Усубалиев – мүнөз, тип жана типтештирүүнүн чебери

  • 17.10.2021
  • 3304

(Жазуучунун “Бетинде меңи бар апа жана бети кызыл апа” аттуу повестин окугандан кийинки ойлор)

Талантуу жазуучу Бейшебай Усубалиев улуттук адабиятыбызда проза жанрындагы негизги компоненттер; мүнөз, тип жана образ түзүү жагынан өзгөчө шыктуу калемгер. Адабият талдоочулар “көркөм адабият – мүнөздөрдү түзүү өнөрү” деп эсептешкендей, адабий мүнөздөрсүз көркөм образ жаратуунун кажети деле жок.

Көркөм чыгарманын башкы критерийлери образдуулук менен көркөмдүк жашоо-турмушту чагылдыруунун өзгөчө ыгы катары автордун дареметин, калемгерлик шыгын, талантын таразалап турат. Б. Усубалиевдин чыгармаларын окуганда, кейипкерлер турган турпаты менен турмуштун өзүнөн көчүрүп келгендей таасир калтырат. Мурдагы бир катар аңгемелеринде каармандарынын бейнесин тартканда, алардын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму, жасаган иш-аракети аркылуу социалдык-психологиялык абалдарын кылдат ачып, бири-биринен кескин айырмаланган, эч кимге окшобогон индивидуалдуу портреттердин галареясын, мүнөз түзүүнүн мыкты үлгүлөрүн жаратканы менен белгилүү.

Жакында (“Ала-Тоо” №4. 2021. Б. Усубалиев Бетинде меңи бар апа жана бети кызыл апа” 56-57-беттер) жарык көргөн жаңы повестинин жазылуу таржымалы менен жаралышында композициялык өзгөчөлүк бар, сюжеттеги окуялар, көрүнүштөр кала берсе майда делинген деталдарга чейин өзөктүк бир тамырга байлангандай, тагыраак айтканда, баяндоочу авторго эмес, быдылдап сүйлөп бир кабинетте отурган төрт кишинин башын бириктирген, аларды эч качан зериктирбеген баланын образы аркылуу ачылат. Чыгарманын аталышы да, автордун эки эжесине “Бетинде меңи бар апа, бети кызыл апа” деп ат коюп кайрылган баланын сөзү менен аталып жатпайбы.

Бит карап отурган” (ката издеп, редакциялап) төрт киши-төрт редактор аркылуу алардын жакын адамдары, айлана-чөйрөсүндөгүлөр, “жайдыр-кыштыр башынан мехтен жасалган эркектердин тумагына окшош баш кийим кийген Аниса эженин кайната-кайненеси, балдары, өтө сулуу кызынын трагедиялуу өлүмүнө башы катып, жүрөгү зилдеген эненин бүтпөс санаасы, дайыма шашып жүргөн, басып келатканда буттары менен эмес, бүт денеси менен былкылдап жылып (учуп дейинчи) келаткандай көрүнгөн Мактым эженин кайната-кайненеси, бала-чакасы, экөөнүн күйөөлөрү, ошол эле басманын биринчи кабатындагы “кире калсаң, түтүндү аралап жүргөндөй, аларды сүрүп барып ушул бөлмөгө тыгып койгондой” художниктер, кээ-кээде кабинеттен кабинетке кыдырып, унчукпай акча сураган адаты бар, кызуу болсо да тартынып, уялып калчу таланттуу котормочу, университетте эң кыйын окуп, кызыл диплом менен бүтүргөн, кийин турмуштун айынан аялынынбы же башканынбы, кызыл туфилисин кийип базарда жүргөн Жатактын тагдыры (анын өз атын Мактым эже унутуп калды), жолдун кесилишинен машина уруп кетип, өлбөй калган эки көзү азиз кишинин окуясы (болгондо да жөн киши эмес, кыргыздын атактуу инсаны экен), басманын чоңдорунун кыял-жоругу, баласы (Жоодар) машинка баскан Калыйпаны түлкүгө окшоштурганы үчүн осол болгон атанын абалы, аны жумушта ээрчитип жүргөн Самсактын сөз тапкыч, жайкагычтыгы кыскасы, баары-баары  быдылдак Жоодарга, айылдан жаңы келип, шаардагы бакчага көнө албай жүргөн, алты жашар балага байланышат.

Айылдагы кемпир-чалдын колунда өскөн Жоодардын өткүрдүгү, тапкычтыгы, бетке чабарлыгы, бала экенине карабай, өзүнчө ой жүгүрткөн зирек, сезгичтиги менен басмага жан киргизип, басма жашоосунун мазмунун, айтылып-айтылбаган сырларын кылдат ачып бергендей сезимде болосуз. Ал гана эмес Жоодар болбогондо, ушул повесть жазылар-жазылбасы белгисиздей туюлат. Анткени, күн бою кагаздардан башы көтөрүлбөгөн төртөөнүн кабинетине бала келгенден баштап, жашоосу жаңыча нук алгандай туюлат, алар бири-бирин жакшы биле башташат, быдылдак баланы карап туруп эки аялдын башынан өткөн өмүр жолундагы окуялар, турмуштук эпизоддор  баяндалат.

Айылда жана айылдыктардын оозеки кебинде кыргыздын төл сөзүнүн кени жатат деген  ойдун ачык айтылбаганы менен жанытып, жымсалдатып айтылган чоң мандем бар. Ал ой жөн айтылбайт, сагынтып, өкүнтүп айтылат, анткени, кыргыздардын арасында айылда-шаарда деле эне тилин орус тилине аралаштырып жармач сүйлөө модага айланганы качан?.. Ал эми азыркы “киргиздер” эне тилинен намыстанып, кебине анча-мынча англисче, немисче кошуп сүйлөгөнүнө эрдемсип, кырт орусчага ооп кетишкен. “Анын быдылдагын угуп келатканда, мен айылымды аралап келаткандай боло берем” деп автор баласы аркылуу балалыгын эстесе, Айниса эже: “Жоодар мага кайнатамды эстеттирчү болду. Жоодардын өткүрдүгү, тапкычтыгы, шардыгы дагы... Кайнатам бала чагында куду Жоодардай болсо керек” деп салыштырат, Мактым эже “Сен бизге бүт айылыңды көчүрүп келгендей болдуң го...” деп таңыркайт, бала өзү айылдагы энесин сагынып, тартынбай: “Апамдын алаканында тырмактары бар. Алаканы бодур-бодур, тырмактан да күчтүү. А силердики жыпжылмакай. Самын таштай...” деп, чоң атасы менен чоң энесинен  уккан, үйрөнгөн ташка тамга баскандай көркөм, элестүү, жандуу кеби менен чоңдордун оозун ачтырып,  сөздүн күчүнө жана кудуретине тан бердиртти.

Чыгармада каармандардын кебиндеги фразалар көп кездешет, сын тагып, какшыктап же жанындагы кишинин мүнөзүндөгү “кемчилигин” орой эмес, сыйпалатып айтышканы эле образдын кебете-кепширин, өң-түсүн, жестин же окуянын кандай кырдаалда, кандайча болгонун даана жана так көз алдыга келтирип, жазуучунун тапкычтыгына, сөзмөрдүгүнө тамшандырып, образдарды тереңдетүүгө кызмат кылат.

Айниса эженин “Итеркейим эле келет, килтейген эле катын, эмне талып калдыңар? Беш көкүл кыздай эбелектей эле бербей, байкуш тамаксоом ай, ичсем да, менин тогуз дипломум бар, көзүмдөн жаш атып кетти”, Мактым эженин “далдырап калам, соо болбой калды, таягы менен бараткан чокулап, аялдын туфилиси маңдайымда тура калгансыйт, темтеңдеп менин астыман чыга көрбө, өлгүчө өзүн жеп жүрүп өттү”, Бөлөкбайдын “бирдеме болсо эле мен! Достор менен катуу кетип калган окшойм, өзү айткандай, досторунун “сөөктөрүн” улам бирден жеңил машинеге жүктөп, эже, күйгүзүп жатпайбы анан!”, автордун “жүгүрүп жүрүп, бала бакчага орноштурдук, какшаганым какшаган, бүлкүлдөп күлө баштайбыз, экөөнүн бажакташып сүйлөшүп жатканын көрүп, делдейип туруп калдым, кемшиңдеп бышактап алып, нукура манасчылардай ээ жаа-бербей, көздөрү куду эле корейлерге опокшош, бирөөсүнүн сакал салпаңдаган, дагы бирөөсүнүн чачы менен сакалы бирдей” – ушул сыяктуу турпатына кыт куйгандай таасирдүү, сүрдүү, маңыздуу, маанилүү көркөм сөз каражаттарын эптүүлүк, кылдаттык менен пайдаланып, окуган сайын өзүнө магниттей тарткан сыйкыры бар сыяктанат.

Чыгарма адаттагыдай бөлүм же главаларга бөлүнбөйт, атайын сандар аркылуу бөлүнөт. Жазуучу 1-ден 17 деп, шарттуу алганы өзөктүк окуялардын ички байланышын байлаган ырааттуулук үчүн пайдаланылат, эпизоддор ирети менен тизмектелип, сюжеттеги ой биринен бирине ширелип, ар бир окуя  толгоп турган инерциясын жоготпой, кайра чыңалат, анткени башкы каармандар: Жоодар, Аниса эже, Мактым эже, Бөлөкбай, Самсакбай, автордун образынын тегерегиндеги баланын апасы, эки эженин күйөөлөрү, кайнаталары, кайненелери, кызы, уул балдары, абысыны, кыскасы, майда эпизоддогу кейипкерлери кайсы бир мүнөзү, кыялы менен эсте калат. Балким, автор чыгармасын жазууга киришкенде, Жоодардын балдар бакчасына барганды эмне себептен каалабай жатканын билбегенде же таназар албаганда, мынчалык ички биримдик кыттай куюлуп, бир уюкка чырмалбаса керек эле...

Бул чоң табылга, болгондо да акыркы жылдардагы кунары учуп бараткан, мурдагы трафареттин жетегинен кутула албай жүргөн проза жанрынын композициялык куралышынын жана жаңыланышынын үлгүсү. Биз, адабиятчылар чыгарманын башталышы, өнүгүшү, кульминациясы жана чечилиши деген шарттуу адаптациялык талдоолорго көнүп калбадыкпы, андан таптакыр жаңыча нукта жазган жазуучу каармандарынын кулк-мүнөзү, кыймыл-аракети, үйдөгү жана иштеги аракеттери, диалогу аркылуу болгон окуяларды, өткөн турмушун, тагдырын алардын өздөрүнүн оозу менен көркөм, кино тасмасындай элестүү айттырып жатат. Алар Аниса, Мактым эжелер, Бөлөкбөй жана кичинекей Жоодардын сүйлөгөн сөзүнө таңыркап, шыктанып, окшоштуруп, эреркеп айтууга аргасыз болушту. Жоодардын сөзү, тынчыбаган шоктугу, көргөн нерсесин сурай берген тапандыгы, адамдарга ат койгонго усталыгы, ушул кызыктуу чыгарманын жаралышын шарттады. Төрт кишинин күнүмдүк аңгемелешүүсүнөн, “чукчуңдашканы да бат, табышканы да бат” эки эженин иштеги кыял-жоругу, адеп-ахлагы, мүнөзү уламдан улам ачылып, тереңдеп, байып, бири-бирисиз жашай албаганы (образдын ачылыш) тастыкталат, алардын эскерүүсүнөн улам чоң жана майда образдар биринин артынан бири адабий аренага чыккандай сезилет.

Алардын тагдыры, окуясы, абдан кызык, ары татаал жана ары карама-каршылыктуу, себеби кампачынын образындай образ барбы, менимче бир гана Аниса эженин кайнатасы ошондой, “кампасына барат-келет, ойлуу отурганы отурган” башка эчтеме менен иши жок, балдары андай кылбайлыбы, мындай кылбайлыбы десе да, же ак, же көк дебей, башын ийкей берет. Келиңиз, кайнатасын Мактым эженин өз оозунан угалы. “Деги кайнатам алтын киши эле... Оо, кайненем, кайненем, тим эле күйүп турган от болчу”. Кайненеси кошуна орус кемпирлер менен пенсия алышканда бир-эки сомдон чогултуп, вино ичишчү экен. Энесинин мындай жоругу генерал уулуна, республиканын аскер башчысына жетип, апасын уяткаруу үчүн волгасы менен айылга келет.

- Апа, - дейт, - ушунуң уят эмеспи, орус кемпирлер менен вино ичишип...

- Муну укканда кайненем көпкө үндөбөй, тикирее тиктеп турду дейт. Анан:

- Эй!- деп кыйкырат ошол тикирейген тейинде. - Сен жанагы айт-дуваңдан башканы билбей калган экенсиң да, ээ?...

- Айт-дуваң эмне?

- Жер тепкилеткенден башканы билбей калган турбайсыңбы... Ооба, вино ичем... Мен жашашым керек да, жашаш үчүн кимдир-бирөөлөр менен сүйлөшүш керек, алыш-бериште, карым-катнашта болуш керек... Жамандык болот, жакшылык болот дегендей... Же дудук атаңды керээли-кечке тиктеп отура беришим керекпи?... Эмне, ошентип отуруп элден чыгып калайынбы, ыя?..

- Ошентсе да... Уят эмеспи, кээде ичип алып, орус кемпирлерге кошулуп көчө жаңырта ырдайт экенсиң!

- Анан эмне ыйлайынбы?..

- Деги сен билесиңби, апа, мен киммин?!

- Билем генералсың!... Мен орус кемпирлердин баарына мактанам, уулум генерал деп...

Тү-үү, ата, өлтүргөн турбайбы!.. Эми... - Уулунун жаны кашайып, колун силкилдете, а түгүл сөөмөйүн көзүнө кезегениби, айтор, кыйкырып-өкүрө баштайт. - Мен деген аскерлердин эң чоңу болсом, ана өз энем ичип жүрсө... Ой, менден чоңдор да бар, анан сенин виноң аларга жетсе... Ушул сөздү укканда тим эле тирүүлөй өрттөнүп кеттим дечү эле байкуш кайненем.

Эпизод ушунчалык ишенимдүү иштелген, айда-жылда бир келген генерал уулу ата-энесинин ахыбалынан кабар алып коюш үчүн эмес, атайын апасын тыйып коюш үчүн үйүнө келди. Ал апасынын вино ичип жүргөнүн чоңдор (бийликтегилер да) укса, мага сөз тийет, ишиме, чиниме салакасын тийгизет деп чындап коркту, чындап намыстанды... Эне өз каалоосун, эркиндигин коргоогусу келди. Жылдар бою чогулган атасы жөнүндөгү оюн ачыкка чыгарды, анткени ал эч качан күйөөсүнө каяша айта алган эмес. Андан коркчу, өзүнүн виного берилгенине (алаксыганына) шылтоо тапкандай болду... Ар бир эне өз баласын жакшы билет эмеспи. Уулунун өз кызыкчылыгы үчүн апасына айткан акаараты энеге оор тийди... Ал аны көпкө чейин унута албай ызаланды. Абышкасы өлүм алдында жатканда балдарынын аттарынан чакырып жөөлүй баштайт. Байбичеси жанына барып: “Эмне деп жатасың?” - десе, “Сагалы, Сагалы”- деп генерал баласынын атын айткандай болот. Генералдын атын укканда, жанагы “вино” шак эсине түшүп, жүрөгү мыжыгып, ушунчалык кектеп калган апасы абышкасына мындай дейт: “Сагалың кармалып жатат, келеби-келбейби генерал неме... Анын үстүнө орус катыны менен...” деп айтары менен башына шак тийген нерседен көзүнөн от чачырап, отуруп калат. “Мына үзүлөт деп жаткан кайнатам кайненемди таягы менен жыга чааптыр!..”

Повестте эки-үч үй-бүлөдөгү кишилердин образы шөкөттөлүп, көркөмдөлбөйт, табийгийлиги, нукуралыгы менен өзгөчөлөнөт. Жазуучу образдардын сырткы белгилери, эффектери аркылуу эмес, ар биринин мүнөз өзгөчөлүгү (кампачы оор-басырыктуу, кем сөз, үй бүлөдөгү өз ордун жогору койгон адам, анын байбичеси абышкасынын сөзүн эки кылбаган, сыпайы болгону менен ички дартын айткандан коркуп, ачыла албады, алардын генерал уулу деле кызматын баарынан жогору койгон, аскердик тартиптин жетегинен чыга албады, экөөнүн жан дүйнөсүндөгү кубаныч-кайгысынан, сырынан, ташпишинен кабарсыз болду) көз карашы, ар ким өз чындыгы менен жашагысы келгенин ачыктап, кыймыл-аракети, сүйлөө манерасы, өз ара диалогу аркылуу мыктылап туюндурду.

Аниса эже мен да “көксөмдү суудуруп алайын” деп кайнатасы жөнүндө кеп баштайт.

- Кийинчерээк эле көкүрөгүмдү тээп чыга берчү болду... Айттым го, кайнатам эркектин эркеги эле. Чын эле...- Башын чайкай кетти. - Бир көргөндө эле көкүрөгүңө уюп калчу. Кишини эмес, кандайдыр бир катылып, бугуп жаткан купуя сырды көргөндөй болуп калчусуң. Анан негедир өзүңдөн өзүң эле айбыгып турчусуң. Өзүнүн турган турпаты менен сени жазгантып коёр эле. Айниса эженин күйөөсүн кайнатасы балдарынан башкача жакшы көрөт, бирок уулу бир да жолу атасына тике карап, каяша айта албайт. Үйүнө келгенде эле кулак-мээни жеп, “атамдын ушул кылганы туура эмес” деп бежирей берет. Кайнатасы кайненеси менен кер-мур айтышканын укмак турсун, экөөнүн чечилип сүйлөшкөнүн көргөн эмес. Кайненеси эч ким менен иши жоктой, өз тиричилиги менен алек. Кайнатасы болсо келин-баласы атайын шаардан келсе “Аа... Келдиңерби...” деп күлүмүш болуп коёт. Чал басып келатканда бут алдынан чайнекпи, чакабы же башка буюм-тайым чалдыкса, эңкейип албайт, же жылдырып деле койбойт: “Ушуну алып коёр тирүү жан калбай калган экен да!” деп ыргыта тээп жиберет.

Күндөрдүн биринде шаарга “Атаңар апаңардын бутун сындыра чаап, апаңар төшөктөн тура албай жатат” деген кабар келет. Балдары өз ара сүйлөшүп, атасына чабуул коюуга даярданып барышат. Так ушул эпизодду Аниса эженин өзүнө айттыралы.

“Эзели күндүз жатмак турсун, кыңкайып көрбөгөн байкуш кайненем жатат төшөктө, эки көзүн жалдыратып. Суракты менин күйөөм (улуусу да) жүргүзө баштады.

- Эмне болду?

- Сынып калды.

- Эмне болуп сынып калды? Өзү элеби?..

- Өзү эле сынып калды окшойт.

- Ай, апа, качанкыга чейин жашырып жүрүп өтөсүң?! - Күйөөмдүн жаны күйүп кетти. – Балээнин баары сенин өзүңдө... Жашырып... Эмне менен чапты?

- Таягы менен...

- Таягы кайда?

- Билбейм. Ала кетти окшойт...

- Чаап эле кетип калдыбы?

- Жок, шакшак койгон акемди ээрчитип келип, шакшактатып туруп, жакшылап таңдырып берип кетти”.

Кемпир эмнеге таяк жегени ачык айтылбайт. Ал жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Бул чыгарманын тонунан байкалып турат. Балдары менен энесинин диалогунан атасын жамандап, кылыгына арыздануу, таарынуу, кектөө ошол окуяны балдарынын талкуусуна жол бербилбейт деген көз караш чыгарманын бул жеринде кашкайып турат.

- Да! Баса албасаң. Жалгыз болсоң. Кыш. Тоңуп...

- Өлмөк эмесмин. Өлмөксүң... Эл-журт бар да... Айыл-апа...

- Түү-үү ата!.. Уктуңарбы, бул кайра болушуп жатпайбы...

 - Болушканда эми... Атаңар да...

Баарын байкап-сезип, баарына кунт койгон келини өзүнчө мындай тыянакка келет. Айниса эженин кайнатасы менен кайненесине берген мүнөздөмөсү чыгарманын башкы лейтмотиви катары жүк көтөрүп тургансйыт. “Эми ойлоп көрсөм, экөөнүн өзүнчө тили бар экен, өздөрү гана түшүнө турган, башкалар таптакыр түшүнбөгөн, баштары жетпеген...”

Чындыгында бутун сындыра чапса да абышкасын жамандабаган Айниса эженин кайненесиндей аялдар чанда. Ал өзүнүн жан-дүйнөсүндөгү “бороон-чапкынды”, думугуп жаткан “букту” корккону үчүн эч кимге ачык айта албайт, айылындагыларга айтса кеп болот, бала-бакырасына айтса, абышкасынын кадыры кетет деп ойлойт, үй-бүлөдөгү казан-табактын кагылышын көчөгө көтөрүп чыккандан айыбыгат. Анын илим-билимдүү келини Айниса эжеде кайненесинин тагдыры кайталанбады, өмүрү өткөнчө бири-бирине көнүп, жыты сиңишип кеткен  кайната-кайненесинин  мүнөзү ошол мезгилдин саркындысы катары жашап калды. 

Жазуучу эки эжесине мындай мүнөздөмө берет: “Эки эжебиз бир-бирине каршы агып келатып, бирок кошулуп кетпей, бир-бирин жанып өткөн эки дайраны эске салып турчу”. Сиз, окурманым, жакшылап элестетишиңиз үчүн автордун сүрөттөөсүнө кайрадан орун берели. “Аниса эже шыңга бойлуу, кырдач мурун, чап жаак, эч бир каамырабай баскан, кандай маселе болбосун шашпай, сабырдуулук менен чечкен жан эле. Капкара көздөрү менен капкара каштары, анан кара тору жүзү, жүзүндөгү өзгөчө капкара меңи анын келбетине куп жарашып, чырайына чыгарып турчу. Көздөрү абдан курч болчу, дайыма жайнап да, жанып да турар эле, кыскасы, эжеге тике кароо көрүнгөндүн эле колунан келе берчү эмес”.

Мактым эже жоон-жолпусунан келген, бети бакжайган, кызыл жүздүү, орто бойлуу аял. Мактым эжени бир көргөн кишилер же сыртынан гана билгендер анын алактап-шалактаган шашмалыгын, өзүнө ээлик бердирбеген жүрүм-турумун карап, ”жөн эле обу жоктоно берген неме тура...” деген ойдо калары бышык эле. А чындыгында анын болгон насили, натурасы ушундай болчу. Жараткан маңдайына жазып койгонбу же өзүнөн өзү барып урунабы, билбейм, Мактым эже “ бирдин үстүнөн чыкпай” коё алчу эмес (39-бет).

Жазуучу эки аялдын баскан-турганын, сүйлөгөнүн, башынан өткөн баяндарын паралелль сүрөттөп отуруп, эки аялдын окшоштугу менен айырмачылыгын, ал гана эмес артыкчылыгын дааналап таштайт да, экөөнү бириктирген, экөөнү байланыштырган түйүндүү жипти окурмандын алдына таштап коёт. Эки образ турмуштан өз ордун тапкан, жашоосуна каниеттенген, билимдүү, чынчыл, ак ниет, бирөөгө жардам берсем деп ашыгып турган, мээримдүү, күйүмдүү, ичине кылдай нерсе ката албаган, жасалмасы жок, турмушта кандай болсо так ошондой тартылган, кадимки эле бир мекемеде иштеген кыргыздын интеллигент аялынын типтүү образы маңкайып чыга келет.

Эки эже тең кыргыздын салт-санаасын, үрп-адатын бекем карманган, жада калса кайнатасы менен кайненесинин атын бир жолу да оозуна албаган тарбиялуу, ыйбалуу аялдар. Алар үй бүлөнүн бекем туткасы, камкорчусу гана эмес, бирге иштеген Бөлөкбайга жан тартып, боорун берип, ичкиликке берилип кетпесин деп аяп, коргоп турушат. Иче элек жатканда эле көздөрү менен атып кирген эки эжесине кээде “талаада калдым беле” деп ормоюп, кээде “эмне экенин билбейм, ушул жерге эле көпкө байланып калдым” деп ичинен элжиреген Бөлөкбай обончулар жөнүндө жазылган эмгегин башкы редактор тамашалап койсо таарынып, колунан жулуп алып баса бергенде, жакшы чыгармасына жан тартышкан эки эжесинин, айрыкча Мактым эженин кирип сүйлөшүп, ишти оңунан чечип келгени не деген адамгерчилик, не деген айкөлдүк! Так ушул сапаттар кумга сиңген суудай соолуп баратпайбы учурда...

Бир кабинетте отурган Бөлөкбай бир жерде көпкө иштей албай турган адаты бар, бирок төртөө отурган кабинеттен, басмадан эмнеге кете албай жүргөнүн өзү аңдап сезди. Көрсө өз энесиндей кам көргөн, өз эжесиндей күйүп-бышкан, бара-бара ичкиликке берилип кетпесин деп тымызын көзөмөлдөгөн, аяган, коруган эки эжесин кыялбай жүрүптүр. Автордун сөзү менен айтканда, “Ал канчалык укмаксан болбосун же буркулдап таарынбасын, баары бир эжелердин ак дилинен күйүп-бышып жатканын сезип турчу”.

Коомдо кайдыгерлик, мерестик, кош көңүлдүк, ичи тардык, көралбастык сыяктуу мүнөздөр адатка айланып, өзүн гана ойлоп, өзү үчүн гана жашоо принциби жалпы тенденция катары учурап калган азыркы мезгилде, адамгерчилик менен адамдык нарк-насилди бийик туткандар да бар, алардын байкалып-байкалбаган, таназарга алып-албаган образдарын залкар жазуучунун повестинен учуратып алып, кыргыз аялдарына гана таандык сапаттар, улуттун насилиндеги кыял-мүнөздөр, ата-бабаларыбыздан калган салттуу адеп-ахлактык нормалардан кантип кол жууп баратканыбызга ичим “тыз” дей түштү.

Жазуучунун жазуу манерасынын көп кырдуулугун, бай мүмкүнчүлүгүн, оригиналдуулугун айгинелеген чыгарма так ушул повести деп айтаар элем. Мурунку чыгармаларындагы чыйыр салган жекече (индивидуалдуу) тилдик каражаттары чыгармадан чыгармага өткөн сайын байып, кеңейип, кенемтесин толтуруп олтуруп, саябандуу бактай мөмөлөгөнүнө күбө болосуз. Биринчи быдылдак баладан тартып, андагы башкы каармандардын мүнөзүн ичкертен ачып, салаалаган кеп айкалыштары: Жоодар - быдылдап сүйлөп, даң салып, эдиреңдеп, элирип, зуу коюп, мулуң этип; Аниса эже - кыжынып, мурчуюп, олурая карап, калбаат туруп, “Аниса чын эле арстан”, жайдыр-кыштыр тумак кийип,  чүрөктөй; Мактым эже - былкылдап, күбүрөнүп-кобуранып, кагаздарын апырык-сапырык кылып,  чамынып-чайналып жатып, түшүнүп-түшүнбөй, эси оогондой, көл-шал болуп тердеп, ыйлактап; Бөлөкбай - сайгактап, кыз-келиндерге оюн чындап өтө орой, осол мамиле кылар эле, жанын коёрго жер таппай кайпактап, автор - элейип, алактап, буйра, жан дүйнөм сыздап, үңкүйүп кагаз тиктеп, оорубай эле жашоосу токтоп калчудай, жүрөгүм дүкүлдөп ж.б у.с. эпитеттер, салыштыруу, гипербола, троптун түрлөрүнүн орундуу, ийкемдүү колдонулушу чыгарманын жанрдык-композициялык элементтерин элестүү, ачык, жаныңызга келе калгандай, көз алдыга бадырайтып көрсөтүп турат. Ал эми ар бир эпизоддон, фабуладан кийинки жазуучунун өз көз карашын, ой толгоосун билдирүүдөгү жумшак, майин лиризм менен психологиялык чегинүүлөрү окурманды аргасыз туткундайт.

Дагы бир баса белгилеп койчу артыкчылык, автор чыгармасында кайсы бир көрүнүштү, окуяны же эпизодду айтып баратканда, юмор менен сатиранын элементтерин кылдаттык, билгичтик менен пайдаланып, окуп баратып “бырс” этип же каткыртып күлдүргөнгө маш.

Казак элинин көрүнүктүү жазуучусу А.Нурпеисовдун: “Маанилүү чыгарма жаратуу үчүн оригиналдуу мүнөздү таап алуу менен тынчып калуу болбойт, сөз чебери ал мүнөздүн социалдык маңызын айкын көрө билиши керек. Адам мүнөздөрү менен аң-сезиминде ачылган социалдык көрүнүштөр гана көркөм чыгарманын объектиси боло алат. Социалдык көрүнүштөрдүн маани-маңызын аңтарып ачуу үчүн адам мүнөзү өзгөчө бийиктикке көтөрүлөт, мына ушундан улам мүнөздүн логикасы менен чындыгы келип чыгат” деп таасын белгилегендей, көркөм сөз чебери Бейшебай Усубалиевдин ушул повестиндеги мүнөздөрдүн көп кырдуулугу менен купуя сырдуулугун ачып берүүдө чоң жоопкерчилик, чебер сүрөткерлик тажрыйбасы менен талыкпай эмгектенгени ачык байкалып турат.

Ризван ИСМАИЛОВА, филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти

2021-жылдын октябрь айы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз