Жолдубек Качкынбаев: «Мирбек Атабеков Марска учат»

  • 07.01.2022
  • 2755

АҢГЕМЕ

Эмир эл катары элеттен шаарга келип отурукташканына быйыл туура 15 жыл болду. Ал кырдач мурун, орто бойлуу, олбурлуу кара тору жигит. Жашы отуздан өтсө да музга сактап койгонсуп жаш көрүнөт. Жумшак сүйлөгөнүн уккандар аны дароо казак деп ойлошот. Бирок жерлигин сурай келгенде таластык экенин билип таң калышат.

Ал базарда соода кылып үй-бүлөсүн багат. Айылдан мектепти бүтүп келгенден кийин башка окуу калбагансып өз каалоосу менен спорттук окуу жайга тапшырган. Ал жерден эркин күрөш боюнча билим алган. Бирок аны аяктагандан кийин ылайыктуу жумуш таппай же кесибинин өтөөсүнө жетип чемпион болбой ара жолдо калган. Анткени ал спортто тынымсыз аракеттен кийин ийгилик жаратарын билип туруп жигердүү машыгып, чеке терин тамызган эмес. Буга анын жүйөлүү себептери бар. Экинчи курста окуп жүргөн маалда артынан жоо кубалагансып жакшы көргөн кызын алганча шашкан. Ал кезде алган жары Айлин 1-курста окуучу. Экөө бир айылдан эле. Алар мектепте окуп жүргөндө эле бири-бирин жактырышчу. Айлин эрге тийгени окуусун биротоло жыйыштырган. Азыр эби келсе кийим-кечек тигип тыйын-тыпыр табат. Болбосо эки кызын карап үйдө отурат.

Эмир Кудайдын куттуу күнү таң эрте моюнунан сүйрөгөн иттей базарды көздөй жөнөйт. Ал башка кесиптин ээси эмес, спортчу болгонуна миң мертебе өкүнөт. Мектептеги физруктун бир айлык маянасын базардан үч күндө табууга мүмкүн болгондуктан мугалим болууга көңүлү чаппайт. Андан көрө базарда отурган артык сезилет. Ал 10 жылдан бери жашылча-жемиш сатып жүрүп базардын жашоосуна көнгөн. Базар делгени менен базары кайнаган жашоонун кызыгы ошол жакта. Күндө түрдүү кыял-жоруктуу адамдар менен дидарлашат. Базардын каадасын жасап соодалашат. Жини келсе алар менен кайым айтыша кеткен учурлары бар. Кээде кардарлары менен бакылдашып ынак боло түшөт. Айтор, эч эле зерикпейт.

2010-жылдын декабрь айы. Эмир тооктон мурун туруп ишке камынды. Балдары менен колуктусу мемиреп уктап жаткан маалда чайын ичти. Кышкысын базарда отуруу кыйын болгондуктан адатынча кабаттанып кийинип, ишке жөнөдү. Бүгүн да анын иш күнү ылайымкысындай ысык чай менен башталды. Бир аз жылынган соң каптардын оозун ачып, бөксөргөн жемиштерин толтурду. Анан бирден чубап кесиптештери келе башташты. Саат жебеси илгерилеген сайын бир-экиден киши келип отуруп, базар базарга айланды.

Беймаал “Гезит, гезит алгыла” деген Айнаштын үнү угулду. Айнаш базардагы байлыктын баарын боюна сиңирип алгандай толук аял. Олчойгон тулкусуна балчайган гезиттерди артынып, бутун сүйрөп араң басат. Бирок базардагы балээнин баарын Айнашчалык билген эч ким жок. Жайы-кышы колунан гезити түшпөгөн Айнаш аптанын бир күнүн соо калтырбай базарды түрө кыдырып гезит сатат. Ал бүгүн белгилүү, ал турсун чөлкөмдөгү көп нускалуу гезитти сатып келди. Ал гезитти апталап күтүп окугандар арбын. Бирок Эмир эл сыяктанып деле гезит бетин ачпайт. Окугандан эринет. Андыктан бул аялдын келип-кеткенине көп деле маани бербейт. Бирок бул ирет анын көзүнө гезиттен биринчи бетинен “Мирбек Атабеков Марска учат” деген жазуу урунду. Эмирдин ээси ооп, оозу ачылды. Техника күн санап өнүгүп жаткан маалда Марска учуу мүмкүн эле. Бирок Мирбектен мынчалыкты күткөн эмес.

Кыргызда “Мирбек Атабеков” аттуу ырчыны тааныбыган, анын ырын укпаган киши жок. Аты узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткен жигит. Ал эмес коңшулаш мамлекеттердин ырчы-чоорчулары Мирбектин ырларын которуп ырдагандыктан аты Алайга, даңкы далайга кеткен. Бул кабарды уккан Эмир эмнегедир гезитти сатып алууга ашыкты. Адам болуп башына түк чыкканы кыргыздан бирөө Марска учат деген кепти эшиткен эмес. Андан сырткары Мирбек Атабековдун ырларын сүйүп угуп, күйөрманына айланган.

Эмир өзүнө ишенбей гезит бетин дагы бир ирет карады. Окуса чындап эле “Мирбек Атабеков Марска учат” деген жазуу турат. Чөнтөгүндөгү майда-чүйдө тыйындарын алып 17 сомго 1 гезит сатып алды. Бул материал 24 барактуу гезиттин 15-бетине жарыяланган экен. Эмир жашылча-жемиш кармаган кир колу менен гезиттин 15-бетине жетип, окугусу келген маекти тапты. Топчудай көзүн алайткан Эмир жасап жаткан ишин унутуп, гезитке үңүлдү. Кириш сөзүнө “2011-жылдын февраль айында Марска барып коно турган Мирбек Атабеков менен маек” деп жазылган. Эмне болуп кетти экен деп ынтызарланган жигит текстти андан ары окуй баштады.

Бирок гезитке үңүлүп отурган Эмир бир маалда тура калып жини менен гезитти бешке бөлүп тытып жиберди. Анын маңдайында сабиз сатып отурган коңшусу Бейшеке аба Эмирдин бул кылыгын көрүп эч нерсе түшүнбөй, талып карап калды. Ары-бери өткөндөр да эмне болгонун түк түшүнгөн жок. Эмирдин мынчалык гезитте кеги бардай тытмалаганын көрүп, өзүн кошо баса калчудай коркконунан кошунасы ооз ача алган жок. Ошол маалда өмүр саамга токтоп, кинолента жай айлангандай болду.

Эмирге маектин башында эле журналисттин респондентке берген суроолору шек жараткан. Эмнегедир журналист Мирбектин таржымалына түк коошпогон суроолорду берген эле. Ал “канча жылдан бери АКШда жашайсыз?” десе, Мирбек “мектепти аяктагандан кийин эле Гарвард университетине тапшырып, ошо бойдон АКШда калгам” десе болобу. Эмир алгач иштин жайын түшүнгөн эмес. “Бул эмне деген сандырак?” деп жинденип, кабагын чытыган. Ал маекти аягына чейин окуган соң бул жерде таптакыр башка Мирбек Атабеков тууралуу кеп болуп жатканын аңдаган эле.

Ачуусу келген Эмирдин эмне кылып жиберишин билбей шаштысы кетти. Бирок токтолуп калган адам катары өзүн кармады. Ал ордукка отуруп, бир аз самандай чачылган оюн жыйноого шашты. Анткени гезиттен ал күтпөгөн нерсе чыккандыктан жылдызы чөгүп, көкүрөгүндө боштук орун алды. Ал учурда жандуудан жалгыз Эмир мындай абалда эмес эле. Гезитти сатып алгандардын көбү ичкен кишидей дендароо болушту. Элдин бир даарынын оозунан ак ит кирип, кара ит чыкса, бир даары шыңкылдап күлдү. Бирок гезитте “ырчы Мирбек Атабеков” деп ташка тамга баскандай таасын жазылган эмес. Болгону аттары дал келгендиктен журналисттер мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышкан эмес. Алар ырчы Мирбек Атабековдун же ал жердеги космоновт Мирбек Атабековдун сүрөттүн пайдаланбастан, болгону Марс планетасынын сүрөтүн жарыялашкан.

Гезиттин бул жолку каарманы чындап эле башка Мирбек Атабеков эле. Ал америкалык НАСА аттуу космостук агенттикте иштеген кыргыз жигити болчу. Бирок кыргыз жигитинин Марс планетасына уча тургандыгы калктын калың катмарынын жүрөгүн жылытты. Аты ким, кайда болбосун, алгылыктуу иши менен калктын алкоосуна татыды. Ал өз маегинде атайын илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн курам менен Марска аттанып жатканын маалымдаган эле.

Эмир ошол күнү оюн топтоп, бул нерседен бир жыйынтык чыгара алган жок. Анын маанайына жараша соодасы да солгун жүрдү. Иңир кирери менен тапкан дасмиясын санап, жашылча-жемиштерин топтоп, эл катары үйгө камынды. Жолдон дүкөнгө кайрылып, балдары үчүн эки бөлкө нан жана бир шише сүт сатып алды. Үйүнө барганда деле баягысындай кабагы ачып, күлүп-жайнап кеткен жок. Аялы жасаган төө буурчактуу шорпону ичип, көшүлүп терең уйкуга кетти.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз