиндикти эңсөө – бардыгы өзүнөн өзү иретке келип калды. Ал изденип, ойлонуп кыйналган да жок, болгону ушул даңазалуу күндө айтылган сөздөрдөн куралган, бардык француз элинин тилегин, үмүт сезимин уйкаштырып, бардыгын ушул ырында топтоп берип койду. Обонун да ойлонуп убара тарткан жок, тыштан бөлмөгө терезенин жабык капкагынан агылып жаткан кыжырданган албуут эрегиш сезим бийлеп алган көчөнүн добушу, ушул кооптуу түндүн ритми, аскерлердин кадам таштаган үнү, замбиректердин лафетинин дүңкүлдөгөнү музыкалык обон болуп берди. Балким бул обонду Руженин өзү эмес, ошол түнү бир эле түнгө ушул адамдын сезимине кирип алган мезгилдин руху ошол ыргакты кармап, Руже аркылуу берип атабы? Барган сайын сөзү менен обону бардык француз элинин элөөрүгөн жүрөгүнүн түрсүлдөгөн ритмине баш ийип, жуурулушуп барат. Белгисиз бир күч колдон алып жаздырып жаткандай Руже сөзүн жана нотасын кагазга шаша-буша түшүрүп, анын майда мещандык жан дүйнөсүндө мындай сезим биринчи жолу. Мурда болуп көрбөгөн бийик эргүү, Ружедей жармач талантты, жок Руженин өзүн эмес, анын жан дүйнөсүн ээлеп алган күч бир жерге топтолуп, кубаттуу жарылуу менен ушул жармач талантты, жөн гана ышкыбоз акын, ышкыбоз музыкантты жаркыраган жылдыз кылып улуу бийиктикке сермеп салды. Бир эле түндө капитан Руже де Лилди өлбөс-өчпөстөрдүн катарына кошту; гезиттерден алынган даяр сөздөрдөн, көчөдөн уккан ураандардан куралган ырдын эки сабы чыгармачыл эргүүгө түрткү берип, сөздөрү да, музыкасы да түбөлүктүү, өлбөс-өчпөс:

Ыйык мекен жана эл үчүн
Катар бузбай алга! Күрөшкө!
А эркиндик бизге дем болот
Башты сайган улуу тиреште!

Дагы бир нече сап – бир эргүү менен жаралган, сөзү менен обону төп келишип жуурулушкан түбөлүккө кала турган ыр, таң алды менен даяр болду.

Руже шамды өчүрүп төшөгүнө кулады.

Ал кандай күч экендигин өзү да билбеген кандайдыр бир күч, түндөсү мурда болуп көрбөгөндөй жаркын руханий бийиктикке жеткирип, азыр болсо ошол эле күч ырп этерге дарман калтырбай шайын оодарып туңгуюкка тыгып койду. Өлгөн адамдай, эч нерсе сезбей катуу уктап жатат. Ооба, ошондой болду: түндөгү эргиген жаратман, акын, гений өлдү. Анткен менен үстөл үстүндө, уктап жаткан адамга тиешеси жоктой бөлүнүп, кайыптан келгендей, ыйык эргүүдөн жаралган керемет эмгек жатат. Адамзаттын узак тарыхында сөздөр жана добуштар бир мезгилде, ушундай кыска убакытта биригип, кубаттуу ырга айланып калган окуя болбосо керек.

Байыркы чиркөөнүн коңгуроосу кагылып, демейдегидей эле таң аткандыгын билдирип жатты. Мезгил-мезгили жел менен Рейндин аркы жээгинен мылтыктардын үнүн агызып келет – алгачкы атышуулар башталды. Руже катуу уйкудан араң ойгонду. Түндө бир нерсе болгонун элес-булас сезип жатты, бирок эмне болгонун даана эстей албады. Үстөл үстүндөгү баракты байкады. “Ырбы? Качан жаздым эле? Музыка? Менин колум менен жазылган ноталар? Мен аны качан чыгардым? Аа! Кечээ Рейн армиясы үчүн жүрүш маршын жазып берем деп Дитрих доско убада кылбадым беле!” Руже ырга көз жүгүртүп, обонун ичинен мыңкылдай баштады. Бирок өз чыгармасына алгачкы көз салган бардык авторлор сыяктуу эле, жактырар-жактырбасын билбей, күмөн санады. Полкто чогуу кызмат өтөгөн курдашы кошуна жашайт. Руже ырын көрсөтүп ага ырдап бергенге шашылды.

Ыр курдашына жакты, мактап, анча-мынча толуктап да койду. Бул алгачкы мактоо Ружеге ишеним туудурду. Автордук чыдамсыздык менен жана кыска мөөнөттө убадага тургандыгына өзүнө өзү ыраазы болуп мэрге жөнөп, ага эртең мененки сейилдеп жүргөн жеринен жолукту; бак ичинде бүгүнкү жыйналыштарда кандай сүйлөөрүн даярдап жүргөн экен. “Кантип! Даяр болдубу? Анда угуп көрөлү”.

Экөө бөлмөгө келишти; Дитрих клавесинге олтуруп, Руже ырдай баштады. Таң эртеңден чыккан тааныш эмес, өзгөчө бир музыканын үнүн угуп мэрдин жубайы кирди. Ал бүгүн кечинде эле үйгө келген достор менен башка ырлардын катарында ырдаш үчүн ырды көчүрүп жазып көбөйтүүгө, чыныгы музыкант катары аспаптар менен коштоосун да жазып берерин убада кылды. Жакшынакай тенор үнү менен сыймыктанып жүргөн мэр ырды жаттап; мына анан 26-апрелде, сөзү менен музыкасы таңда жазылган ыр, ошол эле күндүн кечинде Страсбург шаарынын мэринин үйүндө, кокусунан эле чогулуп калган угуучулардын алдында аткарылды.

Балким угуучулар аянбай кол чаап, мактап деле коюшса керек. Бирок албетте, Страсбург шаарынын негизги аянтындагы үйдө чогулган меймандардын бири да, ушул жалган дүйнөгө байкалбаган канаттарын дирилдетип, түбөлүктүү, өлбөс-өчпөс чыгарма учуп киргенин сезген жок. Замандаштары тарабынан улуу адамдарга, өлбөс чыгармаларга дароо эле маани берилгендиги чанда эмеспи; мисал катары аны мэрдин жубайынын өзүнүн инисине жазган катынан байкасак болот. Ал катта ушул гениалдуу, керемет окуяны  демейдеги эле ак сөөктөр өткөрө жүргөн күнүмдүк көңүл ачуу катары сүрөттөйт:

“Сен билесиң да, биздин үйдөн мейман үзүлбөйт эмеспи, кечени кызыктуу өткөрүш үчүн дайыма бир нерселерди ойлоп, жаңылык издөөгө мажбур болосуң. Ошондон улам жездең согуш жарыяланган күнгө карата ыр жазып берүүнү сураныптыр. Инженер бөлүгүнүн капитаны, акын жана композитор, Руже де Лиль деген жакшынакай жаш жигит, ошол эле күнү аскердик жүрүшкө арналган ырды музыкасы менен жазып келиптир. Аны жагымдуу тенор үндүү жездең ырдап көрбөдүбү, ыр уккулуктуу, кандайдыр бир өзгөчөлүк бар. Глюкка[1] окшош, бирок андан жакшыраак, жандуу. Менин талантым да ишке жарады: мен деле бир топ эмгек жумшап, оркестрлештирип, клавир, башка аспаптарга партитурасын жаздым. Кечкисин үйгө чогулган бардыгынын көңүлүн көтөрүп ыр аткарылды”.

“Чогулган бардыгынын көңүлүн көтөрүп” – бул сөздөр улуу чыгармага маани берилбей текебер айтылган сөздөрдөй угулат! Бирок Марсельеза биринчи аткарылганда кайдигер жолдоштук мактоодон башка сезим ойгото алмак эмес, анткени күчтүү чыгарма катары бышып жетиле элек эле. Марсельеза жагымдуу тенор тарабынан ырдалуучу камердик чыгарма эмес, чек жакадагы аймактык шаардын мейманканасында бир эле адамдын коштоосунда италиялык ария жана романстардын катарында аткарылбай турган чыгарма.

Жүрөктү солк эттирип “Куралдангыла!”- деп элге, албууттанган сүрмө топко болгон чакырыктан пайда болгон, ритми чарт жарылчудай серпилген бул ырга татыктуу жалгыз аккомпаниент – курал-жарактын кагылышуусу, керней-сурнайлардын үнү, аскер полкторунун жерди оё кадам таштаган добушу болмок. Бул ыр кайдыгер, жыргап тойлоп олтургандар үчүн жаралган чыгарма эмес, бир тутам болуп биригип чыңалган, күрөш үчүн башын сайган адамдардын ыры. Аны бир эле үндө, тенор же сопрано ырдаганга болбойт, миңдеген адамдардын үнүн талап кылат, анткени бул жүрүш маршы, жеңиш гимни, курмандыктын эрдигин даңазалоо, мекендин ыры, бүтүндөй бир элдин улуттук гимни. Ушул көп кырдуу, шыктандыргыч күчтү, өзү да белгисиз эргүүдөн жаралган – Руже де Лилдин ыры тутандырат. А азырынча анын сөзү менен обону, бири бирине жуурулушкан сыйкырдуу ыргагы улуттун жан сезимине сиңе элек; армия аны өзүнүн жүрүш маршы, жеңиш ыры экенин, а революция – түбөлүктүү пеон[2], өзүн даңктаган гимн экенин биле элек.

Жан дүйнөсүнө кайыптан пайда болгон таасирдин натыйжасында, өзү да сезбей ушул кереметти жаратып койгон Руже де Лил деле бул чыгармасынын маанисин түшүнгөн жок. Ушул жакшынакай ышкыбоз жигит кол чабууларга, ооз учунан мактап койгонго эле жан алы калбай сүйүнүп жүрөт.

Кичине адамдын майдачыл куу чирендиги тарткылык кылып, чет аймактагылардын арасындагы ушул чакан ийгилигинен толук пайда көргүсү бар. Ырын кофейняларда досторуна ырдап, кол жазма кылып көчүртүп, Рейн армиясынын генералдарына жиберди. Ошол эле мезгилде мэрдин буйругу жана аскер жетекчилеринин сунушу менен Улуттук гвардиянын Страсбургдагы полкунун оркестри “Рейн армиясынын жүрүш ырын” үйрөнө баштап, төрт күндөн кийин аскерлер жүрүшкө чыгып жатканда шаардын негизги аянтында аткарылды. Патриоттук сезими күч басмакананын ээси ырды басып чыгармакчы болуп, Руже де Лиль жана анын командири генерал Люкнерге ызаттоосун билдирүү менен басып чыгарат. Бирок бир да генерал жүрүш убагында өз аскерлерине жаңы маршты үйрөткүсү келбеди: балким Руже де Лилдин бул ыры да мурдагы чыгармаларындай эле бир отурушта ырдалган чыгарма катары, чет аймактагы шаар турмушундагы бир жылт эткен окуя сыяктуу көп узабай унутулуп калат беле...

Бирок адистин чыгармачылыгына туш болуп калган жандуу күч эч качан жерде калбайт, өзүн кулпулап бекиттирбейт. Андай чыгарма кандайдыр бир мезгилге унутта калышы мүмкүн, тыйуу салынып жок кылуу аракети көрүлүшү да мүмкүн, бирок бары бир, анда камтылган албуут күч  бардыгын жарып, жеңип чыгат.

Бир ай, эки ай “Рейн армиясынын жүрүш ыры” тууралуу эч нерсе угулган жок. Басылып чыккан жана колго көчүрүлгөн ырдын нускалары көрүнгөн жерде калды же кайдыгер адамдардын колунда жүрөт. Бирок чыныгы эргүүдөн жаралган эмгек бир эле адамды шыктандырса – ошол жетиштүү болот, тутанып, жалбырттап кетет. 22-июнда Франциянын Страсбургга карама-каршы жайгашкан Марсель шаарында, “Конституциянын достору” клубунда урушка өз ыктыяры менен кетип жаткандарга арнап кече уюштурулат. Узун үстөлдө Улуттук гвардиянын жаңы мундирин кийген, жалындаган беш жүз жаш жигит олтурат. Бул жерде да 25-апрелде Страсбургда өткөн кечедегидей эргүү, марселдиктердин түштүктүк темпераментине ылайык, аларга салыштырмалуу, кыжы-кужу кыйла кызуу жана жандуу, ошону менен бирге согуш жарыяланган биринчи күндөгүдөй “чаап алабыз”, “жеңип алабыз” деген сыякту ала өпкөлүк жокко эсе. Анткени француздардын революциялык армиясы Рейн дарыясынан оңой эле өтөт, аларды тигил жакта кучак жайып тосуп алышат деген сыяктуу генералдардын ала көөдөк убадаларындай болгон жок. Тескерисинче, душман Францияга тереңдеп кирип келди, эгемендикке, эркиндикке коркунуч туулду.

Кече кызыган маалда жаш жигиттердин бирөө – Монпелье университетинин медик-студенти Мирёр бокалын үн чыгара кагып ордунан турду. Бардыгы тынч алып тосттун сөзүн күтүп калышты. Жаш жигит күтүлбөгөн жерден колун көтөрүп, кайдан тапканы белгисиз - “Алга! Сүйүктүү мекендин балдары”, - деп башталган жаңы, тааныш эмес ырды ырдап кирди. Күтүлбөгөн жерден дары сакталган бочкеге учкун тийгендей, дымып турган чыгарма от алып кетти: адамзаттын эркинин түбөлүктүү эки уюлу – Мекен деген ыйык сезим ошондой... ошондой сезимден пайда болгон албуут чыгарма менен кайралып калды. Эртең урушка аттанар жигиттердин бардыгы эркиндик үчүн башын сайып, Ата-мекен үчүн өлүмгө даяр; ырдын сөзүнөн өздөрүнүн көздөгөн асыл максатын, аздектеген ички сырын туюшту; ырдын ритми эрдикке шыктандырып жеңишке үндөйт.

Ырдын ар бир сабы кыйкырык сүрөөн менен коштолуп, дагы бир жолу ырдалды, обонун эстеп калып ордуларынан туруп, бокалдарын көтөрүп кайырмасындагы: “Азаматтар курал ал! Катарга тур, тартынба!” - деген сөздөрдү жер жаңырта кайталап жатышты. Мынчалык берилүү менен эмнени ырдап жатышат? – деген ой менен тышта, терезенин түбүнө эл чогулуп, бир аздан кийин алар да кайырмасына кошула кетишти, эртеси ырды миңдеген адамдар ырдап жүрүштү. Ырды кайрадан басып чыгарышып, 2-июлда 500 ыктыярдуу жигит согушууга Марселден чыгып баратканда алар менен ушул ыр кошо чыкты. Аскерлер жүрүштө буту тартылбай чарчап, шайы ооп баратканда бирөө ушул ырды баштап жиберсе анын шайыр, серпилгич ритми кадам салганга жан киргизип жиберет. Кыштактарды аралай жүргөндө дыйкандар аскерлерди көргөнү ээрчип, марселдик ыктыярдуулар ырды хор менен созот. Бул алардын ыры: ырды ким, качан жазганын билбей, ыр Рейн армиясы үчүн жазылгандыгынан кабары жок, марселдиктер аны өздөрүнүн батальонунун гимни кылып алышты. Бул ыр алардын күжүрмөн туусу, жеңишке жана өлүмгө чогуу баруучу туу, өздөрүнүн “Алга!” - деген асыл мүдөөсүндө ушул туу менен чогуу болууну көздөйт.

Руже де Лиль чыгарган гимн биринчи жолу “Марсельеза” деген атты Парижде алды. 30-июлда марселдик ыктыярдуулардын батальону өздөрүнүн туусун желбиретип, ырын ырдап шаардын четине келип жетти. Көчөлөрдө аскерлерди ардактап тосуп алууну көздөгөн миңдеген шаардыктар; беш жүз адам кадам салып ырдап баратканы париждиктердин бүйрүн кызытты. Бул эмне деген ыр? Кадамга жан киргизген кандай керемет ыргак! Сурнайдын жаңырыгына окшогон “Азаматтар курал ал!” - деген кандай сонун кайырма! Барабандардын жаңырыктары менен коштолгон ушундай маанай шаардыктардын жүрөгүн козгоп, эки-үч сааттан кийин Париждин бардык булуң-бурчунда ырдала баштады. Карманьола баш болгон эски марштардын бардыгы унутта калды. Революция Марсельезадан өз үнүн тапты жана аны өзүнүн гимни катары кабыл алды. Марсельеза сел сыяктуу каптап кетти. Аны банкеттерде, клуб, театрлар, ал эмес чиркөөлөрдө Te Deum[3] кийин дагы бир аздан соң ошол псалманын ордуна ырдала баштады. Дагы эки-үч ай өтпөй Марсельеза бардык элдин гимни, армиянын жүрүш ырына айланды. Серван, Франция республикасынын биринчи согуш министри элдин аскердик жүрүш ыры болуп калган ушул ырдын шыктандыруучу күчүн сезди. Марсельезанын жүз миң көчүрмөсүн тезинен бардык музыкалык командаларга таратып берүү тууралуу буйрук чыгарып, аз убакыттан кийин ушул белгисиз автордун чыгармасы Расин, Мольер, Вольтерлердин чыгармаларынан да кеңири жайылып кетти. Бир да салтанат Марсельезасыз өтпөйт, бир да салгылашуу полктун оркестри эркиндиктин гимнин ойномоюнча башталбайт. Жемаппе, Нервиндентте болгон салгылашууда француз аскерлери ушул гимн менен чабуулга тизилишти, каршылаш тараптын генералдары аскерлерине эски адат менен эки порциядан арак беришсе да, ушул миңдеген адам хор менен ырдап, ырдын күчү аскерлеринин катарын долу толкун менен жыга чапкан “коркунучтуу” гимндин кыйраткыч күчүнө эч нерсе каршы коё албай, эстери кетти. Француз аскерлери согушкан жерлердин бардыгында адамдарды кандуу кагылышка баштап кирген жеңиштин кудайы, канаттуу Нике сымал, Марсельеза калкыйт.

Ошол эле мезгилде Хюнингдеги кичинекей гарнизондо траншейлер менен чыңдоолордун планын чийип, эч кимге белгисиз инженер аскерлеринин капитаны Руже де Лиль отурат. Балким, эчак 1792-жылдын 26-апрелине караган түнүндө чыгарган “Рейн армиясынын жүрүш ырын” унутуп деле койсо керек; гезиттерден Парижди багындырган жаңы гимн тууралуу, жаңы жүрүш ыры тууралуу окуп, ошол жеңиштүү “Марселдиктердин ыры” ар бир такты, ар бир сөзү апрель түнүндө өзүнө жолуккан керемет экендиги башына да келсечи. Тагдырдын тамашасын кара: ушул атагы асман чапчып, жылдыздай жаркыраган обон өз канатына жалгыз адамды – аны жараткан адамды камтый кеткен жок. Марсельезанын текстинде аты да жазылбай, эч ким, бүт Франция боюнча бир да адам инженер аскер бөлүгүнүн капитаны Руже де Лилди эстеп да койгон жок, атактын бардыгы ырдын өзүндө калып, аны жараткан адамга кичинекей көлөкөсү да түшпөдү.

Эл башкарган мыкчыгерлерге өзүнө каршы маанайды ойготпогондо ошол бойдон белгисиз болуп калат беле... Тарых гана ойлоп тапкандай гениалдуу парадокс, – революция гимнинин автору революционер эмес; андан да артып, өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармасы менен революцияга эбегейсиз салым кошкон адам, бардык жан сезими менен революцияга каршы. Анын ыры менен марселдиктерге париждик сүрмө топ эл кошулуп, Тюильерини талкалап, падышаны кулатканда, Руже де Лиль революцияга караманча каршылыгын билгизди. Якобинчилерге кошулуп кызмат өтөгөндөн көрө, Республикага ант берүүдөн баш тартып, кызматынан кетип калды. Ал өз ырындагы “эркиндик кымбат” – деген сөздү жаңы мааниде түшүнгүсү жок; анын оюнда Конвенттин башында тургандар мурдагыдай эле чийиндин ары жагындагы таажы кийген тирандар. Коомду коргоо комитетинин буйругу менен Марсельезанын киндигин кескен досу, мэр Дитрихтин, ыр арналган генерал Люкнердин, ырды эң биринчи уккан офицер-дворяндардын гильотинада башы алынганда, Руже чыдабай өз оюн ачык билдирди; мына анан тагдырдын тамашасы! – революциянын ырын жараткан адам контрревалюциячыл, мекенге чыккынчылык кылган инсан катары түрмөгө камалды. Робеспьер кулап, 9-термидордон кийин гана түрмөнүн эшиги ачылып, француз революциясын шерменделиктен – ошол революцияга жан киргизген ырды жараткан адамды “улуттук устарага”[4] салып бергенден сактап калды.

Эч ким билбей унутулуп калгандан көрө ошондо өлтүрүлгөндө эрдик менен өлгөн адам катары аты калат беле...

Бейтаалай Руже кырк жылдан ашык, миңдеген күндөр бою апрель түнүндөгү өзүнүн чыныгы чыгармачыл саатын көксөп жүрдү.

Жаңы бийлик мундирин кийгизбей, пенсиясын алып коюшту; жазган ырларын эч ким баспайт, опера, пьесаларын эч ким койбойт.

Жазмыш тагдыр ышкыбоз деңгээлдеги таланттарга түбөлүктүүлөрдүн катарынан орун бербейт көрүнбөйбү; майда адам өзүнүн майдачыл жашоосу куулук-шумдук аралашкан майда иштер менен алек болуп жүрүп өтөт экен да. Карно[5], кийинчерээк Бонапарт боор тартып, жардам берүүгө аракет кылышат. Бирок баягы саат баскан түндөн кийин бул адамдын жан дүйнөсүн жин арбап кеткендей; үч саат кудайга курдаш, гений кылып туруп, анан жийиркенгендей мурдагы бечара абалына ыргытып салган жазмыштын жеткен кара мүртөз тартуусуна ууланып калган экен. Ружеге бийлик башындагылардын эч бири жакпайт: жардам бергиси келген Бонапартка кер аяктанып каяша кат жазып,  шайлоодо ага каршы добуш бергенин элге айтып мактанып жүрдү. Иши жүрбөй, сүткордук кыла коюп, алган карыздарын төлөй албай Сант-Пелаж шаарында түрмөгө да камалды. Жакындарынын бардыгын тажатып бүткөн, карыз бергендер артынан калбай, полициянын куугунунда калган бечара, акыры алыскы бир айылга кетип, ошол жактан жакындарынан кол үзгөн, эч кимге белгисиз, көрдөн шыкаалап жаткансып өзүнүн даңкы таш жарган ырына байкоо салып жүрдү.

Көзү тирүүсүндө Марсельеза Наполеондун жеңиштүү аскерлери менен бирдикте Европанын бардык мамлекеттерин куюндай сапырганына күбө болду. Кийин Наполеон император болору менен ыр өтө эле революциячыл деп эсептеп, бардык расмий салтанаттардын программасынан чийдирип, Бурбондор бийлик башына кайрадан келгенде такыр эле тыюу салынып калды. Узак, адам өмүрүнө төтө мезгилден кийин гана – 1830-жылдагы июль революциясында Париждин баррикадаларында Марселеза кайрадан мурдагы күчүндө жаңырып, буржуй-король Луи-Филипп анын авторуна жарыбаган пенсия чектеп бергени, кыжырланган кексе чалды таң калтырып койду. Анан кантсин, бардыгынан көңүлү калган, бары-жогу билинбей унутулган, жалгыздыктын торунда калган адамды бирөөлөр эстеп койгону таң калар жорук эмей эмне. Бирок бул деле узака созулган жок. 1836-жылы жетимиш алты жашында Шуази-ле-Руада каза болду, аты эч кимдин эсинде калбай унутулду.

Кийин Дүйнөлүк биринчи согуш убагында, мамлекеттик гимн болуп калган Марсельеза Франциянын бардык фронтторунда жаңырып турган мезгилде, кичинекей капитан Руже де Лилдин сөөгүн кичинекей капрал Бонапарт Наполеондун катарына – Инвалиддер үйүнө коюу тууралуу буйрук чыгат. Ошону менен атактуу ырды жараткан менен атагы элге билинбеген, бир эле түнгө гений-жаратман болгонуна кейиген адам өз мекенинин даңазалуу көрүстөнүндө жаны жай алды.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Кристоф Виллибальд фон Глюк (1714-1787) – немис композитору.

[2] Пеон – байыркы гректердин, римдиктердин (античный мир) ыр түзүлүшү.

[3] Te Deum- христиан дининин эски гимни (кудай сени даңктайбыз)

[4] Гильотина маанисинде.

[5] Лазар Карно – (1753-1823) – франциялык белгилүү мамлекеттик жана аскер ишмери, инженер, окумуштуу-математик.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз