Өмүрзак Жекшебай уулу: Назик чийин

  • 01.03.2022
  • 2809

«РухЭштен»: Автор кытайлык кыргыз болгондуктан жазуучунун стилин жана жалпы окурмандардын суроосун жаратар айрым сүйлөм курулуштарын өзгөртүүсүз жарыялоону эп көрдүк. Кыргыз тилиндеги төл туюнтмалуу сүйлөм курулуштары көңкү кыргыз бабаларыбыздын мурасы болгондуктан, көркөм текстти түзөөгө кол барбады.

Арийне, психологиялык ички чыңалууну өтө чеберчилик менен туюнткан боордошубуздун бул чакан чыгармасын окурмандар чоң кызыгуу менен окуйт деген ишенимдебиз...

АҢГЕМЕ

Өтмүшүм үчүн өз өзүмөн күнөөлөнүп, сени Гүлүм, эми өзүм издеп, өкүнөрлүүсү, бейитиңе издеп келдим. Топурагың сууй элегинде жарытып куран билбесем да, өз дилиме арбагыңды ыраазы этсем үрөйлүү ойдун үйүрүнөн кутуламбы деп келип турам. Антпей күндүзү ар-намыс азбы, түнкүсү жаман түштөн арылалбайт экемин. Экөөбүз тууган эмес. Андыктан күндүз келсем башкалар күмөн санайт. Анан мына бул тым-тырс бейиттиктин сүрүнө даап түн каттым. Баятадан туш келген дөбөдө мүдүрүлүп жүрүп мүрзөңдү жаңы топурагынан улам араң таптым.

Чырым уйку бербес болдуң, гүлүм. Ушул келишимде да түшүмөн чочуп ойгонуп, сенин рухун беймазалай бербесе экен деп кечирим сурап келгеним.

Түшүмдө сен мени кубалайсың, качамын да, качамын. Аныма болбой акыры алдыман чыктың. Өң-алетиң бир шумдуктуу. Чачтарың сапсайып, ыраңың кан ичүүчүдөй купкуу. Көзүңдө жаш жугу бар экен. Гүлүмдүн арбагы тура деп коём өңүмдөгүдөй. Алдыман утурлай басып жакындай бердиң. Мен кетенчиктемиш болом. Бирок буттарым таш байлангансып оор. Сен эмнегедир каткырып күлүп ийдиң да, улам жакындай бердиң. Бир наристе баланы колтугуңа алда эмедей кыстарып алыпсың. Аны бул сенин балаң экен деп мага ыргыттың. Наристе жерге түшүп ташка чабылып кетпес үчүн энкейип илип кетмек элем, билектен алдың…

Кечээ күндүз токой кечмеликтен өтүп келатып сумсайыңкы элесиңди, эске алып калдым. Ушул жээкте шолоктоп ыйладың элең, бирок бул кийинки иш... Жээк токойдо экөөбүз эчен ирет эзилише сырдашып, эчен ирет кучак кысып өбүштүк элек. Сен ыркыма жыгылып эштекеңди аянбасыңды эмизгиткен эркелигиң менен мени азапка салар элең. А мен чыдап кутурунган кумарымды зорго тыяр элем. Антпесе аптабы түнгө калган жай чилденин андай түндөрү ай булутка далдаланган учурлар көп эле. Анда сени аяп, жаш тулаңды жашырууга кыйбагам. Ак сүйүүнү сыйлап ошенткемин, Гүлүм. Сен да үлбүрөп чын сулуу, менин сага болгон сүйүүм да андан аруу эле. Сулуулугуң азабыңа көрүндү, байкушум...

Бир ирет эбимен тайып зордоп койдум. Мурда көркөм көрүнүштүн алдында сүрөткө түшкөндү гана билгеним менен, сен менин да адам, эркек пенде экенимди эскере жүрсөң болмок. Анда сен ал каргашалуу ээн токойго неге гана бардың экен. Барсаң да мен издеген сулуулукту чет-ченеми ыраак экени ошондо эле сезсең боло. Ал ирет аялзаттын эң адепки лаззатын ишенип сенден үмүттөнсөм, бирок… Ысыган боюм бат сууду. Эбактан бери өзүм тийбей асырап келаткан өрүгүмдү менден мурда жеп кеткен алда кимге ачуум келди. Ачуумду ашкере чандырбадым. Сен шолоктоп ыйладың. Кокус өзүн сууга уруп шойкон чыгарабы деп коргосом, бир жакшысы, сен анчалыкка барбадың. Антсе да колуң коё бербей жашыңды жуудум. Сен менен өмүр бою бирге өтөрүмдү такып ишенттим.

Бүрсүгүнкү той отурушуңда жолукмай болуп убадалаштык. Үйүңө жеткерип, эшиктен кирип кеткениңче акмалап турдум. Даарат алып жүрсө керек, атаң мени байкап калды. Тааныган, тааныбаганын билбейм. Эгер тааныган болсо, ушул тапта алда кандай болот деп ичкеним ириң, Гүлүм.

Биз убадалашкан той отурушуна мен барбадым. Барбадым эмес, баратканмын. Жол үстүндө жолдошторум, үнүбүздү жасап алалы дешип, дүкөндө арак ичип отуруп калдык. Ичкилик үстүндө алиги, эми эмнесин жашырайын, алиги ырчы Ишенбек:

– Бул отурушта кайсы кыздын жүрөгүнө чок салар экемин э, өгүнкү токмок урган тойдо Гүлүмдү үймөктүн түбүнө алып барып эки мерте неметтим, – десе болобу.

Жээктеги токойдо бир таарынчымды сенден жашыргамын. Анымды кызуучулукка шоотуп айтып алсам көңүлүңө кетеби деп, эки анжы болуп отургамын. Айтып алсам ичим бөксөрүп калмак. Көрсө, мындай экен да: эми кимге таарынарымды билбей, калп-чын мас болуп отурушка барбай койдум. Сени экинчи көрбөчү киши болуп кетип калдым. Кетип баратып кайра барсамбы дейм ар-сар болуп. Тизгин тартып атыман түштүм. Бирок мени кыйрылткан дүйнөнүн эч кымбаты жок сезилди. Эриксиз өткөн сүйүүмдү, сенин айдай жамалыңды эстедим. Сен сулуу элең, абдан сулуу элең. Сулуулукту ким сүйбөйт. Мен сени чын сүйчүүмүн, Гүлүм. Бирок мен издеген сулуулук сенден бүтүн табылбай, эки оттун ортосунда куурулуп, атымдын жалын кучактап ыйлаймын.

Ошентип, биз бир топ күн жолукпадык. Утур чыгып калган жерде сенден качкалактап басып кетип жүрдүм. Ал күндөрдө менден шекшинип калганың белгилүү. Сиңдиңен чымчыктын тилиндей кат жиберипсиң. Катыңда: “Мени эл жаткан соң токойлуу жээкте тосуп тур”, – деп жазыпсың. Өзүң антип жатсаң мага эмне, сенден мурда жеттим. Ал түнү сен сырт суук экенине карабай, жука кийим менен чыгыпсың. Алды ачык кофтаңды чала топчуланып, учаңда эки карыш көйнөк, саныңан ылдый жылаңач, эмнегедир эмне дегенде эле эркелеп эсимен адаштырдың.

Бетибиз ачылган соң амал жок экен. Илебиңен соруп, койнуңа колумду салдым тартынбай. Бир оролуша кеттик. Сен адеп эркиме анча көнө бербей, неге батырак той кылбайсың десең керек, анан эки тиземе тикен ширелип жатканын да туйбапмын. Оонап түшүп кандайдыр жийиркенип, сенин «берешен» жоругуңан чочуп калдым. Эмитен минтип бүтсөк, той кылат деген эмне дейм ичимен тоюп алган күчүктөй болуп. Баштапта сен менен үйлөнүү жөнүндө ыргылжың ойдо болуп, той кылган күндү элес алып көрдүм. «Сенден мурда колуктуң койнун мага ачкан” – деп ким көрүнгөн мени кытмыр табалап коёт көрүнөт. Кулак укбаса го жөнү бөлөк эле. Отурушка баратканда Ишенбектин топ жигиттин ортосуна топ таштагансып айткан алиги сөзү жүрөгүмдү толгоп ийген. Иш бүткөн соң сага кабак ачып, тиш жарбай, «кой, эми жолобоюн» деп чындап бекидим.

Кыштын узак түндөрүнүнүн биринде зеригип арак ичтим. Жалгыз отуруп көбүрөк ичип койсом керек, бир карасам терезеңдин түбүндө турам. Сен да алда кимди күтүп жаттың белем. Түн бир убак болсо да, негедир чырагыңды өчүрбөпсүң. Байкасам, үйдө жалгыз көрүнөсүң. Мага да ушунуң керек эле. Айнекти черттим. Көп өтпөй терезе ачылып, сен мага таңыркадың. Антип турбай, мас экениме да анча иренжибей, дароо колуман тарттың... Бир уйкудан соң ойгонсом, койнуңда жатыпмын. Таң ата элек экен. Тез кийинип, терезеден чыктым.

Арадан аргамжыдай алты ай өтүп, бир парча кат жазып сага купуя жибердим. Темасын «Мезгил жообунан кийин» деп койгомун. Катымда сенден эбак сууганымды бетиңе айта албай жүрүп, иш тетирине айланып кеткенин, ошол менен айтууга да дит чыдап, ооз барбай минтип аргасыз мезгилдерди арага салып качып жолобой жүргөнүмдү, анымды сен да түшүнүп, эмики жерде мени көрүнгөндөн чакыртып убаралай бербестигиңди, сенде көңүлүм жок экенине түшүнгөндүрсүң деген мазмундарды жазганмын. Анан адабий татымы жок болсо да сенин көңүлүңдү улап, сүйүүнүн татаал экени жөнүндө жазылган бир канча сап ырлар да бар эле.

Бир күнү элгек сураганды шылтоолоп мени өзүң издеп келипсиң. Экөөбүз короону айландык. Сен сумсайып сүрдүү көрүндүң. Кеп-сөздөн жок. Бир кичине кагаз сундуң. Бүктөлүп жыртылайын деп калган кагаз экен. Ачып карасам: “Мезгил жообунан кийин...” деп жазылып турган менин кол тамгам. Түшүнбөй калдым эле, “өзүң зордоп катын кылып алып, эми...” – дедиң буулугуп. «Сени катын кылган чеке мен бекем?” – дедим зырп этип. Сен томсоро түштүң. Ошо томсоргон бойдон кеткенсиң. Муунуп алыпсың. Анчалыкка барбасаң керек эле. Имиш-имиш айтымдарга караганда, сени атаң өзү тындым кылган окшойт. Беш убак намазын каза кылып көрө элек катуу киши шермендечилигиңди туюп, кечирбеген болушу да мүмкүн. Айтор, өлүп тындың. Сөөгүңдү жуугандар: “Шордууңун ичи көөп кетиптир” – деп жүрүшөт. Шоруңа кимибиз чычтык экен, байкуш. Ичиңдеги жел эмей эле бала, бала эмей эле түбүңө жеткен балаа беле?!

Бир жолу таң атпастан оордуман туруп мал тейлеп жүргөм. Силердин үй жакта бирөө кыйкырат. Карасам, атаң мени чакырып жатыптыр. Жүрөгүм зырп этти. Атымды жайдак минип жетип барганча, аралыкта эчен жаман ойго кеттим. Атаң айтты:

- Кызыма куран окуганы баратам. Түндө атаң ыраматылык түшүмө кирип калыптыр. А кишиге да куран окуй келейин дейм. Сен да бирге жүрбөйсүңбү?

Сен жөнүндө бир деме дейби десем, жок. Эс ала түшүп ээрчий кеттим.

Оо, кудурет! Келсек ушул мен чөк түшүп отурган мүрзөңдүн этегинде дырдай жылаңач наристе ыңаалап жатат. Тим эле көрдөн эми жаңы чыга калгансып бопур топуракка ийленип жатат. Көрүп турган өз көзүмө өзүм араң ишенип, атаңа кылчайдым. Ал киши да чочуй түшкөн экен. “Я алла!..” – деп наристени топурактан алып койнуна катты. Мен тегеректи айлана басып карадым. Эчтеке байкалбайт. Тигиндейрээкте бир нерсе агаргансыйт. Барып камчы менен чукулап көрсөм, жайынча эле бир ором чүпүрөк экен. Таңкы серүүн жел аны нары козгоп кетти.

Үйгө келгенде үйүңдөгүлөр наристеге үйрүлүп алышты. Кыз бала экен. Апаң баланы жуунтуп сүйүнүп жүрөт. “Гүлүмдүн эле өзү турат, – дейт жетине албай. – Акжолтой болдуң”, – деп мага да кубанып ыраазы. Атаң бул – Алланын көргөзгөн сыйы, ары сыры экенин айтып, биздин көрүнгөнгө жожурай бербестигибизди такыды. Наристеге ат койдук. Ат коёрдо нары талашып, бери талашып, акыры атаң өз оюн бербеди. Азан чакырып атын Жылдызкөр деп койду. Менимче, көрдөн чыккан жылдыз демекчи. Биз ымыркайды таап алганда көктөгү жылдыздар даана көрүнүп турган. Балким ошону эскердиби, белгисиз. Антсе бөбөктөрүң ынабай: “көр” дегенин алып салып, “Жылдыз” эле болсун деп бат өзкөртө коюшту. Ал түндө көзүм илинери менен Жылдызды мага табыштамак болуп келипсиң. “Сенин балаң”, – дейсиң таңуулап. Ажына болгонсуп кейпиң үрөйлүү. Көнбөгөнүмө болбой ымыркайды мага ыргыттың... Чочуп ойгонсом, башаламан түштөн башым ооруп турганын сездим. Өлүмүңө себепчи болгон өтүңүшүмөн тана албаймын, Гүлүм. Аным үчүн мени кечирсең экен. Түшүнбөй турганым, ичиңдеги бала сен өлгөндө кошо өлбөй казынакта кантип төрөлөт? Төрөлсө да көрдөн кантип жер үстүнө аман чыгат? Кудайдын кудуретине шек келтиргим жок. Балким, болсо болор. Бирок акылым мүлдө жетпегени, ал ымыркайдын атасы чындыгында менминби? Мурдарак билип калсам болмок. Эми мунун жообун өзүң менен кошо купуя алып кеттиң.

Гүлүм, сенин жумшак этиң бузулуп бараткандыр, мойнуңа жылан оролуп, бүт мүчөңө курт-кумурска үймөлөктөй баштагандыр. Курсагыңды Көр чычкан көөлөп жатса керек. Антпесе болот эле, кырчыныңда кыйылбасаң болот эле. Карып, чирип, асмандагы ак булутча эрип бүтсөң болмок. Анте албадың. Антүүгө тагдырың кыйгап кетти. Кайран жаш өмүр, кайран сулуу тең ыйлап кетти. Кантсе да ордуңду баскан бир чүрпө бар. Ылайым ошол чүрпөң аман чоңоюп адам болсун. Мени мазалап жүргөн арбак экени чын болсо, анда сенин арбагың келечекте Жылдызды аялзаттын назик жолуна адаштырбай, ыйманын айланчыктап жүрсө...

Куран окуюн деп келип алып, дегеле сен укчудан бетер кобуранып баратыпмын да. Мында жүргөнүмдү киши көрө элегинде мен кайтайын, Гүлүм. Жайыңда рухуң эмин таап, сен тынч кал!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз