Анвар Амангулов: Багыш

  • 30.11.2021
  • 3328

АҢГЕМЕ

Аксаргыл түстөгү айбандын жат жана жагымсыз жыты «бур-р» этип мурунга урду. Алдар алынын жетишинче эки колдоп ага жармашты, бирок колго илинер эч нерсе болбогондуктан ал акырындап капталга жылмышып баратты. Багыш да бир жолу октос берди эле, Алдар араң кармалып калды. Күңүрт демиккендик кышылдоо менен коштолгону айбанаттын арбайган мүйүздүү чоң башы көрүнгөн тээ алды жактан угулду. Алдардын жаны оозуна келе түштү; таштай түйүлгөн булчуңдарынын диртилдегенин сезип, ал коркконунан аз жерден сийип коё жаздады. Багыш ар бир кадамы сайын аны экчеп, текирең-таскакка өттү. Тынымсыз экчелүүдөн эки саны сүрүлүп, ооруй баштады. Багыш басыгын ылдамдатты, Алдардын башы багыштын кыймылына жараша селкилдеп, тиши-тишине шакылдап урунуп баратты. Анан багыш капысынан тык токтоду жана күчүнүн болушунча ойт берди. Алдардын колдору жылмышып кетип, жогору ыргыды. «Иш бүттү!» деген ой келди башына, азыр ал жерге талп дей түшөт да, салмагы жарым тоннага жакын айбанаттын тебелендисинде калып өлөт...Андай болбоду, ал багыштын эбегейсиз арбайган мүйүзүнө келип түштү. Мүйүзү кургак жана кармаганга ыңгайлуу болучу. Ал да аксаргыл, алтын түстүү эле. Бир жак мүйүзүнүн учу сынык экен, Алдар кармайм деп алаканын тилдирип алды. Багыш шуу эттире кошкурду да, Алдарды дагы бир ирет жогору ыргытты. «Эми чындап ишим бүттү!» – деп ойлоду Алдар, жалбырактар төшөлгөн жерди көрүп... Аңгыча ал ойгонуп кетти.

Ал кроваттын четине олтуруп, бир нече убакыт бир нокоттон, эстен танган адамдай көзүн албады. Колдору дале калтырап турду. Чекесинен тер мончоктоду. Жаздыгы өтмө катар тер. «Эмне болуп жатам деги? Дагы кайдагы бир жаман түштөр...» – деп ойлоду ал, анан майкасынын жеңи менен терин сүрттү. Смартфондогу саат беш мүнөтү кем таңкы тогузду көрсөтүп турду. Женнифер эбак ишке кетти. Алдар почтаны текшермек болуп, смартфондун үстүн сыйпалай баштады. Аңгыча үйдөгү телефон шыңгырап калды. Алдар күтүүсүздүктөн селт дей түштү. Ордунан туруп, чекесин дагы бир сүрттү да, тыңшоочту алды. Телефон Кыргызстандан экен.

– Алдарчик, балам, кандайсың? Женнифер кандай жүрөт? – Алтынчач апанын үнү демейдегидей абдан жайдары жана мээримдүү чыкты.

– Баары жакшы, апа. Сергей силерге чалып жибердиби?

– Ооба, чалды, чалмак эле турсун келип да кетти. Витаминдериңе, акчаңа рахмат, балам. А эмне бул жолу мынча көп салдың?

– Анткени Динаранын туулган күнү эмеспи!

– Ооба десең, рахмат, рахмат... Сергей айтты силердин чоң жаңы үйгө киргениңерди...

Алдар тыңшоочту мойнун ийип ийни менен кулагына кысып алып, алыскы Бишкектеги чоң энеси менен сүйлөшкөнүн улантуу менен ашканага жөнөдү. Ал чайнекти газга койду да, терезени кыңайтты. Кыргызстанда боло жүргөндөй экен – баа­ры кымбаттоодо, айрым жерлерде турмушуна нааразы болгондор жолду бөгөөдө, электр жарыгын былтыркыдай тез-тез өчүрбөй, сейрек өчүрүлөт деген имиш-имиш бар. Динара карындашы бүгүн-эртең төрөгөнү турат, күйөөсү болсо Россиянын бир жеринде курулушта жанын жанга уруп жүрөт, келип кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Терезеден таңкы таза аба сокту. Түн бою жамгыр жаап чыкты, көчөдөгү тротуарлардын ар кай жеринде клендун жашыл-саргыч, кызгылт түстөгү жалбырактары калкыган чөөттөр. Көчөнүн аркы бетиндеги чоң кипаристе каргалар дүрбөлөң түшүп каркылдоодо. Алдар бутактан бутакка шамдагай секирген кара тыйын чычканды байкады. «Фауна десең мына», – деп ойлоду ал, анан өзүнүн түндөгү кыйналган түшүн эстеди. Аңгыча кайнаган чайнек ышкырып жиберди.

– Алтынчач апа, эсиңдеби, мен бала кезимде бир учурларда жаман уктачумун, ошондо менин көргөн түштөрүм жөнүндө көп сүйлөшчүбүз? – деп сурады ал чоң энесинен, пакеттеги чайды демдеп жатып.

– Эсимде, кантип унутайын! Сен анда, балам, ооруп жүрбөдүң беле.

– Кийинки убактарда менин түшүмө жаман түштөр кирчү болду...

– Кандай түш кирди, балам?

– Түндө түшүмдө мүйүзү аркайган чоң багыш тебелеп өлтүрүп коё таштады. Ушунчалык чоң десең, мүйүзү да ченемсиз аркаят.

Телефондун аркы учунда капыстан үн чыкпай, тынчый түштү. Алдар чай кашык менен чынынын четине пакеттеги чайды сыкты да, таштанды салган чакага таштады. Терезенин ары жагында бир жерден ак чардактын чаркыраганы угулду.

– Алтынчач апа, мени угуп жатасыңбы? – деп сурады ал, чайды аралаштырып жатып. – Алло?

Телефондогу тыным уланып жатты. «Мүмкүн, үйгө бирөө келди көрүнөт?» – деп ойлоду Алдар, анан акырын чай ууртай баштады, аңгыча чоң энеси өрөпкүй сурады:

– Багыштын өңү кандай экен?

Чоң энесинин демейде мээримдүү, эркелеткендей үнү, капыстан кескин жана салкын боло түштү. Күтүүсүздүктөн Алдар аз жерден чайга оозун күйгүзүп ала жаздады.

– Менимче, сары... Эмне болду?

Тыңшоочтон терең күрсүнгөн доош угулду. Кайрадан тыным боло түштү.

– Алтынчач апа, мени угуп жатасыңбы? – кайрадан сурады, эмне болуп жатканын түшүнбөгөн Алдар.

Кайрадан кайдандыр ак чардактын катуу чаркылдаганы угулду.

– Сен эмне үчүн ишиңден кеттиң, мага ошону айтчы? Сени ал фирмада эми иштебейт – деди мага Сергей. Силерде жаңы машина кайдан пайда болду? Эмне, Женнифердин айлыгы ушунча көбөйүп кеттиби? Эмнеңерге жашап жатасыңар деги? Жанагы жакында кирген үйүңөргө айына канча төлөйсүңөр, а?..

Чоң энесинин үнү кескин жана ачуулуу болчу. Алдар тың­шоочтон чыккан ачуулуу үндүн илебин териси менен сезгендей болду жана чоң энесинин каарлуу көз карашын шүйшүнө элестетти. Бирок ал чоң энесинин капыстан эмнеге мынча өзгөрө түшкөнүн түшүнө албай турду. Домофон шыңгырады. Алдар тыңшоочту мурдагыдай эле ыйыгына кармаган бойдон, домофондун беренесин басты да:

– Бу ким? – деп сурады.

– Бул мен, Тревор Линден[1], сага клюшка алып келдим!.. Ачпайсыңбы эми!

Алдар эшикти ачты да, али жаалы басыла элек чоң энесине айтты:

– Алтынчач апа, мен бир жакка бармак элем... Жакынкы күндөрдө чалам...

Ал чоң энесинин ачуулуу сөздөрүнүн үзүндүлөрүн угуу менен, тыңшоочту илди. «Деги апама эмне болуп кетти?» – деп ойлоду ал дале түшүнө албай, эшиктин илгичин шарактата ачып жатып. Көз ачып-жумганча анын этажына зуулдап келип лифт токтоду да, андан колунда сумкасы бар кара тору жигит чыгып, Алдардын квартирасына бет алды.

–Саламат! – деди ал тигиге жайдары.

–Саламат Чико, – деди Алдар, чай ууртап жатып.

Чико жалгыз экен. Мунусу таң калыштуу.

– Кофе ичесиңби? – деди Алдар Чикого, ал мейман бөлмөдөгү диванга чалкалай олтурганда.

– Алып кел! Камкаймак менен шекерди аяба, – Чико суроо-суткасыз телевизорду жандырды да, каналдарга которо баштады.

Алдар мыйыгынан жылмайып койду. Ал жолдошунун буга окшогон жорук-жосундарына көнүп калган болучу. Ал тарбия көргөн эмес. Тигил эле Аляска менен чектеш Принц Рупертанын түндүгүндөгү ачкачылыктуу резервацияда өткөн анын балалыгы жакшы таалим-тарбия алуудан алыс эле. Чиконун тарбиясыздыгы кээде Алдарга жакчу эмес. Андан тышкары, ал өз боюна анча карачу эмес, дайыма сакал-муруту алынбай, чачы саксайган бойдон жүрө берчү. Бирок бул кындыйган кагелес индей жигиттин бардык кемчилигин анын мүнөзүнүн бир жагы жууп кетээр эле – ал ак дил, ашкан чынчыл болчу. Акыркы эки жыл ичинде Алдар үчүн бул өзгөчө маанилүү болду.

– А сен эмне үчүн жалгыз келдиң? – деп сурады Алдар тигинден, чөйчөктөгү буусу бураган кофени сунуп жатып.

– Винни баралбайм деп койду. Ооруп калыпмын дейт.

– Чын эле ошенттиби? – Алдар Чикону ишенбегендей карады.

– Ооба, ошентти. Менин оюмча, ал коркуп жатат. Мейли, өзү билсин!

– Баарын алып келдиңби?

– Баарын, сүйлөшүлгөндөй.

Алдар саатын карап койду. Шашылбай койсо болот, убакыт бар болчу.

– Женни көрүнбөйт ко? – деди Чико, кофеден бир ууртап алып.

– Азыр иште, анан курбулары менен үч күнгө Келовнага барат. Ал жерде кандайдыр бир шарап фестивалы болот экен, – деп жооп берди да, Алдар жуунганы кетти.

Бир сааттан кийин алар Алдар жашаган көп кабаттуу үйдүн жер алдындагы гаражына түшүштү. Гараждын ичи үп экен; шыптын жапыздыгы, күңүрт жарык үптү ого бетер күчөттү. Чико чыга бериште оңтойлуу токтотулган демейдеки Айдардын Хондасына бет алды, бирок Алдар ага башка машинаны көрсөттү.

– Ушу менен барабыз.

– Алдар машинаны ачыш үчүн ачкычтын кнопкасын басты. Күмүш түстүү жаркыраган «Кадиллак Эскаллейд» келиңиздер дегенсип фаралары менен «жарк» этти да, акырын «кытыр» этип, эшиктери ачылды.

– «Энтерпрайздан»[2] алдым бир нече күнгө, – деди Алдар, Чиконун суроосунун алдын ала.

Тигил машинаны бардык жагынан карап чыкты, жактыргандай ышкырып койду да, түшүндүм дегендей Алдарды карап койду. Багажникти ачып, түбүндөгү панелди алып, запас дөңгөлөк жок экенин көрдү. Түшүндүм дегендей башын ийкеп, Чико көтөрүп жүргөн сумкасын запас дөңгөлөк жатчу оюкка сарамжалдуулук менен салып, панелди кайра ордуна койду. Алдар рулга олтурду, анан гараждан чыгып, хайвейди[3] карай жөнөштү.

Күздүн толук кези болчу, жол боюндагы бак-дарактардын түркүн түстөгү бариктери жайнайт. Күн ачык. Түндүк Америкада Индей жайы деп аталуучу күздүн кыска мезгили эле. Бул учурда баары али салыштырмалуу жылуу, бирок күз белгиси жаратылыштын боёкторунан, жашылча-жемиш дүкөндөрүнүн текчелерин кайкалаткан алма, алмурут, шабдалылардан жана алардын үстүндө мас немедей ыкшоо учушкан аарылардан даана байкалат. Хайвейге бурулуп, Алдар түндүккө бет алды.

– Деги ал жөнүндө эмне билесиң? – деди Алдар машинаны сол тилкеге буруп жатып.

– Ал олуттуу неме, – деди Чико, ким жөнүндө сөз болуп жатканын да сурабай туруп.

Бирге иштеген ушул эки жыл ичинде алардын ортосунда кызыктай, мистикалык дээрликтей, бири-бирин түшүнүшүү пайда болду.

–Ал жөнүндө мага айтып берчи.

– Менин укканым мына ошол... Клифф эсиңдеби? Кагаз деген кличксы бар Клиффчи, бир учурда Детройтко тез-тез барып турчу эле го? Мына ошол айткан, ал өтө олуттуу неме деп.

Чико үнүн акырын чыгарып калды жана аларды кимдир бирөө тыңшап жаткансып, шыбырап сүйлөй баштады.

– Ал Салариге иштеп жүрөт, – деди.

Алдар көзүнүн кыйыгы менен Чикону чочулай карады жана аз жерден алдыда илкип бараткан килейген жүктүү машинага урунуп кала жаздады. Анын оозу кургап кетти. Ал жанында турган суусу бар пластика бөтөлкөнү алып, Чикого сунду да, ач – деп көзү менен көргөздү. Чико бөтөлкөнү ачып, кайра Алдарга берди. Ал чыдамсыздана бир нече ирет жутту да, бөтөлкөнү Чикого кайтарды.

– Кана, анда эмне кылабыз? – деди Айдар көңүлсүз, узак тынымдан соң.

– Баары ойдогудай болот, – деди тигил, камырабаган киши болуп терезени карап.

Алдар ооз учунан орусча сөгүндү да, башын чайкап койду. Кээде Чиконун жеңил ойлуулугу үрөй учурарлык болор эле.

Жамгыр майдалап жаай баштаган кезде алар Хорсшу Бэйден өтүп баратышкан болчу. Жол басып калчудай болуп салаңдаган аскаларды жана узун океан булуңун бойлой ийрелеңдеп баратты. Күн мындай учурда каралжын тарткан океан суусу чытырман токой баскан аралдарга жан киргизип туруучу. Жол боюндагы көрнөктөр индей диалектисиндеги топонимиканы кайталайт. Стандарттуу англис латиницасына аралаш бул жазууларда Алдарга бейтааныш тамгалар жайнайт.

– Бул эмне деген тил? – деп сурады ал Чикодон, сөздү жай темага бурууга жана коогалуу ойду унуткарууга аракеттенип.

– Сквомиш болсо керек... Мен өзүм да жакшы билбейм, – деп Чико колун шилтеп койду.

Чико өзүнүн уруусунун тилин бир аз билчү, бирок анын резервациясында бул тилде дээрлик эч ким сүйлөбөй калган – англис тили аны дээрлик сүрүп салган жана маанилүү салтанаттарда жана чоң майрамдарда гана карыялар али өз тилинде кудайга жалынышчу. Чиконун чоң атасы өз тилинде да, англис тилинде да шыдыр сүйлөчү, а атасы болсо англис тилин гана билчү, анткени ал индейлер үчүн билим берүүнүн бардык интернатынын азап-тозогун башынан аягына чейин өтүүгө мажбур болгон. Ага карабай ал бардык оптимизмин жана ак көңүлдүүлүгүн сактап кала алган; ал Принц Рупертадан Ванкуверге келгенде Алдар аны менен бир нече жолу маектешкен жана келген сайын ышталган сонун лосос ала келер эле. Бир жолу ал, Женнифер, Чико жана атасы төртөө бир күн кечке ошол лосос менен алардын үйүндө пиво ичип олтурушкан. «Ванкувер Канакс» ошол кечте «Эдмонтон Ойлерсти» 7:1 эсебинде талкалап уткан, ошондуктан баарынын көңүлдөрү куунак болчу. Чиконун атасы телевизордун үстүндө турган кыргыздын эски калпагын кийип көргөнү Алдардын эсинде, ошондо Чиконун атасы Британия Колумбиясынын түндүгүндөгү кадимки индей эмес, куду Кыргызстандын бийик тоолуу айылдарынын бириндеги кыргыздын дал өзү болуп калган.

– Силердин, султаш уруусунун тотеми кайсы? – деп сурады ал Чикодон, алар туристтер үчүн салынган жолдун боюнда орнотулган бир нече тотемдик мамычалардан зуулдап өтүп баратканда.

Чиконун уруусу султаш болчу. Алдар көп жылдан бери Канадада жашаганы менен индейлердин толгон ар кандай урууларынын ичинен эки урууну – султашты жана семиамуну гана билчү. Семиамуну билгени – качандыр бир жылдары алардын резервациясы аркылуу ишке баруучу; султашты билгени – Чико менен тааныш болгондугу үчүн.

– Бүркүт, – деди ал камаарабай, – ак баш бүркүт.

Ар бир уруунун өз тотеми, мындайча айтканда, колдоочусу болорун Алдар билчү. Демейде айбанаттардын бири болор эле. Чиконун алаканынын сыртындагы бүркүттүн татуировкасы ошону билдирип туруучу. «Өзүм ойлонбогонумду кара», – деп койду ичинде Алдар.

Тоо тараптан анча калың эмес туман хайвейге жыла каптап келатты. Жамгыр себелеп турду жана автоматта иштеген «шыпыргычтар» маңдайкы терезени анда-санда кыйчылдата шыпырып кетип жатты. Алдар радиону иштетти. Жаңылыктардын топтому кечээги, мурдагы күнкүлөрдөн, же бир жума мурункулардан анчалык айырмаланбаптыр – Сирия менен Украинада кан суудай агып жатат, Америка Эбола вирусунан дүрбөлөң түшүп жатат, Канадада жумушсуздук баягыдай эле, бирок неф­тиге баанын ээ-жаа бербей түшүп жатышы менен баары селейип анын өсүшүн күтүшүүдө. Ал каналды өзгөрттү эле машинанын ичи жеңил музыкага –хип-хопко толуп чыкты. Аны угуп жатып, ал эмнегедир илгери кыргыздар да урууларга бөлүнөрүн бала кезде укканын жана алардын бири солто деп аталарын эстеди. «Султаш дегенге да окшоп кетет экен» деп ойлоп койду жана оң колуна бир банка пиво кармаган калпакчан Чиконун атасын эстеп, жылмайып алды. Бирок кыргыздын урууларынын өз тотемдери болгон-болбогонун ал эстей албады. Тээ тоонун башында уюган түнт туман ошондой эле коргошундай салмактанган булуттар менен аралашып төмөндөп келаттты жана Алдар аларды көрүп, Чико менен сүйлөшкөнүн кооптонуу менен эстеди. Бир азга ал өзүн жаман сезип кетти. «Киришпесек болот эле, киришкен соң эми аягына чыгыш керек»– деди ал ичинде санааркай, ар кандай варианттарын ойлонуштуруп көрүп. Жыйырма минутча жол ээн сыяктуу болчу, Алдар үргүлөй баштаган Чикого көз кыйыгын жиберип, газды басты да, алдыда жай бараткан кочкул көгүш түстөгү «Фордду» кууп өттү.

Ал жаңыдан эле өз тилкесине түшкөндө «Форд» Алдардын «Кадиллагын» аз жерден куйрукка сүзүп ала жаздап, ылдамдыгын кескин күчөттү. Дагы көз ачып жумганчалык убакта маңдайкы айнек аркылуу өчүп-жанмасын жаркылдатты жана полициянын сиренасынын тааныш ачуу үнү угулду. Чико тынчсыздана эки жагын каранды да, Алдарды үрпөйө карап, карбаластап желкесин кашый баштады. Алдар күчүнүн бардыгынча рулга өбөктөдү, эми эмне кылышарын таптакыр билбегендигин түшүндү. «Форд» аларды кууп өттү да, сүзүп ала тургансып барып, алдыга өттү. Азыр жолдун четине чыгып токтогондон башка арга жок экенин Алдар түшүндү. Ылдамдыкты басаңдатты да, тоого жабыша токтоду. Чикону карап коюп, моторду өчүрдү. Тигинин чекесинен тердин буусу көтөрүлдү, ал эски курткасынын жеңи менен сүртүндү. Алдар артты көрүүчү күзгүдөн өзүн карады: ал купкуу болуп кетиптир. Терең күрсүндү да, бардачогун ачып, машинанын документтерин алып чыкты. Экөөнүн тагдыры кыл учунда тургандыгын жана маскировкаланган машинадагы бул полицейскийди «Кадиллактын» багажнигин кароодон бир сыйкырлуу күч гана баш тарттырышы мүмкүн экендигин алар түшүнүштү.

– Тынч олтур, баары жайында болот, – деди Алдар Чикого, өзүнүн чочулаганын араң жашырып.

«Форд» бир нече метр алдыга өтүп токтоду жана буларга бир кылымга созулгандай болгон бир нече минутча алар портативдик өчүп-жанманын иштеп жатканын карап турушту, бирок азыр сиренанын ачуу үнү жок болчу. Акыры полицейский машинадан чыгып, аларды көздөй басты. Кара формачан полицейский узун бойлуу жана далылуу неме экен. Ал буларды көздөй келатканда бир размер кичине сыяктанган бүчүлөнбөгөн курткасы кобуралуу курун байкоосуздан көрсөтүп алгандай түр көрсөттү. Алдар менен Чико дем албоого жана мындан ары эмне болуп кетерин ойлобоого аракеттеништи. Полицейский алардын жанына келди, Алдарды кунт коюу менен карады да, терезенин жабык айнегин тыкылдатты.

«Ой, макоо жаным, айнекти да ачып койбоптурмун!» – деп ойлоду ичинен Алдар, эшиктин беренесин басып жатып. Айнек Алдардын жеңине бир нече тамчы тамызып, шырылдаган тааныш үн менен төмөн жылды. Офицердин бэджигинде «Simon Moose»[4] деп жазылып турду. Күн бүркөө болгону менен али күндүз экенине карабай, анын колунда узун күчтүү фонарь бар болчу жана Алдар менен Чиконун жүздөрүн тигиле карап, ал «Кадиллактын» салонун жарык кылды жана ага кадала көз жүгүртүп чыкты.

– Машинанын документтери жана айдоочунун күбөлүгү, – деди ал токтоо, бирок чечкиндүү сүйлөп, салонду жарык кы­лууну улантуу менен.

Алдар ага бир топ кагаз сунду, анан айдоочунун күбөлүгү жаткан капчыкты алуу үчүн чөнтөгүнө колун салды. Полицейский кагаздарга көз жүгүртүп өттү жана сунулган укуктар картасын алып жатып, кагаздардан көзүн албастан:

– Белги токсонду көрсөтүп турса, а сен жүз жыйырма менен мени кууп өттүң. Ал эмнең?

Белгини көрбөй калгандыгы, алар Вистлерге тезирээк жетиши керектиги жөнүндө Алдар бирдемелерди бежиреп жатты; ошол эле учурда эмнени гана айтпасын баары бери дегенде келжиректик экенин ал түшүнүп жатты. Ал эки кулагынын ысып чыкканын сезди, мектепте экендеги бир кезде бүткүл класстын алдында окубай келген сабакты сурап доскага чыгарганда дал ушинтип кулагы кызарып чыккан. Офицер күбөлүктү жана кагаздарды карап бүтүп, башын көтөрүп Алдарды карады. Анын мостойгон жүзүндө бул жол жүрүү эрежелерин бузуучуларды эмне кылсам деген олку-солкулук турду. Жамгыр күчөдү, жаан­дын суусу куду кичинекей шаркыратмадан бетер фуражкасынан анын аты жазылган бэджикке түшүп жатты. Чечим кабыл алынганга окшоду, бирок офицер бирдеме айткыча болбой, капыстан сөзгө Чико аралашып, бир аз кыртыштагансып мындай деди:

– Биз, албетте, эреже бузгубуз келген эмес, тигил жердеги белги байкалбайт экен!

Офицер бир аз эңкейип, Чикого дагы бир жолу жарык берди. Алдар ичинде анын жөн тура албагандыгына сөгүнүп жатты, офицер менен Чикону алмак-салмак карап, жаны жай таппай, колдорун ушалап жиберди. Фонарик Чиконун колун жарык кылып, бүркүттүн татуировкасына токтоду.

Аны көрдү да, полицейский шарт артка кадам таштады жана көнгөн ылдам кыймыл менен белиндеги кобурасын чечти. Чикого жарык кылууну токтотпой, ал үнүн бийик чыгарып, буйрук бере айтты:

– Колдоруңду прибордун тактасына кой, ордуңдан жылба, бардык эшиктер жана багажник ачылсын!

«Ушуну көрмөкпүз!» – деди Алдар ичинде аргасыздана, беренелерди басып эшиктерди жана багажникти ачып, Чико тотуккан одурайган колдорун бардачоктун үстүнө койду да, эрдин тиштеди. Алардын өмүрүндөгү кескин жана кейиштүү бурулуштан бир керемет гана сактай турганын экөө тең түшүнүштү.

Полицейскийдин сол ийнине илинген рация капысынан чырылдап жиберди, анан ал тигил экөөнөн көзүн албастан, башын бир аз ийип, рацияга акырын сүйлөй баштады. Анын ороюна караганда кайсы бир жакта өтө кооптуу бир нерсе болуп жаткансыды. Жарым мүнөттүк сүйлөшүүдөн кийин ал Алдарды карай чечкиндүү кадам шилтеди да, али ачык турган терезеден ага документтерди жана айдоочунун күбөлүгүн сунду.

– Экинчи катуу айдаба!

Ушинтти да, өзүнүн «Фордуна» чуркап жетип, тезинен олтурду, эшикти тарс жаап, алиге иштеп жаткан өчүп-жанмага кошумча сиренаны ачты. Тоо менен жардын ортосундагы кууш боштуктан ылдам бурулду да, жин ургандай ылдымдык менен артка, Ванкувер тарапка зуулдады.Сиренанын алыстап бараткан үнү биротоло коюуланып келаткан туманга кирип угулбай калганча экөө лам деп үн чыгарышпады. Алдар эсине келип, ачык турган терезеден кирген жаандан машинанын документтери аябай суу болуп калганын көрдү. Чико машинадан чыгып багажникти тарс эттире жапты. Алдар кагаздарды бардачокко салып, машинага олтуруп жаткан Чикону жек көрө карады.

– Билем, билем... Эч нерсе айтпа! – деди Чико капалуу жана ошол эле учурда күнөөлүү да, Алдардан коргонуп жаткансып, эки алаканын өйдө көтөрүп.

Алдардын тиштери кычырады, бирок эч нерсе деген жок. Машинасын от алдырып, хайвейге чыкты. Бул жолу ал спидометрди кунт коё жана али коркуу менен карап баратты. Алар Сквомишке дейре үн-сөзсүз келишти, Алдар хайвейден бурулуп, «Тим Хортонс»[5] деген кофекананын жанына машинаны токтотту. Чико ажатканага жөнөдү, Алдар аңгыча кофе менен бутерброд сатып алды. Кафеге келгендерден окчун орун алып, оюн жыйынтыктап, Чиконун келишин күттү. Чико келди да, бутербродду жайып, Алдарды күнөөлүү карап коюп, шашыла жей баштады.

– Мындай сүйлөшөлүчү, – деп Алдар кескин айтты, – мен сүйлөп жатканда сенин дымың чыкпасын жана эч нерсеге кийлигишпейсиң. Былтыр дагы ушинтип оозуңа келгенди оттогонуң эсиңдеби. Баарынан да алар Саларинин адамдары экенин билчүсүң. Сороктобо. Полицейскийби, же башка болобу баары бир. Түшүндүңбү?

Чико, чайнаганын улантып, башын шүйшүнө ийкегиледи. Алдар анын айткандары ага жетет жана баарын түшүнөт деп үмүт кылып, дагы бир аз сынай карап турду, кофеден бир ууртады да, өзүнүн бутербродун жайды. Бир нече минутка алар унчукпай тамактанышты. Сыртта таптакыр караңгы түштү айланага рекламанын неон жарыгы тарады. Алдар кофекананын терезесинин ары жагындагы «Эскалэйдди» карады; кээде токтоп жаткан машиналардын фараларынын жарыгы аны жарык кылып, жамгырдын бозомтук агыны тигинин үстүн бадыратып койгулаганы көрүнөт.

– Көрдүңбү, укмуштай зор неме экен, жанагы полицейский? Кадимки багыштын өзү, бэджигинде ошентип эле жазылыптыр! – Чико эми жайбаракат сүйлөдү, бирок экөөнүн ортосундагы кырдаалдан пайда болгон коомайсынууну жок кылууга аракеттенгени көрүнүп эле турду.

Полицейскийдин заңкайган фигурасы Алдардын көз алдына кайрадан тартылды. Ал фуражканын алдынан чыгып турган анын кыска саргыч чачын эстеди жана эмнегедир эртең мененки көргөн түшү жөнүндө ойлоду. Чико карт кекирди да, тойгон неме стулга чалкалай олтурду. Алдар аны жактырбагандай карады, тигил дурусураак олтурууга аракеттенип боюн түзөдү эле кафенин пластика полуна стулдун буттары тарсылдап тийди. Алдар калган майтокочторду Чикого жылдырды, ал болсо мындай жолдоштук мамилеге жетине албай, майтокочтордун бирин ылдам оозуна салды.

– Бул багыштар жөнүндө айтса сөз түгөнбөйт... Мындан бир нече жыл мурда мен кызыктай окуяга кабылгам, – деди ал майтокочту жайбаракат чайнап жатып.

Алдар терезе жактан көзүн албай, эртеңки күн жөнүндө кабатырлана ойлонуп жатты. Ал өз ою менен алек болуп олтурганын Чико байкап да койбой, сөзүн уланта берди.

– Бул тиги эле түндүктө болгон. Биз жолдошум экөөбүз бир жолу эки мшина менен жолго чыктык. Жонни, кличкасы боюнча Вулф[6]. Балээ жигит болчу, жанын тобокелге салып жүрөр эле. Ал өзүнүн Джипи менен алдыда, мен эки кыз менен артынан баратам. Террас тарапка кетип баратабыз. Ал жактан башка резервациядагы кенттерге бара кетмекпиз. Чынында балыкка бармакпыз, стилхэд[7] эми гана урук чача баштаган. Шашылбастан жай баратабыз. Эсимде, ушул азыркыдай болуп туман каптай баштады. Темир жол өткөөлүнөн өтүшүбүз керек болчу. Бирок ал жакта, түндүктө, шлагбаумдарда светофор деген жок, поезд келатабы, жокпу өзүң карашың керек. Өткөөлгө келдик, эч нерсе жок сыяктанат. Аңгыча бүт тайганы жаңыртып гудок! Ал жерде темир жол бурулуп кетет, ошентип паровоз асканын далдасынан капысынан чыга калды да, алдын ала сигнал берди. Биз турабыз, поезддин өтүп кетишин күтүп. Ал улам жакындоодо, ал турсун дөңгөлөктөрдүн шарактаганы угулуп калды. Аңгыча Жонни өткөөлдү карай зуу койсо болобу, мен күтүүсүздүктөн селт дей түштүм! Иш бүттү – азыр кагылышуу болот жана кечки кабарларда киши өлгөн кандуу кагылышуу жөнүндө репортаж берилет, – деп ойлодум. Кудай жалгап, жок! Жонни өтүп кетти, дал поезддин тумшугу алдынан өтүп кетти. Жин ургандай окторулду, ал турсун менин маңдайкы тереземе ылай жаба берди. Анан мен бул товардык вагондорго көпкө карап турдум, паровоз узун экен, демейдегиден алда канча узун болуп чыкты.

Чико акыркы майтокочту алды да, жештин ордуна жанагы эпизодду айтып, майтокочтун көзөнөгүнө сөөмөйүн салып тегерете баштады.

– Анан эмне болду? – деп сурады Алдар.

– Андан кийин Жоннини мен көргөн жокмун. Ошондон кийин аны эч ким көрбөптүр. Поезд өтүп кеткен соң, мен темир жолдон өттүм да, бир аз ылдамдаттым, Жонни мени тамашалагысы келип, алыстап кетсе керек, – деп ойлодум. Бирок андай болбоду, ошентип аны мен таппай калдым. Анын Джипинин дөңгөлөктөрүнүн ылайдагы изин асфальттан көрдүм. Болгону ошол. Резервацияга барып сурадык ал жерден. Жок, эч ким көрбөптүр. Анын жанында дагы бир кыштак бар, аякка да бардык. Сурадык, жок. Кийин аны жана Джипти издешти, Ванкуверден сактоочулар келишти. Натыйжа чыккан жок. Ал жөнүндө башка эч ким уккан жок. Ушул.

– Койчу... А багыштын эмне тиешеси бар?

– А баса... Таптакыр унутуп коюпмун. Поезд өтүп кетти, анан мен темир жолдон өтүп, андан ары жөнөдүм да, артты көргөзүүчү күзгүнү карап, жиптин ылайда изи калган жерге токойдон багыш чыгып келди. Укмуштай чоң, саргыч күрөң экен. Мүйүздөрү куду сүрөттөгүдөй аркаят. Келди да, мен жолдун бурулушуна кирип кеткиче артыман узакка карап турду.

Алдар терезени караганын токтотуп, кескин бурулду. Ал өзүнүн эртең мененки түшү жөнүндө Чикого эч нерсе айткан эмес. Тигил майтокочту чимирилткенин токтотуп, шекердин күкүмүнөн агарган манжалары менен оозуна салды да, түндүктүн ээн жолунда Жонни Джипи менен кайда житип кетиши мүмкүн экендигин түшүнүүгө эмгиче аракеттенип жаткансып, ойлуу чайнай баштады.

– Жолго чыгыш керек го, – деди Чико, анан шекерден жылтыраган манжаларын уйпаланган салфетка менен аарчый баштады.

Алар сыртка чыгышып, машинага олтурушту да, Вистлер тарапка жол тартышты. Алдар спидометрди кунт коюп карап баратты. Чико айткан окуя анын башына көпкө уюп калды.

Алдар Вистлерди[8] жакшы көрүүчү. Бул жакка келүү куду табигый азык-түлүктөрдүн гастрономуна келгендей болучу, аны Женнифер абдан жактырчу – бул жердин адамдары баары зыңкыйып шыңга бойлуу, кагелес, сымбаттуу жана жапакеч эле. Алардын арасында жүргөндө Алдар өзүн жаш жана ишенимдүү сезчү, бирок дал бүгүн анын ишенимдүүлүгү аз.

Жердин аты менен аталган тоонун эң чокусунда былтыркыдан калган кардан башка кар али түшө элек эле. Алдар мезгил жана лыжалар тамтыгын чыгарган гондола[9] менен келген. Коюу туман турган, бирок ошого карабай ал таштуу, камкордук менен белгиленген жалгыз аяк жол менен серүүндөгүсү келди, туманга карабай туристтик топтор бул жолдор менен шайдоот жүрүштү. Төмөн жакта эч нерсе көрүнбөдү. Туман төмөндөгү өрөөндү, көлдөрдү жана мейманканаларды көгүш-боз мунарык менен толук жаап алган. Аны карап туруп Алдар кызыктай санаакорлук менен анын да келечеги дал ушундай белгисиздик менен чулганган деп ойлоду. Ушундай шектүү адамдардын арасында ал дагы канча убакыт сенделип кооптуу нерселерди ташыйт? Дайыма толук кыйроо чегинде тең салмактуулукту сактоого аракет кылган Чиконун дагы канча ирет жолу болор экен? Ал гондола менен көтөрүлүп баратып чоң кара аюуну көргөнүн эстеди. Ушинтип көтөрүлүп баратып бул жаныбарды көп эле көрүүгө болор эле. Аюу бадалдардын арасынан бир нерсени иштиктүү карап жатты жана эң эле жоош көрүндү. Саларинин адамдары менен жолугушуудан Алдар ар кандай жол менен качууга аракеттенчү, аларга жолугушуу вистлердеги аюуларга сонуркагандай кеп эле – сыртынан караганда кадимки сылык-сыпаа адамдар өздөрүнүн жоош-момундугу менен алдайт, бирок бир эле туура эмес кадам аюунукунан ашып түшкөн агрессияны пайда кыларын Алдар билчү.

Ал тазалыгы мас кылган тоонун абасынан, куду кубанын тамекисинен бетер терең дем алды. Тээ төмөн бир жерден шагыл таштардын шагырап кулаганы угулду. Үңүлө карап, ал чоң таштардын арасындагы жаракага култ коюп кире качкан суурду байкады. Жакындан адамдын кадамдарынын дабышы угулду. Немисче сүйлөшкөн улгайган жуп альпенштокторун шаркылдатып, өтүп баратышты. Алардын артынан Алдарга учурашкансып жылмайып коюшуп, туристтер өтүштү. «Болору болду, баштагандан кийин аягына чыгыш керек» – деп ойлоду ал көңүлсүз жана санаалуу, анан кайра фуникулерду көздөй басты.

Чико Алдарды дал тоонун түбүндөгү чакан пиццериядан жолуктурду, бул жерде кеч күз болгонуна карабай, тоодо тепчү велосипеддерди ижарага беришчү.

– Тамак жейсиңби? – деп сурады Алдар Чикодон, ала келген сумкасын столдун алдына катып.

Чико баш ийкеди. Алдар пепперони заказ кылды. Чиконун жүзүндө караманча дүнүйө капарлыктан башка эч нерсе жок эле – бул жагынан алганда анын моюбас калбааттыгы көп учурда ага жардам берчү. «Баса десең, экөөбүз үчүн мен санаар­кашым керек да», – деп ойлоду Алдар, алып келген пиццаны аппетит менен жеп жаткан Чикону карап. Эмнегедир анын күлкүсү келди да, эрксизден жылмайып койду.

– Жакшылап ук, – деди ал Чикого, – жолугушууга бирге барабыз, бирок мен гана сүйлөйм. Сен сумканы алып жүрөсүң, керек болгондо алып чыгасың, көрсөтөсүң. Бирок оозуңан бир сөз чыкпасын.

Чикого айтылган сөздүн маанисин жеткирүү максатында Айдар аны көпкө жана олуттуу түрдө карады. Тигил оозундагысын чайнап жатып, башын ийкегиледи.

Жамгыр нөшөрлөдү, кеч кирерине али көп убакыт бар экенине карабай, көчөнү караңгылык кучагына алып бараткандай сезилди. Алар пиццериядан чыгышты да, «Хилтон» тарапка бет алышты. Жаан күчөгөндөн күчөдү. Алдар кол чатырын жайды жана аны Чикодогу сумка суу болбогондой кармап баратты. Чейрек сааттан кийин алар болжогон жерге жетишти.

Эшикти узун бойлуу аксаргыл жигит ачты, ал кийген жинсы шым жана бырыш-тырыш футболка – анын кийимге анча маани бербегенин билгизип турду. Жылуу жылмайып, тигилерди киргиле дегендей жаңдады, алар ким экендигин да сураган жок. Тигилер килемге суу из калтырышып, номерге унчукпай киришти.

– Көрсөт! – деди аксаргыл, эки колун бооруна кайчылаштыра алып сүрдүү түр менен, бирок баягыдай эле жылмайып.

Алдар Чикого ээк шилтеди. Тигил сумканы ачты да, бир нече минут ичинде алып келгенин унчукпай көрсөтүп бүттү. Аксаргыл понтомимого окшогон бул унчукпас презентацияны кунт коюп карап турду. Алдар аксаргылдан көзүн албай карап турду, чекесинен жаандын суусу агып жатабы, же чочулагандыктын териби билбеди. Чико көрсөтүп бүттү жана аксаргылды суроолуу карап турду. Тигил унчукпады. Алдар өрөпкүгөндүгүн билдирбөө үчүн терең дем алууга аракеттенип жатты. Аңгыча аксаргыл:

– Арбелакс кана? – деди.

Алдар аксаргылды, анан Чикону карады да, болушунча жай айтты:

– Арбелакс жөнүндө сүйлөшкөн эмеспиз.

Чико баш ийкеди, бирок унчукпай коюу ага тирүүнүн тозогундай экендиги билинип турду. Аксаргыл, Чико жана Алдар бир нече кооптуу секунд унчукпастан бири-бирин карап турушту. Капыстан аксаргыл колун кыйла кескин жинсынын чөнтөгүнө салды. Чико менен Алдар артка бир кадам ташташты. Колун тигил чөнтөгүнөн уюктук телефонун алып чыгып, бир жакка чала баштады. Чалган кишиси жооп бергенден ки­йин аксаргыл өктөм жана буйрук бергенсип:

– Ушул жерде тургула! – деди.

Өзү терезе жакка барды да, оозун алаканы менен калкалап алды. Алдар менен Чико анын сүйлөшүп жатканын унчукпай карап турушту. Жарым минуттан кийин алаканын оозунан алды жана тыңшоочко каткырып күлдү. Алдар андан көзүн алган жок, анын бардык ою бул номерден тезирээк аман-эсен чыгып кетүү эле. Аксаргыл сүйлөшүп бүттү, телефонун шымынын чөнтөгүнө салып, кофе столунун үстүндө жаткан пластика пакетти алды. Алардын жанына келип, пакетти Алдарга карматты да, мындай деди:

– Бардыгы жарайт. Кааласаң санап чык.

Алдар тезинен пакеттин ичин бир карады да:

– Туура эле сыяктанат. Сиз менен иштешүүгө болот экен,– деди.

Экөө номерден чыгышты да, лифтти күтпөстөн түз эле тепкичке жөнөштү.

– Токто! – деп кыйкырды аңгыча аксаргыл, коридорго чыгып.

Алдар токтоп, жай кылчайды.

– Чатырыңды унутуп коюпсуң, – деди аксаргыл, чатырды аны күздөй ыргытып.

Алдар ага унчукпай баш ийкеди да, жерде жаткан чатырды алды. Бир минуттан кийин алар сыртка чыгышты, жамгыр шатыратып төгүп жатыптыр. Чатырды жазбастан алар унчукпас­тан пиццерияны карай тез-тез басып баратышты. Бири-бирине бир да сөз айтпастан жана ал турсун кылчайып карашпастан, алар Алдар бөлмө ээлеп койгон мейманканага келатышты.

Номерге кирери менен Алдар туалетке жөнөдү жана муздак сууну коё берип, түз эле крандан кыйлага чейин жутту. Анан жуунду, боюн токтотуу үчүн бир нече минут күзгүдөн өзүн карап турду. Туалеттен чыгып баратып: «Нервим болбой калган экен» – деп ойлоп койду ал.

Чико номердеги креслолордун бирине эбак ыңгайлуу жайланышып алыптыр жана телевизордун каналдарын бурап жатыптыр. Ал эч нерсе менен иши жок, камырап койбой олтурат. Хоккейди тапты да, пультту тигиндей таштап коюп, оюнду кызыгып карап жатты. Алдар ушул учурда ага чындап суктанды.

–Кимдер ойноп жатышат? – деп чарчаңкы сурады ал Чикодон.

– Биздикилер менен «Даллас Старс», – деп жооп берди тигил экрандан көзүн албай.

Алдар экранды карады. Тең оюн экен жана бүтөрүнө аз калыптыр. Эки команданын оюнчулары тең уттуруп койбоого жан талашышып, муз майданында өлөр-тирилерине карабай буй түшүп жүрүшөт. Клюшкачан заңкайган азаматтардын бири-бирин хоккей алкагынын капталына жин ургандай ылдамдык менен барып кысышканын жана кээде мушташкандарын карап туруп, ал кокусунан, Чико экөөнүн жашоосу бүтөрүнө аз калган ушул матчка окшошуп кетерин жана аягы эмне менен бүтөрү белгисиз экенин ойлоду. Ал жерде жаткан пультту алды да, телевизорду өчүрдү.

– Ой, бул эмнең? – деди Чико түшүнбөй, аны карап.

– Жүрү, бизге эмне бергенин көрөлү.

Алдар пакеттегини кофе столуна төктү. Американын акчасы, канаданыкынан бир караганда айырмасы жоктой көрүнөт – ачык-жашыл купюралар, бирдей формат. Алар аны тез санап жиберишти, баары туура болуп чыкты. Чикого тиешелүүсүн Алдар санап чыкты да, Чикого бир таңгак банкнот карматты.

– Мен бүгүн кайра кетем, – деди ал акчасын карап жаткан Чикого, – сенин пландарың кандай?

Чико кежигесин кашыды да, мындай деди:

– Мен бүгүн калам, эртең кетем. Автобус менен барам. Барып пиво алып келейин.

Ал курткасын жонуна салды да, сыртка жөнөдү.

– Өзүң бил. Мага кофе ала кел, макулбу? – деди Алдар, аны узата карап. Чико баш ийкеди.

Ал кеткенден кийин Алдар терезеден жаанды көпкө карап турду, жаан менен катар алардын мейманканасынын айланасындагы өсүмдүктөр күздүн түркүн боёктору менен көз жоосун алууда. Жаан экенине карабай, мейманкананын бассейнинде балдар киринип жүрүшөт; ошол эле жерде эки-үч көбүктөнгөн жаккузиден чоң кишилердин баштары көрүнөт. Ал кайдан пайда болгону белгисиз жийиркенич менен столдун үстүндө чачылып жаткан акчаларды карады. Бул американын акчасы кайдан пайда болду деп Женнифер сурай баштаса, калпты чындай кылып бир нерсе ойлоп табууга туура келет. Алдар акчаларды шашкалактай пакетке жыйнады да, пакетти сумкага таштап салды.

Ал креслого жайланыша олтуруп, телевизорду иштетти. Хоккей бүтүптүр. Кимиси уткандыгы белгисиз калды, бирок билүү үчүн интернетке кирүүнү каалабады. Ал каналдарга бурай баштады. Бирөөндө жаңылыктар (Ирактагы ири теракт, Украинадагы уруштун жаңы курмандары); дагы бирөөндө бейсбол матчынын комментарийлери (Алдар бейсболду жининдей көрчү); үчүнчүсүндө эски, ак-кара түстөгү, вестерн... Ал пульт­тагы беренелерди тарсылдата басып, себепсиз эле ачуулана баштаганын сезди. Аңгыча болбой, кечигүү менен эки канал мурун көргөн репортаж анын көңүлүн бурду – стресс абалында турганда мээ визуалдык информацияны дайыма эле каалаган ылдамдыкта кабылдай албайт. Ал ушул каналга тезинен кайра кайрылды да, үнүн жогорулатты. Бул журналист бийкечти, испан фамилиясындагы кара чач сулууну, Алдар мурда көргөн. Ал Нью-Йорк штатындагы соттордо каралган чуулуу иштер жөнүндө репортаж алып баруучу. Помада калың сыйпалган эриндерине микрофонду жакын кармап, бийкеч кынтыксыз дикциясын айгинелеп, шайдоот жана бийик үн менен такылдап жатты:

«Марио Салари, Саларинин кылмыштуу кланынын болжолдуу башчысы, айрым бир чөйрөдө ошондой эле Супер Марио катары белгилүү, бир нече күн мурун жарым миллион долларга кепилдикке алынып, түз эле Манхэттендеги сот залынан бошотулган...»

Андан ары ал күнөөлүү деп эсептелген жана аны менен байланышкан фигуранттардын кылмыштары узакка саналды, алар күтүлбөгөндөй ар түрдүү болуп чыкты – Нью Жерсидеги айтылып жүргөн рэкеттен тартып, интернеттеги экзотикалык алдамчылыкка чейин. Андан кийин Супер Марионун сотто акталып чыгууга мүмкүнчүлүгү жөнүндө кылмыш укугунун бул областындагы эксперттеринин тажатма пикирлери берилди. Андан соң күтүүсүздөн үч адвокаттын коштоосундагы Саларинин өзүн көрсөтүштү. Ал көрсө, бул мезгилде «бизнес иштери менен» Флорида штатынын Бока Ратонунда жүрүптүр. Бети күнгө күйгөн, тасырайта кырылган жана майланыша жалтырайт. Чыпалагында жазы шакек. Келиштире тигилген костюм чыптамасы менен, ага шайкеш галстук, качандыр бир Mooresде[10] иштеп калган, кийим жагынан жаңылбаган Женнифер nothinq of the rack[11] демекчи. Ал болгон күчү менен таза, ишенимдүү жана ташы өйдө кулап турган, бирок жүзү каралык менен караланган бизнесмен катары көрүнүүгө аракеттенди. А чынында Супер Марио деген ким экенин жана анын иштеринин кызыкчылыгынын майданы канчалык кенен жана жашыруун экендигин Алдар жакшы билчү.

Эшик кагылды. Алдар телевизорду тезинен бейсболго бурду. Ал бир колунда кофелүү стакан, экинчисинде пиволуу пакети бар өтмө катар суу болгон Чико болчу. Алдар анын колунан кофени жана пакетти алды да, столго койду. Курткасын чечип, Чико пакеттеги пивону, бадырактарды алды, креслого боюн таштады да, пивону кылкылдатып жутуп, катыратып бадырак чайнай баштады. Алдар муздап калган кофени суу болгон стакандан унчукпай ичти.

– Сен бул жерде абайла, – деди Алдар тигиге, кофени ичип бүткөндө.

Чико баш ийкеп койду да, тарс эттире кезектеги банканы ачты.

Алдар сумка менен чатырды алды да, Чикого колун жаңсап коюп, сыртка чыкты.

Ал заправкага кайрылды да, бакты толтура куйду. Дүкөндө иштеген бою жапыз орто жаштардагы филиппин аял Алдар стеллаждардан жакшы көргөн минерал суусун карап жатканда, аны кызыгуу менен карап жатты. Дүкөндө киши жок эле жана анын эриккени көрүнүп турду. Аялдын сарыга боёлгон чачы жана өтө ачык макияжы Алдарга анча жаккан жок. Ал кассага барып, бензинге жана сууга төлөдү.

– Асман тешилип калса керек, – деди аял, чек уруп жатып, – дагы бир жааса баягыдай кылып көпүрөнү алып кетери бышык.

Аял эмнени айтып жатканын Алдар түшүндү – бир нече жыл мурун бул жердеги дарыянын чакан көпүрөсүн жаандын көптүгүнөн кирген суу алып кеткен.

– Ок, антип айтпа, – деди ал аялга, сылыгыраак болууга аракеттенип.

– Ванкуверге баратасыңбы? – деп сурады аял, аны сынай карап.

– Жок, Пембертонго барам, – деп Алдар жалган айтты да, бөтөлкөлөр салынган пакетти алды.

– Жолуң шыдыр болсун.

Анын айтканына аялдын ишенбегени көрүнүп турду. Ушунча жашап аялдарга жалган айтканды үйрөнө албай койду.

Алдар бөтөлкөлөрдү арткы орундукка таштап салды да, трассага чыкты. Кеч кирип калган. Жамгыр бастап, чаңга окшогон майда себелеген сууга өттү жана машинанын каптал айнектерине киргил чел болуп чабылып жатты. Ал көзүнүн кыйыгын спидометрге салды да, ылдамдыкты кескин түшүрдү – жолдогу тартипти караган маунти[12] менен маектешүүнүн кылдай пайдасы жок эле. Чытырман токой караңгы жана сүрдүү кучагына жолду эки тарабынан тең кысты. Кыска бурулуштан Айдар жолдун ортоңку тилкесинде өлүп жаткан енотту көрдү, сыягы, түнүчүндө машина уруп кетсе керек. Жаандан улам еноттун айланасында болор-болбос кызгылт чөөт бар эле. Узакка созулбаса да көрүнүш кыйла көңүлсүз болчу. Алдар капалуу улутунуп алды.

Ал кайрадан акча, анан калса накталай акча, кайдан пайда болгонун Женниге түшүндүрүү үчүн кандайдыр бир окуяны ойлоп табуу керектигин эстеди. Ал муну таң калуу менен сурамак. Алдардын аялдарга калп айтуу жагынан чеберчилиги кыйла өздөштүрүүнү талап кылса да, Женнифер өтө ак пейил жана баёо эле жана сүйүктүү эринин сөзүнөн шектенүү анын башына келмек да эмес. Азыр ал курбулары менен шарап фестивалында Келовнанын бир жеринде жүрөт – Британия Колумбиясынын адамы катары ал шарапты жакшы көрүүчү. Чико экөө бир маанилүү жолугушууга ага костюм алуу үчүн даунтаундагы айтылуу Moors дүкөнүнө кирип, аны жолуктургандан тартып Алдар Женнини абдан жактырып калды... Ага чейин Алдар түнү бою уктаган эмес, сакалы алынбаган жана эски тизеси жыртык жинсычан, бирок буга кыз кенедей да көңүл бурбагансыды. Жениффер ага иш билгилик менен эмне сатып алуу керектигине кеңеш берди жана ал күзгү алдында анын пиджагын оңдогондо (саргыч түс чынында эле ага жарашып турду), анын колдорунун тийишинен бул турмушта ага эмне жетишпей жатканы дал ушу кыз экени билинди. Эки күндөн кийин, беттери кырылган жана Женни тандап берген костюмчан, Алдар дүкөн жабылгандан кийин кызга кезикти жана жакын жердеги бразилия кафесинен бирге даам сызууну кааларын айтты. Кыз баш тартты, бирок метрого чейин өзүн узатып коюуга макул болду. Бир нече күндөн кийин Алдар кызды баягы кафеге барууга макулдатты жана гаучонун костюмун кийген официант аларга чокко какталган эт алып келгенде Женни, Алдар сыяктуу эле койдун этинен даамдап олтурууга такыр каршы эмес экени билинди. Күңүрт жарык кылынган ресторанда кыз менен Алдарга өз тили болбогон англисче маектешип, козунун этинен жеп коюп олтуруп, ал алыскы Караколдогу балалыгын эстеди: туугандары менен майрамдык дасторконду тегеректей олтуруу бир жыргал болчу жана дайыма мындайда кой союлчу. Женнифер бул жагынан чыныгы өз адамы эле жана ага баарынан ошонусу жакчу, албетте, кыздын коюу сары чачы жана сулуу кой көздөрү да өз ролун ойноду дечи. Бир жылдан кийин ал Чиконун кеңеши менен кызга шакек сатып алды жана ага өзүнүн колун жана жүрөгүн келегейленген англис тилинде баягы бразилиялык ресторанда сунуш кылды, бул кыздын кыткылыктаган күлкүсүн жана коңшу столдо олтургандардын жылмаюусун чакырды. Женни макул болду, бирок шакекти кайра тапшы­руу­ну, ал эми анын акчасына андан көрө бир жакка бирге барууну сунуш кылды. Алдар дал ошондой кылды жана бул анда да шарап фестивалы өтүп жаткан Оканагенде алгачкы жолу болушу. Ошондон тарта Женнифердин мүнөзүнүн өзгөчөлүгү аны таң калтырып келет. Женнифер материалдык кызыкчылыктан (кээде статустуу, бирок маңызсыз) сапардагы таасирлерди артык көрүчү. Бул мүнөзү таң калтырчу, бирок бул үчүн ал аны андан бетер сүйүп калды.

Жол кезектеги бурулушту жасады, курулуштар бүттү – канаданын жапайы жаратылышына орун берди. Сол тарапта жыш карагайлар менен кедр токою жылчыксыз дубал болуп дүпүйөт, оң жагында трасса менен жарыша кеткен дарыя, жаан­дын суу­суна көбөйүп, бууракандап кирип жатат, жээк бою бүт таш. Жолго чыгар алдында ичкен кофе сыртка суранып жатканын Алдар сезди да, биринчи эле бурулушта суунун жээгине токтоду. Бул шагылдуу жол башкы трассадан элүү метрдей созулуп барчу да, дал жээктен бүтчү. Бул жерде чакан үстү жабык жыгач такталуу аялдама бар болчу, тактада хайкерлер[13] үчүн маршруттар түшүрүлгөн жергиликтүү чөлкөмдүн картасы жана тегерек-четте кабыландардын активдешип жүргөндүгү жана өтө аяр жана сак болуу жөнүндө эскерткич илинген. Ошого катар карагайдан кыналып жасалган чакан ажаткана турган. Аялдама ээн болчу. Алдар машинадан чыгып, ылдам басып ажатканага кирди. Ал жерден чыгып, машинага карай басмак болуп, бирок токойдун таза абасынан дем алгысы келди. Ал бул жерде Вистлердеги тоонун альпы чокусундагыдай эмес эле, бирок ийне жалбырактуу токойдун таза абасы жана суунун шаркыраган доошу жөн эле коё бере койбоду. Ал машинаны жапты да, аппак чоң таштардын үстүнө чыкты. Суу таштай муздак, а суунун агымы өтө күчтүү эле. Алдар качандыр бир бала чагында мөңгүдөн агып түшкөн ушуга окшогон тоо сууларынын жээктерине чыгып ойногонду жакшы көрөрүн эстеди. Мындай суулар Кыргызстан боюнча өтө көп эмеспи.

Ал бир таштан экинчисине, анан үчүнчүсүнө секирип, жээк­ке жакын келди. Дарыя кыйла кенен, 30 метрдей болчу жана бир аз төмөн, суунун агымы жакта, ушундай эле ак таштар суудан сороюп чыгып турду, алардын айланасында агымдын ылдамдыгынан улам көбүк айланууда. Суудан сороюп чыгып турга кимдиндир таш болуп катып калган өтө зор баштарына окшогон таштарды карап туруп, Алдар жылмайып койду. Тээ качандыр бир Суррееде кечинде бассейнге келип, жакуззилердин баарында сакалдары алынбаган жана кабактары салыңкы, айрымдары татуировкалуу кызыктай адамдарды көрүп таң калганын эстеди. Бул түшүнүксүз граждандардын баштары да иштеп жаткан жакуззидеги жер алдындагы атырылган суу­нун көбүгүнө жуулуп, кызыктай сороюп турушкан. Ваннада эс алышып жаткан бул типтердин өңдөрү саясатты, же спортту кеп салып, кечке пиво же виски жуткан пабдардын[14] эшик жыртарларыныкына окшош болчу. «Мүмкүн, бул чөлкөмдөгү барлардын баары жабылып калса керек?» – деп ойлоп койгон ал. Анан эки сааттан кийин бассейнден чыгып жатып билди, көрсө бүгүн бул жерде анонимдүү алкоголиктердин жыйыны өтүптүр, жакуззиде олтургандардын ырай-бешенелери ошону менен түшүндүрүлсө керек.

Алардын капалуу түрүн эстеп, Алдар аргасыздан күлүп жиберип, нымдуу ташта жеңил тайгаланды. Боюн токтотууга аракеттенип, ал башка бир ташка олдоксон секирди эле, таш күтүүсүздөн сууга батып кетти да, Алдар муздак суунун катуу агымына түшүп кетти. Суу тизесине чыга түштү, ал жээкке тезинен чыгууга аракеттенди, жакын турган таштарга, жээктеги бадалдардын бутактарына жармашты, бирок тескерисинче, алардын түбү бош болуп, Алдарга жардам бермек тургай, кайра аны сууга дагы арылата түрттү. Бир заматтын ортосунда ал сууга белчесинен батты, а дагы бир нече секунд пайдасыз аракеттерден кийин суунун катуу агымы аны камгактай агызып төмөн алып жөнөдү. Ал жээктен алыстап баратты. «Ушуну көрмөкмүн!» – деп ойлоду Алдар жиндене, муздак суудан жутуп алуудан сактанып. Ал кишинин баштарына окшоштурган таштар оң тарапта экенин көрдү да, ошол тарапка болгон күчү менен сууну шилей баштады. Күтүүсүздөн суунун агымы ага жардам бере баштады жана бир нече секундда ал эки чоң аска таштын дал ортосуна келди. Дагы бир көз ирмемде ал эки таштын бирине жармашканы калды, бирок ал жылбышчаак экен жана аз жерден анын колу кайрадан сууда кала жаздады. Ал болгон күчү менен таштын урчугуна умтулду жана экинчи колу менен жармашты. Суунун агымы атайын эле аны тигил таштан агызып кеткиси келип жаткансыды жана Алдар дайым бетке уруп турган суунун чачырандысынан дээрлик эч нерсе көрбөдү. Бууракандап аккан суунун алдынан ал буттары менен аска таштын жалпак жерин тапты жана аярлап, акырын жогору чыкты. Суу болгон кийим чоюн гирядан бетер төмөн тартты. Суу өтмө катарына өтүп, сөөгүнө чейин муздатканын Алдар сезип жатты, бирок дүрбөлөң түшпөөгө жана шашылбоого аракеттенди, ар бир кетирген каталык чоң кырсыкка алып барарын түшүндү. Акыры ал бууракандаган суудан толук бошоп, дарыянын ортосундагы аска ташка чыкты. Аңгыча ботинкасы дагы жылбышчаак ташка тайгаланды жана кайрадан бүт бойдон сууга түшүп кетпес үчүн араңдан зорго кармалып калды. Ал жармашарын жармашты, бирок оң буту кызыл ашыгына чейин сырттан көрүнбөгөн суунун алдындагы таштын жараңкасына кыпчылды. Ал аз болсо да сол буту жана башка жактары суунун үстүндө экенине ичинде сүйүндү; мындан бир нече мурун сууда жан талашып жатып, анын денени сенейтээр муздактыгын ал толук сезди.

Бир аз дем алып жана эки жагын каранып, ал түзүлгөн кырдаал жөнүндө кайсалактап ойлоно баштады. Суунун ичиндеги аска таштар бири-биринен анча алыс эмес эле жана кааласа аттап-буттап олтуруп жээкке чыгып кетмек, бирок сууга түшүп, агып кетүү коркунучу чоң болчу. Алдар кыпчылган бутун дагы бир жолу тартып көрдү. Жок, болбоду. Ал көбүктөнө чамынып аккан суу жууп жаткан бул аска таш менен биригип калган сыяктанды. «Жаткан таштын алдынан суу акпайт» деген эски лакапты Шумкар байке көп кайталар эле. Бул ак аска таш, куду кыргыздын балбал ташына окшоп, суудан сороюп чыгып турду. Аны Алдар качандыр бир атасы жана көп жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу туугандарына учурашуу үчүн келген Шумкар байкеси менен Тянь-Шанга барганда көргөн. Аска таштын жогору жагы ичкерип отуруп, андан өйдө жагы жооноюп жумуруланып кетет. Үшүгөндөн камтууга араң жараган колу менен кармаган ошол ичкерген жери мойну, а жогорку жумуруланган жагы башы сыяктанып кетет. Ошондо балбал таштар ошол жерлердин катаал тарыхы жөнүндө аны көптөгөн ойлорго алып келген, а Шумар байке, мыкты сөзмөр болгондуктан, көргөндөрүн жандуу тарыхка айлантып, тигил, же бул балбал таш эмнени билдирерин жана кандай себеп менен ал жерге коюлганын саймедиреп берчү. Алдар арбалгандай угуп олтурчу, албетте, байке айткандын баары кооз уламыштар экени белгилүү дечи, бирок анын айтуусунда кашкайган чындыктай туюлчу. Кыргыздардын бул өзгөчөлүгүн Алдар бала кезинен бери билет – балбал сыяктуу кичинекей үзүндү сөзмөр адам айтканда укмуштай фантастикалык чындыкка жана болуп көрбөгөндөй маани-маңызга толуп чыгып, акыры айтып жаткан адам өзү да анын чындыгына ишенип калуучу. Караколдо жана анын тегерек-четинде турукташкан жети-суулук казактардан, дунгандардан жана калмактардан кыргыздарды тили, каада-салты, же кухнясы эмес, дал ушунусу өзгөчө айыр­малап турчу. Башкалардын баарынын реалдуулук сезимдери алда канча сезилерлик, мындайча айтканда, туруктуу, ошол эле учурда кыргыздарда реалдуулук менен аларды байланыштырып турган жиптердин кокусунан үзүлүп кетүү бөтөнчөлүгү бар болчу. Бир нече жылдар кийин Маркестин аңгемелерин окуп, дүйнөнүн башка бурчунда да мындай өзгөчөлүк сейрек эмес экенин Алдар түшүндү.

Анда ал он жети гана жашта эле. Шумкар байке Алдардын ата-энеси менен сүйлөшүп, инисин Канадага ала кетейин деди. Алар менен сүйлөшүп жатып, жаткан таштын алдынан суу акпасын нечен жолу кайталады. Жаштар акча табуу үчүн Россия­га, Казакстанга жана андан ары Түркияга, Германияга жана ал турсун Түштүк Кореяга чейин көп кетип жатышкандарын көрүп, атасы каршы болгон жок. Апасы менен Алтынчач апа, албетте, көздөрүн жашташты, бирок бир топ жылдан бери Шумкар байке жашап жаткан алыскы сырлуу Канада кичинекей, кедей, социалдык катаклизмдер үзүлбөгөн Кыргызстанга караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү бермек. Жарым жылдан кийин Алдар Ванкувердин аэропортуна келип конду, Шумкар байке кучак жайып, кубанычтуу тосуп алды.

Эскерүүлөрдөн өзүнө келген Алдардын үшүгөндөн тиши-тишине тийбей шакылдады. Иңир коюуланды. Ал свитеринин жеңдеринин учун алаканына тартты да, кармап алды. Свитер суу болсо да агымдын илеби менен уруп турган шамалдан аз болсо да коргоду. Капыстан албуут агымдан кызыктай бир нерсе жогору көтөрүлүп, кайра сууга шалп этип түштү. Алдар бул эмне экенин билүү үчүн өркөчтөнгөн суунун агымын бериле карап калды. Бир минуттан кийин баягы кайталанды, азыр Алдар олтурган ташка жакын жерден. А дагы бир аздан соң жогору секирүүлөр менен кайра «чулп» деп сууга түшүүлөр суу­нун көз жеткен бардык жеринен көрүнө баштады жана чинуктар[15] урук чачып жатканын Алдар түшүндү, анткени ал болжол менен жылдын ушул мезгилинде башталышы керек болчу. Чинук агымдан жогору карай барат жана түмөндөгөн балыктарды алдан тайдырган бул сапардын акыркы токтоочу жери Пембертон өрөөнүндөгү майда суулар, ал жерде балыктар уруктарын чачат да, мүлдө жан беришет. Шумкар байке аны биринчи жолу балык улоого ээрчитип барганын жана ал биринчи ирет ка­йырмакка балык алганын эстеди. Аны жээкке алып чыкканда балык ушунча чоң болорлугуна кыйлага ишенген жок. Шумкар байке Алдарга өтө камкор жана көңүл коюу менен мамиле кылчу, бул мүмкүн, өзүнүн баласы жоктугунан болсо керек. Ал ага Канадада ишке орношууга, англис тилинин курстарынан окууга жардам берди. Кийин Алдар англис тилин, акцентти эсептебегенде, дурус өздөштүрүп кетти (Шумкар байке «Акцент эмигрант менен бирге өлөт» дегенди дайыма айтар эле). Ал турсун Шумкар ишке орношуусуна да жардам берди. Ошондуктан, Алдар Канадага келгенден бир нече жылдан ки­йин Шумкар байке туугандарга учурашуу үчүн Кыргызстанга барды да, күтпөгөн жерден каза тапты. Алдар чыныгы жалгыздыкты ошондо биринчи жолу сезди. Үй-бүлө укмуштай алыс, ал жакшы билген жана дайыма жанындагы адам, эми жаңыдан көнүп келатканда аны бир аз коркунучтуу Түндүк Америка дүйнөсүндө жападан жалгыз калтырып, капыстан дүйнөдөн өтүп кетти. Ошондо баарын таштап салып, кайра Караколго кете бербей, кайратын боюна жыйып жана өзүнө гана ишенүү үчүн ага өтө олуттуу эрк жана күч керек болчу. Болжол менен ошол учурда ал, күн-түнү иштеген, өтө чоң складда түнкү ишке орношкон. Ошол жерден эле түнкү сменада иштеген Чико менен таанышкан болчу.

Алдарга суунун шарпы угулду жана ошол замат жаагына жагымсыз жылмышчаак муздак нерсе урунду – чоң лосось анын жанынан жогору секирди да, кайра сууга түшүп баратып куйругу менен жаагын жанып өттү. Ал инстинкт менен жаагын жеңи менен сүрттү, сүртпөй койсо деле болор эле, анткени бети-башы, жеңи – баары суу болчу. Жамгыр басаңдай баштады, шамал айдаган каралжын булуттардын арасынан асманда жаңы жез тыйындай жаркырап, тептегерек ай көрүндү. «Айдын толук кези болсо керек» – деп ойлоп койду Алдар. Ал үшүгөндөн калтырап турду. Аңгыча трассанын ары жагындагы жээкте суунун шаркыраганына аралаш бадалдардын шуудураганы угулду. Башын шуудураган жакка жана бир аз алыстагы кедрлер тарапка буруп, тигиле карап калды. Шуудураган дабыш кайрадан угулду. Ал бутактардын кыймылдаганын байкап калды, бирок ал кайрадан тынчый түштү. Бир нече минут ал дем тартпай, суукка жана калтыраганына карабай бадалдарды жана карагайлардын арасын кооптуу карап, бул эмне экенин билүүгө аракеттенди. Суунун шары жана балыктардын сууга чулпулдап түшкөнү улана берди, бирок бутактар башка кыймылдаган жок. Алдар үшкүрүндү, кыпчылган бутун тартып алууга аракеттенди, бирок майнап чыкпады. Ал тактадагы маалыматты эстеди: тегерек-четте кабыландардын активдешкени айтылган эле, бул аны ойго салды. Ал бет маңдайдагы жээкке көз кырын кайрадан салды да, нес боло түштү – таштардын арасында койчулардын дөбөтүндөй болгон бир жырткыч аны үнсүз карап турган эле. Жакшылап карап, бул койот экенин ал билди. Бир заматта токойдон дагы экөө дабышсыз чыкты жана үчөө кечки иңирде көздөрүн коркунучтуу жалтыратып, Алдарды карап турушту. Койот канткен менен кабылан эмес экенин ойлой, бир аз эсине келип, Алдар аларды карады.

Койот – Чиконун бир таанышынын кличкасы ушундай болчу, ал маал-маалы менен түнүчүндө аларга келчү жана Чикону оолак чакырып алып, бир нерсени шыбырашышчу. Алдар анын чыныгы атын ошо бойдон билген да жок. Койот менен Чико бири-биринен сырткы түрү жагынан кескин айырмаланышчу: Чико кадимки эле канадалык индейдин өзү болсо, тигил барпайган саргыч чачы жана калың муруту менен казак атамандарына окшош эле. Ал Гранд Форкстун кайсы бир жеринен болот деп Чико Алдарга качандыр бир айтканы бар; «Духоборлордон[16] болсо керек» – деп ойлоп койгон Алдар, тигинин пацифизмге эч кандай тиешеси болбосо да. Тескерисинче, ал кызуу кандуу болчу жана ачуусун токтото алчу эмес. Бир курдай Чико алардын сменасынын супервайзери[17] менен анын айтыша кетүүсү чоң чырга айланып кетпеси үчүн аябай аракет кылган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Койот менен Чикону эмне байланыштырарын Алдар билди – экөө тең ар кандай коркунучтуу заттарды жашыруун соодалашуунун табышмактуу жана ырайымсыз дүйнөсүндө жүрүшчү. Башында Алдар бангизаттар экен деп ойлогон, бирок кийинчерээк Чико түшүндүрдү, бангизат менен алар жөнөкөй себептен улам байланышчу эмес, ал жерде тезинен байып кетүүнү каалагандар өтө көп эле жана тигил дүйнөгө жол тартып кетүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору болчу. Ванкувер ири порттуу шаар катары ар кандай товарларды континентке алып чыгуу үчүн чоң дарбаза, америкага салыштырмалуу канаданын кылмыш закондору жумшак болгондуктан, анын түштүк жагындагы Сиэттлден бул жагынан алда канча өтүмдүү көрсөтчү. Бир жолу Чико андан Чилливактагы менчик үйгө чакан, бирок кыйла салмактуу пакетти жеткирип коюуну суранды, аларды булчуңдары буржуйган жана татуировкалуу унчукпаган кишилер тосуп алышты жана пакетти алышып, аларга бир аз жеңил, башка пакетти беришти. Аны Алдар Чикого кийинки күнү берди. Дагы бир күндөн кийин Чико ага күтүүсүздөн ири суммадагы накталай акча тапшырды жана жардам бергени үчүн рахмат айтты. Акырындап Алдар бул башка көздөрдөн жашыруун дүйнөгө улам тереңдеп тартыла берди. Ал ар кандай товарларды алып келүү боюнча сырдуу соода артериялары кантип иштээрин, алардын айланышын, же катуу контролго алынарын, же өтө катуу тыюу салынарын түшүнө баштады. Экстазини жана метадонду даярдоочу химикаттарды сатуу, акыркы продуктту сатууга караганда кыйла кирешелүү, бирок азыраак опурталдуу болчу. «Хеллс Анджелс­тин» чуулгандуу байкерлери Ричмонддун, Гонконгдун триадалары менен бул жагынан кантип өз ара аракеттенишерин, же чоң спорт дүйнөсүндө допинг менен соода жүргүзүү канчалык кирешелүү экендигин жана толук жашыруун уюм тарабынан тыкыс контролго алынарын, ал жөнүндө газеталарда эч качан жазылбасын жана телевидениеден айтылбасын, бирок анын ички механизминин иштешин Чико сонун билерлигин Алдар түшүнө баштады. Бирок жашыруун экономиканын бул секторунда чыгыштын адамдары, Саларинин кланындагы италиялыктар, кыйла активдүү эле; аларды италиялык дештин өзү кыйла шарттуу болучу – Американын эритүүчү казаны ушуга чейин, качандыр бир кезде этникалык жактан жетишерлик бир түрдүү, Коза Нострага[18] чейин жетти. Ошондой болсо да Саларинин уюмундагы тартиптер мафия жөнүндөгү голливуд фильм­деринен алгандай эле, бул Алдарды башында таң калтырды, анткени бул жагынан кинодо көрсөтүлгөндүн бардыгы ойдон чыгарылган, же апыртылган нерселер деп ойлочу. Бирок андай эмес эле жана ал бул жөнүндө өтө оор жагдайда билди.

Ал абдан үшүдү жана кызыл ашыгына чейин суудагы ташка кыпчылган буту жансыз болуп калды. Ал бутунун манжаларын кыймылдатайын деди эле, анча жакшы болбоду. «Дагы бир аз турсам ушул жерде калып өлөм» – деп ойлоду ал капалуу, анан катуу сөгүнүп жиберди, эсинде бала кезинде атасы экөө кымызга Суусамырга барышып, жаза басып көпүрөдөн кулап түшкөн жана таштай муздак суудан суук тийип, аз жерден өлүп кала жаздаган – тигил эле Фрунзеден врач чакырып, эптеп аман калган. Даакыдай далбаалаган кара булуттарды шамал асмандан таптакыр кубалап, жез табактай жаркыраган ай өзөндү кыйла даана жарык кылды. Балыктар айдын жарыгында жаркылдап секирип жогору карай агымга каршы жүрүшүн улантып жатты. Алдар бурулуп жана койоттор турган жээкти карады. Тигилер анда-санда кулактарын кыймылдатып коюшуп аны карап турушту. «Карай бергиле, силерге таш балакет да жок!» – деди Алдар ачуусу келип жана бутун чыгарып алуу­га кайрадан далалат жасады. Бир нече аракеттен кийин ал бекер эле убара болуп жатканын түшүндү – буту аска ташка биротоло бирге бүтүп калгандай сезилди. Койоттор тамак табуу жагынан жырткычка караганда тарп аңдыгычтар экендигин ал билчү жана алар жегенге жарачу нерседен эч качан кайра тартышчу эмес. Эгер бул таш капканда ушу бойдон кала турган болсо, ошондой жегенге жарачу нерсенин бири болуп калары жөнүндөгү ой анын төбө чачын тик тургузду.

Токой тараптан бутактардын качырап сынганы угулду. Койоттор баары бирдей үн чыккан тарапты карашты да, ошол замат дабышсыз жок болушту; алар агымдан жогору карай бир аз чуркашып, тезинен токойго кирип кетишти. Өзүнүн келатканын кенедей да жашырып койбой кандайдыр бир зор нерсе бадалдарды аралап келатты. Алдардын чындап жаны оозуна келди. Ал бул келаткан балакет менен кездешүүнү бүткөн боюн калтырак басуу менен күтүп, бардык күчү менен өзү олтурган аска ташка жабышты. Жашынып калууга да, качып кетүүгө да болбой тургандыгын ал билди; ушуну түшүндү, анан таптакыр сыгып алма суу анын жинсы шымынын ичи капысынан жийиркеничтүү жылуу боло түштү. Ал уялып кысынган жок – бардык калган эмоциянын баарын нес кылган коркунучтун жапайы сезими басып кетти. Катуу бышылдаган дабыш угулду. Бутактардын карсылдап сынганы токтоду. Айдын жарыгы алаканга салгандай жарык кылган суунун таштуу жээгине зор аюу балпаңдап чыга келди. «Аюу-у-у-у!» – деп жиберди Алдар коркуп кетип.

Аюу токтоду да, тумшугун жогору көтөрүп, дембе-дем жыт искей баштады. Ал кулактары кичинекей чоң башын койоттор качып кеткен жакка бурду да, нааразы болгондой бышылдап койду. Андан соң башын Алдар тарапка бурду жана баягыдан да катуу жыт искей баштады. Башын төмөн салып, ал Алдар тарапты карай баштады. Алдар айдын жарыгында аюуну эң сонун көрүп турду – бул семиз кара аюу эле, эгер ал кара аюулар менен гризлинин[19] айырмасын жакшы эстеп калган болсо. Алдардын ташты кучактап суунун чок ортосунда олтурганын жана ал койот эмес, кабылан да эмес, адам экенин аюу эң сонун түшүнгөнүнөн кылдай да шек саноого болбойт эле. Аюу кайра токойго кирип кетет деп аргасыз үмүттөнүп, Алдар көчүгү кыпылдап андан көз албай карап турду.

Анткен менен аюунун пландары башка болучу. Аягында Алдар кыпчылып калган кыркалай кеткен аска таштардын бүткөн жеринде бир аз турду да, күтүүсүздөн сууга чечкиндүү кирди жана таң каларлыктай шамдагайлык менен жээкке жакын таштардын бирине чыкты. Анын акыркы сааты келгенин Алдар түшүндү жана тагдырдын болбой койбос жазмышы алдында коркунуч бир аз басаңдай түштү. Ал Женнифер жөнүндө, алыскы Караколдогу ата-энеси, карындашы, күтүлбөгөн жерден өлүп кеткен Шумкар байке, Алтынчач апа жана анын укмуштай ширин боорсоктору жана лагманы жөнүндө биринен сала бирин ойлоду. Ал жашоосунда болгон бардык жакшылыктар жөнүндө эскерип өткүсү келди, ошентсе жеңил өлчүдөй сезилди. Анын жүрөгү ошол учурда катуу лакылдап кетти жана бир аз убакытка чейин калтырабай да калды. Аюу аска ташта бир аз турду да, кийинки Алдарга жакынкы ташка секирди. Суунун агымынан пайда болгон шамалга карабай, анын жырткычтык жыты даана сезилди. Женнифер экөө эки жыл бою балалуу болууга аракеттеништи, бирок оңунан чыкпады жана кош бойлуулуктун бешинчи айында Женнифердин боюнан түшүп калды. Ал ушундай депрессияга туш келди дейсиң, анын жанында болуш үчүн Алдар бир нече жумага иштен кетүүгө туура келди (бул мезгилде Чико менен да кызматташ эмес болчу). Шарапты жана Food Network каналын жакшы көргөн жаркын, сүйүктүү Женни! Алдар эмоциялардын туткунунда калды жана ал ыйлап жатканын түшүндү. Дарыядан сороюп чыгып турган муздак таштарга кыпчылып калып, анан аюунун ач тырмактарынан жана тиштеринен ажал табуу кандай жаман!

Сыртынан караганда мындан ары дагы барууну ойлоп да койбогонсуп, аюу жээктен экинчи аскада камырабай олтурду. Ал зор ынтаа менен эки жагын каранды да, башын болушунча сууга эңкейтти. «Суу ичкиси келип жатабы? Анда эмне мынча алыс келди?» – деп ойлоп койду Алдар. Көз ирмемден кийин баары айкын болду. Өзү олтурган таштан бир аз солураактан чоң балык секирди, аны аюу шамдагайлык менен куйругунан тиштеп калды. Ал шашыла кайра жээкке түштү, сууну жамгырдай чачыратып, балыкты бир таманы менен жээктеги шагылга басып, шашпай жей баштады. Ал балыкты чалпылдатып чайнады жана бышылдагандай үн чыгарып жатты. Лосостун башы менен куйругун гана калтырып, ал кайрадан сууга кирди жана жакынкы ташка, андан кийинкисине секирди. Тумшугун сууга жакындатып, ал кийинки урук чачуучу балыкты чыдамдуулук менен күттү. Балык көпкө күттүргөн жок, бир нече минуттан кийин аюу чоң чинукту тиштеп, кайра жээкке барды.

Майтаманды балык көбүрөөк кызыктырарын Алдар түшүндү. Аюу жеп жаткан олжосунан башын көтөрүп, ал тарапты карап дембе-дем жыт ала баштаганда, ал жанын коёрго жер таппай калып жатты. Алдар бир аз эсине келди. Кайра калтырай баштады жана таштын башында кыймылсыз олтургандан булчуңдары талып, иштебей калгансыды.

Ал бир жолу Чико Алдар эч качан мурда көрбөгөн адамдар менен жолугушууга бирге барууну суранганын эстеди. Качан олуттуу сүйлөшүүлөр башталганда Алдар Чиконун сүйлөшкөндөгү чоркоктугуна жана айткандарынын сандырактыгына, бир учурда баары оңунан чыкпай кала жаздаганына таң калды. Ал мындан кийин негизинен мен сүйлөшөйүн?– деп сунуш кылды, тигил буга анча каалабай макул болду, бирок Алдардын мындайда так сүйлөгөнгө жана татаал кыр­даал­дан жол тапканга жана өзүн токтоо кармаганга туулгандан жөндөмү бар болуп чыкты (мындай учурларда жаны кулагынын учунда болорун ал өзү билчү). Акырындап алардын ролу айкын боло баштады жана ар кимиси мыкты билген иши менен алек болду– Алдар иштин тамырын тартып бүттү да, товар түшүүчү каналдар боюнча эксперт болду, Чико өзүнүн кенен опурталдуу, кээде ачык эле кылмыштуу байланыштарын колдонуп, кардарлар менен иш жүргүздү, бирок ишти чечүүчү учур келгенде сүйлөшүүнү Алдар жүргүзчү болду. Бул дайыма тобокелчилик менен, а кээде өтө олуттуу опурталдуулук менен коштолчу. Чико биринчи жолу Саларинин кишилерине чыкканда, тигилер контрактты талкуулоо үчүн эки кишисин жиберди, бирөө Жимми деп аталган көзү бир аз чалыр арык жигит, экинчиси өрүлгөн чачы желкесине түшкөн далылуу жана эки колу жыш татуировка (мезгил жай эле) неме. Дал ошол экинчисин эч ким билчү эмес, бирок Нью-Йоркто ал Куджо деген кличка менен белгилүү экендигин Чико айткан. Алдар аны көрүп, буга гризли деген кличка жарашмак экен деп ойлоп койгон эле, бирок кийин Куджо[20] деген кличкосу туура эле экендиги билинди.

Кайсы бир себептен улам Чико ошол күнү эмнегедир Ко­йот­ту ээрчитип алды. Алар товарды алып келүүнүн татаал аки-чүкүсүн, мөөнөтүн жана иш акысын кадыресе жай жана иштиктүү талкуулашты. Акырында, баары тароого камынып калганда, эмнегедир сөз мышыктар жөнүндө болуп калды, көрсө Куджо анын Скоттиш Фолд деп аталган породасын жакшы көрөт экен (ойго келчү нерсе эмес). Алдар бул мышыктарды фотографиядан көргөн, алар башка мышыктардыкындай кулактары тикчийбестен, кызыктай болуп шалбырап турушу менен айырмаланышат экен. Мышыктардын породасын Койот да жакшы билет экен жана жөнү жок жерден эле жанагы Скоттиш Фолддорду сындап, анан такыр эле шылдыңдап кирди, бул Куджону ачык эле нааразы кылды. Койотту жакшы билген жана Куджону таптакыр билбеген, бирок берки жөнөкөй неме эмес экенин түшүнгөн Алдар, кырдаалды жумшартып жана жолугушууну чырсыз бүтүрүүгө бекер эле аракеттенип жаткан Чикону чочулай карап турду. Койотту токтотууга эми мүмкүн болбой калды жана Куджо ага катуу бир нерсе айтты эле, тигил чыдабай жаакка тартып жибергенде, ошол жерде тургандар, Куджодон башкасы, көз ирмемге тилден калып калышты. Ушунчаңда токтот деп кеңеш берди Куджо тигиге токтоо гана. Бир нече секунддан кийин Чико менен Жимми бири-бирин дүпүлдөтүп согуп кирген тигил экөөнү арачалай башташты. Беркинин олбурлуулугуна карабай, Койот аны көздүн алдына таамай муштады эле, дароо көгала болуп, кан чыга түштү. Жимми Куджо экөө ушундан кийин унчукпай басып кетишти, Чико купкуу болуп, шаардан тезирээк жогол деп Койотко акырын шыбырады. Койот ызырына жылмайып, эч нерседен коркпойм, айрыкча Чыгыштын кайдагы бир салпаягынан деди.

Аюу баягы балык кармаган аска ташка үчүнчү ирет чыгып келди, бирок тамак эми аны мурдагыдай кызыктырбай калды көрүнөт. Ал олтуруп алып, анда-санда бышылдап коюп, Алдарды сонуркап карай баштады. Анын жүн баскан тумшугунан суу тамчылап, таноосунан жеңил буу чыгып жатты. Алдар аны, анын кичинекей жылтыраган, бирок эч нерсени билдирбеген көздөрүн карады да, ал Чиконун бул бизнес менен алектенип жүрүп, дал азыркыдай көптөгөн факторлорго толук көз каранды экендигин, болжол менен азыркыдай анын өмүрү толук саксайган жырткычка көз каранды экендигин, ал арсайган азуулары менен бир тиштеп өлтүрүп коёрун ойлоду. Дайыма эле жолу боло бербесин, дайыма эле жолдуу болуу мүмкүн эмес экендигин Алдар түшүндү. Эртедир-кечтир ал кардарлар жана товар алып келүүчүлөр менен бирге бир балаага калат, же бул жашыруун бизнеске аралашкандардын баары сыяктуу, карама-каршылыктарын сот аркылуу эмес, өздөрүнчө жана дайыма тез, конкреттүү түрдө чечишчү; же дагы бирдемеден улам полицияга кабылышчу. Койоттун тагдыры дал ошол биринчи кырдаалдын ачык мисалы. Көрсө, Куджо Саларинин кылмыштуу «үй-бүлөсүнүн» расмий мүчөсү болгондуктан, аны муштап жиберүү өзүнө өзү өлүм жазасын чыгаруу менен барабар экен. Ошондуктан үч жумадан кийин Койоттун башка атылган өлүгүн Хоуптан алыс эмес жерден табышканда Чико менен Алдар көпкө коркуп жүрүшкөнү менен таң калышкан жок (таң калыштуусу, Куджо жана Жимми менен алардын контрактына кенедей да таасир эткен жок жана алар дагы бир нече ирет кезигип кетип жүрүштү). Экинчи кырдаалга мисал, Чиконун көп сандаган туугандары ар кандай себептер менен темир тордун артында жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышкан. «Эгер бул жерден чыгып алсам токтотом! Складда иштесем да өлбөйм», – деп ойлоду ал күтүлбөгөн чечкиндүүлүк менен аюуну көзүнүн кыйыгы менен кароону улантып. Аюу башын чулгуп койду, мунусу Айдардын оюна макул болгондой сезилди. «Мына, айный баштайт деген ушул», – деп ойлоду Алдар, майтаман карап турганда кыймылдоодон коркуп. Аюу башын дагы сууга жакындатты жана кайрадан шамдагайлык менен балык кармап алды. Ал сууну шалпылдата кечип жээкке чыкты жана балыкты жээр-жемексен болуп бир аз кашылады да, аны чала жеген бойдон таштап салып, агымга каршы жээк бойлой жогору жөнөдү. Ал бир аз барып токтоп калды, анан бурулуп Алдарды көпкө карап турду да, көздөн далдаа болду.

Алдар терең дем чыгарды, ал бир өлүмдөн калганын түшүндү. «Эми жолу болбойт, бүттү», – деп ойлоду ал, чоң акчанын, каргашалуу адамдардын жана аргасыз тобокелчилик дүйнөсүнөн чындап кетүүгө бел байлап. Күн өтүп, түн кирди, бирок толгон ай эки жээкти, суунун боюн кашкайта көрсөтүп жатты. Лосось чарчабастан жогору карай агымга каршы баратты жана балыктар күч менен секирген жерлерде дарыя көбүктөнө чачыраганын уланта берди. Айланага жарык чачкан толгон ай Техаста жана Аризонада Команча Айы деп аталарын Алдар качандыр бир окуганын эстеди. Толгон айдын жарыгында куугундан кутулуу жеңил болгондуктан команчалар жортуулга ушундай түндө чыгышчу. Ал Чико жөнүндө ойлоду. Британия Колумбиясынын индейлери таптакыр башкача болучу. Аларда аттарды багып өстүрүүнүн жана атта жүрүүнүн терең тамырлаган маданияты болгон эмес. Бул жагынан прериялардын жана каньондордун индейлери кыйын эле. Алар да өткөн кылымдагы команчи жана апачи сыяктуу жоокер болушканбы, Алдар билчү эмес, бирок азыркы заманда, бир катар тарыхый кейиштүү себептерден улам, алардын көпчүлүгү жоокерчиликтерин таштаган эмес. Чиконун туугандарынын эки-үчөө (уруудагылардын бардыгы туугандар болушат) кызуу кандуулугунан жана дайыма полиция менен каршылашып турушкандыгы менен (кээде сөөк өчтүүлүк менен) кылмыш чөйрөсүндө белгилүү болгондугун Алдар уккан. Ошондуктан аларды трассада токтоткон патруль Чиконун колундагы бүркүттүн татуировкасын көрүп, сактана түшсө керек. Чиконун тотеми жана колдоруна татуировка салуунун уруулук салты көзгө анча деле урунчу эмес. Чиконун атасы, Нью Мексикодо өткөн Американын жергиликтүү элдеринин кандайдыр бир конференциясынан келип, мохаве уруусунун делегаттары менен түшкөн сүрөтүн көргөзгөн. Анда алардын беттерин эндүү жана терең түшүрүлгөн адамдын өнө-боюн титиреткен таттуаждын тик кеткен тилкелери кооздоп турган. Мындай татуировкаларды бетке эмне үчүн салышат деген Алдардын суроосуна, тигил мындайча жооп берген: өлгөндөн ки­йин арбактар мохавени башкалардан оңой айрып тааныш үчүн жана жер алдындагы мохавелердин дүйнөсүнө башкаларды киргизип жибербес үчүн. «Ошентип алар татуировкаланган беттери менен өз бейиштерине барышат» деген ал жылмайып. Чиконун атасы арбакка да, кудайга да, дегеле дагы башкасына да ишенчү эмес, бул ырым-жырымчыл аборигендер үчүн сейрек көрүнүш болчу.

Алдар аска таштын үстүндө жабышып олтура берип, өлгүдөй чарчаганын жана таптакыр үшүп бүткөнүн сезди. Оң колунун алаканы урчуктуу таштарды кармай берип сыйрылып кеткен, бирок кан эчак токтогон. Суукка карабай, терең тилинген жерлери сыздап жатты. Курсагы ача баштаганы сезилди (стресс али ачкачылыгын толук билдирбеди). Суусаган жок – башынан өткөргөндөрдөн кийин Алдар бир нече ирет суудан кочуштап жуткан жана таштай муздак суудан тиштери зыркыраганын сезген. Аюу жээкке чыккандан баштап ал адамча заара ушатам деп ойлогон жок жана шалбырап суу болгон шымына коё берди. Бутун жаракадан чыгарууга аракеттенип, бир нече жолу тартып көрдү, бирок майнап чыкпады. Кантип бошонуу керектиги оюнан кетпеди жана ал бул аска ташта олтуруп канчага чыдары, суунун алдында кыпчылып калган бутту үшүк канчалык алары жөнүндөгү жаман ойлорду ал башынан алыс кубалап жатты. Эгер ал бул жерден кутулуп кете алса, анда бул лотереядан жек поттун утушуна[21] барабар болмокчу, анткени эки бирдей жолдун болушу – майтаман менен жолугушуунун жакшы бүтүшү жана үйгө аман-эсен кайтып баруу – ойго келбес иш эле. Эгер баары жакшы бүтсө, турмушту өзгөртүү жөнүндө ал кайрадан ойлой баштады. Таптакыр өзгөртөт. Ал динчил болбогон неме, кур дегенде куран окуганды билбегендигине өкүндү, айрыкча ушул азыр керек эмес беле. «Бисмилля иль рахим иль рахман...» – деди ал түшүнүксүз, үшүгөндөн камтууга келбеген эрди менен жана ал үчүн бул сөздөр бала чагында Караколдо үйдөн көргөн Курандын сыртындагы араб саймаларындай эле маанисиз экендигин түшүнүп.

Аңгыча суунун агымынын доошуна кошул-ташыл токойдун жээкке чыгуучу тереңинен, кедр бутактары кандайдыр бир зор нерсени сылагансыган жана жыш өскөн бадалдарды жайбаракат жиреп келаткансыган болор-болбос шабыраган дабыш угулду. Аны жаңы жолугушуу күтүп турганын Алдар билди жана ал мурункудай коркунучтуу болбойт деп бардык ниети менен ишенди. Ал үшүк менен буттун ооруганын унутуп коюп, айдын жарыгы чачырап турган токойдун четине тигилип карап калды. Дабыш катуулады жана бир нече көз ирмемден соң жээк­ке килейген зор багыш чыга келди, айдын жарыгында анын саргыч өңү алтынга окшоп жаркырады. Сууга келип, ал Алдарды карады, таман алдындагы шагыл таштарды шыгыратып, сууга алдынкы эки буту менен кирип, иче баштады.

Алдар мынча жакындан багышты эч качан көргөн эмес, жана алдыда эмне болору жөнүндөгү белгисиздиктен коркконун унутуп коюп, аны сонуркай карап жатты. Ал жылкыдан алда канча чоң, узун тумшугунун алдында сакалга окшогон жүнү бар жана аркая бутактаган зор мүйүздүү жаныбар эле. Мүйүзү сырттан караганда ушунчалык оор көрүнгөндүктөн, аны кантип басып жүргөнүнө таң каласың. Анын дердейген кенен таноосунан буу чыгып турду. Суу ичип бүтүп, башын көтөрдү да, Алдарды карап калды. Ушул болуп жаткандын баары Алдарга эмне үчүндүр табигый катары көрүндү. Бул мүйүздүү зор жаныбардан Алдар чочуган да жок, ал тигил туяктары менен мүмкүн аюудан башкаларынын баарынын жүлүнүн үзө тээп салчудай. Алдарды карап туруп, багыш жайбаракат жээкти бойлоп жөнөдү, кээде токтоп Алдарды карап коюп баратты. Жаныбар көрүнбөй калганча карап туруу үчүн ал ташты кармаган бойдон денесин бурду. Бурулду да, ташка кыпчылган буту капысынан бир аз бошой түшкөнүн сезди. Мындай ойго келбес кубанычты сезүүдөн ченемсиз өрөпкүп, ал бутун акырын кыймылдатты жана эми бир аз кыймылдатса эле буту таш капкандан бошонорун сезди. Ал ошентип улам кыймылдатып жатканда бутун кысып турган таш бошоду да, суунун түбүнө түшүп кетти. Алдар бутун суудан тартып алды. Көз ирмемден соң ал өзүн туткунга алган таштын үстүнө чыкты. Ал багышты карады. Тигил, жарыкта түгү алтындай жылтылдап, дале болсо Алдарды карап турду. Минута өттү, багыш бурулду да жолун улады. Карап туруп, Алдар көргөн көзүнө ишенген жок – бутактаган мүйүзүнүн бирөөнүн учу сынык экен, куду бүгүн эртең мененки өзүнүн көргөн түшүндөгүдөй. Багыш токойго кирип, көрүнбөй калды. Бир аз убакыттан кийин кедр бутактарынын шуудураганы жана кургак чегедектердин «карс» сынгандары угулбай калды жана дарыянын агымынын бир түрлүү шарылдаганын жогору секирген балыктардын дабышы бузуп жатты.

«Кадиллактагы» катуулата жандырылган печка салондун ичин бат эле жылытып жиберди, бирок кызыл ашыкты жандандыруу үчүн Айдар муздап калган кызыл ашыгын көпкө ушалоого туура келди. Он беш минутча тынбай ушалоодон соң буттун манжаларына жан кирип, кыймылдай баштады жана катуу дүүлүгүп чыкты. Креслону түшүрдү, суу болгон курткасын чечти да, буттарын прибор тактасына коюп, жата кетти. Салондогу жылуулук Алдардын дене-боюна тарап, көшүлтүп баратты. Бүгүнкү жолдуулуктун акыркысы таштан ташка секирип олтуруп, буту жаракага кыпчылып калып, акыры өз жээ­гине кайтып келгени болду.

Уктап баратканын сезип, моторду өчүрдү жана уйкулуу көзү менен смартфондогу саатты карады. «Машинада калтырганым жакшы болуптур, болбосо бая мен сууга жыгылганда смартфон да сөзсүз жылмышып түшүп кетмек экен» – деп ойлоду ал уйку-соонун ортосунда. Стенддеги кабыландар жөнүндөгү маалыматты эстеп, эшиктин беренесин колу менен издеп таап, бекитип салды. Анан ал терең уйкуга кетти.

Анын түшүнө Женнифер кирди, айдын жарыгында анын бышкан буудай түстөнгөн сары чачы куду жээктен көргөн багыштын өңүндөй болчу. Женнифер жылмайып ага бир нерсе айтып жатты, бирок дарыянын агынынын шары сыяктанган үндөн Алдар эч нерсе уга албады. Женнифер жылмайганынан жазбай бир жакты колу менен көрсөтүүдө жана Алдар ал көрсөткөн тарапты карап, ичке алсыз буттарында тайтактап араң турган багыштын кичинекей саргыч музоосун көрдү. Аңгыча күтүүсүздөн анын жанында өңү майланышкан, колдо тигилген костюмчан Супер Марио, анын артында чалыр көз Жимми, татуировкаланган колдорунун булчуңдарын ойнотуп Куджо жана Вистлерде ал жолуккан аксаргыл жигит турушту. Алдар ойлонуп олтурбастан Женниферди колдон жетелеп, багыштын музоосун колтугуна кысып, кыйынчылык менен өңүндө жээкке араң жеткен таштардан аттап-буттап экөөнү катары менен алып, аркы өйүзгө өтүп кетти. Супер Марио кишилери менен аркы өйүздө калды, Алдар жеңилдене түштү. Айдын жарыгы капысынан абдан жарык болуп кетти жана улам күчөп жылый баштады... Ал машинанын салонун бүтүндөй каптаган жана анын түз эле көзүнө тийген күндүн жаркыраган нурунан ойгонуп кетти.

Күн жылуу, асман шаңкая ачык. Алдардын үстүндөгү ки­йими баары дээрлик кургап калыптыр. Жинсыдан кескин жыт урат. Ал шамалдатыш үчүн терезелерди ачып, «Кадиллактан сыртка чыкты. Оңтойсуз жатып уктагандыктан моюн жана бут булчуңдары колдоюп калыптыр, калыбына келүү үчүн дене-боюн кыймылга келтирип, жазууга аракеттенди. Жакын жерде баягыдай эле бир калыпта шаркырап дарыя агууда. «Чинуктар дагы эле секирип жатат болду бекен?» – деп ойлоп койду ал, бирок кечээги каргаша эсине келип, алыс барбай, машинадан эки кадам оолак даарат сындырды. Ал бүтөр менен парковкага Жип келип токтоп, ичинен спинингдерин көтөрүп, сакалчан эки эркек чыкты да, амандаша баштарын ийкеп коюшту.

– Балык бар бекен? – деп сурады алардын бирөө.

– Чинук бар, көп, – деп жооп берди Алдар.

– Дагы эмнелерди көрдүң? – деди экинчиси британ акценти менен түрүнө караганда турист жана жергиликтүү фаунадан көбүрөөк көргүсү келген неме окшойт.

– Көрбөй анан! – деп Алдар акырын жылмайып койду.

Ал машинасына олтуруп, моторду от алдырды жана жай хайвейге чыга баштады.

– Кабыландар жөнүндө кабатырланбай эле койгула, – деди ал акырында туалеттин катарындагы стендди көрсөтүп.

Тигилер колдорун булгалашып коштошушту. Ал Хайвейге чыгып, Ванкуверди карай зуулдады.

Ал Суррейге чейин эч коога-капасыз жетти жана үйгө жакындаганда өзүн начар сезе баштады – узак убакыт шөмтүрөп суу болуп дарыянын ортосундагы таштын үстүндө олтурганы текке кетпептир. Ал кургак жөтөлүп, башы ооруп чыкты. Анын алы кетип, эти ысый баштады. Үйгө кирери менен ал дароо чай койду жана ашканадагы шкафтан түбүндө эки элидей калган коньяк бөтөлкөсүн жана түбүндө балы бар банканы алып чыкты. Кийимин которуп жана душка түшүүгө камынып баратып, ал капыстан үйдөгү телефондун шыңгыраганын укту. Тыңшоочту алсамбы-албасамбы деп көз ирмемчелик ойлоно калып, акыры алууну чечти. Кыргызстандан Алтынчач апа чалып жатыптыр.

– Алдарчик, балам, дени-кардың соо, жакшы жүрөсүңбү? – Алтынчач апа абдан жайдары экен. Алдар өткөн жолу иштен кеткендиги жөнүндө сөз козгоп, Алтынчач апа аны жемелей баштаганда сүйлөшүүнү күтүүсүздөн үзгөндүгү үчүн сазайымды берет деп күткөн. Анын үстүнө Кыргызстанда бул маалда жарым түн жана демейде телефон чалбайт.

– Жакшы, баары жайында, – деди Алдар суукта кардыккан үн менен, – өзүңөр кандай жатасыңар? Динара кандай, төрөй элекпи?

– Жок, күтүп жатабыз. Балам, сен суукка урунган түрүң бар. Мына бул мен айтканды жасачы...

Анан колдонсо айыгып кетүүчү дары-дармектердин узун тизмеси далайга баяндалды. Тыңшоочту кулагына ийни менен кысып алып, айтылгандардын баарын угуу менен, ал өзүнө чай демдеди, анан аны чөйчөккө куйду жана коньяк менен балдын жугун чайга кошту. Баарын аябай аралаштырып, жер шарынын башка бурчундагы чоң энеси аны көрүп тургансып, анын сөздөрүнө жараша башын ийкегилеп, чайды кичинеден ууртап иче баштады. Кайдадыр бир сырттан ак чардактын чаркыраган үнү угулду. Капыстан чоң энесинен сурайын дегенин эстей койду.

– ... Эң башкысы малинаны унутпа! – деп жыйынтыктады чоң эне.

– Алтынчач апа, биздин үй-бүлө кайсы уруудан? Айтайын дегеним, кайсы кландан, же уруктан.

Берилген суроо чоң энени таң калтырган жок.

–Сарыбагыш, – деди чоң энеси.

–А бул уруунун тотеми барбы?

–Тотемиң эмне?

–Кандай десем, символу, же уруунун белгиси.

–Билбейм, сарыбагыш эле го.

–А сарыбагыш деген эмне? Сарысы го түшүнүктүү, а багыш?

–Сарыбагыш. Бугунун эң чоңу.

Алдардын көз ирмемче оозунан сөзү түшүп калды. Чоң эне Алдар качан сүйлөйт деп атайын күтүп калгансыды. Ал коньяк жана бал кошулган чайдын калганын ичип бүттү жана кайрадан жөтөлүп, башы ооруганынан бети-башын тырыштырды.

– Эмесе жакшы кал, Алтынчач апа, мен барып дарылана­йын. Жакында чалам. Баарына менден салам.

– Болуптур, балам, айыгып кет, чалып тур. Женниферди өөп кой.

Алдар тыңшоочту ордуна койду, диванга олтурду да, ойлорун токтотууга аракеттенип, терезе жакты көпкө карады. Кайрадан жөтөлө баштады. Ал ордунан туруп, душка түшүү үчүн ваннага жөнөгөндө анын смартфону ашкана столунун үстүндө кылтылдап гүүлдөп кирди. Чико чалып жатты.

–Салам, кандай жеттиң? – деди ал.

–Бир аз кармалып калдым, – деди Алдар.

– Баягы аксаргыл чалды Саларинин атынан, – деп Чико дароо ишке өттү, – арбелакс керек дейт. Эки жумадан кийин Аббатсфорддо жолукмак болдук.

– Чико, мага болду. Чын айтам. Мен оюндан чыктым. Биротоло.

Байланыштын тиги учунда түшүнүксүз жымжырттык өкүм сүрдү. Чико мындай болорун күтпөсө керек.

– Сага ысык өтүп кеткенби, же тескерисинче, суук тийгенби?

– Суук тиерин тийди. Мен бирок чынымды айтып жатам. Мен оюндан чыктым. – Алдар үнүнүн мынчалык ишенимдүү чыкканына өзү таң калды.

Чико кайрадан бир саамга унчукпай калды.

– Болуптур, мен сага бир нече күндөн кийин чалам.

Ал тыңшоочту илип салды.

Алдар душка түшүп келип, кир жуугуч машинаны иштетти, ага жинсысын жана жолдо кийип келген кийимдеринин баарын таштады. Дагы бир чөйчөк чай ичип, бет алдына лаптопту коюп, диванга жатты да, одеяло менен жамынды. Ал бир аз чыйрыгып чыкты, интернетти кыйлага аңтарды, температура менен лаптоптун жымыңдаган мониторун кароо оорураак болгондуктан, анда-санда көзүн жумуп жиберип жатты. Акыры издегенин тапты да, смартфонун алып номерди терди.

– Балдар госпиталы, сүйлөп жаткан Шэрон, – деди аялдын назик үнү.

– Ооба, саламатсызбы. Силерге накталай акча которууга болобу?

Сүйлөшүп бүттү да, Алдар улам күчөй баштаган жөтөлдөн мезгил-мезгили менен ойгонуп, тынчсыз, терең эмес уйкуга кирди. Ал акыркы суткадагы башынан өткөндөрдү эсине салды жана улам күчөп бараткан оорудан кыйналган башына аларды ирээтке салууга аракеттенди. Ал рационалдуулуктун алкагында калуу менен өзүнө эч нерсе түшүндүрө албады жана бул абал анын жанын кашайтты, бирок болуп өткөндөрдүн баары жөн гана кокустуктардын жыйындысы эместигин ал ички сезими менен түшүнүп турду. Сырттан каргалардын каркылдаганы угулду, аны ак чардактардын онтогонсуган жагымсыз үндөрү алмаштырды. Кайрадан баары боткодой аралашып калды. Ал бир жолу маркум Шумкар байкенин айтканын эстеди: кандай маселе болбосун түшүнүү үчүн элден мурда кыйын абалда болуп көрүү маанилүү. Ал азыр дал ошол абалда эле. Ал абалда болуу анча жагымдуу эмес болчу жана анда болуунун маанилүүлүгү жөнүндөгү Шумкар байкенин ою анын көңүлүн көтөрбөдү.

Кир жуугуч машинанын гүүлдөгү токтоду. Алдар сырткы эшиктин кыйч эткенин даана укту жана андан Женнифер келгенин билди. Бир нече көз ирмемден соң босогодон ууртунан жылмаюу кетпеген жана дайыма супсулуу Женнифер көрүндү. Алдар ага үнсүз кол булгалады. Женнифер келип диванга анын жанына олтурду. Аны башынан сылап көрүп, этинин ысык экенин сезди.

–Азыр тооктун сорпосун жасайм. Качан ооруп калдың?

–Бир нече саат болду.

– Мен сага сенин жакшы көргөн кабернеңи алып келдим, – деди ал, – «Пеллер Эстейттен».

–Өзүң акты алдыңбы?

–Жок.

–Эмне үчүн?

Женнифер ага сырлуу жылмайып, чөнтөгүнөн таанымал «Clear Blue»[22] деген ак цилиндрди алып чыкты да, индикатордогу эндүү көк тасманы көрсөттү. Алдар жылмайып, аны жылуу карады.

– Эми бизде баары башкача болот, – деди Женнифер, кайрадан аны башынан сылап.

Алдар дивандан башын көтөрдү да, аялын кучактады. Анын чачы күчү кайтып бараткан терезеден түшкөн күзгү жарыктан алтындай жылтылдайт. Дарыянын боюнан ал көргөн багыштын түсү да дал ушундай жылтылдаганын Алдар эстеди.

– Туура айтасың, эми баары башкача болот, – деп Женниферди өптү да, кир жуугучтан кийимдерди алып, кургаткычка салуу үчүн жөнөдү.

 

 

Автордон эскертүү:

 

Бул аңгемеде жазылгандардын баары ойдон чыгарылган. Аттардын жана фамилиялардын ар кандай дал келүүлөрү кокустук. Британия Колумбиясында султаш аттуу индей уруусу жок, болсо болгондур, бирок мага ал белгисиз. Ошол сыяктуу эле арбелакс автордун фантазиясынын жемиши жана ушундай деп аталган бир нерсе барбы же жокпу – мага белгисиз (эгер болсо, бул да кокустук).

Аңгеменин идеясы Хорхе Луис Борхестин бир тексти менен таа­нышуудан улам келип чыкты. Анда ХVI кылымдагы иерусалимдик каббалист[23] Исаак Лурия жөнүндө эскерилет. Луриянын айтуусу боюнча метемпсихоздун[24] бир түрү болот имиш, анда өткөн бабалардын, же устаттын жаны шордуу, же багытынан адашкан пенденин жанына кириши мүмкүн экен да, ага кайрат берип, же акыл айтат жана ал «иббур» деп аталат экен. Автордун жупуну аракети, азыркы замандын контекстинде мындай «иббурдун» мүмкүн экендигин көрсөтүү, «сары багыш» уруулук мааниде алганда тянь-шандык кыргыздардын өзүнчө бир тотеми жана сары багыш уруусунун ата-бабасы катары каралышы мүмкүн.

Кыргызчалаган Мырзаян ТӨЛӨМҮШЕВ

«Ала-Тоо», июнь, 2017

[1] Тревор Линден –  Канаданын белгилүү хоккей оюнчусу.

[2]«Энтерпрайз» – Канададагы автомобилдерди кыска мөөнөттүк арендага берүүчү америкалык компания.

[3]Хайвей – Автотранспорт жүрүүчү чоң даңгыр жол, б.а., автобан (Европада).

[4]Moose – англисче «багыш» деген мааниде.

[5]«Тим Хортонс» – Канададагы арзан коомдук тамак-аш тармагы.

[6]Вулф – англисче «карышкыр».

[7]Стилхэд – балыктын бир түрү.

[8]Вистлер – Британия Колумбиясындагы Ванкувердин түндүгүндө жайгашкан белгилүү тоолуу курорт.

[9]Гондола – тоого чыгаруучу фуниклердун бир түрү.

[10]Moores – эркектин кымбат формалдуу (пиджактар, костюмдар, галстуктар ж.б.) кийимдерин сатууга адистешкен Канададагы дүкөндөр тармагы.

[11]Nothing of the rack (анг.) – сунушталуучу кийим жеке заказ менен тигилген дегенди түшүндүрөт.

[12]Маунти (анг.) – Канада слэнгинде полицейскийдин аталышы.

[13]Хайкерлер – саякаттап жүрүүчүлөр, туристтер деген мааниде.

[14]Паб – Түндүк Америкада ичимдик жай, пивокана.

[15]Чинук – тынч океандын лососунун бир түрү.

[16]Духоборлор – орустун динчил сектасы, 20-к. башында Канадага миграциялашкан. Алар пацифисттик көз карашты карманышат. Гранд Форкс деген Британия Колумбиясындагы шаарча алар компакттуу жашаган жердин бири.

[17]Супервайзер – Түндүк Америкада административдик иш  кызматты көзөмөлдөө, ишти башкаруу деген мааниде; акыркы кезде «менеджер» деген сөз көп колдонулат.

[18]Суррей – Ванкувердин муниципалитеттеринин бири.

[19]Гризли – Түндүк Америкадагы чоң күрөң аюу.

[20]Куджо – Түндүк Америкада ит породасы; өтө кабанаак, жырткыч ит.

[21]Жек пот (англ.) – кумар оюнундагы чоң утуш.

[22]Clear Blue – Түндүк Американын аптекаларында сатылуучу кош бойлуулукка коммерциялык жеткиликтүү тест.

[23]Каббализм – Иудаизм дининдеги  мистикалык окуу. Каббалист – ошол окуунун жактоочусу.

[24]Метемпсихоз – өлгөн адамдын жаны башка организмге жайгашарлыгы жөнүндөгү диндик-мистикалык окуу; брахманизмдин, индуизмдин ж.б. диндердин бир бөлүгү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз