Киплинг Редьярд: Мухаммед-диндин өмүрү

  • 28.10.2021
  • 3623

Кандай адамды бактылуу адам дейбиз?

Үйү толо чалынып-жыгылып, бирде ыйлап, бирде күлүп, тыным албаган, ботала болуп мойтоңдогон балдар ойноп жүрүшсө – мына ошол адам бактылуу.

"МУНИЧАНДРА"

АҢГЕМЕ

Поло ойноочу эски шар, одурайып ар кай жери жарылып калган эле. Ал таш текчеде, менин кызматчым Имам-Дин тазалап койгон канжанын жанында жаткан.

– Бул шар Асман уулуна керекпи? – деп сурады Имам-Дин, урматтоо менен башын ийип.

Асман уулуна шардын кереги деле жок болчу, бирок анын Имам-Динге эмне кереги бар экени түшүнүксүз эле.

– Менин кичинекей уулум бар, ал көрүп калып ойногусу келип жатат. Эгер сиз ыракым этсеңиз уулума алып берсемби дейм. Мен өзүм үчүн сураган жокмун.

Ушул күржүйгөн, улгайып калган Имам-Диндин поло ойногусу келет деп эч ким ойломок да эмес.

Ал эскилиги жеткен шарды кире бериштеги бөлмөгө алып чыгып кетти, ошол замат эле ал жактан кубанычы койнуна батпай сүйүнө чыйылдаган үн, кичинекей буттардын тыпыраган дабышы, жыгачтын жерге тийип дүңк эткен үнү угулду. Демек, анын кичинекей уулу самаган буюмуна жетти. Бирок ал аны кантип көрүп алды экен?

Эртеси жумуштан жарым саат эрте келип, ашканада олтурган кичинекей адамды – кенедей, болтойгон, этеги киндигине жетпеген өтө эле кыска көйнөкчөн балакайды көрдүм. Ал сөөмөйүн соруп, дубалда илинген сүрөттөргө кызыга көз жүгүртүп, кыңылдап ырдап олтурган экен. Бул, кечээки сөз болгон кичинекей бала экендигинде шек жок.

Албетте, менин бөлмөмө кирүүгө ага болбойт. Ал сүрөттөрдү ушунчалык кунт коюу менен карап жаткандыктан, мен каалганы ачканымды да байкаган жок. Мен бөлмөгө киргенде ал аябай коркуп кетти.

– Ой! – деди да жерге олтура калды. Көздөрү алайып, оозу ачылды. Андан ары эмне болорун билдим да, кайра чыкканча шаштым. Артымдан менин буйруктарымдан да тез чыккан, катуу, чаңырган ый угулду. Он секундга жетпей Имам-Дин ашканада болду. Ал жактан ачуу ый угулуп жатты, мен кайра киргенде көз жашын кыска көйнөгүнүн этеги менен аарчып, үнүн баспай озондогон жаш кылмышкерди тилдеп жаткан Имам-Динди көрдүм.

– Бул бала, – деп үн катты Имам-Дин, – бир тозоку болду. Накта тозокунун өзү. Бул кыял-жоругу менен түрмөдөн башы чыкпай жүрөрүнөн шек жок.

Күнөөкөрдүн озондогон үнү аралаш, Имам-Дин чын пейили менен менден кечирим сурады.

– Кичинекейиңе кожоюн таарынган жок деп айтып сооротуп кой да, сыртка алып кете бер.

Имам-Дин күнөөкөргө кечирим болгонун билдирди, тиги көйнөгүн түрүп келип мойнуна каамыттай илип алып, ыйын токтотту, бирок дагы эле көөп калган өпкөсүн баса албай энтигип жатты. Атасы баласын колуна көтөрүп сыртка жөнөдү.

– Мунун аты Мухаммед-Дин, – деди Имам-Дин, баланын ысмы да кылмышка тиешеси бар немедей. – Даана тозокунун өзү.

Бир коркунучтуу жазадан кутулуп атасынын колунда олтурган Мухаммед-Дин мага олуттуу карап мындай деди:

– Атым Мухаммед-Дин экени чын, кожоюн. Бирок мен тозоку эмесмин. Мен эркекмин.

Мухаммед-Дин экөөбүздүн тааныштыгыбыз ушинтип башталды. Экөөбүз экинчи ашканадан жолуккан жокпуз, бирок бакчадан бат-бат эле кезигип калчубуз жана ал “Салам кожоюн” десе мен “Салам Мухаммед-Дин” деп, чын пейилибизден саламдашар элек. Күн сайын кызматымдан кайтып келатканда жүзүм багынын арасына салынган чарпаядан маңдайымдан чыгып келаткан ак көйнөкчөн болтойгон баланы көрөр элем; жолуккан сайын биздин салтанаттуу жолугушуубузга көлөкө түшүрбөс үчүн, дал ошол жерден бир аз аярлап, атымдын тизгинин тартып, токтоп өтчүмүн.

Балакай дайыма жалгыз ойночу. Ал бакчадагы кене күнжүттүн бадалдарынын арасында өзүнүн эч адамга көргөзгүсү келбеген сырдуу оюну менен сааттар бою алектенип, кыңылдап ырдап жүрө берчү.

Бир жолу бактын алыскы бурчунда анын чыгармачылыгына туш болдум. Менин таманымдын алдында жарымына чейин көмүлгөн полонун тобу жаткан, анын айланасына бадалдын кургак бутактары тегерете сайылыптыр. Ал айлананын сыртынан төрт бурчтук түрүндө биринен сала бири тизилген кирпичтин сыныктары менен фарфор сыныктары жайгаштырылыптыр. Өз кезегинде ал төрт бурчтуктун айланасы анча бийик эмес кумдан жасалган коргон менен курчалыптыр.

Кудуктун жанында суу алып жүргөн кызматкер: “Бул эми эси жок баланын кылганы эмеспи, анын кылганы нерсеге залалы деле жок” – деп кичинекей куруучуну актай кетти.

Кудай өзү көрүп турат ко, мен анын ишин бузайын деген ой ошондо да, кийин да жок эле; бирок ошол кечте бакчада сейилдеп жүрүп анын кумга сайылган бутактарын да, кум коргонун да, самын салгычтын сыныктарын да байкабай тебелеп, таптакыр талкалап алган элем.

Эртең менен кылган ишиме капаланып, унчукпай көз жашын төгүп жүргөн Мухаммед-Динди көзүм чалды. Кимдир-бирөө ага кожоюн бакчадагы тартипсиздикке жини келип, өз колу менен сенин курулушуңду талкалап салды деп ишендирип койгон экен.

Мухаммед-Дин бир саат бою эчен күндөн бери маңдай терин төгүп жасаган кум коргонун бузуп, ордун тазалап чыгыптыр. Мени көргөндө ал күндөгүдөй эле башын көтөрүп “Салам кожоюн” – деп учурашты, бирок ал өзүн күнөөлүү сезип, капа болуп ыйлаганы жүзүнөн даана көрүнүп турду.

Тескөө жүргүүзүгө мажбур болдум, жыйынтыгында Имам-Дин Мухаммед-Динге менин ырайымдуулуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп, ага бакчада эмне кааласа да жасай берүүгө уруксат бергенимди билдирди. Бул билдирүү аны аябай шыктандырды, ал эки эселенген күч менен мурдагы чырпыктар менен жыгач шаардан курулган курулушунан да мыкты шаарчаны салууга белсенип киришти.

Бул болтойгон кичинекей укмуш, бир нече айлар бою кумдагы өз орбитасында акырын айланып жүрдү, ал чарчоону билбей күнжүттүн бадалдарынын арасында соолуп, таштандыга ыргытылган гүлдөрдөн, дарыя жээгинен терип алган майда, жылмакай таштардан, айнектин сыныктарынан, кушканадан таап келген кооз канаттардан эң бир кооз хан сарайларды келиштире жасачу, ал дайыма муну жанына эч кимди кошпой, кыңылдап ырдап же өзү менен өзү кобурап сүйлөшүп жалгыз жүрөр эле.

Бир жолу анын кезектеги курулушунун жанында бирөө унутуп таштап кеткенсип ала-була болгон деңиз үлүлүнүн кабыгы пайда болду; мен Мухаммед-Дин аны пайдаланып өзгөчө сонун бир нерсе курат деп күтүп жаттым. Мен ойлогондой эле болду. Бир сааттан ашык Мухаммед-Дин ойлонуп жүрдү, анын кыңылдап ырдаганы мага жеңиш ыры сыяктуу сезилди. Анан ал кумга бир нерселерди чиймелей баштады. Бул эң бир кооз хансарай болмок, анткени анын долбоору боюнча ал узундугу эле эки ярд, туурасы бир ярд аянтчаны ээлемек. Аттиң, анын бул улуу долбоору ишке ашкан жок.

Кийинки күнү кызматтан кайтканда мен Мухаммед-Динди жолуктурган жокмун жана анын “Салам кожоюн”— деген саламдашуусун да укпадым. Мен ага көнүп алган экенмин, анын жоктугуна тынсыздана түштүм. Кийинки күнү Имам-Дин уулунун бир аз эти ысып ооруп калганын айтып, ага хинин берсе жакшы болор эле деди. Ал хинин менен кошо англис дарыгерин да чакырды.

– Бул элдин ооруга эч бир туруштугу жок, – деди дарыгер Имам-Динди карап чыгып.

Бир жума өткөндөн кийин Имам-Динди мусулман көрүстөнүнө бараткан жолдон жолуктурдум (Бул жолугушууну болтурбай коюу үчүн кандай баа болсо да төлөп бергенге макул элем). Ал жанына бир киши ээрчитип, колуна ак кездемеге оролгон нерсени көтөрүп бараткан эле – кичинекей Мухаммед-Динден калганы ошол болчу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз