Бектур Иляс: Сөөк

  • 26.04.2022
  • 2396

АҢГЕМЕ

1992– жыл. Жаз али келе элек мезгил, таң али ата элек учур. Атам атынын тизгинин кагып алды да, мен сөөк артынып артында баратам. Жумшак кардын туяк эзген ачуу доошу кулак түбүндө кычырайт.

– Жаз качан келет?–  дедим.

–  Жаздын белгиси ушул, – деди атам.

–  Кайсы?– мен айланамдан жаздын белгисин издедим. Түн тултуюп унчукпайт.

– Өзүңдөн изде, – деп койду атам.

Асман жылдыздарга батпай чытырап, керилип, созулуп турат. Бир жылдыз батыштан чыгышка жай жылып баратты. Жөө окшойт, өтө эле жай жылып баратты. Сөөк салынган ала таарлар бутумду кажап, мен да жөө кишидей жай бараттым.

– Сен эмки келгениңе чейин кой төлдөп калат, – деди атам артына кылчая сүйлөп.Үйгө эки жумада бир келмей адатым болчу. Мен кой төлдөгөн маалды жакшы көрөм. Жаш коозулардын чуулдап маараганы, энесинин эмчегин буртулдатып эмгени кызык.

– Ата,– дедим атымдын тизгинин кагып, – жылдызарда төлдөйбү?

– Жылдыздарбы? – атам асманды карап койду.– Төлдөйт да балам, төлдөбөсө ага берип асман какшып калмак да.

«Жылдыздар баласын эмне деп чакырат болду экен?» деп ойлодум. Сурайын десем атамдын карааны заматта алыстай түшүптүр, атымды камчыландым. Атымдын эки капталында кампайган эки килейген ала таар. Апам жазды жаздай тытынып жүрүп жасаган жумуштарынын бири ушул. Кой жүнүнөн жип ийрип, андан ак-карасын айрып өрмөк токуп, анан андан өлчөп-бычып таар тигет. Бир тиккени бир нече жылга жетет болуш керек, өлө бышык. Дулдуюп калың... Эки таардын ичи толо сөөк. Малдын куу сөөктөрү. «Бир окуучу элүү килограмм сөөк, элүү бөтөлкө жыйып келгиле” - деди дегем атама. Анан атам «Бөтөлкөнү кайдан тапмак элем? Тетиги Жар көчкүнүн этегинен эки таар сөөк терип барып берсек болду» деди. Кечээ кечке жуук ошол жерден барып атам экөөбүз сөөк тердик. Күүгүм кирип, көз байланып бараткан. Экөөбүз эки таарды кармап эки жерден тердик. Өлгөн малдын куу сөөктөрү көп экен. Атам мени «Чочунуп каласың, сен жөн эле таардын оозун ачып бер» дегенине болбой койдум.

Атама айтпаганым менен ичимден атам менен жарышып, таарымды андан мурун толтуруп жиберип таң калтыргым келди. Кээде топурак астынан чала-була чети чыгып калган сөөктөрдү да тырмалап чыгардым. Сөөктөрдү артынып алып чырак коё үйгө келдик. Жолдо келатканда атам бул жерде мурда биздин аталарыбыз жашаганын, тетигиндейрээк четте чоң аталарымдын биринин сөөгү коюлганын, кайсы бир жылы көктөмдө тиги тик бет көчүп түшүп, бир нече малды кошо шыпырып кеткенин, ошондон бери бул жер «Жар көчкү» аталып калганын айтып берди. «Жылдыздарда да сөөк болот болду бекен?» деп ойлодум. Атамдан кыйкырып сурадым.

– Болот да, балам, болбой анан! – деп койду атам.

Атамдын баары нерсени билгендыгине кубандым. Атам болбогондо кимден сурайт элем дечи. Балким, атасы жок балдар апасынан сурайт чыгар, апасы да жок балдарчы?.. Былтыр биздин кыласта бир кыздын ата-энесин алачыгы менен сел агызып кетиптир. Ал кыз азыр аябай ыйлаак, кичине ойноп тийишип койсок эле ыйлайт... Бирок иттей сулуу... Атам досторунун кыздарын көрсө эле: «Ушу кызыңды келин кылып албасам» дей берет, мен болсом жанакы кызды ойлоп калам.

– Ылдамыраак бастыр, балам, кечигебиз, – деди атам.

Сыягы кылчайып кыйкырды окшойт. Караңгыда карааны үзүлүп баратыптыр. Атам мени бир да жолу кечиктирген эмес, бүгүн да кечикпесиме, алтургай элдин эң алдында барарыбызга ишенип баратам. Ошентсе да атама жетишип алайын деп шартылдата тизгин кактым. Үргүлөп бараткансыган Шалкым (минген атымды Шалкы деп койчубуз) сергий түштү, кадамы чыйрала түштү. Эт бышым убакыт жүргөн соң айылдын четине илиндик. Таң жээк салып агарып келатты. Жылдыздар суюла баштады, алар эми дем алат болуш керек. Жол кеңирип калды, атама катарлаша бастырып сурадым.

– Ата, жылдыздар да баласын эмизеби?

Атам эмнегедир мырс этип күлгөндөй болду. Анан атын теминип «Чу» деп коюп жооп берди.

– Эмизет да балам, эмизбесе кырылып калбайбы.

Мектепке мен ойлогондой эле эрте жеттик. Атам экөөбүз дарбазадан атчан эле кирип барып, кампа жакка бурулдук. Жаңыдан келип аткан окуучулардын сөөк артынган мага суктана караганын байкап мен да ичимден көйрөңдөнүп, ала таарды камчы менен акырын сабап койдум. Мектептин күзөтчүсү атам менен теңтуш киши, экөө көрүшкөн сайын кыйкырып тамашалашат. Кампаны да ошо киши карайт. Окуучулардын алпарган сөөк бөтөлкөсүндө да ошо киши өткөзүп алат.

– Ме, атаңдын оозун урайын, кажап жат! – деди аттан ала таарларды түшүрүп жатып атам.

– Сен эле болсоң кажагыдай жерин калтырбай кал! –  деди тиги киши.

Экөөлөп таарды үйүлгөн сөөктөрдүн жанына сүйрөп барып оозун чечишити. Анан экөө эки бурчунан кармап көтөрүп куу сөөктөрдү шагыратып төгүштү.

– Капырай, окшошкон сөөктөрдү кайдан тапкансың? –  деди күзөтчү киши, – бүт эле чагылбаган жиликтер го.

– «Буйрук катуу, жан таттуу!» таптык да.

– Жар көчкүнүн сөөктөрү бир аскаткан экен да...

Мен аттардын чылбырын кармап ооздо турам. Жар көчкүнү тиги кишида билгенине кубандым. Экөө экинчи таардын сөөктөрүн төгүп жатып эле тамашалары ооздорунан түшүп, нес болуп туруп калышты. Анан күзөтчү киши эңкейип көздөрү үңүрөйгөн бир баш сөөктү жерден алып тегеретип карады да:

– Ок тийген атаңдын оозун урайын десе, кубарыңдын куу башынан башка сөөк деле жетет эле го!– деп атамды жемелеп жиберди. Атам мага карады. – Муну сен салдың белең? Мен коркуп кеттим.

– Билбейим,– дедим.

Атам унчуккан жок, куу башты кайрадан ала таардын бирине салды да атына бөктөрдү. Мага «Болду, киласына бара бер» дегендей ээк кагып койду. Мен китеп кабымды асынып классты көздөй баратып атамды карасам, башын салбыратып, «Шөлп-шөлп» этип дарбазаны карай желдырип баратыптыр. Мен анын мынчалык шалпы түшкөнүн көргөн эмесмин. Ошондон кийин сөөк тербедик...

2022.3.26

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз