Аман Саспаев:Гвардия комиссары

АҢГЕМЕ

«Свеск түбүндөгү салгылашууда биздин дивизияга душмандын курчоосунда калуу коркунучу туулду. Ушул Кызыл кыргында гвардия капитаны Салимов кылыч менен душманды тике качырып кирди. Эр жүрөк замполиттин бул баштамасы бүткүл полк атчандарынын жана танкага каршы куралдангандардын жапатырмак чабуулга өтүүсүнө өбөлгө болду. Натыйжада, душмандын 25 танкасы, эки батальон жөө аскери катардан чыгарылып, дивизиянын курчоодо калуу коркунучу жоюлду. Стратегиялык багыттын негизги позициясы сакталып калды».

Генерал М. Д. Ягодин 3-гвардиялык аткычтар дивизиясынын командири.

Бул адамды биринчи жолу 1979-жылы май айынын аягында көрдүм.

Ленин комсомолунун 60 жылдык юбилейине байланыштуу областыбыздын чыгармачыл жаштары менен комсомолдун жана Ата Мекендик согуштун ветерандарынын кезигишүүсүн өткөрүүнү пландаганбыз.

Кезигишүү Пржевальск шаарынын Пушкин паркындагы пионерлер сарайында өттү. Биздин катарыбызда – президиумда чачын ак аралаган, көкүрөгү орден медалдардын белгилерине толгон адам да отурду. Ветерандардын жалындуу сөздөрү, жаш акындардын аларга арнаган чыгармалары, обончу жаштардын көңүл эргиткен ырлары кезектеше залды жаңыртып турду.

– Арабызда Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, биздин кадырлуу мейманыбыз, жолдош Смайл Салимов отурат. Азыркы сөз ардактуу мейманыбызда, – деди комсомолдун обкомунун секратары.

Ардактуу мейман ордунан оор басырык турган соң, кайра эңкейип жанында отурган кишиден «эмне айтышым керек?» деп сураганын угуп калдым. «Консультация» үчүн эки ооз гана сөз айтылгансыды. Мейманыбыз кол чабуулар астында трибунага жакындады.

– Мен эмне үчүн мейман болом? Мен ушул Пржевал шаарында туулуп, балалык чагымды ушул шаарда өткөргөм, – деп баштады сөзүн, – силердин жердешиңермин. Жаш чагыман партия тарбиясына бөлөнгөнүмө өзүмдү чексиз бактылуу сезем. Улуу Ата Мекендик согуш ар бир коммунистти катаал сыноодон өткөргөн мезгил болгонун жакшы билесиңер. Башка патриот жоокерлердин катарында мен да майданда салгылаштым...

Андан ары Смайл Салимович легендарлуу генерал-майор Доватор командалык кылган 2-гвардиячылар корпусунун 3-гвардиячы атчандар дивизиясына полк комиссары болгонун, фронтто жана душман тылында атчан кызыл кыраандардын жасаган өлбөс-өчпөс эрдиктери жөнүндө айтып берди. Өзү жөнүндө болсо абдан аз сүйлөдү. Бирок Маршал Буденный белек кылган кылыч тарыхын айтпай коё алган жок.

Кезигишүү аяктап, комсомолдун обкомунун туусу астында сүрөткө түшүүбүз гана калган. Баарыбыз стадион жакка бет алдык. Паркта бой тиреген карагайлардын бүчүр жыты аңкып, түркүн гүлдөр ыргалып турду.

Булутсуз асман астында ветерандардын көкүрөгүндөгү ордендер менен медалдар күн нуруна чагылышып жаркырайт.

Стадионго жеткиче эле Смайл Салимович менен таанышып үлгүрдүм. Мени кызыктырганы – ал кишинин ушул шаардык болгону жана Буденный белек кылган кылычтын тарыхы.

Өз иштериме алаксып, арадан эки жыл өтүп кетти. Жакында комиссарды издеп үйүнө бардым. Бул экинчи жолку көрүшүүбүз экенине карабастан эски тааныштардай ымала табышып кеттик.

– Мен жөнүндө жазгандар көп. Өзбекстандын аскер жазуучусу Адхам Рахмат, сиздерче айтканда повесть, мындай бир китеп чыгарган, – деди күзгүнүн артынан бир таңгак кагазды чыгарып жатып. – Сизге аны көрсөтөйүн... –«Ташкендик чабендес» «Казак из Ташкента» деген эки китепти алдыма койду. –Дагы бир Севригов деген жазуучу жазган. Бирок ал кишинин китебинде мен курман болом. – Салимович күлдү. – Ал жазуучу гана эмес, бүткүл дивизия мени курман болду деп ойлошкон...

– Демек, сизге арналган эстелик да бар турбайбы?

– Бар. Озерное кыштагында. 44-жылдын башында Багримовичи-Беседки-Качури аймактары үчүн болгон он беш сааттык кандуу салгылашуудан кийин катуу жарадар болупмун да тылга жөнөтүлүпмүн. Согушта ойго келбеген нерселер болорун көрбөдүкпү. Тирүү калганымды билгенимден кийин майдандаш достор менен байланыш бат эле уланды. Мен алардын жазгандарын да сизге көрсөтөйүнчү, балким кереги тиер...

Ондогон конверт, куттуктоо открыткаларынын эки буумасы алдымда жатты. Советтер Союзунун бардык булуң-бурчунан, ар кыл улуттан барган адамдар кан майданда – Ата Мекен үчүн болгон согушта баш кошкондугун каттардын, открыткалардын адрестеринен эле байкоого болот.

Бул Советтер өлкөсүндө жашаган элдердин бир туугандык, ыйык ынтымактыгынын күбөсү өңдөнүп турду.

– Эмнеге маа мынча боор тартышат? Мына бул катты окуңуз, кубандык казак Илья Хлыстуновдон келген.

Окудум. «Кымбаттуу Смайл Салимович... ден соолук гвардиячылардыкындай, күч Доватордукундай, колдо кылыч барда фашисттердин башын казыр да кыя чаба алам... Биздин фашисттер менен болгон салгылашуубуз текке кеткен жок. Укум-тукумубуз жыргалда жашай берсин. Неберемди 12-майда Советтик Армиянын, катарына жөнөттүм. Андан кат алып да үлгүрдүм. Чоң ата, - деп жазат ал, - мен эми советтик солдатмын. Зарыл болсо, силерди коргоого өмүрүмдү берүүгө да даярмын».

– Мына бул каттардын баары Содном Хандажапов деген Бурят меймандашыман келген. Тирүү экенимди ушул досум... жок, бир боорум десем болот, Хандажапов баарына айгинеледи. Мени сурап жазбаган жери жок. Хадича каза болгондон кийин Ташкентке келип кетти, бир колунан ажыраптыр бечара...

– Кечириңиз, Хадича деген ким эле?

– Аялым. Бүткүл аскердик өмүрүм аяктаганча балдарыма менин жоктугумду билгизбей, энелик ыйык милдетин акыркы тынышына чейин аткарган түгөйүм. Өзбекстанда зор уюштуруу иштерин алып барган, белгилүү коммунист болгон. – Салимович дагы туруп китептер арасынан аялынын сүрөтүн алып чыкты.

Сүрөттү колума алганда, саал жылмайган өңүндө кайгы жышааны бар, билинер-билинбес кусалуу көздөр сол ийнимден ашыра карап турду. Сүрөттү кайра бергенимде ал газеталарды мен жакка жылдырып, эски фотого өтө бир салмактуу көз жүгүртүп алды. Газеталарды аярлап ачтым.

«Кубаныч, кайгы... булардын чек арасы барбы? Жакында гана аялы каза болгон Салимовго бактысыздыкты туюндурган рухи азаптын учу-кыйырына көз жетпеген мейкиндигинде эч качан кубаныч болбочудай сезилген. Мына эми, майдандаш досу издеп жүрүп, миңдеген чакырым алыстан – Улан-Удэден келди!» деп жазат капитан М. Малыгин. «Красная звезда» газетасынын 77-жылдын 1-февралындагы санына.

«А партиялык кызматкердин аброю менен ага деген ишеним эмнеде? – деп жазат жазуучу В. Тюриков, – Кызыл Туулу Туркестан аскер округунун «Фрунзевец» газетасына. – Бул алды менен согушта үлгү көрсөтүүңдө, ишке чексиз берилгендикти билдирүүңдө жатат. Салимов дайыма салгылашуунун чечүүчү түйүнүндө, чабуул койгон атчандардын алдыңкы катарында болгон».

“Салимов тек саясы кызматкер гана болбостон, кылыч чабууда укмуштуу адис да болгон. Буденный ага өз колу менен кылыч белек кылганы бекеринен эмес», – деп жазат өзбекстандык адабиятчы Юри Карасов «Совет Узбекстани» газетасына.

Жердешибиз жөнүндө газеталарга жарыяланган ойлорду, сүрөттөмөлөрдү тизмектеп жаза берүүгө болор эле. Бирок бизге анын алиде айтылбаган, көпчүлүккө көрүнө элек тарабы гана керек. Ал эми Смайл Салимович болсо кагаздарды алдыма жайып коюп, башынан эч кандай окуялар өтпөгөн, өмүрдө бир багытта жашап, башкаларга гана таң калган карапайым адамдарча отурду.

– Жолдош комиссар, – дедим мен кубандык атчандарды туурап, – убактыңыз болсо, дагы бир сааттай отурайын.

*     *     *

32-жылы болсо керек, Орто Азия бюросунун өзгөчө тапшырмасын алганымдан кийин, Ош шаарынан Алай-Гүлчөгө жөнөдүм. Гүлчө кыштагына жетээрим менен айылдык советтин төр агасы Жаныбек казы деген адам менен көрүшүп, иштер жөнүндө баяндадым. Ал кезде Гүлчөдө чек арачылар бар эле. Кеч болуп калган соң бир чайканага түнөп, эртеси жөнөр алдында чай ичип олтурган элем, капыстан эле тарсылдаган мылтык үнү угулуп, көчөлөрдө чапкылаган басмачылар боло кетти. Эл дүрбөп, ала-сапыран башталды. Байкап карасам алиги айылдык советтин төрагасы Жаныбек казы деген неме атка минип алып, басмачыларга дүкөндөрдү, кампаларды жаңдап көрсөтүп, талоончулук жүргүзүп жатыптыр. Акырын жылып топтун арасына жашырындым. Эгер ал мени көрүп калса, ошол эле жерде атып салмак. Айылдан зорго качып чыктым.

Кийин уксам Жаныбек казы план куруп, алысыраак Сопу-Коргон деген айылга бир аз басмачыларды жиберип, дүрбөлөң чыгарат да Гүлчөдөгү чек арачылар ал жакка кетип, ээн калганда басмачылардын негизги тобу менен кирип талоончулук жүргүзгөн экен. Жаныбек казы жөнүндө кабарлоо мүмкүндүгү болбоду. Баруучу жериме жетип, тапшырманы аткарып, кайра Гүлчөгө келсем, чек арачылардын клубунда колго түшкөн басмачылар үстүнөн ачык сот жүрүп жатыптыр. Ошол кездеги жооптуу адамдардан: Майский, Хансуаров, Орозбеков дегендер эл башкарып отуруптур. Колго түшкөн басмачылар колдору байлануу, чек арачылардын көзөмөлүндө турат. Ал эми залды карап, өз көзүмө өзүм ишене албадым.

Элдин арасында баягы Жаныбек казы да кандан капарсыз отурат. Дароо кайра чыктым да Майскийди сахнанын артына чакырып, өзүмдүн ким экенимди, Жаныбек казы жөнүндө билгендеримдин баарын айтып бердим. Ал киши кайра кирип кетти. Эч кимге эч нерсе сездиришкен жок. Жүрүп жаткан сотту улантымыш болушту. Бирок чек арачылардын чоң тобу клубду заматта курчап үлгүргөн эле. Ошондо залда билинбей отурган басмачылардан түтүгү кесилген он беш барденке мылтык чыкты, көп душман колго түштү...

– Большевиктер партиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынганымдан кийин, эмне үчүндүр мындан беш-алты жыл мурдагы жетимдик, кийимсиздик, ачкалык, паанасыздык өкүм сүргөн бактысыз өмүрүм көз алдыма элестеп терең ойго кетүүчү болдум. Туңгуюктун түбүндө өлүмгө, жок дегенде бузулуп кишиликтен чыгып кетүү чегине жеткенимде жылуу койнун ачкан советтик бийликтин, большевиктер партиясынын камкордугуна эмнелер иштеп бере алам? Кантсем алардын мага деген ишенимин актайм деген өңдүү оор ойлор чырмады. Ал кезде жаш элем, жаш болсом да баарын өз көзүм менен көрүп, партиянын саясатынын турмушка кандай ашып жаткандыгына аз да болсо катыштым. Бардык күчүмдү, акыл-эсимди ал түгүл, өмүрүмдү курмандыкка чалып койсом да советтик бийликтин гумандуулугуна жооп беришим керек деп ойлодум. Москвага жөнөр алдымда Миничтин кабылдоосунда болдум. Ал ордунан салмактуу туруп, жаныма жай басып келди. Баягы биринчи көргөнүмдөн эле жылуу мээрим бар жүзүндө.

– Кана, уулум, сапарың байсалдуу болсун. Жакшы оку, бизди уятка калтырбасыңа ишенем!

Бүт денем чымырап, каккан казыктай каттым да калдым. Тамагыма келе калган бирдемени нары жуттум, көзүмдүн кычыктары, балким, эбак эле жашка толуп кетсе керек.

– Түшүнөм, – деди Минич сабырдуу гана, – Лениндин ишин мына силер өңдүү батрактарды, жетимдерди, малайларды, кедейлерди теңдикке жеткирүү. Мына ушул үчүн революция жаралды. Сен эми чыңдалдың, кимдер үчүн эмгектенүүнү билдиң. Россиянын эң мыкты уул-кыздары Лениндин идеясы – биздин жолубузду түшүндү. Сенден да ошону гана күтөбүз. Бар, уулум, чыныгы большевиктерден бол! – Ал ушул сөздөрдү мага абдан жакын туруп айтты. Андан бетер толкуп, жооп айтууга оозума сөз түшкөн жок. Какайган боюнча, көз жашымды аарчууга чамам келбей тура берипмин...

*     *     *

Капитан Салимович Фрунзе атындагы аскер Академиясын 42-жылдын октябринде бүтүрдү. Буга чейин ал жогоруда эскерген Хадича аттуу кызга үйлөнүп, эки балалуу болгон. Мекен солдатынын милдети – үй-бүлөсүнө үйрүлүү эмес, аларды коргоо. Фашисттик Германия жүзү каралык менен Мекенибиздин ыйык чек арасын бузуп, Европаны өзүнө багынткан мамлекеттери таяныч этип отуруп, ичкерилеп келе жаткан татаал учур. Мекендин көз каранды болбостугу үчүн миллиондогон советтик уул-кыздар кан кечип жүргөндө комиссар үйүндө жаткан эмес. Академия босогосунан аттап чыгары менен үй-бүлөсүнө кош айтып, Москвага – Башкы командованиеге жөнөп кетти.

Көп өтпөй 3-гвардиячы атчандар дивизиясынын комиссарлыгына дайындалды. Ошентип, замполиттин үлүшүнө подполковник Капустин командалык кылган гвардиячы 9-полк тийди. Негизинен, дондук казактардан түзүлгөн полк орто азиялык комиссарды а дегенде эле жактырып кеткен жок.

Салимов келгенде, полк штабынын алдында граждандык согушту чагылткан киноленталарды элестетип, бурка жамынган, кубанканын кырбуусунан чачын булайта чыгарып, кылычынын сабын сол колу менен демей кармап, жаркылдай тамашалашкан, өтүгү жалтырак казактар өздөрүнүн даражасы чоң командир келе жатканы менен иши жоктой бейжай турушту. Алар бирдемелерди каткыра күлүшүп, бакылдай сүйлөшүп, колдорун кере-кере жаңдап жатышты. Ал эми эки колун бөйрөгүнө такаган ординарец жакасы дагдайып, комиссарды бир бутун солбуй тосуп алды.

Полк командири Капустин жөнүндө жердешибиз мындай эскерет:

– Дондук казактардын ата-бабасынан келе жаткан жоокердик жөрөлгөсү бар. Алар тартипти атайын иликке албагансышат, бирок душман менен бетме-бет келгенде алардын канындагы табигый жөндөм, тартип, чыныгы кайраты ойгонуп, теңдеши жок чеберчилик менен салгылашып киришет. Казактардын бул жагы мага белгилүү деңиз. Полк командири Капустин кителин жамынып, шишимек көздөрү менен текшере карап тосуп алды. Даражасын айтып таанышууга да эрингенсиди:

– Билем, дивизияны. Эмне демек элек, комиссар, болуптур. Академиянын аудиториясынан жаңы эле чыксаң керек. Деги, атка өзүң мине аласыңбы? Же казак эмессиңби?..

Мен ага таарынганым жок. Баары алдыда, кан майданды бүгүн болбосо эртең көрөт эмеспизби. Полк командиринин чайына карабастан эскадрондорду, атчандарды, алардын командирлерин көрүүгө чыктым.

Айрым бөлүктөрдө жоокерлерди жыйнап, совинформбюронун жаңы кабарларын айтып бердим. Воронеж фронтунда фашисттер чеби талкаланып, биздикилер 100–200 чакырым илгерилегенин өзүм жаңы эле уккамын...

«Бүгүн болбосо, эртең» адаттагы жөнөкөй гана сөздөр. Бирок бул – Мекенин көзүнүн карегиндей коргогон жоокерлер үчүн күч-кайратын көрсөтүүгө майданда убакыт менен шарт жетерлик бар деген сөз. Ошол эле күнү буйрук боюнча Вазузу дайрасын түнү менен кечип өтүп, Крюково, Подсановка кыштактарына бекинген фашисттер менен беттешүү мүмкүндүгү болду.

– Немецтер биздин чабуул коёрубузду сезбептир, – деп эскерет Смайл Салимович, – жаңы бөлүктөгү биринчи салгылашуусу жөнүндө, – жебедей суурулган аттары менен казактар ылаачындай тийгенде душман эсинен танды. Далбас уруп, техникаларын ишке салып, жан талаша каршылык көрсөттү. Ал түгүл, мизибизди кайтаруу максатында беш-алты жолу кайтарма чабуулга өтүштү. Бирок, 300дөй солдат, офицерлеринен ажырашты. 7 танкасын талкалады. Мен атайын душмандын эң мыкты түйүнүнө сокку уруучу эскадронго кошулуп алгам. Эртеси түштөн кийин гана кыштактар фашисттерден толук тазаланып бүттү. Атчан ээн көчөдө келе жатып бир кудуктун жанына түштүм. Чөнтөктөрүмдү аңтарып тамеки таппай отургамын. Жаныма эки казак келди да: «Жолдош комиссар, бизде тамеки бар. Чегесизби?» деп жылмайышты.

Тамеки тарттык, казактар менин туулуп-өскөн жериме, атчандардын кайсы бөлүгүндө кызмат өтөгөнүмө кызыгышты. Алардын мамилесинен биринчи жолу урматтоо сезимин байкадым. Бир кезде полктун командири ординареци менен пайда болду. «Жүр комиссар, штабга, иш бар», – деди. Аларга кошулдум. Жолдо келатып: «Түзүк экенсиң, – деди Капустин, – кээ бир немелердей өзүңдү далдаага алганың жок. Анан баягы менин сөзүмдү билесиңби? Алиги, атка өзүң мине аласыңбы дегенимди».

Андан ары ал эмне айтаарын билбей мени карап, ак эдил күлүп жиберди. Мен: «Жолдош подполковник, мен аны эбак унуткам!» дедим.

– Казактардын эрдиги жөнүндө эмне айтсаңыз да ишенем. Алардын рухий дүйнөсү да өзүнчө кызыктуу...

– Кубандык кызыл атчандар жөнүндө том-том китеп жазса болор эле, – Смайл аке манжалары менен столду черткилеп ойлуу отурду, – ар бир салгылашуу алдында партияга кабыл алууну өтүнгөн арыздар толуп кетүүчү. Шартына жараша кабыл алып, толуктап турдук. Бул кыргын эң мыкты казактарды катардан чыгарып, далай ак эдил эрлерден айрылдык. Чектен ашкан салгылашуу өлүмдү унутууга аргасыз кылат экен. «Ата Мекен үчүн!» деген ар бир кыйкырык жан-дүйнөбүздү козгоп, душмандан өч алуу деген бир гана ой багыт көрсөтүп турар эле. Салгылашуу болор алдында казактарды жаалданган сел өңдүү сезчүмүн.

Мына ушул жойкун сел бир гана ураан чакыруу, өлүмдөн коркпой алдыга жол баштап атка камчы уруу менен бөгөтүнөн ажырап, душманды каптап кетүүчү да алдынан кезиккенин тебелеп-тепсеп, жапырып, жер менен жексен кылуучу.

Ардактуу ветеран ойлоно тамеки түтөттү. Өңүнөн саал чарчаганы сезилгенсийт.

– Бир аз тыным алсак кандай дейсиз, эшикке чыгып тамеки чегели, – дедим блокнотумду жаап.

Пржевальск шаарынын Карл Маркс көчөсүнө жайгашкан чакан үйдүн цементтелген короосунда ары-бери басып турдук. Жаныбызда бийик өскөн гүлкайырлар күн нуруна магдырагансып, кыймылсыз.. Бул «тыным алууда» өзүбүз эркин басып жүргөнүбүз менен адамдардагы эрк, эрдик жогорку маектин уландысы эсибизде турду.

– Эрдик, – каармандык жөнүндө анын табияты жөнүндө билүү кызык, – дедим мен. – Бул өзү адам өмүрүндөгү айтууга тил жетпеген, ошону жасаган адамдын өзү да түшүнбөгөн кокустукпу? Кандай дейсиз, Смайл Салимович?

Ветеран түтөгөн сигаретинин күлүн алманын бутагына тийгизип түшүрдү. Көзү колунда болгону менен ички дүйнөсү башка жактарды кезип, менин суроомо согуш талаасынан жооп издеп жүргөнсүйт.

81-жылы гвардиячы атчандардын 3-дивизиясынын түзүлгөнүнө 40 жыл толду. Анын 9-полкунда бар-жогу 18 ай гана кызмат өтөдүм. Чакыруу кагазы келсе да Армавирге баралбадым. Ооруп жүргөм. Кайран азаматтар. Коммунисттердин жарымына жакыны көз алдыбызда эрдик менен курман болушту. Алардын бары дээрлик чыныгы азаматтардан эле. Бир гана көз ирмем убакыт ичиндеги аракет майдандагы согуштун тагдырын чечкен учурдун күбөсү болдум. Эрдик... Бул татаал кубулуш. Өз милдетим деп аткарган карапайым ишим менин эрдигим болуп калганын кийин билип жүрөм. Ишенүү да кыйын. Ал «эрдик» эмес, катардагы иш болууга тийиш эле деп ойлоном. Кыязы, эрдиктин көрүнөр учуру бир болгону менен анын жаралышынын түпкү тамырлары көп болсо керек. Мен өз башыман өткөн бир окуяны айтып берейин, – деди Салимович кайкая белин түзөп. «Өзү жөнүндө эми айтат» деген ойго келдим. – Согуштук мааниси чоң болгон Михайлов кыштагы, андагы темир жол станциясы үчүн болгон салгылашууда полктун командири Капустин эки анжы ойго берилип, убакыт саал чоюлуп калды. Баары азыр да көз алдымда турат.

Түнү менен жааган карга карабастан жоокерлер ат үстүндө чабуулга даяр турушкан. Таң сүрүп келе жатты. Фашисттердин коргонуу күчү бизден алда канча артык. «Жерге жарык түшүрбөй уйкулуу-соо жаткан душманды кокусунан басып калсакпы, мындай болгондо биз алсырап, кыштакты алаар алдында жаңы күч менен 12-полк бөйрөктөн кирип келсе, фашисттердин толук жоюлушу мүмкүн да, кыштакты алуунун сыймыгы 12-полкко оодук болбойбу?!» деген ойду ойлоптур Капустин. Албетте, замполит катары мындай майдачылыкка каршы болдум. Өзүңүз ойлойсуз, подполковник Капустин өлүм жөнүндө ойлоп да койбогон, бет алган багытынан бир кадам артка чегинбеген душман тобуна жалгыз өзү ат ойнотуп кирип барган тоо жүрөк адам болуучу, – Салимович сигаретин соруп тез үйлөдү да күлүн дагы алманын бутагына жеңил сүйкөп өттү. – Өлүм менен өмүр алпурушуп, кан кечип жүргөн учурда өзүбүзгө жардамга келүүчү 12-полк менен көкбөрү тартып жаткансып, Капустиндин жөнөкөй ойлогонун эрдик эмес деп айта аласызбы?

– Эрдиктин, ым-м, бир түрү деп коёлук, – дедим мен мукактанып.

*     *     *

– Смайл Салимович, сиз татаал өмүр мектебинен өттүңүз. Жарык дүйнөдө жетимиш үч жыл өмүр сүрдүңүз. Балким, жаштарга каалооңуз бардыр? – дедим жанында кетип баратып.

– Менин каалоом бар. Уруш – апаат! Аны болтурбоо керек. Ушул тынч күндөрдө жаштар акыл-эстүү жашоого, мекенин көзүнүн карегиндей коргоп, сүйүүгө, биздин улуу ишибиздин татыктуу мураскерлеринен болууга умтулуш керек. Өмүрдөгү күрөш – бул ыйык кыймыл! Согушта Мекен деп курман болгон эң мыкты азаматтардын тагдыры мага адамдын улуулугун далилдеп берген. Эгер билсеңиз, дагы кайталап айтайын, Мекен, Эл деп күрөшкөн адам улуу! Жаштар мына ушуну терең билиш керек, – деди Смайл Салимович мага чечкиндүү карап.

1979-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз