Рахима Сыдыкова: Атамдын жомогу

  • 08.10.2021
  • 3173

Жомокту кыштын узун күндөрүндө бизге атам айтып берчү эле. Атам көп сандаган жомокторду, ыр менен айтылып, окуяны драмалуу жана кеңири баяндаган өтө салмактуу, кайгылуу дастандарды, икаяларды билчү. Атамдын жомоктору ушунча көп болгондуктанбы же, мен кичине болгондуктанбы, айтор алардын көбүн бири менен экинчисин аралаштырып бир бүтүн чыгармага айлантып алганымды сезчүмүн.

Анткени жомоктордун негизги идеясы, жалпы өзөгү окшош болгондуктан ошентип адашып калдымбы деп да ойлоп кетем. Бул кийин, албетте, мен чоңоюп, эс тарта баштаганда ушундай болду. Ал эми 8-класста экенимде, тактап айтсам, Сары-Камыш орто мектеп-интернатында окуп жүргөнүмдө жатаканадагы чогуу окуган жана бир бөлмөдө жашаган кыздар суранса эле тажабай жомок айта берчүмүн.

Менден кырдуураак Загыйпа деген кыз бар эле, аны баарыбыз эже дечүбүз. Ал биздин бөлмөнүн старостасы болчу. Биз менен бир класста окуганына карабай энебиздей башкарып, бийлеп алчу. Уктаар алдында эми сен жомок айт, жомок угуп жатып уктайбыз дечү. Анын минткени буйрук сыяктуу болсо да, мага майдай жакчу. Загыйпа өңү серт жана бүкүр кыз эле. Биз мүмкүн анын ошол майыптыгын аясак керек, анын үстүнө жашы да улуу болгондуктан го баамымда. Анын айтканын эч ким эки кылчу эмес.

Загыйпа бир күнү: сен ушу күнгө дейре туптуура жүз жомок айттың, дагы канчаны билесиң деп сураганы эсимде калыптыр. Мен ага кандай жооп айттым экен эсимде жок. Эмнеси болсо да ушул жомокту жана казак элинин белгилүү фольклордук дастаны «Кыз жибек» поэмасын, кыргыздардын «Боз Жигит» дастанын үч-төрт жашымдан баштап жатка айта алчумун. Ал эми мен азыр айтчу жомок минтип башталат.

Калппы, чынбы ким билсин, казаны толук кайнабаган, турмушу анча жетик эмес орто заар жашаган бир кишинин бойго жеткен кызы бар экен. Кызы бойго жетип, күйөөгө бере турган убак болгондо буйруктуу адамдар куда түшүп келип, акыры тиги киши кызын болочок күйөөсү менен үй-бүлө күтүнүп жашоо үчүн узатат. Арадан бир канча жыл өтөт, баягы киши кызын ойлоп сары-санаага батып жүрүп, бир күнү аны издеп чыгууга бел байлап, алыс сапарга чыгат.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, чарчап-чаалыккан кезде тээ бир топ алыстан түтүн чыккандай көрүнгөн тарапка бастырат. Жакын калганда караса, ошол тушта анча чоң эмес бир айыл конуп отурган экен. Эмнеси болсо да ошол жакка бастырайын. Атым да чарчады, өзүм да чарчадым деп ошол жакка тартат атынын башын. Жакындаганда анча ак эмес, анча кара эмес, анча чоң эмес, анча эски эмес бери четте бир боз үй туруптур. Жакындап барса, анча чоң эмес, анча кабаанак эмес кара ит үрүп чыкты. Итти тыйып артынан бир аял чыкты. Караса өзүнүн кызына өңдөшөт кебетеси. Жакын келип учурашса, чын эле өз кызы экен.

Кызы кубанып, атасынын ушунча арып-ачып кызын издеп келгенине жетине албай, берээрге ашын таппай, салаарга төшөгүн таппай бир топ карбаластайт. Атасы кызынын бул чын ниеттен жасаган иштерине анча деле ыраазы болуп кубанып кетпейт. Ичинен сынап отурат. Бу бечарынын турушунда кенедей кешик, тырмактай ырыс көрүнбөйт. Бирок турмушу агыл-төгүл болуп дурус эле жашайт экен. Мунун байлыгынын түпкү сыры эмнеде болду экен деп, оюнун баары ошондо болуп, кызынын сүйүнгөнүн деле анча таназарына албайт. Кызынын кылык-жоругуна деле анча ичи чыкпай сүйүнкүрөбөй отура берет. Аңгыча сырттан кой маарап, жылкы кишенеп дегендей, малын кайтарган күйөөсү менен тестиер баласы келет. Баягы киши дагы эле баягы калыбында сүйүңкүрөбөй отура берет.

Кыз-күйөө күбүрөшө түшүп, сырттан бир боз токтуну жетелеп келип, босогого туурасынан тартып, атасынан койго бата сурашат. Атасы койго бата кылып жатып бул токтунун оозу-мурдунан, жерге тамган шилекейинен ырыс-кешик куюлуп турганын көрөт. Токтуну сойбой мага бергиле деп айтайын десе, ыңгайсыз иш болмок. Абышка эмне кылаар айласын таппай отуруп калат. Кой мууздалып жатканда маарап-маарап жиберип, тиги тестиер балага айтат: «Мени союп атышат, менин этим бышканда жүрөгүмдү алып, эч ким эттен ооз тиелекте өзүң жалгыз же. Уктап калба», - дейт.

Аңгыча кызынын күйөөсү токтуну шыркырата шылый мууздап жиберет. Ошондо абышка бул үйдүн ырыс-кешиги жанагы союлган токтуда экенин анык түшүнөт. Эми кандай кылсам да бул ырыскыны кармап калышым керек деп ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, акыры кызына минтет:

- Кызым, мен көп жол жүрүп аябай чарчадым. Силер деле чарчадыңар, түнү менен отурабызбы эт жейбиз деп. Этти эртең эле шашпай бышыр, эртең жейли дейт. Кызы безилдеп:

- Ата, канча жылдан бери көрүшпөй жүрүп бүгүн көрүшсөк, анан кантип ачка жаткырам сизди. Андан көрө төшөк салып берейин, сиз уктай бериңиз, эт бышканда өзүм ойготом, - дейт. Атасы башка айласы калбагандан кийин макул болот да, бирок минтип айтат:

- Анда тиги балаң да кечке атасы менен кой кайтарып жүрүп талаадан чарчап келиптир, аны менин жаныма жаткыр, ал да эс алсын, - дейт. Кызы атасынын мындай камкордугуна аябай ыраазы болуп, атасына жумшактап, кенен-кесири төшөк салат. Жанына уулуна да төшөк салып жаткырат.

Бардыгы уктап калышат. Абышка күтүп жатып, өзү дагы уйкуга кирет. Бир убакта чочуп ойгонсо, үйгө кирген мышык баланын баш жагына барып, куйругу менен мурдуна тийип, баланы ойготуу аракетин жасап жатыптыр. Мышыктын куйругунан баланын мурду кычышып, дароо чүчкүрүп жиберет да, ойгонуп кетет. Дал ушул учурда сырттан энеси кирип келип, эт бышты, аны чыгарып атамды ойготоюн деп ойлоп, сузгуну казанга салса, адегенде эле жүрөгү сузулат. Аны табакка сала коюп, калган этти чыгара баштаганча уйку-соонун ортосундагы бала тура калып, дароо табактагы жүрөктү ысыгына карбай оозун салып, жүрөктөн бир тиштем жеп жиберет.

Муну баарын көрүп туруп, жүрөктү өзү жебей калганына өкүнгөн чал аябай ачуусу келип, кетем деп кийине баштайт. Эч нерсеге түшүнө албай кызы бушайман болуп, атасынан жалбарып таң атканча коё туруп, күн жарыкта кет деп өтүнө баштайт. Абышка араңдан зорго макул болуп, этти жешип, кайра төшөккө жатышат. Эртең менен эрте ойгонуп, бала атасы менен койлорун айдап тоого чыгып кетишет.

Кызы атасынын ойгонорун күтүп отурат. Абышка бир кезде ойгонуп караса, кызы экөө эле отурушкан экен. Кызы атасынын эмнеге таарынганын аябай өтүнүп сурайт. Атасы болсо ар нерсеге жооткотуп, оңчулуктуу жооп айта албайт. Акыры кызынын көңүлүн улаган болуп, эртеңке чейин бир амал ойлоп табаармын, же ырыскыны жеп алган баласын сурасамбы деп ойлойт да, макул кызым, көп эле асылып калдың, дагы бир күн коноюн дейт.

Ошентип эртеси болгондо кызы атасынан сурайт.

- Ата, турмушуңар жакшы эмес окшойт. Бир нерсеге бушайман болгондойсуз. Мен кызыңыз эмесминби, менден жашырбай болгон сырыңызды айта бериңиз, - дейт.

Атасы:

- Каа-ап, кызым, ушуну бекер айттың. Кечээтен бери айтайын деп айта албай, оозум батпай койду эле. Ошол үчүн кете берейин десем да болбой токтотуп калдың. Эми айтса айтайын, энең экөөбүз карыдык-арыдык. Оокат кылганга деле алыбыз жок. Силер болсо чоңоюп-чочоюп өз ордуңарды таап кеттиңер. Биз менен ишиңер деле жок. Колубузда же бир тестиер бала жок. Ошого кайгырып отурам. Силер жаш эмессиңерби, уулуңар мага аябай жагып калды. Балаңды мага бер. Бизге кол кабыш кылып жүрсүн. Биз өлсөк, силердин эле бала эмеспи, өз балаңар өзүңөрдүкү эле бойдон кала берет, - дейт.

Кызы муну угуп абдан капа болот. Берейин дейт баласын кыйбайт, бербейин десе атасынын айтканынын да жөнү бар. Эртеден кечке кайгырып, кечинде күйөөм келгенде кеңешип көрөйүн дейт. Сөз ошону менен бүтүп, эртеси таң атып күн чыкканда атасы кетүүгө камынып, атын токуп боз үйдүн капшытында отурса, кыз-күйөөсү алдына келип:

- Ата, эми сиз суранып жаткан соң, эмне кылабыз. Баланы алып кетиңиз, - дешет.

Атасы аябай сүйүнүп;  

- Анда балаңарды кийинтип, жолго камдагыла, - дейт.

Баары макул болуп, баланын жолго ала турган кийим кечесин камдап, баланы карашса, бала көрүнбөйт. Карбаластап баланы издеп ата-энеси ары чуркап, бери чуркап айласы кетет. Бир маалда бала Койбагар ити менен тоодон ойноп түшүп келатыптыр. Ата-энесинин кебетесин көрүп бала үйдү көздөй катуу чуркап келатып жыгылып кетет. Жыгылган бутунун балтырына чөңөр киргенби, кан токтобой жошолоп агат.

Энеси канды басылтканы курумшу күйгүзүп келгенче, баланын жанында куйругун шыйпаңдатып эркелеген Койбагар кара ити баланын кан чыгып жаткан жерин жалап-жалап жиберет. Муну байкап калган абышканын өңү бузулуп, ачуусу келип, айласы кетип, эмне кылаар амалын таппай, буркулдап кызына бир тиет.

- Бая эле кете берет элем. Кетээр жолумдан калтырдыңар, эми бербесеңер балаңарды бербей эле койгула. Дегеле уулуңарды албадым. Кеттим, - деп булкулдайт.

Кызынын айласы түгөнүп;

- Атаке, ачууңузду келтирбей, эми жолго чыгып атканда тынч аттаныңыз. Дагы бир конуңуз. Эртең эрте аттандыралы, дагы бир кой союп жолго азык бышырып берели, - дейт.

Амалы куруган абашка макул болуп дагы бир конуп калат. Кой союлуп, эт желип, баары уктап шашпай турушат. Таң атканча амал ойлоп чыккан куу абышка эми баланын ырыскысы ооп кеткен Койбагар дөбөттү алып кеткиси келет. Абышка эми жуп кетээрде кайра жинденет:

- Бекёр эле кондурдуңар, мени жолдон калтырып, этиңерди өзүңөр жегиле, мен албайм, - дейт.

- Атаке, дагы эмнеге таарындың? Айтчы, эмне ойлогонуңуз бар? - деп, кызы акидей асылат.

Анда абышка

- Мейли эми, таарынычымды жазайын, жолдо эрмек болсун, жалгыз жол жүргөн деле кыйын. Мобу итиңерди байлап бергиле, ошону ала кетейин, - дейт.

Кыз-күйөөсү эмне дээрин билбей мостоюшат.

- Койбагарды бербейм, ал экөөбүз чогуу жүрүп кой кайтарабыз, - деп ыйлайт баласы.

- Короочу ит эле, мейли эми, атам сурап атса кантип бербей коёбуз, - деп күйөө бала улутунат.

Акыры баары макул болуп, иттин каргысын тагышып, кеткенче деп боз үйдүн кырчоосуна итти байлап коюшуп, чай ичип чыкканы кайра үйгө киришет.

Баары жадырап-жайнап сыртка чыгып абышканы аткарып жатканда, ит боз үйдүн туурдугуна сийип жиберет.

- Ата-аа-ң-дын көрү-ү-ү, ит болбой жерге кир! - деп абышка аябай ачуусу келип итти жаса-буса камчысы менен бир салат. - Итиңер жерге кирсин! Албайм итиңерди, андан көрө келе бычак алып чык, боз үйдүн мобул ит сийген жерин кесип бергиле, атымдын ээринин бир жери белин өйкөп коюптур эле, ошого салам, - дейт.

- Ата, башка эле таза кийиз берейин, - дейт кызы. Ага атасы болбойт.

- Жок, ушул эле туурдуктун чети жетет мага.

Кызы бычак алып келип берет. Атасы туурдукту кесип алып аттын жанына коюп, ээрге салганча, нары жакта турган бир ак баш кара кой келип ит сийген туурдуктун кесиндисин жалап жиберет. Ошентип амалы куруган чал кызынын ырыс-кешигин алам деп аябай тырмышса да ала албай куру жалак кетет. Ар кимдин өз ырыскысы, өз кешиги, өз маңдайына жазылган бактысы боло турганын, аны эч ким тартып ала албай турганы тууралуу түшүнүк ошондон калган экен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз