Кларисса Эстес: Эгерде эч качан токойго барбасаң...

  • 20.01.2021
  • 3477

– Токойго барбай эле кой, үйдө олтур, – дешти алар.

– Эмне үчүн? Токойго барсам эмне экен? – деди ал түшүнбөй.

– Ал жакта чоң карышкыр бар, ал сага окшоп тил албай баргандарды жеп кетет. Ошон үчүн айтып жатабыз. Бул тамаша сөз эмес, эч жакка барба, үйдө олтур.

Албетте, ал тигилердин тилин алган жок. Ал токойго барды, тигилер айткандай  чоң карышкырды жолуктурду.

– Көрдүңбү, биз сага эскертпедик беле! – деп чурулдашты тигилер.

– Силер түшүнбөгөн кандай макоосуңар, бул деген жомок эмес, – бул менин жашоом, – деди ал. – Мен токойго барып, ал жерден карышкырга жолугушум керек, антпесем менин жашоом эч качан башталбайт.

Бирок ал жолуктурган карышкыр капканга түшүп, чыга албай жаткан экен.

– Мага жардам бер, мени капкандан чыгарып кой! Ай-ай-ай! – деп онтолойт карышкыр. – Жардам берип кой, байболгур, жардамыңды аяба, – деп улуду ал, – кылган жакшылыгың жерде калбайт, куру кол калтырбайм.

Ушуга окшогон жомоктордо карышкырлар дайыма ушинтип айтышат.

– Бошотсом сен мени эмне кыларыңды кайдан билем? – Ал суроо бергенди жакшы көрчү. – Бошотуп койсом сөөктөрүмдү таптаза мүлжүп, жеп кетпейсиңби?

– Болбогон сөз, – дейт анда карышкыр. – Айткан сөзүмө ишен. – Ал баштагыдан да катуу онтолоп, улуй баштады:

– Ой-ой-ой! Ай-ай-ай! Уй-уй-уй! — Кимге ишенериңди билбесең, жана да жаңылгың келбесе жүрөгүңдү тыңша: “Ж-ү-р-ө-г-ү-ң барбы?”

– Макул карышкыр, бошотконго аракет кылып көрөйүн. Мына, эми бошсуң! – Кыз капканды ачып, карышкырдын жаратына дары чөптөрдү коюп таңып койду.

– Рахмат сага боорукер кыз, рахмат, – деди эс алып жаны жай ала түшкөн карышкыр. Бирок кыз жаман жомокторду көп окугандыктан ага карап кыйкырды:

– Өлтүрө турган болгон соң, тезирээк өлтүр. Эмнени күтүп жатасың!

Бирок ал окуган жомоктордогудай болгон жок. Карышкыр жаралуу таманын анын тизесине коюп мындай деди:

– Мен башка жактан, бөлөк убакыттан келген карышкырмын.

Анан кашынан бир тал жулуп берди:

– Сен менин жанымды сактап калдың, ошондуктан мен сага эч ким билип-көрбөгөн белек берейин. Мына муну бекем сактап жүр. Мындан ары сен кимдин кандай экенин айрып тааный баштайсың. Менин көзүм менен карасаң өзүң баарын көрөсүң.

Эсиңе бекем сактап ал, эч качан жаңылбас үчүн, өзүңө берчү жападан жалгыз суроо бар: “Ж-ү-р-ө-г-ү-ң барбы?”

Кыз үйүнө кайтты. Аман-соо калганына кубанды. Эми ага кандай суроо беришпесин: “Менин аялым бол”, же “Менин айтканымды кылсаң жаман болбойсуң”, же болбосо “Кечээ жаңы төрөлгөн кезиңдегидей таза бол, оюңдагыны жашырбай айт” – деген сыяктуу толтура кеңештерди айтышканда же ар түрдүү суроолорду беришсе, карышкырдын кирпигин алып, көзүнө жакын алпарып карап, суроо берип жаткан адамдын мурда көрбөгөн арам ойлорун даана көрчү болду. Касапчыдан эт алып жатканда карышкырдын кирпиги менен караса, анын бармагы менен таразаны басып жатканын, өмүрлүк жар болсом деп келген жигиттин ага татыктуу эместигин көрчү. Ал баарынан болбосо да көп жаман нерселерден сактап калчу.

Бирок иш ошону менен эле чектелген жок. Жаңы көз караш кызга эки жүздүү арамзалар менен ниети жаман адамдардын ойлорун көрүп-билип тургандай касиетти гана берген жок – карышкырдын белеги аны ак көңүл, боорукер адам кылды, анткени ал ар бир  адамды жаңы көз караш менен карап, анын кандай адам экенин алаканга салгандай даана көрчүп.

Ал дили таза адамдарды көрүп, аларга тартылчу. Өзүнө ылайыктуу өмүрлүк жар таап алып, аны менен өмүр бою жашап өттү. Ал эч нерседен тартынбаган эр көкүрөк досторду күттү. Адамды сатпаган чыныгы досторду тапты. Ал чыр чыккан жерден жарашуунун жолун көрдү. Уялчаактын көзүнөн сүйүүсүн байкады, анын махабатына жетишине көмөк көрсөттү. Сырын ичине каткан катаал адамдын кыйналганын көрдү, анын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылды. Үнсүздүн үнүн укту, унчукпастын оюн улады. Жардынын кем-карчын көрүп, ага кам көрдү. Ал эч нерсеге ишенбеген аялдын жүрөгүнүн тереңинде катылган ишеничти ойготуп, анын ишенимин бекемдеди. Карышкырдын кирпигинин жардамы менен дүйнөдөгү бардык нерселерди: чындык менен жалганды, жашоодон адаштырган жана жашоого шыктандырган нерселерди, көз менен гана көрө ала турган нерселерди жана жүрөк менен гана тую турган нерселерди көрдү.

Ал ошентип адамдар карышкырды бекер жеринен эң акылдуу жаныбар деп айтып жүрүшпөгөнүн түшүндү. Карышкырдын улуганын ынтаа коюп уксаңыз, анда анын тамакты кайдан табам дегенин эмес, кимге кол салсам, кай жерге барып чаң салсам дегенин да эмес, а анын дайыма аябай маанилүү маселелер жөнүдө айтканын угасыз.

А эң маанилүү маселе, жан-дүйнөңө кайрылып, жандуу нерселердин бардык баалуулуктарын таразалап өзүнө: “Жү-рө-гүң бар-бы?! Ау! - Жү-рө-гүң бар-бы?!” – деген суроону берүү.

Токойго баргыла! Эгерде эч качан токойго барбасаң, тобокелчиликтен качсаң, коркок болсоң, сен эч кандай окуяга туш болбойсуң, Сенин жашооң эч качан башталбайт.

Токойго бар, токойдон калба!

Токойго бар, тобокелчиликтен коркпо!

Токойго бар, коркок болбо!

 “Карышкыр менен жорткон кыз”

Булак: sobiratelzvezd.ru

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз