Пабло Неруда: Караңгыдагы монолог

  • 22.02.2024
  • 3563

П.Неруда 1904-жылы Чилинин Парраль шаарчасында туулган. Акын, дипломат жана саясый ишмер болгон. «Элдердин ортосунда  тынчтыкты чыңдоо» боюнча  Сталиндик  сыйлыктын  (1953),  адабият боюнча Нобель сыйлыгынын (1971) лауреаты.

Экөөбүздөн башка эч ким жок деп койчу.
Мен эми болбогон бир суроолорду бере берем,
анан биз адамдарча сүйлөшөбүз.
Сени менен жолдо өтүп бараткан жолоочу жан,
кечээ гана көз жарган ымыркай, сени менен,
каза тапкан пенделер, сени менен,
жана да төрөлө элек бөбөктөр менен дагы
эч бир жанга угузбай сөздөрүмдү –
сүйлөшкүм келет менин.
Себеп десең: демейкидей
курган сөздөр кулактын даңгыраган жолуна
түшөр менен
түшүнүктөр ийрейишип бузулбасын,
бирөөлөр ушак-айың сөз кылбасын.

Кеп мында: кайдан? Кайда?
Кандайча сен төрөлүп калдың мында?
Билесиңби, жердин чакан экендигин –
чоңдугу бир тоголок алмадай бар,
чоң эмес же болбосо салмоор таштан.
Билбейсиң го, бир туугандар бирин бири
бир кочуш турпак үчүн өлтүрөрүн?!

Өлгөндөргө жер табылат!

Сен али билесиңби, билбейсиңби
мезгил деген бир гана күн,
а күн болсо жалгыз тамчы экендигин?
Кандай жашап өтөсүң сен?
Кандайча жашап келдиң?
Бир сырдуубу? Жугумдуубу? Санда жокпу?
Бир курлардан алдараак жүрөсүңбү,
же болбосо, басасыңбы мылтыгыңдын кундагын
алардын ийнине артып?
Канча күн калды өмүрдүн бүтөрүнө, –
Аларды кандай кылып керектейсиң?
Баарыдан да өмүргө жетпей калган.
өксүгөн күнүңдү не кыласың?

Билесиңби, көчөдө да эч ким жок,
үйлөрдө да эч ким жок калгандыгын?
Жайнаган терезелер жана көздөр.
Эгерде түнөөрүңө жай жок болсо;
каалганы каксаң ачат;
жо-жок – азганакей жылчык ачат, –
ошондо сен көрөсүң үй ичинин
аңгырап, суук ойноп, бош турганын,
үй экөөң бир бириңе чоочунсуңар;
сенин айтар сөзүңдүн кымындай да кереги жок;
болбой эле эзилип эркелетсең
ит деле, мышык деле тиштеп алат.

Кош болгун,
мени унутар минутага чейин кош бол!

Кетейин, себеп десең
талаага эле суроолорду чачкыдай убактым жок.
Убактым ушунчалык бир жок дейсиң
Көчөдө баратканда эреже-тартиптерди зорго сактайм;

Каяктадыр бир жерде
эмнедендир бир нерседен
айыптоого күтүп мени турушат да, –
алардан актанышым, коргонушум керек менин;
эч ким билбейт – ал өзү эмне деген иш экенин,
бирок айкын: кечиктирүү болбойт аны;
барбай койсом, баары бир соту болот;
андан калып канткенде актанышым, коргонушум керек менин,
эшик каксам – бир да бирөө ырымга ачып коюшпаса.

Көрүшкөнчө кош болгун, экөөбүз көрүшпөстөн сүйлөшөбүз.
Же кийин сүйлөшсөкпү? Билбей турам.
Же биздер эч качан көрүшкөн да эмеспизби?
Жолугуп пикирлеше да албайбызбы?
Менин бир кутургандай адатым бар:
жанымда жан киши жок сүйлөй  берем,
өзүмдүн сөзүмдү өзүм укпайм дагы;
жаадырып өзүмө өзүм суроолорду
кылайтып бирөөнө да жооп бербейм.

ЧАРЧООНУН ӨЗГӨЧӨ БИР ТҮРҮ
Жеке эле мен чарчашым керек бекен,
чарчашсаң мени менен кошо сен да.

Күздүн күнү шаарлардын үстүнө
себеленип түшүп жаткан көөлүү-чаңды көргөндө
кантип киши чарчабасын:
көө-чаңы экинчи ирет күймөк беле,
адамдын үстү-башын каптап, анан
жүрөккө жеткиси бар көөдөн көзөп.

Мен чарчадым сүрүнөн деңиздердин,
чарчатты жердин сырдуу табышмагы,
мен өтө чарчап кеттим тооктордон:
биз билбейбиз алар нени ойлошоорун,
купкургак каректерин мыктай кадап
бизге алар маани берип коюшпайт түк.
Сага мен сунуш кылам –
кел, бир күн бир катар нерселерден
чогуу чарчап көрөлү бир:
жаман-жуман винолордон,
кынтыгы жок тарбиядан.

Францияга каттабай калгандан да чарчайбыз биз,
кел эми, жок дегенде
жумасына чарчайлы – бир, же эки.
Коюлган дасторконго тамактардан
ар дайым күндөр окшоп аталганда,
ошондо бизди алпарат алар кайда?
Алпарып айдап кирет шордуу уйкуга.

Чындыкты акыр бир күн айтыш керек:
бизге эч качан жаккан эмес
чымындардай, төөлөрдөй
бир бирине опокшош ушул күндөр.

Жадымдан өчүп кеткен диктаторлорго коюлган
эстеликтерди өмүрүмдө нечен көрдүм.
Алар турат
көздөрүнөн кайгы тамган ат үстүндө
кыймылсыз кылыч кармап.
Ушулардан шалдайып чарчап бүттүм.
Мени аябай жадатты мындай таштар.

Эгер биз мындан ары карай деле
Андай моло таштарды дүйнөгө жыйнай берсек,
Анда кантип тирүүлөр күн өткөрөт?

Чарчадым эстеп дагы, эскерип да.
 

Адам деген төрөлгөн соң
ага чейин бирөөлөр жутуп койгон аваны
кайра жутпай,
дем алса дейм таза абадан,
жаңы гүлдүн жытын жыттап,
жаңы жерди жана жаңы отту искесе.
Коё туруп жаңы туулган ымыркай немелерди,
мурдатан өмүр сүрүп келгендерге бергиле жай!
Оюңардан чыгарганды аларга таңуулабай
жөн койгула,
бүт баарысы бир эле китепти окуй беришпесин,
өздөрүнчө ачышып таң пардасын,
өбүшүүгө ат коюшсун өздөрүнчө.

Бышыктап жасалгандын бардыгынан
бүттүм чарчап, чарчашчы сен да кошо.
Чарчадым жанбай жатып картайгандан,
Чарчадым бирөөлөрдү чарчатуу үчүн
жасалгандын бардыгынан.

Кел чарчайлы, өмүргө кас саноонун бардыгынан,
жана да жан талашып жашоо үчүн кылуудан жанды курман.

СҮЙҮҮ
Раазымын тагдырга, раазымын!
Ушунча күндөн бери сен менин жанымдасың,
дайыма жанымдасың!
Ал үчүн мен кимдерге эмне берем?
Кандайча төлөйм кунун?

Кызылга ынак жаз мында –
токойдун туткунунан ойгонуптур;
ийинден түлкүлөр да сыртка чыгып,
жыландар шимиришет шүүдүрүмдү,
ошондо тымтырстык менен токой арасында
баратамын сени менен тебелеп жалбыракты,
өзүм билбейм: мына ушул бактым үчүн
кимгедир бирөөлөргө бирдеме төлөймүнбү?
Төлөсөм: кимге? Качан?

Бүт бардык көргөнүмдүн ичинен
бир гана сени көргүм келмек менин;
бүт бардык менин колум тийгендерден
жалгыз сага колумду тийгизмекмин;
күн желеси түстөнгөн күлкүңдү жандай сүйөм,
жандай сүйөм жана да уктап жаткан деңизди мен.

Сүйүүм менин, сүйүктүүм! Эмне кылам?
Билалбайм, өңгөлөр кантип сүйөт,
билбеймин мурда кантип сүйүшкөнүн,
мен сүйүп да, сүйүнүп да жашап атам,
ошентип мен, өзүмчө эле сүйүп калдым.

Барган сайын мага сүйкүм көрүнүп баратасың
Көзүң мындай боло калса, –
кайда кетип калды деп издей берем.
Ойлойм анан: эмнеге мынчалыкка кечикти экен?
Анан туруп таарынам –
ошол замат бечарамын, келесоомун, кайгылуумун
бир аздан соң сен келесиң
сабагынан үзүлгөн шабдаалынын илеби сыяктанып.
Сүйөмүн ал үчүн да, бул үчүн да,
аз үчүн да, көп үчүн да сүйөмүн мен.
Сүйүү деген ушундай болуу керек –
азыраак ачыгыраак жана мүлдө,
өтө өзгөчө жана өтө коркунучтуу,
кызыл-тазыл жана кара аза күткөн,
ар дайым жылдыздардай гүлдөп турган,
жана да өбүшүүдөй эч чени жок,
сүйүү деген мына ушундай болуу керек!

БУЛ ТҮНҮ МЕН ЫР ЖАЗА АЛАМ
Бул түндө жүрөгүмдө кайгылуу ыр сап бышып турат.
Мисал үчүн: «Алыста көк асманда, дирилдеп
сан-миң болгон жылдыздардан» кайгылуураак
Не бар экен бул дүйнөдө.

Көз байлаган күүгүмдө шамал улуйт жана ырдайт.
Бул түндө жүрөгүмдө кайгылуу ыр сап бышып турат.
Сүйчү элем, кээде мени ал да сүйүп эркелечү.
Ушул түндөй түндөрдө кучагыма кыстым канча,
Жылдыз толуп турган чакта өбүштүк го таң атканча.

Сүйчү ал да, мен да кээде аны сүйүп эркелегем.
О анын чексиздиктей көз карашы алдында туруу кыйын.
Бул түндө жүрөгүндө кайгылуу ыр сап бышып турат:
Жоготтум мен сүйүүмдү, калдым жалгыз кайгылуумун.

Мына мобул караңгы түн ансыз андан караңгыраак.
Көңүлгө ырлар түшөт түшкөндөй чөпкө кыроо.
Болор болду, менин сүйүүм аны асырап алалган жок.
Жылдыз толгон асман турат. А мен ансыз жашап жатам.

Мына ушундай. Алыс жакта кимдир бирөө ырдап барат.
А көңүлүм макул эмес, жоголгон изин издейт.
Учуратар бекемин деп көздөрүм дүйнө кезет.
Жүрөгүм да издеп келет, бирок анын дайыны жок.

Баягы эле коюу түн, агарат баягы эле бак баштары.
Биздер эми башкабыз, баштагыдай болбой калдык.
Ал туура, азыр сүйүүм ооп кетти башка жакка.
Бирок мурда сүйчү элем кандай гана?!
Шамал үнүн тыңдачу элем, ал жөнүндө бирдеме угуп калышка.

Азыр башка бирөө менен, мурда эрдим эринине тийчү эле.
Үнүм дагы үнүндө эле, биригишип көз караштар, денелер.
Сүйбөй калдым, туура баары. Бирок сүйүп турам дале:
Сүйүү жолу мынча кыска, унутуунун жолу ушунча узак белем.

Дал ушундай түндө аны кучагыма кыстым элем.
Бирок көңүл жоготуусун өз мойнуна алгысы жок.
Андан көңүл жараланар соңку ирет
Бул саптар да ага жазган ырларымдын соңкусу.

ТЫМТЫРСТЫК
Мен, өзүм, жыгач болуп өскөн неме,
эң эле көп нерсени айтар элем.
Бирок мен көп нерсени билип алып,
ушундай тымтырстыкта, милдет экен
тиштигип көп нерсени айталбаймын.
Мен билгенди өсүмдүктүн баары билет,
а бирок алардын чоң бактысы ушул –
дарак болуп өссөм деген жалгыз максат,
алардын жумушу ушул – колдон келсе
тазараак, тунугураак болуп берсе.
Алардын өзөгүнө алтын мезгил –
акырын агып кире берет дагы
акыры апельсин болуп чыга келет.

ЖАКЫРЧЫЛЫК
Кабагыңды саласың –
коркосуң го жакырлыктан.

Сен эски туфлийиңди кийип алып
эл көзүнө көрүнүп базарга баргың келбейт,
кийилген көйнөктү да эч сатып алгың келбейт.

Сүйгөнүм, ким эле жакырлыкты жакшы көрсүн,
а байлар экөөбүздү ошентип калышса дейт:
адамдын жүрөгүндө калып калган
дал ошол жакырлыкты биз, экөөбүз,
бошогон тиштей жулуп салбайбызбы.

Мен сенден сураганым:
түк коркпогун жакырлыктан.
эгерде болбой эле эшик ачып
сенин алтын туфлийиңди алам десе, –
жылмаюуңдан такыр жазба, жадырап кой.

Эгерде квартирага төлөөгө тыйының жок болуп калса
Ишке кетип баратып башыңды жерге салба.
Сүйгөнүм, ошондо эстеп койгун,
дал ушул минутада сени аңдып карап турам,
сен жана мен – шаа жетпеген байлыкпыз биз,
дүйнөдө андай байлык эч жерде жок.

КАНЫША
Мен сени каныша деп атап алдым.
Бар өйдөрөөк сенден деле, бар өйдөрөөк.
Бар тазараак сенден деле, бар тазараак.
Бар чырайлуу сенден деле, бар чырайлуу.

А бирок каныша – сен.

Сен көчөдө баратканда
эч ким сага тизе бүгүп таазим кылбайт,
көрүшпөйт да башыңдагы таажыңды жакутталган,
көрүшпөйт, жок килемди, кызыл алтын чөгөрүп сен
басуучу жолго салган.
Сен көзүмө көрүнүп койсоң болду –
денемде бүт дүйнөнүн дарыялары ырдап кирет,
ай-ааламда шаңгырап коңгуроолор –
жер жүзүн бир зор гимн каптап кирет.

Бирок аны
жалгыз гана сен экөөбүз
уга алабыз, сүйгөнүм.

ДОС ДЕГЕН КАЙРЫЛЫП КЕЛБЕЙ КОЙБОЙТ
Досуң сенин каза таап калса эгерде,
Бир өлбөй экинчи ирет өлөт сенде.

Ал сени издеп жүрүп таап алып
көмдүрөт, сен келесиң топурак салып.

Биз болсо анын каза тапкандыгын
Угабыз жумушка шашып бара жатып,
Же сүйлөшүп олтуруп тамак ичип.

Бул кабар эч бир кимди таң калдырбайт.
Ал кыйналып жүргөнүн билчү баары.
Ал өлдү, анын ысмын эч ким эми
Жерден өйдө көтөрүп койбойт дечи.

Антсе да өлгөн неме келди кайтып,
Биздерге эскертүүгө өзүн тирүү.
Ал биздин көзүбүздү байкап көрдү.
Биз болсок байкамаксан болуп койдук.
Ошондон кийин кетти ал таптакыр:
эми аны эч ким элес албай калды.

АКЫРЫ КАНЧА ДЕГИ?
Айткылачы, адам деген канча жашайт?
Миң күнбү, же болбосо бир гана күн?
Бир жумабы, же болбосо жүз жылдаппы?
Ал өзү канча убакка дейре өлөт?
«Түбөлүк» – деп айтканда эмнени айтат?

Мына ушул суроолорго туш болуп,
Мен акыры жооп табам деп чечтим.

Таап алдым кыйын деген молдолорду,
окушуп намаз, дооран дегендерин
Жалынып Жаратканга, Азезилге,
жандарын жай алдырган кездеринде,
аларга жолугууга мен да келдим.
Мен берген суроолордон жадашты алар.

Чынында менден көбүрөөк билем деген,
Көрсө, алар иш башкарган кемдер экен.

Эки-үч ирет сүйлөшкөн соң,
аябай өз иштери менен алек,
колдорунда аспап-бычак
баскан изи жыттанып дары-дармек
догдурлар кабыл алды мени, демек.
Алардын айтканынан муну билдим:
акыркы кездерде көп күч жумшалып,
бир канча тонна микроб кырылыптыр,
бирок да аман калган азыраагы –
миң эсе коркунучтуу болуп калды.
Алардын укканыман жүрөк түшүп,
жүгүргөн бойдон бардым көрчүлөргө.

Келсем мен дарыянын жээгине –
өлүктөрдү өрттөп атат:
семиз, арык, чоң, кичине адамдар
соот кийген падышалар,
ачуусуна жеңдирип
акырында каза тапкан аялдар бар.
Бул жер бир маркумдардын дүйнөсү экен.

Бир ыгы келе түшкөн кезде акырын
өзүмдүн суроомду мен бере салдым.
Алардан бардык болгон жооп сөзү:
– Муну да өрттөп салыш керек деди.

А биздин Чилидеги мүрзөчүлөр,
бөтөлкөнүн оозунан кылк-кылк жутуп:
«Бир жакшы кызды таап алсаңчы да,
келжиреген суроолорду таштасаңчы»...

Мындай шайыр адамдар чанда чыгат.
Каалашып ден соолукту, жан тынчтыгын
ичти алар жана ырдашты жыргап-куунап.
Алар шайыр адамдар экен көрсө!

Ушинтип, бүт дүйнөнү кыдырдым да
бир күнү мен картайып келдим үйгө.
Эми мен эч нерсе деп сурабаймын...
А бирок барган сайын билгеним аз.

ӨТӨ ДЕЛЕ БИЙИК ЭМЕС
Кээ-кезде жана алыста жүргөн кезде
өлүм ак деген сөзгө жүз жууш керек.

Алибетте, баары жакшы,
жана да баары эң жаман, алибетте.

Жол менен өтөт, кетет жолоочулар,
чоңоюшат балдар да, көчөлөр да,
биз бирден гитараны сатып алып
көз жашын төктүрөбүз жол боюнда.

Баары жакшы жана да баары жаман.

Бокалдар толтурулат, анан кайра
ичинде эч нерсе жок кургап калат,
ал түгүл эртең менен кээ бир кезде
негедир табышмактуу ажал табат.

Көргөн-өскөн тарбия болду ушундай –
бүгүн биз
кошуна менен коёбуз учурашпай,
эң эле көп аялдар бизди сүйөт,
кимисин сүйөрүбүздү билалбайбыз.

Басабыз ашкан баалуу көйнөк кийип
жүрөбүз өтө кымбат ишенимде.

Мен билем бир эзилген сары адамды,
ал өзүн апельсинмин деп калуучу,
ак саргыл негрди да көргөмүн мен.
Турмушта нелер гана кездешпейт.

Мен көргөм, англичандар, ууруларды
укмуштай көкөлөтүп мактаганын,
кыйын ишин кылды деп рыцардын;
Мен көргөм нак чындыкты ачка калган
акыр-чикир арасынан нан караган.

Мен билем: түк ишенбейт эч ким буга,
бирок мен көзүм менен көргөмүн да.
 

Өлүм ак, кирди жууп ак, тазараак,
жабылган жер жарыгына жатып алып,
жакшылап кароо керек өйдө жакты.
Ошондо үйрөнөсүң чен, өлчөмдү,
жана да сүйлөгөндү, жашаганды.
Балким биз, мынча акылсыз болбойт белек,
Балким биз, мынча акылдуу болбойт белек.
Биз өлүштү акыры үйрөнөбүз.
Топурак, жер болобуз, көз да (көрбөйт).
Болобуз унутулган ысым дагы.

Бар дейсиң ушунчалык чоң акындар,
эшиктерге батпаган, кире албаган,
жана бар самын таштай жылмышчаактар,
акчага ырын эмес, жанын сатаар.
Анан да аялдар бар, өмүрүндө
пияздын өскөндүгүн көрүшпөгөн.

Дүйнөдө ушунчалык көп нерсе бар –
өзгөрбөй өз нугунда кетип барат,
а бирок күндөрдүн бир күндөрүндө
бардыгы такыр башка болуп калат.
Ишенгиңер келбейби – эрк силерде.

Мен болсо жашоонун бир мугалими,
өлүмдүн дүйнө кезген безеримин;
турмушта менин көргөн-билгендерим
эч кимге эч кереги болбосо эгер, –
анда мен эчтеме деп айтканым жок,
а бирок айтып койдум мен бардыгын.

Которгон Омор СУЛТАНОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз