Ташым Байжиевдин котормосундагы Александр Пушкиндин аңгемеси

  • 16.11.2021
  • 4240

БЕКЕТЧИ

Коллежский регистратор,
Почта станциясында диктатор.
Князь Вяземский

Бекетчилерди кимдер каргабаган, кимдер алар менен урушпаган, кыжыры кайнаган кезинде бекетчилердин кысталаңы, оройлугу жана адилетсиздиги жөнүндө өзүнүн пайдасыз даттоосун жазып калтырмака ким ал бекетчилердин кайрымсыз даттоо кинегесин талап кылбаган дейсиң? Кимдер гана аларды мурунку Россиянын ыраматылык майда төрөлөрүнөн же кадимки деңиздик каракчылардан кем калышпаган, адам баласынын осолдору деп санабай турган? Ошентсе да калыс бололук, алардын ал-жайына да көз салып көрөлүк, ошондо, балким, алар тууралуу бир канча ырайымдуулук менен ойлонорбуз. Бекетчи деген ким? Ал он төртүнчү класстын, өзүнүн чини боюнча уруп-согуудан коргологон, бирок ар дайым эмес, (окуучуларымдын адилеттигине таянам) чыныгы азап тарткычы, Князь Вяземский тамашалап атагандай, бул диктатордун кызматы кандайча?

Чыныгы каторганын өзү болбосун? Күндүр-түндүр тыным жок. Жолоочу өзүнүн зеригип, көңүлсүз жүрүшүндө жыйналган бардык ызасын бекетчиден чыгарат. Күн ырайы суук, жол жаман болуп, ямщик[1] кексөөлүк кылса да, аттар тартпаса да – бекетчи кылмыштуу. Анын жарды, жүдөө үйүнө кирери менен эле жолоочу ага душман сыяктуу карайт, эгер ал чакырылбаган меймандан тезирээк кутулса, анда эчтеке эмес, жакшы, бирок даяр аттар жок болсочу?.. Кудай көрсөтпөсүн! Анын үстүнө кандай гана сөгүүлөр, кандай гана коркутуулар жамгырдай жаабайт! Ал жаан-чачында, чалчыкта короодон короого аргасыз чуркайт. Бороондо, кычыраган аязда ачуулуу жолоочунун кыйкырыгынан, түрткүсүнөн оолактап, бир минута болсо да эс алуу үчүн үйүнө кетет. Генерал келип калат: коркунучта калтыраган бекетчи ага соңку үч пар ат чегилген курьерскийди[2] тарта берет. Ага ыракмат да айтпастан, генерал жөнөп кетет. Беш минут өтпөй коңгуроо угулат!.. Анан фельдегерь[3] кирип келип, өзүнүн жол катын столдун үстүнө таштайт!

Ушунун бардыгын жакшылап ойлоп көрсөк, ачуулануунун ордуна, ага биздин жүрөгүбүз элжиреп, боорубуз ачыйт. Дагы бир нече сөз: жыйырма жыл ичинде мен Россиянын бардык тарабына бардым, почта жолдорунун бардыгы мага маалым; ямщиктердин бир канча тукум жураттары мага белгилүү, мен өң тааныш болбогон, менин ишим түшпөгөн бекетчилер аз: өзүмдүн жолдо байкагандарымдын эң кызык запасын жакын арада бастырып чыгууга үмүтүм бар; азырынча бекетчилердин катмары көпчүлүктүн оюна эң жалган түрдө көрсөтүлгөндүгүн гана айтмакчымын.

Жалпы айтканда, мынчалык ушакталган бекетчилер чындыгында жоош, туулгандан эле жароокер, жалпы жашоого жакын, мансапка тырмышпаган, жөнөкөй жана акчага анчалык жутунбаган адамдар. Алар менен сүйлөшкөндө (мындай сүйлөшүүнү жолоочу мырзалар орунсуз жек көрүшөт) далай кызыктуу жана далай үлгүлүү нерселерди угасың. Ал эми мен болсом, казыналык керектик үчүн гана сүйлөй турган 6-класстын бир чиновнигинин сөздөрүнөн көрө, бекетчилердин аңгемесин артыгыраак көрөрүмдү мойнума алам.

Ардактуу бекетчилер катарынан менин досторум бардыгын оңой эле түшүнүүгө болот. Чындыгында, алардын ичинен бирөөнүн элеси мен үчүн абдан кымбат. Ал-абал бизди бир кезде жакындаштырды, ошон үчүн ал жөнүндө мен азыр сүйкүмдүү окуучулар менен аңгемелешмекмин.

1816-жылы, май айында, мага ***губернясы аркылуу, азыр жоюлуп калган кара жол менен өтүүгө туура келди. Ал кезде менин чиним кичине болучу, почтанын аттарын жалдап, эки ат үчүн акы төлөчүмүн, ошондуктан бекетчилер мага анчалык этибар кылышчу эмес, жана көп убакта, менин оюмча, өз укугума тиешелүү болгондорду мен талашып жатып алучумун. Жаш жана кызуу кандуу болгондугумдан, бекетчи мага даярдалган тройканы чиндүү мырзанын коляскасынын ордуна берип жибергенде, анын коркоктугуна жана өзүн басынткандыгына кыжырым келчү. Губернатордун үйүндө тамактанууда кесирдүү малай мени алакчылап, табакты башкага тартканына да мен көпкө дейре так ошондой көнө албай жүргөмүн. Азыр мага мунусу да, тигиниси да адаттагы иштей болуп көрүнөт. Чындыгында, чин чинди сыйла деген жалпыга ылайык жобонун ордуна, башка бир, маселен, акыл акылды сыйла деген жобо колдонууга киргизилсе, биздин күнүбүз кандай болор эле? Кандай гана талаштар чыкпас эле! Ошондо малайлар табакты кимдин алдынан баштап тарта баштар эле? Болор эми, өзүмдүн аңгемеме кирейин.

Күн ысык болучу. ***станциясынан үч чакырым жерде, жаан себелей баштады да, бир минуттан кийин эле кара нөшөр жаан менин тула боюмду шөлбүрөтүп жиберди. Станцияга келгенден кийинки биринчи кам – кийимдерди тезирээк алмаштыруу болсо, экинчиси – өзүңө чай суроо эле. Бекетчи: «Эй, Дуня, самоор коё салып, барып каймак алып кел» – деп кыйкырды. Бул сөздөр айтылар менен тосмонун артынан он төрт жашар кыз чыгып, үйдүн алдына чуркап келди. Анын сулуулугу мени таң калтырды. «Бул сенин кызыңбы?» – деп сурадым бекетчиден. «Ооба, кызым, – деди ал өзү өзүнө ыраазы болгон түр менен, – эң акылдуу, өтө элпек, дал эле ыраматылык энесиндей». Аңгыча ал менин жол катымды каттай баштады, мен болсом, анын тыптынч, жупуну, бирок дыкан үйүн кооздоп турган сүрөттөрдү кароого кириштим. Сүрөттөр бузулган уулдун тарыхын элестетет: биринчи сүрөттө калпакчан жана үйгө кийилчү чапанчан ардактуу абышка шок баланы узатып турат, бала анын батасын жана акча салынган баштыкты ашыгып алып жатат.

Экинчисинде жаш жигиттин бузуку жүрүш-турушу даана белгилер менен көрсөтүлгөн; ал столдо жалган достор менен уятсыз аялдардын ортосунда отурат. Андан кийин бардыгын чачып жоготкон жигит көйнөкчөн, үч бурчтуу калпак кийип чочко багып жүрөт: аш-тамагын алар менен ортоктошот, анын өңүнөн оор кайгы, өкүнүч көрүнүп турат. Аягында алиги баланын атасына кайтып келгени көрсөтүлгөн: боорукер абышка баягы эле калпагы, баягы эле чапаны менен аны тосо чуркап чыгат, бузулган бала атанын алдында чөгөлөйт. Эң аягында ашмачы семиз музоону соёт, улуу агасы бул кубанычтын себебин кызматчылардан сурап турат. Ар бир сүрөттүн астына жазылган немисче татынакай ырларды окудум. Ушулардын бардыгы ошол кезде менин айланамда турган так эле бальзаминдер[4] куюлган карапалардай, чаар ала көшөгөлүү керебеттей жана дагы башка буюмдардай болуп, ушул күнгө дейре менин эсимде.

Элүү жаштардагы таза, сергек кожоюндун өзүн жана анын оңо түшкөн ленталарга таккан үч медалдуу узун, жашыл желеткесин так азыркыдай көрүп турам. Мен өзүмдүн мурунку ямщигимдин жол акысын төлөп үлгүргөнүмчө эле, Дуня самоорду алып жетип келди. Кичинекей эрке сулуу экинчи тиктештен кийин, өзүнүн мага тийгизген таасирин сезип калды: ал өзүнүн бакырайган көгүлтүр көздөрүн төмөн түшүрдү, мен аны менен сүйлөшө баштадым, бойго жетип, көптү көргөн кыздан бетер, эч бир тартынбастан жооп кайтарып отурду. Мен анын атасына бир стакан ичимдик сундум. Дуняга стакан чай бердим, анан үчөөбүз, капкачандан бери тааныш кишилердей аңгемелеше баштадык.

Аттар эчак эле даяр болгон, бирок мен бекетчи менен анын кызынан ажырагым келбейт. Акыры алар менен коштоштум, атасы менин жолум ачылышын тиледи, кызы мени арабага дейре узата барды. Үй алдына токтолдум да өбүүгө уруксат сурадым, Дуня макул болду...

Бул өңдүү өбүшүүгө киришкенден бери карай, далай өбүшүүлөрдү санай аламын, бирок алардын эч бирөө мага мынчалык узак, мынчалык жагымдуу эстелик калтырган эмес.

Бир топ жылдар өттү, иштин жагдайы мени ошол кара жолго, так баягы жерлердин өзүнө дагы алып келди. Мен кары бекетчинин кызын эске түшүрдүм да аны дагы көрөмүн деген үмүт менен өтө кубандым. Бирок кары бекетчи, балким, эчак алмаштырылгандыр, Дуня болсо, күйөөгө чыккандыр деп да ойлодум. Мунусу же тигиниси өлүп калгандыр деген ой да эсиме кылт эте түшүп, кайгылуу жоруулар менен *** станциясына жакындай бердим.

Аттар почта үйүнүн жанына токтоду. Комнатага кирерим менен бузулган баланын тарыхын элестеткен сүрөттөрдү дароо тааныдым: стол менен кровать мурунку эле орундарында турат. Бирок терезенин түбүндөгү баягы гүлдөр көрүнбөйт, тегеректегилердин бардыгы эскиргендигин жана көз салбагандыкты көрсөтүп турат. Бекетчи тон жамынып уктап жатат, менин келишим аны ойготуп жиберди. Ал ордунан жамбаштап турду...

Бул Самсон Выриндин дал өзү, бирок мурункудан карып калган! Ал менин жол катымды каттап бүткөнчө, мен анын көк ала чачтарын, көптөн бери сакалы кырылбаган бетиндеги терең бырыштарын, бүкүрөйгөн белин карап турдум, мындан үч-төрт эле жыл илгери сергек эркекти үлдүрөгөн абышкага айланганына таң калбай коё албадым. Мен: «Сен мени тааныдыңбы? – деп сурадым. – Сен экөөбүз эски доспуз...» Ал капалуу түр менен: – «Болсо болор, бул жердеги кара жол – чоң жол, далай эле жолоочулар меникинде болушкан» – деди. – «Сенин баягы Дуняң аман-эсен барбы?» – дедим мен.

Абышканын кабагы салынды. «Кудай билбесе, ким билет» – деп, жооп кайтарды. – «Кантсе да күйөөгө чыккан го?» – дедим мен. Абышка менин суроомду укмамыш болду да менин жол катымды шыбырап окуй берди.

Мен суроолорумду токтоттум да бир чайнек чай коюуга коштум. Кызыксынуу менин тынчымды ала баштады, ичимдик менин эски таанышымды тилге келтире ала турганына ишендим.

Жаңылбаптырмын: абышка сунулган стакандан баш тарткан жок. Ичимдик анын капасын жазганын байкадым. Экинчи стакандан кийин ал сөзгө келе баштады, эсине түшүрдү же болбосо, мага мени эсине түшүргөндөй түр көрсөттү, ошентип мен андан бардык болгон окуяны билдим, анын аңгемеси ошондо мени абдан өзүнө тартып, муңдандырды.

«Ошентип, сиз менин Дунямды билесизби? – деп, сөз баштады ал, – баса аны кимдер гана билбечү эле? Ай, Дуня, Дуня! Кандай жолоочу өтпөсүн, баарысы мактачу эле, эч ким жамандачу эмес. Бариналар ага же жоолук, же сөйкө тартуу кылышчу.

Жолоочу мырзалар калп эле же обед, же ужин ичүүгө шылтоолоп, чындыгында Дуняны узагыраак карап алуу үчүн, бул жерде көпкө токтолуша турган. Кандай гана ачуулуу мырза болбосун жоошуп, мени менен ырайымдуу сүйлөшчү эле. Ишенесизби, төрөм, курьер фельдегерлер аны менен жарым саатча сүйлөшө турган. Үй ошонун барынан гана үй өңдөнүп туручу, эмне даярдоо, эмнени жыйноо керек болсо, бардыгына үлгүрүп турар эле. Ал мен, кары келесоо, карап да, кубанып да жетише алчу эмесмин. Ушу мен Дунямды жакшы көрчү эмес белем, мен чүрпөмдү эркелетчү эмес белем, ал жыргабаганда ким жыргачу эле? Жок, балакеттен кутула албайсың, маңдайыңа жазылганды көрбөй койбойсуң».

Эми мага өзүнүн күйүтүн толук айта баштады.

Мындан үч жыл мурун, бекетчи жаңы кинегеге сызык сызып, кызы тосмонун аркасында өзүнө көйнөк тигип олтурган кыштын бир түнүндө, тройка келип токтойт да, черкес шапкалуу, аскер шинелдүү, мойнуна шалы оронгон бир жолоочу үйгө кирип, ат берүүнү талап кылат. Бул учурда аттардын баары туш-тушка жиберилген болот. Бул кабарды билдиргенде жолоочу бакырып, камчысын үйрө баштайт. Аңгыча мындай көрүнүштөргө көнүккөн Дуня тосмодон чуркап чыгып, жагымдуу мамиле менен жолоочунун тамак-аш ичишин сурап калат. Дунянын чыгышы кадимкидей өз таасирин кылат. Жолоочунун ачуусу таркап, аттардын келишин күтүүгө макул болуп, өзүнө тамак дайындатат .Суу болгон саксагай шапкесин алып шалысын, шинелин чечип, жолоочу кара муруттуу, жаш, сындуу гусар болуп чыга келет. Ал бекетчинин үйүнө орношуп, аны менен да, кызы менен да көңүлдүү сүйлөшө баштайт. Алдыга тамак коюлат.

Ошол арада аттар да келет. Бекетчи аттарды тойгузуп отурбастан, ошол замат жолоочунун арабасына кошууга буйрук берип, үйгө кайта кирет да, жаш жигиттин эси ооп тактанын үстүндө жатканын көрөт. Жигиттин көңүлү айнып, башы катуу ооруп калган, кетүүгө мүмкүн эмес... Эмне кылмакчы! Бекетчи ага өзүнүн керебетин берет. Ушундай кылууга тийиш эле, сыркоо жигит жакшы болбосо, эртеси эртең менен С***га табыпка жибермек болушат.

Эртеси гусардын соолугу начарлана түштү. Анын кишиси табып алып келүү үчүн атчан шаарга жөнөдү. Дуня ачык сууга чылаган жоолук менен оорунун башын таңды да тигип жаткан ишин алып, анын керебетинин жанына отурду. Бекетчи турганда оорулуу онтолоп, бир ооз да сөз сүйлөбөдү, ошентсе да эки чыны кофе ичти, анан онтолоп жатып, өзүнө обед заказ кылды. Дуня анын жанынан кетпейт. Оору минута сайын суусун сурайт, Дуня өзү жасаган лимонаттан кружкага куюп, алып келип берет. Оору эрдин гана тийгизет да кружканы кайтарып берген сайын, ыракмат айтканын билдирип, өзүнүн алсыз колдору менен Дунянын колун кысып коёт.

Обедге жакын табып келди. Ал оорулуунун тамырын кармап көрдү, аны менен немисче сүйлөштү, ооруга тынчтык гана керектигин, бир-эки күндөн кийин ага жолго чыгууга мүмкүн экенин орусчалап жарыя кылды. Келгендиги үчүн гусар ага жыйырма беш сом берди жана анын обед ичип кетишин сурады. Табып макул алды. Экөө тең абдан көңүлдөнүп тамактанышты, бир бөтөлкө вино ичишти, акыры бир бирине абдан ыраазы болуп ажырашты.

Дагы бир күн өттү, гусар кадимкидей оңолуп калды. Көңүлү өтө шат болуп, бирде Дуня менен, бирде бекетчи менен үн баспай тамашалаша баштады, ышкырыгы сыбызгыды, өткөн-кеткендерди сүйлөшүп, алардын жол каттарын почта кинегесине тиркей баштады. Гусар ак көңүл бекетчиге абдан жаккандыктан, ал үйүнө токтогон бул сүйкүмдүү жолоочу менен үчүнчү күнү араң ажырашты. Жекшемби күн болучу. Дуня чиркөөгө барууга камданып жаткан. Гусарга арабасын алып келишти.

Үйүнө тургузгандыгы жана меймандаганы үчүн, ал бекетчини марттарча сыйлап коштошту. Дуня менен да коштошуп, аны кыштактын четиндеги чиркөөгө дейре арабага сала барарын айтты эле, Дуня эмне кыларын биле албады... «Сен эмнеден коркосуң? – деди ага атасы. Урматтуу таксыр карышкыр эмес, сени жебейт, чиркөөгө чейин түшүп бара кой». Дуня арабага чыгып, гусардын жанына отурду, кызматчы өз ордуна чыкты, ямщик ышкырды эле, аттар зыр коюп жөнөп кетти.

Шордуу бекетчи өзүнүн Дунясына гусар менен бирге барууга кандайча уруксат бергенин, көзүнө кандайча чел басканын ал убакта анын акылы эмне болгонун түшүнө албайт. Жарым саат өтпөй эле, анын жүрөгү сыздай баштайт да түк токтоно албай, өзү чиркөөгө жөнөйт. Чиркөөгө жакындай бергенде, элдин тарап баратканын көрдү, бирок Дуня чиркөөнүн короосунан да, чиркөөнүн алдынан да көрүнбөдү. Ал шашылып чиркөөнүн ичине кирди. Поп алтардан[5] чыгып бараткан экен, сопу шамдарды өчүрүп жүрөт. Эки кемпир дагы эле бурчта чокунуп атат. Чиркөөдө Дуня жок. Куураган атасы анын чиркөөдө болгон же болбогонун сопудан араңдан зорго сурай алды. Сопу чиркөөдө Дуня болгон жок деп жооп кайтарды. Бекетчи же өлүү, же тирүү эмес, эсеңгиреп үйүнө кетти. Бекетчиде Дуня жаштык кызуулугу менен, балким, киндик энеси турган экинчи станцияга кеткендир деген бир гана үмүт калды.

Жүрөгү элеп-желеп болуп, кызын отургузуп жиберген тройканын кайра келишин кайгы менен күттү. Ямщик кайтып келе элек, акыры ал кечке жуук мас болуп: «Дуня тигил станциядан нары гусар менен кетти» деген суук кабарды айтып, өзү жалгыз келди. Абышка өзүнүн бактысыздыгын көтөрө албай, ошол замат, мурунку күнү жаш алдамчы жаткан төшөккө кулады. Анан бекетчи болуп өткөн жагдайдын баарын ойлоп көрүп, гусардын калп ооруганын түшүндү.

Куураган бекетчи катуу чабалактап жатты, аны С***га алып барышты да, ордуна убактынча башканы дайындашты. Баягы гусарга келген табып муну да дарылады. Табып жаш жигиттин оорубай эле соо экендигин, ошондо эле анын жаман ниетине түшүнгөндүгүн, бирок анын камчысынан коркуп, тим болгондугун бекетчиге билдирди. Табып немец чын айттыбы же өзүнүн сезгичтигин билдирип мактангысы келдиби, ким билет, бирок ал бул айткандары менен байкуш оорулуунун көңүлүн кенедей да жубаталаган жок. Оорудан араң оңолору менен эле бекетчи С*** почтмейстеринен эки айлык отпуска сурады, өзүнүн оюндагыны эч кимге ооз ачып айтпастан, кызынын артынан жөө-жалаң жөнөп кетти.

Ротмистр[6] Минский Смоленскиден Петербургга бара жатканын бекетчи анын жол катынан билген болучу. Гусарды жеткирген ямщик Дунянын жолду ката ыйлап баратканын, ошондой болсо да ал өз эрки менен кеткен өңдөнгөнүн айткан болучу. Бекетчи: «Балким, мен өзүмдүн адашкан улагымды кайра үйгө алып келермин» – деп ойлонду. Ушул ой менен ал Петербургга келди, Измайлов полкуна[7] барып өзүнүн эски кызматташы болгон, кызматтан бошогон унтер офицердин үйүнө токтоду да, ушундан өзүнүн жогун издөөгө киришти. Ал тез арада ротмистр Минскийдин Петербургда Демутовдун трактиринде тургандыгын билди. Бекетчи ошонун өзүнө кирмекчи болду.

Эртең менен бекетчи Минскийдин алдыңкы үйүнө келди да, бир кары солдат аны менен көрүшүүнү суранып тургандыгын анын улуу урматына билдирүүнү өтүндү. Калыпка салынган өтүктү тазалап жаткан аскер малай мырзанын азыр уктап жаткандыгын жана саат он бирге чейин эч кимди кабыл албастыгын билдирди. Бекетчи кетти да айтылган убакта кайра келди. Минский чапанчан жана кызыл калпак кийип ага өзү чыгып келип: «Сага эмне керек, тууган?» – деп сурады андан. Абышканын жүрөгү дирилдеди, көздөрүнө жаш толо калды да калтыраган үн менен гана: «Урматтуу таксыр!.. Кудай үчүн бир жакшылык кылыңыз!..» – дей алды.

Минский аны жалт карап алды, кыжыры келе түшүп, анын колунан жетелеп кабинетке кийирди да, эшикти бекитип алды. «Урматтуу таксыр, – деди абышка, – жолдо жүктөн түшкөн жоголот дептир, мага эң кур дегенде, менин байкуш кызымды кайра бериңиз. Аны менен көңүлүңүздү жакшы эле жубаттыңыз. Аны бөөдө кор кылбаңыз». «Болуп өткөндөрдү кайта жандыруу болбойт», – деди жаш жигит өтө шашылып, – сага чоң айыптуумун жана сенден кечирим сураганыма кубанам, бирок мен Дуняны таштап кетет деп ойлобо, ал бактылуу болот, сага абийирдүү чындык сөзүмдү берем. Анын сага эмне кереги бар? Ал мени сүйөт. Ал өзүнүн мурунку турмушун унутту. Сен да, ал да болгон жорукту унута албайсыңар».

Андан кийин Минский анын жеңинин ичине бирдемени тыгып, эшикти ачты. Бекетчи эмне болгонун өзү да түшүнбөй, көчөгө чыгып калганын гана бир билди. Ал кыймылсыз узак турду, акыры жеңинин ичиндеги бүктөлүү кагаздарды көрдү, кагаздарды сууруп чыгарды да бир нече беш сомдук жана он сомдук ушаланган ассигнацияларды жайды. Анын көздөрүнө дагы жаш, ачуунун жашы толду! Ал кагаздарды мыкчый тоголоктоп, жерге ыргытты да, такасы менен тепсеп-тепсеп, кете берди. Бир нече кадам илгери барып, токтоду, ойлонду... Анан кайта бурулду... Бирок ассигнациялар эчак жок болуптур. Жакшы кийинген жаш жигит аны көрө салып, извозчикти карай чуркады, шашып отурду да: «Жөнө!..» – деп кыйкырды. Бекетчи анын артынан кууган жок. Ал өз станциясына, үйгө кайтып кетүүгө ой кылды, бирок кетүүдөн мурун өзүнүн шордуу Дунясын, эң кур дегенде бир көрүп кетүүнү каалады. Ошол үчүн ал эки күндөн кийин Минскийдикине кайта барды. Каардана: «Мырза эч кимди кабыл кылбайт» – деди аскер малай, бекетчини көкүрөгү менен алдыңкы үйдөн сүрүп чыгарып анын мурдуна жакын эшикти тарс жаап алды. Бекетчи туруп-туруп, анан жөнөп кетти.

Ошол күнү эле кеч курун, ал Всех Скорбящих[8] чиркөөсүндө кудайга сыйынып, Литейний көчөсү менен келе жатты. Аңгыча, анын алдынан кооздолгон дрожка араба зуулдап өтө берди, бекетчи Минскийди таанып калды. Араба так кире беришке токтоду, гусар болсо крыльцого чуркап чыгып кетти. Бекетчинин башына шаттуу ой кылт этип келе калды. Ал кайта бурулду да кучерге теңеле түшүп: «Тууган, бул кимдин аты, Минскийдики эмеспи?» – деп сурады. «Так ошонуку, эмне кыласың?» – деди кучер. – «Кыларым бу: сенин кожоюнуң өзүнүн Дунясына кат алып барып берүүнү буюрду эле, мен анын Дунясы кайда турарын унутуп калыптырмын».

«Мына момунда, экинчи катарда турат, сен эми, тууган, катың менен кошо кечигип калдың, азыр анын өзү Дунянын жанында».

«Кереги жок, – деди бекетчи жүрөктүн түшүнүлбөс кыймылы менен, – ыракмат билдиргениңде, мен өз ишимди иштеймин». Оюнда бул сөздөрдү айтып, баскыч менен жогору көтөрүлө баштады. Эшиктер бек эле, коңгуроону какты, анын кыйнала күтүшү менен бир канча секунд өттү. Ачкыч шылдырай түшүп, ага эшикти ачып беришти.

«Авдотья Семенова ушунда турабы?» – деп сурады ал. «Ушунда, – деп жооп кайтарды жаш кызматчы аял, – сага анын эмне кереги бар эле?» Бекетчи жооп кайтарбастан, залга кирди. «Мүмкүн эмес, мүмкүн эмес, – деп кыйкырды анын аркасынан кызматчы аял, – Авдотья Семеновнада коноктор бар». Бекетчи анын сөзүнө кулак салбастан, илгери жөнөй берди. Биринчи эки бөлмө караңгы, үчүнчүсүндө жарык бар эле. Ал ачык эшикке жакындап келип токтолду. Сонун жасалгаланган бөлмөдө Минский ойлонуп отурат. Моданын бардык кооздорун кийинген Дуня анын креслосунун учунда, англиялык ээрге минген атчан аялча отурат. Ал өзүнүн жылтылдаган бармактарына Минскийдин тармал кара чачтарын ороп, аны назик кароодо. Байкуш бекетчи! Анын кызы өзүнө мурун эч качан азыркыдай татынакай болуп көрүнчү эмес эле. Ал эриксизден кызына эзиле карады.

«Ал ким?» – деди кызы башын көтөрбөстөн. Ал түк унчуккан жок. Жооп ала албаган соң, Дуня башын көтөрдү... Анан бакырган бойдон килемге жыгылып кетти. Чочуп кеткен Минский аны көтөрүүгө чуркады, аңгыча эшикте турган кары бекетчини көрө салып, Дуняны таштап, ачуу менен калтырай анын жанына келди. «Сага эмне керек? – деди ал тиштенип, – сен эмне көрүнгөн жерде менин аркамдан каракчыдай аңдып жүрөсүң? Же мени сойгуң келеби? Жогол!» – деди да күчтүү колдору менен абышканы жакадан алып, баскычка түртүп жиберди.

Абышка өзүнүн квартирине келди. Досу ага арызданууга кеңеш берди. Бирок бекетчи ойлоп-ойлоп, колун шилтеди да, өз талабынан кечүүгө ой кылды. Эки күндөн кийин ал Петербургдан өз станциясына жөнөдү, кайта баягы өз кызматына киришти. «Мына, Дунясыз жашап турганым жана андан эч бир кабар, каңшаар албаганыма үч жыл болду, – деп аяктады ал, – тирүүбү, өлүүбү кудай өзү билет. Ар кандай иш боло берет.

Ошол жолоочу куу чирендин алдашы жеке ал эместир. Алпарып үйлөнүп алып, анан таштап кеткендир. Петербургда андай жаш акмактар толуп жатат, бүгүн атлас менен баркыт кийип, шапар тепсе, эртеси карасаң, аракканадагы жылаңачтар менен көчө шыпырып жүргөнүн көрөсүң. Кээде Дуняда, балким, ошондой жок болор деп ойлой калсаң, эриксизден кудайга күнөкөр болуп, ага өлүм да тилейсиң...»

Менин досум кары бекетчинин көз жашын төгө эчен жолу үзүп айткан аңгемеси мына ушундай. Ал көз жаштарын акын Дмитриевдин сонун балладасындагы тырыш Терентичтей өзүнүн этеги менен эң көркөм сүртүп отурду. Бул көз жашты көбүнчө ичимдик күчөттү, аңгемесин узата берген убакта ал ичимдиктен беш стакан жутту эле. Кандайы болсо да бул аңгеме менин жүрөгүмдү абдан толкундатты. Аны менен ажырашкандан кийин да көпкө дейре кары бекетчини унута албадым, бечара Дуня тууралуу да көп ойлондум.

Жакында эле дагы *** кыштагы аркылуу өтүп бара жатып, ошол досумду эстедим, ал башчы болуп турган станция эчак жоюлганын билдим.

«Кары бекетчи тирүүбү?» деген менин суроомо, эч ким канааттандырарлык жооп бере алган жок. Мен тааныш жакты көрүүгө ой кылып, жай адамдын аттарын жалдап, Н. кыштагын көздөй жол тарттым.

Бул иш күзүндө болду. Боз булуттар көктү каптап, эгиндери орулган талаалардан муздак шамал согуп, жолдогу жыгачтардын кызыл жана сары жалбырактарын учуруп кетип жатат. Мен кыштакка күн бата келдим да почта үйүнө түштүм. Үйдүн алдында (бечара Дуня бир кезде мени өпкөн жерге) семиз аял чыкты да менин суроолорума: «Кары бекетчинин өлгөнүнө бир жылча болду, анын үйүнө пиво кайнатуучу кирди, өзүм пиво кайнатчунун аялы боломун», – деп жооп берди. Мен өзүмдүн бекер убара болгонумду жана бөөдө чыгымдаган жети сомду аядым. Пиво кайнатуучунун аялынан: «Ал эмнеден өлдү?» – деп сурадым. «Ичип кетти, таксыр» – деп жооп кайтарды ал. «Аны кайда көмүштү?» «Кыштактын ар жагына, ыраматылык аялынын жанына». – «Мени ошонун мүрзөсүнө ээрчитип бара аласыздарбы?» – «Эмне үчүн бара албайлы! Эй, Ванька! Мышык менен ошончо эле ойно эми. Мырзаны көрүстөнгө ээрчитип барып, бекетчинин мүрзөсүн көрсөт».

Бул сөздөр айтылганда кийген кийиминин тамтыгы жок сөлдөгөй сары бала жаныма чуркап келди да, ошол замат мени кыштактын тышын көздөй ээрчитип келди. Жолдо бара жатканда мен андан: «Ошол ыраматылыкты сен мурун таануучу белең?» – деп сурадым. «Кантип тааныбайын! Ал мага чоор жасоону үйрөткөн болучу. Ал аракканадан келе жатканда (жаткан жери жай болсун) биз анын аркасынан ээрчип алып: «Чоң ата, чоң ата! Кана, жаңгак» – дечү элек. Ал бизге жаңгак берүүчү. Дайыма биз менен алпурушар эле». «Өткөн-кеткен жолоочулар аны эстерине алышабы?»

«Азыр жолоочулар аз өтөт. Заседатель эле бурулуп калбаса, ал келсе да, өлгөндөр менен иши эмне? Баса жайында бир барыня келип, ошол кары бекетчини сурады, анан анын мүрзөсүнө барды». Анык билгим келип мен: «Кандай барыня?» – деп сурадым. «Эң эле татынакай барыня, – деп жооп берди бала, – алты ат кошкон каретада, үч кичинекей баласы, бакмачысы жана бир кара күчүгү менен келди, кары бекетчинин каза болгонун айтышканда, ал ыйлап жиберди, анан балдарына карап: «Тынч отургула, мен көрүстөнгө барам» – деди. Мен аны узатып бармак болдум. Бирок аял: «Жолун мен өзүм билем» – деди да мага беш тыйындык күмүш берди, ушундай ырайымдуу барыня экен!...»

Биз көрүстөнгө келдик, эч нерсе менен тосулбаган, жыгач кресттер менен толгон, бир да бак-дарак отургузулбаган жылаңач жер экен. Мен туулгандан бери мындай мостоюңку, жымжырт, капа көрүстөндү көргөн эмесмин. Жез сүрөттүү кара крест көмүлгөн үймөк кумдун үстүнө бала секирип чыгып: «Мына кары бекетчинин мүрзөсү», – деди мага. «Барыня да ушул жерге келдиби?» – деп сурадым. «Келди, – деди Ванька, – мен аны ыраактан карап турдум. Ал бул жерге жыгылып, көпкө дейре жатты. Андан кийин барыня кыштакка барып, попту чакыртты. Ага акча берди да жөнөп кетти. Мага да беш тыйын берди, ушундай сүйкүмдүү барыня экен!»

Мен да балага беш тыйын бердим. Жана келгениме да, чыгым кылган жети сомума да ичим ачынган жок.

Которгон Ташым БАЙЖИЕВ

[1] 1 Ямщик – арабакеч.

[2] 1 Курьерский – эң тез жеткирчү кире.

[3] Фельдегерь – аскердик чабарман. Курьерский тройканы бекетчи фельдегерден башка эч кимге берүүгө акысы жок болгон. Анын келишин күтүп, аттарды ар дайым даярдап коё турган.
[4] Бальзамин – жыттуу чайыр.

[5] Алтарь – чиркөөдөгү поп отурчу бийик орун

[6] Ротмистр – падыша армиясындагы офицер, эскадрон командири.

[7] Гвардиялык – Измайлов полкунун казармалары жайлашкан район. Ошол убакта Петербургдагы мыкты гостиницалардын бири.

[8] Чиркөөнүн аты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз