Ак офицер-генералдар жана кызыл тубаса таланттар

  • 30.09.2021
  • 4163
Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы” китебинен

<<<<< Башы

Ооба. Слесарлар менен аптекачылар эч кандай академиясы же училищасы жок эле аскердик таланттарын көрсөтүп, сабаттуу падышалык офицерлердин акелерин окута согуп турушкан. Андай болгон соң аларга академиянын эмне кереги бар эле, кароолчунун окуусун окушса болмок!

Демек мындай. 1918-жылдын февралында Троцкийди немистер көрсүн деп кызматынан алышат, совет бийлиги аны Брест сүйлөшүүлөрүн туура эмес жүргүзгөнү үчүн өзү жазалап атпайбы деген ишара да бул. Мына сага, достук-фройндшафт! Анан ошол эле жылы мартта Троцкийди аскер деңиз флотуна эл комиссары кылып дайындашкан. Ал Кызыл Армияны түзүшү керек эле. ЧК болсо уктабайт, баарын көзөмөлдөп иштеп жатат!!

Анан Троцкийге генерал Самойлону алып келишет. Самойло ага армияны кантип мобилизациялоону түшүндүрөт. Чакыруу пункттар тармагын кантип уюштуруу керек, алар кай жерде турушу керектигинен өйдө айтат.

Ошондой дечи. Чакыруу пункттарын биз... аскер комиссариаты деп атайбыз, аларга аскер комиссарлары башчылык кылат. Аларды военкомдор дейбиз. Аларды орун жай, машинке басар айымдар, машинкелер, отун, пайка менен камсыздаш керек болот. 18 жаштан 50 жашка чейинки эркек атмайдын баары эсепке алынсын! Эски тизмелер калганбы? Эң сонун. Демек: болуштук, уезддик, губерниялык аскер комиссариаттары болот. Алардын үстүндө округдук комиссариаттар турат. Сонун, баары ойдогудай.

Ооба, офицерлерди өзүнчө тизмеге алабыз. Туура, туура. Бирок биз момундай кошумча киргизип коёлу: бардык офицерлердин үй-бүлөлөрү каттоого алынат. Үй-бүлө мүчөлөрү туурасында маалыматтар, жашаган даректери, тууган-туушкандары даректери менен кошо алынат. Мунун эмне кереги бар дегениң кандай? Алар үй-бүлө башчысы катары барымтада турушу керек да. Эгерде качып кетер болсо же чыккынчылык кылса, андай кылмышы үчүн аларга барымтадагылар катары мамиле кылынат.

Аскер комиссарларына бардык офицерлердин үй-бүлөлөрүн каттоого алуу милдети жүктөлөт! Аткара албадыбы, анда кыйшаңдаган кашаңдыгы үчүн комиссар акелериң эң жогорку революциялык чара – атууга өкүм кылынат.

Ошентип офицерлер четинен чакырылат. Аларга жогорудагы сунуш айтылат, алар андан баш тарта албайт. Же Кызыл Армияга барат, же тап душманы катары атылат, үй-бүлөсү болсо кайрымдуулук иретинде концлагерге айдалат. Ошого да ыракмат дешсин.

Армиядагы офицерге – аскер адисине комиссар көз салат. Анын бардык буйруктарын комиссар бекитет. Анын тартиби үчүн комиссар керт башы менен жооп берет. Офицердин берген буйругу жаман болсо, бирок аны аскер комиссары бекитсе, анда экөө тең атууга. Офицер качып кетсе, аскер комиссары дубалга такалат. Ошол замат ал жашаган жердеги аскер комиссариатына кабар берилет: тап душманы катары офицердин үй-бүлөсү жертөлөгө чакырылат. Жолдоштор, ким падышанын үй-бүлөсүн кичинекей балдары менен кошо атса болот да, офицердин үй-бүлөсүн атса болбойт деп эсептейт? Эмне үчүн болбойт?

Анүстүнө жегенге тамак жок. Жумуш жок. Ошондуктан биринчилерден кылып таптык жактан чоочун, мурдакы офицерлерди каалаган маалда атып салса болот. А бул жерде кандай болсо да паёк берилип атпайбы.

Үй-бүлөгө да социалдык коргоо жагынан биртоп артыкчылык берилет: күйөөсү Кызыл Армияда согушуп жүрөбү, анда иш башка деген кайрымдуу мамиле кылынат. Ушундай болуп аткан соң офицерлер кайда бармак? Үй-бүлөлүүлөр менен иш жүргүзгүлө, алар ымалага бат көнөт деп тээ Цезарь айткан эмеспи…

Анан натыйжасы кандай болду. Жарандык согуштун аягына Бүткүл россиялык жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясында 75 миңге чейин мурдакы офицерлер болгон. Ал эми 1917-жылдын жазына карата Россия Армиясынын сабында жалпысынан 130 000 офицер болгон. Кийинчерек Колчактын кол башчылыгы астында кызмат өтөгөн, «Орус армиясы» деп аталган, дегеле Ак Армияда — 30 000 офицер болгон. 

Андыктан эки тараптан тең согуштук операцияларды пландаштырып, жоокерлерди майданга салгандар бир эле армиянын офицерлери болушкан.

Айталы, «кол башчы» Фрунзенин кылган иштери — полковник Триандафиллов тарабынан пландаштырылган. Кызыл командирлер аскер адистеринин буйруктарын гана берип, алардын аткарылуусуна жетишишкен, анүчүн өзгөчө бөлүмдөр жана у.с. башка пулемётчулар иштешкен.

Ал эми тубаса таланттуу кол башчылар жөнүндөгү уламыштар кийинчерек таптык аң-сезимди тарбиялоо үчүн буйрутма боюнча токулган.

ЧЕКСИЗ БЕРИЛГЕН ТАЙМАНБАС КЫЗЫЛ ЖООКЕРЛЕР

Дүйнөлүк согуштун окопторунда азапты өлө жеген мужук үйүнө кайтып жай чарбачылык менен алектенип кирет, баары жактын баары кыйрап жатса ага Кызыл Армияда суутуп коюптурбу? Үйдө отура турса болбойбу? Болбойт экен да. Атып салышат. Үй-бүлөсүн кошо атып же сүргүнгө айдашат. Өлкөдө аскер комиссариаттары дегендер жайнап кеткен, ал жакта тизмелер басылып турат. Пулемётун сүйрөгөн отряд болсо каалаган күнү кыштакка жетип келиши мүмкүн.... 

Кача да албайсың. Таап, ким экениңди тактап туруп тырайта атып салышат... Же жашылы, агы болобу, айтор сага туш келген кимге каршы болбосун, согушууну сунуш кылышат. Дыр койсоң ошол замат жашаган жериңдеги аскер комиссариатыңа кабар беришет, алар үй-бүлөңдү тырмагынын астына ийне сайып болсо да кайда экениңди опоңой айттырып алышы турган кеп. Пролетардык этика эч кимди аябаган ырайымсыздыкты барып турган эрдик жана аң-сезимдүүлүк деп жар салат. Демек, көз жашыңды көлдөтүп ыйлап турсаң деле — атууга мажбурсуң.

Натыйжада, беш миллиондук армия (!!!) эки гана жыл ичинде түзүлгөн. Анда бирөөнү кыңк дедирбес ырайымсыз, темирдей тартип орнотулган. Бул армиядан качкандар болсо да, аны тепкилегендер болсо да, бирок акыр аягында келип эле ал дайыма, баарынын үстүнөн сөзсүз жеңишке жетишкен.

ИНТЕРВЕНЦИЯ

Тарыхта жаш Совет Республикасын муунтуп салуу үчүн он төрт державанын аскери бизди каптап киргени айтылат. Бирок анте алышкан эмес. Балким, начар муунтушкан. Кекиртегинен эмес, керебеттеги сырайган бутунан кармап муунтушкан окшойт?

Советтик мектеп окуучулары ошол он төрт державаны бекинип санап чыгышчу: Англия, Франция, Америка, Япония. Төртөө. Ушундайбы? Германия. Австро-Венгрия. Алты. Ии. Бул экөө эми Брест тынчтык келишими боюнча муунтушуптур. Бирок баары бир. Ии! Польша да бар эмеспи. Жетөө дейли. Негизи Польша бийликти муунткусу деле келген эмес, жөн гана бир тиштемин үзүп алсам деген. Жети болду. Дагы жетөө кана?..

Макоолор десе! Финляндия, Эстония, Латвия, Литва, — баары совет бийлигине каршы болушканбы? Болушкан. Демейде аты аталбаган Түркиячы, ал Россиянын Закавказьесинин бир үзүмүн жулуп кетпеди беле? Бессарабиянын бир тилимин кесип алган – Румыниячы? Германия менен Австро-Венгриянын союздашы болуп, биз үчүн каракчылык иш болгон Брест тынчтык келишимине кошулуп кеткен Болгариячы? Баары биригип он төрт болбодубу. Баса,  элдердин түрмөсү болгон Австро-Венгериялык Империяны кайрадан (көп өтпөй ошондой эле болду) Австрияга, Венгрияга, Чехияга, Словакияга жана Сербияга бөлөр болсок, анда интервенттердин санына дагы төрт держава кошулуп, ошондо баары он сегиз болот. Бирок мындай цифра кырдаалды таптакыр ойго келгис сандырак нерсеге айлантат.

Демек. 1918-жылдын мартында Мурманск портунда англиялык «Глория» крейсери менен деңиз жөө аскерлеринин отряды келип түшөт. Унаа да жетип келип, жээкке жалпысынан 2000 жоокер түшкөн. Эмне үчүн? Анткени 1914-жылдан тарта союздаштар Россияга аскерий жүктөрдү — куралды, ок-дарыны, кийим-кечени, техниканы ташып турушкан. Жүктөр түндүк тараптан деңиз үстү менен ташылып келинген. Кораблдердеги жүктөр кампаларга түшүрүлүп, анан темир жол менен Петроградка, андан ары фронтко жөнөтүлүп турган.

Эми ошол ири кампаларга куралдуу сакчылар керек эле! Бийлиги жок өлкөдө аларды тоноп кетишмек. Бул бир. Анан жаңы эле кол коюлган Брест келишими боюнча большевиктер өзүлөрүнүн аскерий маанидеги бүт запастарын немистерге өткөрүп бербеси үчүн! Бир деген ушул жана башкасы дагы бар. Немистер тигине, жакын жерде, фин чек арасынан арыраактагы Лапландияда турат, Маннергейм большевиктер Финляндияны кайра бириктире койбосун деп акыл-эстүүлүк кылып аларды өзүнө чакырган, анан да бул немистер алдыга бир аз жыла коюп, бул бир эле күндүк жүрүш, - большевиктер аларга келишим боюнча убада кылынгандарды өзүлөрү басып албашы керек болчу!

Ошентип көп өтпөй мурманскилик кампалардагы отрядга архангелскилик кампалардын күзөт отряды келип кошулду. Андан соң согуш аяктап, аскерий жүктөрдүн эч кимге кереги жок болуп калды, аскерлерди деңиз артында кармап туруу кымбат эле, тең салмактуулук азайып, англичандар үйлөрүнө кайтып кетишти. Түндүктөгү болгон интервенция ушул.

Анан да албетте, башкысы – Түштүк болчу! Кара деңиз, одессалык гулбактар, деңизди ары-бери шилеген англиялык аскер кораблдери жана берет-топуларынын төбөсүнө томолок кадалган француз матростору: Антантанын сан жеткис аскери дегендер ушулар эле.

Демек иштин жөнү мындай. 1918-жылдын аягында немистер толугу менен чыгып кетишкен эле. Ошондон саналуу күндөн кийин эле антантачылар кораблдерден келип түшө башташкан. Булар эртерек келип Одесса, Севастополь, Николаев жана Херсон болуп төрт портту ээлешкен. Эки айдан эле жүктөрүн кайрадан жүктөшүп, артка кайтышкан. Апрелде алардын жыты да калган эмес. Болгон интервенция ушул. 

Булар англичандар, француздар жана гректер болчу. Алардын бул чөлкөмдөгү жалпы күчтөрүн эсептеп келгенде, арабалары менен кошо 60 000ге жеткен. Мына ушул жерден эң эле маанилүү жана принципиалдуу фактыны айта кетели: Кызыл Армиянын бөлүктөрү менен интервенттердин ортосунда эч кандай согуш болгон эмес!

Дагы бир эң маанилүү факты: интервенттер кетер алдынан ак гвардиячыл орус аскер бөлүктөрү алардан бизди Новороссийскиге жөнөткүлө, ал жакта Деникиндин Ыктыярдуу армиясына кошулабыз деп суранышканда, алардын өтүнүчүн тигилер аткаруудан баш тартышкан. Дегеле Антанта союздаш катары актарга эч нерсе жеткирген эмес. Анткени антантачылар эч нерсеге кийлигишүүнү каалаган эмес!

Эми көңүл бургула (анткени силер, тарыхчылар, көк мээсиңер!): бул деген болгону тынчтык орнотуу аракети. Буларды дегеле интервенттер дешке болбойт. Ушуну түшүнүш керек эле.  

1918-жылдын 15-мартында Парижде Антанта Кеңеши француз премьери Клемансонун жетекчилиги астында, Франция Антантада башкы өлкө эсептелген, чечим кабыл алган. Анткени Россия Германия жана Австрия менен сепараттык тынчтык келишимин бекиткен. Анткени ал жакта кымгуут башаламандык өкүм сүрүп турган. Анткени бийликке дүйнөлүк революцияга жана таптык тазалоого ачыктан ачык үгүттөгөн экстремисттер келишкен. Анткени ал жакта бизге союздаш күчтөр жана калктын топтору болгон. Ал жакта авантюристтер менен немистик шпиондор жаңы эле кулаткан демократиялык түзүлүштү орнотумуш болушкан. Негизи эле алардын тактыдан баш тарткан падышасы англиялык королдун тууганы тура. Ошондуктан аймактагы кырдаалда эптеп турукташтыруу керек эле! Прогресстин жана демократия күчтөрүнө жардам кылуу керек эле. Бирок мунун баарын эч кимдин үрөйүн учурбай туруп ишке ашыруу керек болчу. Биз кантсе да цивилдүү коомдо жашап жатпайбызбы, мырзалар! Антантанын ою ушул эле.      

Алар Россиядагы абалдын туруктуулугуна жан дили менен кызыкдар болушкан. Россия Түркияга Закавказьеден жана булуңдардын жанынан көбүрөк жерлерди берип жибербесин дешкен (Британия Оттоман империясын бузуу менен алектенген). Англичандардын кастарлап коргогон мурас жерлери Персия менен Индияга көз артпасын дешкен. М-да. Анан Түндүктөгү кампаларды күзөттөп кайтара башташкан. Түштүктөчү? Бирок ал жакта немистер бар эмес беле! Эмне, ал жакта «экинчи фронт» ачыш керекпи? Өз каныбызды өзүбүз төгөлүбү? Баса, немистер ал жакта зыңкыйта тартип орнотуп коюшкан, колдорунан келет да.

Ошентип, большевиктер союздаштардын (Антантаны – Б.Ш.) келишин колдоп жактырышкан! Башында ушундай болгон. Тимеле аларды келгиле деп чакырышкан. Эмне үчүн?

Биринчиден — Түндүктө немистер менен кармашып, алардан биздин Петроградды калкалап калышсын дешкен. Ошентсе сонун болмок да…

Экинчиден — мейли, Түштүктө көзкарандысыздык деп жанталашкандарды бир сыйра төпөштөп, катыгын беришсин, алар кеткен соң, түбөлүк отурмак беле, бизге жергиликтүү партизан сөрөйлөр менен чечишип, түштүктү басып алганга жеңил болот дешкен. 

Силер англичандар менен француздар большевиктердин мындай кыйтыр эсебин түшүнгөн деп ойлойсуңарбы? Жок, ардактуулар, эч нерсени түшүнбөгөндөр булар журналисттер жана тарыхчылар, ошондуктан алардын арасынан түзүгүрөк адамдар дегеле чанда чыгат. Саясатчы болсо мындай эсепти манжасы менен санайт, эң башкысы – элдин баарына бапылдап чындыкты айта бербей, архивдерди жабык бойдон калтыруу.

Ошентип Компьен жарашуусунан кийинки 30 сутка ичинде Германия жана Австро-Венгрия өз аскерлерин 1914-жылдын 1-августунан бери чек ара чектеринен тыш турган бардык жерлерден алып чыгып кеткен.

Гайдамактар, актар, григорьевчилер, баштарын катып жаткан кызылдарга каршылар баш көтөрүп, каныбайран калаймакан башталганы калган. Анан эле союздаштар келип атпайбы, болгондо да куралдуу келишти! Мемиреген тынчтык аралчалары пайда болду. Кафе, соода-сатык, ресторандар, сойкулар иштей баштады. Айтор, туруктуулук орноду!

Булардын эсеби кандай эле? Дегеле тынчтык орнотуучулардын эсеби кандай болмок... Биз бар жерде эч ким мылтык атпайт же атса да азыраак атат. Андан ары калк ичи тынчып, же саясат өзгөрөт, же тирешкен тараптар ымалага келет, же сенин өлкөң бул кырдаалдан балким майлуу бирдеме өндүрүп калгысы бардыр.  Ушундай да.

1919-жылдын апрелине карата кызылдар түндүк тараптан чабуулга өтүп, актарды Кара деңиз жакка кысып баратты. Ошондой эле апрелде Дүйнөлүк согушка биротоло чекит койгон Версаль тынчтык келишими бекитилген. Германия тизелеп, чектери кертилди, көптөгөн аймактардан кол жууду. Австро-Венгрия ар кимиси өз алдынча калкы бар мамлекеттерге чачырап тарады. Европалык чек аралар орнотулуп, Польша мыйзамдуу түрдө Россиядан, Бессарабия Румыниядан бөлүндү. Ошондо союздаштарга Россияда кыла турган деле иш калган эмес. Большевиктердин душмандары ич ара кырылышып, бириникин бири уурдап, атаандашып жатышты, Украинада болсо жалаң бандиттер, казактар, ким экени дегеле белгисиз дагы бирөөлөр үстөмдүк кылып турушту. Ошончүн союздаштар гоу хоум, мырзалар, бул жерде кыларга ишибиз жок деген чечимге токтошту.

Антантанын бул жерде турганы натыйжасыз, ойлонулбаган иштей болуп калды. Анын максаты кырдаалга жооп берип, өз кызыкчылыктарын да аныктап, аларды коргоп калуу гана болчу. 

Ыраакы Чыгышта турган 20 000 америкалыктар да ушундай эле арсар ойдо турушту. Порттор, темир жол алардын көзөмөлүндө эле. Маньчжурияда 1904-жылдан бери жайнап жүргөн 70 000 жапон болсо, эптеп анын бир тилкесин акырын жымырып алууну көздөп жатышты. Бирок алар да акыры Антантанын жана эл аралык коомчулуктун чечимине баш ийип, жүктөрүн артынып чыгып кетишти. 

УЛУТТУК САЯСАТ

Саясат жагына келгенде большевиктер өзүлөрүнүн каршылаштарынан алда канча акылдуу жана сабаттуу болуп чыгышты. Алар: кимди кандай шартта болбосун союздаштыкка тартып, душмандарды болсо бири бирине ич ара тукуруу керек деген айныксыз иштеген саясатты ырааттуу жүргүзүп жатышты.

Анын жыйынтыгы бул болду. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин эмгекчил элдин укугу туурасындагы декларация кабыл алынды. Улуттарга өзүн таануу жана алтургай бөлүнүп чыгып, эгемендүү өз мамлекетин түзүү укугу берилди. «Элдердин түрмөсү жоголсун!» деген ураан ташталды. 

Баары заматта кубануу менен: Прибалтика, Закавказье, Түркстан, Казачья Республика, Урал Республикасы ж.б. болуп бөлүнүп-жарылып жатып калды.

Кийинки кадам. Эгемендик алган бул мамлекеттер албетте, актарга душман. Алардын көз карандысыздыгын тааныбайт. «Бирдиктүү жана бөлүнбөс» империяны колдоп чыккан актар ошентип бөлүнүп кеткен аймактарда тумшукка жешет.

Эстония Юденичтин аскерин кысмакка алса, украиндер Деникинди согушат. Алтургай, грузиндер да «алтын погончондорду» атып кирет.

Мына ушундай маалда большевизм суурдай мээнеткечтик менен көзкарандысыз делинген мына ушул түзүмдөрдө өзүнө ийин казып кирет да: бардык кара таман пролетарлар бир туугандар, эмгекчилердин интернационализми – бул ыйык, Москвадагы бийлик – бул биздин бийлик, Дүйнөлүк революция болсун деп туруп алардын тамырын түбүнөн кырка баштайт. 

Ошентип кыска убакыт ичинде жогорудагы бардык «эгемен мамлекеттер» кызыл пролетариаттын аёону билбеген темир колу менен кайра Россияга, бирок эми Советтик Россияга кайра кайтарылат! Буга чейин эң эле активдүү улуттук элементтер жана россиялык улуу державалык ак элементтер большевиктердин ишин жеңилдетип, бири бирин колунан келишинче кырып бүтөт же биротоло басып салат. Саясат жагынан большевиктер алда канча акылдуу болуп чыкты дегенибиз ушундан.

УКРАИНДИК ТОҢКОЧУК АТМАЙ

Орус падышачылыгы кулап кулай электе эле — 1917-жылдын 4-мартында үч социалисттик украин партиясы — эсерлер, социал-демократтар жана социал-федералчылар — Украина Социалисттик Радасын түзүшөт. Июнда болсо Украина Эл Республикасын жарыялашат. Бирок өзүлөрүнүн иш-аракеттери мыйзамдуу болуусун каалап, алар Петроградда Учредителдик Чогулуштун ачылышын күтүп калышат, ошондо Чогулуш алардын бул чечимин де-юре (укуктук жактан) бекитип бермек.

1917-жылдын 7-ноябрында Рада Россия курамындагы автономиялык Украина мамлекетин жарыялайт. Рада октябрь төңкөрүшүн тааныбайт, мурдагыдай эле Убактылуу өкмөттү мыйзамдуу мамлекет деп эсептейт жана Учредителдик Чогулушту күтөт, ал эми өзүн Совнаркомдун кандай чечиминен болбосун эркин деп эсептейт.  

Жаңы бийлик болсо азырынча күтө турат, ал андан көрө күйүп жаткан турмуштук жактан зарыл маселелерди чече турсун дейт. Бирок большевиктер немистер менен Брест сүйлөшүүлөрүн жүргүзө баштаган. Германия болсо батыштагы аймактарды, биринчи кезекте наны, майы, эти, териси бар Украинаны назарда тутаары анык эле. Анткени Германия ачкачылыктан алсырап турат. Большевиктер болсо Украинаны көзөмөлдөбөгөндүктөн немистер аларга кысым жасайт!

Ноябрь этегинде Киевде Украина Советтеринин I Съезди өтүп, ал Раданын иш-аракеттерин толугу менен жактырат. Залдагы аз сандагы большевиктер чыгып кетишет. Декабрдын башында болсо Харьковдо большевиктик советтердин съезди өтүп, ал өзүн Украина Советтеринин мыйзамдуу Съезди деп жарыялайт. Киевде өткөн жыйынды ал мыйзамсыз деп жарыялайт. Ошентип борбору Харьков шаары эсептелген Украина Советтик Республикасы жарыя кылынат да ал өз ара жардамдашуу жана башка бардык жакшы нерселер туурасында Советтик Россия менен келишим түзөт. Раданы болсо мыйзамдан тыш деп жарыялайт. 

Бирок бул шарттуу-марионеткалык-калкан мамлекеттин аймагы гана? Украинанын аймактары бүт бойдон Украина Элдик Республикасынын астында турбайбы. Дегеле Харьков — бул орус шаары, кыязы Новороссия эмеспи.

Ушул да кеппи? Большевиктер картага жаңы мамлекеттин аймагын чийишет. Харьков жана анын эркин аймактары буга чейин Новороссия аталып келген Советтик Украинанын карамагына өтөт. Анын ичинде Донбасс да бар. Мунун баары нукура формалдуу түрдө гана болгон.

Ошентип Советтик болуп калган бул Украина Республикасы өзүн чыныгы бирдиктүү жана бөлүнбөс Украина экенин жана Харьковдо отурган советтик украиндик бийлик бүткүл украиндик мамлекеттин аймагындагы бирден бир мыйзамдуу бийлик экенин билдирет. Аны азыр ниети бузуктар экиге бөлүп жатышат, бирок ал бөлүнбөйт дешет.

О-па! Совнарком дароо Киевге: Харьковдун мыйзамдуу ыйгарым укуктары таанылсын жана ага баш иесиңер деген ультиматум коёт. Кырдаалды Харьков көзөмөлдөп турат деген тейде айтылып атат бул. Ошондой эле Киев Брест тынчтыгы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын Совнаркомго өткөрүп берүүгө укуктуу, анткени аталган келишим боюнча Украина мыйзамдуу түрдө оккупацияланууга, большевиктер болсо мындай мүмкүнчүлүктү камсыз кылып берүүгө тийиш. Антпесе Германия большевиктерге төлөбөй да коюшу ыктымал! Ал акчага Кызыл Гвардияны, гезиттерди ж.б. дегеле кармап туруу керек эмеспи. (Бул убакта Совнарком эчак эле банктарды, батирлердеги шкафтарга чейин тыптыйпыл шыпырып алып жатканы менен артыкбаш акча баш жарбайт, анын үстүнө немистердин ак көңүл болуп турганы абдан маанилүү да).

Рада, албетте, мындай ультиматумду четке кагат, убакыт болсо создугуп барат. Январда большевиктер Причерноморьеден батышты көздөй кызыл – анархисттик бөлүктөрдү жылдыра башташат. Окуялар андан ары тездик менен өнүгө баштайт!

1918-жылдын 24-январында болуп жаткан окуяларды назарда тутуу менен жана кызылдарга туруштук бергенге көзү жетпеген Рада Украина мамлекетинин толук эгемендүүлүгүн жарыялайт! (Негизинен кечеки эле орустуку деп эсептелип, украиндештирилген армиянын кызыл болсо да орустар менен украин тилинин же анын көгүш-сары желегинин салтанаты үчүн согушканга каалоосу жок. Алар мейли, паёк же эптеп кара башын багыш үчүн берген антын да алмаштырууга макул, бирок согушканга түк каалоосу жок! Офицерлердин баары жөн жай жашоого ооп кетишкен, патриоттордун шыйпаңында болсо бири бирин тааныбаган бандиттер жайнайт). Айтор, мына ушундай патриоттук иш жасаган алсыз, бирок акылдуу Рада ошол замат Житомирге качкан. Киевге болсо 26-январда эле мурдакы полковник Муравьев командачылык кылган кызыл бөлүктөр кирип келет да анан накта кызыл террор ошондо башталат: буржуйларды тоношот, офицерлерди (Раданын колго түшкөн архивиндеги тизмелер боюнча аскерге чакыруу үчүн каттоого алынган эркектер) атып салышат.

Бирок ошол эле 26-январда Раданын өкүлдөрү Брест-Литовскиде болушкан! Кызылдар Киевге кирген ошол эле күндүн эртеси, - 1918-жылдын 27-январында Германия Раданы Украинанын мыйзамдуу өкмөтү деп тааныган! Аны менен келишим түзгөн. Анда Украина Германияга ташып жеткире турган бардык жакшы нерселер тизмектелген. Ал эми Германия жана Австро-Венгрия Радага жардам берүү максатында анын өтүнүчү боюнча мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн өзүнүн аскер гарнизонун киргизип, чек араларын коргоого кепилдик берет. Кыскасы, бийлик немистердин найзасынын учунда кайтып келмекчи. Канткен күндө да бул эми чекисттердин жертөлөсүнө караганда жакшы эмеспи.

Мындай аба ырайында Днепр керемет! Мындай келишимге, жадагалса анын ортосуна чейин сейрек куш бекитет! (Гоголдун саптарына үндөш жазылган – Б.Ш.). Анткени харьковдук большевиктер талап кылгандай, борбору Харьковдо турган «Советтик Украиналык Республиканын» бүт аймагы «бирдиктүү жана бөлүнгүс» Украина аймагы болуп эсептелет! Демек, Харьков да учурдагы Киевдей эле орус большевиктери тарабынан басып алынган! Аларды кууп чыгыш керек! Ошентип кең пейил украиндер каймак кошулган галушкалары (улуттук үзмө камыр тамак) менен адилеттүү Германияны бага башташат.

Харьковдук Советтик Украина Республикасынын шарттуу аймагы мына ушундайча де-юре дегеле Украинанын аймагына айланып калган. Эзели аныкы болбогон Донбасс мына ушундайча Украинага таандык болуп калган. Анан немистер ал жакка кирген! Анткени келишим боюнча буга укуктуу болушкан!

Мейли дейли, а эгерде ирети менен айтсак: 1918-жылдын 9-февралында Киевге Антонов-Овсеенконун командачылыгындагы дагы 6000 кызыл гвардиячылар жана матростор кирген. 1-мартта немистер аларды сүрүп чыгышкан: алар алдыга умтулса, кызылдар эч бир согушу жок артка чегинишкен, Киевди алдырып, бүткүл Украинаны «жаңы чек аралары» менен калтырып кетишкен. 

…Анан 1918-жылдын жайында немистер Рада өзүн абдан эле жогору сезе баштады, көзкарандысыздык жагына тыкыр көңүл бура баштады, Украинадагы тартипти ойдогудай көзөмөлдөй албай, ташып жеткирүүлөрдү да начар камсыздап жатат деген чечимге келишет. Андай болгон соң немистер менен австралиялыктар Украинанын дыйкандарынын Съездин уюштурууну тейлешкен жана съезд Рада анын эркин жакшылап билдире албай жатканын, дегеле өтө Социалисттик болуп кетти деп чечкен.

(Кудай акы, мен тарыхчыларды жактырбайм. Алар фактылардын маанисин түшүнбөй эле тоту куштан бетер кайталай беришет. Рада социалисттик эле да. Жер мужукка таратылып берилгени менен бирок майда чарбачыл немеден кайсы жыргаган товар чыксын. Бирок мужук карыш жери үчүн өлбөгөн жерде калганга даяр эле. Буларга болсо ызы-чуусу да аз, ирирээк өндүрүштөр зарыл болуп турду, анткени ири чарбаларды башкаруу да оңой, алар продукцияны да көп берет, ошондой да.

Ири жер ээлөөчүлөр жана ижарачылар, помещиктер жана заводчулар тартылып алынган оокаттарын кайрып алууга эки көзү төрт эле. Ошондуктан алар немистер менен: сен меникин кайрып, коргоп бер, мен болсо сага айтканыңды жөнөтүп турам, бул ишке мужукту салам, тамак керек болсо ал кайда качмак эле деген даражада достошкусу келет. Айтор, украиналык ак сөөктөр менен баскынчылардын кызыкчылыгы төп келишип турду. Анүстүнө социалисттер эсептелген – эсерлер менен эсдектердин кара мүртөздүгүн немистер Россиянын мисалында куп билип калышкан эле).   

Ошентип Съезд өлкөнү орус большевиктик оккупацияга жеткирген Радага ишеним көрсөтпөсүн билдирет. Ага кошуп Эгеменчил Украинага жаңычыл социалисттик орус-жөөттүк нерселер эмес, ата-бабадан калган эски кадырман жана бекем гетмандык башкаруу керектигин эсине салышат. Гетмандык башкарууну киргизүүгө токтом кылышып, Улуу Гетман кылып байыркы тукумдун урпагы Павло Скоропадскини тандашат.

Гетман болсо көзгө көрүмдүүрөөк армия түзүп («варта»), өзүнүн гайдамактарына улуттук элементтер менен кооздолгон кийим кийгизет. Бирок гетмандын сөөлөт шаңы көпкө созулган жок, - 1918-жылдын аягында немистердин кетиши менен гетман кошо кеткен!

…Раданын кулашы менен аскерий иштер боюнча катчы Симон Петлюра Киевден качкан жана гетманга, актарга, атамандарга каршы «кадыр барктуу талаа командирине» айланган. Гетман кулаган соң Петлюра Киевге кирген. Ал жакка актар да, кызылдар да кирген. Мунун баары тез-тезден болуп өтүп, «польшалык казаттан» кийин тынчыган.

Уландысы>>>>>>

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз