Бери караң, орускул: Теги калмак, тайы еврей Ленин

Совет учурунда Лениндин түпкү теги боюнча бардык маалыматтар жашырылып, бул тема боюнча жазууга тыюу салынган. Советтик идеология коомчулуктун Ленинди партия менен революциядан сырт жөнөкөй адам катары көрүшүн каалаган эмес. Совет мамлекети кулаган 90-жылдардан кийин гана Лениндин санжырасы ачыкталган. Ошентсе да бул тема боюнча талаш-тартыштар азыркыга чейин уланып келүүдө.

Дүйнөлүк пролетариаттын жолбашчысы делген Лениндин атасы Илья Николаевич Ульянов элдик окуу жайларда көп жылдар бою инспектор болуп иштегени белгилүү. Владимир Ильич 1922-жылы өз колу менен толтурган анкетада ата-теги тууралуу берилген суроого “билбейм” деп жооп берген. Изилдөөлөр боюнча Лениндин чоң атасы Николай Ульянин Нижегород губерниясында жашаган эркин дыйкан болгону, кийин Астраханга көчүп келгенинде бычмачы болуп иштегени белгилүү. Бул кишинин атасы калмак болгондугу тууралуу эл оозунда айтылып жүрөт (бул Лениндин кыйык көзүнөн жана башынын түзүлүшүнөн байкалып турат. Дагы башка маалыматтарда Лениндин бабасы чуваш болгону айтылат. Бизден да бирөө “Лениндин чоң аталары кыргыз болгон” деп чыкканы эсте). Бул тууралуу Советтик жазуучу жана тарыхчы Мариэтта Шагинян «Семья Ульяновых» аттуу китебинде жазган, бирок бул китеп Советтик идеологияга туура келбегендиктен улам элге жайылуусуна тыюу салынган. Мындан башка да Лениндин атасы врач Иван Покровский болгондугу тууралуу айтыла калып жүрөт. Иван Покровский уляновдордун үй-бүлөсүнүн досу болгондуктан алардыкына көп келип, бара-бара үй ээсинин аялы экөөнүн ортосунда сүйүү сезими ойгонуп, ал өтө тереңдеп кеткен имиш. Бул божомолду белгилүү тарыхчы Аким Арутюнов эң биринчи болуп айткан. Анын мындай оюна жем таштаган жанагындай имиштер жана Лениндин дипломундагы «Иванович» деген атасынын аты чийилип салынып, жанына «Ильич» деп жазылганы себепкер болгон сыяктанат. 

Лениндин апасы Мария Александровна күйөөгө чыкканга чейин Бланк деген фамилияны алып жүргөн. Мариянын таятасы Йоганн Готлиб Гроссшопф болгон. Ал 1766-жылы Любеке шаарында немис үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын 14-кылымда жашаган түпкү аталары көбүнчө тегирмендерди ижарага алып иштеткен жумушчулардан болушкан, бирок алардын арасынан ошол убактарда магистрлер, аптекар, врачтар да чыккан. Ошондой эле Лениндин тайларынын санжырасында Курциус деген фамилия бар, бул аты-жөндү алып жүрүүчүлөрдүн катарында философиянын профессору, белгилүү археолог, романист, ал тургай үч жолку президент Любека да бар.

Мария Александровнанын чоң атасы Йоганн Гроссшопф Орусияга жаштайынан келип отурукташып калган. 27 жаш курагында ал Анне Беате Эстедтке үйлөнгөн. Ал Петербург академиясында оймо-чийме өнөрүнөн (гравировальное искусство) сабак берген. Бул чоң таенесинен Ленинге швед каны кошулган. Германия менен Швециядан келген бул жубайлар орус жерине жакшылап ыңгайлашып, жергиликтүү тилди жакшы өздөштүрүшкөн. Алар  Анна аттуу кыздуу болуп, ал бой жеткенинде Александр Бланкка турмушка чыккан. Мариэтта Шагиняндын божомолу боюнча ал украин болгон, бирок Владимир Ильичтин таятасы еврей болгону тастыкталган.

1924-жылы Ленин өлгөндөн кийин ВКП БК секретариаты жолбашчынын бир тууганы Анна Ильинична Ульяновага өз үй-бүлөсүнүн санжырасын тактоону тапшырган. Ага эжеси Мария жардам берген. Анна Ильинична Бланк аты-жөнүн изилдеп келип мындай деген: «Бул фамилия француздуку сыяктанчу, бирок буга эч кандай далил табылган жок. Менде мурда эле таятамдын теги еврейлерге барып такалат деген ой бар эле, анткени анын еврейлер көп жашаган Житомирде туулганын апамдан уккан жайым бар”. Анна Ильиничнанын бул шектенүүсү ал таятасынын атасы Моши Ицкович Бланк аттуу житомирлик еврей экенин тастыктаган документтерди таап алганында чындыкка айланган. Бул тууралуу Сталинге билдиргенде ал мындай деп катуу буйрук берген: «Бул тууралуу эч качан оозуңдан чыкпасын!» (Кебетеси Ленинде еврей каны бар экени билинсе ага болгон элдин сүйүүсү бөксөрөт деп Сталин корккондой). Натыйжада бул маалымат 1992-жылга чейин жарык көргөн эмес. Кызык, Моша Ицкович еврей үчүн жагымсыз мындай фамилияны эмнеге алып жүрдү экен?

Анын апасы минскилик еврейдин кызы болгон, атасы Минскиде жогорку кызматта отурган чиновник болчу. Кебетеси ал Франциядагы революциядан кийин Орусияга эмиграцияланган окшойт. Ушуга байланыштуу еврейлердин Минскидеги коому Мошаны еврей фамилиясы менен каттоого алгандан баш тарткандай. Ошентип француз фамилиясы менен калган ал еврейлерди жек көрүп калгандай. Ал тургай мындан улам Моша падыша Николай биринчиге еврейлерди император үй-бүлөсүнө сыйынууга мажбурлоону, алардын улуттук кийимдерин кийүүгө тыюу салуусун өтүнүп кат жазыптыр. Моша православ динине өтүп уулдарына  Александр жана Дмитрий деген ат берет. Бул алардын Императордук медициналык-хирургия академиясынан билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Ушундай жол менен Лениндин таятасы мамлекеттик ишке өтүп, жаман эмес карьера жасап, дворян тукуму деген макам алат.

Ар кайсы маалымат булактарынан алып даярдаган:

Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз