Юкио Мисима: Гүлкайыр гүлү

  • 23.03.2022
  • 3323

АҢГЕМЕ

Чөнтөгүнөн тобун алып, бийик Асманга көкөлөтө ыргытты.

Көпкөк, туптунук бийик Асман.

Асман топту тосуп алды, кучагына кысты, анан коё берди. Бала топту тосуп, таптаза, туптунук Асман кучагына дагы ыргытты.

Андан соң таптаза абадан кере-кере дем алды. Үйдөбү, көчөдөбү, айтор дегеле минтип таза абадан каалашынча жута албаган: ал жерде таза абага караганда тамак көп желет эмеспи. Таптаза абадан каалашынча жутуп, көпкөк асмандын, аппак булуттардын жагымдуу даамын, жытын сезди… Бул даам менен жыттын кайдан келгенин аңдай албай жаткан. Мунун кайдан келип жаткандыгын эми баамдады. 

Аны кубаныч кайрадан кучагына алды.

Бул жыт менен даам Чындыктын булагынан келип жатты. Ал азыр Жердин өзүн таанып билди.

Анан Жер да бийлеп кирди. Жер жүрөктүн кагышын туурап бийледи. Токой, токойдогу бүт табият Жер бийлегенде, өз күүсүн чалды. Бала Жердин бийи менен табият күүсүн бүт түшүндү. Токой ырдады, деңиз ырдады, жапжашыл өрөөндүн түндүк тарабына кеткен талаа ырдады, саба чымчык ырдады. Ырдап жаткан саба чымчыктын тилин кадимкидей түшүндү.

Бала тоо этегиндеги токойго кирип, адашып калды. Бир аздан соң Ай чыкты. Токойдогу капкараңгы жайдан чыгып, аны көздөй келаткан чоочун кишинин карааны көрүндү.

- Кайда баратасыз?

- Кыдырганы чыккам, эми карайлап чыккан үйүмдү таппай…

- Үйүмдү? Тээтиги дөбөдөгү «түрмө» аталган бозоргон үйдү айтасызбы?

- Ооба, ошол «түрмө» үй меники… - киши кашын серпти.

- Сиз түрмөгө кесилген туткун окшойсуз. Түрмөдө бир нерсени унутуп калдыңызбы? Аны тапкандан кийин дагы чыгып кетесизби?

Бала, кишинин кабагына карап, көпкө көз албай тиктеди. Баланын көздөрү түбүндөгү куму көрүнгөн, таптаза, туптунук күзгү көлгө окшоду. Үрөй учурган тунуктук. Тунуктугу менен үрөйдү учурат… Туптунук берметти көргөндө, аны кармагандан коркосуң, тунуктук өзүнүн ушундай сырдуу касиети менен үрөйдү учуруп турат.

- Ооба, ошондой, - күңк этти киши.

Ал күңкүлдөп бирдемелерди сүйлөп жатканда, бала ага боюн таштады, киши колун сунганда, жүзүн жаап, эмшеңдеп ыйлап берди.

Балага кошулуп даракта конуп олтурган булбул кошо ыйлады.

- Сиз ал жайдан чыкпашыңыз керек!.. Анда бизди бул өрөөндө ойнотпой коюшат… Тезирек ошол үйүңүзгө кетиңиз.

Киши үшкүрүнүп, асмандагы Айды тиктеди. Кишинин көзү да Акахиконун көзү сымал туптунук.

- Менин да бир кезде балам болгон. Сага окшошкон…

- Ал кайда азыр?

- Азыр ал ак чардакка айланып, деңиз үстүндө учуп жүрөт. Деңизге башын тыгып, толкундардан балыктын күмүштөй кабырчыктарын издеп жатып мындай дейт: «Мени кечки түнөргөн деңизде өлтүрүшкөн. Мени өлтүргөн азезил капкараңгы деңиз тереңине сүңгүп кеткен. Ал тереңден деңиз бетине чыкмайын, деңиз үстүндө айланчыктап жүрө берем…»

- Эмнени айтып жатасыз?

- Тиги ак чардакты айтам. Аны өлтүргөн азезил деңиз бетине чыкканга жол тапкан имиш. Билесиңби, ага жолду ким көрсөткөн? Сен… Мен эми сени бакытка бөлөймүн. Анан түрмөгө кайтып келем.

Киши, баланы токой четине калтырып, дөбө менен барып түрмө үйүнө кирип кетти.

Арадан бир жыл өттү.

Гүлкайыр гүлдөгөн маалда түрмөнүн дарбазасынан баягы кишинин карааны көрүндү. Кичинекей балдар, анын жакын достору аны күтүп жолдо утурлап турушат. Киши түрмөдө жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыгып келди.

Муну көргөндө табият нурун чачып, айлана жарыкка бөлөндү.

Аны утурлаган жаш балдар жабалактап жетип келишти да, аны айланчыктап көк майсаң чөпкө олтура кетишти.

Бажырайып ачылган кызыл-тазыл гүлкайырлар бүт өрөөнгө өзүнүн кызыл-тазыл кубулжуган нурун чачып турду.

Балдар дөбөдөн ылдыйды карап турушканда, тээ ылдыйдан эрбеңдеген караандар көрүндү. Аялдар экен. Акихиконун апасы, Тосиконун апасы, Хидэконун апасы, дагы бир аял, жана дагы бирөө… Басыштары бир башкача, коркунучтуу, шойкомдуу. Аялдар балдарга жакындар замат ар бири өз балдарын жулкуп колдон алды:

- Кылмышкердин колун кармадыңбы? Келесоолор десе!... – ажылдап кыйкырган аялдар жүз аарчы менен балдарынын колун аарчып жатышты.

Узун көйнөгүнүн этеги сыдырым желге делбиреген аялдарды киши унчукпай карап турду. Аялдар ажылдап ага да атырылды. Киши аларга үндөбөстөн жүгүнүп таазим кылды. Андан соң өрөөн толо жайнаган гүлкайырдын кызыл ачкан гүлдөрүнөн терип келип, балдарга бирден карматты да, артын карабастан ал жерден кетип жоголду. Ар бир баланын колунда кыпкызыл гүлкайыр бажыраят.

- Ташта! Ташта дейм! – аялдардын көздөрү чанагынан чыкчудай олурайып, кыпкызыл гүлкайырларды балдардын колунан жулуп алып, гүлдөр жерге ыргытылды.

Гүлкайырлар. Жерде чачылып жаткан гүлкайырлар батып бараткан күн нурунда кубулжуп жатты.

Эх, гүлкайыр гүлү, муздак жерге өзүнүн жалындай жылуулугун берип жаткан кыпкызыл гүлдөр, нур чачкан гүлдөр, жыпжылуу, ысык, назик…

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Котормочудан нускоо: Аңгеме психологиялык жанрда жазылгандыктан, аңгеменин сюжетин түз мааниде кабылдоого болбойт. Бул жерде адамдын ички жан-дүйнөсүндөгү болмуштар тууралуу баяндалып жатат, б.а., адамдын ички дүйнөсүндө, психологиялык мейкиндикте жаралган процесстер байма-бай метафоранын жардамы аркылуу биз жашаган мейкиндикте болуп өткөн адам турмушун чагылтат.

Чакан аңгемеде адам баалуулууктары, адеп-аклак, ички гармония, супер-эго түшүнүктөрүнө тиешелүү маселелер көтөрүлгөн. Аң-сезимдүү адам коомунда деле кекчилдик, өч алуу, жек көрүү сыяктуу нерселер биздин эркибизден сырт жашап келген жана жашай бермекчи. Мунун арты менен коом өзүн өзү муунтуп, кылымдар бою келаткан согуш, зордук-зомбулук, таш боордук, кылмыш ж.б.у.с. балакеттер муундан муунга илдеттей жугуп келатканы өкүнүчтүү. Аңгеме адамдарды бири-бирине КЕЧИРИМДҮҮ, сый-урмат менен АЯР мамиле кылууга чакырат. 

Автор тууралуу учкай кеп: Юкио Мисима (1925–1970) – көрүнүктүү жапон жазуучусу, драматург. Өзүнүн кыска өмүрүндө жапон адабиятында жарк эте жанган жарык жылдыз. Адабият боюнча Нобель сыйлыгына талапкерлиги үч жолу жактырылып, аз жерден сыйлыкка илинбей калган. Нобель сыйлыгын албай калышына анын кыска өмүрү себеп.

Адабият айдыңында чыгармачылык тушоосу 1946-жылы белгилүү жапон жазуучусу Ясунари Кавабатага зыяратка барганда кесилген. Кавабата анын бир нече чакан чыгармаларын көрүп, бир чыгармасы жапон адабий журналына жарык көрүшүнө көмөктөшкөн. Эки жазуучунун достугу ошол күндөн баштап уланып, өмүрүнүн акырына чейин ага-ини достордон болушкан. Ясунари Кавабатаны адабияттагы өз устаты катары эсептеген.

1947-жылы «Каракчылар» аттуу алгачкы романы жарык көрсө, 1949-жылы «Беткаптын ымандай сыры» аталыштагы эң белгилүү романы жарык көргөн. 1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин отуз беш роман жазганга үлгүргөн. Андан сырткары пьеса, новелла, эссе түрүндө бир нече чыгармаларды жазган.

Белгилүү романдары: «Беткаптын ымандай сыры», «Алтын храм», «Сүйүүгө умтулуу», «Тыйылган гүлдөр», «Шаркыраган доош», «Жазгы кар», «Периштенин кыйроосу» ж.б.

Жеке турмушуна токтолсок, атасынын жолун жолдоп юрист кесибине ээ болуу менен мамлекеттик кызматтарда иштеген. Жаштайынан физикалык жактан алсыз болгондуктан, бодибилдинг жана кендо (жапондордун кылыч менен машыккан жоокердик өнөрү) менен машыгып, бодибилдинг боюнча мол ийгиликтерге жетишкен. Анын арты менен бир нече кино жанрда ролдорду жаратып, кошумча актёрдук ишке да тартылган.

Чыгармачылыктан сырткары саясый иштерге аралашып баштаганда жазуучунун өмүрүндө калабалуу доор башталат. Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин Жапония өз Конституциясында мамлекет аскердик иш-аракеттерден баш тартып, өлкө эч ким менен согушпайт деген жарлыкты кабыл алган. Буга кээ бир аскер кызматындагы адамдар каршы чыгышып, тарапташтардан өзүнчө «Калкан коому» аталыштагы улутчул-радикалдык маанайдагы уюм түзүүгө жетишкен.

1966-жылы жазуучу ушул улутчул уюмга кирип кеткен. 1970-жылы төрт досу менен Итигайда (Жапония) аскердик бөлүктүн кол башчысын барымтагы алып, аскерлердин жардамында өлкөдө төңкөрүштү ишке ашыруу планы ишке ашпай калганда, өзүн өзү өлтүргөн. Жапондордо согушта жеңилип баратканда, алдыга коюлган чоң максат ишке ашпаса, өз жанын өзү кыйгандык  ̶  намысын сактап, абийир менен өлдү деп эсептелет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз