Халит Зия Ушаклыгил: Ферхунде Калфа

  • 11.04.2022
  • 2152

Халит Зия Ушаклыгил – 1866–1945-жылдар аралыгында жашап өткөн боордош түрк элинин белгилүү романисти жана жазуучусу. Сервети Фүнун жана Жумхурият адабий доорунун өкүлү.  Сервети Фүнун адабий доорунун көрүнүктүү кара сөз чебери. Эң көлөмдүү түрк романы катары эсептелген “Ашкы Мемнунун” (Aşk-ı Memnu) автору.

АҢГЕМЕ

Калфа-хан сарайлардагы же мейманканалардагы кызматкерлерди башкарган кыз же аялдар. Калфалар жаш кезинен мейманканаларга же үйлөргө кызматчы катары алынып, ошол жердин салты менен чоңойтулат. Жана үй ээлеринин уруксаты жок турмушка чыга алган эмес.

Ферхунде үйдүн кичине кызы Хесна ханым[1] менен чогуу чоңойду. Ошондуктан Ферхунденин үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында эрежеге баш ийбеген өзгөчө өз орду бар. Бир канча жолу эфендинин[2] оозунан Ферхунде үйдүн өз кызындай деген сөзүн уккан. Хеснага эмне сатып алышса, андан бир аз арзаныраагын Ферхундеге алуу адатка айланган. Эч болбосо өңү-түсүн жакындатып окшоштурганга аракет кылышат. Майрам күндөрү Хеснага кызгылтым жибектен кездеме алышса, Ферхунде үчүн жүндүү же басма[3] кызгылтым өңдүү кездеме алынат. Мындай мамиле Ферхундени бул үйдүн өз кызындай эркин сезишине жеткиликтүү далили. Хеснага куда түшкөндөр келе баштаганда Ферхунденин да жандүйнөсүндө толкундоо пайда болду. Бул куда түшүүлөр өзүнө үйлөнүү сунушун киргизгендей кубанычтуу кабар эле. Албетте, үйдүн өз кызындай болуп калган эмеспи бул...

Куда түшкөндөр келген сайын ага канат бүтөт. Тепкичтерден учуп чыгып, учуп түшүп, яшмактарды[4] алуу ишин башкаларга табыштай коюп, энтигип Хеснага чуркап жетет. Кийиле турчу кийимдер тууралуу бир топко чейин алышат, бир убакта кааранын көрсөтпөй жок болуп кетип, беш мүнөттөн кийин кооздонуп кайтып келет. Эң маанилүү иш Ферхунденики: конокторго кофе сунуп, жеке салтанатка Ферхунде Калфа[5] да сулууланып жасанат.

Адатка айлангандай эле кийимин сөзсүз Хесна ханымдыкана окшоштурганга аракеттенет. Бүгүн Хесна ханым жашыл мантиндүү[6] көйнөгүн кийе турган болсо, Ферхунде дароо бир бүтүмгө келет: ал тирше[7] басмаларын кийет... Алгач Хесна ханым алдыга өтүп, Ферхунде Калфа аны аркасынан ээрчий, коноктордун алдына чыгышат. Кофелер сунулгандан кийин Ферхунде Хесна ханым менен катарлаш оорун алып, башын жерден албай, ичинен атырылып чыккан уялуудан кызарып, жүрөгүн дүкүлдөткөн коркуу сезими менен колундагы кофе сунган табакты мыкчый кармап күтүп турат. Он беш мүнөттөй Хесна ханым менен бирге куда түшүп келгендердин астына чыккан жаш кыздын көз ирмемдик жашоосун башынан өткөрөт.

Куда түшкөндөрдүн жанынан чыккандан кийин жүрөгү дүкүлдөп, Хесна ханым экөө бөлмөлөрүнө жарыша чуркап жөнөшөт. Хесна ханымдын мойнунан кучактай калып, ашып-ташкан кубанычын жашыра албай: “Жинди болуп атасыңбы? Эмне болду сага? Өзүңө кел, Ферхунде!..” деген эскертүүлөрүнө маани бербей өпкүлөп кирет. Алгачкы жолкуларында: “Ахх! Хесна ханым, эгер билсеңиз, тажап кеттим!..” дейт эле, кийинчерээк “Эми көнүп калдым, баары бүтсө, эртерээк келин боло калсаң” дей баштаган. Куда түшкөндөр өзүнө сөзсүз бир нерсе алып келээрин, үй ичиндеги үйлөнүү маселесинен өзүнө дагы пайдасы болоруна жандүйнөсү ишенимдүү. Муну башкалардын айтуусуна деле кажет жок, ал гана эмес табигый нерсе болуп калган, айтылышы табигыйлыгына доо кетирмек.  

Өзүнүн сулуулугуна ишеними күч; ал гана эмес куда түшкөндөр келе баштагандан бери Хесна ханым менен өзүнүн ортосундагы салыштырууларды жүргүзүп көрдү. Жыйынтыгында, өз намысына тийчү жагдайларды белгилеп алат. Анын кыска кара каштары, тоголок кичинекей кара көздөрү, өтө уялганда чоктой кызарган чырайы, кең далысына төп келген сулуу сымбаты бар эле. Өз бөлмөсүндө отуруп алып, жартысы сынып калган алакандай күзгүгө бир топко чейин каранып: “Ферхунде Калфа талаада кала турчу жан эмес” деген бүтүмүн чыгарган. Хесна ханымдын бир нерсесин кызганат. Ооба. Муну өзү да мойнуна алган, ашыкча сөздү айтпай кызганат: чачтары сары... Каштарга, көздөргө, дене сымбатына анчалык маани бербейт, буларга өзүнө тең келер сулуугун таба алат, бирок чачтарычы... Ах! Аларды өзгөртүүгө мүмкүн болгондо, бул кара чачтарын сары, сапсары, алтындай сары кылып өзгөрткөнгө мүмкүн болбойт беле...

* * *

Той өткөрүүгө чечим чыккандан бери бир аз коркуу менен кубанычын жашыра албай жүрөт. Ал гана эмес бир түнү байкабастан коркууга ашыкча алдырып койгонун сезип, оордунан силкинип алды, өзүн өзү катуу жемелеп, чындыкты көрүүгө бел байлады: Жинди кыз десе! Эки тойду бир өткөрүшмөк беле! Ар нерсенин өз оорду бар да.

Кысканган жок, тескерисинче, күтүлгөн убакыттын тез келишин башкалардан көбүрөк тилейт, таң эрте базарга барып керектелчүүлөрдү алып келүүнү мойнуна алган. Базарга баруу сапарларында ханымдарды коштоп барат. Бут кийим кутулары, түрдүү-түрдүү кездеме баштыктары, алтын, күмүштүн түйүнчөктөрүн, сүлгүлөр колдоруна батпай көбөйгөн сайын башка бирөөнүн көтөрүүсүнө уруксат бербей, кучагына жык толгон буямдар менен ханымдардын аркасынан тызылдап чуркайт. Буларды колтугунун астына кысып, аркасына көтөрүп түйшүктөнүп ташыган сайын өзүнүн үйлөнүү күнүнө жакындап бараткандай сезет. Бактылуулук кабары алыстан көрүнгөндөй туюлат.

Үйгө эмнелерди гана ташыган жок! Аккан теринен яшмагы жаактарына жабышып, чарчоодон буттары талып, Стамбулдун миңдеген бурчунан эмнелерди гана алып келген жок! Буюмдарды сатып алууну күтүп атканда өзүнүн үйлөнүү тоюн ойлоп, кайрадан ынсаптуу сезими өз оордун сезип, кыялдануудан баш тартат. Бирок кайрадан кездемелерден, күмүштөрдөн өзүнө саны жагынан аз, арзан, жөнөкөй себин камдап, ичиндеги уяты тыюу салган түрдүү тилектерди тиленет: “Ушундан мен дагы алайын, бир аз жөнөкөй да болсун, албетте, арзанын таба алам, бирок кичинекей болуп калат экен, эмне зыяны болмок эле!” дейт.

Базардан алгандарды үйгө алып келип, баары үстүнө үйрүлө калганда Ферхунде аларга чагылгандай тийет. Колунан келсе буларды эч кимге көрсөтпөйт, эч кимдин кармалашына ыраазы эмес. Буларды кароо, кармалоо укугу Хесна ханымдан кийин бир гана өзүнө тийешелүү экенин ойлойт. Аларды башкалардан кызганат.

Базарга коштоп барууну башка эч кимге ыраа көрбөгөндөй эле, үйдөгү тигилчү, бычылчу нерселерге да эч кимди аралаштырган жок. Бир түнү: “Кана эми! Чарчадың го, барып жат!..” дегени үчүн өңгүрөп ыйлап, жашын көлдөй агызган.

Бир күнү дасторкон үстүндө эфенди менен ханым кыска шыбырашуудан кийин Ферхундеге карап жылмайышты, анын жүрөгү оордунан туйлап, кармана албай көздөрүн ала качты.

Ошол түнү Ферхунде болуп көрбөгөндөй шылтоолорду таап, эфенди менен ханымдын жанына кирип-чыгып жүрдү. Жанакы жылмаюунун маанисине карата бир нерсе уккусу келет. Өзүнө өзү: “Бул эмне болду экен?” – деп суроо салат. Эмне болгонун түшүнүп турат дечи: “Менин колумду ким сурап келди?” – дегенидир да.

Эртеси эртең менен ханымдын үнүн укту:

- Ферхунде! Сени эфенди чакырып атат.

Аз жерден жыгылып кетейин деди, бир канча убакыт жооп бере алган жок, тизелери титиреп чыкты. Эфендинин жанына киргенде башын көтөрүп карай албай турду; акырында, мына ошол бактылуу болчу кабарды угуу убагы келген болчу!..

Эфенди кыска-кыска сүйлөп баштады: 

- Ферхунде! Сен Хесна менен чогуу чоңойдуң, сени азыркыга чейин үйдүн өз кызы катары өстүрдүк, сен дагы баарыбыздын ишенимге татыдың.

Ферхунденин дем алуусу оорлоп баратты, эфенди сөзүн улантты:

- Эми, Хесна чоочун үйгө бүлө болгону жатат, ал жакта жанында тааныш бирөө болбосо кыйналып кетет. Ойлонуп көрдүк, сени чогуу кетирүүгө чечим чыгардык, макулсуңбу, Ферхунде? Хесна менен чогуу кетесиң. Сага ишенебиз, ага кандай кызмат өтөөрүңдү жакшы билебиз. Кийинчерээк, бир-эки жылдан кийин, кудайдын буйругу менен, албетте, сен дагы сыйлыгыңды аласың, түшүнүп атасыңбы Ферхунде?..

Ферхунде түшүнүп атты, алдыга жылып, эфендинин этегинен өптү, күмөн саната турган абалда калгандан көрө, ушундай ачык убада алганы жакшыраак болду. Бир-эки жылдан кийин? Бир-эки жылдын кандай мааниси бар? Көз ачып жумганча өтүп кетет. Кудайдын буйругу менен дегенин да түшүндү, өзүнө өзү “Эмне болот? Хесна ханым бир балалуу болгондо...” – деп күңкүлдөп баратты.

Бул окуядан кийин Ферхундеде жеңилдөө пайда болду, ошол күнгө чейин бир аз коркуусу бар эле, бирок бул жолу ачык, данаа, белгилүү бир убакытка чейинки жашай турчу үмүт пайда болду.

Той күнү Ферхунденин иши көбөйдү, жалгыз Ферхунде жүз Ферхундеге айланды; кайсыл тарапта болбосун ага кез келесиң, бардык иштин башында ал турат. Бул той анын тоюнун башталышы эле. Көпчүлүктүн арасында ары-бери чуркаган сайын өзүн келин болгондой көз караш менен карады.

Ага күңдөн айырмалай турчу “Калфа” сыпаты менен кайрылышат. Ферхунде Калфа тегерегинде айтылган урматтоо үндөрүнүн арасында бир-эки жылдан кийин бир күнү болчу үйлөнүү тоюнун кубанычын бүгүндөн тарта сезип, той болуп жаткан үйдө чарк айланып кызмат кылып жүрдү.

Бүгүнтөн баштап күтүү убагы башталды. Түз сураганга даай албайт, бир кичинекей суроо кыялдарына бүлүк салаарына шектенип, үндөбөй күтүп жүрдү. Бирок күндөр, айлар өттү. Күтүлгөн нерседен кабар болгон жок. Бир күнү кызарып, уялып, ар дайым сунуш катары айтып, сүйлөшө турчу Хесна ханымдан тартынып сурады: “Хесна ханым, жапжалгыз калдык, бизде качан көңүл ачуу болот?” Уккан жообу курусун: “Оо кудай, Ферхунде, сен дагы жаңы келин экенимди билбейсиңби?”

Ошол күнү Ферхунденин башында оору пайда болду, лимондон жука тилип алып, кофеге кошуп ичти да, башын таңып, үй ичинде кечке чейин нары-бери басып жүрдү. Байкуш кичинекей жүрөгү каршы чыга баштады. Демек, кичине ханым эскириши керек, андан кийин бала төрөйт, андан кийин Ферхундени ойлонуп көрүшөт.

Өзгөрө баштады, болбогон жерден шылтоо таап уруш чыгарат, күйөө бала бир аз үн көтөрүп сүйлөсө, бөлмөсүнө кирип алып бир канча саат ыйлайт.

Кээде эртең менен ойгонгондо керебетинин үстүндө отуруп алып, көпкө ойлонуп, тойдон бери канча убакыт өткөнүн санаганга аракеттенет. Өзүнө өзү “Мевлидден[8] кийин эле, ошол жылы жайында Кадыкөйгө бардык, бир жыл Канлыжада жашадык, эми азыр дагы жай келетат...” деп жылдарды тизмектеп бири-бирине кошуп эсептейт. “Үч жыл...Үч жыл болуптур...” деп сүйлөп жатканда, жүрөгүн дагы бир нерсе өйкөйт: “Дагы бир жайды ушул жерде өткөрдүк. Демек, төрт жыл болот. Төрт жыл! Хесна ханым дагы эле өзүнө жаңы келинмин дейт.”

Дароо Хесна ханымга душман боло калат. Эртең менен ылдыйга түшкөндөн тарта бардык кызматын ороюн бусуп, кабак-кашын бырыштырып жүрүп аткарат.

Бир күнү үйдө кокусунан жаңы кабар жайылды: “Келиндин боюнда бар имиш!” – деп калышты. Ферхунде ишенимдүү болуу үчүн токтолбостон Хесна ханымдын жанына чуркап барып, ачык суроо узатты: “Мүмкүн” деген жообун укту.

Ах! Бул белгисиз жооп аны өтө капа кылды. Күндөп, жумалап уйкусу качты. Акыры бул кабар тастыкталды. Ферхунденин жүрөгү тынчтанып, көңүлүнө кайрадан ишеним пайда болду. Эми күмөндүү күтүү убагы жок, белгилүү бир убакыт бар.

Теңирден тескери аткарыла баштаган иш-аракеттери унутулуп, көңүлү жайына келди. Хесна ханымдын жанынан эч жакка чыкпайт, кареги менен тең айланып, ал тепкичтерден түшкөн сайын колтугунан сүйөй калат.

Экиде бир суроо узатат: “Дагы канча калды, Хесна ханым?... Эми сегиз ай болдубу? Дагы бир ай калды, туптуура отуз күн дебейсизби..!”

Бул күтүү кубанычы аны саргартты, ал күчтөн тайып баратты, эми бардык жашоосу жинденүүдөн пайда болгон безгек оруусу менен коштолуп өтүп жатты.

Ымыркайды үзүлүп түшүп өзгөчө жакшы көрдү, бардык кызматтарын мойнуна алды, кир кийимдерди жуу милдетин да эч кимге ыраа көргөн жок. Ич көйнөктөрүн, кийимдерин ушалап жууган сайын үнү кир жуучу дайдан угулуп турат: “Жакшы көрүү керек! Өзүнө жараша кир кийимдери да бар экен...”

Бирок бул жакшы көрүү менен бирге өзүн бактылуу кылчу кабардын келиши кечигип жатты. Ферхунде бешик ырын ырдап, бешик терметкен сайын айлар биринин артынан бири өтүп, эски жылдарга сүңгүп кетти. 

Эми анын күткүсү келбей калды, азыр кайгысы күч алып, кыялдарында токтоолук пайда болду. Буттары барган сайын оорлошуп, тулку бою кичирейип, үй ичинде чарчаңкы басып жүрөт.

Ага эми Ферхунде Калфа дебей калышты, Сабит мырзанын дадысы[9] дешет. Бул наам башкаларга да акырындык менен жайылып, Ферхунде дады наамы менен жыйырма жылга карып кеткендей расмий түрдө тааныла баштады.

* * *

Бир майрам күнү баланы дадысына кошуп күйө баланын байкесиникине жөнөтүштү. Кайтып жатканда күйө баланын байкеси кеп козгоду:

- Бир аз токтой турчу, Ферхунде!.. Сенин кызматтарыңды баалай турчу учур келди.

Эфенди тартмасынын капкагын ачты, калемин баш бармагы менен нары-бери ойнотуп, бир кагаз алып чыгып, ойлоно-ойлоно бир сөз үчүн калемин боёкко матыра малып, узун-узун жазды, кайрадан окуду, чөнтөгүнөн мөөрүн алып чыгып баскандан кийин жанында карап турган балага карматып:

- Ал Сабит! Дадыңа бер, эми эс алсын, - деди.

Ферхунде ошол убакка чейин эч нерсе түшүнө албай турган, эфендинин бул сөзү чындыкты түшүндүргөндөй болду. Ушунчалык толкунданып чыккандыктан оордунан кулап түшөйүн деди. Баланын колунан кагазды алып, эфендинин бутуна жыгылып, тооп кылды.

Демек, ушунча убакыттан бери күтүп жүргөн бактылуу мүнөттөрү келген эле. Ал эми келин боло алат. Эми арасынан бир канча талы агарган чачтарын, бул капкара чачтарын, сары, сапсары, алтындай сары кылып өзгөртүүгө мүмкүн болот. 

Ошол күнү болуп көрбөгөндөй бактылуулук менен үйгө кайтканда, күйө бала өзү тарабынан даярдаган сыйлыгын айтты:

- Ферхунде дады, сени мен келин кылып узатам, Сабитти эртерээк чоңойт, мектепке берели, - деди.

Ферхунденин акырындык менен өчүп, күлгө айланган кыялдарынын үстүнөн шамал үйлөп өткөндөй болду. Бул кагаз бардык таттуу ойлорун тирилтип, арууланткан эле. Аны сандыктан, түйүнчөктөрдүн арасынан чыгарып өпкүлөп, терең маанисин түшүнбөгөндөй түр менен сааттар бою жазууларды тиктейт... Кайрадан күзгүгө жашыруун барып чачтарын карайт: бир, эки, үч... Ох! Эми булар көбөйүп кетиптир, бирок өңүн өзгөртөт эмеспи...

* * *

Сабиттин мектеп маселеси менен кошо эфенди менен ханым бул жылдар аралыгында той өткөрүү ыктымалдуулугун алдына парда тартып унутта калтырышты. Бул нерсе Ферхунденин кыялдарынын таш талканын чыгарды. Эми бул дүйнөгө, ал гана эмес кагазга да таарына турган болду. Кечкисин жатаарда ойлонууга, кыялданууга аракет кылат. Азыр байкуш жүрөгүндө бардык нерсени жаман көрсөткөн сезим бар жана бул таарынычтын ичинде Сабит чоңойгон сайын, Ферхунденин ийиндери кичирейип, кадамдары жайлап, саамайларында барган сайын ак талдар көбөйүп баратты.

Бир күнү Хесна каткырып күлүп бөлмөсүнөн чыгып, Ферхундени шашылыш чакырды:

- Дады! Дады!..

Эми ал дагы Ферхундеге дады деп калган. Ферхунде жанына жетип барганда Хесна менен күйө бала дагы эле күлүп жаткан. Хесна ханым мындай деди:

- Дады! Кабарың барбы? Сенин багың ачылды.

Ферхунде таң калып карады, ишене албай турду:

- Ишенбей турасыңбы, дады? Мына, күйө бала өзү айтып жатат, Сабиттин лаласы[10] сенин колуңду сураптыр.

Ферхунде “макул” деп жооп берген жок, бурулуп эшикке чыгып кетти. Өзүнө-өзү: “Күт, күт анан лалага тийип кет”, – деп сүйлөнүп баратканын угушту.

Ферхунденин лалага тийгиси келбегенине көзү жеткенден кийин келип-кеткенге, кошуна-колоңго кабар жөнөтүлдү. Үйдө келин болор кыз бар деп жар салып жүрүштү. Ошол күндөн кийин Ферхунде үчүн жаңы жашоо башталды.

Үйлөнүү маселеси кайрадан жанданды, ал гана эмес куда түшкөндөр келе баштады. Бирок убакыт өтүп жатты, чачындагы ак талдар боор ооруп токтобостон көбөйө берди, Ферхунде болсо дагы күтүп жүрөт.

Бир күнү Хесна ханым мындай деди:

- Дады! Бүгүн сени менен кайда барарыбызды билесиңби? Сабитти үйлөнтүү үчүн кыз издегени...

Ферхунде таң кала туруп калды. Кандайча? Сабит үйлөнө турчу жашка келдиби? Ичинен эсептеп көрдү: Сабит жыйырма эки жашында үйлөнмөк, тойдон төрт жыл өткөндөн кийин төрөлдү. Хесна ханым келин болуп жатканда жыйырма жашта экени айтылган. Эсептөөсүнүн жыйынтыгын чыгара албай убара. Бул жылдарды бири-бирине кошуп үрөйдү учурган жыйынтыкка таба албай койду. Бирок жүрөгүнүн түпкүрүнөн кайгы түйүнүн тапты.

Ферхунде бул тойдо дагы чуркай турчу күч-кубатты тапты. Көпчүлүктүн ичин айланып кыдырган сайын, бул жолу “күйө баланын дадысы!” деген шыбырды укту. Ошол түнү бөлмөсүнө бекинип алып, көп жылдардан бери эскирген, саргарган кагазды кучактап алып дагы ыйлады.

Той да өттү, айлар тынымсыз агылып, Ферхунденин чачтарын кар касабалары боёп жатты. Бир күнү келин менен Сабит дадыны чакырып алып жалынып-жалбара башташды: Лала дагы колуңду сурап келди, башыбыздын мээсин жеп бүтмөй болду, ал дагы өмүрүнүн акырындагы бактылуулукту күтүп жатат. Экөө тең Ферхундени кучакташып, бырыш түшкөн жаактарынан өбүштү, ак, аппак чачтарынан сылашты.

Кандай гана жакшы болмок. Лала менен Ферхундени кетирип жиберишмек эмес. Ушул жерде жашай беришмек, жаңы төрөлө турчу баланы карашмак...

Келин ханым күлүп: “Туурабы, Ферхунде бажысы[11]” деди. Ооба, эми бул наамга жетүүгө аз гана убакыт калган. Бир канча айдан кийин бала төрөлөт, Ферхундени болсо лалага үйлөнүүгө көндүрүштү, Ферхунде баланын бажысы болот!..

Той болчу күнү үйдөгү адамдардын сунушуна каршы боло албай жасанып, сулууланып бурчка отургузулду. Мына, акыры келин да болду! Бирок чачтарын сары, сапсары, алтындай сарыга боёп өзгөртө алган жок. Себеби, алар эми сары эмес ак, аппак жибектей болуп калган эле.

Которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Ханым – аял, кыз.

[2] Эфенди - мырза.

[3] Басма – тамга, сүрөт чегерилип кооздолгон жибек кездеме.

[4] Яшмак – аядар көздөрүн ачык таштап, калганын жаап алган бет пардасы.

[5]. Бир канча убакыт кызмат кылгандан кийин үй ээсинин уруксаты менен турмушка узатылган.

[6] Мантин – ичке жибектен токулган кездеме. Француз тилинен түрк тилине кирген сөз.

[7] Тирше – жашыл менен көктүн арасындагы бир өң.

[8] Мевлид – диний майрам.

[9] Дады – бала багуучу, эмчек эне.

[10] Лала – Бай үй-бүлөнүн балдарын коргоп, колдоп жүрүш үчүн жалданган эркек кызматкер.

[11] Бажы – бала багуучу катары үйдө көпкө жашаган аялдарга бериле турчу наам.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз